Ак ниеттүү адамдар Википедия сыяктуу калыстык кылбаган сайттардагы жалааларга эмес, чындыктарга маани беришет

Дүйнөгө жакшылап көз салган жана окуяларды акыл жүгүртүп анализ кылган ар бир адам бүгүнкү күндө дүйнөдө жакшылар менен жамандардын ортосунда тарыхый бир пикирдик күрөш жүрүп жаткандыгын көрөт. Бир тарапта Аллахты сүйүүнү, Аллахтан коркууну, жакшылыкты, бир туугандыкты, тынчтыкты жана достукту жактагандар турса, экинчи тарапта адеп-ахлактык бузулууну, кагылышууларды, согуштарды күчөткөн жана адамдардын колунан бүт бактысын алгандар турат.  Бирок учурда бир ачуу чындык бар: үй-бүлө жана адеп-ахлак түшүнүгүн жок кылууну каалаган, душмандыкты жана кагылышууларды самаган адамдар бири-бирин колдоп, ынтымактуу болсо, Аллах буйрук кылган эң мыкты адеп-ахлактын бүт дүйнөгө жайылышын каалагандар көбүнчө өз-өзүнчө болушууда. Жакшылар бөлүк бөлүк, жамандар болсо мыкты уюшкан. Гезит, журнал, телевизор жана интернет сыяктуу маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу жакшыларга каршы жүргүзүлгөн пропагандалар көбүнчө жакшылардын биригишине тоскоолдук кылган эң негизги себеп болууда.

Бирок, бири-бирин кылган иштерине, ал иштердин пайдалуу натыйжаларына карабастан же бири-биринен түздөн-түз маалымат албастан, уккандарынан эле жыйынтык чыгаруу ыймандууларга жарашпайт. Үч динде тең ыймандуулардын жалган жалааларга туш болоору, акылга сыйбас айыптоолорго кабылаары, андай жалаалардан улам кээде соттолоору ыйык китептерде кабар берилген. Үч диндин өкүмү боюнча тең, ыймандуулар башка бир ыймандуу жөнүндө уккан маалыматын изилдеп карап көрбөстөн, окуянын маңызы жөнүндө маалымат албастан, жыйынтык чыгара алышпайт. Анткени, Аллах жолунда кызмат кылган ар бир ыймандуунун ал кызматын токтоттуруу максатында ар кандай кысымчылыктарга, жалган жалааларга, коркутууларга кабылышы мүмкүн экендигин билишет. Жана мындай жалаалардын эң негизги максаттарынын бири адамдарды ыймандуулардан алыстатуу аркылуу дин адеп-ахлагынын жайылышына бөгөт коюу болуп саналат.

Маалымат же интернет доору деп сыпатталган бул кылымда ыймандууларга каршы эң көп колдонулган каражаттардын бири, албетте, веб сайттар болууда. Өзгөчө, Википедия сыяктуу, зыяратчыларынын мүчө болуп, акы төлөбөстөн киргизген ар кандай маалыматтарынан турган сайттар көптөгөн адамдарга эч кыйынчылыксыз маалымат жеткире алууда. Википедия өзүн «эркин энциклопедия» деп атаганы менен, сайттын көптөгөн иш-аракеттери мунун чындыкка дал келбестигин көрсөтүүдө.

Википедияда белгилүү бир түшүнүктү, белгилүү бир дүйнө көз-карашын чагылдырган бир тараптуу маалымат берүү жана кандайдыр бир мааниде цензура системасы өкүмчүлүк кылууда. Википедия сайты менен байланыштуу көптөгөн окуялар муну ачык айгинелеп турат.

Википедиянын эркин эместигин көрсөткөн сансыз окуялардан эки мисал

Алардын биринчиси, Германиядагы Штутгарт Табият тарыхы музейинин жетекчиси, белгилүү палеонтолог, доктор Гюнтер Бехлинин атына ачылган Википедия баракчасы менен байланыштуу. Д-р Гюнтер Бехли Дарвиндин төрөлүшүнүн 150-жылын белгилөө учурунда музейде бир көргөзмө уюштурган. Бехли көргөзмөдө бир таразанын бир жагына жаратылууну (креационизмди) жактаган бир канча китепти, экинчи жагына болсо Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебин коюп, өз оюнда Дарвиндин китебинин «салмактуураак» экендигин көрсөткөн. Көргөзмө кызыгуу жаратып, бир маалымат жыйыны өткөрүлө турган болгондо, Бехли журналисттердин суроолоруна жооп берүү үчүн жаратылууну жактаган илимий китептерди окуп баштаган. Окуп, изилдеп чыккан соң Бехли негизи дарвинизмдин жактай турган эч нерсеси жок экендигин түшүнүп, жаратылууга (б.а. бүт организмдердин жаратылгандыгына) ишенгендигин жана эволюция теориясынын туура эместигин айткан. Жаратылууну жактаган көптөгөн илимпоздордун жумушунан ажырашы сыяктуу, Бехли дагы бул сөзүнөн көп өтпөстөн, музейдеги кызматынан алынган.

Дарвинизмди жактаган кезде д-р Бехли жөнүндө кеңири маалымат жарыялаган Википедия сайты д-р Бехли эволюцияны четке каккан соң, сайттагы доктордун атына ачылган баракчаны өчүрүп салган.[i]

Экинчи окуя болсо, Бейлор университетинде эмгектенген, профессор Уолтер Брэдлинин атына ачылган Википедия баракчасына байланыштуу. Көптөгөн изилдөөлөрдүн, илимий эмгектердин ээси, билим берүү жаатында чоң тажрыйбасы бар профессор Брэдли жаратылууну жактаган илимий макала жана китептери менен да белгилүү. Википедия 2017-жылдын апрель айында Брэдлинин баракчасынан абдан кыска 2 абзацты гана калтырып, цензуралады.[ii]

Үстөмдүккө алынган Википедия

Бул эки окуя Википедиянын жеке көз-караштарын билдирген илимпоздорго орун бере албай турганчалык күчтүү бир дарвинисттик үстөмдүккө алынгандыгын көрсөтөт. Чындап эле, бүгүнкү күндө эволюцияны жактагандар илимий далилдерди, тагыраак айтканда, жаратылуунун чындык экенин айткандарды илимий мекемелерден, массалык маалымат каражаттарынан жана, ал тургай, интернет ааламынан алыстатуу үчүн болгон аракетин жумшап жатышат. «Эволюция жок» деген бир өспүрүм билим берүү мекемелеринде сынактан өтө албайт, бир илимпоз илимий карьера кыла албайт. Ал тургай, көбүнчө илимдин атын жамынгандар илимдин жаратылууну далилдээрин көргөнү үчүн, илимге да каршы чыгышууда.

Учурда бүт дүйнөдө дарвинисттик диктатуранын бар экендиги талашсыз чындык. Бул диктатура башка көз-караштардын айтылышына, илимий далилдердин көрсөтүлүшүнө уруксат бербестен, өз ойунда жаратылууну жактагандардын кадыр-баркын түшүрүү жана аларды илимге каршы, караңгы адамдардай көрсөтүү үчүн бир тараптуу пропаганда жүргүзүүдө. Википедия дарвинисттик диктатуранын таасири астындагы мейкиндиктердин бирине айлануудан алыс болушу керек.

Википедия «белгилүү инсан эмес» деп баракчасын өчүрүп салган, жаратылууну жактаган д-р Гюнтер Бехли – дүйнөнүн эң белгилүү фоссил (жаныбар, өсүмдүктөрдүн калдыктары) коллекционерлеринин бири. Бехли, ал тургай, бир канча түргө ат койгон, абдан белгилүү палеонтолог. Ошого карабастан, Википедия Бехлини, дарвинизмге каршы чыкканы үчүн гана, «белгилүү бирөө эмес» деп койду.

Википедияга киргизилген тексттер «редактор» деп аталган адамдар тарабынан көзөмөлдөнүп, оңдолот. Ал редакторлор, бир гана эволюция жана жаратылуу темасында эмес, өздөрүнүн идеологиясына туура келбеген бүт тараптарга калыс мамиле кылбай келишүүдө. Көбүнчө динчил, Аллахтын бар экендигине ишенген, материалисттик идеологияларга каршы болгон адамдар жөнүндө туура эмес маалыматтардын киргизилишин көрмөксөн болуп, туура эмес маалыматтардын оңдолушуна да уруксат бербей коюшууда. Мазмунундагы маалыматтарды оңдоону көздөгөн кайрылуу жана аракеттерди кайра кайра четке кагышууда. Бул Википедиянын анда жазылган маалыматтардын тууралыгына эмес, белгилүү бир идеологияга туура келип келбешине маани берээрин көрсөтүүдө.

Википедиянын объективдүүлүктөн алыс экендиги жана идеологиялык максатты көздөөрү анык.

Википедиянын артында турган түшүнүккө каршы мусулмандар, иудейлер жана христиандар кызматташышы керек

Википедиянын адилетсиз мамилеси бүт диндердеги Аллахка ишенгендерге багытталган. Ошондуктан ыймандуулардын «бул мусулмандарга карата жасалууда, бизге тиешеси жок» же «бул христиандарга карата жасалган мамиле, бизге тиешеси жок» деп айтышы туура эмес болот. Тескерисинче, ыйманга, динге же жаратылууга ишенгендерге каршы бир иш-аракет жасалганда, мусулман, христиан, иудей болсун, бүт Жаратканга ишенгендер ынтымактуу болуп, бири-бирине колдоо көрсөтүшү керек. Антпесе, Жаратканга ишенгендер бөлүнүп жарылып кеткен болот, бул болсо дарвинисттик диктатурага абдан жагат. Бир нерсени унутпашыбыз керек: дарвинисттер жаратылууга ишенген, динчил жана жакшы адамдардын ынтымакташып, Аллахтын даңкын жайылтуу үчүн биргелешип иш-аракет жүргүзүшүнө бөгөт койууну каалашат.

Тынчтыкка, достукка жана жакшылыкка үндөгөндөр тарыхта ар дайым коом тарабынан кысымчылыкка алынып, жалган жалааларга жана ар кандай ушак сөздөргө туш болушкан.

Аз. Иса пайгамбар жана анын шакирттери (апостолдору) да «жинди, өз кызыкчылыктарын ойлойт, жаңы бир дин ойлоп тапты» деген сыяктуу көптөгөн жалган жалааларга туш болуп, кысымчылык көрүшкөн. Бирок алгачкы христиандар мындай жалааларга эч маани бербестен, Аз. Иса пайгамбар менен анын шакирттерин жактап, колдоо көрсөтүшкөн. Ниети бузук кишилердин мындай жалган жалааларын алардын туура жолдо экендигинин бир далили катары көрүшкөн.

Анткен менен, кээ бир үстүртөн ойлонгон адамдардан бул жалган жалааларга ишенгендер да болгон. Инжилдин ыймандуулардын сыноолорун баяндаган бөлүмдөрүндө чын ыкластуу ыймандууларга колдоо көрсөтүүгө эрки жетпеген, кулк-мүнөзү алсыз адамдар жөнүндө да айтылган.

  1. ... Ыймандуулардын баары Сулаймандын серечесинде (бир жагы сыртка ачык бөлмө) чогулуп жүрүштү. Жалпы эл аларга абдан сый-урмат көрсөткөнү менен, сырттан эч ким аларга кошулууга даай алган жок. (Элчилер, 5:12-13)
  1. [Аз. Иса (ас):] «Силер болсо сак тургула! Адамдар силерди сотторго беришет... [жана] сабашат. Менден улам [Аллахтын ыраазылыгын көздөп мени ээрчигениңер үчүн] башкаруучулардын, падышалардын алдына чыгарылып, аларга күбөдөн өтөсүңөр. ... Силерди кармап сотко беришкенде, эмне айтаарыңарды ойлоп, алдын ала тынчсызданбагыла. Ошол учурда силерге эмне илхам кылынса, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Аллах сүйлөйт. (Марк, 13:9-12)
  2. Менин атымдан улам [Аллахтын ыраазылыгын көздөп мени ээрчигениңер үчүн] баары силерди жек көрүшөт. Бирок акырына чейин туруктуу болгондор кутулат.» (Марк, 13:13)
  3. [Аз.Иса (ас):] «... Бирок бул окуялардан мурда силерди кармап зулумдук кылышат. Силерди... зындандарга салышат. Менин атымдан улам падышалардын, башкаруучулардын алдына чыгарыласыңар... Ата-энеңер, бир туугандарыңар, туугандарыңар жана досторуңар да силерди кармап беришет жана айрымдарыңарды өлтүртүшөт. Менин атымдан улам [Аллахтын ыраазылыгын көздөп мени ээрчигениңер үчүн] баары силерди жек көрөт. Ошентсе да, бир тал чачыңар да түшпөйт. Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар.» (Лука, 21:5-19)
  4. [Аллахтын ыраазылыгы үчүн] Масихтин ысмынан улам акаратка туш болсоңор, кандай бактылуусуңар! ... Бирок бир адам Масихке ишенгени үчүн азап тартса, анда уялбасын. (1 Петир, 4:14-16)
  1. Сен болсо менин окутуума, иш-аракеттериме, максатыма, ыйманыма, сабырыма, сүйүүмө, туруктуулугума, тарткан зулумдук жана азаптарыма, ... башыма келгендерге жакындан күбө болдуң. Кандай зулумдуктарга сабыр кылдым! Бирок Рабби мени баарынан куткарды... Аллахка берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары зулумдук көрүшөт. Ал эми, жамандар жана алдамчылар башкаларды алдап жана өздөрү да алданып, барган сайын бузула беришет. (2 Тиметей, 3:10-13)
  1. Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени, ишенимиңердин сыналышынын туруктуулукту пайда кылаарын билесиңер. Бул туруктуулук кемчиликсиз натыйжасын берет. Ошентип бышасыңар жана кемчиликсиздикке жетесиңер. Бүт тараптан кынтыксыз болосуңар. (Жакып, 1:2-4)

Аллахка ишенгендер биримдикке келбесе, дажжал күчтөнөт

Учурда динсиздик алоолонгон оттой абдан тез жайылып жатат. Зомбулуктар, баңги зат, алкоголь, үй-бүлөлүк баалуулуктардын жоголушу, өзүн-өзү өлтүрүүлөр, адилетсиздик жана зулумдуктар коомдун бүт тарабына өз таасирин тийгизүүдө. Динсиздиктин мындай тескери натыйжаларын динсиздиктин философиясы менен пикирдик күрөш жүргүзүү аркылуу гана токтотууга болот. Бул күрөштүн убактысы өтүп баратат. Жакшылар эртерээк биримдикке келип, мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, чогуу илимий иш-аракеттерди жүргүзүшү зарыл.

Аллахка ишенгендер биргелешип иш алып бараарда, Википедия сыяктуу калыстык кылбаган бир булактан маалымат алып, сооптуу иштерден баш тартышы, албетте, такыр туура эмес болот. Ыймандуулардын бир инсан же бир иш-аракет жөнүндөгү ой-пикири анын ыйык китептерден окугандарына, жүрөгүнө, акылына жана көрөгөчтүгүнө таянышы керек. Дарвинист, материалист, Аллахты жокко чыгарган жана динчилдерге калыс мамиле кылбаган бир булак ыймандуулар үчүн эч качан ишенимдүү булак боло албайт. Ушундай булактын себебинен сооптуу бир иш-аракеттен баш тартуу болсо, албетте, ыймандуулар үчүн уят көрүнүш.

Христиандар, иудейлер, мусулмандар жана бүт жакшы адамдар дажжал агымынын дүйнө жүзүндө уюштурган жамандыгына каршы биримдик курганда гана ийгиликке жете алышат. Дажжал агымынын бул биримдикке бөгөт коюу үчүн курган тузактарына түшпөстөн, чечкиндүүлүк менен жасалган ар бир иш-аракет Акыйкаттын орношуна маанилүү салымын кошот. Жакшылыктын үстөмдүк кылышына өз салымын кошуу үчүн бардык ыймандуулар аракет кылышы зарыл. «Акыр заман» деп аталган улуу жана тарыхый бир доордон өтүп жатканда, ыймандуулардын илимий-пикирдик күрөшүнө колдоо көрсөтпөө жана өзгөчө жамандыкты жайылтууну көздөгөндөрдүн ыймандуулар жөнүндөгү жалган жалааларына ишенип, акыйкат жолдон жүз буруу, албетте, абийирдүүлүккө жатпайт.

 


[i] https://evolutionnews.org/2017/10/wikipedia-erases-paleontologist-gunter-bechly/

[ii] https://en.wikipedia.org/wiki/Walter_Bradley_(engineer)

2017-11-30 12:59:25

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top