Дүйнөнүн эң комплекстүү түйүнү мээбизде

Адамдын мээсинде бир канча ишти бирдей жүргүзө ала турган бир система бар. Мисалы, бир адам мээсиндеги кемчиликсиз түзүлүштүн урматында бир тараптан машинасын айдап баратып, бир тараптан музыканы алмаштырып, үнүн оңдой алат, ал ортодо рульду да башкара алат. Бир канча жумушту бирдей жасап жатып да, алдындагы машиналарды же адамдарды сүзүп албайт. Ошол эле учурда буттары менен газ педалын башкара алат. Радио угуп анда айтылгандарды да толук түшүнө алат. Сүйлөп жаткан сөзүн калган жеринен уланта алат. Кыскасы, бир адам мээсиндеги кереметтүү кубаттуулуктун урматында бир учурда бир канча жумушту жасай алат. Муну мээдеги нерв клеткаларынын өз ара байланыштары камсыз кылат.

1

Мээдеги кемчиликсиз системаны түзгөн эң негизги элементтердин бири – бул саны 10 миллиарддын тегерегинде болгон нерв клеткалары жана бул клеткалардын арасындагы маалымат алмашууну камсыз кылган 100 триллион байланыш. 100 триллион өтө чоң бир сан. Бул сандын чоңдугу жөнүндө биохимия профессору Майкл Дентон мындай дейт:

«100 триллион, албетте, биз элестете албай турган бир сан. Американын аянтынын жарымындай бир жерди элестетиңиз. Эгер бул аймактын баарын дарак каптап турат жана ар бир дарактын 10 миң жалбырагы бар деп кабыл алсак, анда бүт ушул аймактагы жалбырактардын саны мээбиздеги байланыштардын санына жакын болот».

Мээбиздеги кереметтер байланыштардын саны менен эле чектелбейт. Себеби бул 100 триллион байланыштын баары дал керектүү жерлерде. Эгер бул байланыштардын кандайдыр бирөөсү туура эмес бир жерде болгондо же бул тармактын бир жери кем болгондо, мунун натыйжасы өтө оор болмок. Бирок мындай нерсе болбойт жана кээ бир оорулардан тышкары, кадимки шарттарда бүт адамдар аларга кадыресе сезилген, бирок түпкүрүндө триллиондогон процесстен турган бир өмүрдү сүрүшөт.

Дарвинисттер болсо бул 100 триллион байланыш кокустуктардын натыйжасында пайда болгон дешет. Башкача айтканда, алардын ою боюнча, адамдын денесин түзгөн 100 триллион клетканын 10 миллиарды кайсы бир себеп менен нерв клеткаларына айланууну чечип, формалары менен өзгөчөлүктөрүн өзгөртүшкөн. Алардын көрсөткөн керемети муну менен эле бүтпөй, 100 триллион байланышты колдонуп өз ара бири-бирине туташышкан. Жана бул 100 триллион байланыштын бирөөсүнүн дагы линиясы туура эмес болгон эмес. Дарвинисттердин мындай көз-карашы «Стамбулдай чоңдуктагы бир шаардын бүт электрдик тармагы бир түнү болгон бир бороондун натыйжасында кокустан түзүлүп, бир үй да калбай, бүт үйлөргө электрдик линия тартылып калган» деген сөздөн да алда канча логикасыз жана акылсыз. Бүт бул системаны курган жана контрольдогон улуу бир күч-кудуреттин бар экендиги апачык бир чындык. Бул күч-кудурет баарыбыздын Жаратуучубуз Аллах.

Алган маалыматтарыбыздын баары Аллахтын улуу жаратуусунун бир мисалы

Денебиздеги нерв клеткалары бир тармак сыяктуу. Бул тармак аркылуу мээ менен органдардын арасында сансыз буйрук жана сигналдар барып келип турат. Бирок бул үзгүлтүксүз бир тармак эмес, жогоруда айтылгандай, нервдердин арасында боштуктар бар. Бир кабар бул боштуктарга жеткенде, электрон ташуучу ферменттер кабарды кийинки нервге өткөрүшөт.

Электрондорду ташуучу ферменттер жүгүн түшүргөн соң кийинки нервдин учунун алдында бошоп калышат. Бирок ал жерге чогула берсе, арттан келген башка электрон көтөргөн ферменттердин жолун тосушат. Натыйжада электрдик сигналдар кийинки нервге өтпөй, агым үзгүлтүккө учурайт. Бирок мындай маселе жаралбайт. Себеби «ацетилхолинэстераза» аттуу атайын бир фермент нервдин учунун алдында чогулган химикаттарды майдалап ал жерден алыстатат. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниде «ал жерди шыпырып тазалайт». Ошентип арттан келген электрон ташыгычтардын алды тынымсыз тазаланып турат. Эч бир үзгүлтүккө жол берилбейт.

Денебиздеги он миңдеген түрдүү ферменттин арасынан бир эле «ацетилхолинэстераза» болбогондо, жашай алмак эмеспиз. Себеби бул кайсы бир мааниде бүт дененин электрдик тармагынын үзүлүшү деген мааниге келет.

Ар бир адам бул жерде өзүнө төмөнкү суроону узатышы керек: организмдин денесинде кичинекей бир нерсенин дагы унутулбашы үчүн кемчиликсиз системаларды курган, эч кандай аң-сезими, билими жана эрки жок молекулаларды эң туура жана эң акылдуу иш-аракеттерди жасай турган кылып программалаган ким?

Бүт бул акыл, билим жана кемчиликсиз чыгарманын ээси эч кандай кокустуктар эмес. Эволюционисттер бул суроолордун алдында айла жоктон унчукпай, жоопсуз калышат. Себеби ар бир ферментти жараткан, ар бирине өз милдетин тапшырган, жашоону кемчиликсиз кылып жоктон жараткан Улуу Аллах.

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)

2 

1. Нерв клеткасынын учу;
2. Ацетилхолинэстераза эң керектүү жерде орун алган;
3. Ацетилхолин ферменттери;
4. Нерв клеткаларынын арасындагы боштук;
5. Тазалоо үчүн күтүп жаткан ацетилхолинэстераза ферменти;
6. Нерв клеткасынын учу.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:286733

2016-04-09 03:01:30

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top