< <
1 / total: 11

Киришүү: Электрдик Токко Көз-Каранды Жашообуз

Мындай бир ойлонуп көрөлү, электр энергиясысыз жашоо кандай болмок? Анда 15-кабатка лифтсиз чыгышыңыз, муздаткычта сактаган тамактарыңыз ачыбашы үчүн башка чара издешиңиз керек болмок. Кабарларды креслоңузга сүйөнүп алып телевизордон көрө алмак эмессиз, микро-толкундуу меште тамагыңызды жылыта алмак эмессиз, музыкалык борборуңуздан сүйгөн музыкаңызды уга алмак эмессиз, чачыңызды кыска убакта кургатып, кондиционериңиз менен салкындап, бир точканы басып бөлмөңүздү жарыта алмак эмессиз, идиш жуугуч-кир жуугуч-кургаткыч сыяктуу тазалыгыңыз үчүн керектүү машиналарды иштете алмак эмессиз.

It is Allah Who created the seven heavens and of the Earth the same number, the Command descending down through all of them, so that you might know that Allah has power over all things and that Allah encompasses all things in His knowledge. (Surat at-Talaq: 12)

Түндөлөрү үйүңүз кооптуу жана караңгы болмок, электрдик жылыткыч, суу жылыткыч, стол чырагы, видео жана компьютер сыяктуу жашооңузду жеңилдетүүчү, жашооңузду ылдамдатуучу көптөгөн технологиялык аппаратсыз жашамаксыз. Эми электр энергиясы жок бир шаар жашоосун элестетип көрөлү:

Саламаттыкты сактоо, жол, транспорт, байланыш, коопсуздук системалары, жумуш орундары, суу менен камсыздоо, энергия өндүрүү, китеп, гезит, журнал басып чыгаруу, ремонт иштери биринчи эске келчү электр энергиясы менен иштеген тармактардан.

2003-жылы АКШда Детройттон Нью-Йоркко чейинки аймактагы электрдик токтун үзүлүшү электрдик токко канчалык көз-каранды экендигибизди көрсөткөн жакшы мисалдардын бири болгон. Ток кыска убакытка эле өчкөнүнө карабастан, «Жашоо токтоп калды» деген сыяктуу кабарлар чыккан. Жол белгилери, лифттер, метролор, компьютерлер иштей албас абалга келген. Электр энергиясы жок болгон үчүн адамдар жумушка бара алышкан эмес, соода кыла албай, бир-бири менен байланыша албай калышкан.

Кокус токтоп калса, жашоо да токточудай болгон электр энергиясы биз үчүн бүт бул жерде саналгандардан да чоң мааниге ээ. Шаар ичиндеги системалардын иштеши, азыркы системанын уланышы канчалык электр энергиясынан көз-каранды болсо, денебизде да энергия өндүрүү, байланыш, коопсуздук, оңдоо иштери сыяктуу дээрлик бүт процесстер үчүн электр энергиясына муктаждык бар. Кыскача айтканда, электр энергиясы денебиз үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби денебиздеги электр системасы жок болсо, жашоо да жок болот жана денебиздеги электр энергиясына болгон муктаждык шаардын муктаждыгынан бир топ маанилүү.

Көп адамдар электр энергиясын колдонуп жатып, өз денесинин да ал жашаган шаар сыяктуу электр энергиясысыз иштей албашын билбейт же ойлонбойт. Чынында болсо денебиз кемчиликсиз бир электрдик тармак менен жабдылган. Адамдын денесин изилдегенибизде, электроника жөнүндө абдан татаал маалыматтарды камтыган, электр энергиясын кантип колдонууну билген акылдуу системалар бар экенин көрөбүз. Илимпоздор денебиздеги электр системасын сүрөттөгөндө да, учурда колдонулган электрдик жабдыктарга окшоштурушуп, электроникада колдонулган терминдерди колдонушат: батареялар, моторлор, генераторлор, фазалар, ток, каршылык, чыңалуу, изоляция, заряд... Бул терминдерди колдонбостон, нерв системасын сүрөттөй алуу кыйын. Акыркы кылымдарда табылган технологиялык системалардын иштеши үчүн керектүү болгон принциптердин адамдын денесинде ал жаралгандан бери бар болушу – Аллахтын денебизди курчаган улуу илиминин бир көрсөткүчү. Китептин башынан аягына чейин сөз боло турган теманын майда-бараттары да бул илимдин биз түшүнө алган мисалдарынын бир канчасы гана.

АКЫЛДУУ ПЛАН, Т.А. ЖАРАТЫЛУУ

Аллах жаратуу үчүн план курууга муктаж эмес

Китеп боюнча кээ кээде колдонулган «план» сөзүн туура түшүнүү зарыл. Аллахтын кемчиликсиз бир план менен жараткандыгы Раббибиз алгач план куруп, андан соң жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби болгон Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план, долбоор» жасоого муктаж эмес экендигин билүү керек. Аллахтын пландоосу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, улук.

Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын болушу үчүн бир гана «Бол!» деши жетиштүү. Аяттарда мындайча буюрулат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага жалаң гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

 

1 / total 11
You can read Harun Yahya's book Денедеги Электрдик Ток Керемети online, share it on social networks such as Facebook and Twitter, download it to your computer, use it in your homework and theses, and publish, copy or reproduce it on your own web sites or blogs without paying any copyright fee, so long as you acknowledge this site as the reference.
Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top