Аллахтын кудуретин толугу менен түшүнүү кандай болот?



Адам ар күнү ойгонгондон баштап эле, Аллахтын ага берген ниметтерин (жакшылыктарын) көрө баштайт. Дем ала алат, көрө алат, уга алат, ойлоно алат, жүрөгү согот, клеткалары жаңыланат. Курсагы ачат, тамак жейт, андан ырахат алат, кубат алат. Суусайт, суусунун кандыра алат. Сүйлөй алат. Булар Аллахтын инсан үчүн жараткан жакшылыктарынын болгону бир канчасы гана. Жакшылыктарды баалай алган инсан үчүн эң негизгиси Аллахтын күчүн толугу менен түшүнө билүү болуп саналат. Себеби, Аллахтын урматы аябай бийик, бардык нерсенин ээси, жаратуучусу. Аллахты бийик сыпаттары менен ойлонуп, аны таанып билүүгө аракет жасоо керек. Аллах Ыйык Куран аяттарында урматынын бийик экендигин төмөнкүчө билдирет:

Алар Аллахтын кудуретин акысына жараша (толугу менен) аңдап түшүнүшкөн жок. Чындыгында, Кыямат күнү жер толугу менен Анын уучунда, асмандар да оң колу менен түрүлүп бүктөлгөн болот. (Зүмер Сүрөөсү, 67).

Ааламда, инсандын жаратылуусунан кыяматтын ишке ашуу баскычтарына, асмандардын жаратылуусунан деңиздер жана тоолордун жаралуусуна чейинки ар бир окуяда кереметтүүлүк жана чексиз күч бар. Жана бул күч-кудурет бийик акылга ээ Аллахка гана тиешелүү. Аллах адамдарга китептер түшүргөн жана пайгамбарлар жөнөткөн. Ал Өзүнүн бийиктигин жараткан жандуулардагы окшошу жок чеберчилиги жана илими менен жана китептери, пайгамбарлары аркылуу бизге таанытууда. Адамдын милдети болсо, Аллахтын улуулугун, кудуреттүүлүгүн зарыл болгон деңгээлде аңдап түшүнүү үчүн мүмкүн болушунча терең терең ой жүгүртүү.

Жаратылуу максатыбыз эмне?

Жаратылуу максатыбызды Аллах бизге Куранда мындайча билдирет:

...инсандарды Мага ибадат кылуулары үчүн гана жараттым. (Зарият Сүрөөсү, 56).

Бул аятта бизге билдирилгендей, инсандын жер жүзүндө жашоосунун максаты жалгыз гана Аллахка пенделик (кулдук) кылуу, Ага ибадат кылуу (сыйынуу), Анын ыраазычылыгына ээ болуу болуп саналат. Инсан бул дүйнөдөн көзү өткөнгө чейин ушул багытта сыналат. Аллах дүйнөдө Ага ыйман келтиргендер менен ыйман келтирбегендерди бири-биринен айырмалоо жана ыйман келтиргендердин кайсынысынын көбүрөөк жакшы иштерди жасай тургандыгын аныктоо үчүн инсандарды сынайт. Ошондуктан, бир инсандын «мен ыйман келтирдим» деп айтышы жетиштүү эмес. Адам жашоосу боюнча Аллахка болгон ыйманы жана жакындыгы, диндеги туруктуулугу, кыскача айтканда, Аллахка кулдук кылуудагы сабыры менен атайын жаратылган шарттар жана абалдар менен сыналат. Аллах бул чындыкты бир аятында мындайча билдирет:

Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсынардын жакшыраак экендигин сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөөсү, 2).

Аллахка кулдук кылуу болсо инсандын бардык жашоосун Аллахтын ыраазычылыгына ээ болуу максаты менен жашоосу болот. Кылган ар бир ишин Аллах ыраазы боло турган эң жакшы негизде жасоого аракет кылышы, жалгыз Аллахтан коркуп тартынышы жана бардык ойлорун, сөздөрүн, кылган иштерин бул максат негизинде жасашы болот.

 
«Так (толук) илим менен ыйман» деген эмне?

Бир инсан колун отко сунганда күйүшүн билет, мындан эч кандай күмөнү жок. «Чындап эле күйөт болду бекен?» деп ойлонбойт. Демек, бул киши оттун колун күйгүзөөрүнө толук билүү менен ишенет. Куран аяттарында болсо «толук (так) илим менен ыйман» жөнүндө төмөнкүдөй айтылат:

Бул (Куран) инсандар үчүн нуру менен Аллахка багыттаган аяттар, так толук илим менен ишенген бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана бир Аллахтын рахматы (белеги). (Жасийе Сүрөөсү, 20).

Так толук илим менен ыйман келтирүү – жогорудагы от мисалындагы сыяктуу так толук бир ишеним менен, эч кандай күмөн санабастан, ошол учурда айланасында көргөн, сүйлөшкөн нерселер сыяктуу чындык экендигине так ишенүү менен Аллахтын бар жана жалгыз экендигине, Кыямат күнүнө, бейиштин жана тозоктун бар экендигине ишенүү болот. Так толук билүү менен ыйман келтирүү адамдын ар бир аракетин, жашоосунун ар бир көз ирмемин жалгыз гана Аллахты ыраазы кылуучу негизде өткөрө турган бир жүрөккө багыттайт. Аллах Андан корккон инсандын жүрөгүнө ар дайым сөзсүз эң туура болгон кадамды илхам кылат. Унутпашыбыз керек, көбүнчө инсандын жүрөгүндө эң алгач келген үн туураны туура эместен айырмалоочу уяттын үнү жана Аллах ыраазы боло турган кадам эң алгач угулган добуштун айтканы болот. Ошентип, Аллахтан корккон инсандар жүрөктөрүнүн, совесттеринин үнүн угуу менен туураны таба алышат.

Бир нерсени «пут кылып алуу» деген эмне?

«Пут кылып алуу» эл арасында ар кандай айкелдерге сыйынуу катары гана түшүнүлөт. Чындыгында, бул сөздүн кеңири мааниси бар жана өткөн замандарга гана тиешелүү көрүнүш эмес. Бир нерсени өзүнө пут кылып алган инсандын сөзсүз түрдө пут кылып алган нерсени «бул бир илах (сыйынууга татыктуу зат), мен буга сыйынуудамын» деп айтышы же ал нерсеге сежде кылуусу (алдына жыгылуусу) шарт эмес. Пут кылып алуунун негизинде адамдын бир нерсени же бир адамды Аллахка алмаштырып алышы жатат. Мисалы, бир адамдын ыраазычылыгын Аллахтын ыраазычылыгына алмаштыруу, бирөөдөн Аллахтан корккон сыяктуу коркуу же бирөөнү же бир нерсени Аллахты сүйгөн сыяктуу сүйүү. Куранда Аллах адамдардын Ага шерик кошкон путтарынын аларга бир пайда бере албастыгын төмөнкүчө билдирет:

Силер жалаң гана Аллахтан башка ар кандай путтарга сыйынуудасыңар жана ар кандай калптарды айтып жатасыңар. Чындыгында, силердин Аллахтан башка сыйынгандарыңар силерге ырыскы бергенге кудурети жетпейт; демек ырыскыны Аллахтан сурагыла, Ага кулдук кылгыла жана Ага шүгүр келтиргиле. (Анкебут Сүрөөсү, 17).

Путтардан кутулуп жалгыз гана Аллахты көздөгөн инсан жашап өткөн түп-тамырынан өзгөрүү эң алгач анын жүрөгүндө жашалат. Мурда өзүнүн каалоосуна, ар кандай ой жана караңгылык эрежелерге карап жүргүзгөн жашоосун мындан кийин жалаң гана Аллах ыраазычылыгын көздөп өткөрөт.

Аллахтын ыраазычылыгынын эң жогорусун тандоо деген эмне?

Турган жериңиз ири сел кырсыгына кабылса эмне кыласыз? Эң жогорку кабатка чыгып кутулууну күтөсүзбү же суу жогорулаган сайын бирден кабат өйдөгө чыгасызбы? Эң жогорку кабатка чыгууда тепкичтерди колдоносузбу же лифттиби? Мындай учурда адамды куткара турган эң натыйжалуу жолду тандоо акылга ылайык болот. Адам лифтти колдонуу менен эң жогорку кабатка чыгуу менен кыла ала турганынын эң жогоркусун кылган болот. Демек бул «эң жогоркусун тандоо» болот. Момун мусулман да колундагы бардык материалдык жана моралдык мүмкүнчүлүктөрүн, жашоосунун ар бир саатын, ал тургай ар бир секундасын Аллахтын ыраазычылыгына ылайыктуу колдонот. Муну кылууда ар кандай альтернативалар арасынан тандоо жасоо зарыл болуп калса, акылы жана совестин колдонуу менен аракет жасайт, башкача айтканда, Аллахтын ыраазычылыгын көздөйт. Аллахтын ыраазычылыгын максат кылуу менен бир иш жасоо Аллахтын ыраазычылыгынын эң жогоркусуна ылайыктуу аракет кылуу болот. Аллах Куранда мындайча билдирет:

Шек-күмөнсүз ыйман келтирип жакшы амалдарды кылгандар болсо; Биз чынында эң жакшы иштерди жасагандардын сыйлыгын жоготууга учуратпайбыз. (Кехф Сүрөөсү, 30).


Ар бир инсан динди жашоого мажбурбу?

Аллахтын бар экендигин түшүнө ала турган бир акыл деңгээлине жеткенден баштап, ар бир инсан Аллахтын буйруктарын аткарышы керек. Кедей болушу, майып болушу, оорулуу болушу, абдан бай жана абдан атактуу болушу же жогорку бийлик орунуна ээ болушу бир адамдын динди жашашына тоскоол эмес. Себеби, булардын эч кайсынысы адамдардын Аллахка кулдук кылуу үчүн жаратылуу чындыгын өзгөртө албайт. Куранда жалгыз гана физикалык жактан майыптыгы бар адамдардын диндин кээ бир өкүмдөрүнөн бошотулгандыгы билдирилген. Инсандын тили менен гана Мусулман экендигин айтышы жетиштүү эмес. Себеби ыйман келтирүү, тил менен бекемдөө менен бирге Аллахтын динин иш жүзүндө жашоо жана жашатуу менен мүмкүн болот. Аллах Куранда ыйман келтирген инсандарды бизге төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөп берет: Дин ахлагынын жашанышы үчүн аракет кылган, зарыл болгондо диндин пайдасы үчүн өзүнүн пайдаларынан баш тарта алган, напсисинин өзүмчүл каалоолорун жеңе алган, башкалардын каталарын кечире алган, кыжырын токтотуп жумшак мамиле жасай алган, муктаждыкта болсо да башкаларга жардам бере алган, мал-мүлкүн Аллах жолунда каржаган, Аллахты көп эстеген, адилеттүү жана ушул сыяктуу ар кандай багыттарда аракет кылган адамдар... Булардын эч бири ооз менен эле ишке ашырылчу нерсе эмес. Албетте, «мен Мусулманмын» деп айтуу ыйман келтирүүнүн балким башталгыч баскычыдыр, бирок чыныгы ыйман Аллахтын буйруктарын, өкүмдөрүн толугу менен жашоо аркылуу гана мүмкүн болот.

«Адамдык» дини деген эмне?

Дүйнөдө идеологиясы, философиясы, дүйнөгө көз-карашы кандай болбосун, чыныгы динден алыстаган бардык инсандар баш ийген орток бир «дин» бар. Чыныгы дин жашалбаган коомдордун бардыгында жашалган ушул дин. Мындай коомдордогу инсандар дүйнөгө келгенден баштап чөйрөлөрүнөн алган көптөгөн тарбиялардын натыйжасында бул дин сунган баалуулуктарды, ахлак эрежелерин, ойлонуу калыптарын өздөрүнө сиңиришет. Мына ушул диндин аты - «адамдык дини». Адамдык динин жашаган инсандардын эң негизги өзгөчөлүгү Аллахтын ыраазычылыгы эмес, арасында жашаган коомдун ыраазычылыгын максат кылып алышында жана жашоолорун бул максат негизинде өткөрүшүндө. Адамдык динин жашаган коомдордун адамдардан эң негизги күткөн нерсеси «адам болуу».

«Адам болуу» сөзүнүн мааниси коом тарабынан жалпылай кабыл алынган бир ахлакка, маданиятка, мамилеге жана адепке ээ болуу, макул көрүлгөн белгилүү бир калыптарга (кыялдарга) ээ болуу болуп саналат.

Аллахтан баш тартуу негизине курулган бул системадан кутулуу үчүн эң алгач жалгыз Аллахтын ыраазычылыгына ээ болууну самоо, Ал Куранда билдирген ахлак жана жашоо жолун кемчиликсиз ишке ашырууга аракет жасоо керек. Жашоосун толугу менен Куран аяттарынын негизине курган инсан караңгы коому сунган жаман ахлак жана жаман кыялдардан алыстайт.



Тагдыр деген эмне?

Тагдыр – бул Аллахтын өткөн жана келечекте боло турган бардык окуяларды «бир көз ирмемдей» билиши. Адамдардын көпчүлүгү «Аллах али боло элек окуяларды алдын ала кантип билет?» деп сурашат жана тагдырдын чындык экендигине ишенишпейт. Чындыгында болсо, жашана элек окуялар биз үчүн жашана элек окуялар болот. Аллах болсо убакыт жана мейкиндикке көз каранды эмес, себеби убакыт жана мейкиндикти да Аллах жараткан. Аллах деңгээлинде убакыт деген түшүнүк жок. Ошондуктан Аллах үчүн өткөн чак, келээр учур жана азыркы учурдун эч кандай айырмасы жок жана баары жашалып өткөн.

Коомдо тагдыр түшүнүгүн туура эмес түшүнгөн көпчүлүк адамдар Аллах тарабынан белгиленген тагдырдын адамдар тарабынан өзгөртүүгө болот деп ойлошот. Мисалы, өлүм төшөгүнөн кайткан бир оорулууну «тагдырын жеңди» сыяктуу караңгы түшүнүктөр менен сөз кылышат. Чындыкта болсо, эч ким тагдырын өзгөртө албайт. Өлүмдөн кайткан адам тагдырында ошондой жазылган үчүн өлбөй калат. «Тагдырымды жеңдим» деп өздөрүн алдаган адамдардын антип айтышы жана мындай ойго келиши да тагдырында жазылган нерсе.

Тагдыр Аллахтын илими. Бардык замандарды бир эле убакытта билген жана бардык убакыт жана мейкиндиктин ээси болгон Аллах үчүн бардык нерсе тагдырда жазылуу жана баары болуп бүткөн. Аллах үчүн убакыттын бир көз ирмем экендигин Курандан да түшүнөбүз. Биз үчүн өлүмүбүздөн кийин жашала турган кээ бир окуялар Куранда болуп өткөн окуялар сыяктуу баяндалат. Аллах бардык окуяларды убакыт жок абалда каалаган, адамдар аларды жасаган жана аягына чыккан. Адамдардын мойнуна жүктөлгөн болсо, туура жолго түшүү, тагдырга моюн сунуу жана Аллахтын парздарын аткаруу, акыретке даярдануу же туура эмес жолду тандоо болот. Аллах биздин кандай жашап өтөөрүбүздү билет жана тагдыр китебибизде баяндалуу. Биздин бул сыноо жашоосун жашап өтүүбүздүн максаты болсо, биздин өзүбүз жасаган иштерибизге, өзүбүз тандаган жолубузга өзүбүз күбө болуубуз үчүн. Адамдардын дилдерин билген Аллах аларды ыйманга келчүлөрүн туура жолго баштайт жана чындап ыйманга келбечүлөрдү туура жолдон адаштырат. Ошондой эле, Аллах адамдардын бул сыноо жашоосунда каалаганын берээрин Куранда билдирген. Адамдар бул жашоодогу байлыкты гана кааласа, аларга ошол нерселер берилет. Бирок акыретте аларга сооп жок. Ал эми адамдар акыретте бейишти кааласа, аларга бул жашоодо да тигил жашоодо да бакыт берилет. Бирок, тигил жашоодо берилчү түбөлүк бейиш адамдар дилдеринде самаган сонун жашоодон да алда канча кооз жана сонун. Бейишке жетүү үчүн Аллахтын ыраазылыгына ээ болуу керек, ал эми Аллах анын буйруктарын аткарган, жакшы амалдар жасаган адамдарга гана ыраазы болот.

Шайтан кандай зат?

Шайтан Аллах жараткан жиндердин бири. Аллах алгачкы инсан болгон Азирети Адамды жараткандан кийин бардык периштелерге Адамга сажда кылууларын буйруган. Алардын арасынан жалгыз гана шайтан бой көтөрүү менен Аллахтын буйругунан баш тарткан жана мындай деген:

Ал айтты: Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана дүйнө байлыктарын) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз азгырып жолдон адаштырам. (Хижр Сүрөөсү, 39).

Аллахтын алдынан куулган шайтан бардык инсандарды Аллахтын жолунан тескери буруу жана алардын баарын адаштыруу үчүн Аллахтан кыяматка чейин убакыт сураган. Шайтан өзүнө берилген бул убакыт ичинде инсандарды Аллах жолунан адаштырууга аракет жасайт жана бул үчүн ал ар кандай жолду колдонуп көрөт. Мына ошондуктан, шайтан ар бир инсандын акырети (кыяматтан кийинки түбөлүк бейиш же тозок жашоосу) үчүн маанилүү коркунуч жана ар бир инсандын душманы.

Аллах Куранда «Акырындык менен жүрөктөргө азгыруу жана күмөн салып турган азгыруучунун жамандыгынан (корго). Ал (азгыруучу) инсандардын дилдерине азгырык берет (ичтерине күмөндөрдү шыбырайт) (Наас Сүрөөсү, 4-5) аяты менен шайтандын жүрөктөргө байкатпай азгырык бере тургандыгын баян этүүдө. Бул шайтандын эң тымызын ыкмасы болуп саналат. Көпчүлүк инсандар ойундагы мындай ойлордун шайтандан экендигин байкай алышпайт. Мындай ойлордун баарын өзүмдүн ойум деп ойлошот. Мисалы, динди жаңы үйрөнгөн инсан шайтандын эң негизги максаты болуп саналат. Бул инсанга шайтан динди оор, кыйын сыяктуу көрсөтүшү мүмкүн. Же бул инсандын жасап жаткандарынын жетиштүү экендигин, мындан ашыкчасын жасаш керек эмес экендигин айтышы мүмкүн. Бул инсан болсо мындай ойлорду туура деп кабыл алышы мүмкүн. Же шайтан инсандарга коркунуч, камсаноо, стресс, жүрөк өйүү сыяктуу тескери сезимдерди берүү менен алардын күчүн азайтат. Жакшылык жана кайрымдуулук кылууларына, терең ой жүгүртүүлөрүнө тоскоол болууга аракет жасайт. Бул жерде төмөнкүнү унутпашыбыз керек: дүйнөдөгү бардык жамандыктар, согуштар, киши өлтүрүүлөр, ахлаксыздыктардын тамырында шайтандын адамдарга болгон таасири орун алат.

Аллахка кантип тообо келтирүү зарыл? «Тообо кылдым» деп айтуу жетиштүүбү?

Инсан жасаган күнөөлөрү жана каталары үчүн чын жүрөктөн Аллахка тообо кылгандыгын айтуусу, Аллахтан кечирим тилеши жана башка кайталабоого бекем ниет кылуусу жетиштүү. Аллах Куранда мындайча билдирет:

Бирок, ким күнөө кылгандан кийин тообо келтирип, кылган иштерин оңдосо, шек-күмөнсүз Аллах анын тообосун кабыл кылат. Аллах кечиримдүү, боорукер. (Мааида Сүрөөсү, 39).

Аллах чын жүрөктөн тообо келтирген, катасын кайталабоого чын жүрөктөн ниет кылган жана тообо келтиргенден кийин кыялдарын, иштерин оңдогон инсандын тообосун кабыл кылат. Күнөөнүн чоң же кичине болушу маанилүү эмес. Эң негизгиси, ал катаны чын жүрөктөн өзгөртүүгө чечим чыгаруу. Аллахтын тообо келтирүү менен байланыштуу өкүмү мындайча:

Аллах (кабыл кыла турган) тообо – караңгылык, билбестик менен жамандык кылгандардын, андан кийин кечиктирбестен тообо кылгандардардын тообосу. Аллах мына ушундай пенделердин тообосун кабыл кылат. Аллах билүүчү, өкүм жана илим ээси. (Ниса Сүрөөсү, 17). 

«Кандай болсо да тообо келтиргенимде Аллах кечирет, ар нерсени жасай берейин, кийин тообо келтирем» деп ойлонуш инсанды жаңылта турган эң жаман ой. Аллах бардык жүрөктөрдү, жүрөктөрдөгү эң жашыруун нерселерди билет. «Кандай болсо да Аллах мени кечирет» деп күнөө кылгандар акыретте ар бир кылган иши үчүн жооп берет жана натыйжасын алышат.

2010-05-02 17:07:18

Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top