Кызыктар дүйнөсү: Адамдын денесине кызмат кылган лизосома ферменттери

Turmush -  Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер болуп турат. Буларды өз милдетин кемчиликсиз аткарган 100 триллион клеткабыз жасайт. Бул клеткалардын ичинде өз милдетин өтө мыкты билген көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири белок өндүрөт, кээ бири ташуу кызматын аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат.

Клетканын ичиндеги бул акылдуу түзүлүштөрдүн бири – лизосома. Лизосоманы клетканын майдалагыч машинасы десек болот. Бул органеллден бөлүп чыгарылган ферменттер аркылуу денеде көптөгөн «талкалоо» иштери жасалат. Лизосома ферменттери ишке жараксыз клеткаларды бузуп, майдалап же бир түзүлүштүн айланасын орогон кабыкчаны талкалап тешүүдөн тышкары, денеде тынымсыз чоңойо берген кээ бир клеткаларды да талкалашат. Лизосома ферменттеринин мындай бузуу жумушунун дене үчүн мааниси абдан чоң.

Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин чоңоюшу менен бирге жатын да кадимки шарттарга караганда бир топко чоңойот. Бул наристенин жакшы жетилиши үчүн зарыл шарттардын бири. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң жатынга муктаждык калбайт. Ошондуктан ашыкча чоңойгон бул органды кайра мурдакы абалына алып келүү керек болот. Бул жумушту лизосома ферменттери жасайт. Наристе төрөлгөн соң белгилүү клеткалардын лизосомалары мунун кабарын алгандай болушат жана эмне кылуу керек экенин абдан мыкты билип ошол замат керектүү ферменттерди бөлүп чыгара башташат. Бул ферменттер болсо дененин ден-соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күндүн ичинде жатынды тездик менен бузуп, 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Натыйжада жатын мурдакы калыбына келе баштайт.

Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш жагында да болушат. Сперма энелик клеткага жеткенде, анын кабыгын тешүү үчүн өзүндөгү лизосома ферменттерин колдонот. Бул ферменттер энелик клетканы коргогон кабыкчаны тешип, сперманын аны уруктандырышына шарт түзүшөт.

Бул мисалдардан да апачык көрүнүп тургандай, денебиздеги механизмдердин баары бири-бирин толуктап турат. Кош бойлуулук учурунда жатынды чоңойтуучу системадан тышкары, аны мурдакы калыбына алып келе турган система да бар. Ошондой эле, бекем бир кабыкча менен корголгон энелик клетканы теше ала турган фермент дагы сперманын ичине атайын коюлган.

Дарвинисттер ушундай бири-бири менен тыгыз байланыштагы кемчиликсиз системаны кээ бир кокустуктардын натыйжасында пайда болгон жана кемчиликсиз иштеп келе жатат дешип, акыл жана логикадан абдан алыстап кетишкен. Өз ичинде кемчиликсиз иштеген бул механизмдердин денедеги бүт системаларга да төп келиши Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көз алдыга тартуулоодо.

1

1. Сперманын энелик клетканын кабыгын тешип, ичине кириши
2. Сперма энелик клеткага жеткенде аны тешүү үчүн ичиндеги лизосома ферменттерин колдонот
3. Клетканы бузууда кызмат кылган активдүү абалдагы лизосома ферменти
4. Электрондук микроскоптон активдүү абалдагы лизосома ферменттеринин көрүнүшү

Буларды төмөндө айтылгандардын ушул учурда денеңизде болуп жатканын унутпастан окуңуз

Гемоглобин молекуласы клеткаларга кычкылтек ташуу милдетин аткаруучу өзгөчө бир молекула. Гемоглобин өпкөдөгү кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газын калтырат жана ал жерден булчуңдарга өтөт. Булчуңдар болсо азыктарды күйгүзүп көмүр кычкыл газын пайда кылышат. Гемоглобин молекуласы булчуңдарга жеткенде, бул жолу тескерисинче, кычкылтекти калтырып, көмүр кычкыл газын алат.

Илимпоздор экөө эки башка болгон бул функцияларды аткарган гемоглобинди «кереметтүү бир молекула» дешүүдө. Эволюционист Гордон Рэттрей Тейлор The Great Evolution Mystery (Эволюциянын улуу табышмагы) аттуу китебинде гемоглобин молекуласы жөнүндө мындай деп жазган:

... Бул зат чындап эле кереметтүү бир молекула болгондуктан, бир убакта кычкылтек менен биригүүгө умтулса, бир канча секундадан соң бул умтулуусун жоготот. Бир заматта тандоосу көмүр кычкыл газын карай өзгөрөт. Бул болсо аны ан сайын өзгөчөлөнтөт. (Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper&Row Publishers, New York, s.108)

2

1. Гемоглобин өпкөдөн О2 алып, СО2ни калтырат.

2. О2 менен СО2 кан тамырлардын ичинде гемоглобин аркылуу  жеткирилет.

3. Ткань клеткалары.

4. СО2

5. О2

6. СО2ни калтырат

7. О2ни алат

8. Кан плазмасы

9. СО2

10. О2

11. Эритроцит

12. Капилляр

Бул айтылгандардан да көрүнүп тургандай, гемоглобин молекуласы аң-сезимдүү бир жандыктай болуп керектүү жерде жана керектүү учурда туура тандоону жасоодо. Жана эч качан кычкылтек менен көмүр кычкыл газын бири-бирине чаташтырбайт.

Микроскоптон гана көрүнө турган кичинекей бир молекуланын ойлонуу, чечим алуу жана тандоо жасоо сыяктуу өзгөчөлүктөрдү талап кылган иш-аракеттерди жасашы, албетте, ойлондурарлык көрүнүш.

Бул молекуланын кереметтүү акылдуулугу адам өмүрүнүн уланышына себепчи болууда. Адамдын денесинде бир саатта орточо 900 миллион эритроцит өндүрүлөт. Бир эритроцит клеткасында болсо болжол менен 300 миллион гемоглобин молекуласы болот. Адамдын денесиндеги гемоглобин молекулаларынын жалпы саны менен бул молекулалардын баарында бирдей жөндөмдөр бар экенин ойлогонубузда, мунун маанисин жакшыраак түшүнөбүз. 

Мындай тандоо жөндөмүнүн кокустан келип чыкпашы, кокустуктардын адамдын денесиндеги миллиарддаган гемоглобинге бул жөндөмдү бере албашы акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Гемоглобин молекуласын жаратып, жандыктардын денесине бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге орноткон Аллах.

3

1. Эритроцит
2. Гемоглобин молекуласы

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

2016-03-15 20:13:35

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top