Дүйнө Жашоосунун Чыныгы Жүзү

КИТЕПТИ ЖҮКТӨ

Download (DOC)
Жоромолдор

КИТЕПТИН БӨЛҮМДӨРҮ

< <
3 / total: 9

Адамдын Алсыздыгы

Адамды Аллах эң кооз келбетте жаратып, ага көптөгөн жогорку жөндөмдөрдү берген. Адамдын ойлонуу, чечим чыгаруу, акыл жүгүртүү, ойлонгон нерсесин турмушка ашыруу, план түзүү, жыйынтык чыгаруу сыяктуу мээ функцияларынан улам жаратылган бүт жандыктардан жогору тураары талашсыз чындык.

Бирок көп жагынан жогору болгонуна карабастан, адамдын денеси эмне үчүн мынчалык коргоого муктаж экенин ойлонуп көрдүңүз беле? Эмне үчүн микроскоптон араң көрүнгөн, кипкичинекей бактерия, вирустар бул денеге зыян тийгизе алышат? Эмне үчүн адам өмүр бою денесин күн сайын жууп тазалаганга жана аны караганга мажбур? Жана эмне үчүн адамдын денеси улгайат?

kadın bayan girl woman

Адамдар денелеринин алсыздыгын «табигый» бир кемчилик катары көрүшөт, анткен менен, денедеги ар бир алсыздык атайын, белгилүү бир максатты көздөп жаратылган. Адамдагы ар бир алсыздыкты Аллах атайын жараткан. Бул акыйкатка Ниса Сүрөсүнүн 28-аятында «...Адам алсыз жаратылган» деп көңүл бурулган. Адам качан, каерде төрөлөөрүн жана кайсы убакта, кантип өлөөрүн өзү тандай албайт. Ошондой эле, ооруган учурда абдан коргоосуз жана алсыз болуп калат. Адам бир кул катары Жаратуучубуз Аллахтын алдындагы алсыздыгын түшүнүп, дүйнөнүн убактылуу бир мекен экенин байкай алышы үчүн алсыз кылып жаратылган.

Адам качан, каерде төрөлөөрүн жана кайсы убакта, кантип өлөөрүн өзү тандай албайт. Ал тургай, жашоосунан канчалык ыраазы болбосун, ал жашоосун оң же терс тарапка өзгөртө турган элементтердин эч бирин башкара албайт.

Ооба, адамдын денеси бүт тарабынан коргоого муктаж. Дүйнө шарттарында башына качан, эмне келээри белгисиз. Жашаган жери дүйнөнүн эң өнүккөн шаары болсун же маданияттан канчалаган километр алыстыктагы, электр тогу, суусу жок бир тоолуу айыл болсун айырмасы жок; ар бир адам өмүрүнүн эч күтүүсүз кезинде кандайдыр бир коркунучка кабылышы толук ыктымал. Өлүмдүү бир ооруга чалдыгышы же майып болуп калышы мүмкүн. Кандайдыр бир окуядан улам эч айрылбайм деп ойлогон күчүнөн, сулуулугунан же кандайдыр бир мактанган өзгөчөлүгүнөн ажырап калышы ыктымал. Жашаган жери сыяктуу, адамдын ким экендигинин да мааниси жок; тоонун башында мал кайтарып жүргөн бир чабанбы же дүйнө жүзү тааныган бир жылдызбы, ким гана болбосун, күтүүсүз бир окуядан улам жашоосу түп тамырынан өзгөрүшү мүмкүн.

Орточо 70-80 килограммдык бир «эт менен сөөктүн жыйындысынан» турган дене жука бир тери менен капталган. Албетте, бул назик тери оңой эле чийилип, тилинип кетет жана кичине бир сокку болсо эле көгөрүп чыгат. Күндүн астында көпкө жүрүүгө чыдабайт. Белгилүү бир убакыттан көбүрөөк жүрсө, тери алгач кызарат, анан шишип, ичине суу толот. Кыскасы, ысык абада адам өзүн сөзсүз коргоого мажбур.

Аллах адамдарды эң сулуу келбетте жана эч кемчиликсиз системалар менен жараткан. Бирок бул дүйнөнүн убактылуулугун көрсөтүү жана адамдардын ач көздүгүнө бөгөт коюу үчүн, денени эт жана май сыяктуу өтө тез бузула турган заттардан жараткан. Эгер адамдын денеси башка заттардан жасалып, сооттой бекем болгондо, анда бул соотту тешип өтүүгө же ага кандайдыр бир зыян тийгизүүгө эч бир вирус же микробдун, сууктун же кандайдыр бир кырсыктын күчү жетмек эмес. Ал эми эт менен май болсо ачыкта калганда, бир канча сааттын ичинде сасып, бузулуп баштайт. Адамдын эң чоң алсыздыктарынын бири – бул, жасалган «материалынын» ушунчалык алсыз болушунда.

kadın bayan girl woman

Адам Аллахтан бир эскертүү катары денесинин алсыздыгын улам-улам сезип турат. Мисалы, муздак абанын таасири адам денесинин алсыздыгын толугу менен ачып көрсөтөт. Муздак абада адамдын физиологиялык иммунитетинин иш-аракети акырындап токтойт. Дененин тынымсыз жөнгө салып турган туруктуу температурасынын (37°С) канчалык маанилүү экендиги мындайда даана байкалат. Өтө суук абада дене акырындап өлүмдү көздөй жол алат. Башында жүрөктүн ритми ылдамдап, тамырлар ичкерет жана артериянын басымы көтөрүлөт. Дене өзүн жылытуу үчүн титиреп баштайт. Дененин температурасы 35 градуска түшкөндө, кооптуу абал пайда болот. Жүрөктүн ритми жайлап, кан басымы төмөндөйт жана кол менен буттарда, өзгөчө манжаларда тамырлар ичкере баштайт. Дене температурасы 35 градуска төмөндөгөн кишинин аң-сезими бүдөмүк тартып, багытты аныктоосу (ориентациясы) бузулат жана уйкусу келип, ойун бир жерге топтой албай калат. Мээ функциялары начарлайт. Бул жерде, албетте, дене температурасынын болгону 1,5 градуска төмөндөшүнүн канчалык маанилүү натыйжаларга себеп болоору ойлондурбай койбойт. Адам суукта андан да көпкө калып, дененин температурасы 33 градустан төмөн түшкөндө болсо, эс-тутум жана аң-сезим жоголот. 24 градуска төмөндөгөндө дем алуу, 20 градуска төмөндөгөндө мээ, 19 градуска төмөндөгөндө болсо жүрөк токтойт жана адам көз жумат.

Китептин эмки бөлүмдөрүндө адамдын денесиндеги алсыздыктарды тереңирээк карайбыз. Мындагы максатыбыз адамдын бул дүйнөдө канчалык аракет кылса дагы, чыныгы бейпилдикке жете албай тургандыгын, анткени андагы алсыздыктардын буга тоскоол болоорун ачып көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле, муну түшүнгөн адамдарга чыныгы мекенди, т.а. бейишти максат кылып, бул дүйнөгө жөн эле жабыша бербөө керектигин эскертүү. Анткени, адамдарга түбөлүк бейиш жашоосу убада кылынган. Эмки бөлүмдөрдө сөз кылынгандай, бейиште эч бир кемчилик, жетишпестик жана дененин алсыздыктары болбойт. Ал жерде адам напсиси (көңүлү) каалаган бүт нерсеге жете алат жана чарчоо, ачка болуу, суусоо, улгайуу, ооруп калуу сыяктуу физикалык кемчиликтерден толугу менен кутулат.

Дагы бир максатыбыз болсо – бул, адамдын өзүнүн алсыздыгын сезип, Жаратуучубуздун улуулугун түшүнүшүнө жана Ага муктаж экендигин аңдашына көмөкчү болуу. Куранда адамдардын Аллахка муктаждыгы төмөнкүчө кабар берилген:

Эй адамдар, силер Аллахка муктажсыңар; Аллах болсо Ганий (эч нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоого татыктуу). (Фатыр Сүрөсү, 15)

«Аллах Бул Дүйнөдөгү Алсыздыктарды Адамдар Бейишти Эңсеши Үчүн Жараткан.»
kadın bayan yaşlı old woman

АДНАН ОКТАР: Адам канчалык алсыз болсо, сыноосу ошончолук мыкты, ошончолук кооз болот, алсыздыктар Аллахка ошончолук жакындатат. Мисалы, Аллах кааласа адамдардын оозун гүлдөрдөгү сыяктуу кылып жаратмак. Розага өтө сонун жыт берет Аллах. Розага берген күчтү адамдын оозуна да ыйгарышы мүмкүн эле, анда адамдын оозу розадай жыттанмак, бетин да жуубай жүрө бермек, гүлдөй же болбосо болоттой жаркырап тура бермек. Аллах атайын ушундай кылып жараткан. Көңүл бурган болсоңуз, адам денесинин бүт тарабы алсыз, кулагында өзүнчө бир алсыздыгы бар. Көзү өзүнчө алсыз, бүт тарабында алсыздыктары бар жана баары атайын жаратылган. Бир парфюмерия дүкөнүнүн алдынан өтсөңүз, ар түрдүү жыттуу заттарды көрөсүз.

Кааласа, аны биздин денебизде да жаратмак, ошол сыяктуу жагымдуу жыттарды, бирок толугу менен тескерисинче жараткан, мисалы колтуктун астында өтө жагымдуу бир жыт жаратышы мүмкүн эле эгер Аллах кааласа. Анткени, бүт башка өсүмдүктөрдү, гиацинтти, чеге гүлдү, фиалканы, баарын жыпар жыттуу кылып жараткан.

Аллах адамдар бейишти эңсесин деп, атайын кемчиликтерди жараткан. Антпесе, адамдар бейишти эңсебей калышы мүмкүн. Денесиндеги жана айланасындагы алсыздык-кемчиликтерди көргөн сайын, бейишке болгон эңсөөсү артат. Себеби, мисалы, оюбузда кемчиликсиз бир аялды элестетебиз, бирок аны таба албайбыз, өтө сонун бир музыканы элестетебиз, аны да эч таба албайбыз. Улам улам жаңы ырларды сатып алабыз, бирок издеген музыкабызды ушул кезге чейин таба алган жокпуз. Издеген эң жагымдуу жытты да таба албайбыз, себеби кемчиликсиз, эң сонун нерселердин баары бейиште. Ички аң-сезимибизде бар бул, эң сонун бир үйгө же сарайга барсак да жактырбайбыз, «үйүбүзгө кетсек» дейбиз, туурабы?

Эч бирин чындап, толук жактырбайбыз. Анткени, биз бейишке карата коддолгонубуз үчүн, ички аң-сезимибизде бейишке жана түбөлүк жашоого болгон эңсөөбүз өтө күчтүү бир инстинкт катары тура берет. Түбөлүк жашоо каалоосу адамдагы эң күчтүү инстинкт жана бул дүйнөдөгү жалгыз канааттанбаган инстинкт. (Аднан Октардын Kanal 35 (Измир) каналына болгон маегинен үзүндү, 2009-жыл 18-январь)

 

«Чыныгы Мекен Акырет, Бул Дүйнө Бир Жагынан Убактылуу, Экинчи Жагынан Өтө Кемчиликтүү.»

АДНАН ОКТАР: ... Бул дүйнөнүн тамактары өтө кемчиликтүү. Адамдар кайсы тамакты жебесин, бейиштеги чыныгы тамактын даамын билгендиктен, дайыма ошону издей беришет. Эч бир адам ушул күнгө чейин кемчиликсиз бир тамак жеген эмес. Аллах «буга ыраазы болбогула» дейт. «Бейиштеги чыныгысына жана түбөлүктүүсүнө ыраазы болгула, бул жерде жашоо өтө кыска» дейт Аллах. Жана адам өтө аз жей алат бул дүйнөдө, көп болсо бир канча тарелка араң жейт. Аны да ашыкча жесе холестерини жогорулайт же кан басымы көтөрүлүп, кыйналат, ал эми бейиште болсо каалашынча жей алат, эч бир чек жок. Каалашынча жегенге мүмкүнчүлүгү бар. Каалашынча кыдыра алат, каалашынча талап кыла алат. Аллах «эмне кааласаңар жаратам» дейт бейиште, ал эми дүйнөдө болсо андай эмес. Аллах «бул дүйнөгө ыраазы болбогула, акыретке ыраазы болгула, акыретти чындап эңсегиле, чыныгы мекен ошол жакта, ал жер түбөлүктүү жана кемчиликсиз» дейт. Бул дүйнө бир жагынан убактылуу, экинчи жагынан кемчиликтүү. «Аллахтын ыраазылыгын кааласаңар, убактылуу жана кемчиликтүүгө ыраазы болбогула, түбөлүктүү жана кемчиликсизди каалагыла» дейт Аллах. Акылман адам ансыз да түбөлүктүү жана кемчиликсизди каалайт, албетте. (Аднан Октардын Ekin TV каналына болгон маегинен үзүндү, 2009-ж. 19-январь)

АДНАН ОКТАР: ... Бул дүйнөгө эмне мынча кызыгышат, дүйнөдө эмне бар? Бул дүйнөдөгү кыйынчылыктарды жакшы билишет, күн сайын эрте менен турганда эмнелерди кылууга мажбур экенин билишет адамдар. Тамактанышы өзүнчө бир көйгөй, башкасы өзүнчө бир көйгөй, карызы-чыгашалары өзүнчө бир көйгөй.

Бир аялдын өзүн каранбаган абалын бир элестетиңиз, адамдын алсыздыгын элестетиңиз. Бул дүйнөнүн жарымы тозоктун өзгөчөлүктөрүнөн турат. Бейиш менен тозоктун өзгөчөлүктөрү жарым-жарымдан берилген бул дүйнөгө. Ошондуктан акыретти ойлонбогон, Аллахтын ыраазылыгын ойлонбогон адам дүйнөдөгү тозок өзгөчөлүктөрүнүн баарын өзүнүн үстүнө жүктөйт. Анан бул дүйнө ал үчүн тозокко айланат. Бирок, эгер ыймандуу адам ар дайым Аллахтан коркуп, Аллахты сүйүп жашаса жана өлүмдү ар дайым ойлонсо, анда тозоктун өзгөчөлүктөрү көз алдынан жоголот да, дүйнөнүн бир гана бейиш тараптарын көрө баштайт. Жана жүрөгү да, руху да бейиштин ичине киргендей болуп, өтө бейпил, бакубат өмүр сүрөт. Ошондуктан мусулмандарды береке, молчулук жана жакшылыктар коштойт. (Аднан Октардын Tempo TV каналына болгон маегинен үзүндү, 2009-ж. 3-март)

 

«Бул Дүйнөдөгү Кемчиликтерди, Алсыздыктарды Билгенибиз Үчүн, Бейиштен Абдан Ырахат Алабыз.»

АДНАН ОКТАР: ... Уйкуң келбейт бейиште, уйку жок. Уйку атайын берилет, алсыздык болсун деп. Эч нерсе жок эрте менен турганда, эрте менен ансыз да болбойт, бейиште түн менен күндүздүн айырмасы бир аз көлөкө жана көлөкөнүн бир аз жоголушу сыяктуу болот. Бир аз бозоруу, анан толук тунуктук сыяктуу болот, бирок бозоруу да өзүнчө бир кооздук берет. Тунуктук да өзүнчө бир кооздук болот. Акыретте адамдар убакытты ошондон аныктайт.

Жуунуу жок, макияж кылуу жок. Бир аял үчүн, мисалы, макияж кандай кыйын. Терисинин сулуу, чачтарынын өтө жагымдуу болушун каалайт аялдар, бирок эч бир аял кемчиликсиз чачка жете албайт. Ар кандай чачта бир кемчилик болот. «Эң сонун бир чач бар, бирок мен аны таба албай жатам» дешет. Аялдар таппаган эң мыкты чач бейиште. Мисалы, кемчиликсиз бир макияж бар, ар бир макияж жасаган аял эч ал макияжга жете албайт, анткени ал бейиште жана эч жоголбойт. Эч бир мөмөдөн толук ырахат ала албайбыз, алма жегенибизде эң сонун бир алма модели болот оюбузда, бирок аны эч таба албайбыз. Мисалы, кулпунайды алып кумшекерге малып жешет, себеби кулпунайда бир нерсе кемдей сезилет. Бул кемчиликтер бейиште жоголот.

kadın bayan tablo resim painting  woman

Кемчиликсиз алма, кемчиликсиз кулпунай, макияждын эч жоголбой сакталышы, мисалы, аялдардын тырмактары менен алек болуп кыйналбашы, тырмактарынын кемчиликсиз болушу, бүт денесинин кемчиликсиз болушу, чаң менен кирдин такыр болбошу, булардын баары бейиштин өзгөчөлүктөрү.

Чаң бул дүйнөдө атайын жаратылат, өзүнчө бир керемет. Ар бир чаң бүртүкчөсү жакындан караганда космос кемесиндей көрүнөт. Электрондук микроскоптон чоңойтулганда, чаң бүртүкчөсүнүн укмуш чоң бир аалам экендигин көрөбүз, абада кемедей учуп жүрөт чаң. Бирок бейиште чаң жок, эч бир жерде чаң болбойт. Эч качан чаң чыкпайт. Мындан адамдардын ала турган ырахатын бир элестетип көрүңүз. Мисалы, ар бир тамактан соң тиштерди жууш керек болот. Тамакты жеп бүтөөр замат тиш жууш керек. Бейиште андай эмес, тиштер таптаза тура берет. Бейиште тишин жуубаганына, мындай муктаждык болбогонуна ар бир жолкусунда таң калат. Макияж жасоо керек эместигине таң калат. Бирок жүз квадрильон жыл өтсө да, таң кала берет.

100 квадрильон көбөйтүү 100 квадрильон эмес, 100 квадрильон жыл бир адам санаса, андан чыккан санды суммалап, «канча убакыт өттү?» десең, «кечээ күнкү сыяктуу» дейт, анткени Аллах Кабатында убакыт жок. Убакыт бир сезим катары берилет жана бул дүйнөнү биз эч качан унутпайбыз. Албетте, жаман нерселерди унутабыз, эсибизге келбейт, бейиштин өзгөчөлүгү ушундай. Ошол үчүн Аллах өтө кылдат бир сыноодон соң бейишке киргизет. Антпесе, бейиштин мааниси жок болуп калат. Мисалы, Аз. Адам (ас)ды Аллах бейишке түздөн-түз киргизгенде, шайтан биринчи сүйлөшкөндө эле алдап койгон. Ал мындай деп алдаган: «мен сага түбөлүктүүлүк дарагын, түбөлүктүүлүктү берем. Түбөлүктүүлүктүн илимин, мүмкүнчүлүгүн берем сага. Мобул мөмөдөн жегениңерде түбөлүктүүлүккө жетесиңер. Аллах силерге атайылап жебегиле деди, түбөлүктүү болбошуңар үчүн.» Аллахка ишенүүнүн ордуна, шайтанга ишенген Аз. Адам (ас), бул бир жаңылыштык болгон.

Пайгамбарлардын жаңылыштыгы «зелле» деп айтылат. «Ката» эмес, «зелле» деп айтылат. Барып, ошол мөмөдөн жешкен, түбөлүктүү болобуз деп ойлоп. Анткени, бул каалоо адамдын рухунда бар. Негизи Аллахка ишениши керек эле, ансыз да бейиште, түбөлүк болоору белгилүү. Аллахтын сөзүнө ишенүүнүн ордуна, шайтандын сөзүнө ишенди. Эмнеге? Тозок жок болчу да ошон үчүн, сыноо жок эле. Бул дүйнөгө түшкөндө Аз. Адам (ас) караса, бүт тарап ачык, денесинин бүт тарабы ачык, ошол замат ал жердеги жалбырактар менен денелеринин ачык жерлерин тосушкан. Анан караса табигый муктаждыктары да бар, жана дүйнөнүн башка кыйынчылыктарын да көргөн, дүйнөнүн кыйынчылыктары, билесиңер, бир же эки же үч даана эмес. Мындагы сыноодон соң кайрадан бейишке киргизилген Аз. Адам (ас). Эми барып көрсүн көрөлү, кааласа шайтан келсин, кааласа шайтандын армиясы келсин. Сага түбөлүктүүлүк дарагын, түбөлүктүүлүк мүмкүнчүлүгүн берем деп көрсүн, Аз. Адам (ас)дын эмне деп жооп берээри белгилүү ага. Болбойт, анткени биз акыретке барганыбызда тозокту бир кичинекей терезеден, бир телевизор сыяктуу элестеткиле, ошол жерден тозокту каалаганыбызда көрө алабыз. Аны көргөн киши, бул дүйнөдөгү кыйынчылыктарды көргөн киши бейиште кызыктай иш-аракеттерге барбайт.

Бейиште бүт баары эркин; оюбузга келип учкубуз келсе учабыз, деңиздин астында сүзгүбүз келсе сүзөбүз. Каалаган жерибизге баргыбыз келсе, ошол замат ал жерге барып калабыз. Бедиүззаман: «кыялдын ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгынан жогору» дейт. Кыялданаар замат, бейиштин эң алыс жерине заматта жетип калабыз. Кыялдануу менен, бир заматта. Бул дүйнөдө анын күңүрт бир модели жаратылган. Мисалы, адам бир тамакты ойлоор замат, оозу сууланып, жутунуп баштайт. Ошол замат мээсинде ал тамак пайда болот. Даамы менен жыты да болжол менен пайда болот, ошон үчүн оозу сууланат. Ушул система даана, тунук болуп калат, бул дүйнөдө күңүрт, бейиште болсо даана болот.

Бир адам бир тамакты кыялданганда, ал тамак ошол замат тунук, үч өлчөмдүү көрүнүштө, жыты, даамы, бүт нерсеси менен бирге пайда болуп калат. Аллах түшүнүшүбүз үчүн, бул системаны мээбизге, рухубузга күңүрт кылып орнотуп койгон. Бейиште бул туптунук болот, мисалы, учкусу келген кыялданганда өзүн учкандай сезет. Ал тургай, көп адамдар түшүндө учушат. Кааласа уча алат. Деңиздин астында сүзүүнү кыялданса болот, кыялданаар замат каалагандай боло аласың. Акыретте кыялданышыбыз менен анын жаратылышы бирдей болот, бул дүйнөдөгү кыялдарыбыз сыяктуу, бирок, албетте, түшүбүздө андан да тунугураак болот, акыретте толук тунук болот, бул дүйнө анчалык тунук эмес, Аллах «ал күнү көрүү курч» дейт. Башкача айтканда, биз бул дүйнөдөн уйкудан ойгонгондой ойгонобуз, иншаАллах... (Аднан Октардын 2010-жылдын 29-октябрындагы Kaçkar TV каналына болгон маегинен үзүндү)

Дененин Муктаждыктары

cocuklar diş fırcalayan

Адамдын денесинде көптөгөн алсыздыктар бар. Эң биринчиден, адам денесин жана айлана-чөйрөсүн таза кармоого жана аларды жакшылап кароого мажбур. Буга бөлгөн убактысы өмүрүнүн абдан чоң бөлүгүн ээлейт. Жуунганга, сакал алганга, кол-бут, чач, тери жана башкаларын каранганга адамдардын канчалык убакыт коротоорун көрсөткөн анкеталарды көп эле жолуктурууга болот. Мындай маалыматтарды биринчи жолу укканда адам таң калбай койо албайт, анткени өмүрүнүн өтө көп бөлүгүнүн ушундай катардагы иштерге коротулаарын балким эч ойлонгон эмес болушу керек.

Күнүмдүк жашообузда үйдөн, жолдон, жумуштан, окуу жайынан ар түрдүү адамдарды көрөбүз. Алардын көпчүлүгү жарашыктуу кийинген, бойонгон, чачтары таралган, сакал-муруту алынган, кийимдери үтүктөлгөн адамдар. Бирок бул көрүнүштөрдүн көрүнбөгөн тарабы бар. Бул адамдар бул көрүнүшкө жетүү үчүн канча убакыт коротушту болду экен?

Эрте менен тургандан кечинде уктаганга чейин бир адам өзүн карануу боюнча көптөгөн иштерди жасаганга мажбур. Уйкудан туруп көзүн ачканда түз эле жуунуучу бөлмөгө барат. Себеби уктап жатканда оозунун ичинде бактериялардын көбөйүшүнөн улам жагымсыз бир даам жана жыт пайда болот жана тиштерин сөзсүз жуушу зарыл. Муну менен эле бүтпөйт. Колу менен жүзүн да чайкашы керек. Бирок бул да жетиштүү болбойт. Бир күн мурун же түнү бою денесинде жана терисинин бетинде көптөгөн процесстер ишке ашкан болот. Мисалы, чачы менен бети майланышып, чачында кебек пайда болуп, денеси тердейт. Булардан кутулуунун бирден бир жолу – бул, жуунуу. Антпесе, адамдын бүт бул кемчиликтери менен, тагыраак айтканда, майлуу чачтары жана тер жыттанган денеси менен адамдардын арасына кириши көп жагымдуу болбойт.

Тазалануу үчүн колдонулган каражаттардын көптүгү да адам денесинин канчалык көп нерсеге муктаж экендигинин маанилүү көрсөткүчү. Мисалы, тазалануу үчүн суу менен самындан башка, кошумча заттар да талап кылынат. Себеби теринин бетиндеги өлүү клетка катмарын тазалоо керек болот. Ар бир адам денесинен тышкары, кийимдеринин, үйүнүн, айлана-чөйрөсүнүн да тазалыгына бир топ убакыт бөлүшү зарыл. Денени тазалоого, үйдү тазалоого жана кийимдерди тазалоого коротулган убакытты эсептеп көргөндө, адам өмүрүнүн өтө чоң бөлүгүнүн тазалыкка кетээрин даана түшүнөбүз.

Кыскасы, адамдын бир күндүк өмүрүнүн маанилүү бөлүгү тазалык менен өзүн каранууга кетет. Ошондой эле, бул үчүн көптөгөн каражаттар, химиялык заттар да талап кылынат. Аллах адамды абдан алсыз бир дене менен жаратып, ошол эле учурда адамдарга бул алсыздыгын убактылуу жаап-жашырышына жана сыртка сездирбешине көмөкчү боло турган мүмкүнчүлүктөрдү да тартуулаган. Ошондой эле, адамга тазаланып, алсыздыгын жаап-жашырышы үчүн ойлонуу жөндөмүн да берген. Бирок кээде адамдар акылын жана Аллах берген башка мүмкүнчүлүктөрдү колдонбогону үчүн, жагымсыз көрүнүштө да алдыбызга чыгышы мүмкүн. Өзгөчө тазалыкка керектүү каражаттарды колдонбогондо жана бул багытта эч бир аракет кылбаганда, кыска убакытта өтө жагымсыз кейипке келишет.

cocuklar diş fırcalayan

Бирок адам канчалык тазаланып, өзүн каранбасын, бул дагы убактылуу болот. Бир адам тишин жуугандан кийин балким 1 саат өтпөй, тиши кайра эле эч жуулбагандай болуп калат. Жай мезгилинде бир адам жуунган соң бир-эки сааттан кийин эч жуунбагандай кейипке келет. Сулуулануу үчүн бир канча саатын күзгүнүн алдында бойонуу менен өткөргөн бир аялды элестетиңиз; эртеси эрте менен ойгонгондо бир күн мурдагы макияжынан эч нерсе калбайт. Ал тургай, жүзүндөгү бойоктордун калдыгынан улам жүзү мурдакысынан да жагымсыз көрүнүп калат. Же бир топ убакыт коротуп сакалын алган бир эркек эртеси күнү ойгонгондо, кайра эле сакал алганга мажбур болот.

Эң негизгиси, бул алсыздыктардын белгилүү бир максатта жаратылганын түшүнүү зарыл. Булар мажбурлуу алсыздыктар эмес; атайын жаратылган. Бир мисал жөнүндө ойлонолу: адам денесинин температурасы көтөрүлгөндө, өзүнөн-өзү тердейт. Терден чыккан жыт болсо абдан жагымсыз. Жер жүзүндөгү бүт адамдар бул алсыздыкка улам улам күбө болуп турушат. Бирок мындай болбошу да мүмкүн эле. Мисалы, өсүмдүктөрдө мындай нерсе жок. Бир розаны элестетиңиз; кара топурактын ичинен чыгып, көчөдө табигый шарттарда өсүп, тынымсыз ар кандай чаңдардын, кирдин астында калганына карабастан, эч качан жаман жыттанбайт. Кандай шартта өссө дагы, розанын жыты дайыма өтө жагымдуу болот. Ошондой эле, роза тазаланууга жана өзүн каранууга муктаж эмес. Ал эми адамдар болсо андай эмес. Аллах адамга алсыздыгын сездире турган ар кандай кемчиликтерди атайылап берген. Канчалык тазаланбасын, канчалык косметикалык каражаттарды колдонбосун, баары бир жагымдуу жыт денесинде көпкө сакталбайт.

Дене, бул алсыздыктарынан тышкары, өмүрүн улантуу үчүн тамактанып да турушу керек. Ошондой эле, пландуу тамактануу зарыл. Адамдын денеси бир учурда белокко, углеводго, кантка, витаминдерге жана ар кандай минералдарга муктаж. Бул заттардан белгилүү санда алып турбаса, ички органдарда олуттуу көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн же тери бузулуп, иммундук система алсыздайт, б.а. дене алсыз болуп калат. Ошондуктан тазалыкка да, тамактанууга да абдан көңүл бурушу зарыл.

Адамдын тамактануудан да маанилүүрөөк дагы бир муктаждыгы бар. Тамактанбай белгилүү убакытка чейин жашай алышы мүмкүн, бирок бир-эки күн денеге эч суу кирбей калса, адам көз жумат. Адам денеси сууга абдан муктаж. Анткени дененин ичиндеги маанилүү химиялык процесстердин дээрлик баары суунун жардамы менен ишке ашат.

Албетте, бул жерде айтылган кемчиликтердин баарын ар бир адам өзүнөн көрө алат. Бирок булардын кемчилик экенин ар бир адам билеби? Же бул бүт адамдарда бар болгон, табигый нерселер деп ойлошобу? Албетте, бул жерде айтылгандар бүт адамдарга тиешелүү. Бирок, эгер Аллах каалаганда, адамдарда булардын эч бири болмок эмес; ар бир адам розадай таптаза жана сонун жыттуу болушу мүмкүн эле. Аллах адамдардагы бүт алсыздыктарды белгилүү бир максатка ылайык жараткан. Жаратуучубуз Аллахтын алдындагы алсыздыгын түшүнгөн адам Анын чакырган жолуна түшүп, убактылуу жана кемчиликтүү болгон бул дүйнөгө берилбестен, түбөлүктүү мекенге, акыретке даярданышы зарыл.

yiyecek food

 

«Алсыздыктар Адамдар Бул Дүйнөгө Берилип Кетпеши Үчүн Атайын Жаратылат.»

АДНАН ОКТАР: Бир карындашыбыз мындай деп жазыптыр: «Агай, 40 жашка чыгаарыма аз эле калды.» 40 жашка чыккан аялдын кандай абалга келээрин билебиз. Эркектер болсо бир аз кечирээк улгайышат, бирок алар да ашып барса 50 жашка чыкканда картайышат. 50 жаштагы адамдарды билебиз. Өзгөчө 60 жашка чыкканда, кандай абалга келээри белгилүү. Ал тургай, 25 жашта деле жаш кыздарда улгайуу белгилери пайда боло баштайт, бир топ өзгөрүшөт. 27 жаштагы бир кызды карап көргүлө, жашы заматта байкалат. 7 жылдын ичинде укмуш өзгөрөт. Мисалы, 20 жашта дейли, эки 10 жылдан кийин, ал тургай, 15 жылдан кийин такыр башка адамга айланат, абдан өзгөрөт. Бул – дүйнөнүн алсыздыгы, жана Аллах тарабынан атайын жаратылат, дүйнөгө берилбешибиз үчүн жаратылат.

Saç fırçalayan güzel kadın woman girl hair brush

Чачын жуубаса кандай абалга келээри, кулагын тазалабаса кандай абалга келээри белгилүү. Мурдун, оозун, көзүн тазалашы керек, колтугунун астын тазалашы керек. Денесинин бүт тарабын тазалашы керек. Дене тынымсыз эскирип, бузулууну көздөй багыт алат, адам болсо аны тынымсыз оңдогонго аракет кылат. Тынымсыз суу, тамак берилет денеге, өлбөсүн деп. Тынымсыз витамин берилет, антибиотик берилет. Бербесе өлөт. Бир витамин жетишпесе да өлүп калышы мүмкүн. Температурасына көңүл буруу керек, уйкусуна көңүл буруу керек. Бир канча күн уктабаса, бүт тең салмактуулугу бузулат. Бүт тарабы алсыз. Бир күн 24 саат, бирок 8 сааты уйкуда өтөт. 8 саат иштейт. Анан эч нерсе деле калбайт. Аллах атайылап ушундай жараткан. Мисалы, кээ бир аялдар бойонбосо, дээрлик эч таанылбай калышат. Бойонгондо гана жакшынакай болуп калышат. Аллах атайылап ушундай алсыздыктар менен жараткан. Бойонбогон аял менен бойонгон аялдын ортосунда өтө чоң айырма бар. Эрте менен турган бир аялды бойонбогон абалында көрсө, «бул ошолбу?» дейт. Бул аялдын алсыздыгы.

Аллах миңдеген түрдүү алсыздыктарды жараткан. Ар бир органында бир алсыздык бар жана адам өлүп калбаш үчүн тынымсыз аракет кылат. Аллах ошондой жараткан. Көп өтпөй өлөт ансыз деле. Ошончо аракетине карабастан, аягында өлүмгө өзүн тапшырат. Бул жер курстан, сыноодон өтчү жер жана убакыт өтө кыска. Бул жер көңүл ача турган жер эмес, бул жер сыноо мекени. Муну түшүнсө, көңүлү бейиштей болот, өтө бейпил жашайт. Аллах ага бейпилдик берет. Бирок бул дүйнөнү көңүл ача турган жердей көрсө, Аллах аны кыйынчылыктарга салат, эптеп араң күн өткөрөт. Дүйнө качат ал кубалайт, дүйнө качат ал кубалайт, бирок ал дүйнөдөн качса, дүйнө аны кубалап баштайт жана өтө бейпил жашайт. Бул Аллахтын мыйзамы. «Мен Аллахты унутуп, көңүл ачам» десе бир адам, максатына жетпейт, абдан кыйналат. Өз оюнда «Аллахка эрегишип, көңүл ачам» десе, азапка кабылат. Аллахка моюн сунуп гана бейпил, бактылуу жашаганга болот. Биз бейпил, бактылуу жашоо үчүн эмес, Аллахты сүйгөнүбүз үчүн Аллахка моюн сунабыз, иншаАллах. (Аднан Октардын 2011-жылдын 2-июнундагы A9 TV жана Samsun Aks TV каналдарына болгон маегинен үзүндү)

«Аң-Сезимсиз» 15 Жыл

su water

Ар бир адам сутканын белгилүү бөлүгүн уйкуда өткөрүүгө мажбур. Жумушу канчалык көп болсо да, канчалык каалабаса да, бир канча саат уктап, денесин эс алдырышы жана күндүн эң аз төрттөн бирин бир жерде уктап өткөрүшү зарыл. Антпесе, жашай албайт. Күн сайын 24 сааттык өмүрүнүн ашып барса 18 саатын аң-сезимдүү абалда, калган эң аз 6 сааттык уйкусун болсо аң-сезимсиз абалда өткөрөт. Бул жагынан караганда төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: орточо 60 жылдык өмүрдүн эң аз төрттөн бири, б.а. 15 жылы «аң-сезимсиз» абалда өтөт.

Анда, уйкунун башка бир альтернативасы барбы? «Менин уктагым келбейт» деген киши уктабай койо алабы?

Эки күн уктабаган кишинин көздөрү кызарып, териси бузулуп, жүзү кубарат. Мындан да көп уктабаса, башка олуттуу көйгөйлөр пайда болуп, эстен танышы да мүмкүн. Адам кааласа каалабаса, кечинде сөзсүз көздөрү жумулуп, ою чачырап, уйкуга кете баштайт. Эң күчтүү же эң алсыз, эң сулуу же эң түрү суук, эң бай же эң кедей, айырмасы жок; бул алсыздык бүт адамдарга тиешелүү.

Уйкунун алдында дене өлгөн сыяктуу эч нерсени сезбей баштайт жана эч нерсеге жооп бербей калат. Бир аз мурда үндү угуп, кабылдаган кулактар сопсоо туруп эле укпай калат жана өз функциясын аткарбай калат. Дене бүт иш-аракеттерин минималдуу деңгээлге түшүрүп, концентрация азайып, кыймылдар жайлайт. Өлүмдү «рухтун денеден бөлүнүп чыгышы» деп билебиз, демек уйку дагы өлүмдүн бир түрү.

cocuk bebek uyuyor sleeping child

Анткени, адамдын денеси төшөктө жатат, бирок ал кезде руху такыр башка жерде, такыр башка окуяларды көрөт. Балким өзүн деңиздин жээгинде, ысыкта жүргөндөй сезет, бирок негизи ал кезде бөлмөсүндөгү төшөктө жаткан болот. Өлүм деле ушул сыяктуу болот: адамды бул дүйнөдө колдонгон денесинен ажыратып, жаңы бир дене менен жаңы бир дүйнөгө алып барат.

Уйку менен өлүмдүн ортосундагы бул окшоштукка Куранда да көңүл бурулган. Бир аятта «Силерди түндөсү көз жумдурган (жаныңарды алган) жана күндүз «күчүңөр жетип жасап жатканыңарды» билген, анан белгиленген ажал жеткенге чейин анда силерди тирилткен Ал.» деп айтылат (Энъам Сүрөсү, 60).

Өлүм менен уйку окшош нерселердей сүрөттөлгөн башка бир аят болсо төмөнкүдөй:

Аллах алар өлө турган убакта жандарын алат; өлбөгөндү болсо уйкусунда (бир өлүмгө салат). Анан, өлүмүнө чечим чыгарылганды (анын рухун) кармап калат, беркисин болсо белгиленген бир ажалга чейин (денесине) кайра салат. Күмөнсүз, мында ойлоно алган бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Зүмер Сүрөсү, 42)

Уйкудан улам адамдар өмүрүнүн төрттөн бирин аң-сезимсиз, б.а. «өлүү» абалда өткөргөнүнө карабастан, мунун маанисин көп ойлонушпайт. Уйкуга киргенде бул дүйнөдөгү жактырган нерселеринин баарын бир четке таштап коюшаарын эч ойлонушпайт. Адам уйкуга киргенде, ал күнү тапкан акчасынын, тапшырган маанилүү сынагынын, алган кооз белегинин ал үчүн эч бир мааниси калбайт. Бул, кандайдыр бир мааниде, бул дүйнө менен бардык байланышынын үзүлүшү деген мааниге келет.

desen

Бул жерге чейинки мисалдар адам өмүрүнүн негизи канчалык кыска экендигин жана канчалык «мажбурлуу» иштер менен өтөөрүн көрсөтүү үчүн келтирилди. Адам өмүрүнөн мажбурлуу иштерге коротулган бүт убакыттарды кемиткенибизде, бир адамдын көңүл ачтым деп ойлогон, каалаганын жасай алган, «дүйнөдө каалагандай жашап жатам» дей алган кездерине өтө эле аз убакыт калат. Артка кылчайып караганда, тамактанууга, кийинүүгө, тазаланууга, уктоого жана жакшыраак шарттарда жашоо үчүн иштөөгө короткон жылдарынан турган өтө узун бир убакытты көрөт.

Адамдын бул дүйнөдөгү өмүрүнө тиешелүү эсептөөлөр ойго салбай койбойт. Жогоруда да айтылгандай, орточо 60 жылдык өмүрдүн эң аз 15-20 жылы сөзсүз түрдө уйкуда өтөт. Калган 40-45 жылдын болсо алгачкы 5-10 жылы наристе кездеги аң-сезимсиз периодго туура келет. Башкача айтканда, 60 жыл жашаган бир адам негизи бул өмүрүнүн жарымын «аң-сезимсиз» абалда өткөрөт. Калган жарымынан да көп жылдарды кемитүү керек. Мисалы, мунун бир тобу тамак даярдоо жана тамактануу, денеси менен айланасын тазалоо жана бир жерге баруу үчүн жолдо жүрүү сыяктуу иштер менен өтөт. Дагы көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Аягында «узун бир жашоодон», табигый муктаждыктардан тышкары, балким 3-5 жылдык эле убакыт калат. Ушунчалык кыска убакыттын түбөлүк жашоонун алдында канчалык баркы болушу мүмкүн?

Чыныгы ыймандуулар менен ыймансыз адамдардын ортосундагы чоң айырма мына ушул жерде келип чыгат. Ыймансыз адамдар «өмүрүбүз ушул дүйнө менен бүтөт» деп ойлошот. Жана «көз ачып жумганча» өтүп кете турган дүйнөдө өз ойлорунда «жыргап доор сүргөнгө» аракет кылышат. Бирок жөн гана чарчашат. Анткени, жогоруда да айтылгандай, бул дүйнө бир жагынан абдан кыска жана экинчи жагынан көптөгөн кемчиликтерден турат. Ошондой эле, Аллахка ишенип таянбаганы үчүн, бул дүйнөнүн бүт кыйынчылыктарынын жана ар кандай тынчсыздануу, коркуулардын азабын тартат.

Ыймандуулар болсо бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө аракет кылуу менен өткөрүп, Аллахка моюн сунгандыгы үчүн дүйнөнүн бүт коркунуч жана кайгыларынан кутулат жана аягында түбөлүк бакыттын мекени болгон бейишке кирет. Адамдар бул дүйнөгө кандай иштерди кылаарын сыноо максатында жиберилишкен. Аллах жакшы иштерди кылгандарга бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктарды убада кылган:

(Аллахтан) Тартынгандарга: «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп айтылганда, «жакшылык» дешти. Бул дүйнөдө жакшы мамилелер (иштер) кылгандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо жакшыраак. Такыбалуулардын (Аллахтан корккондордун) мекени кандай сонун. Адн бейиштери; ага киришет, анын астынан дарыялар агат, ичинде алар каалаган нерселердин баары бар. Аллах такыбалууларга мына ушундай сыйлык берет. (Нахл Сүрөсү, 30-31)

Адамдар дүйнө жашоосунда уктоо, ачка болуу, тердөө, үшүү, улгайуу сыяктуу көптөгөн алсыздыктар менен күрөшсө, бейишке киргенде денесинен бул алсыздыктардын баары алып салынат. Бейиште уйку жок, адамды кыйнай турган эч бир кыйынчылык жок. Тескерисинче, адам ар дайым сергек болот жана Аллах тарабынан бүт шарттар анын денесине эң ыңгайлуу кылынат. Бейиште адамга жага тургандай жылуу аба, бири-биринен кооз жана даамдуу тамак-аштар, суусундуктар жана мөмө-жемиштер тынымсыз тартууланат. Тоюп калуу, ачка болуу, суусоо сезимдеринин эч бири болбойт. Ошондуктан дүйнөдө ушул сыяктуу алсыздыктар менен сыналган адам бейишке барганда, булардын баарынын атайылап, бейиштин баркын билиши үчүн жаратылганын түшүнөт.

Урматтуу Аднан Октардын Зүмер Сүрөсүнөн Чечмелөөлөрү: «Адамдардын Уйкуда Да Жандары Алынат.»

АДНАН ОКТАР: 45-аят, Зүмер Сүрөсү. «Бир гана Аллах эскерилгенде, акыретке ишенбегендердин жүрөгү ачууланып-көбөт.» «Аллах жалгыз, Аллах бар» десең, адам катуу кыйналып баштайт Аллахтан сөз кылсаң. «Ал эми Андан башкалар эскерилгенде ошол замат сүйүнүшөт.» «Мода, көңүл ачуу жана башкаларды сөз кылсаң, алар кубанышат» дейт, «көңүлү жайына келип, сүйүнүшөт» дейт Аллах аятта.

42-аят; «Аллах алар өлө турган убакта жандарын алат; өлбөгөндү болсо уйкусунда...» Демек, адамдардын жаны уйкуда да алынат экен. Аз. Иса (ас) уйку абалында асманга алынып кеткенде да жаны алынган. «Анан, өлүмүнө чечим чыгарылганды (анын рухун) кармап калат,» мисалы бирөө уктап жатканда өлүм чечими чыгарылган болсо, анын рухун Аллах кармап калат. Эрте менен ал өлгөн болот. «...беркисин болсо белгиленген бир ажалга чейин (денесине) кайра салат.» Эрте менен ойгонгон болсо, демек жаны кайра берилген болот. «Күмөнсүз, мында ойлоно алган бир коом үчүн чындыгында аяттар бар.» дейт Аллах. (Аднан Октардын 2010-жылдын 10-январындагы TV Kayseri жана Kanal 35 каналдары менен болгон маегинен үзүндү)

 

«Бейиште Уйку Жок.»

АДНАН ОКТАР: Бейиште уйку жок, чарчоо деген нерсе жок, адам түбөлүккө чейин чарчабайт, түбөлүккө чейин уйкусу келбейт. Уйку бул дүйнөдө керемет катары берилет, уйкунун пайда болушу өзүнчө бир керемет. Дүйнөдө да уйку болбошу керек эле, анткени сыртта денебиз бар, бирок биз негизи сүрөттөлүш катары жаратылабыз. Албетте, сүрөттөлүштөгү адамдын укташына эч кандай себеп жок. (Аднан Октардын 2009-жылдын 28-январындагы Tempo TV каналы менен болгон маегинен үзүндү)

 

Saç fırçalayan güzel kadın woman girl yeşil mavi green blue

Ortalama 60 yıllık bir .mrün en az 15-20 yılı uykuda geçer. Geriye kalan 40-45 senenin ise ilk 5-10 yılı çocukluktan kaynaklanan bir şuursuzluk dönemidir. Çok uzun bir zaman dilimi yemek hazırlayarak ve yiyerek, bedenini ve çevresini temizleyerek, trafikte bir yere ulaşmaya çalışarak vs. geçer. Sonuçta "koskoca ömür"den geriye doğal ihtiyaçların karşılanması dışında 3-5 senelik bir vakit kalır.

Оорулар Жана Кырсыктар

bahar çiçek flower

Адамга алсыздыгын эске салган окуялардын бири – бул, оорулар. Өтө мыкты корголгон денеге көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей бир вирус же микроб абдан олуттуу таасир тийгизет. Бул жерде бир саамга ойлонгондо, негизи дененин алсырап калбашы керек экенин байкайбыз. Анткени, Аллах адамдын денесин өтө кемчиликсиз системалар менен жараткан. Өзгөчө адамдын иммундук системасын душмандарга карата өтө «күчтүү бир армия» деп сыпаттоого болот. Бирок адамдар ошого карабастан улам улам ооруп турушат.

Денеге ушундай жогорку системаларды орноткон Аллах эгер каалаганда, адам эч качан оорубашы мүмкүн эле. Анда, вирустар, микробдор, бактериялар адамга эч таасир тийгизмек эмес, же бул атайын даярдалган кичинекей «душмандар» такыр эле болбошу да мүмкүн эле. Анткен менен, бул жашоодо ар бир адам болор болбос себептерден улам олуттуу ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Мисалы, теридеги кичинекей бир жарааттан денеге кирип кеткен бир даана вирус кыска убакытта бүт денени капташы мүмкүн. Технология канчалык өнүкпөсүн, жөнөкөй бир сасык тумоо вирусу да адамга бир топ зыян тийгизүүдө. Тарыхта мунун мисалдарын көп эле көрүүгө болот. Мисалы, 1918-жылы Испаниядагы бир сасык тумоо эпидемиясынан 25 миллион адамдын көз жумганы белгилүү. Ошондой эле, 1995-жылы Германиядагы бир эпидемия болсо 30 миң адамдын өлүмүнө себеп болгон. 1347-1351-жылдардын ортосунда Европада чоң кыйроого себеп болгон чума эпидемиясында бир эле Европада 20 миллион адам каза болгон.

Технология жана медицина тармагында дүйнө жүзүндө бир топ өнүгүүлөр болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө да оору-сыркоо жана кырсыктар абдан көп кездешүүдө. Албетте, буларды кадыресе нерседей көрүп, булар жөнүндө ойлонбой коюу чоң катачылык болот. Бүт башка алсыздыктар сыяктуу, ооруларды да Аллах адамга сыноо катары берет. Бой көтөрүүнү жакшы көргөн адам ооруганда өзүнүн канчалык алсыз экенин көрөт. Ошондой эле, дүйнөнүн кемчиликтерин жана чыныгы жүзүн да түшүнө алат.

Оорулардан тышкары, бул дүйнөдөгү коркунучтардын бири – бул, кырсыктар. Күн сайын телевизор жана гезиттерден көптөгөн мисалдарын угабыз. Көп адамдар «бир күнү өзүмдүн башыма да ушул сыяктуу бир кырсык келип калышы мүмкүн» деп эч ойлонбойт. Анткен менен, айланабызда кырсыкка себеп боло ала турган көптөгөн факторлор бар. Мисалы, түз жолдо баратып буту чатышып кулап, мээсине кан куюлган адамдарды сөзсүз уккан болушуңуз керек. Же үйүнүн тепкичинен түшүп баратып күтүүсүз кулап, бутун сындырып алып бир канча ай төшөктө жаткандарды, же болбосо жегени тамагына тыгылып калып дем ала албай калгандарды. Булардын баары кичинекей себептерден көз-каранды жана күн сайын дүйнөдө миңдеген адамдын башына келүүдө.

Бул чындыктарды көргөн соң бул дүйнөгө берилүүнүн канчалык туура эмес болоорун ойлонушу керек. Колундагы нерселердин сыноо үчүн жана убактылуу гана берилгенин сөзсүз түшүнүшү зарыл. Өзүнүн денесиндеги бир микробго да алы жетпеген, алдындагы тепкичти эсептей албаганы үчүн өмүрү коркунучка кабылган адам кантип бүт нерсени жараткан Раббибиздин алдындагы алсыздыгын байкабай, бой көтөрүшү мүмкүн?

Албетте, адамды Аллах жараткан жана аны бүт коркунучтардан коргогон да бир гана Аллах. Адам канчалык өзүн жогору сезбесин, Аллахтын каалоосунан тышкары, өзүнө бир пайда да алып келе албайт, өзүн зыяндан да коргой албайт. Аллах кааласа оору берет, кааласа адамдын денесинде алсыздыгын эске сала турган ар кандай кемчиликтерди жаратат жана каалаган кезде бул алсыздыктардын баарын бир заматта алып салууга кудуреттүү. Оорудан айыгууда врачтар менен дары-дармектердин жөн гана бир себепчи экендигин эч качан унутпоо зарыл. Ооруга шыпаа берген – Аллах. Аллах кааламайынча, оорулуу адам кааласа дүйнөнүн эң атактуу врачына барсын, кааласа эң мыкты дары-дармектерин колдонсун, баары бир айыга албайт.

hastalık

Hastalıklar Allah tarafından özel olarak yaratılarak insana imtihan olarak verilir. Bu vesileyle insan Allah'ın huzurunda ne derece güçsüz olduğunu görebilir.

Адамдардын көпчүлүгү дүйнө жашоосунда оорулар жана кырсыктар менен тынымсыз сыналганына карабастан, кайра эле дүйнөгө берилип, дүйнөнү сүйө беришет. Аллахтын аларга дүйнө жашоосунун убактылуулугун көрсөтүү үчүн бул кыйынчылыктарды берип жатканын көрмөксөн болушат. Кээ бирлери башына келген оор сыноолордон ан сайын бой көтөрүп, кыжырданышат. «Эмне үчүн дүйнөдө ушунча адам турса мен рак болдум» же «эмне үчүн ушунча адамдан мен жол кырсыгынан майып болдум» деген сыяктуу суроолорду беришет. Текеберденип, тагдырга каршы чыгышы аны барган сайын динден жана Аллахтан алыстатат. Мындай адам өмүр бою сыноонун сырын түшүнө албайт.

Жыйынтыктасак, башында да айтылгандай, бул дүйнө Аллах жараткан бир сыноо мекени. Ар бир адам бул дүйнөдө Раббибизди ыраазы кыла турган жакшы иштерди жасаганга милдеттүү жана бул милдетти канчалык аткараары сыналат. Бул сыноонун аягында Аллахтын буйрук жана тыюуларына моюн сунгандар, өмүрүнүн аягына чейин жакшы мүнөздүү болуп, жакшы иштерди жасагандар түбөлүк бейиште жашаганга татыктуу болушат. Ал эми, бой көтөргөнүн таштабай, түбөлүк жашоонун ордуна бир канча он жылдык дүйнө жашоосун тандагандар болсо бул дүйнөдө да, акыретте да кемчиликтерден, алсыздыктардан жана азаптардан кутула алышпайт.

Ант болсун, Биз силерди бир аз коркуу, ачкалык жана мал-мүлктөн, жандан жана түшүмдөрдөн бир бөлүгүн азайтуу менен сынайбыз. Сабыр кылгандарды сүйүнчүлө. (Бакара Сүрөсү, 155)

Ар бир жан өлүмдү татуучу. Биз силерди жамандык менен да, жакшылык менен да текшерип, сынап жатабыз жана силер Бизге кайтарыласыңар. (Анбия Сүрөсү, 35)

Урматтуу Аднан Октардын Ниса Сүрөсүнөн Чечмелөөлөрү: «Көптөгөн Алсыздыктарына Жана Ооруларына Карабастан, Адамдардын Көпчүлүгү Баш Оту Менен Дүнүйөгө Берилишет.»

АДНАН ОКТАР: ... «бизди кийинчерээкке кечеңдетишиң керек эмес беле?» дешти. Айткын: «Бул дүйнөнүн жалганчы кооздугу аз» (Ниса Сүрөсү, 77). «Бул дүйнөдө эч нерсе жок» дейт Улуу Аллах. Дүйнөдө эмне бар экенин көрүп турасыңар. Адамдар канчалаган мээнет менен араң жашап жатышат. Жок дегенде сегиз саат укташы керек, бул күндүн дээрлик жарымына барабар. Бети-колун жууйт, тиштерин жууйт, тамак жеши керек, денеси алсырайт, суу ичиши керек. Суу ичип, тамак жейт, баары бир шалдырай берет. Алсыздыктар түгөнбөйт. Мисалы, бели ооруйт, жону ооруйт, сасык тумоо болот, мурду бүтөт, күн ысыйт, эшикти ачтырат, анан күн сууйт кайра жаптырат, чачын жуушу керек, кирдеп, чачы түшөт, тамак жейт, семирет, арыктаганга аракет кылат же тамак жегенине карабастан салмак кошо албай кыйналат. Аллах бул дүйнөдөн баш тартышсын деп, ушунчалык көп, миңдеген алсыздыктарды берген, эч түгөнбөйт. Мисалы, бөйрөгүндө таш да болушу мүмкүн, рак да болушу мүмкүн же шишик да болушу мүмкүн. Ашказаны ооруйт, ашказанында шишик, рак же бактериядан улам инфекция пайда болушу мүмкүн, же болбосо ашказан кислотасы кандайдыр бир себептен көбөйүп кетет, же нервден болот. Караңыз, алсыздыктар такыр түгөнбөйт.

Adnan Oktar

Адамдардын көпчүлүгүнүн көзүндө бир көйгөй бар, же жакынды көрбөйт же алысты көрбөйт же астигматизм, сөзсүз бир нерселер болот. Көзү жайында болгон адамдар абдан сейрек кездешет. Кулагында өзүнчө бир көйгөй болот, ортоңку кулагында инфекция пайда болгон же синусит болгон канчалаган адамдар бар. Айыккыс баш оорулары бар. Аллах бул дүйнөдөн баш тартышсын деп берет буларды. Астма оорулары, аллергия оорулары жаштардын арасында абдан кеңири тараган. Холестерини жогору, жүрөк тамырлары бүтөлгөн, бирок ошого карабастан, адамдардын көпчүлүгүнүн көөп, баш оту менен дүнүйөгө берилгенин карабайсызбы.

Адамдын алсыздыктарын таң атканча санасам да бүтпөйт. «Бул дүйнөнүн жалганчы кооздугу аз» дейт Аллах. «Акырет болсо такыбалар үчүн жакшыраак жана силер «бир курма данегиндеги ипичке бир жипчедей» да адилетсиздикке туш болбойсуңар» (Ниса Сүрөсү, 77). Аллах мындай дейт: «Кайсы жерде болбогула, өлүм силерди табат; бийик жерлерге бекем курулган сепилдерде болсоңор дагы...» (Ниса Сүрөсү, 78). Эң сапаттуу оорукананын, эң сапаттуу бөлмөсүндө жатса дагы, эң мыкты дары-дармектерди колдонсо дагы, баары бир кутула албайт, өлүм аны бүт жерден табат. «Аларга бир жакшылык келсе: «Бул Аллахтан» дешет; аларга бир жамандык келсе: «Бул сенден» дешет. Айткын: «Баары Аллахтан.» Бирок, бул коомго эмне болгон, эч бир сөздү түшүнгөнгө аракет кылышпайт?» (Ниса Сүрөсү, 78).

«Сага кандай жакшылык келсе Аллахтан, кандай жамандык келсе ал өзүңдөн болот» (Ниса Сүрөсү, 79). Мисалы, күнү-түнү тынбай ичимдик ичет, Аллах тыюу салган, бирок иче берет, анан кан басымы көтөрүлүп, өлөт. Анткени, алкоголь кан басымын абдан жогорулатат. Ошондуктан Курандын кайсы жерин ачпайлы, Аллахтын жолунда «жехд», б.а. аракет кылуу пикирин, Аллахтын динин, Куран адеп-ахлагын жайылтуу пикирин көрөбүз.» (Аднан Октардын 2011-жылдын 4-февралындагы Kaçkar TV каналы менен болгон маегинен үзүндү)

Оору-Сыркоолордун Жана Кырсыктардын Натыйжасы

Gül rose buket

Жогоруда да айтылгандай, оорулар менен кырсыктар Аллах тарабынан адамдарды сыноо үчүн жаратылат. Ыймандуу адам башына мындай окуялар келгенде дуба кылып, Аллахка кайрылат жана Аллахтан башка эч кимдин аны куткара албашын билет. Ушундай окуя менен анын сабырын, туруктуулугун жана Аллахка канчалык таянаарын сынаган Жараткандын акыретте да ага эң мыкты сыйлык берээрин үмүт кылат. Куранда бул багытта Аз. Ибрахим (ас)дын мыкты адеп-ахлагы жана чын ниеттүү дубасы өрнөк көрсөтүлгөн. Ыймандуулар мындан үлгү алышы керек. Аз. Ибрахимдин дубасы төмөнкүдөй:

Мени тамактандырган жана (мага) суу берген – Ал; Ооруганда, мага шыпаа берген – Ал; Мени өлтүрө турган, кийин тирилте турган да – Ал. (Шуара Сүрөсү, 79-81)

Аз. Айуб (ас) болсо башына оор бир азап жана оору келгенде, кайра эле Аллахтан жардам сурап, бул кулк-мүнөзү менен бүт ыймандууларга үлгү болгон:

Kuran ahlakının hakim olmadığı ortamlarda hasta kişiye sağlıklı iken verilen sadakat ve vefa sözleri, yerini egoist, bencil ve çıkarcı düşünce ve sözlere bırakır.

Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. (Сад Сүрөсү, 41)

Мындай кыйынчылыктар ыймандууларды Аллахка жакындатып, руханий жактан жетилтет жана алар үчүн жакшылыкка айланат. Ыймансыз адамга болсо бардык кырсык жана оорулар балээ катары берилет. Башына келгендердин белгилүү бир максат менен жаратылганын, акыретте ал үчүн сыйлык берилээрин ойлонбогондуктан, абдан кайгырып баштайт. Бул балээнин материалдык кыйынчылыгынан тышкары, руханий кыйынчылыктары да бар. Анткени, Аллахка ишенбеген бир системада адамдардын баалуулуктары толугу менен материалдык нерселерге таянат. Кандайдыр бир оорудан же кырсыктан улам майып болуп калган киши, мурда канчалык жакшы көрүлүп, урматталган бир инсан болсо да, колу-буту иштебей калганы үчүн, мурдакы «досторунун» көпчүлүгүнөн ажырайт. Сулуу адам сулуулугун, күчтүү адам күчүн жоготкондо, кадыр-баркы төмөндөйт. Себеби, динден алыс жашаган коомдордо адамдар бири-бирин материалдык нерселерге карап гана баалашат. Ошондуктан бир адам материалдык жактан кандайдыр бир зыянга учураганда, адамдардын арасындагы кадыр-баркын жоготот.

Мисалы, майып болуп калган бир адамдын жубайы же туугандары, чоң ыктымалдык менен, мындан болушунча арызданып башташат. Айланадагыларга канчалык кыйналып жатышканын айтып даттанышат. Кээ бирлери «жашмын» дешет жана «мындай жашта бул нерсеге такыр татыктуу эмес болчумун, өмүрүмдүн жазында башыма ушул күн келди» деп арызданышат. Ошондуктан оорулуу кишиге жакшы көңүл бура албаганымды түшүнгүлө дегендей маанидеги сөздөрдү айтат. Кээ бирлер болсо оорулуу кишини ошол замат таштап кеткиси келет, бирок адамдардын айыптоосунан корккону үчүн гана мындай кадамга барбайт. Оорулуу кишиге ден-соолугу чың кезинде берилген туруктуулук жана опаакердик убадалары эгоист, өзүмчүл жана өз кызыкчылыгын ойлогон көз-караш жана сөздөргө алмашат.

Туруктуулук менен опаа өтө кыска убакытка созулган мындай системада негизи буга окшогон көрүнүштөргө таң калбоо керек. Анткени, адамдарды бир гана материалдык критерийлерге карап баалаган жана, эң негизгиси, Аллахтан коркпогон бир адамдан бекем бир туруктуулукту күтүүгө болбойт. Сыйлыгын акыретте алаарына ишенбеген бир адам жакшылык иштерди кылууну өз оюнда «аңкоолук» деп эсептейт. Себеби алардын ишеними боюнча, бүт адамдар бир канча он жылдын ичинде өлүп, түбөлүккө жок болушат, ошондуктан бир адам үчүн өз жанын аябай жакшылык кылуу жана ага опаа көрсөтүү туура эмес болуп калат. Ансыз да, экөө тең «кыска убакыт жашап, жок болобуз» деген ишенимде болушат жана ошондуктан тандоо жасоо керек болгондо, өз кызыкчылыктарын жана өзүнүн бейпилдигин биринчи кезекке коюшат.

Gül rose buket yaşlı kadın old woman çerçeve

Ал эми мусулмандарда болсо такыр башкача. Аллахка ыйман кылган, Анын алдындагы алсыздыгын билген жана Андан корккон адамдар бири-бирин Аллах буйрук кылган касиеттерге карап баалашат. Адамдын эң негизги касиети – бул, анын «такыбалыгы», тагыраак айтканда, Аллахка болгон урматы, коркуусу жана мындан келип чыккан асыл, мыкты кулк-мүнөзү.

Бир адамда бул касиеттер бар болсо, бул дүйнөдө бир катар материалдык же денесинде кандайдыр бир кемчиликтери болсо да, акыретте түбөлүк кооздуктардын ичинде жашайт. Бул – Аллахтын ыймандууларга убадасы, жана ыймандуулар муну билгендиктен, бири-биринин кемчиликтерин боорукердик менен кабыл алышып, абдан туруктуу жана опаалуу болушат.

Бул чоң айырмачылык – караңгы маданияттын ыймансыздарга жазасы. Ошондой эле, Аллахтын Аны жокко чыгаргандарга бул дүйнөдө берген чоң балээси. Бул дүйнөдө каалоолорун ээрчип жашаган жана «кылгандарым үчүн сурак бербейм» деп ойлогон адам акыретте нес болуп калат. Ал жерде бул дүйнөдөгү залимдиги, опаасыздыгы, туруксуздугу жана ушул сыяктуу жаман мүнөздөрүнүн бүт баарынан, бир-бирден суракка алынат. Аллах ыймансыздардын бул дүйнөдө кылган жаман иштеринин өздөрүнүн зыянына болоорун төмөнкүчө кабар берген:

Ал каапырдыкка адашкандар аларга берилген мөөнөттү эч өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун, Биз аларга күнөөлөрү андан да көбөйсүн деп гана убакыт берүүдөбүз. Алар үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Али Имран Сүрөсү, 178)

«Аллахты Сүйбөгөндө, Боорукердик, Мээрим, Сабырдуулук Болбойт. Материалисттик Түшүнүктө Мерездиктин, Өзүмчүлдүктүн Азабы Өтө Оор Болот.»

АДНАН ОКТАР: Бир эркек бир аялды Аллах үчүн жакшы көрбөсө, Аллах үчүн сүйбөсө, аны Аллахтын бир чагылуусу катары көрбөсө, аны бир эт-сөөк жыйындысынан турган бир машинадай көрсө, идиш жууган, тамак бышырган, үй шыпырган, кийим үтүктөгөн, маал-маалы менен муктаждыктарын канааттандырган бир эт жыйындысындай көрсө, аны баалабайт. Жана сыйлабайт дагы, ошондуктан ичинде бир кыжырдануу пайда болот. Кээ бирлер аялды акча коротуучу бир нерседей, бир эт жыйындысындай көрөт. Аял жакшы көрүлүп-көрүлбөгөнүн эң жакшы билет. Өзгөчө чын жүрөктөн сүйүлбөгөнүн эң жакшы түшүнөт. Муну байкаганда бир кыжырдануу пайда болот. Экөө тең бири-бирин жек көрүп баштайт. Бул аны Аллахтын чагылуусу катары көрбөйт, ал да муну Аллахтын бир чагылуусу катары көрбөйт.

Ошондуктан ага карата опаа, туруктуулук, коргоо, боорукердик сыяктуу сезимдери болбойт; ансыз да анын алсыздыктарын көрүп жаткан болот. Эрте менен тургандагы алсыздыктарын көрөт. Уйкусуз калгандагы абалын көрөт. Тумоолоп ооруп жаткандагы же төрөгөндөгү абалдарын көрөт. Анан ичинде күчтүү бир жек көрүү пайда болот.

Анан биринчи эле үйүн бөлөт, жүзүн да көргүсү келбегени үчүн. Кантип мындай болсун? Аллахтын ыраазылыгы үчүн сени менен баш кошуп, өзүн сага тапшырса. Дүйнө жана акыретте сенин бир тууганыңдай жакының болсо. Эми ал сенин балаңдай, бир бөлүгүңдөй, этиң-сөөгүңдөй эле болуп калган болот. Кантип ажырашасың аны менен? Көчөгө айдап чыгат, каякка кеткенинен же эмне кылып жатканынан эч кабар албайт. Эмне жейт, эмне ичет? Башына эмне келет? Эмне болуп кетет белгисиз? Кантип мындайга адамдын колу барсын? Кантип аны көчөгө айдап чыгат?

Adnan oktar

Аллахтан коркпогондо, Аллахты сүйбөгөндө мындай окуялар болушу мүмкүн. Кээде башка себептерден да болот, бирок көбүнчө ушунан келип чыгат. Анткени, бул боорукердикти жана мээримди жок кылат.

Күн сайын канчалаган ажырашуулар болуп жатат, ажырашуу сөзү эч болбой калганда гана айтылышы керек. Жаңы гана үйлөнүп, он беш күн да өтө электе ажырашуу сөздөрү айтыла баштайт. Адам кантип оозуна алсын мындай сөздү? Кандай үрөй учурарлык нерсе. Кантип көчөгө айдап чыгат? Өтө кайгылуу көрүнүш. Мунун тамырында материалисттик, дарвинисттик, атеисттик таалим-тарбия бар. Аягында ушундай боорукердиктен, мээримден алыс бир катар адамдар пайда болууда.

Булардын баары динден алыс болуудан, Аллах сүйүүсүнөн алыс болуудан, Аллахты сүйүү аркылуу Анын жараткан пенделерин да сүйө албоодон келип чыгууда. Аллахты сүйүү аркылуу Аллахтын чагылуусу катары сүйсөң, адамдын рухунда экинчи бир күч бар. Терең бир күч. Ал дене кумарынан же башка нерседен жоголбойт. Ан сайын көбүрөөк сүйөсүң. Ан сайын ашык болуп сүйөсүң, өзгөчө бир күч. Ошол күч иштеп баштайт. Бирок ал болбогондо, руханий күчү болбогону үчүн сүйө албайт жана көзүнө жаман көрүнө баштайт.

Кыскасы, Аллах үчүн сүйүү дүйнөнүн бир кооздугу жана сулуулугу. Аллах бизди ошондой жараткан. Аллах үчүн ашык болуп, берилип сүйө тургандай кылып жараткан бизди, Аллахтын чагылуусу катары көрүп. Муну кылбасак, сөзсүз балээге туш болобуз. Мерездиктин, өзүмчүлдүктүн азабын тартабыз, Аллах сактасын. Ошондуктан материалисттик көз-караштан болушунча алыстап, Куран адеп-ахлагы менен, Куран сүйүүсү менен, Аллах сүйүүсү менен, башкаларды Аллахтын чагылуусу катары көрүп сүйүү абдан маанилүү. ИншаАллах. (Урматтуу Аднан Октардын 2010-жылдын 4-июлундагы HarunYahya.TV каналындагы маегинен үзүндү)

Улгайуу

Gül rose buket yaşlı adam old man çerçeve

Убакыттын өтүшү менен бүт нерсе эскирет. Эң акыркы модельдеги, жаңы чыккан машина бир канча жылда чийилип, бузула баштайт жана сөзсүз эскирет. Өтө жактырылган бир үй 5-10 жылдан соң (эгер каралбай калса), шыбактары түшүп, эски урандыларга окшоп калат. Бирок эң чоң эскирүүгө адам өзүнүн денесинен күбө болот. Жылдардын өтүшү менен адамдын өтө барктаган денеси эч оңолгус болуп эскирет. Адамдын денесиндеги бул өзгөрүүлөр Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Аллах силерди бир алсыздыктан жаратты, кийин (бул) алсыздыктын артынан бир кубат берди, кийин бул кубаттын артынан бир алсыздык жана карылык берди. (Ал) Каалаганын жаратат. Ал – билүүчү, кудуреттүү. (Рум Сүрөсү, 54)

Адамдар демейде улгайууну көп ойлонгулары келбейт жана жашоо пландарына кошушпайт. Көп адамдар алдан тайып, бир топ кыйынчылыктар менен өткөрө турган улгайган кезин мүмкүн болушунча ойлонбогонго аракет кылышат. Кээ-кээде бул жөнүндө сөз козголуп калганда катуу коркуп, тынчсызданышат, бирок бир аздан кийин унутуп калып, кадимкидей күнүмдүк жашоосун уланта беришет.

Gül rose buket yaşlı kadın adam old woman man çerçeve

İnsanın yaşlanması, dünyanın geçici bir mekan olduğunun en keskin hatırlatıcılarındandır. İnsan ne yaparsa yapsın, vakti geldiğinde bu dünyadan bir daha geri dönmemek üzere ayrılacaktır.

Улгайууну эстегилери келбеген себеби, ал адамдардын бул дүйнөдө түбөлүк жашай албай турганын эске салат. Ошондуктан карылыктын сөзсүз келээрин билишсе да, ал жөнүндө өтө аз ойлонушат. «Алдымда дагы канчалаган жылдар бар, карылык менен өлүмгө дагы көп бар» деп элестетишет. Куранда кээ бир адамдардын бул жаңылыштыгы төмөнкүчө кабар берилген:

Ооба, Биз аларды жана ата-бабаларын пайдаландырдык; анан өмүр аларга (эч бүтпөстөй) узун сезилди... (Анбия Сүрөсү, 44)

Кээ бир адамдардын «карылыкты алыс көрүү жаңылыштыгы» аларды өмүр бою алаксытат. Анткени, жашы канчага чыкпасын, бойго жеткен адамдардын баары шайтанга алданып, алдыда өтө узун бир өмүр тургандай сезимде болушат. Чындыгында болсо, жылдар көз ачып жумганча өтүп кетет. Артка кылчайып караса, эсинде анча-мынча нерселердин гана калганын көрөт. Бала кезде же жаш кезинде башынан өткөргөн жакшы же жаман окуялары, аны толкунданткан нерселер, алган маанилүү чечимдери, амбиция коюп, ага жетүү үчүн канчалаган жылдарын короткон максат-мүдөөлөрү, кийин кыйынчылык менен эстегенде, ал үчүн эскерүүлөргө гана айланган болот. Ошондуктан көбүнчө «узун өмүрүн» баяндап берүү ашып барса бир канча саатка гана созулат. Аябай улгайып, өлүмдүн босогосуна келип калган адамдардын кайсынысынан сурабаңыз, «өмүрүм бир көз ирмемдей, бат эле өтүп кетти» деп айтат.

«Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» деди. (Мүминун сүрөсү, 112)

«Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк болдук, эсептегендерден сура» дешти. (Мүминун сүрөсү, 113)

«Аз (убакыт) гана болдуңар, чындыгында билген болгонуңарда» деди. (Мүминун сүрөсү, 114)

Gül rose buket yaşlı kadın old woman çerçeve

Allah yaşlılık döneminde insanda fiziksel birtakım eksiklikler yaratarak, ona bu dünyanın geçiciliğini bir kez daha hatırlatmaktadır.

Бул чындыкты түшүнүүгө бир канча секундалык бир ойлонуу жетиштүү болот жана адам бул чындыкты түшүнгөн соң, канча жашта болсо да, сөзсүз белгилүү бир чечимге келиши зарыл. Мисалы, 40 жаштагы бир адам 65 жашка чейим жашайм деп үмүт кылган болсо, анда алдыдагы 25 жылынын буга чейинки 40 жылындай эле бат өтүп кетээрин билиши зарыл. Бул киши 90 жашка чейин жашаса да, көп деле нерсе өзгөрбөйт. Себеби алдыдагы жылдары узун болсо да, кыска болсо да, баары бир аягында түгөнөт. Ошондуктан адамдын улгайышы – бул дүйнөнүн убактылуу бир мекен экенин көрсөткөн, эң күчтүү эскертүүчүлөрдүн бири. Адам эмне гана кылбасын, сөзсүз бир күнү бул дүйнө менен артка кайрылгыс болуп кош айтышат.

Демек, ар бир адам туура эмес түшүнүктөрүнөн арылып, өзүнүн жашоосу жөнүндө реалдуураак ой жүгүртүшү зарыл. Эң биринчиден айта кетчү нерсе, убакыт абдан тез өтөт жана күн өткөн сайын адам жашыраак, сергегирээк болбойт, тескерисинче, аятта айтылгандай «алсыздыкка» жол алат. Кыскасы, улгайуу адамдын алсыздыгынын маанилүү бир көрсөткүчү. Убакыттын адамдын денеси менен мээсине бүлдүрүүчү таасир көрсөтөөрү талашсыз чындык. Куранда адамдын улгайганда күчтөн тайып, алсыраары төмөнкүчө кабар берилген:

cocuk genç yetişkin yaşlı kadın old ölüm çerçeve

Аллах силерди жаратты, кийин силерди өлтүрөт, силердин кээ бирлериңер билгенден кийин, эчтеке билбей кала турган өмүрдүн эң төмөнкү учуна чейин (карылыкка) кайтарылат. Эч күмөнсүз, Аллах – билүүчү, бардык нерсеге кудуреттүү. (Нахл Сүрөсү, 70)

Медициналык жактан карылык «экинчи жаш бала доору» деп да айтылат. Анткени, дененин начарлашы адамды жаш баладай кароого жана коргоого муктаж кылып койот. Улгайган кезде адамда дене жана руханий жактан жаш балдарга тиешелүү өзгөчөлүктөр пайда болот. Жаш кезде оңой эле жасай алган жумуштарга улгайганда күчү жетпей калат. Же жаш кезинде эс-тутуму өтө күчтүү болсо да, карыганда баары бир эс-тутуму начарлайт. Буга окшогон дагы толтура мисалдарды келтирүүгө болот. Негизгиси, белгилүү бир жаштан соң ар бир адамдын денесинин жана мээсинин начарлашы аны жаш бала кезине кайра кайтарат.

Кыскасы, адамдын өмүрү наристелик доору менен башталып, белгилүү убакыттан соң кайрадан жаш балага айланып, анан аягына чыгат. Бул процесс, албетте, кокусунан пайда болуп калган эмес. Аллах каалаганда, адамды өлгөнгө чейин жаш бойдон калтырып, денесинде эч бир кемчилик же оору-сыркоо жаратмак эмес. Бирок, Аллах адамдын денесинде карыган кезде бир катар кемчиликтерди жаратуу аркылуу ага бул дүйнөнүн убактылуулугун дагы бир жолу эскертет. Ошондой эле, бул дүйнөдөгү кемчиликтерди көрсөтүү аркылуу, адамга акыретти, т.а. чыныгы мекен, бейишти эңсетет.

Бул дүйнөнүн убактылуулугу жана адамдын белгилүү бир максат менен карылык дооруна жеткирилээри төмөнкү аятта апачык айтылган:

yaşam çerçeve yaşlılar

Эй адамдар, эгер (кайра) тирилүүдөн шектенип жатсаңар, чындыгында, Биз силерди топурактан жараттык, анан бир тамчы суудан, анан бир алактан (эмбрион), анан калыбы билинээр-билинбес бир тиштем эттен (жараттык); силерге (кудуретибизди) апачык көрсөтүү үчүн. Каалаганыбызды белгилүү убакытка чейин жатындарда кармайбыз. Анан силерди наристе абалда чыгарабыз, анан жетилген куракка жетишиңер үчүн (силерди чоңойтобуз). Силердин кээ бирлериңердин өмүрү түгөнүүдө, кээ бириңер болсо билгенден кийин эч нерсе билбеген абалга келиши үчүн өмүрдүн эң төмөнкү чегине (карылыкка) кайтарылууда. Жердин бетин куураган өлүк абалда көрөсүң, бирок Биз анын бетине суу түшүргөнүбүздө, кыймылга келип, көбөт жана ар бир сонун жуптан (түшүмдөрдү) өндүрөт. (Хаж Сүрөсү, 5)

cicek dalı

Улгайганда Дененин Бүлүнүшү

genç kadın yaşlı kadın young old woman

Канчалык бай, атактуу же күчтүү болбосун, эч бир адам улгайганда бүлүнүүлөрдөн денесин сактап кала албайт.

Тери адамдын сулуулугунда өтө чоң мааниге ээ. Болжол менен бир миллиметрлик бул кыртыш алып салынса, сулуулук жагынан абдан эле жагымсыз бир көрүнүш келип чыгат. Адам бул көрүнүштү карагысы да келбей калат. Анткени, тери коргоо милдетинен тышкары, жагымдуу жана жылмакай бир көрүнүш бергени үчүн, сулуулук жагынан өтө маанилүү бир функцияны аткарат. Демек, «адамдын айланасындагыларга өзүн көрсөтүп, мактанган өзгөчөлүгү – бул, денесинин бүт тарабын ороп турган болжол менен 2 килограммдык териси» десек болот. Эң кызыгы, карылык эң көп бузган нерсе да – бул, кайра эле адамдын териси.

Жаш өткөн сайын теринин ийкемдүүлүгү азайып, ичкере берет жана астыңкы катмардагы түзүлүш, анын таянычын түзгөн белоктор алсыздаганы үчүн, чоюлат. Белгилүү жаштан кийин адамдар канчалык каалабаса да пайда болуп баштаган беттеги тырыштар менен сызыктарга мына ушул өзгөрүүлөр себеп болот. Теринин үстүңкү бетинде тынымсыз май катмарын пайда кылып, табигый жумшартып туруучу бездердин секрециялары азайганы үчүн, тери какачтанып баштайт. Тери ашыкча какачтанып, түлөгөнү үчүн, теринин өткөрүмдүүлүгү жогорулап, сырткы факторлордун териден өтүүсү оңойлошот. Мунун натыйжасында улгайганда кычышуу, тырмак жаралары, теридеги тактар, уйкусуздук ж.б. келип чыгат. Ошондой эле, астыңкы териде да өтө чоң бузулуулар пайда болот. Тери кыртыштарында жаңылануу жана зат алмашуу механизмдери улгайган адамдарда бир топ бузулат. Ошондуктан жашы өткөн адамдарда залалдуу (жаман) шишиктер көп кездешет.

Gül rose buket yaşlı kadın old woman çerçeve

Адамдын денесинде сөөктөрдүн бекемдиги да абдан маанилүү. Тик туруу жаштар үчүн абдан оңой болсо, улгайганда бир топ кыйын болуп калат. Жаш өткөндө жүлүндүн ийилишинин натыйжасында бүкүрүлүк пайда болот. Бул жаш кездеги мактанычтарды жок кылат. Анткени, денесин да түздөй албаган бир адамдын башка адамдарга бой көтөрө турган эч бир өзгөчөлүгү калбайт. Өзү кабыл алгысы келбесе да, эми алсыздыгын айланасындагылардан жашыра албай калат.

Ал ортодо улгайган адамдардын нерв клеткалары жаңыланбаганы үчүн, бүт сезүү органдары начарлайт. Көздөр жарыктын күчүнө жараша өздөрүн жакшы ыңгайлаштыра албай калышат. Бул көрүү жөндөмүн начарлатып, түстөрдүн тунуктугу, буюмдардын формасы, жайгашкан жери жана алыстыгы бүдөмүк көрүнө баштайт. Көрүүнүн тунуктугу барган сайын азайат. Бул улгайгандарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат.

Адамдын улгайган кезде физикалык жана руханий жактан көптөгөн жоготууларга дуушар болушунун терең мааниси бар. Жогоруда да айтылгандай, Аллах кааласа, адамга мындай кемчиликтердин бирөөсүн да бербеши мүмкүн эле; адам төрөлгөн соң чоңоюп, жетилмек жана ал тургай, убакыттын өтүшү менен бүт органдары менен жөндөмдөрү барган сайын күчтөнүшү да мүмкүн болчу. Жыл өткөн сайын адамдын ден-соолугу улам бекемделип, күч-кубаты улам көбөйө бериши мүмкүн эле. Бизге эч көнүмүш сезилбегени менен, бул жашоо адамды эскиртпестен, тескерисинче улам жаңылап, өнүктүрүп турушу да толук мүмкүн эле. Бирок, Аллахтын адамдар үчүн белгилүү бир максат менен жараткан системасы улгайуу жана бузулууга таянат. Бул дүйнөдөгү бүт нерселер сыяктуу, адамдын денеси да сөзсүз бузулат.

Күн өткөн сайын улгайып, өлүмгө даярданган адам бул дүйнөнүн убактылуулугун жана ага пайдасы тийбей турганын дагы бир жолу түшүнөт. Бул алсыздыктардын баарынан көрүнүп тургандай, түбөлүк жашоонун алдында бул дүйнө жашоосунун эч бир баркы жок. Аллах Куранда бул акыйкатка көп жолу көңүл буруп, дүйнө жашоосунун убактылуулугун көрсөткөн көптөгөн өзгөчөлүктөрдү кабар берген. Адамдарга «буларды ойлонуп, андан сабак алгыла» деп буйруган.

Дүйнө жашоосунун мисалы – Биз асмандан түшүргөн, аны менен адамдар жана жаныбарлар жеген жер жүзүнүн өсүмдүгү аралашкан бир суу сыяктуу гана. Жер сулуулугун жамынып, кооздонгондо жана ал жердин эли чындыгында аны биз кылдык деп ойлоп жатканда (дал ушул учурда) түнкүсүн же күндүз ага буйругубуз келип, кечээ эле эч бир байлыгы болбогон сыяктуу, аны тамырынан жулунуп ыргытылган абалга салып койобуз. Ойлонгон бир коом үчүн Биз аяттарды ушинтип бир-бирден түшүндүрөбүз. (Йунус Сүрөсү, 24)

Жогоруда айтылгандай, адам төрөлүп, чоңоюп, белгилүү бир жашка жетет. Жана күчкө толгон кезинде «бүт денем өзүмө тиешелүү» деген ишенимге келип, өзүн бүт дүйнөнүн борборундай элестете баштайт. Бирок белгилүү убакыттан соң, күтүүсүздөн улгайуу процесси башталып, күчү менен сулуулугу жоголо баштайт жана муну токтоткусу келсе да, колунан эч нерсе келбейт. Анткени, Аллах бул дүйнө жашоосун убактылуу бир мекен кылып даярдаган. Жана адамды чыныгы мекени болгон акыретти эске сала турган жана ага даярданышына шарт түзө турган ар кандай алсыздыктар менен бирге жараткан. Ошондуктан бул алсыздыктар жөнүндө сөзсүз ойлонушубуз зарыл.

«Кулк-Мүнөзү Жакшы Адамдар Улгайганда Да Жаш Жана Сергек Болушат. Аз. Пайгамбарыбыз (Сав)Дын Көзү Өткөндө, Бала Кездеги Сергектиги Менен Сулуулугу Ошол Бойдон Сакталган.»

АДНАН ОКТАР: ... Каапырдык жолуна түшкөндөр, зулумдукка баргандар; Аллах аларга бир ички азап берет жана руху денесине кол салып баштайт жана буга чыдай албайт денеси. Анан бүлүнүп баштайт, анткени дене абдан алсыз. Рух кол салганда, ага күчү жетпейт, абийири бүт тараптан аны кыйнайт. Мисалы, жакшынакай көзү такыр башка бир көзгө айланып, бош нерседей болуп калат. Жакшынакай териси такыр башкага айланат. Чачтары бузулат, денеси бузулат. Аны көргөндө ан сайын кыйналат.

dolmakalem pen

Ан сайын кайгырат, б.а. Аллахка таянбагандыктан, улгайуу жолуна түшөт. Мисалы, Пайгамбар Мырзабыз (сав) көзү өткөнгө чейин, бала кездеги сергектиги менен сулуулугу ошол бойдон сакталган, бул анын бир керемети. Пайгамбарыбыз (сав)дын жүзү ар дайым жаш балдардыкындай күнөөсүз көрүнүштө болгон. Бала кездеги жүзү эч бузулган эмес Пайгамбарыбыз (сав)дын. Бул бир керемет, пайгамбарларда бул бар. Бала кездеги күнөөсүз жүздөрү сакталып калат, анткени күнөөдөн алыс болушат. Өтө кичипейил жана чынчыл болушат.

Пайгамбарыбыздын, билесиздер, ылакап аты «Мухаммад-уль амин» болгон. Кимдер минтин аташкан билесиздерби? Атеисттер, мушриктер Пайгамбарыбыз (сав)ды «ишенимдүү инсан» дешкен. Ар кандай нерседе аны калыс кылышкан, ошончолук ишенишкен. Караңыздар, бир динсиздин же бир атеисттин бир мусулманды «ишенимдүү инсан» деп аташы өтө кереметтүү көрүнүш. Негизи душманы болушкан, бирок ишенимдүү экенин билишип, абдан ишенишкен жана бир нерсе болгондо Пайгамбарыбызды (сав) калыс кылып шайлашкан.

Сабак Болуучу Карылык Мисалдары

Улгайуу бүт адамдарга тиешелүү чындык. Бирок бай, атактуу же абдан сулуу инсандардын улгайышы, бүт байлыгынан жана сулуулугунан ажырашы адамдарга катуу таасир берип, жакшы сабак болот. Караңгы коомдогу көп адамдар суктанган жана акчасы, атак-даңкы же сулуулугу менен таанылган адамдардын улгайышы жана алсыздыгы дүйнө жашоосунун кыскалыгы менен барксыздыгын эскерткен эң маанилүү символдордун бири болуп саналат.

Мунун мисалдарын айланабыздан жүздөгөн жолу көрө алабыз. Бир кездерде денесинин сулуулугу, күчү менен даңкы чыккан, өтө мээлүү жана ден-соолугу чың адамдарды бир күнү телевизор же гезиттен мээ жана дене күчүнөн ажыраган абалында көрүшүбүз мүмкүн. Мисалы, бүт дүйнөгө белгилүү Мадонна, Джон Траволта, Брэд Питт, Анджелина Джоли, Аль Пачино, Микки Рурк, Ричард Гир, Джек Николсон, Синди Кроуфорд, Джулия Робертс, Майкл Дуглас сыяктуу атактуулар жыл өткөн сайын улгайып, мурдакы сулуулук жана сергектиктерин толугу менен жоготушту. Ошол сыяктуу, дүйнө жүзүнө таанымал Фэрра Фосетт менен белгилүү бийчи Патрик Суэйзи рак болуп, таанылгыс абалга келишип, аягында оорудан улам көз жумушту. Жаштар суктанып, үлгү алган Майкл Джексон жана Эми Уайнхаус сыяктуу атактуулар болсо эч күтпөгөн кезде каза болуп, бүт байлык жана атак-даңкын бул дүйнөгө калтырып, акыретке кетишти. Дүйнөгө таанымал бул инсандардын бүт нерсесин калтырып, көз жумушу бардык адамдарга өтө чоң сабак боло алат. Аллах бул дүйнө жашоосунун убактылуулугун жана адамдар канчалык бай, сулуу же атак-даңктуу болбосун, баары бир өлгөндө бул дүйнөдөн бир ташты да алып кете албашын апачык көрсөтүүдө.

Алдыда дүйнө жүзүнө атагы чыгып, улгайган соң киши тааныгыс абалга келген же жаш кезинде каза болгон адамдардан мисалдарды келтиребиз. Жана адам канчалык жаш, атактуу же сулуу болбосун, баары бир сөзсүз бир күнү улгайаарын жана андан соң көз жумуп, Аллахтын алдына бараарын көрөбүз.

1. Elizabeth Taylor

2. Alain Delon

3. Paul Newman

 

Robert Redford Brigitte Bardot Rita Hayworth

4. Robert Redford

5. Brigitte Bardot

6. Rita Hayworth

 

Catherine Deneuve Mickey Rourke Sharone Stone

7. Catherine Deneuve

8. Mickey Rourke

9. Sharone Stone

 

Sean Connery Meryl Streep Robert De Niro

10. Sean Connery

11. Meryl Streep

12. Robert De Niro

Адамдын Өлүмү

Күн сайын өлүмгө дагы бир аз жакындаганыңызды билесизби? Өлүмдүн сизге да башка адамдардай эле, балким алардан да жакыныраак экенин ойлойсузбу?

gül rose

«Ар бир напси өлүмдү татат; анан Бизге кайтарыласыңар» (Анкебут Сүрөсү, 57) деп аятта айтылгандай, дүйнө жүзүндө ушул күнгө чейин жашап өткөн, азыр жашап жаткан жана келечекте жашай турган ар бир адам сөзсүз өлүмгө жолугат. Бирок, ошого карабастан, кээ бир адамдар эмнегедир өздөрүн өлүмдөн абдан алыс сезишет.

Бул дүйнөгө биринчи жолу көзүн ачкан жана бул дүйнөгө акыркы жолу көзүн жумган эки адамды элестетиңиз. Жаңы төрөлгөн наристенин өзүнүн төрөлүшүнө кийлигише албаганы сыяктуу, өлгөн киши да өзүнүн өлүмүнө кийлигише албайт. Бул кудурет бир гана Аллахка тиешелүү; Ал каалаган кезде жаратып, каалаган кезде кайра алат. Бүт адамдар белгиленген мөөнөткө чейин жашап, аягында көз жумат. Куранда бул чындык төмөнкүчө кабар берилген:

Айткын: «Албетте, силер качкан өлүм, күмөнсүз силерге келет. Кийин кайыпты да, аныкты (күбө болунганды) да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет.» (Жума Сүрөсү, 8)

Көп адамдар өлүмдү ойлонгусу келбейт, ошондой эле, күнүмдүк иштер да адамдын ойлорун башка нерселерге алаксытат. «Кайсы окууда окуйм», «кайсы жумушта иштейм», «эмне кийем», «эмне ичем» дегендер маанилүүрөөк сезилет. Жашоо ушулардан гана турат деп ойлойт. Өлүм жөнүндө сөз болгондо болсо, «жакшы нерсени сүйлө, али абдан жашпыз» деген сыяктуу эч маанисиз жана өлүмдү токтото албай турган жеңил-желпи сөздөрдүн артына жашынат. Өзүн «улгайганда өлөм, жок дегенде 50-60 жыл жашайм» деп эсептейт жана жаш кезинде мындай «жүрөктү сыга турган» темаларды ойлонгусу келбейт. Чындыгында болсо, бул өтө текебер түшүнүк жана мынчалык өзүнө ишенген бир адамдын бир секундадан соң жашай турганына да эч кандай кепилдик жок. Күн сайын гезит жана телевизорлордогу кабарлардан жапжаш кезде, күтүүсүз каза болгон адамдардын жана өздөрүнүн жакындарынын өлүмдөрүнө күбө болушат. Бирок бир күнү алардын өлүмүнө да башка адамдардын күбө болоорун жана аларды да ушул жыйынтыктын күтүп тураарын ойлонушпайт.

Өлүм адамга келгенде, бул дүйнөгө тиешелүү нерселердин баары, бардык кыялдар, үмүттөр, бүт пландар ошол замат аягына чыгат. Азыркы абалыңызды, көздөрүңүздүн ачылып жумулушун, денеңиздин кыймылдашын, сүйлөп, күлүшүңүздү, б.а. бүт жашоо функцияларыңызды ойлонуңуз. Анан, өлгөн соң кандай абалга келээриңизди элестетиңиз... Эч кыймылсыз, айланаңызда болуп жаткандарды түшүнбөстөн, ордуңузда жатасыз. Денеңизди башка адамдар көтөрүшөт жана бир «эт жыйындысындай» көрүшөт. Табытыңыз коюла турган мүрзө казылып жатканда, табыт жуучу жайдагы адамдар тарабынан жууласыз. Анан ак кепинге ороп, жыгач табытка коюшат. Мечиттеги иштер бүткөн соң, мазарга алып барышат. Бетинде атыңыз, төрөлгөн жана өлгөн даталарыңыз жазылган бир таш болот. Кепин менен бирге сиз үчүн казылган чуңкурга коюласыз. Үстүңүзгө жыгач коюлуп, анын үстүнө топурак ташталат. Топурак үстүңүздү жакшылап жапкан соң, көмүү иши аягына чыгат.

mezar ölüm dead

Her nefis ölümü tadıcıdır. Kıyamet günü elbette ecirleriniz eksiksizce ödenecektir. Kim ateşten uzaklaştırılır ve cennete sokulursa, artık o gerçekten kurtuluşa ermiştir. Dünya hayatı, aldatıcı metadan başka bir şey değildir. (Al-i İmran Suresi, 185)

Башында мүрзөңүзгө көп зыярат болгону менен, кийинчерээк жылына бир жолу болуп калат, бара бара толугу менен токтойт. Бирок, бул зыяраттардан сиздин кабарыңыз да болбойт.

Канча жыл жашаган бөлмөңүз менен төшөгүңүз бош калат. Жаназаңыз чыгарылган соң белгилүү убакыттан кийин жеке буюмдарыңыз муктаждарга таратылат. Жакындарыңыз тиешелүү мекемеге барып, сиздин өлгөнүңүздү кабар беришет жана алар сиздин бул дүйнөдөгү каттооңузду өчүрүшөт. Биринчи жылдары балким сизди эстеп, артыңыздан ыйлаган бир канча киши болоор. Бирок барган сайын унутула бересиз. Бир канча он жылдан соң болсо бул дүйнөдө сизди эстеген көп деле адам калбайт. Анткен менен, сиз өлгөн соң артыңызда калган үй-бүлөңүз менен тааныштарыңыз да акырындап бул дүйнө жашоосу менен кош айтышкандыктан, эскерилип-эскерилбешиңиздин көп деле мааниси болбойт.

Дүйнөдө бул нерселер болуп жатканда, топурактын астындагы денеңиз болсо тездик менен чирип баштайт. Топуракка коюлганыңыздан кийин курт-кумурскалар менен бактериялар ишке киришет. Курсакта чогулган газдар денени шиширет жана бул шишик дененин бүт тарабына тарап, дене таанылгыс абалга келет. Андан соң газдын диафрагмага болгон басымынан улам оозуңуз менен мурдуңуздан кандуу көбүктөр чыга баштайт. Бара бара кылдар, тырмактар, алакандар жана тамандар ордуларынан ажырайт. Бул сырткы өзгөрүүлөр менен бирге, ички органдарда да чирүү башталат. Эң коркунучтуу кубулуш мына ушул жерде болот; курсакта чогулган газдар терини алсыз жеринен жарат да, денеден адам чыдагыс сасык жыттар чыгат. Ал ортодо башыңыздан башталып булчуңдар да ордуларынан ажырайт. Тери менен жумшак бөлүктөр толугу менен төгүлүп, скелет көрүнө баштайт. Мээ толугу менен чирип, көрүнүшү чопого окшошуп калат, сөөктөрдүн байланыштары үзүлүп, скелет ажырай баштайт... Бул кубулуш жансыз денеңиз топурак жана сөөк жыйындысына айланганга чейин уланат.

rose gül

Эми өлүмдөн мурдакы жашоонун бир секундасына да кайра кайтууга болбойт. Үй-бүлө менен көрүшүү, достор менен жолугуп көңүл ачуу, эң жогорку кызматка жетүү мүмкүнчүлүгү да калбайт жана дене мүрзөдө чирип, скелетке айланат.

Кыскасы, өзүңүз катары кабыл алып, «бул менмин» деп ойлогон денеңиз өтө жийиркеничтүү кейипке келип, жок болот. Сиз, б.а. чындыгында рухтан турган сиз бул денени алда качан таштап кеткен болосуз, артыңызда калган дене болсо өтө начар келбетке келип, жок болот.

Мунун себеби эмне?..

Аллах кааласа, адамдын денесин өлгөн соң мындай кейипке салбай коюшу да мүмкүн эле. Адам денесинин топурактын ичинде ушунчалык коркунучтуу кейипке келип, талкаланышынын өтө терең сыры бар. Бул сырды түшүнүү үчүн адам өлгөн соң кандай абалга келээрин ойлонушу зарыл.

Эң биринчиден, адам өзүнүн бир «эт жыйындысы» эместигин, денесинин ага убактылуу гана кийгизилген бир «тон» экендигин бул коркунучтуу жыйынтыкты көрүп түшүнүшү керек жана өзүнүн рухтан тураарын сезиши зарыл. Ошондой эле, адам дененин өлүмүнө карап, бул убактылуу дүйнөдө түбөлүк жашачудай болуп ээ чыккан жана бүт каалоолоруна моюн сунган денесинин келечектеги акыбети жөнүндө ой жүгүртүшү шарт. Ал дене бир күнү сөзсүз топурактын астында чирип, курт жейт жана скелетке айланат. Жана ал күн балким өтө деле алыста эмес, бир секунда, балким бир кадам эле алдыда тургандыр...

Анткен менен, адамдарда көңүлү жактырбаган, каалабаган нерселерди ойлонбой коюу, аны жоктой кабыл алуу адаты бар. Өзгөчө өлүмдө муну даана байкоого болот. Жогоруда да айтылгандай, өлүм бир тааныштан ажыраганда же бирөөнүн жылдыгында гана эстелет. Дээрлик бүт адамдар өзүн өлүмдөн алыс көрөт. Жолдо баратып, төшөгүндө уктап жатып өлгөндөр деле биз сыяктуу адамдар эмеспи? Же ал «жаш» болгону үчүн «дагы көп жыл» жашайбы? Анткен менен, үйүнөн окууга баруу үчүн жолго чыгып же маанилүү бир чогулушка үлгүргөнгө аракет кылып жатып жол кырсыгына кабылган бир киши да, эч күтүүсүз бир оорудан өлгөн бир адам да, өлөөрдөн мурда дал ушундай ойдо жүргөн болушу мүмкүн. Бир күн мурда бул адамдардын оюна «эртең гезиттерден бүт адамдар биздин өлүм кабарларыбызды окуйт го» деген сыяктуу бир ой эч келбеген болушу керек.

Кызыгы, сиз да бул саптарды окуган соң, «жакын арада мага да ажал келип калышы мүмкүн» деп эч ойлонбойт чыгаарсыз. Дагы жасай турган, бүтүрө турган иштериңиз болгону үчүн балким өлүм «али келбечүдөй» сезилиши мүмкүн. Бирок бул бир алдануу жана качуу гана, ошондой эле, Аллах минтип өлүмдөн качуунун эч пайда бербей тургандыгын кабар берген:

Айткын: «Эгер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качсаңар, (минтип) качуунун силерге эч бир пайдасы тийбейт; ошондой болсо дагы, өтө аз (бир убакыт) гана пайдаланасыңар.» (Ахзаб Сүрөсү, 16)

Адам бул дүйнөгө «эч нерсесиз» келгенин жана кеткенде да «эч нерсесиз» кетээрин унутпашы керек. Бирок төрөлгөндөн көп өтпөй бул дүйнөдөгү байлыктарга ээ чыга баштайт жана аларга кожоюндук кылууну жашоосунун эң негизги максатына айлантат. Бирок, эч ким мал-мүлкүн же колундагы башка нерселерди өлгөн соң өзү менен кошо алып кете албайт. Дене болгону бир канча метрлик ак бөзгө оролуп көмүлөт. Адам бул кыска дүйнөгө «эч нерсесиз» келип, «эч нерсесиз» кетет.

Аны менен бирге акыретке Аллахка болгон ыйманы же ыймансыздыгы гана барат.

«Ар Бир Адам Өлөт. Капкараңгы Топурактын Астында Эң Атактуу Адам Дагы Чаң, Топуракка Айланат.»

АДНАН ОКТАР: ... Сырткы көрүнүшүнө карап баа берүү абдан кеңири тараган. Мисалы, бай көрүнгөн бир адамга көбүрөөк сый-урмат көрсөтүлөт, ал эми жакырлар болсо азыраак урматталат. Мен муну бүт жерден көрөм. Абдан жагымсыз көрүнүш. Кийимине, турган турпатына карап мамиле кылынат. Бул өтө жагымсыз көрүнүш. Ар бир адам бир күнү өлөт. Эң жарашыктуу бир адамды элестетели, мисалы, жаш кыздар, абдан сулуу, жарашыктуу, бирок анын 70 жылдан кийинкисин ойлосоң. Мүрзөдө узунунан жаткан болот.

Башы, сөөктөрү капкараңгы топурактын астында, чымкый караңгы топурактын астында жатат сөөккө айланып. Кайда калды мурдакы кымбат сумкалары, кымбат баалуу кийимдери, макияж буюмдары, каткырган күлкүлөрү, туурабы? Бой көтөрүп басышы, текебердиги? Асманды карап басышы, эч өлбөчүдөй болуп жүрүшү кайда калды? Эми карасаң мүрзөнүн астында, бир миллиметр да кыймылдай албайт. Эч бир үн жок. Толук жымжырттык, чымкый караңгыда эч нерсе көрүнбөйт. Бренд сумкалар, атырлар жок. Мүрзөнүн астына атырын алып кете албайт, ал жерде яхтада кара көз айнегин тагынып башкаларга мактана албайт, бой көтөрө албайт, тамеки тарта албайт жердин астында. Эч нерсе кыла албайт. Канча убакытта ушундай болот? Өтө кыска убакыт ичинде.

Телевизорду күйгүзсөм, манекен аялдарды көрсөтөт, алардын ары-бери басканын көрсөтөт, кээде мурдакы атактуу аялдарды, мисалы, Муссолининин доорундагы италиялык аялдарды көрсөтөт; жарашыктуу жана сулуу аялдар. Бирок азыр баары мүрзөнүн астында, эч кыймылдабай жатышат бүт баары. Ал доордо биз аларга муну айтсак, «койо тур, сен эмнени айтып жатасың? Дагы көп убакыт бар» десе керек эле. Бирок караңыз, көз ачып жумганча баары өтүп кетти, андан бери бир урпак өттү. Ал жерде аларды тасмага тарткан киши да жок эми. Же адамдардын сүйлөшкөн сөздөрү, каткырган күлкүлөрү жаздырылып калган магнитофонго. Эми алардын эч бири жок. Аллах «Шыбырашкандарын угуп жатасыңбы?» дейт (Мариям Сүрөсү, 98). Ал тургай, «Үстүлөрүнөн өтүп жатасың» дейт.

Бир жаш кызды элестетели, эч жок кезде кичинекей бир спермадан пайда болот, муну ойлонушу керек. Анан чоң бир адамга айланат. Чачын карап бой көтөрөт, көзүн карап бой көтөрөт, колун-бутун карап бой көтөрөт. «Муну ким жаратты?» деп ойлонбойт. Негизи өзүнүн алсыздыгын ойлонушу керек. Терисинин 1 миллиметр асты кыпкызыл кан. Эң сулуу кыздын терисин алып салсаң, бүт адамдар качат. Эч ким карай албай калат, анткени булчуңдары менен майлары көрүнгөндө качаарга тешик таппай калат. Бул жагымсыз көрүнүштү 1 миллиметр, бир канча метр квадраттык тери жаап турат. Дагы бир аз ичине кирсек, канды көрөбүз, анан этти көрөбүз, сөөктү көрөбүз, ичегиси бар, боору бар, көк боору бар. Анда эмнеңе мынча бой көтөрөсүң?

Адамдагы бул бой көтөрүү жана текебердик сезими өзүнчө бир керемет. Акыл менен ойлонгондо, мындай нерсени кыла албашы керек негизи. Күн сайын алсыздыгын көрөт, эрте менен тургандан баштап алсыздыгын, байкуштугун көрөт. Бечаралыгын көрөт. Жуунуп-таранган соң гана сыртка чыга ала турган кейипке келет. Ошого карабастан, укмуш бой көтөрөт. Ушунча алсыздыгына карабастан, ошончо бой көтөрүү жана текебердик сезиминин болушу өзүнчө бир керемет. Ач көздүк кылып, чектен ашышы, ал тургай, ошондой ач көздүк менен адамдарды өлтүргөнгө чейин барышы, уурулук кылышы, киши тоношу, кыйкырып-өкүрүшү, адамдарды алдаганга аракет кылышы, булардын баары керемет. (Аднан Октардын 2010-жылдын 12-майындагы маегинен үзүндү)

Ыймандуу Адамдын Өлүмү Менен Ыймансыз Адамдын Өлүмү Бирдей Болобу?

gül yaprakları

Айланаңыздагы бүт адамдар, үй-бүлөңүз, кошуналарыңыз, кесиптештериңиз бир күнү сөзсүз өлөт жана өлгөн кезде өлүм периштелерине жолугат. Алардын кээ бирлери төшөгүндө жатканда, кээ бирлери жолдо баратканда, кээ бирлери сынакка үлгүрүү үчүн класска кирип баратканда, күтүүсүз алдыларынан чыккан өлүм периштелерин көрүшөт. Алар периштелерге жолукканда, айланаларындагы эч бир адам ал периштелерди көрө албайт, өлгөн киши гана бул акыйкатты дапдаана көрөт. Адамдар өлгөн кезде өтө барктаган денелерин бул дүйнөгө калтырып, өздөрүн өлүм периштелерине тапшырышат. Куранда айтылгандай, ыймандуу адам менен ыймансыз адамдын өлүм учуру бири-бирине такыр окшобойт.

Ыймандуу адамдын жаны Аллах милдеттендирген периштелер тарабынан өтө жеңил алынып, өлгөн кишини периштелер бейиш менен сүйүнчүлөшөт. Китеби оң жагынан берилип, Аллахтын алдында турганда көңүлү бейпил болот жана өмүр бою жасаган чын ыкластуу иш-аракеттери менен Аллахты ыраазы кылганын жана бейиш менен сыйланаарын түшүнөт.

Периштелер жакшы мамиле менен жандарын алышканда: «Салам силерге» дешет. «Кылгандарыңардын сыйлыгы катары бейишке киргиле.» (Нахл Сүрөсү, 32)

Ал күнү ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын нурларынын алды жана оң тараптарынан чуркап баратканын көрөсүң. «Бүгүн силерге сүйүнчү – ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштер.» «Улуу кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Хадид Сүрөсү, 12)

Ыймансыз адам болсо көңүл ачып жыргап жатканда же көчөдө баратканда же досу менен бир нерсени талашып жатканда же болбосо үйдө уктаганга даярданып жатканда күтүүсүздөн өлүм периштелерине жолугат. Жана ошол замат аны өтө оор бир сурактын күтүп жатканын түшүнөт. Куранда өлүм периштелеринин ыймансыздардын жандарын жондоруна уруп-согуп алаары кабар берилген. Өлгөн киши Аллахтын алдына жападан жалгыз алып келинет. Өмүр бою Аллахтын ыраазылыгынан жүз буруп, шайтанды жана напсисин ээрчигени үчүн, абдан бушайман болот. Ыймансыз адамдын жанын өлүм периштелери өтө коркунучтуу көрүнүштө, бакыртып-өкүртүп, абдан кыйнап алышат.

Андай болсо, периштелер беттерине жана жондоруна уруп-согуп, жандарын алган кезде кандай болот? (Мухаммед Сүрөсү, 27)

Сен бул залимдерди өлүмдүн «күчтүү солкулдактары» учурунда периштелер колдорун созуп аларга: «Жандарыңарды (бул кутулгус колго түшүүдөн) чыгаргыла, бүгүн Аллахка карата жалгандарды айтып, Анын аяттарынан текеберденип (жүз бурганыңар) үчүн, басмырлоочу бир азап менен жазаланасыңар» (деген кезде) бир көрсөң... (Энъам Сүрөсү, 93)

Периштелердин алардын жүзүнө жана жондоруна уруп: «Күйгүзүүчү азапты таткыла» деп ал ыймансыздардын жандарын алып жатканын көрүшүң керек. (Энфал Сүрөсү, 50)

Бул Дүйнөдө Миллиарддаган «Тирүү Өлүктөр» Бар Экенин Билесизби?

Куранда Аллах эки түрдүү адамды сүрөттөйт. Бири – Аллахтын бар экенин байкай алган, ыймандуу, Аллахтын аяттарын көрө алган, акыреттин бар экенин билген жана ошого жараша өмүр сүргөн адам. Бул адамдын аң-сезими толугу менен ачык. Бүт окуяларды Аллахтын башкараарын сезет. Ар бир окуянын ал үчүн бир сыноо экенин жана атайын жаратылганын билет. Эң негизгиси, сырткы ааламдагы дүйнөнүн негизи анын мээсинде жаратылаарын жана Аллахтын аны дайыма сынап жатканын түшүнөт. Бардык окуялардын Аллах тарабынан пландуу түрдө, белгилүү бир максатты көздөп жаратылаарын билет.

Аң-сезими ачык, ыймандуу бир адам окуялардын артындагы сырларды ошол замат түшүнөт. Мисалы, жумушка баратып жолдо кырсыктан каза болгон бир адамды көргөндө, «бул кишинин тагдырда белгиленген убактысы келип, Аллах анын жанын алган турбайбы» деп ойлонот. Ал кишинин түбөлүк акырет жашоосунун башталганын жана Аллахтын алдында сурак берээрин билет. Ыймандуу адам бүт тараптан Аллахтын аяттарын жана чагылууларын көрөт. Жүрөгү ыйманынан улам жумшак болот. Аллахтын бир аяты эске салынганда, ошол замат ал аяттан таасирденип, кулк-мүнөзүн жакшыртат жана каталарын оңдойт. Бул бизге ал кишинин чындап угуп, сезээрин көрсөтөт. Адам ыйман берилгенде гана көргөн, уккан, сезген бир адамга, б.а. «тирүү өлүктөн» чыныгы маанидеги тирүү бир адамга айланат.

Куранда сүрөттөлгөн дагы бир адам түрү болсо – бул, ыймансыз, Аллахтан кабарсыз, дүйнө үчүн гана жашаган адам. Мындай адам дүйнө жашоосуна жана анын башаламандыгына сүңгүп кирип кетет. Тездик менен акыретке баратканын байкабайт. Чыныгы жашоонун өлгөндөн кийин башталаарын жана анын түбөлүктүү жашоо экенин эч ойлонбойт. Аллахтын аяттарын билбегени үчүн, бул чындыктарды байкай албайт. Аллахтын аны тынымсыз сынап жатканын билбейт. Окуялардын баарын себептерге таяндырат. «Эгер үйдөн бир аз кеч чыкканда, кырсыкка кабылбайт болчу, эгер жай жүргөндө өлмөк эмес» деген сыяктуу эч маанисиз тыянактарды чыгарат. Бүт адамдардын тагдырындагыдай жашаарын жана өмүрүнүн бир секундасын да өзгөртө албашын билбейт. Жолдо кырсык көргөндө, жерде жаткан жансыз денени коркуу менен карайт, кырсыктын эмне себептен болгонун изилдейт, бирок тагдырды жана акыретти эч ойлонбойт. Кыска убакыттан кийин баарын унутуп койот. Дүйнө иштерине берилип, Аллахты бүтүндөй унутат.

Мындай түшүнүктөгү бир адамга Курандын аяттарынан айтсаң, жүрөгүнө эч кандай таасир бербейт, эч укпагандай болуп күнүмдүк жашоосун улантат. Аллахтын бар экенин айтып берип, Ал жараткан кемчиликсиз жандыктарды көрсөтсөң, аларды да кадыресе нерседей көрөт. Таасирленгендей көрүнсө да, негизи ишенбейт. Бул ал адамдын чындап укпай турганын, көрбөй турганын жана сезбей турганын көрсөтөт. Жүрөгүндө бир таасирленүүнүн пайда болбошу, Аллахка ишенбеши жүрөгүнүн да таштай катуу экенин көрсөтөт. Ошентип алдыбызда көрүп, угуп, сезгендей көрүнгөн, бирок негизи укпаган, көрбөгөн жана сезбеген бир адам турган болот. Ал адам канчалык тирүүдөй көрүнгөнү менен, чындыгында толугу менен өлүү болот. Куранда Аллах жер жүзүндө миллиарддаган өлүүлөрдүн бар экенин билдирген.

Дүйнөдөгү руху бар, б.а. ыймандуу адамдар гана чыныгы тирүүлөр болуп саналат. Айланаңыздагы башка көпчүлүк адамдардын болсо чыныгы мааниде руху болбойт. Рухтары болбогону үчүн көрө алышпайт, уга алышпайт жана сезе алышпайт. Сырттан караганда аларды жашап жатышат деп ойлоп жаңылышасыз, анткени ал адамдар чындыгында өлүү. Куранда кабар берилген бул чындыкты ар бир адам билиши керек жана бул жөнүндө ойлонушу зарыл. Бул чындыкты түшүнгөн адам, эгер руху бар болсо, ошол замат туура жолду тапканга аракет кылат. Аллахтын бар экенин сезет жана Курандын аяттары рухуна таасир берип, ыйманга келет. Адам ыйман кылганда гана тирилет, антпесе «тирүү өлүк» бойдон кала берет. Ыймансыз адамдар болсо өлгөндө жан кирип, алдыларында Аллахтын жана түбөлүк жашоонун турганын көрүшөт. Аллах жашап жаткандай көрүнүп, бирок руху жок адамдарды бизге Куранда төмөнкүчө кабар берген:

Анткени, чындыгында сен өлүүлөргө (сөз) тыңдата албайсың жана артына бурулуп качкан дүлөйлөргө да чакырыкты угуза албайсың. (Немл Сүрөсү, 80)

Тирүүлөр менен өлүүлөр бир эмес. Чындыгында Аллах каалаганына угузат; сен болсо кабырлардагыларга угуза албайсың. (Фатыр Сүрөсү, 22)

Чындыктан баш тартуучулардын мисалы кыйкырып-өкүрүүдөн башка эч нерсе укпастан (уккан же кыйкырган нерсесинин маанисин билбеген жана тынымсыз) айкырган (бир айбан) мисалы сыяктуу. Алар – дүлөй, дудук, сокур; ошондуктан акыл жүгүртүп (чындыкка) жете алышпайт. (Бакара Сүрөсү, 171)

Чындыгында, силерге Раббиңерден көрөгөчтүктөр келди. Ким көрөгөчтүк менен көрсө өз пайдасына, ким сокур болсо (көргүсү келбесе) өз зыянына... (Энъам Сүрөсү, 104)

Жана сага карагандар бар. Бирок сокурларды, анын үстүнө көрөгөчтүгү (парасаты) да болбосо, сен туура жолго салмак белең? (Йунус Сүрөсү, 43)

Бул эки топтун мисалы; сокур жана дүлөй менен көргөн жана уккан (адам) сыяктуу. Мисал катары булар бири-бирине теңби? Дагы эле насаат алып, ойлонбойсуңарбы? (Худ Сүрөсү, 21-24)

Ким мында (бул дүйнөдө) сокур болсо, ал акыретте да сокур жана жол жагынан көбүрөөк адашкан бир бузуку. (Исра Сүрөсү, 72)

Алар Раббилеринин аяттары эске салынганда, дүлөй жана сокур болуп жамынып калышпайт. (Фуркан Сүрөсү, 73)

Акыретке ишенбегендер болсо, Биз аларга кылган иштерин кооздоп койгонбуз, ошондуктан алар «сокур болуп адашып жүрүшөт». (Немл Сүрөсү, 4)

Андай болсо, дүлөйлөргө сен угузасыңбы же сокур жана апачык адашууда жүргөндү туура жолго (хидаятка) сен саласыңбы? (Зухруф Сүрөсү, 40)

«Ыймандуулардын Жана Ыймансыздардын Бейиш Жана Тозокко Киргизилиши»

АДНАН ОКТАР: ... Ыймандуу адам өлүмдөн соң эч бир тынчсыздандыра турган окуяга туш болбойт. Дайыма көңүлү шат болот. Жаны алынып жатканда да өтө сылык, сүйкүмдүү сөздөр менен алынат. Мактоолор менен, сый-урмат менен, сүйүү менен алынат. Топ болуп келишип, жакшы көрүү менен алып кетишет, эч бир жагымсыз нерсе болбойт. Тозоктун жанына алып барылганда да ошондой болот. Тозоктун талаасына бардык адамдар барат, жандарында айдоочулары менен бирге. Ал жерди билишпегени үчүн, «алдыларында бир нур бар, жарык кылуучу» дейт Аллах, «жана оң жактарында да бир нур бар» дейт. Биз чырак сыяктуу бир нерсени элестетебиз, бирок андай эмес. Биз аны акыретте түшүнөбүз, айдоочу дегенде биз машина сыяктуу бир нерсени элестетебиз, бирок андай да эмес, биринчи жолу көрүп, түшүнөбүз. Биз билген нерселер эмес. Талаа дегенде да биз түз бир талааны элестетебиз. Андай да эмес, такыр башка нерсе, ошол жерде түшүнөбүз кандай экенин. Ошондуктан биз азыр болгону ыйман кылабыз. Көргөндө толук түшүнөбүз, анткени алгач ойгонгондо да адамдар түшүнүшпөйт акыретте.

adnan oktar

Туруп, «Бизди жаткан жерибизден ким тургузду?» деп, таң калышат. Бир уйкудан турдук деп ойлошот, түшүнө алышпайт. Анан белгилүү бир жерден бирөө аларды чакырат, алыс жерден. Ошол тарапты көздөй баары барышат. Ал жерге келгенде гана түшүнүшөт. «Дин күнү ушул турбайбы, өлдүк, тирилдик» дешет, б.а. ошол жерде түшүнүшөт. Бирок ошол жерде да бир тобу түшүнбөйт. Эсим ооп, комада жатып, анан ойгондумбу, анан бир талаага таштап салыштыбы деп ойлошот. Бир жакка таштап салыштыбы деп ойлошот, ошондо да байкашпайт. «Атаганат, бул дин күнү, ушул айтылган турбайбы» дешет. Андан соң окуя башталат.

Ыймандууларды Аллах бөлөт, алар өзүнчө, ыймансыздар өзүнчө болот. Тозоктун эшиги дегенде, оюбузга болот эшиктер келет, бирок андай эмес, аны да адамдар ошол жерде көрүшөт. Мисалы, бейиштин эшиги дегенде да биздин оюбузга кооздолгон бир эшик келет. Бир бакчанын эшигиндей элестетебиз, бирок андай эмес, бүт баарын ошол жерде көрөбүз. Анткени, Аллах «Жапжаңы бир табиятта жараттык.» дейт. Бүт физика мыйзамдары өзгөрөт, химия мыйзамдары өзгөрөт, баары башкача болот. Биз ал чен-өлчөмдү, ал жашоо калыбын биринчи жолу көрөбүз. Ошондуктан канчалык ойлонсок да, биз аны биле албайбыз.

Аятта Аллах «Эч бир көз көргөн эмес, эч бир напси таткан эмес.» дейт. Анда биз кайдан билмек элек? Биз аны биле албайбыз, бирок көргөнүбүздө бат эле көнүп кетебиз. Анткени биздин жаныбызда таанытуучулар болот, биздин жол көрсөтүүчүлөрүбүз болот, эгер бул дүйнөдөн ыймандуу болуп өтсөк иншаАллах. Мусулмандык абдан оңой. Ошондуктан мусулман тозоктон ал жагынан эч коркпошу керек. Биз Аллахтан коркобуз, тозоктон коркобуз, бирок биз бейишти үмүт кылабыз. Аллахка корголонобуз. Тозок коркуусу бизге күч-кубат берет, Аллахка болгон сүйүүбүздү күчөтөт, иншаАллах... (Урматтуу Аднан Октардын 2010-жылдын 14-майындагы Kocaeli TV каналы менен болгон маегинен үзүндү)

 

«Ыймандуулардын Бейишке Кабыл Алынган Кездеги Кубанычы»

АДНАН ОКТАР: Ыймандуулар менен каапырлар, экөө тең тозоктун четине, б.а. тозоктун талаасына алынып келинет. Мусулмандардын алдында жана оң тарабында бир нур болот, бул алардын бейишке кирээрин көрсөтөт. Аятта Аллах «Абдан үмүт кылышат» дейт бейишке кирүүнү. Аллах убада кылган. Алдында жана капталында нур бар болсо, бул ыймандуунун белгиси.

Ыймандуулар ал жерден баары чогуу, алдында жана оң тарабында нуру бар ыймандуулардын баары бейишке алып барылат. Ыймансыздар Аллахка баш көтөргөндөр болсо, ошол жерде тизелеген бойдон калышат. Ал жерде бөлүнүү азабын сездирүү жана мусулмандарга болсо кутулуу кубанычын сездирүү үчүн Аллах ушундай бир кооздукту, ушундай жакшылыкты жаратат, мусулмандардын жүрөгүн толкутуу үчүн. Анткени Аллах монотондуулук жаратпайт, тынымсыз кооздуктарды жаратат Аллах, кыймылдуулук, сулуулуктарды жаратат. Ыймандуулар бейиш эшиктеринен кирген соң, бейиштин эшиктери жабылат. Ыймандуулар абдан толкунданып, өтө кубанышат, албетте. Андан соң түбөлүк жашоо башталат жана түбөлүккө бейиштен чыгышпайт. Алхамдулиллах, ал жерде өтө кубануу жана толкундануу менен бул дүйнөдө кылган иштерин бири-бирине айтып беришет... (Аднан Октардын Tempo TV каналы менен болгон маегинен үзүндү, 2009-ж. 13-январь)

АДНАН ОКТАР: Ыймандуулар ал жерге баратканда үстүлөрүндө кооз бир нурдан кийимдери болот, б.а. жылаңач болушпайт, каапырлар менен жолдон адашкандар болсо бүтүндөй жылаңач, чаң басып, кирдеген жана адамдар жийиркене турган, жагымсыз көрүнүштө тирилтилишет. Ыймандуулар жүздөрүндөгү нурдан таанылат.

Аллах аларды алып бара турган руханий бир жандыктын болоорун билдирген. Жанында айдоочулар менен барышат дейт. Бул ыймандуулар үчүн коопсуздук жана бейпилдик болот. Ыймандуу ансыз да эч бир жерде коркуп, тынчсызданбайт. Чогулуу талаасына келгенде, баары тозоктун талаасына алып барылышат, бүт баары. Ыймандуулар да атайын алып барылат, ал жерден чыкканда бейиштин баркын жакшыраак билишсин деп. Түбөлүккө чейин даамын жана баркын билишсин деп. Ошондой эле, Аллах убада кылган тозоктун кандай экенин көрүү да абдан маанилүү. Анткени, тозок айтылып, бирок адамдар аны көрбөй калышат. Ошондуктан Аллах аларга тозокту көрсөтөт, ыймандуулардын баарына көрсөтөт. (Аднан Октардын Tempo TV каналы менен болгон маегинен үзүндү, 2009-ж. 24-февраль)

 

«Аллах Бейиште Ар Түркүн Сулуулуктарды Жаратат.»

АДНАН ОКТАР: Аллах насип кылса, акыретке барганыбызда, бейишке барганыбызда, жөн гана, кооздук болсун деп гана Аллах сурак кылат. Анткени, Аллах бизди бейиште жаратат, ыймандуу болсок бейиштебиз. Каапырлар болсо ансыз да тозокто, бирок Аллах ал жерди кооздогон, алгач бир талаага келебиз, түз талаага, тозоктун талаасына келип, ал жерден сурак жасалат ыймандууларга. Аллах Таала, мисалы, «бул адамдын абалы кандай?» дейт, Пайгамбарыбыз (сав): «Йа Рабби, мен ага күбөмүн, ал абдан жакшы мүнөздүү бир инсан» дейт. «Мен аны көргөнмүн, менин жанымда жашаган» дейт. Аятта, көңүл бурган болсоңор, «күбө жана сүйүнчүлөөчү катары» дейт. Күбө жана сүйүнчүлөөчү. «Мен көрдүм» дейт, «Бул адамга мен түздөн-түз кепилмин, жакшы адам» дейт. Аллах Таала «Мен да билем» деп, бейишине киргизет. Кооздук болсун, толкундануу болсун үчүн.

Ошентип, кубануу жана толкундануу менен бейишке кирет. Мехди (Имам Махди) да ошондой. Мисалы, Мехди айтат. «Йа Рабби, буга күбөмүн, мен муну көрдүм. Бул киши жанымда болчу, бирок бул эки жүздүү жана начар адам эле. Бул уятсыздык кылган болчу. Муну көрдүм, бул болсо Аллахтан корккон жана таза бир инсан эле. Жакшы адам эле, Аллах жолунда кыйынчылыктарга барган адам эле. Бул менин курбум, досум эле» дейт. Аларга бир канча адамга күбө болуу жана алар жөнүндө жакшы сөз айтуу укугун берет Аллах Таала, кооздук болсун деп, бул алардын бейиште жакшы көрүлүшүнө да себепчи болот. Эки жүздүүлөргө болсо анын азабын тартсын деп ушундай кылынат, иншаАллах. (Урматтуу Аднан Октардын Kanal-35 каналы менен болгон маегинен үзүндү, 2009-ж. 7-март)

 

gökyüzü mavi martı bulut kelebek

 

3 / total 9
You can read Harun Yahya's book Дүйнө Жашоосунун Чыныгы Жүзү online, share it on social networks such as Facebook and Twitter, download it to your computer, use it in your homework and theses, and publish, copy or reproduce it on your own web sites or blogs without paying any copyright fee, so long as you acknowledge this site as the reference.
Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top