Убакытты пландап, жынысты айырмалай алган гормондор

Балким биринчи окуганда ишенүү кыйын болоор, бирок денеңиздин ичинде көптөгөн сааттар бар. Илимпоздор биологиялык саат деп атаган бул түшүнүк дененин ар кайсы бөлүктөрүнө жайгаштырылган жана ар бири өзүнүн аткарган кызматына жараша убакытка программаланган көптөгөн микросааттан турат. Мындай микросааттардын бири мээнин гипоталамус аймагына орнотулган.

1

Адамдардын жаш баладан өспүрүмгө өтүү этабында өзгөрөөрүн, бойго жетүү доорунан өтөөрүн жана бул доордо адам денесинде белгилүү өзгөрүүлөрдүн болоорун баарыбыз билебиз. Бойго жеткен доорго өтүү аялдарда 8-14, эркектерде 10-16 жаштардын арасында болот.

Реклама

 

Ушул күнгө чейин жаратылган миллиарддаган адамдын баарынын денесине орнотулган жана эч жаңылбай, так иштеген бул кандай саат? Жана бир адамдын өспүрүм жашына келгенин кантип так аныктай алат?

Мээнин гипоталамус аймагы адам төрөлгөндөн баштап өзгөчө бир жумушту орундатуу үчүн бир нече жыл күтөт. Эң туура учур, б.а. жаш баладан өспүрүм дооруна өтүү учуру келгенде, гипоталамустун ичинде бир сааттын коңгуроосу кагылгандай эле болот. Бул гипоталамустун жаңы бир жумушту баштоо коңгуроосу болот.

Негизи илимпоздор бир кубулушту түшүндүрүү жана жеткиликтүү тил менен айтуу үчүн аны саатка салыштырышат. Гипоталамустун ичинде, албетте, эч кандай саат жок. Бирок бир тиштем эт канчалаган жыл күтүп отуруп, учуру келгенде гана бир жумушту жасап баштаса, аны «гипоталамустун ичинде бир саат бар» деп салыштыруу эң туура болот.

Гипоталамусту түзгөн клеткалар убакыттын келгенин кантип билишет? Илим дүйнөсү кичинекей бир эт бөлүгүндө мынчалык пландуу жана программалуу бир иш-аракеттин кантип жасалаарын алигече түшүндүрө алган жок. Бул кубулуш улуу бир керемет. Бул системаны келечекте балким тереңирээк түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк болоор. Албетте, бул багыттагы жаңы ачылыштар дагы Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун жаңы бир далили болот.

2

Бул коңгуроо кагылган соң гипоталамус атайын бир гормон (GnRH) бөлүп чыгарат. Бул гормон гипофиз безине эки гормон бөлүп чыгар деп буйрук берет. Себеби гормондорду бөлүп чыгаруунун эң идеалдуу учуру келген болот. Ал гормондор – Фолликулду стимулдоочу гормон (FSH) жана Лютеиндештирүүчү гормон (LH).

Бул эки гормондун өтө маанилүү кызматтары жана кереметтүү жөндөмдөрү бар. Экөө тең эркек менен аялдын денесинин өзгөчөлөнүү жана физикалык жетилүү процессин баштатат. Бул өтө маанилүү жагдай, себеби FSH жана LH гормондору бул өзгөрүүнү жүргүзө турган аймактарга туура келе тургандай долбоорлонгон. Жана эки гормон тең өз жумушун эң мыкты билгендей иш алып барышат.

FSH гормону аялдын денесинде энелик бездин ичинде жайгашкан энелик клеткалардын жетилип, өрчүшүн камсыздайт. Мындан тышкары, бул аймактан өтө маанилүү дагы бир гормондун, эстроген гормонунун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт.

FSH гормону ошол эле формула менен эркектин денесинде да бөлүп чыгат. Бирок, такыр башка таасирлерге алып келет. Урук бездеринин клеткаларын стимулдап, сперманын иштелип чыгышына шарт түзөт.

LH гормону аялдын денесинде жетилген энелик клетканы эркин коё берүү милдетин аткарат. Мындан тышкары, аялдарда прогестерон аттуу дагы бир гормондун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт.

LH гормону эркектин денесинде башка милдетти аткарат. Урук бездериндеги өзгөчө бир клетка тобун (Лейдиг клеткаларын) стимулдап, тестостерон аттуу гормондун бөлүп чыгарылышын камсыздайт.

Бул гормондордун эки жыныстын денелеринде бир эле формула менен чыгарылып, бирок эки жыныста эки башка таасирлерге себеп болушу, албетте, ойлондурарлык көрүнүш. Эркектин денеси менен аялдын денесинин айырмасын гормондор кайдан билишет? Бир эле формуладагы бир гормон кантип эркектин денесинде тестостеронду иштеп чыгарып, аялдын денесинде болсо прогестеронду иштеп чыгарат?

Бирдей формула менен чыгарылган гормондор эркектин денесин таанып, үнүн, булчуңдарын эркекке ылайыктуу кылып өзгөртсө, аялдын денесиндегилер кантип аялдын химиясын жана өзгөчөлүктөрүн билип, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт? Бир эле гормон менен ар башка таасирлерди пайда кылып, эки түрдүү жынысты жетилте турган мындай кемчиликсиз генетикалык программаны клеткалардын ичине ким орноткон?

Муну пландаган акыл кимге тиешелүү? Кокустуктаргабы, аң-сезимсиз клеткаларгабы же клеткаларды түзгөн атомдоргобу?

Бул акылдын кокустуктарга да, клеткага да, клетканы түзгөн атомдорго да тиешелүү эместиги ачык көрүнүп турат. Эркек менен аялга карап өз-өзүнчө жөнгө салынышы булардын атайын пландалганын көрсөтөт. Биздин улуу Жаратуучубуз – Аллах.

3

1. Гипофиз бези; 2. FSH; 3. LH; 4. Энелик без; 5. Урук бези.

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды, которгон Жунус Ганиев

Автордун грамматикасы менен стилистикасы сакталды 

http://barakelde.turmush.kg/news:296799

2016-06-17 13:35:49

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top