Кызыктар дүйнөсү: Аарылардын илимпоздордун үстүнөн жеңиши: жантайуунун эч катасыз эсептелиши

Аарылар уяларын эки тарапты көздөй жасашат. Алты бурчтуу призма формасындагы уя клеткаларынын түбү тигил тараптын клеткалары менен биригет. Аарылар жасаган уялардын долбоору бүт тарабынан кемчиликсиз. Бирок уялардын клеткалары бириккен жерде өзүнчө бир кереметтүү долбоор бар.

Бул долбоордо көңүл буруу керек болгон биринчи жагдай; уянын клеткаларын түзгөн алты бурчтуу призмалардын түптөрүндө 3 даана трапеция болот. Экинчи жагдай болсо; ар бир клетка арт жакта дайыма 3 клетканын ортосуна өтө тургандай долбоорлонгон. Уянын клеткаларынын минтип бири-бирине кирип турушу уяны өтө чыдамкай кылат. Түбүнөн бириккен клеткаларды бири-бирине кадалган болоттордой бекем карматылган деп айтууга да болот.

Аарылар курган уянын долбоорун изилдеген илимпоздор 3 клетканын түптөрүнүн тигил тараптагы бир клетканын түбү боло тургандай кылып жасалышындагы математикалык эсептөөлөргө абдан таң калышкан. Бул өтө татаал математикалык эсептөөлөрдү талап кылган бир долбоор.

Аарылар жасаган мындай татаал эсептерди чыгарган илимпоздор жогорудагы талапка жооп бере турган өтө так бурчтарды аныкташкан. Белгилүү математик Кенигдин жасаган эсептөөлөрү боюнча, эң мыкты курулуш үчүн анын түбүндөгү бул бурчтар толук 109 градус 26 мүнөт жана 70 градус 34 мүнөт болушу керек.

Аарылар кандай бурчту колдонушат? Тиешелүү өлчөөлөр жасалганда, аарылардын уя куруп жатканда толук 109 градус 28 мүнөттүк жана 70 градус 32 мүнөттүк эки бурчту колдоноору жана бул чоңдуктун эч качан өзгөрбөй турганы аныкталган. Бул, албетте, укмуш бир көрүнүш. Аарылар математик генийлер гана чыгара алган бир эсепти чыгарышууда.

Бирок бул эсептөөлөрдүн натыйжасында аарылар чыгарган эсеп 1 градустун 1/30ундай (1 градус 60 мүнөткө барабар. Уялардагы бурч менен табылган бурчтун арасындагы 2 мүнөттүк айырма 1/30 градуска туура келет) айырмачылык көрсөткөн. Башкача айтканда, аарылар уя куруп жатканда, абдан аз болсо да, жаңылыштык кетиришүүдө.

Ооба, бул жерде 1/30 даражалык бир ката бардай көрүнүүдө. Бул айырмачылыктан улам илимпоздор башында аарылар эң туура бурчту ала алышпайт жана кемчиликсиз натыйжага бир аз ката менен жакындашат деп ойлоп келишкен. Бирок мунун эң укмуштуу тарабы ушул жерден чыккан. Себеби аарылар ката кетирген эмес.

Белгилүү шотландиялык математик Колин Маклорен (1698-1746) бул эсепти кайра чыгарып, алган жыйынтыгын илим дүйнөсүнө жарыялаганда, аларды катуу таң калтырган. Себеби Маклорен аарылар колдонгон бурчтун толугу менен туура экенин, аары уяларын алгачкылардан болуп изилдеген Кениг менен командасынын эсептөөлөрдө колдонгон логарифмалык шкаладагы бир катадан улам туура эмес жыйынтыкка барганын аныктаган.

Кыскасы, аарылар жасаган уяларда кичинекей дагы катачылык жок экени аныкталган. 136 1/30 градустук ката аарылардын эмес, илимпоздордун катасы.

Эмне үчүн алты бурчтук?

Көрүнүп тургандай, аары уялары – көп адамдар чыгара албаган татаал эсептөөлөргө таянган жана мындан улам илимпоздорду абдан таң калтырган архитектура керемети.

Уялардын түзүлүшүн изилдеген илимпоздор аарылардын уяларды эмне үчүн туш келди формада же сегиз бурчтук, беш бурчтук, үч бурчтук формасында эмес, дайыма алты бурчтук кылып кураарын абдан терең иликтешкен.

Бул суроонун жообун «Animal Architecture» китебинин автору, ошондой эле, аарылар темасында дүйнөнүн эң белгилүү илимпозу катары белгилүү инсан Карл фон Фриш төмөнкүчө берет:

Аары уялары алты бурчтуктун ордуна, мисалы, тегерек же беш бурчтук формасында курулганда, ортодо колдонулбаган жерлер пайда болмок жана натыйжада азыраак бал сакталмак жана ортолорду толтуруу үчүн бал мому пайдасыз эле сарпталмак. Тереңдиги бирдей болсо үч бурчтуу жана төрт бурчтуу клеткаларда деле алты бурчтуу клеткалар менен бирдей көлөмдө бал сактала алмак. Бирок бул формалардан айланасы эң кыска болгону – бул алты бурчтук. Көлөмү бирдей болгону менен, алты бурчтуу клеткаларга сарпталган материал үч бурчтук же төрт бурчтукка сарпталганга караганда азыраак болот. Мындан төмөнкүдөй жыйынтык келип чыгат: алты бурчтуу клетка эң көп көлөмдө бал сактаган жана куруу үчүн болсо эң аз бал момун талап кылган форма. Башкача айтканда, аарылар эң оптималдуу форманы колдонушат. Аарылардын алты бурчтуу клеткалары колдонууга ыңгайлуу. Клеткалар бири-бирине туура келет жана капталдары орток болот. Бул эң аз бал мому менен эң көп сактоочу жай жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда бул клеткалар өтө бекем болушат. Өзүнөн бир канча эсе чоң салмакты көтөрө алышат.

Бул сөзүндө Карл фон Фриш «Эмне үчүн алты бурчтук?» деген суроого апачык жооп берген. Бирок эң негизгиси аарылар муну кантип тапкан деген суроонун жообун берүү керек. Аары уяларындагы мындай кемчиликсиз долбоордун аарылар тарабынан «эволюция процессинде», акырындап иштеп чыгыла албашын түшүнүү үчүн акыл-эстүү бир адам болуу жетиштүү. Бир аары бир күнү беш бурчтуу уя жасап, кийинки күнү үч бурчтук кылып көрүп, белгилүү убакыт ушинтип уланткан соң, андан кийинки күндөрдө, жылдарда же кылымдарда уя жасоодо алты бурчтуктун эң натыйжалуу форма экенин түшүнүп, мындан ары ушундай кылууну чечкен деген сыяктуу бир сценарийди элестетүүгө да болбойт. Мындай ойду айтуу аарыларда жок дегенде адамдарчалык акыл жана аң-сезим бар деген ойду айтканга барабар. Мындай пикирди болсо акыл жана абийир менен кабыл алууга болбойт.

Аарылар Аллах тарабынан жаратылган. Эволюциялык бир процесстен өткөн эмес. Эч кандай өзгөрүүгө дуушар болушкан эмес. Биринчи жаратылган кезде кандай өзгөчөлүктөрү бар болсо, азыр дагы ошондой өзгөчөлүктөрү бар.

Жыйынтык

Бул китепте каралгандай, аарылар жасаган иштердин көпчүлүгү адамдарды абдан таң калтырууда. Бир канча жумалык кыска өмүр сүргөн бал аарылар кезеги менен бир жумуштан экинчисине өтүп уюктагы бүт иштерди жасашат. Личинкаларды багуудан уя курууга, азык табуудан бал өндүрүүгө чейин ар кандай ишти кыла алышат.

Мындай таң калыштуу иштерди жасай алган бир бал аарынын нерв системасында 7000дин тегерегинде нерв клеткасы болот. Бир адамдын нерв клеткаларынын саны болсо мындан 2 миллион эсеге көп.138 Бирок, бал аары, бул китепте кээ бирлери терең каралган, адамдарды таң калтырган төмөнкү жумуштарды эч кемчиликсиз жасай алат:

-Уюкта бир катар татаал иштерди жасайт: личинкаларды багуу, тазалык жасоо, желдетүү, оңдоо, жаракаларды жамоо сыяктуу;

-Өзгөчө дос жана душман аарыларды айырмалай алат.

-Күндүн бурчуна жараша багытын аныктай алат.

-Ультра-кызгылт көк нурларды сезе алат.

-Топтогон гүл чаңчасынын салмагын эсептей алат.

-Асмандын ачыктыгына, жер бетиндеги белгилерге карап жана жолундагы жыттарды сезип, туура учуу маршрутун таба алат.

-Учуп баратканда басып өткөн аралыгын эсептей алат.

-Азыкты коюу үчүн уюктун эң ыңгайлуу бөлүгүн аныктай алат.

-Уюктагы бийде кыймылдардын жыштыгын өлчөй алат жана ал аркылуу азык булагына чейинки аралыкты биле алат.

-Тигинен жайгашкан бир уюкта бий көрсөтүлгөндө, күн менен азык булагынын арасындагы бурчту эсептей алат.

- Алты бурчтуу уяларды укмуш тегиз жана тактыкта кура алат...

Бирок бул иштердин баарын жасай алган бул жандыктар жөнүндөгү бир нерсеге көңүл буруу туура болот: булардын баарын кыла алган бир бал аарынын мээсиндеги нерв клеткаларынын жалпы саны бойго жеткен бир адамдын латын тилиндеги «бал аары (apis mellifica)» деген сөздү айтуу үчүн колдонгон нерв клеткаларынын санынан да аз.139 Бир бал аарынын мээсинин жалпы көлөмү 0,74 миллиметр кубга барабар.140 Ал тургай, уюктун эң негизги аарысы болгон эне аарынын мээси болсо, көлөмү чоң болгонуна карабастан, мындан да кичине: 0,71 миллиметр куб. Бул маалыматтардан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: аарылардын кылган иштеринин мээсинин көлөмү (кубаттуулугу) менен эч бир байланышы жок. Аларга бүт бул кемчиликсиз жөндөмдөр «берилген».

Эми бул маалыматтарды кайрадан ойлонолу. Аарыларга бул кереметтүү жөндөмдөрдү ким берген? Адамдар чыгара албаган эсептерди чыгара алган, сансыз өзгөчөлүктөр менен жабдылган бул жандыктар кантип пайда болушкан? Бул жандыктар кантип бул дүйнөгө келээр замат, эч кандай билим албастан, укмуштай иштерди жасай алышат? Болгондо да, өз милдеттерин кантип коомдук бир тартиптин ичинде эч кемчиликсиз орундатышат. Аарылардагы кемчиликсиз уюштуруу өтө улуу бир акыл тарабынан гана жасалышы мүмкүн. Бул аң-сезими жок жандыктар кантип мындай уюштурууну жасай алышат?

Бул суроолор жөнүндө ойлонгонубузда бир гана чындыкка барабыз: аарыларга бул өзгөчөлүктөрдү, бул таң калыштуу жөндөмдөрдү чексиз кудуреттүү Аллах берген. Аллах бүт жараткан жандыктарында көрсөткөндөй, аарыларда да чексиз илимин жана өрнөксүз жаратуусун бизге көрсөтүүдө. Бул жаратууга күбө болгон адам бир гана бүт нерсенин өкүмдары болгон Раббибизди улуктап, Аллахка моюн сунушу керек.

... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)

http://barakelde.turmush.kg/news:253535

2015-10-09 14:48:48

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top