Ферменттер болбогондо бул текстти 40 миң жылда араң окумаксыз!

Ферменттер – бул жашоонун негизин түзгөн жана жашоо менен байланыштуу химиялык өзгөрүүлөрдү «керек учурда» ылдамдаткан белок молекулалары.

Бир фермент бир реакцияны 1010, б.а. 10 миллиард эсе ылдамдата алат. Мындай ылдамдатуу болбогондо, 5 секундалык бир процесс, мисалы бир сүйлөмдү окуу 1500 жылга созулмак. Бул убакыт аралыгында башка көптөгөн керексиз химиялык реакциялар да жүргөндүктөн, жашоонун жайлаганы мындай турсун, жашоо мүмкүнчүлүгү толук жоголмок.

Ферменттердин дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – бул алардын тандаганды билиши. Ферменттер дененин каалаган реакциясын ылдамдатып, кааланбагандарды ылдамдатышпайт. Эмненин кааланып, эмненин кааланбаганын кантип билишет? Ал үчүн денеде болуп жаткан бүт реакцияларды жана функцияларды билип, эмненин, качан жана кандай өлчөмдө керек экенинен кабардар болушу керек.

Мындан тышкары, ар бир фермент белгилүү молекулалар кирген химиялык реакцияларды гана ылдамдата алат. Фермент ал үчүн атайын бөлүнгөн молекуланын белгилүү бир аймагына гана туташа алат. Ал үчүн ферменттин формасы молекуланын тиешелүү аймагына бир ачкычтын кулпуга туура келишиндей туура келиши шарт. Башкача айтканда, фермент туура молекуланы таанып, ал молекуланын тиешелүү жерин билип, ошол жерге туташышы зарыл.

Көмүртек, суутек, кычкылтек сыяктуу аң-сезимсиз, жансыз атомдордон турган, мээси, көзү, акылы жана аң-сезими жок ферменттер реакцияны ылдамдатуу жоопкерчилигин эмне үчүн өз мойнуна алышкан, туура молекулаларды жана молекулалардын тиешелүү жерин кантип аныктай алышат? Кокустуктар жана аң-сезимсиз атомдор ферменттердин жашоого керектүү экенин кантип түшүнүшкөн?

Кокустуктарды жана аң-сезимсиз атомдорду кудай катары көргөн эволюция теориясы бул суроолорго жооп бере албайт. Бул суроолордун жообу мындай: ферменттерди жашоо үчүн улуу бир кудурет, Жаратуучу Аллах жараткан.

1 

Молекулага (1) туташканы жаткан фермент (2).

Мурда эч жолукпаган микробдорго каршы чара көрө алуучу антителолор

Адамдын денесине күн сайын көптөгөн микробдор кирет. Иммундук система буларды тездик менен жок кылууга аракет кылат. Бирок жок кылына албай калган кээ бир микробдор менен чоочун заттар кан айлануу системасына кирип, кооптуулук жаратат. Мындай микробдор «антиген» деп аталат. Иммундук системанын клеткалары антигендерге каршы «антитело» деп аталган заттарды өндүрүү аркылуу аларды жок кылууга же көбөйүшүнө бөгөт болууга аракет кылышат.

Антителолордун эң негизги өзгөчөлүгү; алар табияттагы жүз миңдеген түрдүү микробду таанып, өздөрүн аларды жок кылууга даярдай алышат. Бирок эң кызыгы, лабораторияларда жасалып, адамдын денесине киргизилген жасалма антигендерди да тааный турган антителолор бар.

Бир клетка кантип жүз миңдеген түрдүү чоочун клеткаларды тааный алат? Мындан тышкары, жасалма жол менен алынган бир затты кайдан биле алат? Антитело денедеги антигендерди кандайдыр бир жол менен тааный алат деп кабыл алган күндө дагы, мурда эч көрбөгөн бир антигенди тааный алышы таң калтырбай койбойт. Болгондо да, антителолор денеге жаңы кирген бул чоочун затты заматта таанып, ага каршы колдонула турган эффективдүү курал-жарактарды да тездик менен аныктап өндүрө алышат. Дененин ичиндеги бир механизмдин сырткы дүйнө жөнүндө мынчалык таң калыштуу маалыматтарды билишин, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул жагдай эволюционисттерди чоң бир туюкка камоодо. Антителолордун денедеги ар кандай чоочун затты таануу касиетин өздөрүнүн теориясы менен түшүндүрө албаган эволюционисттер абдан логикасыз жана илимге сыйбаган сөздөр менен мындан кутулууга аракет кылышат. Эволюционист илимпоздордон Али Демирсойдун бир антителонун жасалма бир антигенди таанышы жөнүндөгү сөздөрү буга мисал боло алат:

Бирок жыйырманчы кылымда жасалма жол менен синтезделген бир химиялык затка каршы антитело жасоо системасын мурда эле иштеп чыгып койгон клетканын демек көзү ачык (Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1995, s. 420).

Профессор Демирсойдун сөзүнөн да көрүнүп тургандай, эволюционисттер организмдердеги системалардын кемчиликсиздигин кабыл алышат, бирок кызыктай жолдор менен түшүндүргөнгө аракет кылышат. «Бул бир эволюция керемети» же «бул клетка бир көзү ачык сыяктуу» деген сымал талисмандуу сөздөрү менен элди «гипноздогонго» аракеттенишет. Чындыгында болсо, бул жерде кереметтүү бир жагдай бар. «Көзү ачык» деп кээ бир маалыматтарды алдын ала билген киши айтылат. Бир клетканын бир нерсени билиши, болгондо да, өзүнөн абдан алыстагы нерселер жөнүндө маалыматынын болушу кереметтүү бир касиет. Жансыз атомдордун жыйындысынан турган бир клетканын кокустан, өзүнөн-өзү өзгөчө туюмдуу болуп калышы же жогорку маалыматтарды билип калышы, албетте, мүмкүн эмес. Мындай ойду айтуу акыл менен логиканын чегинен чыгуу деген мааниге келет. Антителолорго бул жөндөмдөр, эң майда-чүйдөсүнө чейин, чексиз илимдүү Аллах тарабынан берилген.

2 

1. В клеткалары; 2. Жилик чучугунда өндүрүлүшөт; 3. Сырттагы антигендер; 4. В клеткалары антитело жасашат;5. Антителолор; 6. Антителолор антигендерге толук туура келишет.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:285280

2016-04-09 02:50:30

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top