Дүйнө Жашоосунун Чыныгы Жүзү

КИТЕПТИ ЖҮКТӨ

Download (DOC)
Жоромолдор

КИТЕПТИН БӨЛҮМДӨРҮ

< <
7 / total: 9

Чыныгы Мекен: Акырет

Көп адамдар бул дүйнөдө кемчиликсиз бир жашоого жетүүгө болот деп элестетишет. Белгилүү байлыкка жеткен соң, бул дүйнө жашоосу адамды толук канааттандырып, бактылуу кыла алат деп ойлошот. Кеңири тараган түшүнүк боюнча, адам байлыкка, «бактылуу бир үй-бүлөгө» жана башка адамдардын алдында сый-урматка (статуска) ээ болгондо, жашоосу түгөл болот.

Бирок, Аллах Куранда бизге мындай көз-караш бербейт. Тескерисинче, Куранда кабар берилгендей, бул дүйнө жашоосу эч качан кемчиликсиз жана көйгөйсүз болбойт. Анткени, атайылап ошондой пландалган.

cennet başak buğday

«Дүйнө» деген сөз бул жерде өтө терең маанини билдирет. Бул сөз арап тилиндеги «дений» сыпатынан келип чыккан. «Дений» болсо төмөн, жупуну, барксыз деген маанилерге келет. Демек «дүйнө» сөзү бул сыпаттарды камтыган бир жер деген маанини билдирет.

Китепте көргөнүбүз сыяктуу, бул дүйнө жашоосунун барксыздыгы Куранда көп жолу айтылат. Дүйнө жашоосун кооз көрсөткөн нерселердин баары, б.а. байлык, жумуш орду, жубай, балдар, ийгилик ж.б. Куранда айтылгандай, чындыгында убактылуу жана алдамчы кооздуктар гана:

Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин (аны) эккендердин көңүлүнө жагат, анан (ал) куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу – алдамчы бир кооздук гана. (Хадид Сүрөсү, 20)

Башка аяттарда адамдын бул дүйнө жашоосуна кантип алданып калаары төмөнкүчө баяндалган:

Жок, силер дүйнө жашоосун тандап, жогору койосуңар. Акырет болсо (андан) жакшыраак жана түбөлүктүүрөөк. (Аъла Сүрөсү, 16-17)

Маселе, бул аятта айтылгандай, дүйнө жашоосунун акыреттен жогору коюлушунан башталат. Анткени, адамдар бул дүйнө жашоосун акыреттен жогору коюу аркылуу Аллахтын убадасынан жана натыйжада Аллахтан жүз бурган болушат. Аллах Куранда мындай адамдарды «Бизге жолугууну үмүт кылбагандар (күтпөгөндөр), дүйнө жашоосуна ыраазы болгондор жана аны менен канааттангандар жана Биздин аяттарыбыздан кабарсыз болгондор» (Йунус Сүрөсү, 7) деп сыпаттайт жана алардын тозокко кирээрин кабар берет.

Албетте, бул дүйнө жашоосунун кемчиликтүү болушу «бул дүйнөдө жакшы нерселер жок» деген мааниге келбейт. Тескерисинче, Аллах бул дүйнөнү бейишти эске сала турган көптөгөн сый-жакшылыктар менен кооздогон. Бирок бул кооздуктардын жанына тозокко тиешелүү түрү сууктуктар менен кемчиликтер да кошулган. Бул дүйнөдө сыноонун бир талабы катары бейиш менен тозокко тиешелүү өзгөчөлүктөр чогуу, аралаш жаратылган. Ыймандуулар буларга карап бейишти да, тозокту да элестете алышат жана өздөрүн бул дүйнөнүн кыска, убактылуу жашоосуна алдырбастан, чыныгы, кемчиликсиз жана түбөлүктүү акырет жашоосун максат кылышат. Аллах Өзүнүн пенделери үчүн тандап жактырган жашоо да ошол акырет жашоосу. «Акырет» Куранда адамдардын чыныгы жана түбөлүктүү мекени катары сүрөттөлөт.

Ошондуктан акырет мекенине жетүү үчүн, тагыраак айтканда, бейишке кирүү үчүн болгон аракетин жумшоо зарыл. Аллах ыймандуу кулдарына мындай деп буйруган:

cennet

Раббиңерден болгон кечиримге жана туурасы асмандар менен жердей болгон бейишке (жетүү үчүн) жарышкыла; ал муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн даярдалган. (Али Имран Сүрөсү, 133)

Бейиш Үчүн Жарышкандардын Абалы

Ыймандуулар Куранда түбөлүк сыйлык жана чексиз бактылуулук менен сүйүнчүлөнүшкөн. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир нерсени билүү керек: түбөлүккө созулган, чексиз сулуулуктарды камтыган бул кубанычтуу кабар ыймандуулар бул дүйнөдө жашап жатканда эле башталат. Анткени, момун (ыймандуу адам) акыретте бейиш менен сүйүнчүлөнгөнү сыяктуу, бул дүйнөдө да Аллахтын берешендигинен жана сый-жакшылыктарынан куру кол калтырылган эмес.

Куранда чын ыкластан жакшы иштерди жасаган ыймандуулардын бул дүйнөдө да сонун, бактылуу өмүр сүрөөрү кабар берилген:

Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)

Бир жагынан сыйлык катары, экинчи жагынан болсо берешендигинин бир көрсөткүчү катары чын ыкластуу пенделерине бул дүйнөдө сый-жакшылыктарды бериши – Аллахтын өзгөрүлбөс мыйзамы. Байлык, кооздук жана сулуулук бейиштин эң негизги өзгөчөлүктөрүнөн болгондуктан, Аллах сүйгөн, тандалган пенделерине бейишти эске сала турган жана алардын бейишке жетүү каалоосун күчөтө турган бейиштин үлгүлөрүн бул дүйнөдө да жаратат. Ошондуктан, ыймансыздардын түбөлүктүү азабы бул дүйнөдөн эле башталганы сыяктуу, чын ыкластуу ыймандууларга убада кылынган түбөлүк жакшылыктар да аларга бул дүйнөдө эле көрсөтүлүп баштайт. Аллах ыймандууга, аны сыноо максатында, өмүр бою кыйынчылыктарды жана оору-сыркоолорду да бериши мүмкүн. Бирок Аллахтын ыраазылыгы үчүн буларга сабыр кылган момун ал кыйынчылыктардын баарынан ыймансыз адам түшүнбөй турган, руханий бир ырахат алат.

Ыймандуу адам Жараткан Аллахты таанып-билгени үчүн, Анын буйрук жана тыюуларына моюн сунганы үчүн, Анын адамдар үчүн тандап жактырган дин адеп-ахлагын орундатканы үчүн жана өлүмдөн кийинки жашоосу жөнүндө өтө чоң үмүт-кыялдары болгону үчүн, бул дүйнөдө өмүр бою ар кандай руханий азаптардан жана кайгы-муңдардан алыс болот. Эң негизгиси, Жараткан Аллахтын жардамы жана колдоосу дайыма аны менен бирге болот. Бул – ыймандуулардын ар бир намазында, ар бир сооптуу ишинде, Аллах ыраазылыгы үчүн кылган чоң-кичине ар бир иш-аракетинде Аллахтын аны көрүп тураарын, периштелердин аларды «иш-аракет дептерине» жазып жатканын жана акыретте алардын баарынын акысын алаарын билишинен келип чыккан руханий бир бейпилдик.

Бул – Аллахтын ыймандууларды көрүнбөгөн периштелер менен колдоорун, «алдыларынан жана арттарынан карап тургандардын» бар экенин жана алардын ыймандууларды «Аллахтын буйругу менен карап-коргоп» (Рад Сүрөсү, 11) тураарын, Анын жолунда илимий-пикирдик күрөштө жеңишке жете тургандардын жана бейиш менен сүйүнчүлөнгөндөрдүн ыймандуулар экенин билишинен келип чыккан бир ишенимдүүлүк сезими. Ошондуктан чын ыкластуу ыймандуулар Аллахтын периштелерге билдирген «...ыймандууларга бекемдик кошкула...» (Анфал Сүрөсү, 12) деген вахийинин негизинде коркуп, кайгы-муңга чөгүшпөйт. Ыймандуулар «биздин Раббибиз Аллах» деп анан туптуура жолдо жүргөн» (Фуссилет Сүрөсү, 30) инсандар. Жана «аларга периштелер түшүп: «Коркпогула жана кайгырбагыла, силерге убада кылынган бейиш менен кубангыла» (Фуссилет Сүрөсү, 30) дешет. Ыймандуулар Аллахтын «эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөшүн» (Аьраф Сүрөсү, 42) билишет. Тагдырга жана бүт нерсенин Аллахтын колунда экенине толугу менен ишенишет жана ошондуктан башына келген нерселерге «Бизге Аллах биз үчүн жазгандарынан башка, эч качан эч нерсе келбейт» (Тообо Сүрөсү, 51) деп Аллахка таянышат. Аллахтын ыраазылыгы үчүн жашап, ар дайым «Аллах бизге жетет, Ал кандай сонун Векил (таяныч).» (Али Имран Сүрөсү, 173) дешкени үчүн, аларга эч бир жамандык келбейт. Бирок бул дүйнө сыноо мекени болгондуктан, албетте, ыймандуулар да ар кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Кээде ачарчылык, оору-сыркоо, уйкусуздук, кырсык, материалдык жоготуу сыяктуу ар кандай оор кырдаалдарга кабылышы ыктымал. Кедейлик жана кыйынчылыктар менен да сыналышы мүмкүн. Аятта мындай сыноолор төмөнкүчө кабар берилген:

cennet

Же силерден мурда жашап-өткөндөрдүн абалы башыңарга келбестен бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? Аларга ушундай бир жокчулук, ушундай оор бир кыйынчылык келип, ушунчалык кыйналышкандыктан, аягында элчи айланасындагы ыймандуулар менен бирге «Аллахтын жардамы качан?» деп жатты. Көңүл бургула. Күмөнсүз Аллахтын жардамы өтө жакын. (Бакара Сүрөсү, 214)

Албетте, мындай кыйынчылыктар пайгамбардын жана анын жанындагы ыймандуулардын Аллахка болгон сый-урмат жана коркуу сезимдерин жана бейишке болгон сагынычын ан сайын арттырган. Аллах аяттын аягында жардамынын өтө жакын экенин сүйүнчүлөгөн. Аягында «Аллах такыба (Аллахтан корккон) адамдарды ыйман келтирип жана ыймандарын ишке ашыруу менен жеңишке жетишкендиги үчүн куткарат. Аларга жамандык жетпейт жана алар кайгыга кабылышпайт.» (Зүмер Сүрөсү, 61)

Ыймандуулар кыйынчылыктардын алардын ыйманын сыноо үчүн атайын жаратылганын, Аллахка таянып, жакшы сабыр кылса, акыретте ал үчүн чексиз сыйланаарын, тарбияланып-жетилиши үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөр экенин билгендиктен, эч качан кайгырып, капаланышпайт. Ал тургай, ан сайын шыктанышат. Кыйынчылыктар алардын руханий тең салмактуулугуна, акылмандыгына жана чечкиндүүлүгүнө эч качан терс таасирин тийгизбейт.

Ал эми каапырларда болсо толугу менен тескерисинче болот. Ыймансыздар денеси менен да, руханий жактан да азап тартышат.

Коркуу, кайгыруу, үмүтсүздүк, тынчсыздануу, пессимизм сыяктуу ыймансыздарда көп кездешкен терс сезимдер алардын тозокто тарта турган азабынын руханий бөлүгүнүн бул дүйнөдөгү кичинекей бир башталышы болуп саналат. Аллах жолдон адашкан бул адамдардын «көкүрөгүн асманга көтөрүлүп бара жаткандай тар жана машакаттуу кылат» жана «ыймансыздардын үстүнө ушундай жамандыкты түшүрөт.» (Энъам Сүрөсү, 125)

Ал эми, Аллахтан кечирүү тилеп, тообо кылган чын ыкластуу момундарга болсо бул дүйнөдө да берешендик кылып, жакшылыктарды берээрин аяттарда кабар берген. Худ Сүрөсүнүн 3-аятында мындай деп айтылат:

Жана Раббиңерден кечирүү тилегиле жана Ага тообо кылгыла. Ал силерди белгилүү бир убакытка чейин эң сонун ырыскылар менен пайдаландырсын жана ар бир берешен адамга Өзүнүн берешендигинен берсин. Эгер жүз бурсаңар, чындыгында мен силерге улуу күндүн азабынын келип калуусунан коркомун. (Худ Сүрөсү, 3)

Башка бир аятта болсо ыймандуулардын бул дүйнө жашоосу төмөнкүчө сүрөттөлөт:

cennet

(Аллахтан) Тартынгандарга: «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп айтылганда, «жакшылык» дешти. Бул дүйнөдө жакшы мамилелер кылгандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо жакшыраак. Такыбалуулардын (Аллахтан корккондордун) мекени кандай сонун. (Нахл Сүрөсү, 30)

Акырет мекени бул дүйнөдөн жакшыраак жана жогору. Акырет мекенине салыштырганда, бул дүйнөдөгү кооздуктардын баары толугу менен барксыз болуп калат. Ошондуктан эгер максат коюла турган болсо, ал максат бир гана акырет болушу шарт. Ансыз да, акыретти максат кылган ыймандууларга Аллах бул дүйнөдө да жакшылыктарын көбөйтөт.

Ыймандуулардын Чыныгы Мекени: Бейиш

Аллах Өзүнүн алдына ыймандуу сыпатында келе тургандар үчүн ичинде түбөлүк жашай турган бейишти убада кылган. Аллахтын убадасы болсо сөзсүз ишке аша турган анык убада. Ошондуктан Аллахка анык далилдер менен ишенгендер бул убаданын ишке ашаарынан эч күмөн санашпайт жана ыйманы менен жан берсе, күнөөлөрүнүн кечирилип, бейишке кабыл алынаарын билишет. Бир аятта мындай деп айтылат:

Muhteşem Sümerler Muhteşem Sümerler

Адн бейиштери (аларга болот), Рахман (Аллах аны) Өз кулдарына кайыптан убада кылган. Күмөнсүз, Анын убадасы орундалат. (Мариям Сүрөсү, 61)

Эң аягында күткөн учур келет. Бейиш – бул, ыймандуулар өмүр бою ойлонгон, жетүү үчүн дуба кылган жана ылайыктуу болуу үчүн болгон күчү менен аракет кылган жер, «жашай турган жерлердин эң жакшысы» жана «Аллах Кабатындагы чыныгы барыла турган кооз мекен».

Ыймандуулар үчүн даярдалып, аларга тартуу кылуу үчүн эшиктери ачылган болот. Ыймандуулардын бейишке киришин жана андагы теңдешсиз сулуулукту сүрөттөгөн аяттар төмөнкүдөй:

Алар Адн бейиштерине киришет. Аталарынан, жубайларынан жана урпактарынан «ыкластуу иштерди» кылгандар да (Адн бейиштерине кирет). Периштелер аларга ар бир эшиктен кирип (мындай дешет:) «Сабыр кылганыңар үчүн салам силерге. (Дүйнө) Мекени(нин) аягы кандай сонун.» (Рад Сүрөсү, 23-24)

Бейиштеги Кооздуктар

mimoza mimoza mimoza mimoza
 

Такыба (Аллахтан корккон) адамдарга убада кылынган бейиш; анын астынан дарыялар агат, жемиштери менен көлөкөлөрү түбөлүктүү. Бул коркуп-тартынгандардын (бактылуу) натыйжасы, каапырлардын аягы болсо от.
(Рад Сүрөсү, 35)

Бейиш жөнүндөгү «бейиш бир гана табият кооздуктарынан, жашыл бак-дарактардан жана дарыялардан турат» деген түшүнүк Курандан алынган эмес жана өтө үстүртөн караган бир көз-караштын натыйжасы. Албетте, табият кооздуктары жана жашыл бак-дарактар бейиштеги сулуулуктардын бир бөлүгү. Сарайлардын, көлөкөлүү жайлардын жанында, бакчалардын ичинде жана булактардын жанында жашыл чөптөрдүн өсүп турушу өзүнчө бир кооздук. Бирок буга окшогон сүрөттөөлөрдүн эч бири бейиштеги сулуулуктарды толук сүрөттөп бере албайт.

Бир бөлүгү бул дүйнөдөгүлөргө окшогон, бир бөлүгү болсо эч бир адам көрүп билбеген, «ар кандай «назиктиктерди жана кооздуктарды» камтыган» (Рахман Сүрөсү, 48) бейиштин сый-жакшылыктары менен кооздуктары биз элестеткенден алда канча өзгөчө болот. Биз элестеткенден такыр башкача жана Аллахтын чексиз илими менен даярдардалган көптөгөн кооздуктар менен сюрприздер да бейиште ыймандууларды күтүп турат. Өзгөчө «...Раббилеринин Кабатында эмне кааласа баары алардыкы болот. Улуу пазилет (сый-жакшылык жана жогорулук) мына ушул» (Шура Сүрөсү, 22) деп аятта айтылгандай, бүт табият кооздуктары да кошо, бейиштеги нерселердин баары ыймандуулар каалагандай болот. Башкача айтканда, Куранда кабар берилген кооздуктардан тышкары, адамдын кыялданган нерселеринин бүт баары да, Аллахтын уруксаты жана берешендиги менен, бейиште жаратылат.

Бейиште Ыймандуулардын Жашоо Шарттары

genç kadın yaşlı kadın young old woman

Аллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди жана Адн бейиштеринде сонун үйлөрдү убада кылган. Аллахтан болгон ыраазылык болсо баарынан өйдө. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 72)

Ыймандуулардын бул дүйнөдө жашаган үйлөрү «(Бул нур) Аллах алардын улуулашына жана ысмынын эскерилишине уруксат берген үйлөрдө» (Нур Сүрөсү, 36) деп кабар берилген жайлар болот жана Аллахтын буйругуна ылайык таптаза кармалат. Бейиштеги үйлөр да ушул сыяктуу ыймандуулар Аллахты эстеген жана Ага шүгүр кылган, таптаза жайлар болот.

Ыймандуулар жашаган кооз турак жайлар, үйлөр, сарайлар жогоруда сүрөттөлгөн табият кооздуктарынын ичинде да, өтө заманбап жана кооз архитектуралуу шаарларда да курулган болушу мүмкүн.

Куранда айтылган үйлөр көбүнчө табият кооздуктарынын арасына курулган. Ал аяттардын бири төмөнкүдөй:

Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар болсо; аларга бийик сарайлар бар, алардын үстүндө да бийик сарайлар курулган. Алардын астында суулар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. (Зүмер Сүрөсү, 20)

Бул аятта айтылган бийик жерлерге курулган сарайларда астынан суулар агып турган кооз пейзажга суктануу үчүн чоң терезелүү же төрт тарабы тең айнектерден жасалган салондор болушу мүмкүн. Ошентип ыймандуулар адамдын руху эң көп ырахат ала тургандай даярдалган үйлөрдө, тактылардын үстүндө жазданып жатканда жана эң сонун мөмө-жемиш жана суусундуктар менен сыйланып жатканда, бийик жерден бири-биринен кооз пейзаждарга суктанып, андан да өзүнчө ырахат алышат.

Сарайлардын планы жана төшөлүшү эң сапаттуу буюмдар жана мыкты төп келишкен түстөр менен жасалат. Комфорттуу креслолор, маңдай-тескей коюлган тактылар болот. Аллах тактыларга көптөгөн аяттарда көңүл бурган. «Өтө кылдат баалуу таштардан жасалган» тактылардын үстүндө. Маңдай-тескей жазданышкан болот» (Вакыа Сүрөсү, 15-16), «тыкандык менен тизилген тактылардын үстүндө сүйөнүшкөн...» (Тур Сүрөсү, 20) деп аяттарда айтылгандай, тактылар байлыктын, зоболонун жана күч-кудуреттин символу болуп саналат. Аллах бейишти насип кылган ыймандуулар бейиштеги тактылардын үстүндө жазданып отурушат. Жана дайыма Аллахты эстешет:

mutlu aile

Адн бейиштери (алардыкы); ал жерге киришет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат. Жана ал жерде алардын кийимдери жибек(тен). «Бизден кайгыны кетирип жок кылган Аллахка мактоолор болсун; күмөнсүз Раббибиз чындыгында кечиримдүү, шүгүрлөрдү кабыл кылуучу. Ал бизди Өз берешендигинен (түбөлүк) жашай турган бир мекенге жайгаштырды; бул жерде бизге бир чарчоо келбейт жана бул жерде бизге бир тажоо да келбейт» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 33-35)

Бейиштеги буюмдар «түркүн түркүн чеберчиликтер» менен жасалып, «көз жоосун алган кооздукта» болот. Алар Аллахтын чексиз илиминин жана чексиз чеберчилигинин бир үлгүлөрү. Мисалы, тактылар баалуу таштардан куралып, бийик жерлерге жасалган жана тыкандык менен тизилген. Кийимдер жибек жана атластан. Алтын жана күмүш зер буюмдары аларды кооздоп турат. Аллах Куранда бейиш жөнүндө көптөгөн маалыматтарды берип, бирок алар менен эле чектелбешин да билдирген. Чоң бир ыктымалдык менен, бейиштеги сулуулуктар ар бир ыймандуунун өзүнүн табитине жараша жаратылат (аныгын Аллах билет). Албетте, Аллах бейишке ылайыктуу кылган, кадыр-барктуу момундарга Куранда кабар берген сый-жакшылыктарынан тышкары, дагы канчалаган сюрприздерди даярдап койгон.

Бейиш Адамдар Кыялдангандан Алда Канча Кооз

genç kadın yaşlı kadın young old woman

... Ал жерде көңүлдөр каалаган жана көздөр ырахат алган бүт нерселер бар. Жана силер ал жерде түбөлүк жашайсыңар. (Зухруф Сүрөсү, 71)

Курандагы сүрөттөөлөргө жана салыштырууларга, ошондой эле, Бакара сүрөсүнүн 25-аятында айтылгандай «бейиштеги сый-жакшылыктардын бул дүйнөдөгүлөргө окшош болооруна» таянып, бейиштин кандай жер экенин жалпысынан элестете алабыз. Биз билгендей, Аллах ыймандууларды «аларга сүрөттөп тааныштырган бейишке киргизет» (Мухаммед Сүрөсү, 6). Ошентип бул дүйнөдө да, Аллахтын уруксаты менен, бейиш жөнүндө маалымат ала алабыз. Бирок бул маалыматтар Аллах бизге билдиргендер жана ошонун негизинде биздин кыялдангандарыбыз менен гана чектелет. «Бул маалыматтар бейишти толук сүрөттөйт» деп айта албайбыз. Өзгөчө кээ бир аяттарда көңүл бурулган өтө маанилүү бир жагдай бар, ал аяттарда бейиш «кыялдануу күчүн ойгото тургандай» сүрөттөлгөн. Курандагы «бузулбаган суудан дарыялар, даамы өзгөрбөгөн сүттөн дарыялар, ичкендер үчүн ырахат берүүчү шараптан дарыялар жана таза балдан дарыялар бар» (Мухаммед Сүрөсү, 15) деген мисал бизге бейиштин адамдар кыялдангандан башкача бир жер экенинен кабар берет. Бул аят адамдарга бейиш «сюрприздердин мекени» деген түшүнүк берет.

Башка бир аятта Аллах бейишти «майрам» деп сүрөттөгөн:

Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар; алар үчүн Аллах Кабатында, бир майрам катары, астыларынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган, бейиштер бар. Жакшылык кылгандар үчүн Аллахтын Кабатындагылар жакшыраак. (Али Имран Сүрөсү, 198)

Аллах бул аятта бейишти майрам жана көңүл ачуу мекени деп сүрөттөгөн. Бул майрам мөөнөтү, масштабы жана мазмуну жагынан бул дүйнөдөгү майрамдардан алда канча зобололуу бир майрам болот.

genç kadın yaşlı kadın young old woman

Түбөлүк жашоодо тынымсыз ушул сыяктуу майрамдар менен жана ушуга окшогон эч түгөнбөгөн ар кандай сый-жакшылыктар менен алек болуу бир гана бейишке тиешелүү дагы бир сыпатты алып келет: чарчабастык. Куранда бул жөнүндө бейиштеги ыймандуулардын мындай деп айтаары кабар берилет:

«...бул жерде бизге бир чарчоо келбейт жана бул жерде бизге бир тажоо да келбейт» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 35)

Буга мээнин чарчашы да кириши мүмкүн (аныгын Аллах билет). Бул дүйнөдө адамдар дене жагынан алсыз жаратылганы үчүн бат чарчашат. Чарчаганда көзү тунарып, концентрациясы бузулат, жакшы ойлоно албай калат жана кабыл алуусу да начарлайт. Бирок бейиште мындай болбойт. Ыймандуулар Аллахтын сый-жакшылыктарын толук сезип, алардан ырахат алышы үчүн алардын мээси ар дайым сергек жана тунук болот. Бул дүйнөдөгү кемчиликтердин бири болгон чарчоо сезими бейиште жок кылып коюлганы үчүн, ыймандуулар чексиз сый-жакшылыктардан эч тынымсыз пайдалана алышат. Бир сыйдан экинчисине өтүп, үзгүлтүксүз ырахат алышат.

genç kadın yaşlı kadın young old woman

Чарчоо жана тажоо сезимдери эч болбогон бейиште Аллах ыймандууларга сыйлык берип, «каалаган нерселеринин бүт баарын» жаратат. Ал тургай, «ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы (болот); Кабатыбызда андан да көбү бар» (Каф Сүрөсү, 35) деп Аллах адамдардын эңсеп, кыялдана алганынан да көбүн берээрин, чектүү каалоолорубуздун бейиште эсе эсе көбөйтүлөөрүн билдирген.

Муну да унутпаш керек: «чынчылдык даражасы» болгон бейиштин эң чоң сый-жакшылыктарынын бири – бул, тозоктун азабынан кутулуу (Духан Сүрөсү, 56). Уңулдаган добушу да угулбаган (Анбия Сүрөсү, 102) тозокту көрө алган жана тозоктогу адамдар менен сүйлөшө алган ыймандуулар бейиштеги сый-жакшылыктарга көп көп шүгүр кылышат:

Мындай дешти: «Биз чындыгында мурда үй-бүлөбүз (жакын туугандарыбыз) арасында да санаа болуп-коркчубуз. Эми Аллах бизге берешендик кылды жана «клеткаларга чейин жетүүчү кууруй турган» азаптан сактады. Күмөнсүз, биз мындан мурда Ага дуба (кулчулук) кылчубуз. Чындыгында Ал жакшылыгы көп, өтө боорукер.» (Тур Сүрөсү, 26-28)

Бейиштеги жерлердин кооздугу Куранда төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Кайсы тарапка бурулсаң, бир немат (сый-жакшылык) жана чоң бир мүлк көрөсүң. (Инсан Сүрөсү, 20)

Аяттарда айтылышынча, бейиштин бүт тарабы жана ар бир бурчу, же «сүрөттөлүштүн ар бир кадры» Аллахтын теңдешсиз илиминин урматында сансыз сый-жакшылыктарга бөлөнгөн. Булардын баары бир гана Аллах мээримдүүлүк кылып, кечирген жана бейишине киргизген ыймандууларга арналган... (аныгын Аллах билет). Башка аяттарда бейиш жөнүндө мындай деп айтылат:

Раббилери алардын көкүрөктөрүндө кекенүүдөн (эмне бар болсо баарын) алып салган; бир туугандар катары тактылар үстүндө маңдай-тескей (отурушат). (Хижр Сүрөсү, 47)

Ал жерде түбөлүк жашашат, ал жерден чыккылары келбейт. (Кехф Сүрөсү, 108)

«Бейиштеги Ыймандуулардын Метафизикалык Жашоолору Жана Башка Кооздуктар»

АДНАН ОКТАР: Кооз кийимдерди аялдар абдан жакшы көрүшөт. Хадисте бейиште «бир караганда жети кабар кийимди өз-өзүнчө көрөсүңөр» дейт. Жети башка кийим, бирок ал аял бир кийим кийгендей болот. Бир кийимдей, бирок караганда жети кийим тең көрүнөт. Мисалы, бир көйнөгү өзүнчө көрүнөт, экинчи көйнөгү өзүнчө көрүнөт, ар бирин өз-өзүнчө көрөсүң. Бул бейиштин метафизикалык өзгөчөлүктөрүнүн бири. Адамдын денелери да көп болот, б.а. бир кишиге жүздөгөн, миңдеген дене берилет, бирок баарынын руху бир. Мисалы, азыр менин оң колумда өзүмдүн рухум бар, сол колумда да өзүмдүн рухум бар, бирок экөөсүн тең өз-өзүнчө сезе алам. Бул калемди кармап турам, баарын өз-өзүнчө сезип жатам. Жалгыз рух сезип жатат. Денелер да ушул сыяктуу болот. Оңумда да, солумда да дене болот, бирок баарын жалгыз рух сезет.

Бир аял бир көйнөк кийгенде көңүлү толбойт, ою экинчи көйнөктө калат, «ошону кийсем жакшы болмок!» дейт. Анан аны да кийет, кайра эле көңүлү толбой, «бул көйнөк да сонун» дейт, аны да кийет. Баарын кийе алышы үчүн, руху толук канааттанышы үчүн, Аллах бир канча дене жаратат. «Хүлле» деп айтылат хадистерде, «кабат кабат хүллелер кийет» дейт. «Жубайы караганда, баарын өз-өзүнчө көрөт» дейт. «Мүнөзү сулуу, өзү сулуу» дейт Аллах аятта, аялдардын кулк-мүнөзүнүн сулуулугун биринчи кезекке койгон. Кулк-мүнөздүн сулуулугу абдан маанилүү.

Аятта аялдар жөнүндө «корголгон жумуртка сыяктуу» деп айтылат, б.а. дене сызыктары жумуртка сыяктуу, жумшак, жылмакай жана тегиз. Бирок караңыз, «корголгон жумуртка сыяктуу» деген сөздүн мааниси терең, анткени аял корголгондо сулуу болот. Көп кишиге тиешелүү болсо, рух ошондой жаратылгандыктан, бир заматта өчүп жоголот аял, эч бир мааниси калбайт көп кишиге тиешелүү болсо. Ошондуктан Аллах «бир гана силерге тиешелүү» жана «көздөрүн бир гана жубайларына буруп, ашык болуп караган» деп билдирет. Көздөрүндө ашыктык сезими болот аялдын, күйөөсүн дүйнөнүн эң кемчиликсиз инсаны катары көрүп, эң көп аны жактырат. Башканы сүйө турган күчү болбойт, албетте ыймандууларды жакшы көрөт, бирок жыныстык мааниде бир гана күйөөсүн жактырат. Башка ыймандууларды абдан жакшы көрөт, бүт баарын сүйөт, бирок жаратылышы, табияты жагынан бир гана күйөөсүн жактыра тургандай табиятта болот. Түбөлүккө ушундай болот. Мисалы, күйөөсүн кандай келбетте көргүсү келсе, Аллах ага ошондой келбет берет. Кайсы денеде болушун кааласа. Миңдеген адамдын келбетинде көрүнөт күйөөсү. Аял да ошондой, түркүн түркүн денелерде көрүнөт. Бирок баарында бир рух болот, иншаАллах.

tablo painting genç kadın  kadın young  woman

Бүт нерсени бир эле жолу ойлонуп коюшу жетиштүү болот. Мисалы, биз азыр кыялдансак, каалаган нерсени элестете алабыз, туурабы? Көзүбүздү жумуп, каалаган тамакты элестете алабыз. Жакшы көргөн бир адамыбызды каалаганда элестетип көрө алабыз. Элес катары. Ушул сыяктуу, бейиште биз ойлоноор замат үч өлчөмдүү жана жандуу абалда бир заматта пайда болот. Бул дүйнөдө күңүрт бир элес катары пайда болсо, бейиште Аллах тунук кылып көрсөтөт.

Каалаган тамагың, каалаган нерсең ошол замат пайда болот. Мисалы, «бир киши көчөдө сулуу бир адамды көрөт, аны көрөөр замат өзүнүн денеси да ошондой болуп калат» дейт. Жана ар бир жолкусунда жубайына «бүгүн дагы сулуураак болуп калыпсың» дейт. Эртеси күнү көрүп, «бүгүн андан да сулуусуң» дейт. Күн сайын ушул сөздү айтат. Чындап эле ошондой көрүнөт. «Сага бир нерсе болуптур, дагы сулуураак болуп калыпсың» дейт. Бейиштин системасы ушундай, бирок Аллах бул дүйнөдө мына ошого тарбиялап даярдайт.

Бул таалим-тарбиядан өтпөсө, адам эгоист, өзүмчүл, корс, көрө албас, өтө терс мүнөздүү болуп калышы мүмкүн. Ошол үчүн биз бул таалим-тарбиядан өтөбүз. Бул таалим-тарбиядан өткөн соң, «эй көңүл ток (көңүлү тынчтанган) напси» дейт Аллах, б.а. тең салмактуу болуп калган, «сен Аллахтан ыраазы болуп», «Эй Рабби, Сенден ыраазымын. Берген сый-жакшылыктарыңдан, бүт баарынан, Сенден ыраазымын» дейт, «Аллах да силерден ыраазы болуп», Аллах да айтат: «Мен да сенден ыраазымын, кулчулук милдетиңди аткардың. Таалим-тарбиядан өттүң» дейт, «Чын ыкластуу кулдарымдын арасына кир» дейт, «чын ниеттүү кулдарымдын арасына кир», «Бейишиме кир» дейт Аллах Таала.

Ал жерде, бейиште бүт нерсе акылдуу. Чөйчөктү карайсың, ичине эмне толушун кааласаң, ошол замат толуп калат. Ичесиң, кааласаң бош турат, бирок ичкиң келгенде ошол замат кайрадан толот. Бутактан мөмөнү аласың, алаар замат бутакта кайрадан мөмө пайда болот. Аятта «түгөнбөгөн мөмөлөр» дейт Аллах. Эч түгөнбөйт, жейсиң, өсүп чыгат, кайра үзүп, кайрадан жейсиң. Бүт бутактар мөмөгө толо. Ал тургай, «бутактары ийилген» дейт Аллах аятта. Көрүп ырахат алышыбыз үчүн.

Адам жубайын бейиште абдан катуу сүйөт, салыштырып болбойт. Бир туугандарын да абдан жакшы көрөт, бирок пайгамбарларды эч салыштыргыс даражада катуу сүйөт. Алардын кандай кыйынчылыктардан өткөнүн билебиз, Аллах жолунда күрөшүшкөн, туруктуулугун, бекемдигин көрөбүз. Мисалы, ал жерде Пайгамбарыбыз (сав)ды бүт мусулмандар, бүт үммөт, баары бооруна басат. Ошол үчүн денеси абдан көп болот Пайгамбарыбыз (сав)дын.

Пайгамбарыбыз (сав) бүт тарапта болот, анткени элдин баары аны менен сүйлөшкүсү келет. Бир гана денеси болсо маектеше алышпайт. Ошондуктан бүт чогулуштарда, бүт дасторкондордо болот пайгамбарлар. Көп денелүү болушат, бирок ошого ылайыктуу кулк-мүнөз бул дүйнөдөгү таалим-тарбиядан калыптанат... (Аднан Октардын 2010-жылдын 20-августундагы Kocaeli TV каналындагы маегинен үзүндү)

Бүт Сый-Жакшылыктардын Эң Жогоркусу: Аллахтын Ыраазылыгы

cennet
cennet

Аллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди жана Адн бейиштеринде сонун үйлөрдү убада кылган. Аллахтан болгон ыраазылык болсо баарынан өйдө. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 72)

Бейиштеги сый-жакшылыктар көз жоосун алат. Аллах бейиште адамдын беш сезимине эң жогорку ырахаттарды жана эң сонун даамдарды таттырат.

Бирок бейиштин булардын баарынан алда канча жогору турган эң чоң сый-жакшылыгы – бул, Аллахтын ыраазылыгы. Ыймандуунун Аллахтын ыраазылыгына жете алганы үчүн ичиндеги кубаныч жана бейпилдик сезими. Жана Аллах тартуулаган бүт нерселер үчүн Раббибизге ыраазы болуудан жана Ага дайыма шүгүр кылуудан келип чыккан чыныгы бакыт. Куранда бейиш эли сүрөттөлүп жатканда бул сыпатка төмөнкүчө көңүл бурулган:

... Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту. Улуу кутулуу жана бакыт – мына ушул. (Маида Сүрөсү, 119)

Бейиштеги сый-жакшылыктардын кээ бир үлгүлөрү бул дүйнөдө да бар, бирок Аллахтын ыраазылыгына ылайык болгондо гана чындап баалуу болушат.

Бул жагдай абдан маанилүү жана муну терең ойлонуу керек. Сый-жакшылыктардын чыныгы баалуулугу алардагы даам жана ырахаттардан бир топ жогору турат. Чыныгы баалуулук – бул, аларды Аллахтын жаратышы. Бир сый-жакшылыкты колдонуп, ага шүгүр кылган ыймандуу ал сый-жакшылыктын Аллахтын белеги экендигин, Аллахтын аны сүйөөрүн, коргоп-колдоорун жана ага мээрим төккөнүн сезет жана чыныгы ырахатты мына ушунан алат.

Ошондуктан адамдын жүрөгү бейиш менен гана канааттанат. Адам Аллахка кулчулук (ибадат) кылуу үчүн жаратылган жана ушул себептен бир гана Аллахтын сый-белектеринен ырахат алат. Бул дүйнөдө болсо бейишке окшогон жерлерде, б.а. сый-жакшылыктар Аллахтын ыраазылыгына туура келген жана Ага шүгүр кылынып пайдаланылган жерлерде өзүн бейпил сезет.

Бейиш – Аллахтын сый-белеги, жана ошондуктан абдан баалуу. Бейиш эли «сыйга ылайык көрүлгөн пенделерден» (Анбия Сүрөсү, 26) болгондуктан, түбөлүк бактылуу болушат. Ал жерде, аяттарда айтылгандай, «улуу жана берешен» (Рахман Сүрөсү, 78) Аллахтын атын мактап, даңкташат.

cennet cennet

 

7 / total 9
You can read Harun Yahya's book Дүйнө Жашоосунун Чыныгы Жүзү online, share it on social networks such as Facebook and Twitter, download it to your computer, use it in your homework and theses, and publish, copy or reproduce it on your own web sites or blogs without paying any copyright fee, so long as you acknowledge this site as the reference.
Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top