ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН ШЕМАИЛ-И ШЕРИФИ (ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ)

Пайгамбар Мырзабыз (сав) адилеттүү, боорукер, мээримдүү жана тынчтыкты, ынтымакты сүйгөн бир адам эле. Токтоо, сабырдуу, эр жүрөк, жөнөкөй жана чечкиндүү кулк-мүнөзгө ээ бир элчи эле. Анын мындай сонун ахлак өзгөчөлүктөрү бардык адамдарга өрнөк. Курандын бир аятында Аллах бул жөнүндө мындай буйурат:

Ант болсун, силер үчүн, Аллахты жана акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп көп эстегендер үчүн Аллахтын Элчисинде сонун бир өрнөк бар. (Ахзаб Сүрөсү, 21)
 
Куран аяттарында Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сонун ахлагы абдан терең баяндалган. Муну менен бирге сахабалар айтып кеткен баяндарда да Пайгамбарыбыз (сав) менен байланыштуу көптөгөн маалыматтар бар.

Пайгамбарыбыздын (сав) үй-бүлөсүнө жана тегерегиндеги момундарга болгон мамилеси, күнүмдүк жашоосундагы окуялар, тышкы көрүнүшү, көргөндөрдү таң калтырган келбети, сүйгөн тамактары, кийими жана күлүшү сыяктуу көптөгөн маалыматтар Ислам аалымдары тарабынан «шемаил» сөзү менен аталат. Шемаил сөзү «шимал» сөзүнөн келип чыккан. Бул сөз «кулк-мүнөз, кыял, көрүнүш, аракет, мамиле» сыяктуу маанилерге келет. Бирок «шемаил» сөзүнүн мааниси убакыттын өтүшү менен өзгөрүп, Пайгамбар Мырзабыздын кандай жашоо өткөргөнү менен байланыштуу бүт маалыматтарды жана жекече өзгөчөлүктөрүн түшүндүргөн бир терминге айланган.

Аллах Пайгамбар Мырзабызда (сав) көрсөткөн ар кандай сонун сулуулуктар жөнүндө көп сандагы маалыматтар бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Пайгамбар Мырзабыздын Асхабы бул куттуу инсандын тышкы көрүнүшүнүн сулуулугунан көргөндөрдү таң калтырган келбетине, нурунан турган турпатына жана күлгөнүнө чейинки көптөгөн ар кандай маалыматтарды калтырышкан. Саны жагынан абдан көп болгон сахабалар бул сулуулуктар жөнүндө көптөгөн ар кандай маалыматтарды беришип, Пайгамбар Мырзабыз менен бир доордо жашабаган Мусулмандарга Аллахтын Элчисин көптөгөн өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышкан. Кээ бир сахабалар анын жалпы өзгөчөлүктөрүн баян кылышса, кээ бирлери узун жана терең баяндашкан.

Пайгамбарыбыздын (сав) кулк-мүнөзү жана көрүнүшүнө байланыштуу берилген бүт маалыматтар анын жогорку ахлагын көрсөтөт. Пайгамбар Мырзабыздын шемаили баян кылынган бул документалдуу фильмдин даярдалуу максаты болсо – бул анын ар кандай булактарда айтылган сонун өзгөчөлүктөрүн изилдеп, жашоосунан бүгүнкү күн үчүн өрнөк алуу.

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) тышкы көрүнүшү жана сулуулугу

Аны көргөндөрдүн айтуусу боюнча, Пайгамбар Мырзабыз абдан келбеттүү, көргөндөрдү эстен тандырган сулуу жүздүү жана дене түзүлүшү абдан жарашыктуу эле. Ошондой эле, анын спорт менен машыккандардай дене түзүлүшү бар эле жана абдан күч-кубатуу эле.

Сахабалары Пайгамбарыбыздын (сав) сулуулугун мындайча баяндашкан:

«Аллах Элчиси саллаллаху алейхи ве селлем абдан келбеттүү жана көзгө жагымдуу эле. Куттуу жүзү айдын он төртүндөгү толгон ай сыяктуу жаркырайт эле... Мурду жарашыктуу эле. Сакалы койуу, чоң көздүү, түз жаактуу эле. Оозу кенен, тиштери жакуттай жаркыраган эле... Мойуну күмүш түйүнчөк сыяктуу эле... Кең далылуу, далысынын сөөктөрү жоон эле. (Büyük Hadis Külliyatı, Cem'ul-fevaid min Cami'il-usul ve Mecma'iz-zevaid, İmam Muhammed Bin Muhammed bin Süleyman er-Rudani, 5. cilt, İz Yayıncılık, s. 31)

Аз.Алинин неберелеринен Ибрахим б. Мухаммеддин (ра) бир риваяты мындай:

«Чоң атам Аз.Али Пайгамбар Мырзабызды мындайча сүрөттөдү:

«Пайгамбар Мырзабыз көп узун да, көп кыска да эмес эле; Ал коомдун орто бойлуусу эле. Чачтары тармал да эмес, түптүз да эмес эле; бир аз тармал эле. Куттуу жүзүнүн өңү кызгылт ак; көздөрү кара, кирпиктери койуу жана узун; кең далылуу эле... Ал адамдардын эң жоомарты, эң чынчылы, эң жумшагы жана эң достукка жакыны эле. Аны кокустан көргөндөр Анын сүрү, келбетинен абдан толкунданышар эле. Жогорку өзгөчөлүктөрүн билип, маегине катышкандар болсо Аны бүт нерседен көп жакшы көрүшчү. Анын артыкчылыктарын жана сулуулуктарын таанытууга аракет кылган адам: «Мен андан мурда да кийин да ал сыяктуу бирөөнү көргөн жокмун» деп айтуу менен аны таанытууга алсыз экенин мойнуна алчу. Ага Аллахтын салават жана саламы болсун.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,1976, s. 18-19)


Пайгамбар Мырзабыздын (сав) Нүбүввет (Пайгамбарлык) мөөрү


Аллах Аз.Мухаммедди (сав) ааламдар үчүн тандаган жана анын «пайгамбарлардын акыркысы» экендигин Куран-ы Керимде мындайча билдирген:

Мухаммед – силердин эркектериңерден эч биринин атасы эмес; бирок Ал – Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах бардык нерселерди билүүчү. (Ахзаб Сүрөсү, 40)

Пайгамбарыбыз Аз.Мухаммедден (сав) кийин эч кандай пайгамбар жөнөтүлбөйт. Аллах Пайгамбар Мырзабызга түшүргөн Куран-ы Керим болсо адамдарга туура жол көрсөтүүчү катары жөнөтүлгөн акыркы китеп. Аллах Пайгамбар Мырзабыздын мындай теңдешсиз өзгөчөлүгүн анын куттуу денесинде бир из менен көрсөткөн.

Пайгамбар Мырзабыздын эки далысынын ортосунда жайгашкан бул ишарат Ислам булактарында жана риваяттарда «пайгамбарлык мөөрү» деген ат менен аталат. Пайгамбарыбыздын (сав) мөөрүнө окшош пайгамбарлык ишараттарынын башка пайгамбарларда да болгондугун, бирок Пайгамбарыбыздыкынын (сав) башкачараак болгондугу Эль-Мүстедрек тарабынан Вехб б. Мүнеббихтен (р.а.) мындайча баян кылынган:

«... Аллах жөнөткөн бардык пайгамбарлардын оң колунда Пайгамбарлык меңи болгон. Бирок биздин Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам булардан айырмаланган. Себеби, Анын пайгамбарлык меңи (оң колунда эмес) эки далысынын ортосунда. Пайгамбарыбыздан бул абал суралганда: «Эки далым ортосунда жайгашкан бул мең менден мурдакы Пайгамбарлардын меңи сыяктуу...» деп айткан.» (Tirmizi'nin Şemail isimli kitabının tercümesinden, Prof. Dr. Ali Yardım, Peygamberimizin Şemaili, Damla Yayınevi, 3 Baskı, İstanbul, 1998, s. 73)

Аз.Алинин неберелеринен Ибрахим б. Мухаммед (ра) мындай хадис жеткирген:

«Чоң атам Аз.Али Пайгамбар Мырзабыздын өзгөчөлүктөрүн баяндоодо Расулуллахтын Хилйеси (сонун сыпаттары, сулуу жүзү, көрүнүшү ж.б.) жөнүндөгү хадисти толугу менен айтат жана:

«Эки далысынын ортосундагы нүбүввет мөөрү бар эле. Жана Ал – пайгамбарлардын акыркысы» дечү. (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,1976, s. 38)

Эбу Надре (ра) баяндайт:

«Асхабдан Эбу Саид эль-Худриден Пайгамбар Мырзабыздын пайгамбарлык мөөрүнүн кандай нерсе экендигин сурадым. Куттуу далысында гүл уругу сыяктуу бир кичинекей эт экендигин айтты. (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları Ankara,1976, s. 42)

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) чачтары

Пайгамбар Мырзабыздын чачынын узундугу менен байланыштуу ар кандай сүрөттөөлөр бар. Сүрөттөлөр арасында мындай айырмачылыктардын болушу кадыресе көрүнүш, себеби бул маалыматтарды жеткиргендер Пайгамбар Мырзабызды ар кайсы учурларда көргөндүктөн, чачынын узундугу да ар кандай болгон болушу мүмкүн. Бирок бул сүрөттөлөрдөн байкашыбыз бойунча, Пайгамбарыбыз (сав) чачын эң кыска учурунда кулак тушуна эң узун кезде болсо далысына чейин өстүргөн.

Энес б. Малик (ра) баяндайт:

«Азрети Пайгамбардын чачтары кулагынын ортосу тушка чейин өскөн эле. (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-I Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,1976, s. 49)

Азрети Айше (ра) энебиз баяндайт:

«Расулуллахтын куттуу чачтары кулактары менен далысы арасында эле. Ага Аллахтын салават жана саламы болсун.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,1976, s. 50)

Бера б. Азиб (ра) баяндайт:

«Пайгамбар Мырзабыз орто бойлуу эле. Далысы чоң эле. Чачтары болсо кулак жумшактары менен тең эле.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,1976, s. 50)

Эбу Талибдин кызы үммү Хани (ра) баяндайт:

«Расулуллах Мырзабыз Меккеге келгенде, үйүбүзгө конок болду. Бул тушта куттуу чачы төрт өрүмдүү эле.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,1976, s. 51)

Пайгамбарыбыздын (сав) чач жана сакалын тазаланып, карашы

Аллах Куран-ы Керимде момундарга таза болуусун буйурган:

Кийимиңди тазала. Кирден качынып-алыс бол. (Мүдессир Сүрөсү, 4-5)

Пайгамбар Мырзабыз Аллахтын бул буйругун аябай сактык менен аткарган. Анын мындай өзгөчөлүгү чач жана сакалына да тиешелүү. Кээ бир булактарда анын жанында дайыма тарак, күзгү, мисвак, тиш чукуур, кайчы, сүрмө сыяктуу буюмдар алып жүргөндүгү айтылат. Пайгамбарыбыз (сав) асхабына да ушундай кеңеш берген:

«Ким чачын өстүрсө, анын кароосуна көңүл бурсун.» (Ebu Davud, Sünen, IV, 74, nu:4062)

Пайгамбарыбыздын (сав) чачы жана сакалы менен байланыштуу башка хадистер төмөнкүлөр.

Симак б. Харб (ра) мындай хадис жеткирет:

«Жабир б. Семүреден уктум. Андан Азрети Пайгамбардын чачынын агарып, агарбагандыгы суралган эле. Ал: «Куттуу башын майлаганда чачтарынын агы көз менен байкалбачу, бирок башына май сүртпөгөндө, актары көрүнчү» деди. (İbn Adiyye el-Kamil; Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 3. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 679)

Пайгамбарыбыз (сав) тышкы көрүнүшүнө жана тазалыгына абдан маани бериши тарабынан да момундарга сонун бир өрнөк болгон. Бир риваятта Пайгамбар Мырзабыздын бул багыттагы мамилеси мындайча айтылат:

«Бир күнү Пайгамбар (сав) сахабаларынын жанына чыгаарда идиштеги сууга каранып, чалмасын жана сакалын оңдоду жана мындай деди: «Аллах кулунун бир туугандарынын жанына чыгаарда алар үчүн жасанышын сүйөт.» (İbn Adiyye el-Kamil; Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 3. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 679)

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) кийинүү калыбы

Пайгамбарыбыздын (сав) кийими жөнүндө сахабалар көптөгөн сүрөттөөлөр жасашкан. Муну менен бирге Пайгамбар Мырзабыздын момундарга кандай кийиниши зарыл экендиги жөнүндө да көптөгөн сүрөттөөлөрү жана кеңештери бар. Бул абал анын кийинүүгө берген маанисин көрсөтөт. Мисалы, Пайгамбар Мырзабыз хадистеринде мындай буйурат:

«Аллах сулуу, сулуулукту сүйөт, кооз кийинүү – бул бой көтөрүү эмес; бой көтөрүү – бул ээ болгон жакшылыкты билип, Аллахтын акысын кабыл албоо, акыны төмөн көрүү.» (Kütüb-i Sitte, Muhtasarı Tercüme ve Şerhi, Prof. Dr. İbrahim Canan, 7. cilt, Akçağ Yayınları, Ankara, s. 208)

Пайгамбар Мырзабыздын небереси Аз.Хасан анын кийим жөнүндөгү көз-карашын мындайча баяндайт:

«Пайгамбар Мырзабыз бизге колубузда болгондун эң жакшысын кийишибизди жана таба алган эң сонун атырларды колдонушубузду буйруйт эле.» (Buhari, et-Tarih'ul-Kebir, I, 382, nu:1222)

Бул жөнүндө Пайгамбарыбыздын (сав) башка бир хадиси мындай:

«Эй момундар! Көңүлүңөрдөй жегиле, ичкиле, кийингиле жана Аллах жолунда каржагыла. Бирок, ысырапкорчулукка же бой көтөрүү жана мактанууга барбагыла.» (Buhari, el-Cami'us-Sahih, VII, 33; İbn Mace, Sünen, II, 1192, nu:3605)

Пайгамбар Мырзабыз асхабынан бирөөсү тышкы көрүнүшүнө маани бербегенде же кароосуз жүргөндө, ага ылдам эскертүү берчү. Буга байланыштуу бир риваятты Эбул Хавас (ра) атасынан мындайча жеткирген:

Үстүмө начар жупуну бир кийим кийген абалда Расулуллах алейхиссалату весселлемдин жанына келген элем. Менден:

«Сенин мал-мүлкүң жокпу?» деп сурады.

«Ооба, бар» деген жообума:

«Кандай мал-мүлкүң бар?» деген суроосун узатты.

«Ар түрдүү мал-мүлктөн Аллах мага берген» деп айтканымда:

«Андай болсо Аллах Таала Азреттери сага бир мал-мүлк бергенде, Аллах берген бул жакшылык нематтын көркөмү жана пазилетинин сенин үстүңдө көрүнүшү керек» деп айтты. (Nesai, Zinet 83, (8, 196), Prof. Dr. Ali Yardım, Peygamberimizin Şemaili, Damla Yayınevi, 3 Baskı,  İstanbul, 1998, s. 119)

Пайгамбарыбыздын (сав) кийинүү калыбы менен байланыштуу сахабалар баяндаган маалыматтардын кээ бирлери төмөнкүлөр.
Ибну Аббас (ра) баяндайт:

«Мен Расулуллах алейхиссалату весселамдын мүмкүн болгон эң сонун кийимди кийгенин көрдүм». (Ebu Davud., Libas 8, (4037); Kütüb-i Sitte, Muhtasarı Tercüme ve Şerhi, Prof. Dr. İbrahim Canan, 15. cilt, Akçağ Yayınları, Ankara, s.69)

Эль-Бера б. Азиб (ра) баяндайт:

«Кызыл саймалуу кийимдин Пайгамбар Мырзабыздай жарашкан башка адамды көрбөдүм. Бул кийим менен Расулуллахты (сав) көргөнүмдө, куттуу чачтары далысына чейин төгүлүп турат эле.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara, 1976, s. 94)

Семүре б. Жүндүб (ра) риваят кылат:

«Азрети Пайгамбар: «Ак кийим кийгиле. Себеби, ал абдан таза жана жагымдуу» деп буйурган.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara, 1976, s. 98)

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) шакеги жана мөөрү

Энес б. Малик (ра) баяндайт:

«Пайгамбар Мырзабыздын куттуу мөөрү күмүштөн жасалган эле. Каптамасы болсо Эфиопия ташынан эле.

Расулуллах Мырзабыз чет элдик мамлекет өкүмдарларына кат жазууну каалаганда, бир мөөр шакек жасалышын буйурду.

«Пайгамбар Мырзабыздын манжасындагы шакектин жаркырашы дагы эле көз алдымда турат».

«Пайгамбар Мырзабыздын Куттуу Мөөрүнүн башына үч катарга «Мухаммед Ресуллуллах» деп чегилген эле. Биринчи катарда

«Мухаммед», экинчи катарда «Ресул», үчүнчү катарда «Аллах» сөздөрү жайгашкан эле.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara, 1976, s.114-117)

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) басуу калыбы

Эбу Хурайра (ра) баяндайт:

«Мен Расулуллах Мырзабыздан сулуу бирөөнү көргөн жокмун; күн анын куттуу жүзүндө тургандай эле. Пайгамбар Мырзабыздан бат баскан бирөөнү да көрбөдүм; басканда, жер бети бут астында түрүлгөндөй эле. Биз артынан баратканда, артта калып калбаш үчүн аябай аракет кылаар элек.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara, 1976, s.157)

Аз. Йезид Ибни Мирсад (ра) болсо мындай дейт:

«Басканда, сөөлөттүү, бирок ылдам басчу. Жанындагылар ага жете албай калчу.» (G. Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 541/1)

Аз. Эбу Атабе (ра)дан:

«Басканда кубаттуу кадамдар жасачу.» (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 541/2)

«... Басып баратканда, буттарын жерден бир аз көтөрүп, алдын көздөй бир аз ийилип басчу. Буттарын үн чыгарып, чаңды сапырчудай деңгээлде жерге катуу койчу эмес; кадамдарын чоң жана ылдам койуу менен жеңил жана сөөлөттүү басчу. Басып баратканда, ылдый көздөй түшүп бараткан сыяктуу көрүнүштө болчу. Бир тарапка бурулуп караганда, бүт денеси менен бурулчу. Туш келе оңго, солго карачу эмес. Жерди карашы асманды карагандан көбүрөөк эле. Көбүнчө көзүнүн учу менен карачу. Асхабы менен бирге баратканда, аларды алдыга өткөрүп, өзү артынан басчу. Жолдо жолуккандарга, озунуп салам берчү.» (Tirmizi'nin Şemail isimli kitabının tercümesinden; Prof. Dr. Ali Yardım, Peygamberimizin Şemaili, Damla Yayınevi, 3 Baskı, İstanbul, 1998, s. 66-67)

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүйлөө калыбы

Пайгамбар Мырзабыз (сав) таасирдүү сүйлөө калыбы, акылдуу жана так сөздөрү менен таанылган бир инсан эле. Анын динге чакыруусу адамдарга абдан таасир берип, маегинен бүт адамдар абдан ырахат алышар эле. Сахабалардан бизге жеткен ар кандай риваяттар да Анын бул өзгөчөлүгүн көрсөтөт. Бул жөнүндө кээ бир риваяттар төмөнкүдөй:

Аллах Элчиси инсандардын эң чечени, эң жакшы сүйлөгөнү жана эң таттуу сөздүүсү эле. Ал мындай дечү: «Мен араптардын эң фасихимин (б.а., эң катасыз сүйлөгөнү. Ачык жана сонун сүйлөгөнүмүн).» (Taberani, Hakim; Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 800)

Аз. Айше (ра) Расулуллахтын (сав) сөздөрүн мындай сүрөттөйт:

«Аллахтын Элчиси абдан кыска жана нуска сүйлөчү. Мындай сүйлөө калыбын ага Аллах Кабатынан Жебрейил периште алып келген эле. Кыска сүйлөм менен бүт максатын түшүндүрүп койчу. Нуска сөздүү сүйлөмдөр айтчу, сөздөрү ашыкча да, кем да болчу эмес. Сөздөрү бир гармония менен бири-бирин ээрчип, сөздөрдүн арасында токтоп токтоп сүйлөчү жана ушундайча угуучулар анын сөздөрүн эске тутуп, жатташчу. Үнү коңур жана таттуу эле. Зарыл болгондо сүйлөчү, жаман сөз сүйлөчү эмес. Ачууланган жана ачууланбаган учурларында напсиси үчүн эмес, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн дайыма чындыкты сүйлөчү.» (Ebu Davud, Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 800)

«Жакшы эмес сөз сүйлөгөндөрдөн жүзүн бурчу.» (Buhari, Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 800)

Ал сүйлөп бүткөндө, маңдайындагылар сүйлөчү. Анын алдында талаш-тартыш болчу эмес. (Tırmizi; Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 800)

Сахабаларына күлүп жана күлүмсүрөчү, алардын сүйлөгөндөрүн жактырчу, маани берип угуп, өзүн алардын катарына койчу. (Tırmizi; Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 800)

Аз.Айше (ра) баяндайт:

«Куттуу сөздөрү тандалган сөздөр эле. Ар бир уккан адам аны түшүнчү.» (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 521/4)

Аз. Энес (ра) мындай деп билдирет:

«Мырзабыз (сав) калктын эң жакшы сөздүү, тамашакөй, көп мактоо айтканы эле. (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 545/5)

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сонун жыты

Пайгамбар Мырзабыздын жыты дайыма таптаза, жашымдуу жана сонун эле. Мусулмандарга да тазалыкты кеңеш берчү. Сахабалардан риваят кылынган маалыматтарда Пайгамбарыбыздын (сав) бул сонун өзгөчөлүгү жөнүндө көп маалыматтар берилген. Булардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

Энес б. Малик (ра) мындай дейт:

«Расулуллах Мырзабыз Медина көчөлөрүнүн биринен өткөндө, Анын сонун жыты ошол замат сезилгендиктен, элдер ал жолдон Азрети Пайгамбардын өткөнүн айтышаар эле. Биз Пайгамбар Мырзабыздын келгенин сонун жытынан билчүбүз.» (İbn Sa'd Tabakat, I, 398-399; Mecme'uz Zevaid, VIII, 282; el-Metalib'ül-Aliye, IV , 25; Behcet'ül Mehafil, II, 254; Prof. Dr. Ali Yardım, Peygamberimizin Şemaili, Damla Yayınevi, 3. Baskı, İstanbul, 1998, s.280)

Муаз б. Хишам (ра) атасынан, Катаде Энестен мындай риваят кылган:

«Өзү таза, жыты жагымдуу эле. Атыр колдонсо, колдонбосо денеси эң сонун жыттанчу. Бир адам аны менен мусафаха кылса (кол алышып, учурашса, сүйүүсүн, достугун билдирсе), күн бойу анын таза жытын сезчү жана куттуу колу менен бир жаш баланын башын сыласа, таза жыты менен ал бала башка балдардан айылмаланып калчу.» (Ahmed Cevdet Paşa, Kısas-ı Enbiya, IV. Cüz, Kanaat Matbaası, İstanbul 1331, s.364-365)

Пайгамбар Мырзабыз (сав) жактырган тамактар

«Өтө ысык тамакты жактырчу эмес.» (Beyhaki, Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 802)

«Эң жакшы көргөн тамагы эт эле.» (Ebbuşeyh, Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 803)

«Ашкабакты абдан жакшы көрчү.» (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 552/7)

«Ууда кармалган канаттуулардын этин жечү.» (Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 803)

«Курмалардан Ажве курмасын жакшы көрчү.» (Ebuşşeyh, Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 803)

Аз. Айше (ра) Пайгамбарыбыз (сав) жактырган тамактар жөнүндө төмөнкүлөрдү айткан:

«Таттуу жана балды жакшы көрчү.» (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 552/11)

«Коон, дарбызды жаш курма менен жечү.» (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 552/5)

Аз. Жабир (ра) мындай баяндайт:

«Эч качан бир тамакты жээриген эмес. Жактырса жечү, жактырбаса жечү эмес. Жактырбаганда, башка бирөөгө жамандачу эмес.» (Buhari ve Müslimde aynı anlamda rivayetler yer alır. Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 804)

Пайгамбар Мырзабыз жакшы көргөн тамактары жөнүндө айткан сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүлөр:

«Чалап кандай сонун катык.» (Haydar Hatipoğlu, Sünen-i İbni Mace Tercemesi ve Şerhi , Kahraman Yayınları, 9. cilt, İstanbul 1983, s. 70)

«Козу карын – бул кудурет халвасы.» (Haydar Hatipoğlu, Sünen-i İbni Mace Tercemesi ve Şerhi, Kahraman Yayınları, 9. cilt, İstanbul 1983, s. 209)

«Зайтун майын жегиле жана колдонгула. Себеби бул май куттуу.» (Haydar Hatipoğlu,Sünen-i İbni Mace Tercemesi ve Şerhi, Kahraman Yayınları, 9. cilt, İstanbul 1983, s. 73)

Пайгамбар Мырзабыз (сав) жактырган суусундуктар

Аз. Айша (ра) баяндайт:

«Шербеттердин ичинен таттуу жана муздагын жакшы көрчү.» (G. Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 521/15)

Пайгамбар Мырзабыз бал шербетти, курма жана кургак жүзүм ширасы сыяктуу суусундуктарды жакшы көрчү. (Arızat'ül Ahzevi Şerhu Sünen'it Tirmizi, VIII, 89-90, Prof. Dr. Ali Yardım, Peygamberimizin Şemaili, Damla Yayınevi, 3 Baskı, İstanbul, 1998, s. 255)

Пайгамбар Мырзабыздын эң жакшы көргөн суусундугу – муздак таттуу шербеттер эле. (Prof. Dr. Ali Yardım, Peygamberimizin Şemaili, Damla Yayınevi, 3 Baskı, İstanbul, 1998, s.261)

Шербеттердин ичинен эң көп бал шербетти жакшы көрчү. (G. Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 521/17)

Ичиле турган нерселерден эң көп сүттү жакшы көрчү. (G. Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2. cilt, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 521/18)

Пайгамбарыбыз (сав) сүт жөнүндө мындай буйурган:

«Аллах бир адамга тамак жедиргенде, ал адам «Аллахым, бизге бул тамакты берекелүү кыл жана бизге мындан жакшы (кайырдуу) ырыскы бер» деп дуба кылсын. Аллах бир адамга сүт ичиргенде, ал адам «Аллахым, бизге бул сүттү берекелүү кыл жана бизге мындан да көп сүт бер» деп дуба кылсын. Себеби, тамактын жана суусундуктун ордун ээлей турган сүттөн башка бир нерсе билбейм.» (Haydar Hatipoğlu, Sünen-i İbni Mace Tercemesi ve Şerhi, Kahraman Yayınları, 9. cilt, İstanbul 1983, s. 75)

Пайгамбарыбыздын (сав) суу жөнүндө айткандары

Пайгамбарыбыз (сав) өзгөчө сапарга чыкканда, асхабына суу таркаттырчу. Мисалы, бир жолоочулук учурунда бир жерде токтоп, жанындагылардан суу сураган. Колун жана жүзүн чайкагандан кийин суудан ичип, жанындагы сахабаларына «Силер да жүзүңөргө, мойнуңарга бир аз куйгула» деп айткан.

Расулуллах (сав) суу ичкенден кийин мындай дуба кылган:

«Мээрими менен сууну таттуу кылып жараткан, ачуу жана туздуу жаратпаган Аллахка мактоолор болсун.» (İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s.16)

Расулуллах (сав) башка сөзүндө болсо суу жөнүндө мындай буйурган:

«Аллах сууну тазалоочу кылып жаратты. Даамын же түсүн же жытын өзгөртө турган нерселерден тышкары эч нерсе аны кирдете албайт.» (İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 1. cilt, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s.295)

Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сонун мүнөздөрүнүн кээ бирлери

Хүжжетүл Ислам катары таанылган Имам Газали Тирмизи, Таберани, Бухари, Мүслим, Имам Ахмед, Эбу Давуд, Ибн Маже сыяктуу чоң Ислам аалымдарынан топтоп, Пайгамбар Мырзабыздын сонун мүнөздөрүнүн кээ бирлерин кыскача мындай баяндаган:

«Расулуллах адамдардын эң жумшак мүнөздүүсү, эң азаматы, эң адилеттүүсү жана эң намыстуусу эле. Ал адамдардын эң жоомарты эле. Аллах ага берген нерселерден курма, арпа эмне болсо болсун, бир жылдык тамагын алып калып, калганын Аллах жолунда каржачу. Колунда болгон нерселерди сурагандарга берчү.

Ал мүнөз жагынан да адамдардын эң кемелдүүсү эле. Рабби үчүн кыжырданчу, өзү үчүн ачууланчу эмес.

Өзү же сахабалары зыян тартса да чындыкты жактачу.

Аллах Элчиси адамдардын эң жөнөкөйү, сөздү көбөйтпөстөн, эң нуска сүйлөөчүсү, эң жайдары мүнөздүүсү эле. Дүйнө иштеринен эч нерсе аны тынчсыздандырчу эмес.

Мединанын наркы башындагы оорулууларды көргөнү барчу, сонун жыттарды жактырчу, жаман жыттардан жийиркенчү. Жакырлар менен отуруп, кедейлер менен тамак жечү. Эч кимге орой мамиле кылчу эмес, бир нерсеге себеп айтып келишкенде, аларды кабыл алчу. Жумшак болчу, тамаша айтчу, бирок чындыкты сүйлөчү.

Мүбах оюндарды көргөндө, каршы болчу эмес, аялдары менен чуркап жарышчу. Кедейлерди кедейлигинен улам төмөн көрчү эмес, байларды байлыгы үчүн сыйлачу эмес, аны да муну да бирдей Аллахка чакырчу. Аллах Таала жогорку мүнөздү жана кемелдүү саясатты анда бириктирген эле...

Аллах Таала ахлактын бардык сонундарын, жакшы жолдорду, мурдакылардын жана кийинкилердин баштарынан өткөн жана өтө турган окуялардын кабарларын, акыретте кутулууга жана бактылуулукка жеткире турган нерселерди, дүйнөдө маани берилип жасала турган жана жасалбай турган бүт нерсени ага үйрөткөн эле.

Аллах Таала анын буйруктарына баш ийүүнү жана аракеттерибизде анын жолунан жүрүүнү бизге насип кылсын.» (Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2. cilt, Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, s. 795-796)

 


2010-05-27 16:00:40

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top