ААЛАМДАГЫ ГАРМОНИЯ

ААЛАМДАГЫ ГАРМОНИЯ

Бүгүнкү күндө илим чөйрөсүндө жасалган бардык изилдөөлөр биз жашаган ааламдын абдан так өлчөөлөр жана эсептерге таянган бир түзүлүшкө ээ экендигин көрсөтүүдө. Суунун агуу ылдамдыгынан жарыктын ылдамдыгына, атомдун түзүлүшүнөн жердин тартылуу күчүнө чейинки биз билген жана билбеген көптөгөн нерселер ааламдын бул өзгөчөлүгүнүн натыйжалары.

Атактуу илимпоз Эйнштейн чөйрөбүздөгү бүт жерде байкалган мындай төп келүүчүлүк жана гармонияны ааламдын жаратылышында көрүнгөн акылдын улуулугу катары түшүндүрөт. Кээ бир илимпоздор болсо ааламдын мындай таң калаарлык түзүлүшүн убакыттын өтүшү менен ишке ашкан бир катар себеп-натыйжа байланыштарынын натыйжасы деп ойлошот.

Жандууларды жана башка физикалык заттарды себеп-натыйжа байланышы менен түшүндүрүү заттын убакыт ичинде бири-бирине таасир этүүсү негизине таянат. Бирок зат, энергия жана ал тургай убакыт да болбогон бир учур бар. Бул учурду материалдык бир себеп менен түшүндүрө албаган кээ бир илимпоздор бүгүнкү күндө чоң паника жана азап ичинде жашап жатышат. Мунун себеби – ааламдын башталгыч чекити – «чоң жарылуу» же болбосо Big Bang теориясы менен байланыштуу.

Астро-физика жеткен так бир илимий жыйынтык бойунча бүт ааламдар жоктуктан чоң жарылуу натыйжасында пайда болгон. Чоң жарылуу теориясы бүт ааламдын жалгыз бир чекиттин жарылышы менен жоктуктан пайда болгонун далилдеди. Бүгүнкү күндө дүйнөбүздү күйгүзбөстөн ысытып жаткан күнүбүз же жер бетинде термостат кызматын аткарып жаткан суу. Бул нерселердин баары атомдун бүгүнкү түзүлүшү урматында ишке ашууда.

Атомдун мындай түзүлүшү ааламдын башталгычы болгон жарылуунун алгачкы ирмемдеринде аныкталышы керек болгон. Башкача айтканда, дүйнө жана анда жашаган жандуулар жок кезинде эле суунун бардык физикалык жана химиялык өзгөчөлүктөрү аныкталган. Демек, физика мыйзамдары, бардык жандуулар жана албетте бардык адамдар кемчиликсиз бир жаратуу планынын бир бөлүгү.

Америкалык физика профессору Поль Давис Супер Форс аттуу китебинде бул чындык жөнүндө мындай дейт: «эгер табияттын тереңдиктеринде ишке ашкан комплекстүүлүк дүйнөнүн эң акылдуу мээлери тарабынан да араң түшүнүүгө мүмкүн болуп жатса, мындай системаны кантип кырсыктар жана кокустуктардын натыйжасы деп айта алабыз?»

Учурда илим тармактары да ааламдын адамзатка багытталган бир максаты бар деп ойлоодо. Тагыраак айтканда, аалам максатсыз пайда болгон эмес, бир максаты бар. Ааламдагы бардык физикалык тең салмактуулуктар адамзаттын жашоосу үчүн абдан так ылайыкташтырылган. Ааламдагы ар бир деталь адамзат жашоосуна багытталган максатта жаратылган. Бул система – ааламдын бүт нерсесин башкарган чексиз бир күч жана акылга ээ бир Жаратуучунун бар экендигинин далили. Бул Жаратуучу бүт нерсенин өкүмдары болгон – Аллах. Бир аятта мындай билдирилет:

«Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар.» (Энъам Сүрөсү, 59)

Азыр көрө турган фильмде ааламдагы кемчиликсиз системанын мисалдарын көрөсүз жана Аллахтын улуу акыл менен жаратышына күбө болосуз.

Адамдын жашоосуна ылайыктуу жаратылган аалам

Бүгүнкү күндө илим тармагында жүргүзүлгөн бардык изилдөөлөр жана анализдер биз жашаган ааламдын акылга таянган, өлчөнгөн, эсептелген бир түзүлүшкө ээ экендигин көрсөтүүдө.

Суунун агуу ылдамдыгынан (б.а. агуучулук, суюктук даражасынан) нерв системасына чейинки биз билген жана билбеген бардык идеалдуу өзгөчөлүктөргө «ааламдын рационалдуулук өзгөчөлүгү» деген ат берилет.

Ааламыбыздын бүгүнкү абалын түшүндүрө алуу үчүн илим тарабынан шарт кошулган рационалдуулук жөнүндө Эйнштейн мындай деп айткан:

«Илим тармагындагы ийгиликтүү алдыга жылуулардын тажрыйбасын көргөн бүт адамдар бар болгон нерселерде ачыкка чыккан рационалдуулук алдында терең бир мойун сунуу ичинде... Бүт бар болгон нерселерде көрүнгөн акылдын улуулугу.»

Аалам максатсыз пайда болгон эмес; бир максаты бар.

Ааламдагы бардык физикалык тең салмактуулуктар жандыктардын жашоосу үчүн абдан так ылайыкташтырылган.

Ааламдагы бүт детальдар жандуулардын жашоосун көздөгөн бир максат менен пландалган.

Аллах бүт нерсенин Өкүмдары экендигин бир аятта мындайча билдирет:

«Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат.» (Фуркан Сүрөсү, 2)

Ааламда жандуу же жансыз болсун, бүт нерселерге, заттарга таасир берген өзгөрбөс эрежелер бар.

Бул өзгөрбөс мыйзамдар ааламдын да ичиндеги жандыктар сыяктуу кемчиликсиз бир түзүлүштө жаратылганын көрсөткөн далилдерден.

Бүгүн көбүнчө физиктер тарабынан көңүл бурулган бул далилдер бизге заттык жашоого тиешелүү мыйзамдар катары сунулат.

Кээ бир адамдар «физика мыйзамдары» катары гана карап, кадимки бир нерсе сыяктуу кабыл алган көптөгөн өзгөчөлүктөр – бул Аллахтын кемчиликсиз жаратышынын далилдери.

Ааламыбызды бүгүн биз көргөн абалга алып келген нерсе – бул Чоң жарылуудан кийин пайда болгон детальдар.

Илим чөйрөсү бул детальдарды «табигый туруктуулуктар (константалар)» деп атоодо.

Мисалы, ааламдагы бардык атом жана атомдон майда кванттык бөлүкчөлөрдүн санын, электрондун массасынын протондун массасына катышын, электрон жана протондун электрдик заряддарын же жарыктын ылдамдыгын «табигый туруктуулуктарга» мисал катары берүүгө болот.

Бул чоңдуктардын алгачкы газдын койулуп, оордошуп газ булуттары жана жылдыздарга айланышына мүмкүнчүлүк бере турган жана натыйжасында биз жашаган планетаны түзө турган чоңдукка ээ экендиги илимий бир чындык.

Эгер бул чоңдуктардын (туруктуулуктардын) мааниси бир аз гана башкача болгондо, ааламдагы система жаралмак эмес жана биз эч качан бар болмок эмеспиз.

Сүрүлүү күчүнүн мааниси

Күнүмдүк жашоодо, өзгөчө бир нерселерди түртүүдө жолуккан сүрүлүү тоскоолдугун кээде биз дайыма кыйынчылык чыгарган бир күч катары ойлонгон болушубуз керек.

Заттар жана тегиздиктер үстүндө сүртүлүү күчү болбогон бир дүйнө кандай болмок эле?

Бул учурда калем колуңуздан сыйгаланмак, китеп жана дептерлер столдун үстүндө токтобой жерге куламак. Стол килемдин үстүнөн тайып бурчту сүзмөк, кыскача айтканда, бардык заттар бирдей тегиздикке келгенге чейин баары сыйгаланмак жана тоголонмок.

Сүртүлүү жок бир дүйнөдө түймөлөр чечилип кетмек, мыктар жана шуруптар ордуларынан чыкмак, машиналар бурулуштарда бурула алмак эмес, тормоз кармамак эмес, үн эч өчпөстөн, бир дубалдан экинчисине чагылып тура бермек...

Ааламда системаны камсыз кылган бардык бул физика мыйзамдары – ичиндеги жандыктар сыяктуу ааламдын да пландалып жаратылгандыгынын далилдеринен.

Ааламдагы кемчиликсиз системаны камсыз кылган өзгөрбөс эреже, мыйзамдарды да Аллах жараткан жана Аллах жөнүндө ойлонуп, Анын улуулугун түшүнүшүбүз жана берген жакшылык-нематтарга шүгүрчүлүк кылышыбыз үчүн биздин кызматыбызга берген.

Аллахтын жаратуусундагы улуулук жана кемчиликсиз система жөнүндө дагы сансыз мисалдарды берүүгө болот. Ааламдардын жаратылышынан бери бүт нерсе Аллахтын илими менен жана Анын өкүмдарлыгы астында ишке ашып келүүдө.

Күчтөрдүн тең салмактуулугу

Жердин тартылуу күчү (б.а., гравитациялык күч) азыркыдан чоңураак болсо, эмне болмок?

Чуркоо жана ал тургай басуу да эч мүмкүн болбой калмак.

Адамдар жана жаныбарлар кыймыл-аракет жасоо үчүн азыркыдан көп энергия коротушмак.

Мындай учурда жер бетиндеги азыктар жана энергия булактары абдан ылдам жеп түгөтүлмөк.

Же жердин тартылуу күчү азыркыдан азыраак болсочу?

Анда жеңил нерселер жер бетинде ордунда тура алмак эмес.

Акырын болгон бир шамалда жерден көтөрүлгөн чаң жана кум майдалары сааттар бойу абада учмак.

Жамгыр тамчыларынын ылдамдыгы абдан жай болмок, жерге түшпөстөн кайрадан бууга айланып кетмек.

Агын суулардын агуу ылдамдыгы абдан жай болмок, ошондуктан агын суудан электр энергиясы алына алмак эмес.

Бул өзгөчөлүк Ньютон тарабынан түшүндүрүлгөн массалардын тартылуу күчү мыйзамына таянат: Ньютондун бул мыйзамы заттар, нерселер бири-биринен алыстаган сайын алардын тартылуу күчүнүн азайаарын айтат.

Бул мыйзам боюнча, эки асман телосу арасындагы аралык 3 эсеге чыкса, тартылуу күчү 9 эсе төмөндөйт. Же аралык учурдагынын жарымына түшсө, тартылуу күчү 4 эсе өсөт.

Бул мыйзам дүйнөнүн, айдын жана планеталардын орбиталарынын учурдагы системада болушун түшүндүрөт. Чындыгында физика мыйзамдары жалаң гана Аллах жараткан системанын адамдар тарабынан окуп үйрөнүлүшү жана ат койулушу гана.

Эгер мыйзам мындай болбостон, жылдыздын тартылуу күчү аралык өскөн сайын көбүрөөк төмөндөгөн болгондо, планеталардын орбиталары эллипс формасында болмок эмес, планеталар спиралдуу бир орбита чийип, күндү көздөй төмөндөп баштамак. Тескерисинче, азыраак болгондо, алыскы жылдыздардын тартылуу күчү күндүкүнөн күчтүү болмок жана дүйнө күндөн тынымсыз алыстаган бир сапарга чыкмак.

Мунун натыйжасында дүйнө же ылдам күнгө жакындап, ысыктан күйүп калмак же болбосо, күндөн алыстап, космостун абсолюттук суугунда тоңуп калмак.

Протондун зарядындагы назик эсеп

Ааламдагы бардык протондор 1,6 x 1019 оң зарядга ээ.

Бул атомдордогу ар түрдүү протондордун бири-бирин түртүшүн камсыз кылат.


Бирок өз ара тартылуу күчү түртүлүүдөн 100 эсе күчтүү болгондуктан, протондор бири-биринен ажырап кетишпейт.

Протондун массасы электрондукунан 1836 эсе чоң. Бирок, буга карабастан, билинбеген себептерден улам электрондун заряды протондуку менен бирдей: 1,6 x 1019.  

Протондун заряды азыркыдан бир азга азыраак болгондо, протондор арасындагы тартылуу азыркы биз билгенден бир топ күчтүү болмок жана булар бири-бирине мындан да жакын болмок.

Мындай учурда ааламыбыз кандай абалда болмок эле?

Эгер протондун заряды азыркыдан бир азга аз болгондо, жылдыздар ядролорундагы энергияларын бат эле күйгүзүп түгөтүшмөк жана 100 миллион жылда өлүшмөк.

Мындай абалда планетабыздын да ааламдын да бүгүнкүдөй боло албашы жана жандуулуктан сөз кылууга да мүмкүн болбошу ачык.

Чексиз акыл ээси болгон Раббибиз бул чоңдукту дал зарыл болгон деңгээлде, башкача айтканда 1,6 х 1019 кылып белгилеген.

Аллах бүт нерседен кабардар, улуу күч ээси.

Нейтрон массасынын канча болушу зарыл экенин биле албайт!

Нейтрондор 1,67 х 10-24 грамм туруктуу массага ээ.

Эгер нейтрондун массасы учурдагыдан 2%га оорураак болгондо, нейтрондор кыска мөөнөттө бузулууга кабылып, атомдор тең салмаксыз бир түзүлүшкө ээ болмок.

Мындай абалда жашоо үчүн зарыл болгон эч кайсы элемент бар болмок эмес, ааламдагы жалгыз элемент бир гана суутек болмок.

Башка тараптан, нейтрондун массасы чыныгы абалынан бир аз жеңил болгондо, анда протондор туруксуз бир түзүлүшкө ээ болмок.

Мындай учурда протондордун массасы ядродогу нейтрондордун массасынан чоң болмок жана протондор бузулуп, нейтрондорго айланып кетмек.

Физиктер нейтрондун массасынын азыркыдан миңде бир азыраак болушу учурунда бүгүнкү түзүлүштөгү атомдордун бар болушунун эч мүмкүн эместигин айтышууда.

Кыскача айтканда, мындай учурда жашоо деген нерсе болмок эмес.

Жарык эмне үчүн мынчалык чоң ылдамдыкка ээ?

Жарыктын ылдамдыгы секундасына 300 000 километр.

Бул Эйнштейндин атактуу Е = мс2 формуласында «с» менен көрсөтүлгөн бир туруктуу чоңдук.

Бул формулада «Е» - жылдыздардагы термо-ядролук реакцияларда зат энергияга айландырылганда, пайда болгон энергияны көрсөтөт.

Эгер жарык азыркыдан бир аз эле ылдамыраак болгондо, термо-ядролук реакцияларда азыркыдан он миңдеген эсе көп энергия бөлүнүп чыкмак.

Мындай абалда жылдыздардын ядролорундагы энергия бир топ бат түгөнмөк жана ааламыбыз миллиондогон жыл мурун караңгылыкка чөмүлгөн болот эле.

Жарыктын ылдамдыгы азыркыдан бир аз жай болгондочу?

Бул учурда ааламдын баштапкы кеңейүүсү бир топ жай болмок жана аалам тартылуу күчүнүн таасиринен кутула албай чөгүп кетмек.

Башкача айтканда, эки учурда тең жашоонун болушу мүмкүн болмок эмес.

Жарыктын толкунунун жөнгө салынышы

Көздөрүбүз ааламдагы нурдун жалаң гана кыска толкундарын кабыл алып, көрүүбүздү камсыз кылат.

Микроскоп, телескоп сыяктуу бир топ инструмент дайыма көздөрүбүзгө жана биз кабыл ала турган жарыктын түзүлүшүнө ылайыктуу негизде иштейт.

Эгер жарык башкача өзгөчөлүктө болгондо, микроскоп же телескоп сыяктуу функциялары бар инструменттерди жасоо мүмкүнчүлүгү жок болуп калышы мүмкүн эле.

Көзүбүз планетабызга жашоо берген күн тарабынан жайылган жарык түрүн айырмалай ала турган негизде пландалып жаратылган.

Абдан күчтүү болгон, көрүнө турган жарыктын кыска толкунда кыймылдашы аны биздин кабыл алышыбызды биологиялык жактан мүмкүн кылат.

Узартылган радио толкундарын көрө алуу үчүн спутникалык антена сыяктуу чоң көздүү болушубуз зарыл болмок. Көздөрүбүздүн жакын инфра-кызыл нурларды кабыл алышы да бир ишке жарамак эмес.

Мындай абалда тынымсыз концентрациябыз бузулмак, себеби ысык бөлүп чыгарган бүт нерселер ушундай толкундарда нур чыгарат.

Эгер инфра-кызылды көргөн болгонубузда, сиз отурган бөлмө толугу менен жарык чыгармак.

Себеби көздүн өзү да ысык болгондуктан, инфра-кызыл нур чыгарат.

Шек жок, мындай кабылдоо дүйнөнү биз үчүн жашай албай турган бир абалга алып келмек.

Көрүнө турган жарыкты түзгөн түркүн түстүү нурлар ар кандай толкунга ээ.

Бул нурлардын толкундары сантиметрдин миллиондо 75и менен 39у арасында өзгөрөт.

20-кылымдын атактуу илимпоздорунан Исаак Асимов жарыктын толкундарындагы мындай назик тактыкты мындайча түшүндүрөт:

«Толкундардын кыска болушу абдан маанилүү. Жарык толкундарынын түз сызык боюнча болушу жана так көлөкөлөргө алып келиши алардын чөйрөбүздөгү кадимки заттардан кичине болушу себептүү. Алдыларынан чыккан зат толкундун чоңдугунан чоң болбогон учурда ал заттардын чөйрөсүн курчап, ичине алышы мүмкүн. Мисалы, бактериялар да жарыктын толкунунун узундугунан бир топ чоң; натыйжада жарык аларды микроскоп астында даана көрсөтөт.»

Көрүнгөн жарыкты түзгөн нурлардын толкундарынын узундугу азыркыдай кыска болбогондо, бир даана кумду да, микроскоптор менен микроорганизмдерди да көрө алмак эмеспиз.

Көрүшүбүз үчүн жаратылган көлөкөлөр

Жарыктын атайын бир негизде жаратылганынын маанилүү бир көрсөткүчү – ал аз болгондо пайда болгон көлөкө.

Күнүмдүк жашоодо көлөкөлөр заттарды көрүүдө кыйынчылык жараткан терс бир нерсе сыяктуу көрүнөт.

Чындыгында болсо көлөкөлөр биздин кабылдашыбызда негизги элемент.

Көлөкө болбогондо, заттардын чоңдугун биле албашыбыз, ал тургай аларды эч көрбөй калышыбыз мүмкүн эле.

Эгер койуу жана ачык көлөкөлөр болбосо, чөйрөбүздөгү бардык көрүнүштөр Аполло космос кораблиндеги астронавттардын ай бетиндеги көрүнүштөрүнө окшош болмок.

Көлөкөлөр түшкөн жер түндөй караңгы, ал эми жарык жерлер бирдей жарыкта болмок. Улуу Раббибиз кулдарына берген бул жакшылыгын аятында мындайча билдирет:

«Мактоолор – асмандарды жана жерди жараткан, караңгылыктарды жана жарыкты (нурду) кылган Аллахка (тишелүү)... (Энъам Сүрөсү, 1)

Подшипникпи? Жээкке урунган толкундарбы?

Биз үчүн дүйнөнү, тагыраак айтканда, биз жашаган бүт жерди көзүбүзгө көрүнө турган кылган нурдун (жарыктын) өзгөчөлүктөрү кандай?

Бул суроого жооп издеген илимпоздор жылдар бойу изилдөө жасаганына карабастан, так жана толук жыйынтыкка жете алышкан жок.

Нур жөнүндө талаш жараткан негизги нерсе – бул, «нур фотон аттуу бөлүкчөлөр пайда кылган бир тизмек абалында жайылабы же толкун абалында жайылабы?» деген суроо.

Бир окшоштуруу жасасак, «нур бир жерден башка бир жерге подшипник сыяктуубу же жээкке урунган толкундар сыяктуу кыймылдайбы?»

Нур кээде көлмөгө ыргытылган бир таштын суу бетинде пайда кылган толкундары сыяктуу жайылууда, кээде болсо материалдык бир бөлүкчө сыяктуу өзгөчөлүккө ээ болууда жана терезеге тийген жамгыр тамчылары сыяктуу аралыктуу (үзгүлтүктүү) урунуулар абалында байкалууда.

Бул кызыктуу абал – жалаң гана нурга эмес, атомдун негизги бөлүкчөлөрүнүн бири болгон электронго да тиешелүү.
Электрон дагы бөлүкчөнүн да, толкундун да өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүдө.

Бул абал илим дүйөнсүндө чоң маселе жаратты.

Бул маселе атактуу Физика теориясы профессору Ричард П. Фейнмандын төмөнкүдөй сөздөрү менен чечилген:

«Электрондордун жана нурдун кандайча кыймыл жасаганын эми билебиз. Кандайча кыймылдашат дейсизби? Бөлүкчө сыяктуу кыймылдайт десем, туура эмес айткан болом. Толкун сыяктуу кыймылдайт десем, кайра эле туура эмес. Алар өздөрүнө тиешелүү, окшошу жок бир абалда кыймылдашат. Муну «квантум механикалык кыймылдоо абалы» деп атоого болот. Бул мурда көргөн эч нерсеге окшобогон кыймылдоо жолу... Бир атом бир жаанын учуна асылган, термелген бир нерсе сыяктуу кыймылдабайт. Кичинекей планеталар орбиталарында кыймылдаган кичинекей бир күн системасы сыяктуу да кыймыл-аракет жасабайт. Борборду курчаган бир булут же туман катмарына да көп окшобойт. Мурда сиз көргөн эчтекеге окшобогон бир абалда кыймылдайт. Жок дегенде мындайча жөнөкөйлөтүүгө болот: Электрондор бир мааниде фотондор сыяктуу кыймылдайт; экөөсү тең ажайып, бирок бирдей. Кандайча кыймылдаганын кабылдоо үчүн күчтүү бир кыялдануу күчү керек, себеби биз кабыл алып түшүнө турган нерсе – биз билген бүт нерседен башкача.»

Илимпоздор электрондордун мындай кыймыл-аракетин эч түшүндүрө алышпагандыктан, муну жаңы бир ат менен аташкан:

«Квантум механикалык кыймылдоо».

Бул жерде байкалган кемчиликсиз система жөнүндө профессор Фейнман мындай дейт:

«... өзүңүздөн тынымсыз «Бирок бул кандай болушу мүмкүн?» деп сурабаңыз; себеби аракетиңиз пайдасыз. Азыркыга чейин эч ким кутула албаган бир тупик жолго түшкөн болосуз. Мунун эмне үчүн мындай экенин эч ким билбейт». (Richard Feynman, The Character of Physical Law, Türkçe baskı: Fizik Yasaları Üzerine, TÜBİTAK Yayınları, s. 151)

Бирок Фейнман айткан «тупик жол» чындыгында «тупик» эмес.

Бул жерде кээ бирлеринин түшүнө албагандыгынын себеби – бул алардын ортодо турган апачык далилдерге карабастан, мындай таң калаарлык система жана тең салмактуулуктарды улуу бир Жаратуучу жараткандыгын кабыл ала албашы.

Чындыгында абал абдан түшүнүктүү:

Аллах ааламды жоктон бар кылып жараткан, кемчиликсиз тең салмактуулуктурга таянган жана өрнөксүз кылып жараткан.

Ичинен эч чыга албаган, түшүнө албаган, кээ бир илимпоздор дайыма «Бирок бул кандайча болушу мүмкүн?» деп өздөрүнө суроо узаткан бул суроонун жообу, бүт нерсенин Жаратуучусунун Аллах экендиги жана бүт нерсенин Анын жалаң гана «БОЛ» деп айтышы менен пайда болгондугунда турат.

Аллах бул так чындыкты Курандын бир аятында мындай билдирет:

«Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага жалаң гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат.» (Бакара Сүрөсү, 117)

Илим ааламды курчаган жогорку акылды табууда

Доктор Сир Жон Экклес

«Эгер бүт нерседе бир максат жана тең салмактуу система бар экенине ишенбесеңиз, анда бүт нерсени жалаң гана кокустук жана зарылдыктардан турат деп айтышыңыз мүмкүн. Бирок бар болушуңузду түшүндүрүү үчүн кокустук жана зарылдыктарга таянуу – бул келесоолук. Бардык жашоо жана албетте, бардык адамдар кемчиликсиз бир жаратылуу планынын бөлүктөрү.»

Генри Маргенау

«Табият мыйзамдырынын кокустуктар же кырсыктар натыйжасында пайда болушунун эч мүмкүн эмес экендигинде эч кандай шек жок. Анда табияттын сансыз мыйзамдары кайдан чыкты деген суроо жаралат? Табият мыйзамдарынын бүт жерде туруктуу болушуна ылайыктуу жалгыз бир жоопту билем: Табият мыйзамдарын Аллах жараткан. Аллах бүт нерсени билүүчү, бүт нерсеге күчү жетүүчү.»

Профессор Томас С. Эммел

«...Азыркы Биг Бенг (Big Bang) теориясынын буга чейин жасалган эң жакшы түшүндүрмө экенин көрдүм. Жаратуу процесси дагы эле уланууда. ...Менимче, Аллахтын бар экендиги бизди курчаган эбегейсиз аалам жөнүндө жасаган изилдөөлөрүбүздө ап-ачык ортого чыгууда.»

Профессор Улрих Ж. Бекер

«Бир Жаратуучу болбостон, менин бар болушум кантип мүмкүн болсун? Бул суроого берилүүчү канааттандырарлык жоопту уга элекмин.»

Профессор Жон Эрик Форнаес

«Мен Аллахтын бар экенине жана Аллахтын ааламды бүт катмарлары, негизги, майда бөлүкчөлөрдөн баштап жандыктарга, галактикаларга чейин камтыган бир түзүлүштө кылганына ишенем.»

Профессор Роберт А. Науманн

«...Учурда космология, майда бөлүкчөлөр физикасы жана микробиологиянын ортого чыккан абдан даана бир метафизикалык мүнөзгө ээ экенин кабыл алдым. ...Ааламдын бар болушу Аллахтын бар экендиги жыйынтыгына барышымды мажбур кылууда.»

Профессор Вольфанг Смит

«Мен дарвинизмге каршы чыгам же, мындай деп айтайын, гипотеза кылынган макро ааламдык кыймыл-аракеттердин артындагы механизм же кыймылдатуучу себеп эмне катары каралбасын, мындай транформация тараптарларынын гипотезаларына каршы чыгам. Ал тургай, мен дарвинизмди илимий бир теория катары эмес, көбүрөөк илимий бир камуфляжга киргизилген жасалма-метафизикалык бир гипотеза катары көрөм. Аллахтын бар экендигинен же, б.а. Аллах чындыгынан даанараак башка бир нерсе жок деп ойлойм.»

Профессор Уолтер Тирринг

«Менимче, жашоолорун дүйнөдөгү гармонияны түшүнүүгө багыштаган илимпоздордун анын ичиндеги Кудайдын максатын көрбөшү эч мүмкүн эмес.»

Профессор Шоичи Йошикава

«Мен ааламды жана жашоону Аллахтын жаратканына ишенем. Хомо сапиенс да, физика мыйзамдары да Аллах тарабынан жаратылган.»

Профессор Жей Рот

«Биз жашаган ааламдын физикалык табияты жөнүндө айтыла турган абдан көп нерсе бар; жашоонун кубатталышы үчүн бүт нерсени башкарган ал так тең салмактуулук... ааламдын физикалык өзгөчөлүктөрү мени, ойумду бүт бул нерселерди пландаган бир зат же Жаратуучуга багытташыма түрткү болууда. Жалгыз бир протеин, мисалы гликоген фосфорилиздин абдан комплекстүү түзүлүшү да адамдын башын айлантууга жетиштүү. Протеиндин синтези, ДНК репликациясы жана ремонту жана ошондой деңгээлде татаал болгон дагы жүздөгөн процесске көңүл бурулганда, адам терең урматтоо деп атала турган бир сезимдин ичинде калат.»

«Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар.» (Энъам Сүрөсү, 59)

 


2010-05-28 16:34:30

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top