Акыр Заманда сонун ахлактын жайылышы үчүн жасалган ар бир аракет абдан баалуу

Акыр заман – Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадистеринде кыяматка жакын бир убакта болоорун билдирген жана белгилүү окуялардын биринин артынан экинчиси ишке ашаарын кабар берген бир убакыт периоду. Пайгамбарыбыз бул убакыт аралыгында ишке ашаарын билдирген окуялар биз жашап жаткан кылымда ишке ашты жана аталган алааматтар биринин артынан экинчиси болуп жатат.

Хадистерден байкалгандай, акыр заман эки доордон турат. Биринчи доордо дүйнөдө согуштар, карама-каршылыктар, кырсыктар, ахлактык бузулуу жана жакырчылыктын күч алаары, экинчи доордо болсо Аз. Мехди (ас)дын чындыктан баш тартуучу системаларга каршы жүргүзгөн чоң илимий күрөшү себебинен жер бетинин фитнадан кутулаары жана Аз. Иса (ас)дын кайрадан жер бетине келиши менен бирге бүт дүйнө жүзүндө тынчтык, бейпилдик жана бир туугандыктын өкүм сүрөөрү кабар берилген.

Өткөн кылым бүт дүйнөдө согуштар жана карама-каршылыктар абдан көп болгон бир кылым болду. 20-кылымда согуш же уруш-талашка кабылбаган, террор окуялары болбогон бир да өлкө жок сыяктуу. Бул абал бүгүнкү күндө да уланууда. Бул болсо дагы эле акыр замандын биринчи баскычында жашап жатканыбызды көрсөтүүдө.

Аллахтын каалоосу менен, иншаАллах, жакынкы убакта бардык согуштар, пикир келишпестиктер токтоп, «Алтын Кылым
(Доор)» деп аталган доор башталат жана жер жүзүнүн бүт тарабына сүйүү, тынчтык жана бир туугандык жайылат. Мындай куттуу доордо жашаган адамдар Аллах аларга болгон чоң берешендигинин бир натыйжасы катары жөнөткөн Аз. Мехди (ас)ды жана кайрадан жер бетине кайта турган Аз. Иса (ас)ды өз көздөрү менен көрүшөт жана жакырдыктын ордуна байлык, таңсыктыктын ордуна береке, зулумдуктун ордуна болсо сүйүү жана адилеттүүлүктүн келгенине күбө болушат.

Момундардын мойнундагы оор жоопкерчилик

Акыр замандын оор доорунан сонун ахлак жер жүзүнө өкүмчүлүк кылган куттуу доорго өтүүдө Аллахтан корккон, ак пейилдүү момундарга абдан чоң бир милдет түшүүдө. Сонун ахлакты адамдарга жеткирүү, түшүндүрүү бүт Мусулмандардын мойнунда парз экенине карабастан, бүт жоопкерчиликти Аз. Мехди (ас) жана Аз. Иса (ас)га таштап койуу, «кандай болсо да Аз. Мехди (ас) жана Аз. Иса (ас) бул кызматты аткарат» деп бул маанилүү парздан алыстоо абдан туура эмес бир мамиле болот. Бул куттуу заманда жашаган бардык ыймандуулар Аллахтан баш тартуучу (каапыр) пикирлерге каршы биригип, илимий күрөш жүргүзүүгө жардамчы болууга түздөн-түз милдеттүү. Фитна жана согуштар, бузукулуктар тарыхта эч көрүлбөгөндөй даражада бүт дүйнөнү каптаган бүгүнкү күндө тынчтык, бактылуулук жана бир туугандыкка толгон күндөргө жетүү жана Аллах жактырган сонун ахлакты жер жүзүнө өкүмдар кылуу үчүн колдон келген болгон аракетин жумшоо – бардык момундарга парз. «Силердин араңарда соопко чакырган, жакшылыкка (маруфка) буйруган жана жамандыктан (мүнкерден) тоскон бир коом болсун. Кутулууга жетишкендер дал ушулар.» (Ал-и Имран Сүрөсү, 104) аяты менен Аллах ыймандууларга таблиг (түшүндүрүү, чакыруу) милдетин билдирген. Ар бир момун колунда бар мүмкүнчүлүгүнө жараша чындыкты адамдарга жеткирүүгө тырышуусу зарыл жана Аллах жактырган сонун ахлактын жер жүзүнө жайылышы үчүн чечкиндүү аракеттенүүсү керек. Себеби бул доордо Аллах жолунда жасалган ар бир амалдын акыреттеги сообу да абдан баалуу экендигинде эч күмөн жок.

Жакын күндөрдө Куран ахлагы адамдар арасында жайылып, дүйнө бейпилдик, тынчтык жана ишенимге келээрин унутпашыбыз керек. Согуш жана чыр-чатактар, ахлаксыздык, басып алуу, зулумдук, жокчулук, адилетсиздик токтойт, согуш куралдары жок кылынат, ар түрдүү азаптын ордуна берекет, бакубат, байлык, сулуулук, ынтымак жана бейкуттук келет. Сонун ахлак жер жүзүнө жайылган бул жеңиш күнүндө кыйынчылык маалында жанын да, колунда барын да аябастан күрөшкөн Мусулмандар жете турган бакытка ортоктош боло алуу үчүн бардык момундар бүгүндөн тарта колдорунан келгенин жасоого, бул тарыхый милдеттин оордугун мүмкүн болушунча мойнуна алууга жана Аллах жолунда болгон бардык аракетин жумшоого тийиш.



 


2010-09-07 23:22:38

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top