КЫРГЫЗСТАНДЫН УЧУРДАГЫ АБАЛДАН ЧЫГУУ ЖОЛУ

Кыргызстан Азиянын ортосунда, деңизден алыс жайгашкан кичинекей жана тоолуу өлкө. Калктын үчтөн бири жакырчылыкта жашайт. Ошондой эле, коррупция көрсөткүчү боюнча да акыркы орундарда турат. 1991-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаңы кыска тарыхы саясий кризистер, экономикалык көйгөйлөр, этникалык туруксуздуктар жана толкундоолор менен белгилүү.

Совет доорундагы 75 жылдык репрессия жана куугунтуктоолор жөнүндөгү эскерүүлөр али унутула элек. Коммунисттик башкаруу жылдары Ислам жашоонун бүт тарабынан чыгарылган, адамдардын динден байланышы үзүлгөн жана Исламдын руханий баалуулуктарынын баары мамлекеттин колу менен жок кылууга аракет кылынган бир доор болгон.

Советтер союзунун кулашы менен, 1990-жылдары кыргыз бир туугандар үчүн жаңы этап башталды. Диний эркиндик жана укуктар жана диний уюмдар конституция тарабынан кепилдикке алынды. Кыргыз эли кайрадан Исламды, Куранды жана диний баалуулуктарды үйрөнө баштады. Учурда Кыргызстандын жарандарынын сексен беш пайызын мусулмандар түзөт.

Көз-карандысыздык жарыяланган соң өзгөчө чет элдик фонддордун финансылык колдоосу менен көптөгөн мечиттер курулду жана Исламдык окуу жайлары ачылды. Эң кызыгы, Кыргызстанда бүт баары Ислам аты менен чыккан ар кандай диний көз-караштар кеңири тарады.

Бирок, бул жакшы көрүнүштөр туура эмес хадистер менен негизсиз ишенимдерге таянган, Ислам атын жамынган радикалдуу идеология, террор, зомбулук жана жек көрүүчүлүк саясаты менен коштолду. Афганистан, Пакистан жана Иран сыяктуу кошуна өлкөлөрдө радикализм менен фундаментализмдин өсүшү Кыргыз өкмөтүнүн жаңы чараларды кабыл алышына себеп болду. Бул чаралар диний уюмдар менен мекемелерди күчтүү контрольдоо жана аларга ар кандай чектөөлөрдү киргизүү багытында болууда.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ноябрь айындагы сөзү дүйнө жүзүнүн массалык маалымат каражаттарында кеңири жарыяланды. Атамбаев Орто Азияда радикалдуу Ислам кыймылдарынын өсүп жатканын жана улуттук коопсуздукка маанилүү коркунуч туудуруп жатканын айтты. Ал «радикалдуу Исламдын чыныгы Ислам менен эч кандай байланышы жок» деп оорунун диагнозун так көрсөттү. Бирок, кандай алдын алуучу чаралардын көрүлөөрү толук айкын айтылган жок.

Президенттин бул сөзүнүн артынан Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жасалган операцияларда көп сандагы адамдарды туткунга алуу кабарлары келе баштады. Аларга радикалдуу террордук уюмдардын мүчөлөрү жана террордук акттарга катышкан деген айыптар тагылды. Ар бир өлкө радикалдуу террордук уюмдар менен күрөшүүгө толук укуктуу, бирок муну мыйзам жана адилеттүүлүк чегинде жүргүзүү өтө маанилүү. Террордук уюмдардын аттарын себеп катары колдонуп, мусулмандарга каршы репрессиялык саясат жүргүзүүнүн өлкөдө андан да чоң башаламандыктарга алып келээри анык. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү өтө кылдат айырмалоо жасап, өз ишеними менен жашоону каалаган туура ишенимдеги мусулмандарга кысымчылык көрсөтпөгөнгө болгон аракетин жумшашы зарыл.

Көз-карандысыздык күндөрүнөн бери уланып келе жаткан дагы бир көйгөй болсо – бул кээ-кээде талап-тоноо жана кандуу уруштарга айланган кыргыз-өзбек чыңалуусу. Жакында эле, 2010-жылы, Оштогу жана Жалалабаттагы көтөрүлүштөрдө негизинен өзбектерден турган 500дөй адам көз жумду. Бир тарапта кыргыз калкы жана экинчи тарапта болжол менен 15%ды түзгөн өзбек калкы турат: экөө бир тууган жана экөө тең мусулман. Бирок этникалык маселелер дагы эле уланууда. Өзбектерге карата жасалган адилетсиздиктер, жакырчылык жана аларга көңүл бурбоо да маселени чечүүгө тоскоол болууда.

Кыргыз эли өтө жакшы мүнөздүү, жөнөкөй, сабырдуу жана башка элдерди сүйгөн эл. Бирок, Ислам катары көрүнгөн караңгы түшүнүктөр менен өскөн кээ бир кыргыз жаштары Афганистанга барып, аскердик даярдыктан өткөн соң, Ортоңку Чыгышта террордук акттарда пайдаланылды. Кыргызстан өзүнүн көйгөйлөрү жана белгисиздиктери менен, террордук үгүттөөлөргө кабылууда жана бул коркунучту маанисиз көрбөө керек.

Кыргызстандын өкмөтү тарабынан жакынкы жылдары кабыл алынган мыйзамдуу чараларга карабастан, диний фанатизм жайылууну улантууда. Анда эмне кылуу керек? Баарын өз эркине коюп коюу, албетте, маселени чечпейт. Адам укуктарын тебелеген демократиялык эмес кийлигишүүлөр менен катуу чаралар да маселени чечпейт. Негизи, мындай чаралар абалды ан сайын курчутат.

Коомдук пикирди жаратуучуларга жана Кыргыз мамлекетинин башчыларына маанилүү чакырык

Учурда кыргыз бир туугандарыбыздын мекенинде болжол менен эки миңдей мечиттер, көптөгөн медреселер жана диний уюмдар бар. Албетте, бул сонун көрүнүш. Бирок, алар фундаменталисттик идеяларга же радикализмге эмес, чыныгы Исламга толушу керек.

Курал-жарак жана коркутуулар Кыргызстандагы маселелерге жана радикализм коркунучуна жооп боло албайт. Алар убакытка коюлган бомба сыяктуу, белгилүү убакытка чейин гана маселелерди басып турушу мүмкүн.

Кыргыз коомчулугунун бүт кысымчылык көрүп жаткан бөлүктөрүн камтыган, сүйүүгө, туруктуулукка жана боорукердикке таянган башкаруу түшүнүгүн, ачык-айкындык саясатын жүргүзүү өтө маанилүү; ошондой эле материалдык өсүш менен бирге руханий өсүүгө да басым жасалышы керек, жана коррупцияны токтотуу зарыл. Бүт фундаменталдык акылсыздыктардан тазаланып, сүйүү менен тынчтыкка таянган чыныгы Исламдын руханий баалуулуктары менен чоңойгон жаштардын зомбулукка чакырган топтордон алыс болоору анык.

Кыргызстан кээде тоолуу мекенинен улам «Орто Азиянын Швейцариясы» деп сүрөттөлөт. Биз анын бир күнү жери үчүн эмес, өнүккөн демократиясы жана бийик жашоо деңгээли үчүн ушинтип аталат деген үмүттөбүз.

http://topnews.kg/news/view/harun-jahja-kyrgyzstandyn-uchurdagy-abaldan-chyguu-zholu

2014-12-22 18:11:08

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top