Кызыктар дүйнөсү: Эгер эч суусабаганыңызда?

Turmush -  Денебиздеги суунун көлөмүнүн кичинекей өзгөрүүлөрүн да сезүүчү системалар бар. Алардын башында мээбиздин көлөмү буурчактай болгон гипоталамус деген бөлүгү турат. Гипоталамус өтө маани берген нерселердин бири – бул кандагы суунун көлөмү. Кандагы суунун көлөмү азайганда, кан басымы бир азга болсо да төмөндөйт. Бул жүрөктөн кандын биринчи чыкчу жери болгон аортада жайгашкан жана кан басымынын өзгөрүшүн кабылдоо милдети жүктөлгөн басым өлчөгүчтөрдү (барорецепторлорду) стимулдайт. Кан басымынын өзгөрүшүн сезген бул кабылдагычтар жагдайды ошол замат мээбиздеги гипоталамус аймагына кабар беришет. Гипоталамус болсо буга чара катары асты жагында жайгашкан көлөмү 1 см болгон гипофиз аттуу безге «АДГ» (вазопрессин) аттуу бир гормонду өндүрүп чыгаруу буйругун берет.

Бул гормон кан айлануу аркылуу узун сапарга чыгып, бөйрөктөргө жетет. Бөйрөктөрдө ачкычтын кулпуга туура келиши сыяктуу дал ушул гормонго туура келүүчү атайын кабылдагычтар бар. Гормондор бул кабылдагычтарга жетээр замат бөйрөктөргө сууну үнөмдөө тартибине өтүү кабарын жеткирет. Бул кабарды түшүнгөн бөйрөк клеткалары ошол замат денеден суунун чыгарылышын өтө төмөн деңгээлге түшүрүшөт.

Мындан тышкары, бул «вазопрессин» гормону мээбизде чаңкоо сезимин да пайда кылат. Биз болсо ичибиздеги бул кемчиликсиз системанын иштеп жатканынан эч кабарсыз, бир чыны суу ичип денебиздин суу тең салмактуулугун камсыз кылабыз.

Эгер гипофиз гормону жана бул гормон алып келген «сууну коротууну азайткыла» деген буйрукту түшүнүп аткаруучу бөйрөк клеткалары болбогондо, суу жетишсиздигинен өлүп калбаш үчүн бир күндө 15-20 литр суу ичишибиз керек болмок. Бул сууну тынымсыз сыртка чыгаруу керек болгондуктан, уктай албай же бир жерде көпкө отура албай калмакпыз.

Көрүнүп тургандай, денебиздеги суунун көлөмүн тең салмакта кармаган бул системанын бүт бөлүктөрү мээ менен ортоктошуп иштөөдө. Аортадагы клеткалар бир кабар жөнөтүп, суу жетишсиздигин кечиктирбей мээге билдирет. Мээ болсо бул кабардын эмне мааниге келээрин ошол замат түшүнүп, бир кабарчыны жолго салат жана ал кабарчы денедеги көптөгөн органдардын арасынан тиешелүү органга, б.а. бөйрөктөргө барып, эмне кылуу керек экенин айтып берет.

Бул процесстер бир күндө канчалаган жолу, биздин эч кабарыбызсыз кайталанып турат. Болгондо да, бир эле биздин денебизде эмес, айланабыздагы бүт адамдардын; мурда жашап өткөн жана мындан кийин дүйнөдө жашай турган адамдардын денелеринде да бул система бар. Баарында абдан сезгич кабылдагычтар бар. Баарынын денесиндеги клеткалар кан басымы өзгөргөндө эмне кылуу керек экенин билишет. Бүт адамдардын бул милдетти аркалаган клеткаларында кандагы басымдын өзгөрүшүн өлчөй турган түзүлүшү бар.

Мынчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир система кантип пайда болгон, жана кантип баарынын өзгөчөлүктөрү бирдей болуп калган?

Мындай механизмдин сокур кокустуктардын натыйжасында пайда болбошу акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Системанын бөлүктөрүнүн мындай өзгөчөлүктөргө өзүнөн-өзү ээ болуп калышы да мүмкүн эмес. Бир адам окуп түшүнүшү үчүн дагы көңүл буруп, ойлонуусун талап кылган бул иш-аракеттерди клеткалардын өз алдынча ойлоп таба албашы да анык. Вазопрессин денебиздеги жүздөгөн гормондун бирөөсү гана. Башка гормондор дагы денедеги органдар менен ушул сыяктуу байланышта болот. Жана эч бир гормон кабарын туура эмес бир органга алып барбайт. Жана ар бир орган ага келген гормондун алып келген кабарын туура жана толук түшүнөт. Мындай системанын улуу бир акыл тарабынан жаратылганы анык. Бул акылдын ээси бүт баарын жараткан Аллах.

Ар бир адам өзүнүн денесинде жаратылган бул кереметтер жөнүндө ойлонуп, аны кемчиликсиз кылып жараткан Аллахка шүгүр кылууга милдеттүү.

1 

1. Бөйрөк
2. Бөйрөк үстүндөгү без
3. Бөйрөк үстүндөгү бездер чаңкоо аймагын стимулдай турган гормондорду чыгарат.
4. Жүрөк
5. Жүрөктөгү барорецептордон алынган маалымат гипоталамуска барат.
6. Суу жетиштүү көлөмгө жеткенде тил менен ашказандан резерв толукталды деген кабар жөнөтүлөт.
7. Ашказан
8. Гипоталамустагы кабылдагыч клеткалар
9. Гипоталамус шилекей безине "өндүрүштү токтот" буйругун берет. Натыйжада ооз кургап баштайт.

Төрөт толгоолорунун жана эненин сүтүнүн булагы: мээде чыгарылган бир гормон

Кош бойлуулуктун мөөнөтү бүткөндө, күтүүсүз башталган төрөт толгоолору жаңы бир жашоонун башталышын сүйүнчүлөйт. Окситоцин аттуу бир гормон төрөт толгоолорун баштатуучу жана бул окуянын алгачкы кабарчысы болгон бир зат болуп саналат.

Мээден чыгарылган бул гормон негизинен эки жерге таасир берет. Биринчиси эне жатынын түзгөн булчуңдар, экинчиси болсо көкүрөктөн эне сүтүнүн чыгышына шарт түзүүчү булчуң түзүлүшүндөгү клеткалар.

Төрөт учурунда эне жатынынын жакшы жыйрылышы баланын төрөлүшү үчүн абдан маанилүү. Бул гормон жатынды түзгөн булчуңдардын абдан күчтүү жыйрылышына шарт түзөт. Бирок муну 9 ай 10 күндүк мөөнөт бүткөндө кылат. Эрте да, кеч да эмес... Себеби эки учур тең наристенин өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Убагы келгенде мээге жатындын оозундагы кабылдагычтардан сигнал жөнөтүлөт. Бул сигналдарды алган мээ болсо абдан алыста жайгашкан эне жатынындагы кабылдагычтарга эң төп келе турган окситоцинди чыгарып, максатка жете тургандай кылып жөнөтөт.

Мындан тышкары, окситоцин гормонунун дагы бир кызматы бар. Дүйнөгө келген наристеге азык болушу үчүн эне сүтүн чыгарат жана наристе бул сүт менен азыктанат.

Эми ойлонолу.

Мээбиздин кичинекей бир бөлүгүндөгү клетка кантип эне жатыны үчүн төрөттү жеңилдете турган гормонду өндүрүү чечимин чыгарган?

Бул гормон кантип дененин ичинен өз жолун таап, кандайдыр бир башка органга барбастан, керектүү жерге гана барат?

Наристе аман калышы үчүн 9 ай 10 күн эне жатынында жетилиши керек экенин билген жана бул механизмди дал керектүү учурда кыймылга келтирген акыл кимдин акылы?

Наристе азыктанышы үчүн сүт керек деп ойлонуп, ал сүттү эненин денесинен чыгартуучу системаны курган окситоцин гормонубу?

Окситоцин гормону денебиздеги миңдеген гормондун бирөөсү гана. Ушул сыяктуу, ар бир гормон өтө чоң уюштурууларды жасайт, өтө маанилүү чечимдерди алат, аларды ишке ашырат, клеткалар менен байланыш түзөт, денеге керектүү секрецияны пайда кылат, анын керектүү өлчөмүн аныктайт, убактысын жана бөлүп чыгаруу мөөнөтүн жөнгө салат, жана дагы көптөгөн татаал иштерди эч катасыз орундатат.

Таң калтырарлык даражада кемчиликсиз жана пландуу түзүлгөн бул тартиптин кокустан же өзүнөн-өзү иштебеши анык. Пландуу уюштурулган бул системалардын жана гормондордун баарын эң майда бөлүгүнө чейин жараткан жана башкарган – чексиз акыл ээси Аллах.

2 

1. ADH менен окситоцин гормондору гипоталамуста өндүрүлөт.
2. Керектүү учурда ADH менен окситоцин аксон учунан канга чыгарылат.
3. Гипофиз бези
4. Артерия
5. ADH
6. Мээден келген буйрук менен чыгарылган окситоцин аттуу гормон өз убагында төрөт толгоолорун жана эне сүтүнүн чыгарылып башташына жооптуу.
7. Жатындагы жылма булчуңдар
8. Окситоцин

9. Көкүрөктөгү сүт бездери
10. ADH бөйрөк түтүкчөлөрүнө таасир берет. Окситоцин болсо жатын менен сүт бездерине таасир берет.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

2016-03-13 23:05:05

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top