Клеткадагы Аң-сезим

< <
1 / total: 6

Киришүү

Эволюция теориясы англиялык табият таануучу Чарльз Дарвин тарабынан 19-кылымдын ортолорунда чыгарылган. Ал доорду азыркы учурга салыштырганыбызда, илим жана технология деңгээли өтө артта эле. 19-кылымдын илимпоздору жөнөкөй лабораторияларда, өтө примитивдүү шаймандар менен иштешкен. Ал шаймандар менен бактерияларды да көрө алышкан эмес. Ал тургай, илимпоздор дагы эле ортоңку кылымдан бери келген көптөгөн негизсиз ишенимдердин таасири астында эле.

Бул негизсиз ишенимдердин бири «тирүү организмдер түпкүрүндө жөнөкөй бир түзүлүшкө ээ» деген көз-караш эле. Тарыхы байыркы грек ойчулу Аристотельге чейин барган бул ишеним боюнча, тирүү организм кээ бир жансыз заттардын нымдуу бир жерде кокустан биригишинен, өзүнөн-өзү келип чыга алмак.

Дарвин теориясын чыгарып жатканда ушул ишенимге, башкача айтканда, тирүү организмдер негизи жөнөкөй бир түзүлүшкө ээ деген көз-карашка таянган. Дарвиндин теориясын кабыл алып, жактаган башка биологдор дагы ушундай ойдо болушкан. Мисалы, дарвинизмдин Германиядагы эң чоң колдоочусу болгон Эрнст Геккель ал доордун микроскопторунда кара бир тактай болуп көрүнгөн жандуу клетканын түзүлүшүн абдан жөнөкөй деп ойлогон. Ал тургай, бир жерде клетканы ачык эле «килкилдек заттан турган жөнөкөй бир шарча» деп сүрөттөгөн.

Эволюция теориясы мына ушул сыяктуу гипотезаларга таянган. Теорияны чыгарган Геккель, Дарвин же Гексли сыяктуу ысымдар «организмдердин түзүлүшү өтө жөнөкөй жана ошондуктан бул жөнөкөй түзүлүш кокустан өзүнөн-өзү пайда боло алат» деп ойлошкон. Бирок жаңылып калышкан.
Дарвинден бүгүнкү күнгө чейин өткөн бир жарым кылымдын ичинде илим менен технология абдан катуу өнүктү. Илимпоздор Геккель «килкилдек заттан турган жөнөкөй бир шарча» деген клетканын чындыгында кандай түзүлүшкө ээ экенин ачышты. Жана клетканын эч мурда элестетилгендей жөнөкөй эмес экенин таң калуу менен көрүштү. Клетканын ичинде Дарвиндин убагында элестетүүгө да болбой турган комплекстүү бир система бар экендиги белгилүү болду.

Белгилүү бир молекулярдык биолог, профессор Майкл Дентон клетканын түзүлүшүн сүрөттөп берүү үчүн төмөнкүдөй салыштыруу жасайт:

«Молекулярдык биология тарабынан ачылган жашоону түшүнүү үчүн бир клетканы болжол менен миң миллион эсе чоңойтушубуз керек. Ошондо клетка Нью-Йорк же Лондон сыяктуу чоң бир шаарды ээлей турган көлөмдөгү чоң бир космостук кемеге окшошот. Клеткага жакын келип аны анализ кылганда, сыртындагы миллиондогон кичинекей эшиктерди көрөбүз. Жана эгер ал эшиктердин кандайдыр бирөөсүнөн ичкери кирсек, шумдук бир технологияга жана бизди таң калтыра турган бир комплекстүүлүккө туш болобуз.» (Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis. London: Burnett Books, 1985, s. 242)

Бул китепте чоң бир космостук кемеден алда канча комплекстүү жана укмуштуу системалары бар, миниатюралык бир шедевр болгон клеткадагы жаратылуу кереметтери (Жаратуучу тарабынан жаратылган кереметтер) каралат. Клетканын ичиндеги органеллдердин жана клеткада өндүрүлгөн ферменттердин, белоктордун жана башка бүт заттардын, алардан күтүлбөй турган аң-сезимдүү кыймыл-аракеттери көз алдыга тартууланат. Адамдын денесиндеги болжол менен жүз триллион клетканын ар биринде орун алган акыл жана илим жөнүндө мисалдар келтирилип, булардын баарынын аң-сезимсиз кокустуктардын эмес, Аллахтын чыгармасы экендиги дагы бир жолу эске салынат.

Аллахтын жаратуусунун далилдери, Анын улуу кудуретинин, акылынын жана чеберчилигинин көрүнүштөрү негизи бүт тарапты каптап турат. Адам көзүн кайсы жакка бурбасын, Аллахтын жараткан нерселерин көрөт жана Аны даңктап, аруулайт (тасбих кылат).

Бул китепте атайын клетка жөнүндө сөз кылынышынын бир себеби «жашоо кокустан пайда болгон» деп, Аллахты жокко чыгаргандарга чындыктарды дагы бир жолу көрсөтүү болуп саналат. Жашоо (тирүү организмдер) кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү жана татаал өзгөчөлүктөргө ээ, жана анын улуу бир Акыл жана Кудурет тарабынан жаратылганы анык. Бул китептин дагы бир максаты болсо – Аллахтын жаратуу кудуретин көрсөтүү аркылуу Анын улуулугун эске салуу.

АКЫЛДУУ ПЛАН (ДОЛБООР), башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

Аллах жаратуу үчүн долбоор (план) түзүүгө муктаж эмес

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор (план)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир планда (долбоордо) жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза.
Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

 

1 / total 6
You can read Harun Yahya's book Клеткадагы Аң-сезим online, share it on social networks such as Facebook and Twitter, download it to your computer, use it in your homework and theses, and publish, copy or reproduce it on your own web sites or blogs without paying any copyright fee, so long as you acknowledge this site as the reference.
Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top