Мехдийет (Мехдилик) жашырыла турган эмес, сүйүнчүлөнө турган окуя.

Мехдийет (Мехдилик) жашырыла турган эмес,

сүйүнчүлөнө турган окуя.
 

Бул китеп Харун Яхья (Аднан Октар) эмгектеринен пайдалануу менен даярдалды.


Мазмуну:

1.   Акыр заман (Кыямат) жана Мехди (а.с.) алааматтары;

2.   Мехди (а.с.) ким? Анын кызматтары эмне? Мехди (а.с.) жана Алтын доор.

3.   Хадистерде Мехдинин (а.с.) сырткы көрүнүшү.

4.   Жыйынтык

 

1.   АКЫР ЗАМАН (КЫЯМАТ) ЖАНА МЕХДИ (А.С.) АЛААМАТТАРЫ

Пайгамбарыбыз (С.А.В.) билдирген алааматтар бири-биринин артынан жана ал билдиргендей абалда биз жашап жаткан азыркы доордо ишке ашууда

Бул китепте токтоло турган хадистердин Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан айтылган сөздөр экендигин билүү оңой. Муну билүүнүн оңой жолу бар. Белгилүү болгондой, кыямат менен байланыштуу хадистер келечекте боло турган окуяларды баяндайт. Ошондуктан, белгилүү бир убакытта хадистин дал айтылгандай ишке ашышы бул сөздөрдүн булагы жөнүндөгү бардык шектерди жок кылат.

Мындай ыкма акыр заман жана кыямат алааматтары жөнүндө изилдөө жүргүзгөн көптөгөн Ислам алимдери тарабынан колдонулган. Бул теманын адистеринин бири Бедиүззаман Саид Нурси да акыр заман жөнүндөгү хадистердин учурда ишке ашкан жана көзгө көрүнгөн окуяларга дал келиши хадистердин чындык экендигин көрсөтөөрүн айткан. (Бедиүззаман Саид Нурси, Шуалар, 360-бет, Шабан Дөген, Мехди ве Дежжал, Стамбул, 1998, 15-бет)

Хадистерде билдирилген ишараттардын кээ бирлери 1400 жылдык Ислам тарыхынын кандайдыр бир доорунда, дүйнөнүн бир жеринде, кандайдыр бир өлчөмдө көрүнгөн болушу мүмкүн. Мындай абал ал доордун акыр заман экендигин көрсөтпөйт. Себеби, бир доордун акыр заман катары кабыл алынышы үчүн бардык кыямат алааматтарынын бир доордо, бири-биринин артынан ишке ашышы зарыл. Бир хадисте бул нерсе мындай баяндалат:

«Кыямат алааматтары бири-биринин артынан ишке ашат. Бир тизмедеги мончоктордун биринин артынан экинчисинин үзүлүшү сыяктуу.»(Рамуз-Эль Эхадис, 277/6; Жамиүс-Сагир, 3/167)

Аз. Мехдинин (а.с.) чыгуу алааматтары

Аз. Мехдинин чыгуу алааматтары менен байланыштуу Пайгамбарыбыздын (сав) көптөгөн хадистери бар. Бул хадистер көптөгөн чоң Ислам алимдеринин китептери аркылуу бизге берилген. Бул бөлүмдө бул хадистердин азыркы учур менен байланышы каралат. Бул хадистердин биз жашап жаткан учурдагы абал жана шарттарды ачык көрсөткөндүгүн жана кыска убакыттан бери бири-биринин артынан ишке ашкан кээ бир маанилүү окуяларды таң калыштуу абалда кабар бергендигин көрөбүз.

Аз. Мехдинин чыгышы жана кыямат алааматтары менен байланыштуу хадистердин ишке ашып жатышы белгилүү бир доорго ишаарат кылууда. Жана бардык алааматтардын Хижри 14 кылымдын башынан (1979-1980-жж.) бери катары менен ишке ашышы азыркы учурдун Аз. Мехдинин жер жүзүндө экендигин абдан ачык көрсөтүүдө. (Эң туурасын Аллах билет).

Бул жерден белгилей кетчү бир маанилүү жагдай бар. Аз. Мехди (ас), же Имам Махди эч кандай кан төкпөйт, эч кандай куралчан (кылыч, мылтык ж.б. менен) согуш кылбайт (төмөндө бул бойунча хадистер бар). Ал илим менен, билим менен, акыл менен Аллахтан баш тартуучу философиялар (Дарвинизм – материализм) жана башка жаңылыштыктарды талкалайт. Мээрим менен, сүйүү менен, таквалыгы (Аллахтан коркуусу) менен жана ушул сыяктуу эң жакшы сапаттары менен адамдардын жүрөгүн ээлейт. Дарвинизм менен мээримсиздик, өзүмчүлдүк (эгоизм) толгон дүйнөнү Мехди (ас) Аллахтын каалоосу менен сүйүүгө, мээримге, бир туугандыкка толтурат.

 

Аз. Мехдинин чыгуу алааматтары төмөнкүдөй:

1)       Аз. Мехдинин чыгуу алааматтарынын катары менен ишке ашышы

2)       Фитналардын (бузукулуктардын) көбөйүшү

3)       Аз. Мехди чыгаардан мурда абдан көп киши өлтүрүүлөрдүн болушу

4)       Дүйнөнүн бардык тарабында хаос жана каргашанын жайылышы

5)       Аялдар жана балдар да өлтүрүлгөн бузукулуктардын болушу

6)       Аз. Мехди жолдор кесилген бир доордо чыгат

7)       Мусулмандарга басымдын өсүшү

8)       Мечиттердин жыгылышы

9)       Арамдардын адал саналышы

10)     Аллахтан ачык түрдө баш тартуу (СубханАллах)

11)     Иран-Ирак согушу

12)     Афганистандын басып алынышы

13)     Чөлдө чөккөн армия Мехдинин чыгуу алааматтарынын бири

14)     Эфрат суусунун кесилиши

15)     Рамазанда (орозо учурунда) ай жана күн тутулуулары

16)     Куйруктуу жылдыздын чыгышы

17)     Кааба баскыны жана Каабада кан төгүлүшү

18)     Чыгыш тараптан бир оттун көрүнүшү

19)     Жалганчы пайгамбарлардын көбөйүшү

20)     Диндин жеке максаттарда колдонулушу

21)     Чоң жана таң калыштуу окуялардын ишке ашышы

22)     Күндөн бир алааматтын болушу
23)     Чоң шаарлардын жок болушу

24)     Жер титирөөлөрдүн көбөйүшү

25)     Башка алааматтар

 
 

1. Аз. Мехдинин чыгуу алааматтарынын катары менен ишке ашышы

 

Мен Эбу Абдуллах Хүсейин бин Алиге дедим «Бул иштен мурун алааматтар барбы?» - Мехдинин зухурун айтып жатат – Айтты «Ооба.» Мен айттым «Алар эмнелер?» Айтты: «Бени Аббастын кыйрашы, Сүфйандын чыгышы, Бейдада чөгүш.» Мен кайра «Бул иштин узакка созулушунан коркуп жатам» дедим. Айтты: «Бул иш тасбих мончоктору сыяктуу бири-биринин аркасынан ишке ашат.»

 (Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 34-бет)

Кыямат аламаттары бири-биринин артынан ишке ашат. Бир тизмектеги мончоктордун катары менен үзүлүшү сыяктуу.

(Рамуз-Эль хадис, 277/6; Жамиүс-Сагир, 3/167)

Абдан аянычтуу абалдар жана көрүнүштөр көрүнөт. Фитналар бири-биринин артынан уланат...

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 36-бет)

Бир фитна болот, муну башка фитналар ээрчийт...

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 26-бет)

 2) Фитналардын көбөйүшү
 

«Фитна» сөзү адамдардын дин бойунча сыноолору күчөгөн окуялар, чөйрө жана шарттарды түшүндүрөт. Адамдардын жашоо шарттары оордошкон, Аллах жана дин ар кандай жолдор менен жалганга чыгарылуу аркылуу адамдардын ыйманын алсыздандырууга, жок кылууга аракет кылынган күчтүү сыноо чөйрөлөрү Ислам булактарында фитна чөйрөсү деп аталат.

Төмөнкү хадис да Аз. Мехдинин чыгышынан мурун момундардын ыймандарынын алсызданаарын жана буга себеп боло турган окуяларды кабардайт:

Кыямат жакындашканда жана момундардын жүрөгү; өлүм, ачарчылык, фитналар, сүннөттөрдүн жоголушу, бидаттардын пайда болушу, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан тосуу мүмкүнчүлүктөрдүн жоголушу сыяктуу себептер менен алсызданган кезде менин урпактарымдан Мехди аркылуу Женабы Хак сүннөттөрдү ихйа кылат. Анын адилет жана берекети менен момундардын жүрөгү бейпил болот, Ажем (Арап эместер) жана Арап калкы арасында үлфет жана махабат орун алат.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 66-бет)

Маарибде (батышта) башаламандыктар, фитналар жана коркуу болот.Ачарчылык жана кымбатчылык абдан жайылат.

(Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр заман алааматтары, Имам Шарани, 440-бет)

Эч бир тараптын андан жашына албай турган бир фитна болот, бул фитна болгон жерден башка тарапка ылдам жайылат жана бул абал бир мүнадиндин асмандан добуш чыгарып: «Эй инсандар, мындан кийин амириңер Мехди» деп айтканга чейин уланат.

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 23-бет)

Хадисте айтылган бул фитна – материалисттик философия же эволюция теориясы. Эч кандай илимий жана логикалык таянычы жок, акыл жана логикага сыйбай турган бир «жомок» болгондугуна карабастан, күчтүү пропаганда, алдоолор жана көз бойомочулук ыкмалары менен бул алдамчылык дүйнө жүзүндө белгилүү материалисттик очоктор тарабынан жайылтылууга аракет жасалууда.

Бул калптар окуу китептеринде да орун алууда. Бүгүнкү күндөгү телевизор, маалымат каражаттары аркылуу ылдам, бүт үйлөргө, бардык адамдарга жетүүдө. Көптөгөн жалгандары жана көз бойомочулуктары аркылуу адамдар бала кезинен тарта кокустуктар натыйжасында пайда болгонун, маймылдан жаралганы сыяктуу күлкүмүштүү алдамчылыктар менен адамдарды жаңылтууда.

Хадисте Аз. Мехдинин келиши менен бул фитнанын токтой тургандыгы да айтылган.

 

3) Аз. Мехди чыгаардан мурда абдан көп киши өлтүрүүлөр болот

 

Ушул окуялар болмойунча, кыямат келбейт... Өлүмдөр жана киши өлтүрүүлөр жайылат...

(Жамиүс-Сагир, 3:211, Мүснед, 2:492, 4:391, 392)

Шаууальда согуш үндөрү, Зилхижжада согуш жана киши өлтүрүүлөр болот. Дагы Зилхижжеде ажылар тонолот, ал тургай көчөлөр кандан өтө албай турган абалга келет... Хержүмерж (кан төгүү) көбөйүү менен уланат.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 37-бет)

Минада көп өлүм боло турган бир согуш болот. Ал жерде таштарды кан көлүнө тумчуй турганчалык кан агат.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 31-бет)

Абдан кеңири таралган жана токтошу мүмкүн эмес сыяктуу бир фитна чыгат...

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 55-бет)

Минага түшүшкөндө, айланалары иттер курчагандай курчалып, уруулар бири-бирине кол салышы менен чоң согуштар болот. Буттар кан көлү ичинде калат...

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 35-бет)

Бул фитна жана балээлерден акыр замандагы технология (Аллахуалем, радио, телевизор, газета, интернет сыяктуу) аркылуу бүт адамдар кабардар болушат.

 
4) Дүйнөнүн бардык тарабында хаос жана каргашалардын жайылышы
 

Дүйнө херж-ү мерж* ичинде калганда, фитналар чыкканда, жолдор кесилгенде, кээ бирлери кээ бирлерине кол салганда, чоң кичинеге мээримдүүлүк көрсөтпөй, чоңго урмат көрсөтүлбөгөндө, Аллах бул учурда алардан душмандыктын тамырын казып, далалат дарбазаларын колго алат жана башында мен бутуну тургузган сыяктуу, акыр заманда динди бутуна тургузат, мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттүүлүккө толтура турган бирөөнү (Мехдини) жөнөтөт.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман)

 

* Херж-ү мерж: Инсандар арасында пайда болгон фитна, фесат (баш аламандык), оор, хаос, тартипсиз чөйрө.

 

Хадисте белгилүү бир жер эмес, бүт дүйнө айтылууда. Чындыгында, хадисте айтылгандай, бүгүнкү күндө дүйнөнүн беш материгинде ири каргашалар, согуштар, адам өлтүрүүлөр жана террор окуялары уланууда. Ар күнү жүздөгөн адамдар себепсиз өлтүрүлүүдө, мекендеринен чыгарылууда.

 

5) Аялдар жана балдар да өлтүрүлгөн бузукулуктардын болушу

 

Бул окуя учурунда бир аялдын өлтүрүлүшү – бир камчынын кыймылдатылышы сыяктуу жеңил. Бул окуя Мединадан жыйырма төрт мильге чейин жайылат. Андан кийин Аз. Мехдиге баш ийилет.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 34-бет)

Күнөөсүз адамдар өлтүрүлбөстөн, Мехди чыкпайт...

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 35-бет)

Бул фитналардын эң акыркысы күнөөсүз инсандардын өлтүрүлүшү, ошол учурда гана андан баары ыраазы боло турган аракеттерди жасоочу Аз. Мехди чыгат.

 (Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 38-бет)

Күнөөсүз инсандар өлтүрүлгөнгө чейин Мехди чыкпайт жана киши өлтүрүүлөргө жерде жана асмандагылар чыдай албай калган кезде чыгат...

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 37-бет)

Апа, ата, кыз, эркек баарын өлтүрүшөт жана Ажем жана Ирак шаарларын басып алуу менен үммөткө ачуу азап таттырышат. Булардын арасында фитна, зулумдук, жок кылуу жана качуулар болот.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 36-бет)

 
6) Аз. Мехди жолдор кесилген (тосулган) бир доордо чыгат
 
Соода жана жолдор кесилген жана фитналар көбөйгөндө...

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 39-40-бет)

Дүйнө херж-ү мерж ичинде калганда, фитналар чыкканда, жолдор кесилгенде...

(Кыямат-Акырет жана Акыр Заман Алааматтары, 454-бет)

 
7) Мусулмандарга басымдын күчөшү
 

Руку жана сежде кылгандардын баары жазаландырат. Зулумдук, бузукулук (фесат) жана фыск чыгарат. Алим жана захиддерди өлтүрөт, көп шаарды басып алат. Кан төгүүнү адал кылып, Ал-и Мухаммедке душмандык кылат...

 (Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 37-бет)

Менден кийин халифалар болот. Халифалардан кийин амирлер (өкүмдарлар), амирлерден кийин залим башкаруучулар келет. Эң аягында Эхли Бейтимден бирөө чыгат.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 84-бет)

Ал өлтүрүүчү залим башкаруучулар себебинен бул үммөткө оор. Бул залимдер аларга баш ийгендерден башкасын, унчукпагандарды да коркутушат...

(Эбу Нуаймдан; Суйути, C. II, 64-бет)

Бул жерде Мусулмандардын үчтө бири өлтүрүлөт...

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 73-бет)

 
8) Мечиттердин жыгылышы
 

Сүфйани кургак бир өрөөндөн чыгат. Келп кабилесинен (уруусунан) кебетеси супсак, катуу жүрөктүү адамдардан бир армия курайт жана алар бардык тарапка зулумдук кылышат. Ал медресе жана мечиттерди кулатат, руку жана сежде кылгандардын баарын жазалайт.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 35-бет)

 
9) Арамдардын адал кабыл алынышы
 

Бүгүнкү күндө сойкулук, кумар, аракечтик, пайыз, паракорчулук сыяктуу көптөгөн аракеттер арам болгонуна карабастан, көптөгөн адамдар тарабынан жасалууда.

Бир фитна чыгат, муну башка фитналар ээрчийт жана алгачкылар кийинкилердин кылыч менен согушка кайтышын камчылайт жана мындан кийин бардык арамдар адал кабыл алына турган бир фитна келет. Андан кийин халифат жер жүзүнүн эң боорукери (хайырлысы) болгон Мехдиге үйүндө отурганда келет.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 26-бет)

Күфүр бардык тарапты каптап, хүкмү жамийат ичинде ачык жасалгангачейин Мехди чыкпайт. Бул учурда болгон нерсе күфүрдүн жайылышы. Анын күчү.

 (Мектубат-ы Раббани, 2-259)

Аз. Мехди бардык арамдар адал саналган чоң бир фитнадан кийин чыгат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 23-бет)

 

10) Аллахтан ачык түрдө баш тартуу (СубханАллах)

 

Жалпы журтка жана апачык Аллах Тааладан баш тартылганга чейин Аз.Мехди (а.с.) келбейт.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 27-бет)

Бүгүнкү күндө бул абал ушунчалык ачык даражага келгендиктен, Аллахтан баш тарткандар калп «модерн жана заманбап» аталып, урматталууда, элдер буга багытталууда.

 
11) Иран-Ирак согушу
 

Шавваль айында көтөрүлүш, Зилкадеде согуш сөздөрү, Зилхижжада болсо согуш болот.

 (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 166-бет)
 

Хадисте айтылган Шавваль, Зилкаде жана Зилхижже айлары Иран-Ирак согушунун баскычтарынын даталарына туура келүүдө:

Шавваль айында көтөрүлүш...

Иран Шахына биринчи көтөрүлүш 5 Шавваль 1398 (1976-ж. 8-сентябрь) болгон.

Зилкадеде согуш сөздөрү, Зилхижжада болсо согуш болот.

Хижри 1400 Зилхижже (1980 октябрь) айында Иран-Ирак арасындагы согуш чындап башталган.

«Фарис» тараптан келе турган бир коом мындай дейт: «Эй Араптар! Силер көп фанатизмге кеттиңер! Силер буларга керектүү деңгээлде укук бербесеңер, силер менен эч ким достук курбайт... Бир күн аларга жана бир күн силерге берилсин, жана келишим аткарылсын...» Алар «Мутык»ка чыгышат, Мусулмандар ал жерден төмөн «Йазы»га түшүшөт... Мушриктер берки тараптагы (Ракабе) аттуу бир капкара болгон дарыянын жээгине токтошот... Араларында согуш болот: Эки топтон да Аллах жеңишти алып койот...

(Кыямат Алааматтары, Берзенжи, 179-бет)

-«Фарис» тараптан келе турган: Иран тараптан келе турган

- Фарис: Иран - Ирандык (Чоң Лугат)

- «Йазы»га түшүшөт: Өрөөн – Ирак өрөөнү

- Мутык: Ошол чөйрөдөгү бир тоонун аты.

- Ракабе: Нефть скважинасы көп өрөөн.

«Эй Араптар! Силер көп фанатизмге кеттиңер! Силер буларга керектүү деңгээлде укук бербесеңер, силер менен эч ким достук курбайт...»

Хадистин бул бөлүгүндө эки тарап арасында ашыкча улутчулдуктан чыккан бир түшүнбөстүк болооруна көңүл бурулууда.

Эки топтон да Аллах жеңишти алып койот...

Иран-Ирак согушу 8 жылга созулуп, миңдеген адам өлгөн, бир натыйжа чыккан эмес. Эки тарап тең жеңе алган эмес.

 
12) Афганистандын басып алынышы
 

Таликанга (Афганистанга) жаман болду. Шек жок, Аллах Тааланын ал жерде алтын жана күмүштөн эмес казыналары бар. Ал жерде Аллахты чындап, керектүү деңгээлде билген инсандар бар. Алар акыр заман Мехдисинин жардамчылары.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 59-бет)

Таликанга (Афганистанга) жаман болду...

Хадисте Афганистандын Аз.Мехди доорунда басып алынаарына ишарат болушу мүмкүн. Чындап эле, орустар Афганистанды басып алган 1979-жылы Хижри 1400-жылга, б.а. Хижри 14-кылмдын башына туура келет. Белгилүү болгондой, хадистерде Аз.Мехдинин кылымдын башында чыгаары айтылган. Аз. Мехди менен байланыштуу башка көптөгөн алааматтардын да Хижри 1400 жана Хижри 14-кылымдын баштарына туура келиши Аз.Мехдинин чыгышы жөнүндө маанилүү бир ишарат берет.

ал жерде алтын жана күмүштөн эмес казыналар бар...

Афганистанда али иштетиле элек нефть, темир жана көмүр кендери бар экендиги аныкталган.

 

13) Чөлдө чөккөн армия Мехдинин чыгуу алааматтарынын бири

 

Бирок, бул армия чөлгө киргенде, Зулхүлейфе аттуу жерде ушунчалык топуракка көмүлөт, алардын үстүндөгүлөр астындагыларды, астындагылар үстүндөгүлөрдү кыяматка чейин көрө албайт.

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 21-бет)

...Сириядан башка бир армия да ага каршы жөнөтүлөт, бирок бул армия чөлдө жерге чөгүп кетет.

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 22-бет)

Чыгуу алааматтарынын бири, мурда айтылгандай, чөлдө бир армиянын жерге чөгүшү.

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 37-бет)

Ай жарык болгон бир түнү чөлдө бараткан бир армияны көргөн бир чабан «Меккеге жаман болот, баштарына мүшкүл келатат» сыяктуу сүйлөнүп жатканда, армиянын бир заматта жок болгонун көрөт.

«СүбханАллах» дейт, «Кандай кыска убакытта жок болушту?» Төмөн барып, караганда болсо, жарымы жердин түбүндө, жарымы жердин бетинде болгон бир жуурканды байкайт, аны чыгарганга аракет кылат, эч чыгара албагандан кийин, ал көргөн армиянын топуракка чөгүп кеткендигин түшүнөт...

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 39-бет)

Ирак баскынында бир армия чөлдө жоголуп кеткен.
 
14) Эфрат суусунун токтотулушу
 

Мехдинин алааматтарынан: Эфрат суусунун токтотулушу.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 39-бет)

Кебан суу сактагычы курулуу менен Эфрат дарыясынын суусу токтотулган.

 
15) Рамазан айында ай жана күн тутулушу
 

Мехди үчүн 2 алаамат бар, алардын биринчиси – Рамазандын биринчи түнүндө Айдын, экинчиси болсо– ортосунда Күндүн тутулушу.

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 49-бет)

Рамазандын биринчи түнүндө Ай, ортосунда Күн тутулат.
(Кыямат алааматтары, Берзенжи, 199-бет)

Анын салтанаты учурунда, Рамазан айынын он төртүндө Күн тутулат, ал айдын биринде болсо Ай карарат...

(Мектубат-ы Раббани, 2/1163)

... Күндүн орозо айынын ортосунда, Айдын болсо аягында тутулушу...

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 38-бет)

Рамазанда эки жолу Ай тутулушу болот.

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 53-бет)

Мехдинин келиши Рамазан айында Айдын эки жолу тутулушуна себеп болот.

 (Кыямат алааматтары, 200-бет)

Мехди чыгаардан мурда бир Рамазан ичинде Күн эки жолу тутулат.

(Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр Заман Алааматтары, Шарани, 440-бет)

Бул риваяттардын орток жери төмөнкүдөй:

1. Рамазан айында Ай жана Күн тутулуулар болот.

2. Бул тутулуулар 14-15 күн аралык менен болот.

3. Бул тутулуулар эки жолу кайталанат.

Ушундай негизде 1981-жылы (Хижри 1401-жылы) Рамазан айынын 15-күнү Ай, 29-күнү Күн тутулган. Ошондой эле, «экинчи жолу» 1982-жылы (Хижри 1402-жылы) Рамазан айынын 14-күнү Ай, 28-күнү Күн тутулган.

Ошондой эле, бул окуяда Айдын Рамазандын дал ортосунда АЙ ТОЛГОН кезде тутулушу жана көңүл бура турган бир алаамат болуп ишке ашышы да абдан маанилүү.

Бул окуялардын Аз. Мехдинин башка чыгуу алааматтары менен бир убакта ишке ашышы жана Хижри 14-кылымдын башында, катары менен эки жыл (1401-1402-жж.) таң калыштуу абалда кайталанышы риваяттардын ишаратынын ушул экендигине күчтүү далил сунат.

 
16) Куйруктуу жылдыздын чыгышы
 

Мехдинин чыгышынан мурун (бардык тарапты) жарык кылган куйруктуу бир жылдыз чыгат.

 (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 200-бет)

Ал келээрден мурда чыгыштан жарык чачкан бир куйруктуу жылдыз көрүнөт.

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 53-бет)

Ал жылдыздын чыгышы Күн жана Ай тутулушунан кийин болот.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 32-бет)

 

Хадисте айтылган сыяктуу:

- 1986-жылы (Хижри 1406-жылы), б.а. 14-кылым баштарында «Галилей» куйруктуу жылдызы Дүйнөбүздүн жакынынан өткөн. Бул куйруктуу жылдыз – жаркыраган, жарык чачкан бир жылдыз.

- Кыймыл багыты чыгыштан батышты көздөй.

- 1981 жана 1982-жылдары (1401-1402) болгон Ай жана Күн тутулууларынан кийин ишке ашкан.

 

17) Каабага чабуул жана Каабада кан төгүлүшү

 

Ал чыга турган жылыинсандар ажылыкка баштарында бир амир жок барышат. Баары чогуу Бейт-и Шерифти таваф кылышат, андан соң Минага түшүшкөндө, иттер сыяктуу бири-бирине чабуул койушат, ажылар тонолот,кандар Акабе Жемресинин үстүнө агат.

 (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 169-бет)

Инсандар башында бир имам болбостон ажылык кылышат. Минага түшүшкөндө айланалары иттер курчагандай курчалып, уруулардын (кабиле) бири-бирине кол салышы менен чоң уруштар болот. Буттар кан көлү ичинде калат.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 35-бет)

 

«Ал чыга турган жыл» сүйлөмү Аз.Мехдинин чыга турган жылы Ажылык учурунда боло турган киши өлтүрүүлөр жөнүндө баяндайт. 1979-жылы ажылык учурунда дал ушундай окуя болгон. Мехдинин башка алааматтары чыга турган учурдун башында, б.а. Хижри 1400-жылдын биринчи күнү 1 Мухаррем 1400-жылы (21-ноябрь 1979-жыл) бул окуя болгон.

Бул окуяда Сауд аскерлери менен кол салган милитандар арасында болгон урушта 30 киши өлгөн.

7 жылдан кийин Хижри 1407-жылы да ажылык убагында ажыларга кол салынып, 402 киши өлгөн, көп кан төгүлгөн. Бейт-үл Муаззаманын жанында Мусулмандардын (Сауд Арабия аскерлери менен Ирандык ажылар) бири-бирин өлтүрүшү менен чоң күнөөлөр жасалган, арам иш жасалган.

 
18) Чыгыш тараптан бир оттун көрүнүшү
 

«Икдиддурер» аттуу китепте Мехдинин чыгуу алааматтары жөнүндө айтылат:

Чыгышта, асманда үч түн көрүнгөн чоң бир оттун чыгышы. Көнүмүш (мутад) күн чыгышы сыяктуу болбогон бир кызылдын асманда көрүнүп горизонтто жайылышы.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 32-бет)

Чыгыштан үч же жети күн катары менен чоң бир от чыгат, асманда караңгылык болот, асманда көнүмүш кызыл эмес бапбашка бир кызыл таркалат. Жер жүзү түшүнө турган бир тил менен кайрылат (нида этилет).

(Кыямат алааматтары, Берзенжи, 166-бет)

Эбу Жафер б. Мухаммед б. Али (р.а.)дан риваят кылынды. Силер үч же жети күн чыгыштан бир от көргөн учурда Ал-и Мухаммеддин чыгышын күтүңүздөр, иншаАллах-ү Таала, бир мүнади Мехдинин ысмы менен асмандан кайрылат (нида кылат), чыгышта батышта болгондун баары бул үндү угат. Коркуудан уктап жаткан ойгонот, бутунда турган чөгөлөйт, отурган болсо ыргып турат.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 32-бет)

Ант ичем, бир от силерди курчайт. Ал от бүгүн Берехут деген өрөөндө өчүк абалда. Ал от ичинде күчтүү азап бар абалда инсандарды курчайт. Ал от инсандарды, малдарды өрттөп түгөтөт. Сегиз күн ичинде шамал менен булут сыяктуу учуп дүйнөнүн бардык тарабына жайылат. Түндөгү ысыгы күндүзгү ысыгындан күчтүү. Ал от инсандардын башынын үстүнөн арштын астына чейин жакындашып, жер жүзү менен көк жүзү арасында чагылган сыяктуу коркунучтуу добушу болот, деп айтты.

 (Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр Заман Алааматтары, 461-бет)

(Кыямат Алааматтары, Берзенжи 289-бет)

1991-жылы июль айында Ирак Кувейтти басып алгандан кийин Кувейтке тиешелүү нефть скважиналарын атышы натыйжасында Кувейт жана Басра булуңун чоң от курчаган.

1979-жылы Стамбулда Индепендент аттуу нефть ташыган кеме күйүп кеткен. Бул окуя Аз. Мехди (ас)дын Стамбулга келгендигин кабардаган болушу ыктымал. (Аллахуалем).

 
19) Жалганчы пайгамбарлардын көбөйүшү
 

Акыркы убактарда өзүн Аз. Исамын деген абдан көп киши чыгууда.

Ар бири өзүн Аллахтын Пайгамбарымын деп атаган отузга жакын жалганчы жөнөтүлгөнгө чейин кыямат келбейт.

 (Тирмизи, Фитен 43; Эбу Давуд, Мелахим 16)

Ар бири өзүн Жалгыз Мабуд (сыйынылуучу зат) болгон Аллахтан пайгамбар катары жөнөтүлдүм деп айткан алтымыш жалганчынын чыгышы.

 (Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 36-бет)

 
20) Диндин жеке максатта колдонулушу
 

Алимдер илимди акча табуу үчүн гана үйрөнгөндө...динди дүйнө (мал-мүлк) үчүн сатканда...өкүмдү (чечимди) сатышканда... кыямат жакындашкан болот.

(Өлүм, Кыямат жана Тирилүү, 480-бет)

Акыр заманда ушундай адамдар чыгышат, алар диндерин дүйнөлүк максатта сатышат.

(Тирмизи, Зүхд, 60)

Ким Куран окуса (сыйлыгын) Аллахтан сурасын. Себеби акыркы замандарда Куран окуп (сыйлыгын) адамдардан сураган бир топ адамдар чыгат.

(Акыркы Замандар менен байланыштуу хадистер, 9-бет)

 

21) Чоң окуялар жана таң калыштуу нерселердин болушу

 

Анын учурунда чоң окуялар болот.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 27-бет)

Анын заманында канчалаган таң калыштуу окуялар болот.

(Мектубат-ы Раббани, 2/258)

Анын чыгуу мебделери жана мукаддимелери (чыгуу алааматтары) Расулуллах Мырзабыздын ирхасатына* окшош.

 (Мектубат-ы Раббани, 2/258)
 

* Ирхасат: Аз. Мухаммед (сав)дин пайгамбарлыгынан мурда ишке ашкан таң калыштуу окуялар, булар анын пайгамбарлыгын далилдеген окуялар.

 

Аз. Мухаммед (сав)дин төрөлгөндөн мурун чоң жана таң калыштуу окуялар болгон. Ал туулган түнү жаңы бир жылдыз пайда болгон, отко сыйынган Иран Падышаларынын сарайынын 14 мунарасы жыгылган, Иранда 1000 жылдан бери күйүп турган Межуси оту өчкөн, Семави Өрөөнүн сел баскан, Саве Көлү куруп калган.

Жогорудагы риваятта ишарат кылынгандай, Аз. Мехдинин чыгышы да Пайгамбар Мырзабыздыкына окшошот. Анын чыгышында да чоң, таң калыштуу окуялар болот.

Риваяттардын ишараты бойунча Аз. Мехди чыга турган жыл болгон Хижри 1400-жылдын (1979-жыл) баштарында болгон чоң окуялар:

-        Каабага чабуул болду жана көптөгөн Мусулмандын каны төгүлдү.

- 2500 жылдык Иран шахтыгы жыгылды жана Иран Шахы Рыза Пехлеви өлдү.

- Индиянын Бомбей шаарында заводдон чыккан газ 20000 адамдын өлүмүнө себепчи болду.

- Эки Мусулман өлкө болгон Иран жана Ирак арасында 8 жыл боло турган бир согуш башталды.

- Орустар Афганистанды басып алды.

- Мехико шаары күчтүү бир жер титирөө натыйжасында кыйрады.

-        Түндүк Колумбиядагы Невада Дел Руиз вулканы 400 жылдан бери биринчи жолу атылды. Эриген кар жана муздан пайда болгон ылай себебинен Армеро шаары картадан жоголду. 20000 адам өлдү.

- Бангладештеги сел 25000 адамдын өлүмүнө себеп болду.

-        Христиандыктын борбору Римди суу басты.

-        1986-жылы Кытайда тарыхтын эң ири токой өртү болду.

- Индия Президенти Ганди, Египет Президенти Энвер Седат, Швеция Премьер-министри Олоф Палме өлтүрүлдү.

-        Папа II. Жан Поль атылды.

-        1980-жылдын башында алгачкы жолу СПИД аныкталды. Бүгүнкү күнгө чейин он миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген бул оору «Доордун Чумасы» деп аталды. СПИД 1960-жылдары Америкада башталган жана ар кандай жыныстык эркиндикти алып келген «Секс Революциясын» токтотту.

-        1986-жылы космос ракетасы Challenger учурулгандан кийин жарылып кетти.

- 1986-жылы 26-апрельде Украинадагы Чернобль Атомдук Станциясында буга чейин байкалган эң ири атомдук авария болду. Көптөгөн Европа өлкөсү радиацияга кабылды.

-        Озон катмарынын тешилиши Дүйнө климатына көптөгөн тескери таасирлер берди.

-        СССР кулады жана көз-карандысыз өлкөлөр түзүлдү.

-        Корфез согушу башталды.

-        Армениядагы жер титирөө натыйжасында жер кабырга айланды. 500000 адам үйүн таштады, 40000ден ашык өлдү.

-        1989-жылы Кытайда комунисттик топ танкалар менен студенттерди тебеледи. Тиананмен майданында 2000 студент өлдү.

-        Кансыз согуштун символу болгон Берлин дубалы курулгандан 28 жылдан кийин жыгылды.

- 1990-жылы Каабадагы тунельде түртүшүүдө 1400дөн ашык ажы көз жумду.

-        1991-жылы Бангладеште болгон селдер натыйжасында 120000ден ашык адам өлдү, миллиондогон адам үйсүз калды.

-        Босниа жана Косоводогу кыргында жүз миңдеген Мусулман өлтүрүлдү жана жүз миңдегени жеринен куулду.

-        Эбола вирусу он миңдеген адамдын өлүмүнө себеп болду.

-        Эль Нино бүт дүйнө өлкөлөрүнө чоң балакеттер алып келди.

 
22) Күндөн бир алаамат байкалышы
 

Мехди Күндөн бир алаамат байкалганга чейин келбейт.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 49-бет)

Күн бир алаамат катары чыкканга чейинМехди чыкпайт.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман,33-бет)

Күндө мындай чоң бир жарылуу окуясы алгачкы жолу ушул кылымдарда болду.

Күн тутулушу

1999-жылы 11-августта ишке ашкан Күн тутулушу кылымдын акыркы толук күн тутулушу болгон. Мынчалык көп ишараттын чогуу жана кыска убакыт ичинде катары менен болушу кокустук эмес. Бул ишараттар ыйман келтирген кулдар үчүн мүжде (сүйүнчү).

 
23) Чоң шаарлардын жок болушу
 

Чоң шаарлар эч болбогон сыяктуу жок болот.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 38-бет)

 

Көптөгөн чоң шаарлар ушул кылымда (Хижри 1300-1400) жок болгон же ири кыйроого учураган. Американын 1945-жылы Хиросима жана Нагасакиге таштаган атом бомбасы шаарларды толук кыйраткан.

Аллах Куранда өтмүштөгү көптөгөн коомдун ар кандай жол менен кыйратылгандыгын аяттарда мындайча баяндайт:

 

Эми сен алар курган тузактарынын жыйынтыгына бир кара; Биз аларды жана коомдорун тобу менен жер менен жексен кылдык. Зулумдук кылгандыктары үчүн талкаланган эч ким жашабаган үйлөрү мына. Шек жок билген бир коом үчүн мында бир аят (белги) бар. (Немл Сүрөсү, 51-52)

 

Мына өлкөлөр (жана алардын калктары), зулумдук кылышканда аларды кыйраттык; жана кыйроолору үчүн бир жолугуу убактысын белгиледик. (Кехф Сүрөсү, 59)

Биз канчалаган өлкөлөрдү кыйроого дуушар кылдык. Түнкүсүн уктап жатышканда же күндүз эс алып жатышканда Биздин оор азабыбыз алага келе калды. (Араф Сүрөсү, 4)

 

Ушул кылымдарда болгон согуштарда көптөгөн шаарлар (Берлин, Гамбург, Варшава, Ленинград, Лондон...) толугу менен кыйраган.

 
24) Жер тирирөөлөрдүн көбөйүшү
 

…Жер титирөөлөр көбөймөйүнчө,фитналар ачык болмойунча, кылмыштар көбөймөйүнчө кыямат келбейт.

(Кыямат алааматтары, 109-бет)
 

20-кылымда абдан көп жер титирөө болду.

«Үммөтүмө зилзалалар болот. Бул зилзалаларда он миң, жыйырма миң, отуз миң адам өлөт.Аллах бул өлүмдү муттакилерге (такваларга) кеңеш, каапырларга болсо азап кылат.»

(Ибни Асакыр, Келечектин Тарыхы 1, Орхан Байтан, 81-бет)

Илим жоголмойунча, жер титирөөлөр көбөймөйүнчө, убакыт кыскармайынча, фитналар ачык болмойунча, кылмыштар көбөймөйүнчө кыямат болбойт.

 (Бухари, Ибни Маже, Кыямат алааматтары,108-бет)

 

Ирак согушу (2003-жыл) Аз.Мехдинин алааматыбы?

 

«Аз. Мехдинин беш алааматы бар. Булар Сүфйани, Йемани, асмандан бир сайха, Бейдада бир армиянын чөгүшү, жана күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү.» 

(Наим Бин Хаммад)

«Ирактыктардын колунда өлчөй турган бир куралы жана соода кыла турган бир акча дээрлик жок калат.»

(Кензул Уммал, Китаб-ул кыйаме, кысм-ул ефал. 5-том, 45-бет. Эль Муттаки)

Акыр заманда Багдад оттор менен жок кылынат...

(Рисалетүл Хуруж үл Мехди, 3-том, 177-бет, 854)

Эбу Надре (р.а.) айтты; Жабир (р.а.)нын жанында элек, ал мындай деди: «Ушундай бир заман жакындашып келатат, Ирак жашоочуларына бир ылай (глина), бир дирхам (акча) берилбейт». Айттык: «Буга ким себепкер болот?» Айтты: «Ажемлер (Араб эместер) буга тоскоол болушат.» Анан айтты: «Сирия жашоочуларына бир динар, бир глина берилбейт.» «Бул ким себептүү болот» дедик. «Румдар себептүү» деди.

(Эт-Таж, Али Насыф ель-Хүсейни)
Бул Ирак жана Сирияга коюлган эмбаргого ишарат кылууда.

Расулуллах (сав)дин айтышы бойунча, Ирак калкы үч бөлүккө бөлүнөт. Бир бөлүгү тоноочуларга кошулат. Бир бөлүгү үй-бүлөлөрүн артка таштап качышат. Бир бөлүгү согушуп, өлтүрүлүшөт. Силер буларды көргөндө кыяматка даярдангыла.

(Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар)

Күфе калкы үч бөлүккө бөлүнөт: Бир бөлүгү Сүфйандын армиясына кошулат. Алар Жанаб-ы Хакк жараткан эң жаман адамдар. Бир бөлүгү алар менен согушат, алар Жанаб-ы Хакктын ардактуу кулдары. Бир бөлүгү талоончуларга кошулушат, алар күнөөкөрлөр.

(Эн-Нежмус Сакыб Фи Бейаны Эннел Мехди Мин Эвлады Али Б. Эби Талиб)

 
 
25) Башка алааматтар
 

Акыр заманда динге кызмат кылуудан акча талап кылган жасалма дин аалымдары чыгат

 

Адамдарга ушундай бир заман келет, карапайым калк Куран окуйт, ибадатка багытталышат, (бирок) бидат (диндеги негизсиз кошумчалар) эхли (адамдары) менен алектенишет, сезбеген абалда ширкке кабылышат. Сөз жана илимдери аркылуу ырыскы алышат, динди курал кылуу менен дүйнө топтошот. Бир көзү көр дажжальдин жардамчылары ушулар.

(Рамуз-ул Эхадис, Хадис 6255)

Үммөтүмдөн башында чалмасы бар жетимиш миң алим киши дажжальга баш ийет (ээрчийт).

(Имам Ахмед Бин Ханбел, Мүснед, 796-бет)

Чыгыштан чачтары кырылган (таз) коомдор чыгат, тилдери менен Куран окушат, (бирок) тамактарынан ылдый өтпөйт. Алар динден, жаадан ок чыккан сыяктуу чыгышат.

(Рамуз-ул Эхадис, Хадис №6294)
 
Азербайжанда согуш
 

«Азербайжандан сөзсүз бир от чыгат. Жана эч нерсе аны токтото албайт. Бул болгондо үйүңөрдө отургула...»

(Шейх Мухаммед б. Ибрахим-и Нумани, Гайбет-и Нумани, 311-бет)

Азербайжанга тиешелүү Тоолуу Карабаг жери 1988-жылы армяндар тарабынан басып алынуу менен бул хадис да Хижри 1400дө ишке ашты.

 

Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын бири акыр заманда чоң бир экономикалык кризистин болушу

 

Хадисте адамдардын «аз киреше, товарлардын өтпөй калышы, иштердин артка кетиши» сыяктуу экономикалык кыйынчылыкка кирээри кабар берилген.

Бардык адамдардын аз кирешеден арызданышы... Байлыгы үчүн байларга урмат көрсөтүлүшү...

(Кыямат алааматтары, 146-бет)

Соода жүрбөшү, кирешелердин азайышы...

(Кыямат алааматтары, 148-бет)

Иштердин начар болушу. Бардык адамдар «сата албай жатам, ала албай жатам, акча таппай жатам!» деп арызданышат.

(Кыямат алааматтары, 152-бет)

Азыркы учурда бүт дүйнөдө АКШ, Кытай, Германия сыяктуу ири экономикалар да катуу таасирленген ири кризис өкүм сүрүүдө.

 
 

Мехди (ас) ушул кылымда (Хижри 1400, б.а., 1979-80-жж) келет

 

«Менин үммөтүмдүн өмүрү 1500 жылдан көп ашпайт.»

(Суйути, эль-Кешфу ан Мүжавезети Хазихил Үммети эль-Элфу, эль-хави лил Фетави, Суйути. 2/248, тефсири Рухул Бейан. Бурсеви. (Арап тилинде) 4/262, Ахмед бин Ханбел, Китабул-Илел, 89-бет.)

«Бул үммөттүн өмүрү миң (1000) жылдан ашат, бирок миң беш жүз (1500) жылдан ашпайт.»

(Эль Берзенжи, Кыямат алааматтары, Стамбул, 2002, 299-бет).

Энес Маликтен укканын баяндайт. Ал айтты, Расулуллах (сав) буйурду: Дүйнөнүн өмүрү акырет күндөрүнөн жети күн. Аллаху Таала буйурду: Раббиң кабатында бир күн силер санаган миң жыл сыяктуу.

Энес бин Маликден: Расулуллах (сав) буйурду: «Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда муктаждыгына жардам берсе, Аллах ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн ибадат менен өткөргөнчөлүк ушул дүйнөнүн жети миң жылдык өмүрү бойунча сооп жазат.»

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 88-бет)

Ханбели Мезхебинин куруучусу Ахмет Ибни Ханбелдин эмгегинде орун алган жана Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте болсо, Пайгамбарыбыз (сав)га чейин Дүйнө өмүрүнөн 5600 жыл өткөндүгү билдирилген. 7000 – 5600 = 1400, демек Пайгамбарыбыз (сав) Хижри 14-кылымда Аз. Мехди (ас)дын чыгаарына ишарат кылган. Бул башка хадистерге да дал келет.

Ахмет Ибни Ханбел илелинде (хадисти) жеткирди. Дүйнөдөн беш миң алты жүз (5600) жыл өткөн.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 89-бет)

Эбу Хүрейренин риваяты бойунча, Расулуллах (сав) мындай дейт: Чындыгында Азиз жана Желил болгон Аллах АР БИР КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА бул үммөттүн динин бидаттан тазалай турган, жаңылай турган (илимдүү) бир ЗАТТЫ жөнөтөт.

(Сүнен-и Эбу Давуд, 5/100)

АР БИР КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА бул үммөттүн уламалары арасынан бир мүжеддид келет жана шариятты (Куран ахлагынын негиздерин жана Пайгамбарыбыз (сав)дин сүннөтүн) жаңылайт (кайрадан жандандырат).

(Мектубат-ы Раббани, 1/520)

Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде Хижри 1400дө Аз. Мехди (ас)дын чыгаарын мындай кабар берген: «Адамдар 1400-жылы Аз. Мехди (ас)дын жанында чогулушат.»

(Рисалетүл Хуруж-үл Мехди, 108-бет)

«Азыр эске келди, эгер шедделүү «ламдар» жана «мимдер» экиден саналса, мындан бир кылымдан кийин зулумдукту тарката турган заттар болсо, Азрети Мехди (ас)дын шакирттери (окуучулары) болушу мүмкүн.»

(Бедиүззаман Саид Нурси, Шуалар, 605-бет).

Имам Раббани Азиреттери болсо Мектубатында Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав) бул дүйнөдөн өткөндөн 1000 жылдан кийин келээрин билдирген: Куран өкүмдөрүнүн күчтөндүрүлүшү, калкты жаңылашы бул ЭКИНЧИ МИҢ ЖЫЛДЫКТА. Мунун чындык экендигине адил күбө: Аз. Исанын (ас), Аз. Мехди (ас)дын бул миң жылдыкта келиши.

(Мектубат-ы Раббани, 1-том, 611-бет)

Бедиүззаман Саид Нурси эмгегинде далилдүү эсептерге (эбжед эсебине) таянуу менен КЫЯМАТТЫН Хижри 1545-жылдарга (2120-жылдарга) туура келээрин (Аллахуалем) айткан.

(Кастамону Лахикасы, 33-бет)

Демек, Хижри 1400-1500-жылдар арасында Аз. Мехди (ас) жана Аз. Иса (ас) келет, жана Ислам дүйнөгө өкүмчүлүк жүргүзүп, «Алтын доор» болмокчу (Аллахтын буйругу менен).

 

Мүйүзгө окшош эки-куйруктуу жылдыздын чыгышы

 

Асхаб берген кабар бойунча, Расулуллах (сав) Мырзабыз мындай деген: «Убада кылынган Мехди (ас)дын чыгышынын башталгычы болгон Аббаси Мелик Хорасанга барганда, чыгыш тараптан эки тиштүү жаркыраган бир мүйүз чыгат.»

(Имам-ы Раббани, Мектубат-ы Раббани, 381. Мектуп, 1184-бет)

Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадисинде акыр заманда келиши күтүлгөн Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматы катары белгилеген жана Имам-ы Раббани да терең түшүндүргөн «эки тиштүү мүневвер (жарык чачуучу) бир мүйүз чыгат» сөзү 2009-жылы 24-февралда, б.а. Хижри 1430-жылы Дүйнөгө эң жакын жерден өткөн Люлин куйруктуу жылдызына ишарат кылууда.

 

Кээ бир жахил (илими жок) адамдар Аз. Мехди (ас)ды чыкпайт деп айтса да, ал бир жылдыз сыяктуу чыгат

 

Сафван б. Михран-ы Жеммалдан: Имам Жафер-и Садык алейхис-селам мындай деди: «Аллахка ант болсун Мехдиңер араңардан кайып болгондо (көрүнбөй калганда), араңардан кээ бир жахилдер айтышат: Аллахтын Ал-и Мухаммедке (Аз. Мехди (ас)га) муктаждыгы жок. Андан соң ал жер жүзүнө жаркыраган жылдыз сыяктуу кайтат жана жер бетин зулумдук жана адилетсиздик менен толгон сыяктуу адилеттүүлүк жана теңдикке толтурат.»

(Кемль-уд Дин, 2-том, 341-бет)
 

Мехди (ас) – адамдар үчүн чоң бир немат (жакшылык)

 

«Азреттеринин (Аз. Мехди (ас)дын) болушу бир немат; анын башкарышы өзүнчө бир немат.»

(Шерх-и Тежрид, 389-бет (Иран Басымы))
 

Аз. Мехди (ас) адамдарды үйүнөн туруп, интернет, телевизор аркылуу чындыкка чакырат жана дүйнөгө таанылат

 

Имам Бакыр (ас) мындай деди: «Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) чыкканда... Алар менен сүйлөшкүсү келгенде, (алар) угушат жана өз ордунда болуп туруп аны көрүшөт.»

(Йевмул-Халас, 269-бет)

Имам (ас) (Аз. Мехди (ас)) дүйнөнүн чыгыш жана батышын (руханий) ээлеп, Исламды (Ислам ахлагын) дүйнөнүн төрт тарабына эгемен кылат... Аллах Таала адамдарга ушундай бир күч берет, адамдардын баары турган жеринен анын (Аз. Мехди (ас)дын) сөздөрүн угушат жана Имам (ас) Исламга жашоо берет...

(Бихарул-Энвар, 52-том, 279-бет жана 53-том, 12-бет Икмалуд-Дин, 2-том, 367-бет)

Шек жок, Каим (Аз. Мехди (ас)) доорунда бир момун чыгышта болсо, батыштагы бир тууганы аны көрөт. Батышта болсо, чыгыштагы бир тууганын көрөт.

(Бихарул-Энвар, 52-том, 391-бет)
 

Пайгамбарыбыз (сав)дин акыр заман хадистерин эң туура негизде Аз. Мехди (ас) түшүндүрөт

 

Эбу Басир айтты: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «...Айтты: Аз. Мехди (ас) чыкканда, Расулуллахтын жолунан жүрөт. Жалгыз ал (Аз. Мехди (ас)) Расулуллахтын (сав) сөздөрүн түшүндүрөт...»

(Шейх Мухаммед б. Ибрахим-и Нумани, Гайбет-и Нумани, 191-бет)
 

Мехди (ас)дын жардамчыларынын саны аз болот

 

Имам (Аз. Мехди (ас)) күчтүү отуз жардамчысы менен, жалгыз эмес.

(Эль-Сахифе Эль-Мехдийеден Тандалма Дубалар, Сеййид Муртаза Мүчтехиди Систани, 49-бет, Ал-Бихар 52, 153-бет)

Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде Мехди (ас) жардамчыларынын (окуучуларынын) 313 (же 314) адам экендигин баяндаган.

Мехдинин жардамчыларынын саны Талут менен дарыядан өткөндөргө барабар.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 57-бет)

Бирок, алардын ичинен Мехди (ас)дын иш-аракеттеринде жанында болгон 30 адамдык бир топ бар экендиги айтылган. Башка хадистерде да буудайдан курт жегени тазалангандай, Мехди (ас) жардамчыларынын да электен өтөөрү, мунафыктардын анын жанынан алыстаары баяндалган.

Эбу Басир айтты: Имам Эбу Абдуллах алейхиссалам мындай деди: «Араптардан Каим алейхиссалам (Аз. Мехди)менен бирге болгон абдан аз адам болот.»... Айтты: «Калк сөзсүз тазаланат. Тазаланат жана электен өткөрүлөт. Электен бир топ адамдар эленет.»

 

Аз. Мехди (ас) «Мен Аз. Мехди (ас)мын» деп айтпайт, бирок адамдардын көздөрүндөгү капылет пердесин алып, «Мехди чындыгын» түшүнүүлөрүнө шарт түзөт

Эбу Басир айтты: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «... Айтты: Аз. Мехди (ас) чыкканда, Расулуллахтын жолунан жүрөт. Жалгыз ал (Аз. Мехди (ас)) Расулуллахтын (сав) сөздөрүн түшүндүрөт...»

(Шейх Мухаммед б. Ибрахим-и Нумани, Гайбет-и Нумани, 191-бет)

Пайгамбарыбыз (сав)дин акыр заман хадистерин эң туура Мехди (ас) түшүндүрөт жана Аз. Мехди (ас)ды адамдарга эң жакшы, эң туура негизде Аз. Мехди (ас) таанытат. Аз. Мехди (ас) «Мен Аз. Мехдимин» деп айтпайт, бирок Аз. Мехди (ас)дын бар экендигине жана күчүнө ишарат кылуу менен адамдардын «Мехди чындыгын» түшүнүүлөрүнө шарт түзөт. Аз. Мехди (ас) Мехди (ас) жөнүндө сөз кылган сайын, адамдар анын Аз. Мехди (ас) экендигин чын дилден кабыл алышат жана ага (анын сөздөрүнө) баш ийгилери келет.

 

2.   МЕХДИ (А.С.) КИМ? АНЫН КЫЗМАТТАРЫ ЭМНЕ? МЕХДИ (А.С.) ЖАНА АЛТЫН ДООР

Акыр заман жана Мехдилик түшүнүктөрү кээ бир адамдар үчүн тааныш болбошу мүмкүн. Ошондуктан, эң алгач буларды түшүндүрүү зарыл. Акыр заман сөзү «акыркы доор» маанисине келет. Исламда акыр заман кыяматка жакын бир убакта Куран ахлагы өкүмчүлүк кыла турган жана адамдар арасында кеңири тарала турган бир доорду түшүндүрөт.

Адамдардын кыялы дайыма улам сулуураак, коозураак, улам жакшыраак нерселерди эңсейт. Коозураак табият, көрүнүш, сонун тамак, бейпилдик жана коомдук маселелер жок бир жашоо, жыргалчылык, кененчилик, кооздук... Акыр заман бардык ушул «жакшыраак», «коозураак» түшүнүктөрүн өзүнө камтыган бир доорду түшүндүрөт. Акыр заман – кыйынчылык жана жетишпестиктин ордун кененчилик жана берекет, адилетсиздик ордун адилет, ахлаксыздыктын ордун сонун ахлак, каргашанын ордун тынчтык жана бейпилдик ээлеген жана бардык ыйман келтирген кулдар кылымдар бойу эңсеген, Ислам ахлагы өкүмчүлүк кылган куттуу бир доор.

Пайгамбарыбыз (сав)дин хадистеринде бул доор жана анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин баяндар бар. Пайгамбарыбыз (сав)дан кийин кээ бир Ислам улуктары да акыр заман жөнүндө маанилүү түшүндүрмөлөрдү жасашкан. Бул түшүндүрмөлөр анализдегенде, акыр замандын бири-бирин ээрчиген көптөгөн маанилүү окуяларга толо экендигин көрөбүз. Акыр заман – алгач чоң бузулуу жана башаламандыктар, андан кийин чыныгы диндин жашалышы менен кутулууга жетишилген бир доор.

Акыр замандын биринчи баскычында дүйнө Аллахтан баш тарткан философиялык системалар натыйжасында бузулууга дуушар болот. Адамдар жаратылуу максатынан алыстайт, натыйжада чоң руханий боштук жана ахлактык бузулуу пайда болот. Чоң кырсыктар, согуштар жана кыйынчылыктар болот, адамдар «Кантип кутулабыз?» суроосунун жообун издешет.

Акыр замандын бул баскычы ошол эле учурда дин да бузулган бир доор. Ислам дини анын ичине кошулган бир топ негизсиз кошумчалар жана ишенимдер себебинен чыныгы абалынан алыстатылат. Динчилдик аты менен фанатизм жана эки жүздүүлүк кылган кээ бир адамдар бул негизсиз кошумчаларды көбүрөөк жайуу аракетин кылышууда, Исламдын негизи болгон сонун ахлакты адамдардын түшүнүшүнө тоскоолдук кылышууда. Бир тарапта атеизм жана динсиздикке түрткөн философиялар, экинчи тараптан динди ичинен бузган бул фанат күчтөр адамзатты чоң бир караңгылыкка түрттү.

Бирок Аллах акыр замандын бул чоң башаламандыгы ичиндеги адамдарды кутулушка жеткирет. Жолунан адашкан адамзатты туура жолго чакыруусу үчүн «Мехди» (чындыкка жеткирүүчү) сыпатына ээ жогору ахлактуу бир кулун себепчи кылат. Аз. Мехди (ас) алгач Ислам дүйнөсү ичинде илимий күрөш жүргүзөт жана Исламдын негизинен алыстаган Мусулмандарды чыныгы ыйман жана ахлакка кайтарат. Аз. Мехди (ас)нин үч негизги кызматы бар:

1. Аллахтан баш тарткан жана динсиздикти колдогон философия системаларын жок кылуу.

2. Исламды аны бузулууга дуушар кылган эки жүздүүлөрдүн мойунтуругунан куткаруу менен негизсиз кошумчаларга каршы күрөшүү. Курандын өкүмдөрүнө таянган чыныгы Ислам ахлагынын ортого чыгарылышы жана ишке ашырылышы.

3. Бардык Ислам дүйнөсүн саясий жана социалдык тараптан күчтөндүрүү, бейпилдик, коопсуздук жана жыргалчылыкка жетиштирүү, коомдук маселелерди чечиши.

Хадистерде билдирилиши бойунча, Аз. Мехди (ас) менен бир доордо дүйнөгө кайрадан кайта турган Аз. Иса болсо өзгөчө Христиан жана Еврей дүйнөсүнө кайрылат, аларды түшкөн негизсиз, туура эмес ишенимдерден кутулуп, Куран бойунча жашоого чакырат. Христиандардын Аз. Исага баш ийиши менен Ислам жана Христиан дүйнөсү жалгыз бир ишенимде биригет жана дүйнө «Алтын кылым (доор)» деп таанылган тынчтык, коопсуздук, бакыт жана жыргалчылык доорун жашайт.

Жогоруда байкагандай, Пайгамбарыбыз (сав)дин хадистеринде акыр замандын башталгыч алааматтары менен байланыштуу ар кандай баяндар бар. Мындан тышкары, Куранда бул доорго ишарат кылган аяттар бар.

Пайгамбарыбыз (сав) «Мехдини бири-бириңерге сүйүнчүлөгүлө» (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 12-бет) деп айтуу менен Аз. Мехдинин келишин толкундануу жана сүйүнүү менен күтүүнүн, бул мубарек инсан үчүн даярдык көрүүнүн маанисине көңүл бурган. Башка хадис-и шерифте болсо ыйман келтиргендердин Аз. Мехдиге көрсөтүшү зарыл болгон сүйүү жана баш ийүүлөрү мындайча баяндалат:

Силерден ага ким жетсе, кар үстүндө сойлоп болсо да ага келсин. Ага кошулсун. Себеби ал – Мехди.

 (Ибн Маже, Фитен, Б 34, Х 4082; Ибн Эби Шейбе, 7-том, 527-бет; Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 14-бет)

 

Аз. Мехди (ас) бир тамчы да кан төкпөйт, анын күрөшү илим, акыл жолу менен болот.

 

(Анын) убагында эч ким уйкусунан ойготулбайт, эч кимдин мурду (да) канабайт.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 42-бет)

Мехди Пайгамбар (сав)дин жолунан жүрөт, уктаган адамды ойготпойт, кан төкпөйт.

(Кыямат алааматтары, 163-бет)

Мехди... бейпилдик ичинде аракет кылат.

(Кыямат алааматтары, 173-бет)

Пайгамбарларга берилген китептерде «Мехдинин иши зулум жана жамандык эмес» сыяктуу ишарат кылынган.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 47-бет)

Мен Мехдини пайгамбарлардын китептеринде мындай байкайм: Мехдинин амалында зулумдук жана айып (туура эместик) жок.

(Нуайм б. Хаммад, вр. 50б;Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 21-бет)

 
Мехди (ас)дын аты
 

Эй инсандар, сөзсүз Аллаху Таала силерге залимдерди, эки жүздүүлөрдү жана аларга баш ийгендерден тосту жана силерге үммөти Мухаммеддин эң кайрымдуусу болгон жана Меккеде болгон, аты Ахмед, атасынын аты Абдуллах болгон Аз. Мехдини башкаруучу кылды. Аны ээрчигиле.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 31-бет)

Бирок, башка бир хадисте:

Жабир Эбу Жаферден укканын мындай баяндайт: «Өмер Аз. Али (р.а.)дан Мехди жөнүндө сураганда, ал мындай деди: Эй Ибн Эбу Талиб (Аз. Али) мага Мехди жөнүндө айтып бер. Аты ким?» Аз. Али (р.а.) айтты: «Менин сүйүктүү жана жакын досум (Пайгамбарыбыз (сав)) айтты: Улуу Аллах аны чыгарганга чейин анын атын эч кимге айтпашым үчүн менден сөз алды. Анын (Аз. Мехди (ас)дын) аты Улуу Аллахтын элчисине аманат кылган маалыматтардын бири.

(Икмал ал Дин) (Гайбет, Алламе Мухаммед Бакыр Эль-Межлиси, Иран, 2007)

Аз. Али (р.а.) Пайгамбарыбыз (сав)дан акыр заманда чыка турган акыр замандын эң улук ардактуусу жана башчысы болгон Аз. Мехди (ас)дын атын айтышын сураган. Бирок, Пайгамбарыбыз (сав) Аллах чыгара турган убакытка чейин Аз. Мехди (ас)дын атынын жашыруун кала тургандыгын, мунун Аллахтын ага билдирген сыр экендигин айткан. Демек, Мехди (ас)дын аты ал чыкканга чейин сыр бойдон калат жана адамдар анын атын биле алышпайт. Б.а., Мехди (ас)дын аты Пайгамбарыбыз (сав)дын аттары болгон Ахмет, Мустафа, Мухаммед жана Махмуд аттарынын бири болбойт, анын аты ал чыга турган жылдарда белгилүү болот. Пайгамбарыбыз (сав)дын фамилиясы Аднан болгон жана азыр Пайгамбарыбыз (сав) бул жерде болгондо, ага «Урматтуу, Аднан» деп кайрылышмак (мисалы, «Урматтуу Владимир» эмес, «Урматтуу Путин»; «Урматтуу Курманбек» эмес, «Урматтуу Бакиев» ж.б. сыяктуу). Демек, Мехдинин аты – Аднан (Аллахуалем).

 
Аз. Мехди (ас) башында атынын таанылышынан сактанат
 

Муфаззал бин Өмер айтты: Имам Эбу Абдуллах Жафер-и Садык алейхиссаламдын жанында элем жана мени менен бирге башкалар да бар эле. Имам алейхиссалам бизге мындай деди: «Аз. Мехди (ас)дын атын эч жарыя кылбагыла»...

(Шейх Мухаммед б. Ибрахим-и Нумани, Гайбет-и Нумани, 174-бет)

Мехди (ас) башында башка бир ат колдонот.

 

Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда анын атагы тынбай жайылат

 

Мехди чыгат, адамдардын баары ал жөнүндө сүйлөшөт, анын сүйүүсү жүрөктөрүн ээлейт жана андан башка эч нерсени сүйлөшпөйт.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 33-бет)

Аз. Мехди (ас) келгенде, адамдар аны ашык жана сүйүү менен кучакташат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 37-бет)

Адамдар туш болгон жамандыктар себебинен, ал (Мехди (ас)) адамдарга эң сүйүктүү болмойунча, чыкпайт.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 27-бет)

 

Адамдар Аз. Мехди (ас)ды үйлөрүндө, көчөлөрдө көрүшөт, бирок аны таанышпайт

 

Седир-и Сейрефи айтты: Имам Эбу Абдуллах Жафер-и Садык алейхиссаламдан уктум: ...Акысы тебеленген жана андан баш тартылган кичипейил имамыбыз жана бул (кайым болуунун) ээси (Аз. Мехди (ас)) алардын араларында жүрөт, базарларда кыдырат, алар баскан жерлерден өтөт. Бирок алар аны (Аз. Мехди (ас)ды) таанышпайт, аягында Аллах өзүн аларга таанытышы үчүн Аз. Жусупка берген сыяктуу ага уруксат берет.

(Шейх Мухаммед б. Ибрахим-и Нумани, Гайбет-и Нумани, 189-бет)

 
Аз. Мехди сөзсүз чыгат
 

Эгер дүйнөнүн бир күнү калган болсо да, Аллах Ал (Аз. Мехди) башкарууну колуна алганга чейин ал күндү созмок.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 10-бет)

Мехди – кызым Фатиманын урпактарынан.

(Сүнен-и Ибн Маже, 10/348)

Эль-Мехди бизден, Ехли-Бейттен. Аллах аны бир түндө илимдүү кылат (б.а., тообасын кабыл кылат же акылын тереңдетет).

(Сүнен-и Ибни Маже Китабүл фитен Тержемеси ве Шерхи Кахраман Нешрийат, 10-том, Котор.: Хайдар Хатипоглу, Баб: 34, 348-бет)

Сөзсүз, адамдар көргөн жамандыктар себебинен Мехди аларга эң сүйкүмдүү болгонго чейин чыкпайт.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 27-бет)

Аллах бардык инсандардын жүрөктөрүн анын сүйүүсүнө толтурат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 42-бет)

Анын халифатынан жер жана асман ехли, бардык айбанаттар, канаттуулар, ал тургай деңиздеги балыктар да ыраазы болушат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 31-бет)

Аллах анын сүйүүсүн адамдардын жүрөгүнө жайгаштырат. Ушундайча алар күндүздөрү арстан сыяктуу жана түндөлөрү ибадат менен өткөргөн бир коом болушат.

(Укайли «Эн-Нежмус-сакыб фи Бейаны Эннел Мехди мин Евлады Али б. Еби Талиб Алет Темам вел камал»)

Үммөт-и Мухаммедден ыраазы болбогон эч бир адам калбайт.

(Кыямат алааматтары, 163-бет)

(Мехди) жүзү нурдуу, жыты жагымдуу, сүрдүү (оор басырык), бирок адамдарга сүйкүмдүү жана жакын.

(Мехди, Дежжал, Месих, 102-бет)

Асмандан бир мүнади «Хак Ал-и Мухаммедке» сыяктуу кыйкырганда, Мехди чыгат. Баары жалаң гана аны сөз кылышат, анын сүйүүсүн ичишет жана андан башка эч нерсе сүйлөшпөйт.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 33-бет)

 

Мехди каалабаган абалда аны адамдар башчы кылышат

 

Инсандар аягында Мехдиге келишет жана Рүкун менен Макам арасында ал каалабаса да ага баш ийишет. «Эгер кабыл албасаң мойнуңа урабыз» дешет. Жер жана асман эхли андан ыраазы болушат.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 31-бет)

... Жана андан кийин (ал) каалабаса да алардын баш ийүүсүн кабыл кылат. Эгер силер ага жетсеңер, ага баш ийгиле. Себеби ал жерде да асманда да Мехди.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 35-бет)

Андан кийин халифат жер бетинин эң кайрымдуусу болгон Мехдиге үйүндө отурганда келет.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 26-бет)

 

Аз. Иса (ас) Аз. Мехди (ас)дын имамдыгында намаз кылат

 

Аз. Иса намазын Аз.Мехдинин аркасында (Мехдинин имамдыгында) кылат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 24-бет)

 

Аз. Мехди (ас) Ислам динин бидаттардан тазалайт, мезхептерди жоготот

 

... Динди Пайгамбар (сав) убагындагы сыяктуу жүргүзөт. Жер жүзүндө мезхептерди жоготот. Калыс, чыныгы динден башка эч кандай мезхеп калбайт.

(Мухаммед Б. Ресул Эль Хүсейин Эль Берзенжи, Кыямат алааматтары, 186-187-беттер)

Аз. Мехди эч бир бидатты калтырбайт.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 43-бет)

 
Аз. Мехди (ас) Стамбулдан чыгат
 

Расулуллах (сав) мындай буюрган: «Мехди Мединадан* (чоң шаардан) чыгат жана Меккеге келет. Адамдар аны араларынан (таанып) ортого чыгарышат жана ал каалабаса да Рүкун менен Макам арасында ага баш ийишет.

(Мерий б. Йусуф б. Эби бекир б. Ахмет б. Йусуф эль-Макдиси «Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар)

*Медина – шаар дегенди билдирет.

Мехди Константинопольду (Стамбулду) жана Дейлем Тоосун өзүнө каратат (фетх кылат).

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 27-бет)

Аз. Ибни Амрдан (ра) риваят кылынган:

Пайгамбарыбыз (сав) буйурду: Эй Үммөт! Алты нерсе бар, алар ишке ашпастан, кыямат келбейт, (алтынчысы) Мединанын каратылышы (фетхи). – Суралды: Кайсы медина (кайсы шаар)? Айтты: Константиниййе (Стамбулдун мурдакы аты).

Дүйнөнүн эч бир убактысы калбай, жалгыз бир күн калса да, ал күнү менин урпагымдан бир заттын Дейлем Тоосуна (же өрөөнүнө) жана Константонополь (Стамбул) шаарына ээ болушу үчүн Аллах сөзсүз ал күндү созот.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 74-бет)

Пайгамбар (сав)дин желеги менен чыгат*. Ал желек төрт бурчтуу, тигилбеген жана өңү кара. Анда бир жаркыроо бар. Ал Расулуллах (сав) көз жумгандан бери ачылган эмес болуп, Мехди чыкканда ачылат.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 22-бет)

* Пайгамбарыбыздын (сав) желеги Стамбулда Топкапы хан сарайында сакталууда.

Мехди Константинопольду каратууда багымдат намазы учурунда даарат алып жатып бир желек сайат, деңиз экиге бөлүнүп, суу өзүнөн-өзү алыстайт жана ачылган жол менен жүргөн Аз.Мехди каршы тарапка өтөт.

(Кыямат алааматтары, 181-бет)
 

Аз. Мехди (ас) түнкүсүн элдерге көрүнөт

 

Мехди Пайгамбарыбыз (сав)дин желеги, көйнөгү, кылычы, ишараттары, нуру жана кооз көрүнүшү менен куптан убагында чыгат.

(Али б. Султан Мухаммед эль-Кари эль-Ханефи, «Рисалетүл Мешреб елверди фи мезхебил Мехди»)

...Түнкүсүн ибадат (чакыруу) менен алагды болуп, күндүздөрү жашыруун болот...

(Укайли «Эн-Нежмус-сакыб фи Бейаны Эннел Мехди мин Евлады Али б. Еби Талиб Алет Темам вел камал»)

 

Аз. Мехди (ас) бүт дүйнөгө өкүмдарлык кылат

 

Мехди Зулкарнайн жана Сулайман сыяктуу бүт дүйнөгө өкүм кылат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 30-бет)

Жер жүзүнө төрт адам малик (башкаруучу) болгон. Экөөсү момун, экөөсү каапыр. Момундар – Зулкарнайн жана Аз.Сулайман, каапырлар болсо – Немруд жана Бухтуннасыр. Бешинчи болуп Эхли Бейтимден бири (Аз.Мехди) келет жана ал да дүйнө жүзүнө малик болот.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 10-бет)

Анын халифатынан жер жана асман эхли, бардык айбанаттар, канаттуулар, ал тургай деңиздеги балыктар да ыраазы болушат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 31-бет)

Бул абал 7 жыл уланат. Бирок анын ар бир жылы силердин 20 жылыңарга тете болот.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 44-бет)

 

Аз. Мехди (ас)га периштелер жардам берет

 

Аллах аны 3 миң периште менен күчтөндүрөт.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, Ахмед Ибни Хажери Мекки, 41-бет)

Анын жардамчылары адамдардын эң кайрымдуулары. Анын жардамчылары Йемен жана Сирия эхлинен болот. Алдында Жабраил, артында Микаил болот. Жер жүзү коопсуздукка толот жана ал тургай бир канча аял жанында эч эркек болбостон эч коркпостон ажыга барышат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 47-бет)

 
Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары
 

Чыгыш тараптан бир топ адамдар чыгып, Аз.Мехдинин салтанатын даярдашат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 21-бет)

Чыгыштан бир жамаат чыгат жана Аз. Мехдинин салтанатына жардам берет.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 60-бет)

Асхабы Кехф Мехдинин жардамчылары болушат.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 59-бет)

 
1995, 1997 жана 1999-жылдарга ишараттар
 

Адамдар 95-жылга чейин малик болушат, б.а. иштер жакшы болот. 97- жана 99-жылдары мүлктөрү түгөнөт.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 54-бет)

1995-жылга ишарат болушу мүмкүн. 1997-жылы ар кандай саясий оордуктар башталды. 1999-жылы Мармара өрөөнү жана жалпы Түркияда жер титирөөлөр көп болуп адамдар өлүп, чыгымдар көбөйгөн.

 
Аз. Мехди (ас)дын айырмалуулугу
 

Ал эч ким билбеген жашыруун бир күч ээси болгондуктан, ал Мехди деп аталган.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман)

 

Мухйиддин Араби Аз. Мехдинин кээ бир өзгөчөлүктөрүн санаган. Төмөндө ал басым жасаган негизги 9 өзгөчөлүгү орун алган:

1. Парасат ээси болушу

2. Ыйык китепти түшүнүшү

3. Аяттардын маанисин билиши

4. Дайындай турган адамдардын абал жана аракеттерин билиши

5. Ачууланганда да мээрим жана адилеттүү болушу

6. Жандыктардын топторун билиши

7. Иштердин жашыруун тараптарын билиши

Пайгамбарыбыз (сав) аны «Менин изимден жүрөт, ката жасабайт» деп айткан. Мехди шарият ээси эмес, шариятка баш ийет.

 
Аз. Мехди (ас) доорунун эң кайрымдуусу болот
 

Мухаммед үммөтүнүн эң кайрымдуусу жана силерди кыйынчылыктардан куткаруучу таянычыңар (велиңер) болгонду ээрчигиле... Ал Мехди.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 57-бет)

Доорунда жер жүзүнүн эң кайрымдуусу ал болот.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 27-бет)

Мехди (учурундагы) инсандардын эң кайрымдуусу.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 58-бет)

 
Аз. Мехди (ас) Аллахтан абдан коркот
 

Мехди гергес кушунун канаты менен титиреши сыяктуу Аллахтан абдан корккон бир адам.

(Нуайм б. Хаммад, вр 91а)

Аллахка абдан мойун сунуучу.

(Кыямат алааматтары, 163-бет)
 

Аз. Мехди (ас) эки жолу адамдардын көзүнө көрүнбөй калат

 

«Эбу Абдуллах Хүсейин бин Али алейхи саламдан мындай деп айткандыгы риваят кылынат: Бул ишти кыла тургандын (б.а. Мехдинин) эки көздөн кайымы (жашырынышы) бар. Бул эки кайымдын бири ушунчалык узакка созулат. Кээ бирлери: «Ал өлдү», кээ бирлери болсо: «Ал кетти» дешет. Аны сүйгөндөр да, башкалар да анын ордун билишпейт, жалаң гана ага абдан жакын кызматчысы анын ордун билет.

 («эль-Саа Фи Эшрат-ис Саа, 93-бет, Мысыр бас.)

Бул (көздөн) кайымдар, башкача айтканда, Аз. Мехдинин элдерге көрүнбөй калышы анын түрмөгө же ушул сыяктуу бир жерге камалышы, басымдын күчтүүлүгүнөн жашырынышы сыяктуу жолдор менен болушу ыктымал. Бир хадисте мындай буйурулат:

«Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр Алейхиссаламдын мындай буйурганын уктум: «Бул гайбеттин ээсинде (Мехдиде) төрт Пайгамбардын сүннөтү бар: ...Айттым: «Аз. Йусуфтун сүннөтү эмне?» Айтты: «Зындан жана гайбет (көздөн кайым болуу, көрүнбөй калуу)»...

(Шейх Мухаммед б. Ибрахим-и Нумани, Гайбет-и Нумани, 190-бет)

 
Аз. Мехди (ас)ды Аллахтын буйругу менен эч нерсе токтото албайт
 

Адамдар чындыкка кайтканга чейин (илимий, сөз менен) күрөшүн улантат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 23-бет)

Мехди эсебин абдан так жасайт жана убадасынан кайтпайт.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 24-бет)

Маңдайына тоолор койулса да, аларды талкалап өтөт, ал тоолордо өзүнө жол табат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 39-бет)

 
Аз. Мехди (ас) жол табылбай, системалар иштебей калган учурда келет
 

Системалар өзгөргөн бир убакта Мехди деген бир адам келет жана жоомарт жана сулуу болот.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 14-бет)

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө көпчүлүк адамдар, ири өлкөлөр туура система издеп, баш катырышууда.

 
Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу башка маалыматтар
 

...Мехди Расулуллахтын желеги менен инсандардын баштарына балээ үстүнө балээ жааган жана анын чыгаарынан үмүт үзүлгөн тушта чыгат. Эки рекет намаз кылат. Намаздан катканда мындай дейт: «Эй инсандар! Үммөти Мухаммед жана өзгөчө анын Ехли Бейти көп балээлер көрдү жана биз каар жана адилетсиздикке дуушар болдук

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 55-бет)

...ал жерге (Аз. Мехдинин жанына) баргандын баары андан берекет алат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 26-бет)

Дажжаль чыгаары менен ага каршы момундардан бир адам (Мехди) ага багытталат. Ал тушта ал момунга бир топ куралчандар Дажжальдин борборлордо көзөмөл кылган куралчандары каршы чыгышат.

(Мехдилик ве Имамийе, 37-бет, Сахих-и Мүслим, 11-том/393-беттен алынды)

“Бир туугандары аз болгон...”

(Рисалет үл Мехди, 161-бет)

Аз. Хүсейин (р.а.)ден суралды: «Имам Мехди кайсы алааматтар менен билинет?» Мындай жооп берди: «Көңүл бейпилдиги жана вакар (сүр, токтоолук) ээси болушу менен, адал жана арамды абдан жакшы билиши менен таанылат».

 (Мерий б. Йусуф б. Эби Бекир б. Ахмет б. Йусуф эль-Макдиси «Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар»)

Мехди Аллахка абдан баш ийүүчү. Ахлак жагынан Пайгамбар (сав)га окшош.

(Кыямат алааматтары, Берзенжи, 163-бет)

Ахлагы менин ахлагым болгон бир урпагым чыгат.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 21-бет)

Пайгамбарыбыз (сав)дын жогорку ахлагы Куранда мындайча кабар берилет:

Шек жок, сен жогору жана абдан улук бир ахлактуусуң. (Kalem Suresi, 4)

 

... Жакырларга абдан мээримдүү болушу Мехдинин алааматтарынан.

(Мерий б. Йусуф б. Эби Бекир б. Ахмет б. Йусуф эль-Макдиси «Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар»)

Исламга каршы айтылган бир сөз да ага оор келет.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 30-бет)

Мехди заалимге каршы чындыкты коргойт. Ал тургай (заалим) бир адамдын бир бөлүгү тишинде болгонду (адилетсиз бир кесим таттууну) да андан алат жана ээсине тапшырат.

(Эн-Нежмус-сакыб фи Бейаны Эннел Мехди мин Евлады Али б. Еби Талиб Алет Темам вел камал)

 
Аз. Мехди (ас) жана Алтын доордун (кылымдын) кээ бир өзгөчөлүктөрү
 

Эмирлериңерден (башкаруучуларыңардан) бир эмир болот, мал-мүлктү санабайт. Бирөө келип андан мал-мүлк сураганда, «Ал» дейт. Ал кийимин жайат жана ал (Мехди) толтурат.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 15-бет)

… Кичинекейлер мен чоң болгонумда, улуулар жаш болгонумда деп каалашат... Жакшы адамдардын жакшылыгы көбөйөт, жамандарга да жакшылык кылынат.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 17-бет)

Үммөтүмдө Мехди бар. Адамдар ага келет жана «Эй Мехди! Мага да бер, мага да бер!» дешет; Мехди анын идишин (esvab)көтөрө алганча толтурат.

(Тирмизи, Фитен, Б. 53, Х 2223; Ибн Маже, Фитен, Б 34, Х 4083)

Үммөтүм ичинде Мехди болот. Менин үммөтүм ал доордо ушундай бир жыргалчылыкка жетет, ал күнгө чейин андайды эч качан көргөн эмес. Жер жемишин (үрөндөрүн) берет жана адамдардан эч нерсе корубайт (аябайт). Мал-мүлк да ал күн абдан көп чогулган болот.

 (Сүнен-и Ибн Маже, 10/347)

Ал учурда үммөтүм жакшысы да, жаманы да баары эч качан көрбөгөндөй көп нематтарга (жакшылыктарга) ээ болот.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 16-бет)

Анын доорунда адам бир канча ууч урук таштайт, 700 ууч үрөн алат.

(Кыямат алааматтары, 164-бет)

Жана үммөти Мухаммеддин жүрөктөрүн байлык менен толтурат жана аларга адилеттүүлүктү алып келет. Ушунчалык көп байлык болот, бир мүнадийе «Кимдин муктаждыгы болсо, мага келсин» деп кайрылуусу буйрук кылынганда, бир адамдан башка эч ким келбейт. Келген адам (мал-мүлк) сурайт. Ал «Казына башчысына бар, (ал) сага берсин» дейт. Ал болсо «Мехди жөнөттү» деп айтып, казына башчысынан күчү жеткенче мал-мүлк алат. Бирок кийин бушайман болуп, «Мен баарынан эң муктажмынбы, эч ким барбады, мен бардым» деп алган мал-мүлкүн кайра тапшыргысы келет. Анда казына башчысы мындай дейт: «Биз бергенибизди кайра албайбыз.»

 (Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 13-бет)

Анын доорунда аккан суулар да суусун көбөйтөт. Аз. Мехди казыналарды чыгарат...

 (Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 36-бет)

Сөзсүз ал кезде мал-мүлк көбөйүп, суу сыяктуу агат, ага эч ким маани берип кабыл албайт.

 (Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр заман алааматтары, 464-бет)

... Жер ичиндеги кымбаттууболгон алтын, күмүштү тышка чыгарып салган (болот)...

(Кыямат алааматтары, 197-бет)

Үммөтүм арасында Мехди чыгат. Аллах аны адамдарды байытуу үчүн жөнөтөт. Үммөт нематтарга ээ болот, айбанаттар көп көп жеп ичет, жер өсүмдүгүнчыгарат, мал-мүлк ашыкчаберилет.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 15-бет)

Аллах анын колу менен жакырчылыкты жоготот жана Мехди Сирияга барат.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 66-бет)

Жана үммөти Мухаммеддин жүрөктөрүн байлык менен толтурат жана аларга адилеттүүлүк тартуулайт.

(Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Акыр Заман Мехдисинин алааматтары, Кахраман Нешрийат, 13-бет)

Мухаммед үммөтүнүн көңүлү байлыкка толот.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 20-бет)

Анын доорунда үммөттүн жакшылары да жамандары да эч качан көрбөгөндөй абдан көп нематтарга ээ болушат. Жамгыр абдан көп жааса да бир тамчысы да бош кетпейт, топурак жалгыз бир урук каалабастан, үрөндүү жана берекеттүү болот.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 20-21-бет)

(Мехдинин заманында) асман жамгырынан эч аябайт жана жоомарттуулук менен көп жаадырат. Жер бети өсүмдүктөрүнөн эч бирөөсүн жетишсиз кылбайт жана сөзсүз аларды толук бышырып, ортого чыгарат...

(Саати, Х 143, XXIV том, 50-бет; Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр заман алааматтары, 437-бет)

Мехди менден, жер жүзү зулумдук жана азаптарга толгон сыяктуу аны чынчылдык жана адилеттүүлүккө толтурат.

(Сүнени Эбу Давуд, 5/93)

Жер жүзү коопсуздукка толот, ал тургай бир канча аял жанында эч эркек болбостон, коркпостон ажыга барышат.

(Нуайм б. Хаммад, вр. 74б; Суйути, 2-том, 77-бет; Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 23-бет)

Идиш сууга толгон сыяктуу жер жүзү тынчтыкка толот. Эч бир адам арасында душмандык калбайт. Жана бардык душмандыктар, уруштар, кызганычтыктар жоголот.

(Сахих-и Мүслим, 1/136)

Анын заманында бөрү менен кой бир жерде ойнойт, жыландар балдарга зыян тийгизбейт. Адам бир ууч урук таштап, 700 ууч түшүм алат.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 43-бет)

Душмандык жана кекти да жоготот. Уулуу болгон бүт жандыктардын уусу алынат. Ал тургай кичинекей эркек бала колун жыландын оозуна салат, жылан ага зыян тийгизбейт. Бөрү, кой-эчки тобу арасында топтун ити сыяктуу болот.

(Сүнен-и Ибни Маже Китабүл фитен Тержемеси ве Шерхи Кахраман Нешрийат, 10-том, Котор.: Хайдар Хатипоглу, Баб: 33, 331-335-беттер)

Аллах биз аркылуу адамдарды кандайча ширктен (Аллахка шерик кошуудан) куткарып, алардын жүрөктөрүнө үлфет (үлпөт) жана сүйүү жайгаштырып жана дин бир туугандары кылган болсо, Мехди аркылуу фитнадан куткарат жана бир тууган кылат.

(Табераниден, Хейсеми, 7-том, 317-бет; Нуайм б. Хаммад, вр. 52б; Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 20-бет)

Менин урпактарымдан Мухаммед б. Абдуллах (Мехди) аркылуу Жанаб-ы Хак сүннөттөрү кайрадан жандандырат. Анын адилеттүүлүк жана берекеси менен момундардын жүрөктөрү бейпил болот. Ажем (арап эмес) жана Арап калктары арасында достук (туугандык) жана сүйүү жайгашат.

 (Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 66-бет)

(Анын) Доору ушунчалык адилеттүү болот, кабырдагы өлгөндөр тирүүлөргө суктанышат...

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 22-бет)

 
 

3. АЗ. МЕХДИНИН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮ

 

Кээ бирлери Аз. Мехди (ас)ды таанып туруп чындыкты жашырышат

 

Бир аятта Китеп Эхлинин (Мусеви жана Христиандар) Пайгамбар Мырзабыз (сав)ди «балдарын тааныган сыяктуу» таанышаары билдирилген:

Аларга китеп берилгендер аны (пайгамбарды) балдарын тааныган сыяктуу таанышат. Ошого карабастан, алардын арасынан бир бөлүгү билип туруп, чындыкты жашырышат. (Бакара Сүрөсү, 146)

 

Бул аят ишарат маанисинде Аз.Мехдинин таанылаарына да ишарат кылууда. Аз.Мехди да чыкканда, Пайгамбарыбыз (сав)дин сүрөттөөлөрү аркылуу адамдар аны балдарын тааныган сыяктуу таанышат. Бирок буга карабастан, кээ бир адамдар бул мубарек инсанды тааныбаган сыяктуу болушат жана андан баш тартышат.

 

Ал (Мехди) сулуу бир жаш жигит, жүзү сулуу. Жүзүнүн нуру башына жана чачтарынын карасына чейин көтөрүлөт.

(Мехдилик ве Имамийе, 153 /Икдүд Дүрерден)

Чачтары кара. Сакалы кара.

(Мерий б. Йусуф б. Эби Бекир б. Ахмет б. Йусуф эль-Макдиси «Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар»)

Мехди калың сакалдуу, алдыңкы тиштери жаркырайт, жүзүндө калы бар, маңдайы алыс.

(Мерий б. Йусуф б. Эби Бекир б. Ахмет б. Йусуф эль-Макдиси «Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар»)

Мехдинин далысында Пайгамбар Мырзабыз (сав)дагы алаамат бар.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 41-бет)

Аз. Мехдинин өңү араби*…

(Ибн Хажер Эль Мекки; «Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар», 15-75-беттер)

*Араптардын өңү кызыл чалыш ак.

Мехди Бени Исраилден бир адам сыяктуу.

(Китаб-үл Бурхан Фи Аламети-ил Мехдийй-ил Ахир Заман, 23-30-беттер)

Мехди орто бойлуу болот.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 41-бет)

Ал маңдайы алыс... курсагы чоң, бели да чоң…

(Феваиду Фвеваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар, 13-бет)

Жашы 30 менен 40 арасында болгондо, жөнөтүлөт... Мехди менин урпактарымдан. 40 жаштарында.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 41-бет)

40 жашында. Башка риваят бойунча, 30 менен 40 жашта.

(Кыямат алааматтары, Берзенжи, 16-бет)

Мехди менин урпактарымдан. Ал 40 жашында. Жүзү жаркыраган бир жылдыз...

(Мерий б. Йусуф б. Эби Бекир б. Ахмет б. Йусуф эль-Макдиси «Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар»)

Аз. Рыза (ас) Раййан б. Салты’ын Сен Сахиб-ул Эмрсиңби? суроосуна мындай жооп берди: Ооба мен да Сахиб-ул Эмрмин (буйрук ээсимин), Бирок жер бетин адилеттүүлүккө толтура турган Сахиб-ул Эмр мен эмесмин. Мен сен көрүп турган бул алсыздык жана күчсүздүккө карабастан, кантип ал Сахиб-ул Эмр боло аламын? Убада кылынган Каим (Аз. Мехди) улуураак жашта, бирок жаш бир келбетте чыгат.

(Бихар-ул Энвар, 52-том, 32-бет; Исбат-ул Худат, 6-том, 19-бет)

Сакалы көп жана койуу болот.

(Эль-Кавлул Мухтасар Фи Аламатил Мехдийй-ил Мунтазар, 23-бет)

Анын маңдайы алыс, мурду болсо ичке болот.

(Тирмизи, Чоң Хадис Жыйнагы, Рудани, 5-том, 365-бет)

Ал маңдайы алыс, мурду кичинекей.

(Мухаммед Б. Ресул Ал-Хүсейни Эль Берзенжи, «Кыямат алааматтары», Котор.: Наим Эрдоган, 163-бет)

Мехди койу сакалдуу, алдыңкы тиштери жаркырайт...

(Мерий б. Йусуф б. Эби Бекир б. Ахмет б. Йусуф эль-Макдиси «Фераиду Феваидил Фикр Фил Имам Эль-Мехди Эль-Мунтазар»)

 
Аз. Мехди (ас)дын бир белгиси: ал үйлөнбөйт

Месуди мындай риваят кылат: «Али б. Хазма, Ибн-и Сираж жана Ибн-и Эби Саид бир жолу Имам Рызанын (ас) алдына барышканда, Али б. Хазма Имамга мындай деди: «Эй Расулуллахтын уулу, биз силерден (Эхли Бейт имамдарынан) мындай алыптырбыз (угуптурбуз), Ар бир имам өлөөрдөн мурун сөзсүз баласын көрөт. (Бул туурабы?) Имам (ас) жообунда мындай буйурду: «Муну да хадиске коштуңарбы «Каим (Аз. Мехди) мындан тышкары»?

(Исбат-үл Васийе (Месуди), 201-бет)

 
 
ЖЫЙЫНТЫК
 

Бул китеп бойунча Пайгамбарыбыз (сав)дин хадистери негизинде акыр заманда чыга турган Аз.Мехдинин чыгуу алааматтарын жана аны таанууга мүмкүнчүлүк берге негизги өзгөчөлүктөрүн карадык.

Пайгамбарыбыз (сав) бул хадистеринде Аз.Мехдинин сырткы көрүнүшү, ахлактык өзгөчөлүктөрү жөнүндө көптөгөн таанытуучу маалыматтар берген. Аз.Мехдинин ахлагынын өзүнүн ахлагына окшош экендигин айткан, Аллахтан коркуусун жана сонун ахлагын мактаган. Пайгамбар Мырзабыз (сав) Аз.Мехдинин адамдардын дүйнөдө жана акыретте кутулууларына себепчи боло турган абдан баалуу бир инсан экендигин баса белгилеген жана ал чыкканда адамдардын «кар үстүндө сойлоп болсо да аны ээрчүүлөрүн» айткан:

Ибни Эби Шейбе жана Наим б. Хаммад Фитен аттуу эмгекте Ибни Маже жана Эбу Наим болсо Ибни Месуддан риваят кылышат. Ал айтты: ...«Ал (Мехди) жер жүзүнүн ээси болот жана зулумдукка толгон жер жүзүн адилеттүүлүккө толтурат. Силерден ага ким жетсе, кар үстүндө сойлоп болсо да келсин, Аны ээрчисин. Себеби Ал – Мехди.» (Акыр Заман Мехдисинин Алааматтары, Желалеттин Суйути, 14-бет)

Биз жашап жаткан доор 1400 жылдан бери күтүлгөн, Пайгамбарыбыз (сав) сүйүнчүлөгөн бул тарыхый окуянын ишке ашаары жакындаган учур. Бул чындыкты байкаган жана Аз.Мехди чыкканда анын жанында болуу урматына жеткиси келген бардык Мусулмандар Пайгамбарыбыз (сав)дин хадистеринде билдирген бул маалыматтарды абдан маани берип окушу жана бул мубарек инсанды туура таануу үчүн бардык себептерди (аракетти) кылуулары зарыл. Себеби бул маалыматтарды терең изилдеп үйрөнүү, бул куттуу инсанды таанууда, Аллахтын буйругу менен, маанилүү жол көрсөтүүчү болот.

Эч шек жок, Ислам дининин негизине кайтышына (бидаттардан тазалануусуна) жана Куран ахлагынын бардык жер жүзүнө жайылышына себепчи боло турган, Мусулмандар арасында чоң бир бирдик (бир туугандык) кура турган мындай куттуу бир инсанга негиз, фундамент даярдоо жана ага жардамчы болуу – Мусулмандардын маанилүү бир жоопкерчилиги. Аз.Мехди (ас) сыяктуу мубарек бир инсандын жакындарынан боло алуу, ага жардам берүү, бардык адамдарга багытталган сооптуу, жакшы иш-аракеттеринде ага жардамчы боло алуу – бардык ыйман келтиргендер үчүн чоң бир немат (жакшылык) жана ардак. 

 

Аллах Таала бизди Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынан кылган болсун!

Бизге Аз. Мехди (ас)ды, Аз. Иса (ас)ды жана Алтын доорду көрүүнү, бул мубарек инсандар менен бирге болууну насип этсин! АМИН!

2010-03-15 01:47:55

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top