Кызыктар дүйнөсү: Жынысты айырмалай алуучу молекулалар: гормондор

Turmush -  Адам денесиндеги клеткалар менен гормондордун арасында улуу бир шайкештик бар. Дене гормондорду тааныйт. Гормондор алып келген кабарларда эмне бар экенин заматта түшүнөт. Гормондор дагы дененин качан кайсы жагына бараарын жана кандай таасир берээрин абдан мыкты билишет. Аялдар менен эркектерде бир эле гормондор бөлүп чыгарылганы менен, эки жыныстагы гормондордун таасирлери такыр башка башка болот. Мисалы, FSH аттуу (фолликулду стимулдоочу) гормон аялдарда энелик клетканын пайда болушуна шарт түзөт. Эркектерде болсо ушул эле гормон сперманы пайда кылат.

LH (лютеиндештирүүчү гормон, лютропин) болсо аялдарда энелик клетканын эркин абалга келишине жана прогестерон аттуу башка бир гормондун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт. Прогестерон жатындын наристеге даярдалышында колдонулат. Ушул эле гормон эркектерде такыр башка милдетти аткарып, клеткаларды тестостерон гормонун бөлүп чыгарууга стимулдайт. Тестостерон болсо эркектик өзгөчөлүктөрдүн калыптанышына жана сперманын пайда болушуна шарт түзөт.

Бул гормондордун ар кайсы денеде бирдей формулада өндүрүлүп, бирок бири-биринен абдан айырмалуу таасирлерге себеп болушу, албетте, ойлондура турган көрүнүш.

Бир гормон эркектин денесинде бөлүп чыгарылганда клеткалардын бир эркекке тиешелүү экенин түшүнүп, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт. Мисалы, ал гормон эркектин денесинде булчуңдардын чоңойушуна, үндүн жоонойушуна жана сакал-муруттун чыгышына шарт түзөт.

Бул гормон аялдын денесинде дагы ушул эле формула менен чыгарылат, бирок аялда эркектерге тийгизген таасирлеринин дээрлик толук карама-каршысына себеп болот. Аялдарга аялдын үнүн, эркектерге эркектин үнүн берген, дененин өрчүшүн ошого жараша жөнгө салган бир гормон муну айырмалай алып жатса, демек ал аял менен эркектин денесинин анатомиясын, химиясын билет. Бул гормондун акылы бар, ал тургай, бул багытта билим алган деген мааниге келет.

Бул гормондор химияны кайдан үйрөнүшүүдө? Же бул гормондорду чыгарган клеткалар адам денесиндеги химияны түшүнүп эле тим болбостон, колдорундагы маалыматтарга карап, бир химиктей болуп өздөрүндө да өндүрүш жасап, башка клеткаларды да өндүрүш жасаганга кантип багытташууда? Булардын баарын кыла турган акылды клеткалар кайдан алышкан?

Бул акылдын клеткаларга жана ал клеткаларды түзгөн атомдорго тиешелүү эмес экени айдан ачык. Эркек менен аял үчүн өз-өзүнчө жөнгө салынган бул тартип бизге бул жерде бир жаратуу, бир план бар экенин көрсөтөт. Аллах – улуу кудуреттүү Жаратуучубуз.

1 

А. Аялдарда гормоналдык жөнгө салуу
В. Эркектерде гормоналдык жөнгө салуу

1. Гипоталамус; 2. Гипофиз бези; 3. Азыктанууу; 4. LH жумуртканы эркиндикке чыгарып, прогестерон аттуу гормонду чыгарат; 5. FSH аттуу гормон аялдарда энелик клетканы пайда кылат; 6. FSH гормону тестостеронго таасир берет; 7. LH гормону тестостеронго таасир берет; 8. Сперма өндүрүшү стимулданат.

Клеткалардагы аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасаткан күч өзүнүн бар экенинен да кабарсыз болгон бир гормон болушу мүмкүнбү?

Адам денесиндеги 100 триллион клетка тиреоид (калкан без) гормондорунун урматында өз милдетин кемчиликсиз орундатат.

Денеде тиреоид гормону канчалык көп болсо, клеткалар ошончолук ылдам иштешет. Эгер денеде жетиштүү көлөмдө тиреоид гормону чыгарылбаса, клеткалардын иш-аракеттери барган сайын жайлайт жана дээрлик токтоп калат. Ошондуктан канда дайыма белгилүү көлөмдө тиреоид гормону болушу керек.

Калкан бездин башка клеткаларга таасир берүү милдетин өз мойнуна жүктөп алышы, мындай чечимди өз алдынча чыгарышы мүмкүн эмес. Себеби башка клеткалардын бар экенинен кабарсыз. Ал болгону өз клеткаларынын ДНКларында жазылган буйруктарды толук орундатат.

Калкан безге бул жазылуу буйруктарды берген жана аларды аткарткан күч – бүт нерсени билген жана бүт майда-чүйдөсүнө чейин жараткан Аллах. Бул жердеги план жана аң-сезим калкан без деп аталган жана өзүнүн бар экенин да билбеген аң-сезимсиз бир тиштем этке эмес, Аллахка тиешелүү.

Бул чындыкты танган эволюционисттер болсо,

- калкан без өзүнөн-өзү бүт клеткаларды кыймылдатуу мажбурлугун сезген,

- ошондуктан бүт клеткаларга таасир бере турган гормондун долбоорун өз алдынча түзгөн,

- ал гормонду өз алдынча кемчиликсиз кылып өндүргөн,

- жана муну тынымсыз белгилүү көлөмдө канга чыгарып туруунун туура болоорун да калкан без өз башы менен чечкен дешүүдө.

Албетте, бул алардын бир божомолу гана. Адамдын денесиндеги бир бездин бул процесстердин баарын өз алдынча акыл жүгүртүп, жасай алышы эч мүмкүн эмес. Бүт баарын бири-бирине төп келиштирип, бири-бирине муктаж кылып жараткан – бул бүт баарын билүүчү Аллах.

2 

А. Азыраак чыгаруучу фактор; В. Аз санда тироиддикалкан безин стимулдоочу гормон; С. Кадимки тироксин деңгээли; D. Көп санда калкан безин стимулдоочу гормон; Е. Көбүрөөк чыгаруучу фактор.
1. Калкан бези; 2. Калкан безинин таасири; 3. Гипоталамус; 4. Гипофиз бези; 5. Таасирлер; 6. Көп иштөө; 7. Жайлайт; 8. Калкан бези; 9. Аз иштөө; 10. Ылдамдайт.

Бул схемада денедеги калкан бези гормонунун көлөмүнүн зат алмашууга таасири чагылдырылган.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

2016-03-13 23:31:20

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top