Клеткадагы жол кыймылдарын ким тартипке салат?

«Гольджи аппараты» бүт клеткаларда болот, жана жаңы синтезделген белокторду даярдоодо жана түрлөрүн тандап, бөлүштүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Клетканын ар кайсы бөлүктөрүндө жүргөн ар кандай түрдөгү белоктор клетканын бир бөлүгү болгон эндоплазмалык тордо (эндоплазмалык ретикулумда-ER) синтезделишет. Белоктор синтезделген соң бир канча мүнөттүн ичинде эндоплазмалык тордон чыгып Гольджи аппаратына барышат. Белоктордун өндүрүлгөн соң бул процесстерден өтүшүнүн өтө маанилүү себептери бар.

Гольджи аппаратында белоктор ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Мисалы, кээ бирлерине углевод, кээ бирлерине болсо сульфат, фосфат же май кислоталары кошулат. Мындай өзгөрүүлөр белоктордун түрүнө жана бара турган жерине жараша өзгөрөт.

Гольджи аппараты бул белокторду тазалап, түрүнө жана бара турган органына жараша бөлүштүрүп, пакеттейт. Пакеттерди да клетканын түрүнө жараша өзү жасайт. Бирок эндоплазмалык тордо синтезделген миңдеген белоктун биохимиялык иш-аракеттери бири-бирине аралашпашы үчүн бул процесстер өтө кылдат жасалып, белоктор бара турган жерине багытталышы керек. Клеткадагы бул жол кыймылын Гольджи аппараты жөнгө салат.

Бул кичинекей органеллдин жасаган ар бир иш-аракетинде абдан чоң бир акыл бар. Ага келген белокторду тааныйт, бөлүштүрөт, муктаждыктарын аныктайт, муктаждыкка жараша өндүрүш жасайт, аткара турган кызматтарын аныктайт, аларды пакеттейт жана ушундай интенсивдүү кыймылды эч башаламандык чыгарбай жөнгө салат. Клеткага жана клетканы түзгөн бөлүктөрдүн барына бул акылды, чечим алуу жана аны турмушка ашыруу жөндөмүн илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Аллах.

1

Клетканын ичиндеги уюштуруу адамдардын уюштуруусунан комплекстүүрөөк жана ийгиликтүүрөөк. Бир продукциянын заводдон чыгып колдонула турган жерге жеткенге чейин басып өткөн этаптары сымал этаптардан клеткада өндүрүлгөн бир белок да өтөт.

Боордун абдан чоң лаборатория экенин билесизби?

Акыркы технология менен жабдылган, эч кемчиликсиз бир лабораторияны «бул өзүнөн-өзү пайда болду» деп эч ким айта албайт. Бирок эволюционисттер боордогу теңдешсиз лаборатория комплексинин өзүнөн-өзү пайда болгонуна ишенишет жана бул көз карашты эч далили жок туруп жакташат. Себеби дарвинизм – адамдардын акылын тосуп салуучу бир сыйкыр жана негизсиз, жалган бир дин.

Бооруңуздун бир даана клеткасында 500 түрдүү химиялык процесс жасалат. Миллисекундалардын (секунданын миңден бири) ичинде кемчиликсиз этаптар менен ишке ашкан бул процесстердин көпчүлүгүн адамзат лаборатория шарттарында дагы эле туурай албай келүүдө. Боор клеткасы жеген азыктарыбыздын баарын клеткаларыбыз колдоно ала турган энергия булагы болгон кантка, башкача айтканда, глюкозага айландырат. Колдонулбаган кантты майга айландырып сактайт. Кант жок болгондо белоктор менен майларды кантка айландырып, клеткаларга берет.

Кыскасы, биз табитибиз тарткан ар кандай азыктарды жегенде, боор алардын барын денебиздин муктаждыгына жараша сарптайт, айландырат же сактайт. Жана алгачкы адамдан бери триллиондогон боор клеткалары дал ушундай аң-сезим жана билим менен эч жаңылбай, өз жумушун аткарып келүүдө.

2

1. Гликоген

2. Глюкоза

3. Май кислотасы

4. Глюкоза ичегиде сиңирилип боорго келет.

5. Ашкан бөлүгү гликогенге айландырылат.

6. Гликоген кампасы толгондо, глюкоза глицерин менен май кислотасына айландырылат.

7. Керек учурда гликоген кайра глюкозага айландырылат.

http://barakelde.turmush.kg/news:276609

2016-02-06 23:36:49

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top