ЭВОЛЮЦИЯ ТЕОРИЯСЫНЫН ЧОҢ ТУЮГУ: БЕЛОКТОР КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?

Эволюция теориясынын эң чоң жаңылыштыктарынын бири – бул өтө комплекстүү, жогорку өзгөчөлүктөргө жана функцияларга ээ болгон бир түзүлүш, т.а. тирүү жандыктар кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон деген пикирди жакташы. Чарльз Дарвин эволюция теориясын чыгарган 19-кылымда тирүү жандыктардын негизги түзүлүшү жөнүндө өтө аз маалымат белгилүү эле. Колдогу микроскоптордон клетка кара бир тактай эле көрүнүп, кээ бирлер аны килкилдек сымал бир түзүлүш деп айтышкан. Ушул себептен Дарвиндин “жашоо алгачкы бир клетканын өзүнөн-өзү кокустуктар натыйжасында пайда болуп, өрчүп-өнүгүшү менен келип чыккан” деген пикири көп четке кагылган эмес. Бирок 20-кылымдын өзгөчө экинчи жарымынан баштап өнүккөн илим менен технология клетканын канчалык комплекстүү жана жогорку бир түзүлүшкө ээ экенин көрсөттү. Клетка эволюционисттер айткандай кокустан пайда болбой турганчалык өтө детальдуу, дүйнөдөгү эң комплекстүү заводдон да жогорку бир системага ээ бир завод сыяктуу эле.

Бул китептин башынан бери айтылып келе жаткандай, клетканын майда бөлүкчөлөрү болгон белоктордун да ар бири өтө комплекстүү түзүлүштөр, жана араларында кереметтүү бир уюшкандык, кемчиликсиз бир пландоо бар. Ар бир белоктун адам денесинде өтө маанилүү милдеттери бар; өндүрүшү, функциялары жана долдоору менен адамды таң калтыра турганчалык көп детальдарга ээ. Мындай түзүлүштөрдү жансыз жана аң-сезими жок атомдордун кокустан чогулуп, кемчиликсиз бир уюшкандык, эмгек бөлүшүү жана өтө комплекстүү түзүлүштөрдү пайда кылышы менен келип чыккан деп айтуу чоң бир акылсыздык. Бирок эволюционисттер, материалисттик идеологияларын сактап калуу жана бир Жаратуучунун бар экенин жокко чыгаруу максаты менен гана эволюция теориясын, илим тарабынан кыйратылганына карабастан, өжөрлүк менен жакташат. Эч акылга сыйбас пикирлерди да, эч уялбастан, жасалма далилдерди колдонуп, демагогия кылып айтып чыгышат. Ушундайча бул темалар жөнүндө көп ойлонбогон сабатсыз адамдарды ишендирүүгө аракеттенишет. Мисалы, өлкөбүздө эволюция теориясын жактаган бир эволюционист эволюция пикирин ынандырарлык көрсөтүү үчүн белоктордун кокустан пайда болушун өтө оңойдой кылып айтып берүүдө. Бирок белоктор жөнүндө бир аз эле маалыматы бар жана бир аз көңүл койгон киши дагы анын сөздөрүндөгү логикасыздыкты, бурмалоолорду оңой гана көрө алат. Бул эволюционисттин ал сөздөрү мындай:

Эволюционисттик пикир – бул жансыз жана жандуу табиятта, жөнөкөйдөн татаалга, убакыттын өтүшү менен (миллиарддарган жылдар ичинде; миллиондогон, балким миллиарддаган реакция менен) эволюция аркылуу, барган сайын татаалыраак түзүлүштөргө айлануу. Формулага келтирсек, процесс, мисалы алгач эки элемент менен башталган; а менен бнын биригүү ыктымалдыгы айталы элүү пайыз; аб пайда болгон соң ага в элементинин кошулушу да элүү; абвга г элементинин кошулушу да элүү; же ушуга жакын ыктымалдыктар. Баары бир заматта пайда болгон деген пикирди жана анын ыктымалсыздыгын эволюционисттерге жүктөөгө болбойт.52

Бул сөздөр аркылуу биохимия илими өтө аз болгон бир адам да таң калуу менен кабыл ала турган ойдон чыгарылган бир сценарий айтылууда. Бул эволюционист белоктор мончоктун шурулары сыяктуу бир-бирине тизилген аминокислота жыйындысынан турат деп ойлоодо, жана аминокислоталардын 20 түрү бар экенин, андан да маанилүүсү бир аминокислота чынжыры белок деп эсептелиши үчүн сөзсүз белгилүү бир катар менен тизилиши керек экенин билбейт же билип туруп билмексен болууда.

Бул бир ыр саптарын “тамгалардын туш келди катарга тизилиши” деп ойлоп, анан “бир ыр сабынын кокустан пайда болушу өтө оңой; эки тамганы биринин жанына экинчисин коюп койсоңуз, анан үчүнчү тамганы, анан төртүнчүнү жандарына коюп койсоңуз, ошентип миңдеген тамгалык бир ыр саптарын оңой гана жарата аласыз” дегенге окшош. Чындыгында болсо, тамгалар бир маанини билдирип ыр сабына айланышы үчүн белгилүү бир катар менен тизилиши зарыл. Болгондо да, аминокислоталардын тизилип белокторду пайда кылышы мындан бир топ татаал жана комплекстүү бир процесс.

Ошол сыяктуу, аминокислота тизмектери бир белок боло алышы үчүн белгилүү бир катарда тизилиши шарт. Бул белгилүү тизмектин кокустуктар натыйжасында пайда болуу ыктымалдыгы “нөлгө” барабар. (Мисалы, 400 аминокислотанын белгилүү бир катарда тизилүү ыктымалдыгы 10520да бир ыктымал. Бул 1 санынын жанына 520 даана нөл жазгандан келип чыккан сандагы бир ыктымалдык дегенди билдирет.)

Белоктордун кокустан пайда боло албашын эң күчтүү эволюционисттер да кабыл алышууда. Мисалы, молекулярдык эволюция теориясынын атасы деп эсептелген Орусиялык илимпоз Александр Опарин “Белоктордун түзүлүшүн изилдегендер үчүн ал заттардын өзүнөн-өзү бириккен болушу Римдик акын Вирджилдин атактуу Энеида ырынын айланага чачылган тамгалардан туш келди пайда болгон болушу сыяктуу ыктымалсыз көрүнүүдө” деген.53

Ушундай эле ыктымалдык эсептери Дэвид Шапиро (David Shapiro), Гарольд Моровитц (Harold Morovitz), Фрэнсис Крик (Francis Crick), Карл Саган (Carl Sagan), Лекомпте дю Нуой (Lecompte du Nuoy), Фрэнк Солсбери (Frank Salisbury) сыяктуу белгилүү эволюционисттер тарабынан да жасалып, ушул эле сандар алынган.

Ар бир белоктун өзгөчөлүктөрүнүн жана функцияларынын аминокислота тизмегинен жана байланыштарынан көз-каранды экени көп жылдардан бери белгилүү. Мисалы, гистон белогу тышкы тарабында кемчиликсиз бир оң заряд таралышы менен үч өлчөмдүү бир формага айланат. Бул белоктун мындай формасы жана заряд таралышы урматында келип чыккан түзүлүшү ДНКнын өзүнүн айланасында ыңгайлуу бир формада айланышын жана маалымат кампалашын камсыз кыла турган абалда. ДНКнын маалымат кампалоо сыйымдуулугу мунун урматында эң алдыңкы компьютер чиптеринен бир канча триллион эсе чоң.54

Б.а. клеткаларыбыздагы ДНК молекулалары бул белок урматында бүт денедеги маалыматтарды чогултуп коддой ала турган бир сыйымдуулукка жетет. Белок менен ДНК молекулаларынын мынчалык комплекстүү бир түзүлүшкө ээ экендигинин ачылышы менен бирге бүт аалам аминокислоталарга толсо дагы, жашоонун бул аминокислоталардын кокустан биригиши менен пайда боло албашы анык белгилүү болду. Эволюционист геолог Уильям Стоукс (William Stokes) бул чындыкты мындайча мойнуна алат:

Эгер миллиарддаган жыл бою, миллиарддаган планетанын бети керектүү аминокислоталарды камтыган суулуу бир концентрация катмарына толо болгондо да, баары бир (белок) пайда боло алмак эмес.55

Булардан тышкары, мурдакы темаларда да айтылып кеткендей, бир даана белок молекуласы пайда болушу үчүн көптөгөн шарттар бир убакта болушу керек; бул болсо эч мүмкүн эмес.

Ал шарттардын кээ бирлери кыскача төмөнкүдө         й:

- Белоктордун эң кичинекейлери пайда болушу үчүн дагы жүздөгөн аминокислота белгилүү санда, керектүү түрдө жана өзгөчө бир катарда тизилиши зарыл,

Бир даана аминокислотанын ашыкча, кем же ордунун алмашып кетиши ал белокту ишке жараксыз кылып койот,

- Бир белоктогу аминокислоталардын сол-тараптуулардан гана болушу шарт, бир эле оң-тараптуу аминокислотанын кошулуп кетиши ал белокту ишке жараксыз кылып койот,

- Аминокислоталар араларында пептиддик байланыш деп аталган өзгөчө бир химиялык байланыш менен гана туташышы зарыл, башка химиялык байланыштар белоктун түзүлүшүн бузат,

- Белокту функционалдуу кылган нерсе – бул анын үч өлчөмдүү түзүлүшү. Бул үч өлчөмдүү түзүлүш көбүнчө клетка ичиндеги рибосомада белок синтези жасалып жатканда, атайын ферменттердин жардамы менен жасалат, бул түзүлүш көп белок түрүндө өзүнөн-өзү пайда боло албайт. Ошондуктан алгачкы ишке жарактуу белок пайда болуп жатканда, андан мурда башка ферменттердин табиятта бар болушу зарыл; мунун өзү эле эволюция теориясынын жараксыз экенин далилдөөгө жетиштүү.

Бул саналып өткөн шарттардын бирөөсүнүн дагы өзүнөн-өзү кокустуктар натыйжасында ишке ашышы ыктымалдык эсептери боюнча эч мүмкүн эмес. Мисалы, илимпоздор 500 аминокислотадан турган бир белоктун (миңдеген аминокислотадан турган белоктор да бар) кокустан пайда болуу ыктымалдыгын эсептешип, мындай жыйынтыкка барышкан:

1. Аминокислоталардын туура тизилүү ыктымалдыгы:

10650дөн 1 ыктымалдык

2. Аминокислоталардын сол-тараптуу болуу ыктымалдыгы:

10150дөн 1 ыктымалдык

3. Аминокислоталардын өз араларында “пептиддик байланыш” куруу ыктымалдыгы:

10150дөн 1 ыктымалдык

Жалпы ыктымалдык:

10950дөн 1 ыктымалдык

10950 1 санынын жанына 950 нөлдүн жазылышынан келип чыгуучу астрономиялык бир сан. 1 миллиард санын жазуу үчүн 1 санынын жанына 9 нөл жазылаарын эстесек, бул сандын канчалык чоң экенин жакшыраак түшүнө алабыз. Бул сандын чоңдугун түшүнүү үчүн башка бир мисал болсо – бул ааламдагы бүт атомдордун айланасында айланган электрондордун саны. Бул сан болжол менен 1075 деп эсептелген.

10950=1075.1075.1075.1075.1075.1075.1075.1075.1075.1075.1075.1075.1050 Көрүнүп тургандай, ортодо укмуш чоң бир айырма бар. Мунун мааниси мындай: дүйнөдөгү бүт атомдор бир жерге чогулса да, кокустуктар натыйжасында биригип бир даана белок молекуласын да пайда кыла алышпайт.

Эволюционисттер көрмөксөн болгон башка бир жагдай болсо – бул тирүү жандык пайда болушу үчүн аны түзгөн бөлүктөрдүн бүт баарынын чогуу, бирге болуу керек экендиги.

Себеби ал бөлүктөр ишке жарашы үчүн баары болушу керек. Бир жери кем бир түзүлүш эч бир ишке жарабайт жана эволюция өзү айткандай табигый шарттар ичинде жок болот. “Төмөндөтүүгө мүмкүн болбогон комплекстүүлүк” деп аталган бул жагдай эволюция теориясын кыйраткан темалардын бири.

Түркиянын алдыңкы эволюционисттеринен профессор, доктор Али Демирсой жандыктардагы түзүлүштөр ишке жарашы же пайда болушу үчүн бүт бөлүктөрдүн чогуу болушу керек экенин төмөнкүдөй мисал менен баяндайт:

... Көйгөйдүн эң негизги тарабы – бул митохондриялардын андай касиетке кантип ээ болгону. Себеби бир индивиддин дагы кокустуктар натыйжасында андай өзгөчөлүккө ээ болушу акылга сыйбас ыктымалдыктардын чогулушун талап кылат... Дем алууну камсыздаган жана ар бир баскычта ар кандай формада катализатор катары кызмат кылган ферменттер механизмдин негизин түзөт. Бул ферменттер жыйындысына клетка же толугу менен ээ болушу керек, же болбосо кээ бирлерине ээ болушунун эч бир мааниси жок. Себеби ферменттердин кээ бирлеринин кем болушу эч бир натыйжанын чыкпашына себеп болот. Бул жерде илимий көз-карашка өтө карама-каршы келүү менен бирге, мындан да догматикалык бир түшүндүрмө жана спекуляция жасабоо үчүн бүт дем алуу ферменттеринин бир жолуда клетка ичинде жана кычкылтекке тийбестен, толугу менен бар болгонун кааласак каалабасак кабыл алууга мажбурбуз.56

Бул эволюционист илимпоз чарасыздык менен бүт дем алуу ферменттеринин бир жолуда клетка ичинде толугу менен бар болгонун кабыл алууга мажбур экенин айтууда. Бул болсо дем алуу системасынын бүт органдары, клеткалары, ферменттери жана механизмдери менен бирге бир жолкуда жаратылган болушу маанисине келет. Бирок бул эволюционист илимпоз бул ачык чындыкты өз сөзүндө “илимий көз-карашка карама-каршы, догматикалык бир пикир” катары көрүп, чындыкты айтуудан качынууда. Чындыгында болсо жаратуунун далилдери апачык көрүнүп турганына карабастан, аларды көрүп туруп тануу “илимий көз-карашка карама-каршы, догматикалык бир мамиле” болот.

Башка бир дүйнөгө таанымал эволюционист профессор, доктор Рассел Дулитл (Russel Doolittle) болсо белоктордун пайда болушу жана функцияларын аткара алышынын башка белоктордон көз-каранды экенин жана мунун эволюциянын бир туюгу экенин мындайча мойнуна алат:

Бул комплекстүү жана кылдаттык менен тең салмакка салынган процесс кантип эволюциялашкан болушу мүмкүн? Парадокс ушул жерде турат, эгер ар бир белок башка бир белоктун активдешишинен (кыймылга келишинен) көз-каранды болсо, анда бул система кантип келип чыккан? Бул система толугу менен пайда болбостон, бул системанын бөлүктөрүнүн бирөөсү эмне ишке жарамак эле?57

Учурда көптөгөн эволюционисттер жок дегенде алдабастан, белоктордун жана жашоонун кокустан пайда болушунун мүмкүн эместигин кабыл алышууда. Бирок ал эволюционисттер ошондо деле идеологиялары үчүн бул теорияны жактоону улантышууда. Төмөндө дүйнөгө таанымал эволюционисттердин белоктордун кокустуктар натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болушунун мүмкүн эместигин моюнга алган кээ бир сөздөрү берилген:

Гарольд Блум (Harold Blum):

Белгилүү болгон эң кичинекей белоктордун да кокустуктар натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес көрүнүүдө.58

Хоймар Фон Дитфурт (Hoimar Von Ditfurth):

Бул эки полимер (жумуртка агы менен нуклеиндик кислоталардын) ушунчалык татаал курулган жана бул да жетпегенсип, түзүлүштөрү да ушунчалык бийик деңгээлде болгондуктан, булардын түзүлүшүнүн бир гана кокустуктар натыйжасында толукталып андай деңгээлге келиши эбегейсиз бир ыктымалсыздыктан да ары, ойлоого да мүмкүн болбогон бир нерсе.59

Мисалы тирүү жандыктардын бир гана кокустуктар натыйжасында келип чыгышынын статистикалык жактан ыктымалсыздыгы – өтө жактырылган жана илимдин бүгүнкү келген чегинде өтө актуалдуу бир мисал. Чындап эле биологиялык функцияларды аткарган бир эле белок молекуласынын курулушунун кереметтүү өзгөчөлүктөрүн караганда, муну баары туура жана керектүү бир катарда, керектүү убакта, керектүү жерде жана талап кылынган электрдик жана механикалык өзгөчөлүктөр менен бир-бирине жолугушу керек болгон көптөгөн атомдун бир-бирден кокустуктар натыйжасында табышышы менен түшүндүрүү мүмкүн эместей көрүнүүдө.60

Аалам канчалык чоң болбосун, белок менен нуклеиндик кислотанын пайда болушун камсыз кылган кокустук ушунчалык ыктымалсыз...61

Дэвид А. Кауфман (David A. Kaufman) (Флорида университети):

Эволюция клеткалар менен бирге кылдаттык менен долбоорлонгон коддордун келип чыгышы жөнүндө кабыл алаарлык бир илимий түшүндүрмө жасоодон алыс. Булар болсо белоктор жана натыйжада жашоо да пайда боло албайт.62

Китептин башынан бери белоктордун түзүлүштөрү, функциялары жана өндүрүлүшү жөнүндө берилген кээ бир маалыматтар бул көзгө көрүнбөс кичинекей молекулалардын кокустан пайда болушунун мүмкүн эмес экенин көрсөтүүдө. Бул китепте баяндалгандардын белок жөнүндө белгилүү болгон маалыматтардын кичине эле бир бөлүгү, кыскача баяны гана экенин да айта кетүү керек. Мындан тышкары, али илим белоктор жөнүндө ача элек дагы көптөгөн сырлар бар.

Белоктор жөнүндөгү маалыматтар бизге көрсөткөн өтө маанилүү эки жагдай бар. Алардын биринчиси – бул белоктор кокустан пайда болгон деген адамдардын кандай логикада жана пикирде экенин түшүнүү жагынан белокторду жана башка жаратуу кереметтерин окуп-билүүнүн мааниси. Себеби белоктордун, клетканын, ферменттердин түзүлүштөрүн жакшы билбеген бир адам булар кокустан пайда болгон деген бир теорияга көп маани бербеши мүмкүн. Бирок аларды терең карап, түшүнгөн сайын кокустуктарга ишенген бир философиянын адамзат үчүн канчалык олуттуу бир коркунуч жаратышы мүмкүн экенин жана мунун алдын алуу керектигин түшүнөт. Себеби мынчалык ачык далилдерге карабастан өжөрдүк менен кокустуктарга ишенүү акыл, логика, түшүнүктүн жоголушу деген мааниге келет. Ал кишилер профессор, изилдөөчү, же ондогон илимий китептин автору болсо да, ал тургай Нобель сыйлыгын алган болсо да, бул чындык өзгөрбөйт.

Акыл менен логиканын жоголушу, б.а. кээ бир адамдардын көргөндөрүн жана уккандарын түшүнө албас даражага келиши адамзат үчүн эң чоң коркунучтардын бири. Ушул себептен акылы жана абийири бар адамдар анын алдын алышы зарыл, керектүү чараларды көрүп, адамдарга туура маалыматтардын, чындыкты көрсөткөн далилдердин жетишин камсыздашы зарыл.

Белок сыяктуу жаратуу кереметтерин окуп-үйрөнүүнүн экинчи мааниси болсо – бул адамдарга Аллахтын чексиз кудуретин, акылын, илимин, теңдешсиз жаратуусун көрсөтүшү, керемет көркөмдүү жаратууну таанытышы. Аллахтын бар экенине ыйман келтирген адамдар Аллахтын жерлердеги жана асмандардагы жаратуу далилдерин көрүп алар жөнүндө ойлонушат. Бул алардын Аллахка болгон сүйүүсүн, Андан коркуп-тартынышын көбөйтөт. Аллах аятында да кабар бергендей;

 

Кулдары арасынан болсо Аллахтан аалымдар (илимдүүлөр) гана “ичтери титиреп-коркот”. Күмөнсүз Аллах улуу жана кудуреттүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 28)

 

Ийгиликсиз бир эксперимент: Миллер эксперименти

 

20-кылымда эволюционисттер алгачкы жандуу клетка жер бетинде кантип пайда болгон деген суроого жооп издеп башташты. Бул темада алгачкы аракетти жасаган киши орус биолог Александр И. Опарин эле жана ал “химиялык эволюция” моделин чыгарды. Опарин аракеттеринен эч натыйжа ала алган жок жана эң аягында “Тилекке каршы, клетканын келип чыгышы эволюция теориясын камтыган эң караңгы чекитти түзүүдө” деп мойнуна алган.63

Опаринден кийин көптөгөн эволюционист сансыз эксперименттерди жасап клетканын кокустуктар натыйжасында пайда болгонун далилдөөгө аракеттеништи, бирок баарынын аракеттери ийгиликсиздик менен аяктады. Ал ийгиликсиз эксперименттердин эң көп маани берилип, колдоого алынганы – бул 1953-жылы америкалык изилдөөчү Стэнли Миллер (Stanley Miller) тарабынан жасалган Миллер эксперименти.

Стэнли Миллер Опариндин химиялык эволюция моделине ылайыктуу шарттарды түздү. Алгачкы атмосферада болгон деп кабыл алган метан (CH4), аммиак (NH3), суу буусу (H20) жана суутек (H2) газдарынын аралашмасын электрдик ток менен жабдылган бир идишке киргизген. Миллер тирүү жандыктар пайда болоордон мурдакы атмосфера газдарына болгон ультра-кызгылт нурдун таасирин пайда кылуу үчүн даярдаган эксперимент идишине жогорку электрдик чыңалууну жөнөткөн. Андан соң ал газ аралашмасын бир жума бою 100 даражада кайнаткан, бир жагынан аралашмага электрдик зарядды берүүнү уланткан. Белгилүү мөөнөттөн соң жашоо үчүн керек болгон 20 түрдүү аминокислотадан 3 даанасынын синтезделгенин көргөн. Ал пайда болгон молекулаларды ошол замат «Муздак тузак» аттуу механизм менен эксперимент чөйрөсүнөн бөлүп алган. Ушуга окшош шарттарда жасалган башка эксперименттерде да бир канча түрдүү аминокислота алынган.

Миллердин калп “алгачкы” шарттар астында жасаган бул эксперименти эволюционисттер арасында чоң кубаныч жараткан. Бул чоң кубаныч менен эксперимент өтө маанилүү бир ийгиликтей көрсөтүлдү. Бул эксперименттин аягында ийгиликке жетилиши эволюционисттер үчүн өтө маанилүү эле. Себеби бул эксперимент Опариндин сценарийинде маанилүү бир кадам болгон алгачкы дүйнөдө жөнөкөй атмосфералык газдардан биологиялык курулуш материалдарынын өндүрүлүшүнүн мүмкүн экендигин көрсөтүп, Опариндин химиялык эволюция теориясына эксперименттик колдоо болмок эле. Мунун маанилүүлүгүн билген кээ бир чөйрөлөр да өз ойлорунда экспериментке колдоо көрсөтүүгө аракеттеништи. Мисалы, белгилүү астроном Карл Саган бул экспериментти «жашоонун космостон келиши мүмкүн экенин көрсөткөн эң маанилүү кадам» деп сыпаттаган.64 Миллердин экспериментинин жыйынтыктары Time журналы сыяктуу мамлекеттик каражаттарда жана окуу китептеринде кеңири орун алып баштаган. Миллердин экспериментинен алынган колдоо менен химиялык эволюцияга таянып жашоонун келип чыгышын көрсөткөн ойдон чыгарылган эволюция схемалары да көп өтпөстөн окуу китептеринен орун алган. Ал тургай, ал доордо “неовитализм” катары белгилүү болгон “зат тукум куучулук жол менен өзүн-өзү пайда кылуу күчүнө ээ” деген ишеним да бул эксперименттин негизинде жанданган.65

Бирок химиялык эволюция теориясынын түзүүчүсү Опариндин пикирлерине таянган Миллердин эксперименти стереотиптерден улам илимий чындыктардан алыс бир топ жагдайларды камтыйт эле. Себеби эксперимент Опариндин өз оюнда пландаган химиялык эволюция теориясын далилдөө үчүн керектүү болгон ылайыктуу шарттарда даярдалып, илимий чындыктардан алыс бир атмосфера чөйрөсүндө эволюциянын жарактуулугун далилдөөгө аракет кылынган эле. Аминокислоталарды өндүрүү максатында түзгөн шарттары алгачкы замандардагы атмосфера шарттарына эч туура келбейт эле. Мындан тышкары, табигый шарттардан алыс аминокислотаны өндүрүү үчүн гана пландалган көп тараптуу механизмдерди камтыган эле. Бул эксперимент илимий чындыктар негизинде анализделгенде ал стереотиптүү түзүлгөн шарттар апачык көрүнөт.

 

 

Миллер экспериментиндеги чындыктан алыс шарттар:

 

Эксперимент жасалгандан белгилүү убакыт өткөн соң Миллер алгачкы дүйнө шарттарында аминокислоталардын өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн экенин далилдөө максатында жасаган эксперименттин көп тараптан илимий чындыктарга туура келбеши аныкталган. Бул эксперименттин илимий жараксыз тараптары каралганда анын максатынын илимий болбогону оңой гана көрүнөт.

 

1. Миллер түзгөн шарттардагы “алгачкы атмосфера” чындыкка сыйбайт эле. Алгачкы атмосферанын шарттары аминокислоталардын жана жашоо үчүн керек болгон башка курулуш материалдарынын пайда болушуна мүмкүндүк бербейт.

Опарин химиялык эволюция теориясын чыгарганда, алгачкы дүйнө атмосферасы учурдагыдан такыр башкача болгон деп айткан.66 Стэнли Миллер болсо Опариндин 1936-жылы китебине жазган ушул алгачкы атмосфера гипотезаларын колдонуп Химиялык эволюция теориясына таяныч түзгүсү келген. Ушул себептен Опарин болжогондой Миллер алгачкы атмосферадагы аминокислота өндүрүлүшүн туурап жатып дүйнөнүн атмосферасы метан (CH4), аммиак (NH3) жана суутектен (H2) турган деп кабыл алган. Мындан тышкары, дүйнө атмосферасында эркин кычкылтек болгон эмес деп айткан. Миллердин экспериментинен кийинки жылдары жаңы геохимиялык далилдер жана алардын негизинде жасалган эксперименттер Опарин менен Миллер айткан болжолдордун туура эмес экенин апачык көрсөткөн. Тескерисинче колдогу бүт далилдер алгачкы атмосферада өкүмчүлүк кылган табигый газдардын көмүр кычкыл газы, азот жана суу буусу экенин, метан, аммиак жана суутек эмес экенин анык көрсөттү. Дүйнө атмосферасы жөнүндөгү бул маалымат Миллер жана ага окшогон эксперименттердин туура эмес бир атмосфера шарттарына таянганын көрсөттү.

Бирок Миллер бул газдарды ансыз да атайын пландап колдонгон эле. Эмгектин максаты Опарин 1924-жылы чыгарган химиялык эволюция сцеранийин эксперимент жолу менен далилдөө эле. Ушул себептен Миллер эксперименттин параметрлерин даярдап жатканда Опарин убагында белгилүү болгон алгачкы атмосфера критерийлерине карап даярдаган. Максат – тирүү жандыктар пайда боло электеги дүйнөнүн атмосферасын түзүү эмес, аминокислоталар пайда болушу үчүн керектүү болгон атмосфераны түзүү эле негизи. Science журналынан Ричард Керр (Richard Kerr) айткандай, акыркы 30 жылда чогулган геологиялык жана геохимиялык далилдердин эч бири Миллер колдонгон алгачкы атмосфера шарттарын колдогон эмес.67 Алгачкы атмосфера шарттарынын болгондугу туура деп кабыл алуунун жалгыз себебинин химиялык эволюция теориясынын ага муктаждыгы экени түшүнүктүү болгон. Себеби Опарин менен Миллер кабыл алган алгачкы атмосфера шарттары аминокислоталар пайда болушу үчүн талап кылынган эң ыңгайлуу шарттар эле. Кадимки шарттарда химиялык жактан табигый бир атмосферада атмосфералык газдар арасында реакциялар жүрбөйт. Реакциялар келип чыкса дагы, ал реакциялар биологиялык курулуш материалдарын пайда кыла турган деңгээлде болбойт. Нейтралдуу бир атмосферада биологиялык курулуш материалдарын пайда кылууга аракеттенүү май менен суунун же эки жансыз химикаттын реакцияга киришин күтүү сыяктуу бир нерсе.

Стэнли Миллердин жана аныкына окшогон башка эксперименттерде гипотеза кылынган алгачкы шарттар чындыгында алгачкы атмосферада болбогондуктан, ал эксперименттер жашоонун келип чыгышы жөнүндө эч кандай илимий негиз боло албайт. Көз-карандысыз геохимия боюнча эмгектер алгачкы атмосферада аминокислоталардын пайда болушуна мүмкүндүк бербей турган химиялык шарттардын үстөм болгонун далилдегендиктен, Миллердин экспериментинин эч нерсенин пайда болушун көрсөтпөгөнү көрүнүп турат. Мына ушул себептен лабораториядагы мындай эксперименттер химиялык эволюциянын ишке ашышынын мүмкүн эмес экенин көрсөтүү менен бирге, жашап жаткан системалардын дизайнында сөзсүз акылдуу бир Жаратуучунун бар экенин далилдейт.

 

2. Аминокислоталар пайда болгон деп айтылган доордо атмосферада аминокислоталардын баарын талкалай турган көлөмдө кычкылтек бар эле.

Бир катар геохимиялык изилдөөлөр өсүмдүк жашоосунан мурда да маанилүү көлөмдө эркин кычкылтектин вулкандык газдардын сыртка чыгышы жана суу бууланышындагы фото-диссоциация себебинен бар болгонун көрсөткөн. Жашы 3,5 миллиард жыл деп эсептелген таштардагы оксидделген темир жана уран жыйындылары атмосферада кычкылтек бар экенин көрсөткөн.68 Бүт бул ачылыштардан кычкылтек көлөмүнүн ал доордо эволюционисттер айткандай аз көлөмдө болбогону, тескерисинче алар ойлогондон бир топ көп өлчөмдө болгону байкалган. Изилдөөлөр ал доордо дүйнө бетине эволюционисттердин болжолдорунан 10 миң эсе көп ультра-кызгылт нур жеткенин көрсөткөн. Бул көп өлчөмдөгү ультра-кызгылт нурлардын атмосферадагы суу буусу менен көмүр кычкыл газын майдалап кычкылтекти пайда кылышы анык эле.

Миллер көрмөксөн болгон бул чындык кычкылтек эске алынбастан жасалган Миллер экспериментин толугу менен жараксыз кылган. Эгер экспериментте кычкылтек колдонулганда, метан көмүр кычкыл газы менен сууга; аммиак болсо азот менен сууга айланмак. Экинчи тараптан, кычкылтек жок бир чөйрөдө –али озон катмары пайда боло элек болгондуктан- ультра-кызгылт нурлардын түздөн-түз астында калган аминокислоталардын заматта талкаланып кетээри да анык эле. Натыйжада алгачкы дүйнөдө кычкылтектин бар болушу да, жок болушу да аминокислоталар үчүн жок кылуучу бир чөйрө деген мааниге келмек.

 

3. Миллер экспериментинде “Муздак тузак” аттуу бир механизмди колдонуп аминокислоталарды пайда болоор замат ал чөйрөдөн изоляция кылган.

Бир саамга Стэнли Миллер колдонгон алгачкы газдар алгачкы атмосферадагы шарттарга толук дал келген деп кабыл алалы. Ошондой шарттардагы эксперименттин жыйынтыгы чындап химиялык эволюцияга колдоо болмок беле? Жок. Миллер эксперименттеринде аминокислоталар жана нуклеиндик кислота базалары сыяктуу биологиялык курулуш материалдары болгон молекулалардан тышкары биологиялык эмес заттарды да алган. Адам кийлигишүүсү болбосо, ал биологиялык эмес заттар алынган берки пайдалуу заттар менен реакцияга кирмек жана натыйжада биологиялык жактан эч кандай мааниси жок химиялык кошулмаларды пайда кылышмак. Мунун алдын алыш жана химиялык эволюция теориясын трагедия менен жыйынтыктабаш үчүн аминокислоталарды бузуучу же аларды биологиялык эмес кошулмаларга айландыруучу ал химикаттарды ал чөйрөдөн бөлүп алышкан. Ал үчүн Стэнли Миллер экспериментинде аминокислоталар пайда болоор замат башка пайда болгон заттардын жана ал чөйрөдөгү башка шарттардын зыяндуу таасирлеринен коргоо үчүн “Муздак тузак” (cold trap) аттуу бир механизмди колдонгон. Себеби андай кылбаса аминокислоталарды пайда кылган шарттар ал молекулаларды пайда болгондон көп өтпөй кайра талкаламак.

Чындыгында болсо алгачкы дүйнө шарттарында албетте Муздак тузак сыяктуу пландуу кийлигишүүлөр жок эле. Жана бул механизм болбостон кандайдыр бир түрдөгү аминокислота пайда болсо дагы, ал молекулалар ал шарттарда бат эле кайра талкаланмак. Химик Ричард Блисс (Richard Bliss) айткандай: “Бул Муздак тузак механизми болбосо, химиялык продукттар электрдик булак тарабынан жок кылынмак.”69

Миллер муздак тузакты жайгаштыраардан мурда жасаган эксперименттеринде бир аминокислота дагы ала алган эмес эле.

Чындыгында Миллер өз эксперименти менен эволюциянын “жашоо аң-сезими жок кокустуктар натыйжасында пайда болгон” деген пикирин да кыйраткан. Себеби эксперимент аминокислоталарды бүт шарттары атайын жөнгө салынган бир лаборатория шарттарында, аң-сезимдүү кийлигишүүлөр менен гана алуу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Миллер эксперименти Түркиядагы кээ бир булактарда дагы эле маанилүү бир илимий ачылыштай көрсөтүлгөнү менен, негизи эволюционист авториттер тарабынан ташталган. Акыркы жылдары Батыштык илимий журналдарда эксперименттин жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү боюнча эч кандай мааниси жок экени айтылууда. Мисалы, 1998-жылдын февраль айында чыккан белгилүү эволюционист илимий журнал Earth'деги “Жашоонун идиши” темалуу макалада төмөнкү сөздөр орун алган:

Учурда Миллердин сценарийи күмөн менен каралууда. Бир себеби геологдордун алгачкы атмосферанын негизинен көмүр кычкыл газы менен азоттон тураарын кабыл алышы. Бул газдар болсо 1953-жылкы экспериментте (Миллер экспериментинде) колдонулгандардан бир топ аз активдүү. Болгондо да, Миллер элестеткен атмосфера бар болгондо дагы, аминокислоталар сыяктуу жөнөкөй молекулаларды андан бир топ татаал компоненттерге, белоктор сыяктуу полимерлерге айланта турган керектүү химиялык өзгөрүүлөр кантип пайда болмок эле? Миллер өзү дагымаселенин бул жеринде колдорун алдыга созуп, “бул бир көйгөй” деп терең улутунуп, “полимерлерди кантип жасайсыз? Бул анчалык оңой эмес...”70

Көрүнүп тургандай, Миллер өзү дагы учурда экспериментинин жашоонун келип чыгышын түшүндүрүүдө эч кандай мааниси жок экенин билет. National Geographic'тин 1998-жыл март айындагы санындагы “Жер жүзүндөгү жашоонун келип чыгышы” темалуу макалада болсо бул жөнүндө мындай деп айтылат:

Көптөгөн илимпоздор учурда алгачкы атмосферанын Миллер айткандан башкача болгонун болжолдоодо. Алгачкы атмосфераны суутек, метан жана аммиакка караганда көбүрөөк көмүр кычкыл газы менен азоттон турган деп ойлошууда. Бул болсо химиктер үчүн жаман кабар! Көмүр кычкыл газы менен азотту реакцияга киргизишкенде алынган органикалык компоненттер өтө маанисиз санда. Чоң бир бассейнге ташталган бир тамчы тамакка түс кошуучу менен бирдей сандагы бир көлөмдө... Илимпоздор мынчалык сейрек бир аралашмада жашоонун келип чыгышын элестетүүнү да кыйын көрүшөт.71

Кыскасы Миллер эксперименти да, башка бир эволюционист аракет да жер бетинде жашоо кантип пайда болгон деген суроого жооп бере албайт. Бүт изилдөөлөр жашоонун кокустан пайда болушунун мүмкүн эместигин жана натыйжада жашоонун жаратылганын көрсөтүүдө. Эволюционисттердин бул апачык чындыкты кабыл албашы болсо – алардын илимге толугу менен карама-каршы бир катар стереотипте болушу себептүү. Миллер экспериментин окуучусу Стэнли Миллер менен бирге уюштурган Гарольд Юри (Harold Urey) бул жөнүндө минтип мойнуна алган:

Жашоонун келип чыгышын изилдеген биздер бул теманы канчалык изилдебейли, жашоо кандайдыр бир жерде эволюциялашкан болушу мүмкүн эмес даражада комплекстүү деген жыйынтыкка барабыз. (Бирок) Баарыбыз бир ишеним сөзү катары, жашоонун бул планетанын бетинде өлүк заттан эволюциялашканына ишенебиз. Бирок комплекстүүлүгү ушунчалык зор болгондуктан, кантип эволюциялашканын кыялдануу да биз үчүн кыйын.72

 

 

Дагы бир ийгиликсиз эксперимент: Фокс эксперименти

 

Кээ бир эволюционисттер бүт ийгиликсиздигине жана жараксыздыгына карабастан, дагы эле Миллер экспериментин аминокислоталардын жансыз заттардан кокустан пайда болгонуна далил катары колдонууга аракет кылышууда. Чындыгында болсо, эгер бул жыйынтык алынган болгондо дагы, эволюционисттердин көйгөйү чечилмек эмес, себеби аларды андан да мүмкүн эмес баскычтар күтүүдө. Аминокислоталар биригип андан бир топ татаал бир түзүлүшкө ээ болгон белокторду түзүшү зарыл.

“Белоктор табигый шарттарда кокустан пайда болгон” деп айтуу “аминокислоталар кокустан пайда болгон” деп айтуудан бир топ чындыктан алыс бир сөз. Аминокислоталардын белокторду түзүү үчүн керектүү катарда кокустан тизилишинин математикалык жактан мүмкүн эместигин жогоруда ыктымалдык эсептери менен караган элек. Бирок белоктун пайда болушу химиялык жактан да алгачкы дүйнө шарттарында мүмкүн эмес.

 

 

Белоктордун сууда синтезделүү маселеси

 

Мурдакы темаларда да айтылгандай, аминокислоталар белокту пайда кылуу үчүн химиялык биригип жатканда, араларында “пептиддик байланыш” деп аталган өзгөчө бир байланышты түзүшөт. Бул байланыш түзүлгөндө бир суу молекуласы бөлүнүп чыгат.

Бул алгачкы жашоо деңиздерде пайда болгон деген эволюционист пикирди четке кагат. Себеби химияда Ле Шателье (Le Chatêlier) принциби деп аталган эреже боюнча, тышка суу бөлүп чыгарган бир реакциянын (конденсация реакциясы) суусу бар бир жерде аягына чыгышы мүмкүн эмес. Суулуу бир чөйрөдө мындай бир реакциянын ишке ашышы химиялык реакциялар ичинде “пайда болуу ыктымалдыгы эң төмөнү” катары сыпатталат.

Ошондуктан эволюционисттер жашоо башталган жана аминокислоталар пайда болгон жерлер деп айткан океандар аминокислоталар биригип белокторду пайда кылышы үчүн такыр ыңгайсыз чөйрөлөр болуп саналат.73

Экинчи тараптан, эволюцияны жактагандардын бул чындыктын негизинде пикирлерин өзгөртүп, алгачкы жашоо кургактыкта пайда болгон деп айтышы да мүмкүн эмес. Себеби алгачкы атмосферада пайда болгон деп кабыл алынган аминокислоталарды ультра-кызгылт нурлардан коргой турган жалгыз чөйрө – бул деңиздер менен океандар. Аминокислоталар кургактыкта ультра-кызгылт нурлар себебинен талкаланышат. Ле Шателье принциби болсо деңиздерде пайда болгон деген пикирди кыйратат. Бул эволюция теориясы үчүн бир дилемманы пайда кылууда.

 

 

Фокс эксперименти

 

Жогорудагы туюкка кабылган эволюционист изилдөөчүлөр бүт теорияларын астын-үстүн кылган бул “суу көйгөйүн” чечүү үчүн ар кандай сценарийлерди чыгарып башташкан. Ал изилдөөчүлөрдүн эң белгилүүсү Сидни Фокс (Sydney Fox) көйгөйдү чечүү үчүн кызык бир теорияны чыгарган: анын ою боюнча, алгачкы аминокислоталар алгачкы океанда пайда болоор замат бир вулкандын жанындагы аскаларга айдалган болушу керек эле. Анан аминокислоталары бар аралашмадагы суу таштардагы жогорку температура себебинен бууланып кеткен. Ошентип “кургаган” аминокислоталар белокторду пайда кылуу үчүн бириге алышкан.

Бирок бул “татаал” чечүү жолу көп адамдар тарабынан кабыл алынган жок. Себеби аминокислоталар Фокс айткан даражадагы бир температурага чыдамак эмес: жүргүзүлгөн изилдөөлөр аминокислоталардын жогорку температурада бат эле бузулаарын көрсөткөн.

Бирок Фокс токтоп калбады. Лабораторияда “өтө өзгөчө шарттарда” тазаланган аминокислоталарды кургак чөйрөдө ысытып бириктирди. Аминокислоталар бириккен, бирок белоктор алына алган эмес эле. Анын алганы бир-бирине туш келди уланган, жөнөкөй жана тартипсиз аминокислота тизмектери эле жана кандайдыр бир жандыктын белогуна окшошуудан өтө алыс эле. Болгондо да, эгер Фокс аминокислоталарды ошол эле температурада кармоону улантканда, пайда болгон ишке жараксыз тизмектер кайра талкаланып кетмек эле.74

Эксперименттин маанисин жоготкон башка бир жагдай болсо – Фокстун мурда Миллер экспериментинде алынган аминокислоталарды эмес, тирүү организмдерде колдонулган таза аминокислоталарды колдонгон болушу эле. Бирок Миллердин уландысы катары жасалган эксперимент Миллер жеткен жыйынтыкка таянышы керек эле. Анткен менен Фокс да, башка бир дагы изилдөөчү да Миллер өндүргөн ишке жараксыз аминокислоталарды колдонгон док.75

Фокстун бул эксперименти эволюционист чөйрөлөрдө да жакшы кабыл алынган жок. Себеби Фокс алган мааниси жок аминокислота чынжырларынын (протеиноиддердин) табигый шарттарда пайда боло албашы апачык эле. Болгондо да, жандыктардын курулуш материалдары болгон белоктор алигече алына алган эмес эле. Белоктордун пайда болушу проблемасы башындагы сыяктуу дагы эле чечиле алган эмес эле. Белгилүү илимий журнал Chemical Engineering News'да ошол кезде жарык көргөн бир макалада Фокс жасаган эксперимент жөнүндө мындай деп айтылган:

Сидни Фокс жана башка изилдөөчүлөр өтө өзгөчө жылытуу ыкмаларын колдонуп, дүйнөнүн алгачкы доорлорунда эч болбогон шарттарда аминокислоталарды “протеиноиддер” деп аталган бир формада бир-бирине уланышына жетише алышты. Бирок алар жандыктардагы өтө тартиптүү белокторго эч окшошпойт. Алар эч ишке жарабаган, тартипсиз тактар гана. Алгачкы доорлордо бул молекулалар эгер чындап пайда болгондо дагы, алардын талкаланбай калышы мүмкүн эмес.76

Чындап эле Фокс алган “протеиноиддер” чыныгы белоктордон түзүлүшү жана функциясы жагынан өтө алыс эле. Белоктор менен араларында татаал бир технологиялык каражат менен иштетилбеген бир металл жыйындысы арасындагыдай айырма бар эле.

Болгондо да, ал тартипсиз аминокислота жыйындыларынын да алгачкы атмосферада жашоо шансы жок эле. Дүйнөнүн ал убактагы шарттарында жер жүзүнө жеткен көп сандагы ультра-кызгылт нурлар менен контрольсуз табигый шарттардан келип чыккан зыяндуу, бузуучу физикалык жана химиялык факторлор ал протеиноиддердин да аман калышына жол бербестен талкаланышына себеп болмок. Аминокислоталардын ультра-кызгылт нурлар жете албагандай деңгээлде суунун астында болушу болсо Ле Шателье принциби себебинен мүмкүн эмес эле. Ушул маалыматтардын негизинде илимпоздор арасында “протеиноиддер жашоонун башталышын түзгөн молекулалар” деген пикир бара бара таасирин жоготту.

 

52- Alaeddin Şenel, "Evrim Aldatmacası mı, Devrin Aldatmacası mı?", Bilim ve Ütopya Dergisi, Aralık 1998,

53- Alexander I. Oparin, Origin of Life, (1936) NewYork, Dover Publications, 1953 (Reprint), s. 132-133

54- Stephen C.Meyer, The Intercollegiate Review 31, No:2 (Spring 1996)

55- W. R. Bird, The Origin of Species Revisited, Nashville, Thomas Nelson Co., 1991, s. 305

56- Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara Meteksan Yayınları, 1984, s. 94

57- Michael Behe, Darwin'in Kara Kutusu, Aksoy Yayıncılık, Haziran 1998, s.97; Russel Doolittle, "Kanın Pıhtılaşmasının Karşılaştırmayı Biyokimyası" (1961), Trombosis and Heamostatis

58- W. R. Bird, The Origin of Species Revisited, Nashville, Thomas Nelson Co., 1991, s. 304

59- Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi 1, Alan Yayıncılık, Kasım 1996, İstanbul, Çev: Veysel Atayman, s.122

60- Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi 1, s.123

61- Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi 1, s.126

62- SBS Vital Topics, David B. Loughran, Nisan 1996, Stewarton Bible School, Stewarton, Scotland, URL:http://www.rmplc.co.uk/eduweb/sites/sbs777/vital/evolutio.html

63- Alexander I. Oparin, Origin of Life, (1936) NewYork, Dover Publications, 1953 (Reprint), s.196.

64- R.Shapiro, Origins (New York: Summit Books,1986) s. 99

65- K.Dose, "The Origin of Life: More Questions than Answers", Interdisciplinary Science Reviews 13 (1988):348

66- Mere Creation, Edited By William A. Dembski, Intervarsity Press, Illinois, 1998, s. 116, 119

67- Stephen C.Meyer, The Origin of Life and the Death of The Metarialism, Reprinted from the Intercollegiate Review 31,no.2, (spring 1996)

68- "New Evidence on Evolution of Early Atmosphere & Life", Bulletin of the American Meteorological Society, cilt 63, Kasım 1982, s.1328-1330

69- Richard B.Bliss & Gary. E.Parker, Origin of Life, California, 1979, s.14

70- Earth, "Life's Crucible", Şubat 1998, s. 34.

71- National Geographic, "The Rise of Life on Earth", Mart 1998, s. 68

72- W. R. Bird, The Origin of Species Revisited, Nashville: Thomas Nelson Co., 1991, s. 325

73- Kimyacı Richard E. Dickinson bunun nedenini ?öyle açıklar: "Eğer protein ve nükleik asit polimerleri öncül monomerlerden oluşacaksa polimer zincirine her bir monomer bağlandığında bir molekül su atılması şarttır. Bu durumda suyun varlığının polimer oluşturmanın aksine ortamdaki polimerleri parçalama yönünde etkili olması gerçeği karşısında, sulu bir ortamda polimerleşmenin nasıl yürüyebildiğini tahmin etmek güçtür." (Richard Dickerson, "Chemical Evolution", Scientific American, Cilt 239:3, 1978, s. 74.)

74- Richard B. Bliss & Gary E. Parker, Origin of Life, California: 1979, s. 25

75- Richard B. Bliss & Gary E. Parker, Origin of Life, California: 1979, s. 25

76- S. W. Fox, K. Harada, G. Kramptiz, G. Mueller, "Chemical Origin of Cells", Chemical Engineering News, 22 Haziran 1970, s. 80

Харун Яхьянын "Белок керемети" китебинен алынды.

http://topnews.kg/news/view/evoljucija-teorijasynyn-cho-tujugu-beloktor-kantip-pajda-boldu

2015-02-27 15:38:40

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top