Дүйнө жүзүндө Мусулмандар шейит кылынып жатканда, жүз миңдеген адамдар ачарчылыкта жашап жатканда, дээрлик күн сайын шейит жаназалары болуп жатканда «Дажжаль каерде көрүнүп жатат?» деген капылеттиктен сактануу керек

Пайгамбарыбыз (сав)дын көптөгөн хадистеринде кыяматтан мурда анархия, ызы-чуу, зулумдук өкүмчүлүк кыла турган бир дажжалият доорунун болоору жөнүндө сөз кылынат. Риваяттарда, ошондой эле, дажжалият системасынын дүйнө тарыхынын эң чоң фитнасы экендиги билдирилүүдө жана Пайгамбар Мырзабыз (сав) дажжаль фитнасынын коркунучуна мындайча көңүл бурган.

«Аллах Аз. Адамды жараткандан бери буга чейин дажжальдин фитнасынан чоңураак фитна болгон эмес.» (Muhammed B. Resul El-Hüseyni el Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayıncılık, Genişletilmiş 8. Baskı, İstanbul, s. 225)

Дажжальдин чыгышы Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын риваяттарында маанилүү акыр заман алааматтарынын бири катары түшүндүрүлгөн. Коомдорду Аллахтын дининен алыстата турган, аларды бактысыздыкка, сүйүүсүз, кооптуу, заалым бир жашоого түртө турган дажжаль кыяматтын жакындаганына ишарат кылган көптөгөн алааматтардын бири катары риваят кылынган. Бирок дажжальдин чыгышы өзү менен бирге чоң бир кубанычтуу кабарды да алып келет. Ал кабар – дажжалиятка каршы чоң бир руханий күч катары ортого чыга турган, дүйнөнү дажжалияттын шайтандык рухунан куткара турган, адамдарды кайрадан Ислам дининин нуруна жеткире турган Аз. Мехди.

Аз. Мехди (ас) – Пайгамбар Мырзабыз (сав) тарабынан кыяматтан мурда келээри сүйүнчүлөнгөн, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын урпактарынан болгон эң чоң мүжеддид, эң чоң мүжтехид, эң чоң эмир, кутб-у азам, замандын өкүмдары жана Ислам ааламынын руханий лидери болгон нурдуу бир зат. Тышкы көрүнүшү, ахлагы, үй-бүлөсү, кыла турган кызматтары жана ал келе турган замандын өзгөчөлүктөрү көптөгөн сахих (ишенимдүү) хадис тарабынан майда-чүйдөсүнө чейин кабар берилген жана бүт Эхли Сүннөт аалымдары бул хадистердин ишенимдүүлүгү жөнүндө бирдиктүү пикирге келишкен. Сахихи Бухари, Сахихи Мүслим, Сүнени Тирмизи, Сүнени Эбу Давуд, Сүнени Ибни Маже, Имам Раббани, Суйути, Бедиүззаман Саид Нурси жана башка көптөгөн Ислам аалымдарынын эмгектеринде абдан терең баяндалгандай, Аз. Мехди (ас)дын келиши толук чындык.

Бул Ислам аалымдарынын эмгектеринен байкалгандай, Аз. Мехди (ас) Хижри 1400-жылдары чыгат жана анын куттуу зухурун (чыгышын) кабар берген жүздөгөн алаамат ишке ашат. Белгилүү болгондой, азыр Хижри 1431-жылдабыз жана сөз кылынган алааматтардын 200дөн көбү дал хадистерде айтылгандай абалда ишке ашты. Бул болсо абдан баалуу, маанилүү жана нурдуу доордо жашап жаткандыгыбызды дагы бир жолу көрсөтүүдө.

Азыр дажжаль да, Аз. Мехди (ас) да кызмат кылып жатышат жана чындык менен батылдын илимий күрөшү башталды. Ушул себептен, бул доордо жашаган адамдар бул илимий күрөштүн кайсы тарабында болоору жөнүндө так чечим чыгарууга мажбур. Аз. Мехди (ас) тарабында болуу, бул куттуу заттын жардамчыларынан жана колдоочуларынан болуу дажжальга каршы жүргүзүлгөн чоң илимий күрөшкө жардам берүүнү талап кылат, бул болсо абдан оңой жол. Аллахтын бар экендигинин далилдерин түшүндүрүү, Куран ахлагын жайуу, Аз. Мехди (ас)дын келгенин сүйүнчүлөө жана бардык кыйратуучу идеологиялардын калп илимий негизин түзгөн дарвинизмди илимий тараптан жыгуу менен Аз. Мехди (ас)дын окуучусу, алдындагы аскери жана колдоочусу болууга болот.

Ошону менен бирге, Мусулман бир туугандарыбыз төмөнкүнү унутпашы керек, дажжалийет системасына көз жумуу, дажжаль жана Аз. Мехди (ас) доорунда экендигибизди түшүнбөгөн сыяктуу болуу, ишке ашкан жүздөгөн кыямат алааматтарынан жүз буруу жана зулумдукка унчукпай калуу дажжалийет системасын колдоо маанисине келет. Дажжальди колдоо үчүн сөзсүз эле динге каршы сүйлөп, иш-аракет кылуу талап кылынбайт. Дажжальдин кылгандарына унчукпай карап туруу да ага колдоо көрсөтүү маанисине келет жана адамга абдан чоң милдет жүктөйт. Ошондуктан, Мусулмандардын ушундай бир доордо «Дажжаль кана? Дажжаль жөнүндө сөз кылуунун эмне кереги бар? Мехди жөнүндө мынчалык көп айтуунун эмне зарылдыгы бар?» сыяктуу хадистерге жана аяттарга туура келбеген пикирде болушу абдан кооптуу. Баарынан мурда мындай абал – акыретте эсеби бериле албай турган бир капылеттик абалы.

Себеби, дажжалийет учурда дүйнө тарыхында эч болбогон чоңдуктагы бир фитнаны бүт коомдорго жайды. Дажжаль адамдарды туткунга алып, экономикалык кризистер менен аларды ороп, көчөгө чыга албай турган, досуна ишене албай турган, бейпил жашай албай турган, ал тургай бейпил дем да жута албай турган абалга алып келди. Дажжалийет адамдардын апасын, атасын, балдарын, сүйгөндөрүн өлтүрүүдө, үй-бүлөсүн талкалоодо, жакыр кылууда, аброй, намысын колунан алууда жана аларды сүйүүсүз, урматсыз, жалгыз жана бактысыз жашоого мажбур кылууда. Ушуга карабастан, бардык ушундай балээлердин ичинде жашаган кээ бир адамдар дажжалийет жок сыяктуу, эч мындай балээ болбой жаткан сыяктуу мамиле кылууда жана Мехдийетке (Аз. Мехдиге) болгон зарыл муктаждыктан баш тартууда.

Бардык Мусулман бир туугандарыбыздын төмөнкү чындыкты көрүшү зарыл: дажжаль өзүнүн иш-аракеттери менен бүт дүйнөнү канга бөлөдү жана бөлөшүн улантууда. «Дажжаль бул доордо келбейт», «Аз. Мехди (ас)дын келишине дагы кылымдар бар» деген кишилер дүйнөнүн азыркы абалын чын көңүлдөн ойлонуп, баалап көрүшү керек.

Учурда Кытайдын Чыгыш Түркстанда дээрлик 60 жылдан бери жасаган басым жана зулумдугу күчөө менен улантылууда. Өткөн 60 жыл ичинде 35 миллион Уйгур Мусулман геноцидге кабылган Чыгыш Түркстанда өткөн жылы бир ай ичинде 796 МУСУЛМАН ӨЛТҮРҮЛҮП; ШЕЙИТ КЫЛЫНДЫ, БИР ТҮНДӨ 10 МИҢ МУСУЛМАН ЖОГОЛДУ, 100 МИҢ УЙГУР КЫЗ БИР ТУУГАНДАРЫБЫЗ ҮЙЛӨРҮНӨН ЗОРДУК МЕНЕН АЛЫП КЕТИЛДИ. Бул кыз бир туугандарыбыз өлүм менен коркутулуп, зордуктоого мажбур кылынган. Бир түндө жоголуп кеткен 10 миң Мусулмандын акыбети болсо али белгисиз. Цзинзянда көчөлөр өлүккө толду. Уйгур Түрктөрү көчүүгө мажбур кылынууда. Урумчидеги окуяларда өлтүрүлгөн 156 уйгурдун көпчүлүгүнүн полиция күчтөрү тарабынан жалгыз ок менен башка атып, өлтүрүлгөнү аныкталды. Уйгур Түрктөрү мечиттерден таяктар менен куулууда жана дуба кылууларына тыюу салынууда.

Непалда Мусулмандар мечитте ибадат кылып жаткан жеринде бомбаланууда. Непалдык Мусулмандарга тиешелүү үй, ишкана, уюм жана мечиттерине ок жаадырылууда. Афганистанда 6 айда 1013 карапайым адамдар өлтүрүлгөн. Палестинада Мусулмандар өз мекенинде туткун сыяктуу жашашууда жана дээрлик күн сайын шейит болуу коркунучу астында жашоолорун улантышууда. Жакынкы өткөн жылдарда Чеченистанда жүздөгөн карапайым адамдар өлтүрүлүп, миңдегени мекендерин таштоого мажбур кылынган. Иракта акыркы жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, жөнөкөй адамдарга карабастан, элдин баарына бирдей уран колдонулганы аныкталды. Феллужахта (Ирактагы шаардын аты) рак ооруларында 4 эсе өсүш болгон, 14 жаштан төмөнкүлөрдө 12 эсе, ак канда 38 эсе, өспүрүмдөрдө мээ шишиктеринде маанилүү деңгээлде өсүш башталган. Хиросимада бомба ташталгандан кийин ак кан оорусунда 17 эсе өсүш болгон болсо, Феллужахта 38 эсе өсүш болгон. Пакистанда бомба жарылбаган бир күн да жок. Пешавар жана Лахор дээрлик күн сайын бомба жарылуусуна кабылууда.

Сомалиде ачарчылык абдан кооптуу абалда жана 5 жаштан төмөнкү балдардын төрттөн биринин ачка калып атканы айтылган. Бул жерде 1 миллион адам ачкадан өлүү коркунучу алдында турганы аныкталган. Патаниде буддист Тайланд армиясы тарабынан кыздар зордукталууда, аалымдар өлтүрүлүүдө, мечиттерге ок жаадырылууда. Патаниде дээрлик күн сайын Мусулман каны төгүлүүдө.

Дажжалийеттин зулумдугун учурда бүт адамдар толугу менен башынан өткөрүүдө жана көрүшүүдө. Көчөлөрдө уруш-талаштардын болушу, бир туугандын бир тууганын өлтүрүшү – бул дажжальдин өзүн көрсөтүп жаткандыгы. Күн сайын Түркиянын ар кайсы жерлеринде шейит жаназаларынын болушу дажжальдин «мен бул жердемин» дегенин көрсөтөт.

«Дажжаль кана?», «Дажжальди көрбөй жатабыз» дегендер Феллужахтагы, Афганистандагы, Палестинадагы, Чыгыш Түркстандагы, Судан же Непалдагы абалга бир карашы зарыл. «Дажжаль кана?» суроосунун жообун ошол жерден табышат. Дажжаль учурда Америкада, Афганистанда, Иракта, Непалда, Чыгыш Түркстанда, Кашмирде жана дүйнөнүн төрт тарабында. Болгон күчү менен адамдарды жок кылуусун, кан төгүүсүн, кыйратуусун улантууда.

Дажжаль өзүн бүт шайтандык тараптары менен ап-ачык көрсөттү. Бирок, дажжаль бүт тарапта өзүн көрсөткөнүнө карабастан, дагы эле кээ бир адамдар маңдайында «дажжаль» жазылган, мүйүздүү, кызыктай бир жандыкты күтүшүүдө жана «мындай жандык чыкпады, демек дажжалийет да жок» деп ойлоо менен чоң жаңылыштыкка кабылууда. Чынында болсо, дажжаль азыркы учурда тырмактарын чыгарып, колдорун ап-ачык дүйнөнүн төрт тарабында жашаган Мусулмандарга жана бүт адамдарга матырды.

Чоң Ислам аалымы Бедиүззаман Саид Нурси да эмгектеринде акыр замандын эң чоң фитнасы болгон дажжальдин дарвинисттик жана материалисттик агымдарды аң-сезимге сиңирүү менен фитна чыгараарын айткан жана Мусулмандарды бул жөнүндө мындайча эскерткен:

«Табиййун (табиятчылык, дарвинизм), маддийун (материалисттик, материализм) философиясына таянган бир баш тартуучу (каапыр) агым барган сайын акыр заманда материализм философиясы аркылуу күчтөнүп, кубаттанып, улухийеттен (Аллахтын бар экенинен) баш тартуучу бир даражага келет... Жана алардын башына келген эң чоңу спиритизм жана сыйкырдын гипнозкылуучу жана сыйкырлоочу укмуштуу өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон дажжаль болсо андан да алдыга кетип, зордук-зомбулукка таянган өкмөтүн үстөмдүк деп кабыл алып, улухийетин (өзүнүн кудай экенин) жарыялайт.» (Mektubat, s. 55)

Бардык мындай чындыктарга карабастан, 7 миллиарддык дүйнөдө Куран ахлагын, Исламдын сонундуктарын жана Мехдийетти жактаган адамдардын саны дээрлик кол менен көрсөтө тургандай аз санда болууда. Адамдардын көпчүлүгү дүйнөнүн учурдагы хаос абалына көз жумууда жана бир бөлүгү болсо өз иштеринин кайгысы менен гана жүрөт.

Бирок, албетте, бүт нерсе сыяктуу бул абал да Аллахтын тагдырынын бир бөлүгү. Аллах дажжалийет системасын чөктүрүүнү, адамдарды бейпилдик жана бакытка жеткирүүнү, бүт дүйнөгө Ислам ахлагынын жылуулугун, достугун жана бейпилдигин өкүмдар кылууну Аз. Мехди (ас)га насип кылган. Чынында эле, дажжалийет менен илимий күрөшүү абдан жеңил болгонуна карабастан, көп адамдардын бул багытта эч аракет кылбашы – Аллахтын бир керемети. Дин аалымдарынын көпчүлүгү ар кандай тема жөнүндө сөз кылууда, бирок акыр замандын фитнасы жөнүндө эч сөз кылышпоодо. Бүт дүйнөдө Мусулмандар топ тобу менен шейит кылынып жатканда, дажжальдин атын да эскеришпөөдө же болбосо көп жылдардан кийин келет деп айтышууда, Аз. Мехди (ас)дын келгенин сүйүнчүлөшпөөдө. Дажжалийет системасын бүгүнкү күнгө чейин сындаган, колго алган жана ага каршы күрөш жасаган дээрлик эч ким болгон эмес.

Бирок, Аз. Мехди (ас)дын жеңээри тагдырда белгиленген бир чындык. Дажжальдин адамдарды дин ахлагынан алыстатуу үчүн жүргүзгөн согушу, Аллахтын уруксаты менен, сөзсүз жеңилүүгө дуушар болот. Аллахтын хизби болгон Аз. Мехди (ас) жана анын жардамчыларынын мындай даңктуу жеңишине колдоо көрсөтүп, орток болгусу келген Мусулмандардын акыр заманда жашап жаткандыгыбызды түшүнүү менен дарвинизмге, материализмге жана динсиздикке каршы болгон күчтөрү менен илим, билим, искусство жана маданият менен күрөшүшү зарыл.

Мусулман бир туугандарыбыз дажжалийетти жеңүү үчүн Аллахтын бар экендигинин далилдерин түшүндүрүшү, дарвинизмдин бир калп экенин далилдеген илимий далилдерди жайышы, Аз. Мехди (ас)ды сүйүнчүлөшү жана Түрк-Ислам Биримдигинин эртерээк курулушу үчүн аракет кылышы – абдан маанилүү жана кечиктирилгис чара.

Эч шексиз, акыр заманда жашала турган алтын доор күн өткөн сайын жакындоодо. Жакынкы бир заманда, иншаАллах, бүт адамдар сүйүү, мээрим, боорукердик толугу менен жашалган, байлык, берекет, бейпилдик өкүм сүргөн, искусство жана сулуулуктун эң сонуну көрүлө турган бир дүйнөгө кабылышат. Аялдар, улгайгандар, жаш балдар бейпилдик ичинде кыдырып жүрө алышат жана кубаныч, жандуулук, достук өкүм сүргөн сонун чөйрөлөр бүт дүйнөгө жайылат. Пайгамбарыбыз (сав) бул сонун жана айдың доорду бизге төмөнкү хадиси менен сүйүнчүлөөдө:

Дүйнө херж-ү мерж (инсандар арасында пайда болгон фитна, баш аламандык, хаос, тартипсиз, оор чөйрө) ичинде калганда, фитналар чыкканда, жолдор кесилгенде, кээ бирлери кээ бирлерине кол салганда, чоң кичинеге мээримдүүлүк көрсөтпөй, чоңго урмат көрсөтүлбөй калганда, Аллах бул учурда алардан душмандыктын тамырын казып, далалат дарбазаларын колго алат жана башында мен бутуна тургузган сыяктуу, акыр заманда динди бутуна тургузат, мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттүүлүккө толтура турган бирөөнү (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөтөт.(Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, s. 12)

2010-09-19 00:19:43

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top