Көрүп, бирок ойлонбогон нерселериңизде сансыз илим жана керемет жашырылган

Ар бир адам бычак манжасын кесип кеткенде, кандын кыска убакыт ичинде уюп, канабай калаарын билет. Мынчалык кыска убакытта кан кантип уюйт, денебизде кандай процесстер болот?

Кандын уюшун унаа жолунда бир кырсык болгондо, шашылыш чакыруу менен келген жол күзөт кызматынын жана тез жардамдын биринчи жардамына салыштырууга болот.

Дененин кандайдыр бир жери канаганда биринчи жардам тромбоциттерден келет. Тромбоциттер кандын ичинде чачыранды абалда жүрүшөт, ошондуктан дененин кайсы жери гана канабасын, сөзсүз ага жакын бир жерде күзөттө кыдырып жүргөн бир тромбоцит болот.

«Фон Виллебранд фактору» деп аталган бир белок болсо кырсыктын ордуна белги коюп жардам чакырган бир жол полициясындай болуп, тромбоциттерди көргөндө жолун тороп, канап жаткан жерге токтотот.

Окуя болгон жерге келген биринчи тромбоцит, чөнтөк телефону менен жардам чакырган сымал, бир зат бөлүп чыгарып, башкаларды да ал жерге чакырат.

Ал ортодо денедеги 20 фермент чогулуп, жарааттын бетинде тромбин аттуу бир белок чыгарып башташат. Тромбин ачык жараат болгон жерде гана өндүрүлөт. Бул кырсык болгон жердеги тез жардам кызматкерлеринин оорулууга керектүү дарыны ошол жерде өндүрүшү сыяктуу бир көрүнүш. Болгондо да, дары-дармек керектүү өлчөмдө гана өндүрүлүшү керек. Ошондой эле, бул белоктун өндүрүшү өз убагында башталып, өз убагында токтотулушу зарыл. Баштоо жана токтотуу буйругун бул белокту өндүргөн ферменттер өз араларында беришет.

Тромбин молекуласы жетиштүү көлөмдө өндүрүлгөн соң, фибриноген аттуу жипчелер жасалат. Бул жипчелердин өтө маанилүү бир кызматы бар: кандын бетинде бир тор пайда кылышат жана келген тромбоциттер бул торго илинип чогулушат. Бул чогулуу жетиштүү көлөмгө жеткенде кан сыртка чыкпай калат. Жараат толук айыкканда болсо уюган кан кайра ушул сыяктуу процесстер менен таратылат.

1 

1. Тери; 2. Кан тамырлары; 3. Кызыл кан клеткалары; 
4. Уюган кан; 5. Кургаган фибрин; 6. Жаранын пайда
болушу; 7. Кан тамырлары; 8. Кызыл кан клеткалары;
9. Ак кан клеткалары.

Бул жерде сөз кылынган ферменттер жана белоктор – жансыз, аң-сезимсиз, көзү жок атомдордун ар кандай формада тизилишинен келип чыккан түзүлүштөр. Булардын ар бири жараат пайда болоор замат белгилүү милдеттерди аркалап, тездик менен аккан канды токтотуу үчүн «уюшушат». Ортоктошуп иштеп бир дары өндүргөн сыяктуу керектүү белокторду «өндүрүшөт», жардам үчүн башкаларга «кабар жөнөтүшөт». Башкалар болсо кабардын маңызын «түшүнүп», шашылыш түрдө окуя болгон жерге «келишет» жана ар бири өз милдетин толук аткарат.

Муну унутпаш керек: бул жерде «уюшушат», «өндүрүшөт», «кабар жөнөтүшөт», «түшүнүшөт» ж.б. деп айтылган нерселер – болгону бир аң-сезимсиз атомдордун биригишинен келип чыккан ферменттер. Бул атом топторунун мынчалык пландуу иштерди жасашы, албетте, абдан улуу бир керемет.

Мындай системанын тирүү организмдердин денесинде кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Ар бир бөлүгү өзүнчө бир план жана эсепке таянган бул система Аллахтын чексиз илиминин, акылынын жана кудуретинин бир көрсөткүчү. Бул система кокустан пайда болгон деген пикирди жактаган дарвинисттердин канчалык логикадан тайганын бул жерден да апачык көрүүгө болот.

2 

1. Уюу клеткалары; 2. Кандын уюшу.

Иммундук клеткалар көп маалыматтуу бир эс-тутум менен жаратылышкан

3 

1. Бактерия калдыктарынын айланага тарашы
2. Жараат
3. Микробдордон чыккан калдыктар
4. Макрофаг бактерияларды жутууда
5. Макрофаг жараатты көздөй баратат
6. Макрофаг кан тамыры аркылуу жараат болгон жерге келет
7.Кан тамыры.

Денеңиздеги микробдук чабуулдардын сигналын заматта кабар алып, коргонуу коңгуроосун кагуучу клеткаларыңыз бар экенин канчалык билчү элеңиз?

Денеде кандайдыр бир инфекция болгондо, мисалы, ачык жараатыңыздын бетине микроб түшкөндө иммундук клеткалар ошол замат коңгуроо кагышат. Макрофаг аттуу бул иммундук клеткалар микробдордун чабуулун токтото алуу үчүн мүмкүн болушунча эң кыска убакытта инфекция болгон жерди аныктап, ал жерге баруулары зарыл. Инфекциянын ордун аныктоодо макрофагдар кээ бир өзгөрүүлөрдү байкашат. Мисалы, ал аймакта бактерия калдыктарынын пайда болгонун, инфекциялуу тканьдан зыяндуу заттар чыкканын жана ал жерде кандын уюшунан келип чыккан заттарды аныкташат. Эгер макрофагдар инфекциялуу тканьдын себебинен келип чыккан өзгөрүүлөрдү байкабаганда, денеге күн сайын келүүчү сансыз коркунучтардан коргоно алмак эмеспиз.

Бирок бул жерде кызыктуу бир жагдай бар. Макрофагдардын көпчүлүгү мындай чабуулду биринчи жолу көрүп жаткан болот. Анда бул микроскопиялык жандыктар тапкан нерселеринин бир коркунучтун сигналы экенин кайдан билишет? Бул жөнүндө атайын билим алышканбы?

Албетте, макрофаг деп аталган микроскопиялык клеткаларды «билим» алган деп айтууга болбойт. Бул маалыматтардын баары биринчи дүйнөгө келгенден баштап макрофагдардын эс-тутумунда болот. Жана аларга бул эс-тутумду берген, душмандан денени кандай коргоорун илхам кылган улуу бир кудурет бар. Иммундук клеткаларга дененин сыртынан келген бир чабуулдун натыйжаларын тааныштырып, аларды бул маалымат менен бирге жараткан – ааламдардын Рабби Аллах.

Бир жериңизден жараат алганыңызда аны ким айыктыраарын ойлондуңуз беле

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:285794

2016-04-09 02:56:23

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top