Кичинекей бир молекуланын касиеттери дагы эволюция теориясын кыйратууга жетиштүү

Тромбин – фибриногенди фибринге айлантып канды уютуучу бир белок. Бирок бул белок дайыма кандын ичинде жүргөнү менен, ар дайым канды уютуп анын агышын токтото бербейт. Тамырлардын бири канаганда гана кандын уюшу керек экенин түшүнүп, канды уютат. Эгер тромбин тынымсыз канды уюта бергенде, кандагы тромбин белоктору себептүү тамырлардагы бүт кан уюп калмак жана организм жашай алмак эмес. Анда, кантип керек учурда тромбинде бир заматта канды уютуу касиети пайда боло калат?

Тромбин демейде канда активдүү эмес протромбин абалында жүрөт. Активдүү болбогондуктан, канды уютуу милдетин аткара албайт. Ушундайча организм контрольсуз бир кандын уюшунан корголот.

Бир жер жараат алганда, б.а. канаганда протромбинди активдештирип, тромбинге айландырган эмне?

«Стюарт фактору» деген бир белок протромбинге таасир берип, аны канды уюта турган тромбинге айландырат. Бирок Стюарт фактору дагы канда активдүү абалда болбойт жана аны да бирөө активдештириши керек болот.

Бул жерде бир жумуртка-тоок мисалы сыяктуу бир жагдайга туш болобуз. Стюарт фактору активдешиши үчүн акселерин аттуу башка бир белок керек. Стюарт фактору акселерин аркылуу активдешет жана активдүү Стюарт фактору протромбинди тромбинге айлантат; натыйжада канаган жер басылат. Бирок көңүл буруңуз: негизи акселерин дагы башында активдүү эмес проакселерин абалында болот. Аны эмне активдештирет? Тромбин!

Бирок тромбин эсиңизде болсо бул окуя тизмегинде проакселеринден кийинчерээк катарда турат. Бул жерде акселериндин өндүрүшүндө роль ойногон тромбин неберенин таенеси төрөлө электе бар болушуна окшошот. Стюарт фактору протромбинге өтө жай таасир бергени үчүн, канда дайыма белгилүү көлөмдө тромбин болот. Ошондуктан бул аз сандагы тромбин алгач акселеринди активдештирет жана андан соң кандын уюшуна керектүү белоктордун баары домино таштары сыяктуу катары менен активдешип, кан уюйт.

Бул жерге чейин айтылгандар кандын уюшу жөнүндөгү абдан үстүртөн маалыматтар гана. Ондогон бөлүк бири-биринен көз-каранды иштеген жана эч бири бир жолу дагы өз милдетин аткарбай койбогон мынчалык комплекстүү бир системаны кокустуктардын натыйжасында пайда болгон деп айтуу, албетте, адамдын өмүрүндөгү эң логикасыз, эң акылга сыйбас бир көз-караш болот.

Бирок эволюционисттер жандыктарды, кандын уюшу да кошо бүт системалары менен бирге, акырындап, этап этабы менен эволюциялашкан дешет. Бирок, кандын уюу процессинен да көрүнүп тургандай, бүт белоктор менен ферменттер кандын уюшунда бири-биринен көз-каранды жана бири болмоюнча экинчиси эч бир ишке жарабайт, ал тургай, ал жандыктын өлүмүнө себеп болот. Ошондуктан жандыктын жарым иштеген бир кан уюу системасы менен башка бөлүктөрдүн толукталышын күтүп отурууга мүмкүнчүлүгү да, убактысы да болбойт жана бат эле өлүп жок болот. Жыйынтыктасак, ушул бир эле мисалдан да апачык көрүнүп тургандай, жандыктар эволюция менен пайда болгон деген көз-караш акылга да, илимге да, логикага да туура келбейт. Тирүү организмдердин денелеринде буга окшогон жүздөгөн бири-биринен көз-каранды системалар бар жана бул системаларсыз организм жашай албайт.

Бул системалардын баарынын Жаратуучусу Аллах.

1 

1. Кесик; 2. Кандын сыртка агышы; 3. Протромбин; 4. Фибриноген; 5. Бир жараат болгондо канды уютуучу ферменттер өз жумушун баштайт; 6. Кандын агуу багыты; 7. Кан уюшу үчүн алгач Стюарт фактору протромбинге таасир берет; 8. Стюарт фактору; 9. Протромбин; 10. Тромбин; 11. Ошентип канда эркин жүргөн протромбин тромбинге айланат; 12. Тромбин; 13. Фибриноген; 14. Фибрин; 15. Тромбин фибриногенди фибрин жипчелерине айлантат. Ошентип кан уюйт (жара пайда болот).

Өмүрүңүздүн кылдын учунда турганын билесизби?

Бир эле ферменттин кем болушу адамзаттын тукум курут болушуна себеп боло алат. Муну түшүнүүгө бир эле мисал жетиштүү...

Нерв клеткалары денебизди тордой ороп турат. Бул нерв тармагы аркылуу тынымсыз маалымат агат. Электрдик сигналдар нервдер аркылуу мээ менен органдардын арасында тынымсыз сансыз буйрук жана сигналдарды ташып турушат.

Бирок нерв клеткалары дененин бир учунан экинчи учун көздөй созулган, бир бүтүн кабель сыяктуу эмес. Учу-учуна туташышкан, бирок ортолорунда боштуктар бар. Бири-бирине тийбей турушат.

Анда, электрдик заряд бир нервден экинчисине кантип өтөт?

Бул жерде өтө татаал бир химиялык система кызмат кылат. Нерв клеткаларынын арасында атайын бир суюктук бар жана ал суюктукта абдан өзгөчө кээ бир химиялык ферменттер болот. Ал ферменттер кереметтүү бир өзгөчөлүгүнөн улам «электрон ташый» алышат. Электрдик сигнал бир нервдин учуна жеткенде, электрондор бул ферменттерди минишет. Ферменттер болсо нервдердин арасындагы суюктукта сүзүп, электрондорду кийинки нервге өткөрүшөт. Натыйжада электрдик заряд кийинки нерв клеткасына өтүп өз жолун улантат. Бул процесс секунданын абдан кичинекей бир бөлүгүндө болуп өтөт жана электрдик заряд эч үзгүлтүккө учурабайт. Көрүнүп тургандай, адамдын денеси толугу менен бар болуп, бир эле фермент кем болсо, адам деген жандык жашабай калат же ал жандык өз функцияларын аткара албай калат. Башка миңдеген ферменттин кандайдыр бир бирөөсүнүн кем болушу да, ушундай эле жыйынтыкка алып келет. Ошондуктан эч бир жандык, эволюция теориясы айткандай, миллиондогон жыл сокур кокустуктардын аны толукташын күтүп отура албайт.

Демек, бир гана чындык бар: адам да кошо бүт жандыктар азыркы кемчиликсиз түзүлүштөрү менен бирге бир жолуда толук бойдон пайда болушкан, башкача айтканда, Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылышкан.

2 

1. Эки клетканын арасындагы боштук;
2. Электрдик сигналды ташуучу фермент.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:287958

2016-04-09 03:08:44

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top