ЭҢ МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕ – БУЛ ТАХКИКИ (ИЗИЛДӨӨГӨ ТАЯНГАН БЕКЕМ) ЫЙМАНДЫН КАЛЫПТАНДЫРЫЛЫШЫ

Бүгүнкү күндө ой-пикири, социалдык статусу, улуту, расасы, өлкөсү кандай болсо болсун бардык адамдарды азапка салган, аларды кыйнаган маселелердин баарынын түпкүрүндө Аллахка болгон чыныгы ыймандын, чын көңүлдөн болгон жакындыктын жана толук баш ийүүнүн жок болушу турат. Адамдардын 1800-жылдардын ортолорунан баштап эволюция теориясынын колдоосу менен Аллахка болгон ыймандан жана дин ахлагынан кадам кадам алыстатылышы биринин артынан экинчиси уланган чоң балээлерге себеп болду.

Ар кандай улуттар жана расалардагы адамдарды баалабай, аларды бир айбан түрү сыяктуу көрүп кулчулукка айланткан жана алардын бардык байлыктарын тартып алган империализм; согуш, уруш-талаш жана кандуу революциялардын адамдарды алдыга жылдырып, аларга бактылуулук алып келе турган жалгыз жол экендигин жактаган коммунизм; адамдарды башынын чоңдугуна жараша баалаган, башка расаларды жана коомдорду жок кылынышы керек болгон бир душман катары караган фашизм жана ушулар сыяктуу акылга, ариетке жана илимге сыйбаган бардык идеологиялар дарвинизмден колдоо таап, күчөшкөн жана дүйнөнү канга булашкан.

Ошол сыяктуу эч ким эч кимге ишенбеши керек деген пикирди аң-сезимге сиңирген, бардык адамдардын бири-бирине шек менен карашына себеп болгон, эч кимдин башка бирөөнү чын жүрөктөн сүйүшүнө жол бербеген, актын (чындыктын) эмес күчтүүнүн үстөм экендиги калпын аң-сезимге сиңирген дүйнө көз-карашынын негизинде да адамдардын көр кокустуктар натыйжасында пайда болгондугу жана кылган иштери үчүн эч кимге жооп бербеши жөнүндөгү жалганды жактаган дарвинизм бар.

Кыскача айтканда, дажжалият (дажжаль, тажаал) дарвинизм жана материализмди бүгүнкү күндөгү болгон техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен жайууда жана сактап турууда. Гезиттерди, журналдарды, телевизор каналдарын, радиолорду, кино тасмаларды, интернетти колдонуу менен динсиздикти аң-сезимге сиңирүү, динсиздикти сактап калуу үчүн калп илимий таяныч катары дарвинизмди колдонгон дажжалият Ислам ааламын да колго түшүрүп алган жана чоң азаптар берүүдө.

Дажжалият мынчалык активдүү иш-аракет жүргүзүп жаткан бир чөйрөдө жасала турган эң маанилүү иш-аракет болсо – бул адамдардын чын жүрөктөн (чындап) Аллахтын бар экендигине жана жалгыз экендигине ыйман келтиришине себепчи болуу болмокчу. Тахкики, башкача айтканда, толук акыл жана жүрөк менен кабыл алынган ыймандын өкүм сүрүшү – бардык бул азаптарды жана кыйынчылыктарды заматта жоюунун эң маанилүү жолу. Адамдар чындап ыйман келтиришкенде, чын жүрөктөн Аллахка жакындашып, Аны сүйүшкөндө бул дүйнөнүн бейиш сыяктуу сонун болоору айдан ачык. Себеби, чыныгы ыйман сүйүүнүн, кубанычтын, бейпилдиктин, сулуулуктун, кооздуктун, сапаттын, улуулуктун толугу менен өкүм сүрүшү дегенди билдирет. Тахкики ыйман болгон жерде маданият өнүгөт, илим өнүгөт, алдыга жылуу болот, тынчтык болот, бүт нерсенин эң жакшысы болот.

Бул үчүн эң алгач адамдар негизсиз (батыл) бир дин катары сыйынган бир паган дини болгон дарвинизм калпынын илимий кыйратылышы, муну менен бирге Аллахтын ап-ачык бар экендигинин сансыз далилдеринин, башкача айтканда, ыйман акыйкаттарынын эң сонун, эң таасирдүү жол менен түшүндүрүлүшү зарыл. Бирок бул багытта аракет кылууда илимий жана акылдуу бир калыптын колдонулушу абдан маанилүү.

Акылга жана логикага сыйбаган, үстүртөн, чындыктан алыс, жасалма түшүндүрмө, баяндар адамдарга тескери таасир берип, аларды Аллахтан жана динден дагы көбүрөөк алыстатышы мүмкүн. Ушул себептен Мусулмандар динге чакырууда ээ болгон убакыт жана мүмкүнчүлүктү эң жакшы баалашы, адамдар Илмихал, Фыкых, шарият китептеринен оңой эле үйрөнүп ала турган темалардын ордуна аларга Аллахты сүйдүрө турган, Аллахтан чындап коркууларына, Аллах үчүн жашоонун ырахатын түшүнүүлөрүнө себеп боло турган темалардын баяндалышы абдан маанилүү. Мусулман илим-билим ортого койгон бардык маалыматтарды эң акылдуу колдонуу менен баш тартуучулардын дарвинизм путун сындырып, талкалай турган илимге жана маалыматка ээ болушу зарыл. Илимдин бардык тармагында маалыматка ээ болушу, буларды Аллахтын дини үчүн эң натыйжалуу колдонууну билиши керек. Аллахтын бар экендигинин далилдерин да эң хикматтуу, абдан так, эң таасирдүү жол менен, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү да пайдалануу аркылуу эң сонун түшүндүрө алышы зарыл.

Ыймансыздык адамзаттын башына чоң азаптар алып келип жаткан бир доордо, эң алгач адамдардын ыйманына себепчи болуу жана алардын ыймандарын бекемдөө маселеси турганда, муну койуп, анчалык зык болбогон темаларга убакыт жана мүмкүнчүлүктү каржоо акылдуу бир жол эмес.

 


2010-08-23 23:41:28

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top