Кызыктар дүйнөсү: Көргөн көздөрүбүз эмес, сүрөттөлүш мээбизде пайда болот

Жашообузда ар жактан уккандарыбызга таянып, бүт дүйнөнү көздөрүбүз менен көрүп жатам деп ойлойбуз. Ал тургай, «көздөрүбүздү дүйнөгө ачылган терезелерибиз» деп билебиз. Чындыгында болсо, көрүү процессинин илимий түшүндүрмөсү эч мындай эмес; себеби биз көздөрүбүз менен көрбөйбүз. Көздөрүбүз жана көздөрүбүзгө тиешелүү миллиондогон нерв клеткаларыбыз «көрүү процесси» ишке ашышы үчүн мээге маалымат жөнөткөн кабель милдетин гана аткарат. Көрүү процессинин кандайча ишке ашаары жөнүндөгү мектептен алган маалыматтарыбызды эстесек, бул чындыкты оңойураак түшүнөбүз.

Бир заттан келген жарык көздүн карегинен өтөт жана көздүн арка тарабындагы торчонун бетине тескери жана эки өлчөмдүү бир сүрөттөлүш пайда кылат. Торчодогу чыбык жана конус клеткалар бир катар химиялык процесстерден кийин бул сүрөттөлүштү электрдик агымга (зарядга) айлантат. Бул электрдик агым көз клеткалары аркылуу мээнин арка тарабында жайгашкан көрүү борборуна жеткирилет. Мээ болсо бул келген импульсту түшүнүктүү жана үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөр абалына алып келет.

Мисалы, биз бир бала бакчада ойун ойногон балдарды караганыбызда, бул балдарды жана бакчаны көздөрүбүз менен көрбөйбүз, себеби бул көрүнүшкө тиешелүү сүрөттөлүш көзүбүздүн алдында эмес, мээбиздин арка тарабында пайда болот.

Бул жерде абдан үстүртөн түшүндүрүлгөн көрүү процесси – чындыгында абдан таң калаарлык татаал процесс. Жарык бөлүкчөлөрү бир заматта жана кемчиликсиз абалда электрдик импульстарга айландырылат жана кийин бул электрдик импульстар үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, жаркыраган бир дүйнө болуп бизге көрүнүүдө. Eye and Brain (Көз жана мээ) китебинин автору R.L.Gregory (Р.Л.Грегори) муну байкаган адамдардын бири катары көрүү системасындагы кереметтүү түзүлүштү мындайча баяндайт:

Көздөрүбүзгө кичинекей башаламан көрүнүштөр берилүүдө жана биз чөйрөбүздө буларды толук кандуу нерселер катары көрөбүз. Торчолордун бетиндеги сигналдар натыйжасында заттар дүйнөсүн кабылдап жатабыз жана бул бир кереметтен башка нерсе эмес, чынында.

Бүт бул нерселер бизди бир гана чындыкка алып барууда: биз жашообуз боюнча дүйнөнү биздин сыртыбызда деп ойлойбуз. Чынында болсо, дүйнө бүт нерселери менен бирге биздин ичибизде. Биз сыртыбызда деп ойлогон дүйнөнү чынында ичибизде, мээбиздеги кичинекей бир чекитте көрөбүз. Мисалы, бир ири ишкананын башчысы ишкана имаратынын, шаардын сыртындагы заводунун, унаа токтоочу жайдагы унаасынын, деңиз жээгиндеги дачасынын, яхтасынын, кол алдындагы жүздөгөн адамдын, адвокаттарынын, үй-бүлөсүнүн, досторунун дайыма өз денесинин сыртындагы абалдарын (оригиналдарын) көрүп, сезип жатам деп ойлойт. Чынында болсо булардын баарынын өз баш сөөгүнүн ичинде, мээсинин арка тарабындагы кичинекей бир жерде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн көрүп жаткан болот. Сырттагы оригиналдарынын кандай экенин болсо эч качан биле албайт.

Бул адам бул чындыкты билбейт, билсе да ойлонгусу келбейт. Бирок кымбат баалуу унаасы менен келген ири ишканасынын алдында мактанып турганда, акырын соккон жел көзүнө чаң киришине себепчи болсо, бул чындыкты ошол замат түшүнүшү мүмкүн. Чаңдан улам сүрткөн оң көзүн көзү ачык абалында бир аз сүрткөндө ишкана имаратынын өйдө-ылдый же оңго-солго кыймылдаганын көрөт. Мына ошондо ойлонгон киши көргөн сүрөттөлүштүн өзүнүн сыртында туруктуу бир нерсе эмес экенин түшүнөт. Себеби көзүн сүрткөндө сүрөттөлүш ордунан кыймылдоодо.

Жыйынтыктасак, ар бир адамдын жашоосу боюнча көргөн нерселеринин баарын мээсинде көрөөрү жана эч качан көргөн нерселеринин оригиналдарына жете албашы чындык. Көргөн нерселери – сыртта бар болгон сүрөттөлүштөрдүн мээсинде пайда болгон бир копиясы. Бул копиянын оригиналынын кандай экенин болсо биз биле албайбыз.

Материалист болгонуна карабастан, немец психиатрист жана неврология профессору Hoimar von Ditfurth (Хоимар вон Дитфурт) бул илимий чындык жөнүндө төмөнкүлөрдү айтат:

Аргументтерибиздин кыймылдаткыч колун кайсы тарапка жайгаштырбайлы, натыйжа өзгөрбөйт: эти менен, сөөгү менен маңдайыбызда турган, көзүбүз көргөн нерсе «дүйнө» эмес, анын иллюзиясы гана; бир копиясы; оригиналына канчалык окшош экени талаш жарата турган бир проекция.

Мисалы, азыр башыңызды көтөрүп, ичинде отурган бөлмөңүздү караганыңызда, көргөнүңүз – сиздин сыртыңыздагы бөлмө эмес. Сиз бөлмөнүн мээңиздин ичинде пайда болгон копия көрүнүшүн көрөсүз. Жана эч качан бул бөлмөнүн оригиналын сезүү органдарыңыздын жардамы менен көрүү мүмкүнчүлүгүңүз жок.

Харун Яхьянын «Заттын чыныгы жүзү» китебинен алынды.

http://duino.turmush.kg/news:251500

2015-09-25 15:37:44

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top