АЛЛАХ АКЫЛ МЕНЕН ТААНЫЛАТ

Таж-Махал... Кытай дубалы... Рим антикалык театры Колизей... Рушмор (Rushmore)тоосундагы 4 АКШ президентинин ташка чегерилген эстеликтери же Египет пирамидалары... Бул курулуштардын баарын абдан чоң эмгек менен пландап курган архитекторлор жана усталар бар. Англиянын Стоунхендж аймагындагы таш калдыктары да бул жерде бир убактарда эски бир маданият болгондугунун далили катары кабыл алынат. Бардык бул мисалдар бизге абдан маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: кичине же чоң болсун, тыкан пландалган жана атайын түзүлүшкө ээ болгон ар бир курулуштун, нерсенин сөзсүз түрдө бир пландоочусу жана куруучусу бар. Денебизден баштап абдан ири чоңдуктагы ааламдын эң учтарына чейин байкалган план, долбоор жана тең салмактуулуктун албетте жогорку бир Жаратуучусу бар. Адам ал Жаратуучуну көрө албайт, бирок Анын бар экендигин, Анын күчүн жана акылын Ал жараткан нерселер жөнүндө ойлонуп, акыл жүгүртүү аркылуу түшүнөт. Чындап Аллахтан корккон ар бир адам мындай акыл жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тасма акыл жүгүртүүгө чакырат. Аллах жараткан аалам жана жандуулар жөнүндө ой жүгүртүүгө жана алардын канчалык кемчиликсиз бир абалда жаратылгандыгын көрүүгө бир чакырык... Бул тасмадагы мисалдар – Аллахтын табияттагы сансыз далилдеринин бир канчасы гана.


2010-07-13 11:20:09

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top