МЕХДИЙЕТ ЖӨНҮНДӨ ТУУРА ЭМЕС ЖОРОМОЛДОР ЖАСАП, МУСУЛМАНДАРДЫ ПАССИВДЕШТИРҮҮНҮН ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЧОҢ

Пайгамбарыбыз (сав) хадистери менен акыр заманды; Аз. Мехди (ас)дын чыгышын, ахлагын, иш-аракеттерин, дене түзүлүшүн, Аз. Иса (ас)дын кайрадан дүйнөгө кайтышын, дажжалийеттин өзгөчөлүктөрүн жана иш-аракеттерин абдан терең билдирген. Дүйнөнүн өмүрү жөнүндө да кабар берген Пайгамбар Мырзабыз (сав) биз жашап жаткан ушул кылымда Аз. Иса (ас)дын бул дүйнөгө кайра келээрин, Аз. Мехди (ас)дын ачык адамдарга көрүнөөрүн, бүтүндөй Ислам ааламынын Аз. Мехди (ас)дын лидерлиги менен биригээрин жана Ислам ахлагынын жер жүзүнө өкүмчүлүк кылаарын сүйүнчүлөгөн.

Акыркы 30 жылда байкалган жана күн өткөн сайын ылдамдыгы жана саны көбөйгөн алааматтар Мехдийет доорунда жашап жаткандыгыбызды ап-ачык көрсөтүүдө. Ушуга карабастан,

•    Кээ бир адамдар Аз. Мехди (ас) шахсы-маневи (руханий, көзгө көрүнбөс) болот;
•    Кээ бирлери Аз. Мехди (ас) мурда келип, өтүп кетти;
•    Кээ бирлери Аз. Мехди (ас) – бир китеп;
•    Кээ бирлери Аз. Мехди (ас) эч келбейт;
•    Кээ бирлери Аз. Мехди (ас) 570 жылдан кийин келет деп айтуу менен мындай так чындыкты жаап, жашырууга аракет кылышууда.

Чындыгында болсо Аз. Иса (ас) кайрадан бул дүйнөгө келе турган, Аз. Мехди (ас) чыга турган бир доордо жашоо – бул момундар үчүн чоң кубаныч жана толкундануу булагы. 1,5 миллиарддык Ислам ааламы мынчалык маанилүү бир доордо жашап жаткандыгын аңдап-түшүнүшкөндө, ортого абдан сонун, берекеттүү жана акылдуу бир күч чыгаары талашсыз. Бул күч зулумдуктун астында эзилген Мусулман ааламынын кутулушу жана Ислам ахлагынын дүйнөнүн бүт тарабына жайылышы үчүн абдан маанилүү бир себепчи болот.

Адамдар ыйманга, сүйүүгө, акылдуулукка абдан муктаж болуп турган бир доордо эгер Аллах көрсөткөн жол менен, Пайгамбарыбыз (сав) көрсөткөн жол менен жүрбөгөн болсок жана бул нерсеге керектүү деңгээлде маани берилбеген болсо, анда мындай мамиленин Аллах Кабатында жоопкерчилиги абдан чоң болот. Мынчалык деңгээлде маанилүү болгон бул маселеге көз жумуп, абалдан чыгуу жолун чыныгы ыйманды калыптандыруу жана Аз. Иса жана Аз. Мехди (ас)га даярдык көрүүдөн издебестен, такыр башка жолдорду издөө, Аллах сактасын, эч күтпөгөн аянычтуу натыйжаларга себеп болушу мүмкүн.

Пайгамбарыбыз (сав) кабар бергендей,

•    Дүйнө жүзүндө селдер, жер титирөөлөр, жугуштуу оорулар, ар түрдүү кырсыктар абдан күчөгөн кезде;
•    Дажжалийет динсиздикти, ыймансыздыкты ар кандай мүмкүнчүлүктү колдонуу менен жайып жатканда;
•    Адамдар дарвинизм, материализм жана атеизм сыяктуу батыл (негизсиз, далилсиз) идеологиялардын бузукулук азабына куурулуп жатканда;
•    Дүйнөнүн төрт тарабында тынымсыз Мусулман каны агып жатканда, соода, экономикалык жактан өнүгүү, куруучу, инженер, доктор даярдоо, дагы да байуу үчүн аракет кылуу менен, жалаң гана жалпы маданиятты көтөрүүгө аракет кылуу менен маселелердин эч бири чечилбейт.

Албетте, ар бир Мусулман бардык бул саналган чөйрөлөрдө күчтүү, бай жана илимдүү болушу керек, бирок буларды кылууда Пайгамбарыбыз (сав) көрсөткөн жолдон жүз бурса, акыр заманда жашап жаткандыгыбызды унутууга аракет кылса, Аллахтын эки миң жылдан кийин элчиси Аз. Иса (ас)ды кайрадан дүйнөгө жөнөтүшүнүн кубанычын жашабаса, Мехдийет доорунда экенибизди түшүнүп, Аз. Мехди (ас)га жардамчы болуу үчүн аракет кылбаса, Аллах жакшыдай көрүнгөн бардык бул алдыга жылууларды бир азапка айлантып койушу мүмкүн.

Ошондуктан, Аллах жүздөгөн окуя менен ап-ачык көрсөткөн чындыкты көрбөш үчүн, Пайгамбарыбыз (сав)дын 150дөн ашуун ишке ашкан кереметин байкамаксан болуш үчүн ар кандай жоромолдор менен Аз. Иса (ас) жана Аз. Мехди (ас)дын доорунда жашап жаткандыгыбызды адамдарга унуттурууга аракет кылуудан билип туруп же билбестен бул катага түшкөндөрдүн баш тартышы шарт. Мусулмандарды ар кандай туура эмес жоромолдор менен пассивдештирүү ордуна, Пайгамбарыбыз (сав) жана чоң Ислам аалымдарынын сүйүнүчтүү кабарларын бүт адамдарга жеткирүү, бүтүндөй Ислам ааламын бул чоң мүжде (кубанычтуу кабар) менен кубантуу, бул кубаныч жана толкунданууну Ислам дүйнөсүнүн жана бүт адамзаттын жакшылыгына багыттоо ар бир Мусулмандын милдети. Аллахтын уруксаты менен, бүт дүйнө жүзү 10-15 жыл ичинде Раббибиз Наср Сүрөсүндө кабар берген кубанычтуу кабардын ишке ашканына күбө болот. Бул сонун күндөр келгенде, бушайман болбош үчүн бүт Мусулмандар болгон күчү менен Куранга жана сүннөткө толук баш ийип, Ислам ахлагынын дүйнөгө жайылышы үчүн аракет кылышы зарыл.

Аллахтын жардамы жана жеңиши келгенде,
Жана адамдардын Аллахтын динине топ топ кирип жатканын көргөнүңдө,
Тезинен Раббиңди мактоо менен аруула жана Андан кечирим сура (тообо кыл). Себеби Ал – тооболорду көп кабыл кылуучу. (Наср Сүрөсү, 1-3)


 


2010-08-25 09:28:14

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top