Денеде 20 мүнөттө бир миллион беттик маалыматты көчүрө алчу машина бар

Белгилүү болгондой, клеткалар бөлүнүп көбөйүшөт. Бул бөлүнүү учурунда жаңы клетка үчүн клетканын ядросунда жайгашкан ДНКнын да бир көчүрмөсүн алуу керек. Бул көчүрмөлөө учурунда укмуш  окуя болот.

ДНК 3 миллиард тамгадан турган, ал жандыкка тиешелүү бүт маалыматтарды сактаган укмуш чоң маалымат базасы болуп саналат. ДНКдагы маалыматтарды текстке айландырсак, жалпысынан 1 миллион беттен турган, болжол менен 1000 томдук энциклопедиянын сериясын алабыз. Ошондуктан ДНКны көчүрмөлөө 1 миллион беттик текстти же 1000 томдук энциклопедияны көчүрүүгө барабар.

Бул көчүрмөлөө процессинин канча убакытка созулаарын билесизби?

20 менен 80 мүнөт арасында.

Көңүл буруңуз, бул 1 миллион беттик тексттин 20 менен 80 мүнөт арасындагы бир убакытта, эч бир ката жана кемчилик кетирилбестен көчүрүлүшү деген мааниге келет. Бүгүнкү күндө эч бир ксерокөчүрмө аппараты же технологиялык каражат мынчалык кыска убакытта мынчалык маалыматты катасыз жана кемчиликсиз көчүрмөлөй албайт. Көңүл буруңуз, ДНКдагы маалыматтарды көчүрмөлөгөн технологиялык каражаттар эмес, көзгө да көрүнбөгөн клеткаларыбыз. Эми ойлонуп көрөлү...

Ар бир клетка бөлүнгөндө ДНКнын бир көчүрмөсүн алуу керек экенин ойлонгон, ДНКны эң ылдам жана эч кемчиликсиз көчүрмөлөгөн, кетирилген каталарды тездик менен оңдой турган системаны уюштурган күч, акыл, эрк жана илим кимге тиешелүү?

Мынчалык комплекстүү, кемчиликсиз жана катасыз бир тартипти кокустан пайда болгон деп айтуу эч бир акылга жана логикага сыйбайт. Ааламдагы бүт атомдорду жана керектүү бүт шарттарды бир жерге топтосоңуз да, ДНКны көчүрмөлөй турган системаны кокустан ала албайсыз.

Ачык көрүнүп тургандай, мынчалык кемчиликсиз бир системаны жараткан жана миллиондогон жылдан бери жаратып келе жаткан Зат – бул чексиз илимдүү, чексиз акылдуу жана чексиз кудуреттүү Аллах.

9

20-80 мүнөттүн ичинде 3 миллиард тамга, 1 миллион бет, 1000 томдук энциклопедияны толтура турган маалымат эч катасыз көчүрмөлөнөт.

ДНКнын кынтыксыздыгы эволюция теориясын жокко чыгарууда

Адамдын бир даана ДНК молекуласында бир миллион беттик маалымат болот. Бул маалыматтардын бары абдан тартиптүү тизилген. Эми ойлоп көрүңүз, миллиондогон тамганы туш келди бир көчөгө чачсак, бул чачылган тамгалардын бары бир макалага айланып, анан бул миллиондогон тамгалар гезитте жазылган тексттердей тексттерди пайда кылса, муну сокур кокустуктун натыйжасында болуп калды деп айтканга болобу? Дарвинисттик түшүнүк боюнча, мындай кереметтүү окуя кокустан болуп калышы мүмкүн.

Дарвинизм бүт дүйнөнүн элдерин шылдыңдаган, аларды жаш баланы алдагандай алдадым деп ойлогон бир идеология. «Кокустук» Кудайдын акылындай чагылдырылган бул көз карашта «кокустук» дүйнөдөгү бүт адамдардын акылынан да акылдуураак, укмуш бир генийдей көрсөтүлөт. Эволюционисттердин ою боюнча, миңдеген жылдан бери жашап өткөн канча адам бар болсо, баарынын мээсин, акылын, ойлонуу жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн, эс тутумун, дагы жүздөгөн жана миңдеген материалдык, руханий өзгөчөлүктөрүн калыптандырган «кокустук» аттуу бул «генийге» убакыт гана керек. Эгер кокустукка зат менен убакыт берип койсо, адамдарды, кумурскаларды, аттарды, жирафтарды, павлиндерди, көпөлөктөрдү, анжирди, зайтунду, апельсинди, шабдалыны, анарды, дарбызды, коонду, помидорду, бананды, жоогазынды, фиалканы, кулпунайды, орхидеяны, гүлдү жана оюңузга келген, келбеген жүздөгөн, миңдеген жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана ар кандай жандыктын баарын жасай алат. Албетте, мындай көз-караштардын бары сандырактык гана. Бүт нерсенин Жаратуучусу – Аллах.

10

http://barakelde.turmush.kg/news:276506

2016-02-06 23:28:55

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top