Эне сүтүндөгү кереметтер: пролактин жана окситоцин гормондору кызматта

Жаңы төрөлгөн бир наристенин азыктануу муктаждыгы бойго жеткен бир адамдан абдан айырмаланат. Ошондой эле, наристенин иммундук системасы бойго жеткен адамдыкына караганда алсыз болгону үчүн, иммундук система сырттан бекемделиши керек. Жаңы төрөлгөн наристенин бүт бул муктаждыктарына жооп бере турган эң идеалдуу азык – бул «эне сүтү». Жүргүзүлгөн изилдөөлөр эне сүтү менен азыктанган балдардын ден-соолугунун чың болоорун жана жакшы жетилээрин көрсөткөн.

Эне сүтүнүн дагы бир кереметтүү касиети болсо, чоңойуп жаткан наристенин өзгөргөн муктаждыктарына жараша курамындагы азыктары да өзгөрүп турат. Балдардын тамагын өндүргөн чоң фирмалар миллиондогон долларларды коротуп жүргүзгөн изилдөөлөрүндө наристе жакшы жетилиши үчүн эң идеалдуу тамак курамын табууга аракет кылышкан. Бирок аягында мындай курамдын жок экенин, наристенин муктаждыгынын өзгөрүшүнө жараша ар бир этапта тамактын курамын өзгөртүп туруу керек экенин аныкташкан. Андан соң эң алдыңкы технологиялуу лабораторияларда эне сүтүнө окшогон жасалма балдардын тамагын өндүрө башташты. Бирок эч бир жасалма тамак эне сүтүндөй боло алган жок.

Бул жерде чыныгы бир керемет бар. Эненин көкүрөгүндөгү бир катар клеткалар эч көрбөгөн жана эч тааныбаган сырткы дүйнөдөгү бир организмдин, жаңы төрөлгөн бир наристенин бүт муктаждыктарын эсептеп чыгууда. Андан соң илимпоздор лабораторияларда жасай албаган нерсени жасап, эч кемчиликсиз азык курамынан турган эне сүтүн өндүрүшүүдө. Бирок эненин көкүрөгүндөгү сүт бездерин түзгөн клеткалардын да, башка клеткалар сыяктуу эле, аң-сезими жана акылы жок. Мындай кемчиликсиз аралашманын формуласын өз алдынча эсептеп чыгып, өндүрүшү мүмкүн эмес.

Реклама

 

Эне сүтү кантип өндүрүлүп баштайт жана бул өндүрүш кантип башкарылат? Бул суроонун жообунда да көптөгөн кереметтер жашырылган. Сүттүн өндүрүшүндө гормоналдык система менен нерв системасы ортоктошуп иш алып барат. Кемчиликсиз бир маалымат алмашуу жана пландоонун натыйжасында бул өндүрүш ишке ашат.

Эненин көкүрөгүндөгү сүт бездерин иштетүүчү атайын бир гормон бар. Бул гормон, жогоруда айтылгандай, пролактин гормону. Пролактин гормону гипофиз безинен бөлүп чыгарылат.

Бирок кош бойлуулук периодунун башында пролактин гормонунун бөлүп чыгарылышын чектеген кээ бир факторлор бар. Ал факторлорду төмөн түшүп бараткан бир машинанын тормоз педалынын басылышына салыштырууга болот. Машина төмөн көздөй жылууга даяр, бирок тормоз басылып турганда жыла албайт. Башкача айтканда, сүт өндүрүшүнө тормоз басылган болот.

2 

Пролактин гормонунун тормоздолушу эң туура чечим. Себеби наристе али төрөлө элек болгондуктан, эненин эрте сүт бөлүп чыгарышынын эч пайдасы болбойт. Бул тормоз кантип басылат? Пролактиндин эрте бөлүнүп чыгышына кантип бөгөт коюлган? Бул суроонун жообунда Жаратуучунун бир керемети катылган. Мээнин гипоталамус аймагы пролактин гормонунун бөлүп чыгарылышына бөгөт болуучу бир гормон чыгарат. PIH (ProlaktinInhibitingHormon - Пролактинге бөгөт болуучу гормон) деп аталган бул гормон пролактиндин өндүрүшүн басаңдатат, б.а. кайсы бир мааниде тормоз басат.

Анда, тормоз басуу чечимин ким алган? Кош бойлуулук учурунда чыгарылган эстроген аттуу бир гормон гипоталамустун тормозду тебишине, б.а. PIH бөлүп чыгарышына шарт түзөт. Наристе төрөлгөн соң эстрогендин бөлүп чыгарылышы азайат. Эстрогендин азайышы PIH’тин азайышына себеп болот. Бул процесс буттун акырындап тормоздон алынышына жана машинанын акырындап төмөн көздөй жөнөшүнө окшошот. Ошентип пролактиндин өндүрүшү акырындап көбөйөт. Пролактин гормону болсо сүт бездерин эне сүтүн өндүрүүгө стимулдайт.

Бул жерде Жаратуучу тарабынан жаратылган чыныгы бир керемет бар. Кош бойлуулуктун биринчи айларында сүттүн чыгышына ушул долбоор бөгөт болот. Эми бул система жөнүндө тереңирээк ойлонолу:

Пролактин гормонун өндүргөн гипофиз клеткалары сүт бездерин кайдан таанышат? Сүт өндүрчү клеткаларга «сүт өндүргүлө» деген буйрукту кайсы акыл жана аң-сезими менен беришет?

Төрөттөн мурда пролактиндин чыгарылышына бөгөт болуучу гормондор азырынча сүт өндүрбөө керек экенин, дагы белгилүү убакытка чейин күтүү керек экенин кайдан билишет?

Бул гормондор сүттүн өндүрүшүнө пролактин себеп болоорун жана сүттүн өндүрүшүн токтото туруу үчүн пролактиндин бөлүп чыгарылышына жолтоо болуу керек экенин кайдан билишет?

Эне сүтүнүн эң керектүү убакытта өндүрүлүшүнө түрткү берүүчү дагы бир система бар, жана бул система да адам денесинин канчалык пландуу жаратылгандыгынын дагы бир далили.

Наристенин сүт эмиши эненин көкүрөк аймагындагы кээ бир нерв клеткаларынын гипоталамуска бир нерв сигналын жиберишине себеп болот. Бул сигнал гипоталамуска таасир берип, гипоталамустун пролактинди токтотуучу тормозун алып салат. Натыйжада көбүрөөк пролактин бөлүп чыгарылып, сүт бездерине сүт өндүрүү буйругу берилет.

Бул жөнүндө дагы бир жолу ой жүгүртөлү;

Эненин көкүрөгүнүн ичине төрөлгөндө эле кээ бир кабылдагычтар орнотулган. Ал кабылдагычтар наристенин эмүү рефлексин тааный тургандай долбоорлонгон. Ал кабылдагычтардан чыккан электрдик кабельдердин (нерв бутактарынын) бир учу алыс жерде жайгашкан бир органга, мээнин гипоталамус аймагына туташкан. Башкача айтканда, наристенин эмүү рефлексинин башталганын гипоталамус аймагына билдире турган атайын бир система жаратылган. Бул кабельдер эт менен сөөктөн турган адам денесиндеги триллиондогон ыктымалдыктын арасынан эң туура жерге туташышкан. Жаңылыштык менен мээнин көрүү борборуна, ашказанга же ичегилерге эмес, дал керектүү жерге, б.а. гипоталамуска туташышкан.

3 

Гипоталамусту түзгөн клеткалар болсо бул электрдик сигнал келээр замат эне сүтүнүн бөлүп чыгарылышы үчүн керектүү процессти баштатышат. Бирок бул клеткалардын эч кандай акылы жана аң-сезими жок. Ал сигналдын эненин көкүрөгүнөн келгенин, наристенин эмүү рефлексин кабар берип жатканын, ошондуктан эне сүтүн чыгаруу керек экенин, сүт чыгышы үчүн аларга негизги милдеттин жүктөлгөнүн, пролактинди көбүрөөк бөлүп чыгаруу керек экенин, себеби пролактиндин сүт бездерин ишке киргизээрин эч качан биле алышпайт. Анда, аң-сезимсиз клеткаларга бул акылдуу кыймыл-аракеттерди ким жасатат?

Ким эненин көкүрөгүнүн ичине кабылдагычтарды орноткон?

Ким бул кабылдагычтардан чыккан сигналдарды өткөрө турган кабельдерди тарткан?

Ким бул кабельдердин учун гипоталамуска туташтырган?

Ким гипоталамус клеткаларына бул сигнал келгенде гипофиз безин стимулдоо керек экенин үйрөткөн?

Ким гипофиз безин түзгөн клеткалардын ичине сүт бездерин ишке сала турган гормондун формуласын жазып койгон?

Ким бул гормонду баштын ичинде жайгашкан гипофиз безинен эненин көкүрөгүнө жеткире турган кан тамыр системасын пайда кылган?

Ким көкүрөк клеткаларын бул гормон келгенде ишке кире тургандай кылып жараткан?

Ким көкүрөк клеткаларына эне сүтүнүн, илимпоздор да туурай албаган, теңдешсиз формуласын үйрөткөн?

Бул суроолордун баарынын, албетте, бир гана жообу бар: ааламдардын Рабби Улуу Аллах.

Илим менен технологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында адам өз денесин тереңирээк изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул мүмкүнчүлүк адам денесиндеги системалардын канчалык улуу акыл жана план менен жаратылганын көрсөтүп, Аллахтын жаратуу чеберчилигин көз алдыга тартуулады.

Аллахтын бар экенин кабыл албаган адамдардын ар дайым айткан бир гана калпы бар: кокустук...

Алар тирүү организмдердеги жана ааламдагы кемчиликсиз план менен чеберчиликтин келип чыгышын бир гана кокустукка таяндырышат. Бирок жогоруда үстүртөн эле каралган «эне сүтүндөгү кереметтер» дагы алардын кокустук көз-карашынын негизсиздигин далилдөөгө толук жетиштүү.

Бул системадагы миңдеген бөлүктүн бир даанасынын дагы, мисалы бир даана көкүрөк, гипофиз, нерв же гипоталамус клеткасынын же бир даана гормондун дагы кокустан пайда болушу илимий жактан эч мүмкүн эмес. Бул системанын бөлүктөрүнүн баары өз ордунда, жашай алышы үчүн керектүү көмөкчү системалар (кан айлануу, дем алуу ж.б.) менен бирге, бир заматта пайда болушу зарыл. Муну болсо бир гана жол менен түшүндүрүүгө болот: бул система Аллах тарабынан жаратылган.

Эне сүтүндөгү кереметтин дагы бир далили болсо, окситоцин аттуу гормон.

Жогоруда эне сүтүн өндүрүүчү кемчиликсиз долбоорлонгон системаны карадык. Бирок бул жерде бир маселе бар: сүт бездеринде сүт өндүрүлсө эле маселе чечилбейт. Наристе эненин сүтүн эмчектин учунан, бутылкадан ичкендей, өз күчү менен эме албайт. Сүт сүт бездеринен көкүрөктүн учуна жеткирилиши керек. Антпесе, жогоруда каралган система эч бир ишке жарабайт, эненин сүтү сүт бездеринен көкүрөктүн учуна жете албайт жана жаңы төрөлгөн наристе азыксыз калат. Сүт көкүрөктүн учуна жана натыйжада наристеге кантип жеткирилет?

Тарых бою эненин сүтүн эмген триллиондогон адам, сиз да кошо, бул үчүн окситоцин гормонуна карыздар.

Окситоцин гормону сүт безинин каналдарынын айланасындагы булчуңдардын жыйрылышына шарт түзөт. Булчуңдардын жыйрылышы сүттү сүт бездеринен көкүрөктүн учун көздөй жылдырып, эмгенге даярдап койот. Ошентип баланы эмизгенде, наристе сүттү оңой гана эме алат.

Окситоцин гормонун өндүргөн клеткалар сүттү наристе эме алышы үчүн эненин көкүрөгүнүн учуна жеткирүү керек экенин, антпесе наристенин сүттү эме албашын кайдан билишет? Муну билген күндө дагы, сүт каналындагы клеткаларды жыйрылта турган формуланы кайдан үйрөнө алышат?

Бул системанын кемчиликсиздигин жакшыраак түшүнүү үчүн ар бир адам бул суроолорду өзүнө өзү узатышы керек. Адам денесиндеги ар бир клеткада көрүнгөн акыл менен аң-сезим бүт баарын жоктон жараткан Аллахтын чексиз илимин чагылдырууда. Аллах Куранда асмандагы жана жердеги бүт иштерди Өзүнүн жөнгө салаарын төмөнкүчө кабар берген:

Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат... (Сажда Сүрөсү, 5)

Окситоцин гормону

4 

Бул гормон гипоталамус тарабынан чыгарылып, гипофиздин арткы бөлүгүнө сактап коюлат. Керек учурда гипоталамустан келген нейрондук бир буйрук менен гипофиз тарабынан бөлүп чыгарылат. Сүт каналдарын кысуу кызматын аткарат.

Окситоцин гормону эне сүтүнүн өндүрүшүнөн тышкары, төрөт жакындаганда жатындын булчуңдарынын жыйрылышында да кызмат кылат. Төрөттүн оңой болушуна шарт түзөт. Төрөт жакындаганда окситоцин абдан көп бөлүп чыгарыла баштайт. Эң кызыгы, ал кезде жатындын булчуңдары да окситоцин гормонуна карата укмуш сезгич болуп калат.6 Төрөт учурунда кээ бир аялдарга оору басаңдап, төрөт жеңилирээк болушу үчүн тамырдан окситоцин берилет.

Окситоцин гормонун туура өндүрүү үчүн гипоталамусту түзгөн клеткалар алардан абдан алыс жерде боло турган төрөт процессин толугу менен билиши керек. Төрөттүн оор болоорун, бала төрөлүшү үчүн жатындын булчуңдары жыйрылып, наристени сыртты көздөй түртүшү керек экенин билиши зарыл. Мындан тышкары, жатындын булчуңдары жыйрылышы үчүн бир химиялык зат өндүрүү керек экенин жана анын формуласын да билиши керек. Гипоталамус клеткаларынын гендерине окситоцин гормонунун өндүрүш планын жайгаштырган, дүйнөгө жаңы келе турган наристени, энени, эне жатынын жана гипоталамус клеткаларын жоктон жараткан Аллах.

Аллахтын асмандарда жана жерде болуп жаткан бүт окуяларды башкарып тураары жана бүт нерсенин Анын колунда экени Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Асмандарда жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «чын көңүлдөн моюн сунган» абалда. Жаратууну баштаган, кийин аны кайтара турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу мисал Аныкы. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман. (Рум Сүрөсү, 26-27)

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:294897

2016-06-17 13:44:30

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top