КУРАН ДАРВИНИЗМДИ ЖОККО ЧЫГАРАТ 2

КУРАН АЯТТАРЫНАН ЭВОЛЮЦИЯ ТЕОРИЯСЫНА
ДАЛИЛ КЕЛТИРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАНДАРДЫН ЖАҢЫЛЫШТЫКТАРЫ

Аллах Куранда жандуулардын да, ааламдын да жаратылуусу жөнүндө көптөгөн аяттар түшүргөн.

Бирок бул аяттарда эволюция жолу менен жаратылуу болгонун көрсөткөн эч кандай маалымат же ишарат жок.

Тескерисинче, тасмабыздын биринчи бөлүгүндө түшүндүрүлгөндөй, Куранда жандуулардын жана ааламдын Аллахтын «Бол» деген буйругу менен укмуштуу бир абалда пайда болгону билдирилүүдө.

Албетте, Аллах кааласа, жандууларды эволюция аркылуу жаратышы да мүмкүн эле.

Бирок Куранда бул багытта бир да ишаратты жолуктурууга болбойт, эволюционисттер айткандай, түрлөрдүн баскыч баскыч пайда болгонун тастыктай турган бир дагы аят жок.

Эгер мындай жаратылуу абалы болгондо, Куран аяттарында бул жөнүндө терең түшүндүрмөлөрдү көрмөкпүз.

Себеби, Аллах Куранда бүт нерсенин түшүндүрмөсү бар экендигин билдирүүдө:

... (Бул Куран) ойдон чыгарылып, түзүлө турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин ар кандай түрдө түшүндүрмөсү жана ыйманга келе турган бир коом үчүн бир туура жол (хидаят) жана ырайым. (Йусуф Сүрөсү, 111)

Абал мынчалык ачык болгонуна карабастан, кээ бир Мусулмандардын дарвинизмге ишенип, бул адашкан теорияны жактап, аны колдошкону байкалат.

Бул адамдар эволюция теориясын жактай алуу жана өз ойлорунда Курандан далилдер келтире алуу үчүн кээ бир аяттарды маанилерин бурмалап, өз каалоолоруна жараша түшүндүрүшүүдө.

Маанилери абдан даана болгон аяттарды туура эмес тафсир кылып, бул аяттарга чындык жана ачык маанилеринен башка маанилер берүүдө, өз күмөн жана божомолдору менен жыйынтыктар чыгарышууда.

Чындыгында болсо, Куран бүтүндөй каралганда же эволюцияга далил катары көрсөтүлгөн Куран аяты мурдакы жана кийинки аяттар менен бирге каралганда, жасалган жоромолдордун абдан зордукчул жана жараксыз экендиги ачыкка чыгат.

Аяттарды чыныгы маанилерин бурмалап, тафсир кылууга аракет кылуу, күмөн жана божомолго таянып жасалган жоромолдорду Курандын сөзү сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылуу абдан кооптуу бир аракет экенин унутпоо керек.

Аллах мындай мамиле кылган адамдардын абалын Куранда мындайча түшүндүрөт:

Алардын ушундайлары бар, тилдерин китепке карап ийип, бүгүшөт, силер аны (мындай окуган сыяктуу көрүнүштөрүн) китептен деп ойлошуңар үчүн. Чындыгында болсо ал китептен эмес. «Бул Аллах Кабатынан» дешет. Чындыгында ал – Аллах Кабатынан эмес. Өздөрү да билип туруп, Аллахка каршы (ушундай) жалган сүйлөшөт. (Ал-и Имран Сүрөсү, 78)

Куран аяттарын атайылап, чыныгы абалынан башкача жоромолдоо, аяттардын маанилерин бурмалоо Куранда Аллахка каршы жалган айтуу катары аталган.
Албетте, эч бир Мусулман билип туруп, атайылап Аллахка каршы мындай күнөө кылууну каалабайт жана аятта билдирилген адамдардын абалына түшүүдөн абдан коркот.

Ошондуктан, Куранда мынчалык маани берилген бир нерседе күмөн жана божомолго таянып жоромол жасоодон тартынуу абзел.

Аяттарды туура эмес жоромолдоп, өз ойунда далил көрсөтүү менен адамдарды Куран жөнүндө туура эмес багытка сала турган дооматтарды жасоонун жоопкерчилигине кирүүдөн бүт адамдар сак болушу керек.

Бул абалдагы адамдардын бул нерсенин маанилүүлүгүн жакшылап ойлонушу жана Аллахтын алдында эсебин бере албай турган бир тафсир же жоромолго кирбеши зарыл.

Ушуну унутпоо керек, бул адамдар жалаң гана өздөрү жаңылуу менен калган жок, ошол эле учурда жоромолдорун окуган адамдардын да жаңылууларына себеп болушууда.

Бул болсо акыретте эсеби, жообу бериле турган абдан маанилүү жоопкерчилик.

«Куран дарвинизмди жокко чыгарат» аттуу тасмабыздын бул 2-бөлүгүндө эволюцияны жактоо үчүн Куран аяттарын туура эмес жоромолдогон адамдардын кайсы аяттарды эволюцияга далил көрсөтүшкөнүн жана бул дооматтардын жараксыздыгын карайбыз.

АДАМДЫН «ЭВОЛЮЦИЯЛЫК БАСКЫЧТАР» НАТЫЙЖАСЫНДА ЖАРАТЫЛГАНЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫШТЫК

«Силерге эмне болууда, Аллахка улуулукту каалабайсыңар? Чындыгында болсо, Ал силерди абал абал менен жараткан.» (Нух Сүрөсү, 13-14)

Эволюциялык жаратылуу жаңылыштыгын жактагандар аяттагы «абал абал (доор доор)» сөзүн «эволюция баскычтарынан өткөрүү менен» деп которушат.

Чындыгында болсо, аяттагы «абал абал» сөзүнүн арапчасы болгон «этварен» сөзүнүн «эволюция баскычтары» деп которулушу толугу менен бул адамдардын жеке жоромолу.

«Этвар» сөзү «абал» маанисине келген «Тавру» сөзүнүн көптүк түрү жана Куранда мындай абалда башка бир аятта жолукпайт.

Ислам аалымдарынын бул аят менен байланыштуу тафсирлери да бул чындыкты көрсөтөт.

Мисалы, Элмалы Мухаммед Хамди Йазыр Куран-ы Керим Тафсиринде бул аят Чындыгында болсо Ал силерди баскыч баскыч бир канча абалдардан өткөрүү менен жараткан (Нух Сүрөсү, 14)» деп которулган.

Аяттын тафсиринде болсо бул баскычтардын эмнелер экендиги мындайча түшүндүрүлөт:

«... Эбуъс-Сууддун түшүндүрмөсү бойунча, алгач элементтер абалында, андан соң заттар абалында, андан соң аралашмалар абалында, кийин бел суу (сперма) абалында, кийин эмбрион абалында, кийин бир кесим эт, кийин сөөк жана эт абалында, кийин болсо такыр башкача бир жаратылуу менен келбет берген.» (Elmalılı Hamdi Yazır, www.kuranikerim.com/telmalili/nuh.htm)

Имам Таберинин Тафсиринде да Нух Сүрөсүнүн 14-аяты «Чындыгында Ал силерди баскычтардан өткөрүп жаратты» абалында которулган жана «Алгач бел суу абалында элеңер, кийин силерди уюган канга, андан кийин бир тиштем этке айландырып жаратты» (İmam Taberi, Taberi Tefsiri, Tercüme Mehmet Keskin, Ümit Yayıncılık, 6.Cilt, s.2631) деп түшүндүрүлгөн.

Өмер Насухи Билмен болсо аятты «Чындыгында силерди ар түрдүү даражаларда жараткан (Нух Сүрөсү, 14) деп которгон жана мындайча түшүндүргөн:

«Халык-ы Керим (силерди сөзсүз ар түрдүү даражаларда) ар кандай келбеттерде (жараткан). Силер башында бир нутфе (бел суу) элеңер, кийин уюган кан, бир кесим эт, сөөктүү болдуңуз, кийин бир адам болуп денеңиз калыптанды. Бардык мындай ар түрдүү, сабак алчу окуялар, өзгөрүүлөр бир Халык-ы Хакимдин (Аллахтын) бар экендигинин, кудурет жана улуулугунун бир далилдери эмеспи? Эмне үчүн силер өз жаратылууңарды эч ойлонбойсуңар!» (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran'ı Kerim'in Türkçe Meali Alisi ve Tefsiri, Bilmen Yayınevi, İstanbul, 8.cilt, s. 3851)

Байкалгандай, Нух Сүрөсүнүн 14-аятын Ислам аалымдарынын баары бирдей түшүндүрүшкөн жана аяттагы баскычтардын бел суу абалынан адам абалына келгенге чейинки аралыктагы баскычтар экендигин айтышкан.

Аяттын мындай абалда түшүндүрүү себеби болсо «Куран аяттарынын кайра эле Куран аяттарына таянуу менен түшүндүрүү» принциби болуп саналат.

Себеби, Аллах башка аяттарда адамдын жаратылуу баскычтарын эне жатынындагы баскычтар катары бир-бирден баяндоодо.

Адамдын жаратылуу баскычтары катары сөз жүзүндө айтылган алгачкы түрлөрдөн өнүккөн түрлөргө эволюция болгондугу, эң аягында адам абалына келгендиги жөнүндө болсо Куранда кичинекей бир ишарат да жок.

Ошондуктан, «этварен» сөзүнөн эволюция маанисин чыгаруу Курандын жалпысына туура келбеген, толугу менен чындыктан алыс бир түшүндүрмө болот.

«КУРАНДА ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ПРОЦЕССКЕ ИШАРАТ БАР» ДЕГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫК

«Чындыгында, адамдын башынан али аны эстөөгө татыктуу бир нерсе эмес кезде, узун убакыттардан (дехр) бир убакыт (хин) өттү. (Инсан Сүрөсү, 1)

Бул аят да сөз кылынган чөйрөлөр эволюцияга далил көрсөтүүгө аракет кылган аяттардын бири.

Бул адамдар жеке көз-караштарына таянган бир котормо менен «али аны эстөөгө татыктуу бир нерсе эмес кезде» дегенди «адамдын бир адам болуудан мурдакы абалдарынын айтылгандыгы» катары түшүндүрүшөт.

Чындыгында болсо мурдакы доомат сыяктуу бул доомат да чындыктан алыс.

Мунун арапчасы төмөнкүчө:
«лем йекун шейъен мезкурен»
- Лем йекун     : эмес эле
- Шейъен         : бир нерсе
- Мезкурен    : аты аталган, эстелген
Бул сүйлөмдү «эволюциялык жаралууга» бир далил катары көрсөтүү зордукчул бир доомат гана.

Ислам аалымдары да бул аятты эволюциялык бир процесс катары түшүндүрүшпөйт.

Мисалы, Элмалылы Хамди Йазыр бул аяттагы убакыт сөзүн төмөнкүдөй тафсир кылат:

«Алгач баштапкы заттары болгон элементтер жана заттар, кийин алардан баскыч баскыч жаратылып ортоңку заттары өсүмдүк, жаныбардан болгон азыктар «ылай сулааласы» (Мүминун Сүрөсү, 12), кийин алардан сүзүлгөн жакын заты болгон бел сууну көздөй акырын акырын баскыч жана даражалар ичинде келген бир нерсе болгон, бирок адам деп эскерилген нерсе боло элек эле. Чындыгында адамдын ар бири сыяктуу адамзаттын өзү да эзелки эмес, кийин жаратылган. Дехрдин башталышынан да, ааламдын жаратылышынан да бир топтон кийин жаралган.» (Elmalılı Hamdi Yazır, http:// www.kuranikerim.com/telmalili/insan-dehr.htm)

Өмер Насухи Билмен болсо аятты мындайча тафсир кылат (түшүндүрөт):

«Бул аяттар Жанабы Хакктын адамдар жок жана билинбеген кезде аларды бир тамчы суудан уккан жана көргөн бир абалда жараткандыгын жана аларды сыноого алгандыгын билдирет... Адамзат башында жок болчу, кийин бир мөөнөт ичинде бир тамчы суудан, бир топурактан жана ылайдан калыптандырылып бир дене абалына келген. Ал инсан ал кезде белгисиз эле, анын кандай атка ээ экендиги жана эмне үчүн жаратылганын асман жана жер жандыктары билишпейт эле. Кийин ага рух аң-сезими берилип башталган. (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran'ı Kerim'in Türkçe Meali Alisi ve Tefsiri, 8.cilt, s. 3915)

Имам Табери болсо аятты «Инсандын (Адамдын) үстүнөн ушундай бир убакыттар өткөн, ал кезде ал – даңкы жана жогорулугу болгон бир нерсе да эмес эле. Ал – жалаң гана жабышкак бир ылай жана өзгөргөн бир балчык эле» (İmam Taberi, Taberi Tefsiri, 6.Cilt, s.2684) деп тафсир кылат.

Демек, жогорудагы аятта айтылган жана убакытты көрсөткөн сөздү «эволюциялык процесс» катары түшүндүрүү – Куранда эч кандай таянычы болбогон ойдон чыгарылган бир түшүндүрмө.

СУУДАН ЖАРАТУУНУН ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ЖАРАТЫЛУУ КАЛПЫНА ИШАРАТ КЫЛААРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫШТЫК
 

«Шек жок, Биз инсанды аралаш бир тамчы суудан жараттык. Аны сыноодобуз. Ошондуктан, аны угуучу жана көрүүчү кылдык.» (Инсан Сүрөсү, 2)

Эволюциялык жаратылуу жаңылыштыгын жактагандар Курандын көптөгөн аятында кездешкен «адамдын суудан жаратылгандыгы» жөнүндөгү сөздөрдү да өздөрүнүн дооматтарына далил катары көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Чындыгында болсо адамдын сууда жаратылгандыгы жөнүндөгү аяттар да Ислам аалымдары жана тафсирчилер тарабынан дайыма бел суудан жаратылуу катары түшүндүрүлгөн.

Мисалы, Элмалылы Мухаммед Хамди Йазыр Инсан Сүрөсүнүн 2-аятын төмөнкүдөй чечмелейт:

«... Бир нутфадан ушундайча жаратылды. Раыб түшүндүргөндөй, нутфа деп таза суу айтылат. Эркектин суусу да нутфа деп аталат. Адатта нутфа менен мени бир маанини туюнткан сөздөр катары каралат. Бирок, Кыямат Сүрөсүнүн аягында да айтылгандай, Куранда «Куюлган мениден бир нутфа...» (Кыямат Сүрөсү, 37)

буйурулуу менен нутфанын менинин бир бөлүгү экендиги айтылган. «Сахихи Мүслимде» риваят кылынгандай, «Суунун баарынан бала болбойт» хадис-и шерифинде да бир бүтүндүн ар бир бөлүгү деген мааниде «Бир суунун ар бир бөлүкчөсүнөн» деп буйурулган эмес, бир бөлүкчөсү деген мааниде «суунун баарынан» деп айтылышынан бала пайда болгон ал суунун бардык суу мениден эмес, анын бир бөлүкчөсүнөн тураары баяндалгандыктан, «нутфа» менинин бир бөлүкчөсү болгон таза уруктун аты экендигин түшүнөбүз. (Elmalılı Hamdi Yazır, www.kuranikerim.com/telmalili /insan-dehr.htm)

Имам Табери болсо бул аятты «... Адамдын урпактарын эркектин жана аялдын бири-бирине аралашкан төл сууларынан жаратканбыз» (İmam Taberi, Taberi Tefsiri, 6.Cilt, s.2684) деп чечмелеген.

Өмер Насухи Билмен тафсиринде болсо бул аят төмөнкүдөй түшүндүрүлөт:

«... (Шек жок, Биз инсанды аралаш бир тамчы суудан жараттык.) Эркек менен аялдын бири-бирине аралашкан сууларынан дене кылдык. Ооба... Адамдар бир мөөнөт нутфа, б.а., таза бир суу абалында жана бир мөөнөт «алака», б.а., уюган кан абалында жана бир мөөнөт музга, б.а., кичинекей эт бөлүкчөсү абалында болушкан. Кийинчерээк сөөк пайда болуп, эт менен капталган, жашаган абалга келишкен...» (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran'ı Kerim'in Türkçe Meali Alisi ve Tefsiri, 8.cilt, s. 3915)

Бул түшүндүрмөлөрдөн да байкалгандай, адамдын «аралаш бир тамчы суудан» жаратылышынын эволюция теориясы жактаган суунун ичинен кокустуктар натыйжасында пайда болгон жалгыз бир клеткадан баскыч баскыч адамдын пайда болушу дооматы менен эч кандай байланышы жок.

Бардык улуу аалымдар түшүндүргөндөй, бул аятта адамдын эне курсагындагы жаратылуусуна көңүл бурулууда.

Адамдын жаратылуу баскычтары баяндалган башка бир аят жакшылап карап көрүлгөндө, бул эволюциялык жоромолдордогу жаңылыштык даана байкалат.

Аятта мындай буйурулат:

«Эй инсандар, эгер (кайра) тирилүүдөн шектенип жатсаңар, чындыгында Биз силерди топурактан жараттык, кийин бир тамчы суудан, кийин бир алактан (эмбрион), кийин жаратылуу абалы белгилүү белгисиз бир тиштем эттен; силерге (кудуретибизди) ап-ачык көрсөтүү үчүн. Каалаганыбызды белгиленген бир мөөнөткө чейин эне курсагында кармайбыз. Кийин силерди наристе абалда чыгаруудабыз, кийин болсо күчкө толгон жашка жетүүңөр үчүн (силерди чоңойтуудабыз). Силердин кээ бирлериңер жашоосунан айрылууда, кээ бирлериңер болсо билгенден кийин эч нерсе билбеген абалга келүүсү үчүн өмүрдүн эң төмөнкү учуна (карылыкка) кайтарылууда. Жердин бетин куураган өлүү сыяктуу (абалда) көрөсүң, бирок Биз анын үстүнөн суу түшүргөнүбүздө жанданат, көөп-көтөрүлөт жана ар бир сонун жуптан (мөмөлөр) байлайт. (Хаж Сүрөсү, 5)

Аятта бир инсандын жаратылуу баскычтары сүрөттөлүүдө.

Биринчи баскыч болгон топурак адамдагы негизги минералдарды жана элементтерди камтыган чийки зат.

Экинчи баскыч болсо бул элементтердин эне курсагындагы жумуртканы төлдөтүү үчүн зарыл түзүлүшкө жана генетикалык маалыматка ээ болгон бел сууларды камтыган жана Куранда аралаш бир суу сөзү менен сүрөттөлгөн мениде чогулушу.

Кыскача айтканда, адамдын негизги чийки заты – бул топурак.

Топурактын маңызындагы элементтер бир тамчы мениде ал адамды пайда кыла турган бир абалда топтолгон.

Аятта бул «суу» баскычынын артынан эле адамдын эне курсагындагы өнүгүү баскычтары баяндалган.

Ал эми, эволюция теориясы болсо жандуулуктун сууда башталышы менен адамдын пайда болушу арасында алгачкы клетка, бир клеткалуулар, көп клеткалуулар, омурткасыздар, омурткалуулар, сойлоочулар, сүт эмүүчүлөр, приматтар жана булардын сансыз ортоңку баскычтары сыяктуу миллиондогон майып жандыктар баскычы болгондугун гипотеза кылат.

Аяттагы тизмекте болсо эч кандай мындай логика жана сүрөттөө жок экендиги даана көрүнүп турат.

Адамдын бир тамчы суу абалынан кийин алак (эмбрион) абалына келгендиги билдирилүүдө.

Ошондуктан, аятта адам түрүнүн башынан өткөргөн эволюция баскычтары эмес, жалгыз бир адамдын эне курсагынан мурдакы, эне курсагындагы жана туулгандан кийин улгайганга чейин уланган жаратылуу баскычтары сүрөттөлгөнү айдан ачык.

Адамдын жана башка жандуулардын суудан жаратылганын билдирген башка аяттарда да эволюция теориясына таяныч боло турган бир ишарат жок.

Аяттарда «бир тамчы суунун мени экендиги» ап-ачык баяндалууда:

Чындыгында, жуптарды; эркек жана аялды жараткан – Ал. Бир тамчы суудан мени төгүлгөндө. Чындыгында кийинки тирилтүү да Анын колунда. (Нежм Сүрөсү, 45-47)

Ал – куюлган мениден бир тамчы суу эмес беле? (Кыямат Сүрөсү, 37)

Адам эмнеден жаратылганын бир карасын? Атылып төгүлгөн бир суудан жаратылды. (Бул суу) Бел сөөгү менен кабыргалар арасын(дагы органдар)дан чыгат. (Тарык Сүрөсү, 5-7)

Мурда да айтылгандай, аяттарда жандуулардын суудан жаратылгандыгы билдирилүү менен жандуулардын негизги элементинин суу экендиги билдирилүүдө.

Заманбап биология суунун ар бир жандуунун денесинин эң негизги бөлүгү экендигин аныктады.

Адамдын денесинин дээрлик 70%ы суудан турат.

Ар бир жандуу денесиндеги суу аркылуу клетка ичи, клеткалар арасы жана сезүү органдары арасы байланышты камсыз кылат.

Суу болбостон, жашоо жок.

АЛГАЧ ТОПУРАКТАН, КИЙИН СУУДАН ЖАРАТЫЛУУНУН ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ЖАРАТЫЛУУГА ИШАРАТ КЫЛГАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫШТЫК

«... Сени топурактан, кийин бир тамчы суудан жараткан, кийин сени ылайыктуу (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)тан баш тарттыңбы?» (Кехф Сүрөсү, 37)

Имам Табери бул аятты төмөнкүдөй түшүндүрөт:

«... Атаң Адамды топурактан жараткан, кийин сени бир эркектин жана аялдын бел суусунан пайда кылган, кийин сени толук бир адам калыбына алып келген, аял эмес, эркек абалына алып келген Аллахтан баш тартуудасыңбы? Сага мынчалык нерселерди берген жана сени бул абалга алып келген Аллах сени өлүп топуракка айлангандан кийин кайрадан жаңы бир жандык кылып жаратты.» (İmam Taberi, Taberi Tefsiri, 3.Cilt, s.1268)

Өмер Насухи Билмен болсо бул аятты мындайча чечмелейт:

«... Сенин тамырың жана жаратылууңдун себепчиси болгон Азрети Адамды (топурактан) жараткан (кийин) болсо сени (бир нутфадан) эң жакын заты денең болгон бир тамчы мениден (жараткан кийин сени бир эркек кылган) сени бир канча жашоо абалдары натыйжасында толук адам калыбына алып келген Халики Керимден (баш тарттыңбы), себеби акырет жашоосуна ишенбеген, анын болоорун кабар берген жана ага күч жеткирүүчү Аллах Тааладан баш тартуу (Ага) ишенбөө) дегенди билдирет...» (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran'ı Kerim'in Türkçe Meali Alisi ve Tefsiri, 4.cilt, s. 1958)

Тафсирлерден байкалгандай, Кехф Сүрөсүнүн 37-аятынын жана адамдын суудан жаратылгандыгын айткан башка аяттардын эволюциялык жаратылууга бир далил катары көрсөтүлүшү жалаң гана жекече жоромолдоо гана.

Бул аяттар андай мааниге келбейт.

Аятта айтылган «топурактан жаратылуу» Аз.Адамдын (ас) жаратылуусун, суудан жаратылып, ылайыктуу бир адам абалына келүү болсо бел суудан башталган жаралуу жолун түшүндүрүүдө.

Аяттарда Аллахтын ылайдан түздөн-түз бир адам жараткандыгы мындайча кабар берилүүдө:

Раббиң периштелерге айткан эле: «Мен кургак бир ылайдан, калыпка салынган бир ылайдан (чоподон) бир адам жаратамын. Ага бир калып бергенимде жана ага Рухумдан үйлөгөнүмдө ылдам ага сажда кылып (жерге) жыгылгыла.» (Хижр Сүрөсү, 28-29)

Аз.Адамдын (ас) жаратылуусун баяндаган бул аятта кандайдыр бир баскычтан сөз кылынган эмес.

Куранда баяндалган жаратылуу баскычтары маани берилип каралса, бири-бирин ээрчиген процесстер көз алдыга тартылса, дарвинист божомолдордун туура эмес экендиги ошол замат байкалат.

Куранда Аз.Адамдын (ас) эволюциялык бир процесс аркылуу жаратылбаганына ишарат кылган дагы көптөгөн аяттар бар.

Бул аяттардын бирөөсүндө мындай деп айтылат:

Шек жок, Аллах Кабатында Исанын абалы – Адамдын абалы сыяктуу. Аны топурактан жаратты, кийин ага «Бол» деп айтаары менен ал ылдам (пайда) болуп калды. (Ал-и Имран Сүрөсү, 59)

Аятта Аллах Аз.Адам (ас) менен Аз.Исанын (ас) окшош абалда жаратылгандыгын билдирүүдө.

Аз.Адам (ас) эч кандай атасыз, топурактан, Аллахтын «Бол» деши менен жаралган.

Топурактан жана суудан жаратылуу жөнүндө сөз кылынган башка аяттарда да мурдакы бөлүмдө каралгандай, адамдын эволюция баскычтары эмес, адамдын жаратылуусунун эне курсагына түшүүдөн мурдакы, эне курсагындагы жана туулгандан кийинки баскычтары сүрөттөлүүдө.

Бул аяттардын бирөөсү төмөнкүдөй:

«Ал силерди топурактан, кийин бир тамчы суудан, кийин бир алактан (эмбрион) жаратты; кийин силерди бир наристе кылып чыгарууда, кийин күчтүү (эрезеге жеткен) жашка жетишиңер, кийин улгайышыңар үчүн (белгилүү бир өмүр берүүдө)... (Мүмин Сүрөсү, 67)

«АЛГАЧКЫ АДАМ БИР ПРОЦЕСС ИЧИНДЕ ЖАРАТЫЛДЫ» ДЕГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫК

Раббиң периштелерге: «Чындыгында Мен ылайдан бир адам жаратам» деген эле. (Сад Сүрөсү, 71)

Эволюциялык жаратылуу менен байланыштуу дагы бир жаңылыштык кайра эле аятта айтылган маанинин туура эмес жоромолдонушу натыйжасында ортого чыгууда.

Кээ бир котормолордо аяттагы «ылайдан бир адам жаратам» сөзү «ылайдан бир адам жаратуудамын» деп которулууда жана мунун эволюциялык процесс ичинде, акырын акырын жаратылууга ишарат кылганы айтылат.

Бирок аяттын арапчасы мындай которуунун жекече жоромол экенин даана көрсөтөт.

«Инни халикун бешерен мин тын» = «Мен ылайдан бир адам жаратуучумун.»

Бул аятта «жаратуудамын» деген сыяктуу бир сөз жок.

Аяттын уландысында да «аны бир калыпка салып, үйлөгөнүмдө ага сажда кылгыла» деп буйурулат жана бул жерден да «жаратуу» кыймыл-аракетинин бир заматта болуп бүткөндүгү байкалат.

Ислам аалымдары да бул аятты «жаратуудамын» деп которушкан эмес.

Мисалы, Имам Табери бул аятты «Мен ылайдан бир инсан жаратам» (Сад Сүрөсү, 71) деп которгон жана төмөнкүдөй тафсир кылган:

«... Бир убактарда Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан бир адам жаратам деп айткан эле... Аны жаратып, келбетке салып, рухумдан ага үйлөгөнүмдө, ага сажда кылгыла.» (İmam Taberi, Taberi Tefsiri, 4.Cilt, s.1991)

Эволюциялык жаратылуу калпын жактагандардын адамдын бир процесс ичинде жаратылганы жөнүндөгү көз-караштарын колдоо максатында колдонгон башка бир аят болсо төмөнкүдөй:

Ал – жараткан бүт нерсесин эң сонун кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. (Сежде Сүрөсү, 7)

Бул адамдардын жоромолдору боюнча аятта айтылган «ылайдан баштаган» сөзү бир процесске, башкача айтканда, эволюциялык бир процесске ишарат кылууда.

Чындыгында болсо бул жерде эволюциялык бир процесске ишарат кылынбайт.

Аллахтын жоктон жаратуусу бул тасма боюнча баса белгиленгендей, көптөгөн аяттарда терең баяндалууда жана эч бирөөсүндө адамдын эволюциялык бир процесс менен жаратылгандыгын көрсөткөн бир сөз жок.

Бул дагы башка жоромолдор сыяктуу бир зордукчулдук жана мунун Куран бүтүндөй каралганда, эч кандай таянычы жок экендиги ошол замат байкалат.

Аллах ааламдагы бүт нерселерди тынымсыз жаратууда жана бул эволюция маанисине келбейт.

Өмер Насухи Билмен бул аятты «... Ал Хаалыкы Хаким бир топурактан, бир суудан Азрети Адамды жаратты.» (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran'ı Kerim'in Türkçe Meali Alisi ve Tefsiri, 6.cilt s. 2763) деп, Имам Табери болсо «... Адамды жаратууну ылайдан баштаткан» (İmam Taberi, Taberi Tefsiri, 4.Cilt, s.1796) деп чечмелешет.

Инфитар Сүрөсүндөгү аяттарда орун алган кээ бир баяндар да эволюциялык жаратылуу калпын жактагандар тарабынан эволюциялык процесске бир ишарат катары жоромолдонууда:

Эй инсан, «жогорку берешендик ээси» болгон Раббиңе каршы сени алдап-жаңылткан эмне? Ал сени жаратты, келбет берди. Жана Өзү каалаган бир келбетте сени калыптандырды. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

Бул аяттарда билдирилген катарлардан эволюциялык бир процесс чыгаруу абдан бурмаланган жана зордукчул бир жоромол.

Себеби бул аяттарда да тасманын башынан бери каралган көптөгөн аятта баяндалган адамдын эне курсагындагы өөрчүү баскычтарынан сөз кылынууда.

Элмалылы Хамди Йазыр да тафсиринде бул аятты мындайча чечмелейт:

«Ал Раббиң сени жаратты. Бул жерде жаратуу – дене түзүлүшүн жана органдарды калыпка салуу, өлчөө менен жасоо, калып берүү жана бөлүктөрдү бириктирип жаратуудан мурда бар кылуу деген мааниге келээри ачык. Бүт нематтардын негизи болгон «бар болуу»нун Аллахтын берешендиги жана жоомарттыгынын алгачкысы экендиги белгилүү.

Кийин сенин дене түзүлүшүңдү жана органдарыңды калыптандырды. «Сени бир топурактан, кийин бир нутфадан (бел суудан) жаратты. Кийин сени бир инсан калыбына алып келди.» (Кехф Сүрөсү, 37) буйурулгандай жана дагы бир канча аятта айтылгандай, жаратылышыңды баскыч баскыч кылып, рух үйлөнө турган абалда инсандык деңгээлине алып келди; дене түзүлүшүңдү, органдарыңды, күч-кубатыңды калыпка салды, калыптандырды да сага бир гармония жана эрк берди. Бул жерде бири «адл» тамырынан бири болсо «таъдил» тамырынан болгон эки кыраат бар. Экөөсү тең бир мааниге келип, теңдештирүү, кадимки абалга алып келүү дегенди билдиргендиктен, бираз мурда айтылган «тесвийе»нин толук кандуу абалга келген экендигин түшүндүрүү үчүн бир канча абалда тафсир кылынган.

Мукатилден риваят кылынганына караганда, көз, кулак, кол, бут сыяктуу жуп органдардын теңдештиги жана бөлүктөрү анатомиядан билингендей, дененин ар тараптан тең салмактуу жана келбеттүү деген мааниге келип, «Ооба, Биз анын бармактарын да өз ордуна келтирүүгө кудуреттүүбүз» (Кыямат Сүрөсү, 4) аятында айтылгандай болот. (Elmalılı Hamdi Yazır, http:// www.kuranikerim.com/telmalili /infitar.htm )

Өмер Насухи Билмен болсо бул аятты мындайча тафсир кылат:

Ооба. (Ал) Керим Раббиң (сенин жаратуучуң) сени Адемден пайда кылды, (кийин сени калыптандырды) сага кемчиликсиз, орду орду менен болгон органдарды берди (да мутедил (толук кандуу) абалда кылды). Бардык органдарыңа бир эрк (күч) берди, жаратылышыңды, дене түзүлүшүңдү сонун бир тактыкта жаратты. (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran'ı Kerim'in Türkçe Meali Alisi ve Tefsiri, 8.cilt, s. 3983)

Имам Табери болсо Инфитар Сүрөсүнүн 7-аятынын адамдын бир калып ичинде жаратылышына ишарат кылганын айтат:

«Эй инсан, Ал Жаратуучу (Раб), сени жараткан, жаратылышыңды орду орду менен кылган, сени бекем, келбеттүү жана туптуура бир абалда пайда кылган. (Башкача айтканда, сени бойу ордунда, катыштары бекем абалда толук кандуу бир инсан кылып жараткан) Аллах сулуу же сулуу эмес, каалаган бир абалда сени жараткан.» (İmam Taberi, Taberi Tefsiri, 6.Cilt, s.2748)

Бул түшүндүрмөлөрдөн байкалгандай, аяттардагы маанилер абдан ачык жана түшүнүктүү. Куранда Аллахтын адамды бекем, орду орду менен жана толук кандуу жараткандыгы кабар берилүүдө.

ЖЫЙЫНТЫК

Бул тасмабызда Курандан эволюция теориясына далил келтирүүгө аракет кылгандардын аяттарды түшүндүрүүдө кабылган жаңылууларынын бир бөлүгүн терең карадык.

Куран аяттарында эволюция аттуу бир процесстин болгонуна байланыштуу эч кандай бир баян же ишарат жок экендигин көрдүк.

Ушуга карабастан, кээ бир адамдардын атайын белгилүү максаттарды көздөп зордукча жоромолдор жасоо менен аяттардын маанилерин бурмалагандыгын жана ушундай жол менен эволюцияны Куран аяттарынан далилдөөгө аракет кылгандарын көрдүк.

Алар эволюция теориясына далил катары көрсөтүүгө аракет кылган аяттардын Куранга таянуу менен апачык жана чыныгы маанилерин көрдүк жана бул аяттар менен байланыштуу Ислам аалымдарынын тафсирлерин карап чыктык.

Ислам аалымдарынын бир добуштан Куранда эволюция сыяктуу бир түшүнүктүн жок экендигин көрсөткөн көз-караштарын алып көрсөттүк.

«Куран дарвинизмди жокко чыгарат» сериябыздын кийинки тасмасында болсо бул жаңылыштыктарды анализ кылууну улантабыз жана кээ бир Мусулмандардын эволюция теориясын жактоолорунун негизинде жаткан себептерди карайбыз.

Курандан момундар үчүн шыпаа жана рахмат (ырайым) болгон нерселерди түшүрүүдөбүз. Чындыгында ал заалимдердин зыяндарын гана көбөйтөт. (Исра Сүрөсү, 82)

 


2010-08-16 23:36:48

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top