Дүйнө Жашоосунун Чыныгы Жүзү

КИТЕПТИ ЖҮКТӨ

Download (DOC)
Жоромолдор

КИТЕПТИН БӨЛҮМДӨРҮ

< <
8 / total: 9

Ыймансыздардын Мекени: Тозок

Ыймансыздардын түбөлүк жашай турган мекени – бул, адамдын денеси менен рухуна азап таттыруу үчүн атайын жаратылган тозок.

Анткени, ыймансыздар күнөөкөр жана эң чоң күнөөнү жасашкан. Адамдын аны жаратып, ага жан берген Аллахка баш көтөрүп, шүгүрсүздүк кылышы – бүт ааламдагы эң чоң кылмыш. Ошондуктан тозокто Аллахтын адилеттүүлүгү орундатылат. Адам Аллахка кулчулук кылуу үчүн жаратылган. Жаралуу максатын кабыл албаса, бул катасынын жазасын алат. Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

cehennem

... Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. (Момун Сүрөсү, 60)

Аятта кабар берилгендей, адамдардын бир тобу тозокко кетет жана эч кимдин тозоктон кутулуу кепилдиги жок. Ар бир адам үчүн эң чоң коркунуч – бул тозок, жана эч бир нерсе бир адамдын өзүн, Аллах кааламайынча, түбөлүккө созула турган тозок азабынан сакташынан маанилүүрөөк боло албайт. Бул дүйнөдөгү эч бир жумуштун тозоктон кутулуу үчүн жасала турган иштерден маанилүүрөөк болушу мүмкүн эмес.

Бирок, ошого карабастан, адамдардын көпчүлүгү мас кишилердей жүрө беришет. Маанисиз бир нерсе үчүн канчалаган ай, канчалаган жыл эмгектенишет да, эң чоң коркунучтан, т.а. тозоктон кантип кутулаарын ойлонуп да коюшпайт. От жанында турат, бирок аны байкабай турганчалык сокур болушат. Куранда «дайыма мас» (капилет, бейкапар) абалында жүргөн бул көпчүлүк жөнүндө мындай деп айтылат:

Адамдарды суракка алуу (убактысы) жакындашты, алар болсо капилет болуп, жүз бурушууда. Раббилеринен аларга жаңы бир эскертүү келсе эле, аны сөзсүз оюн кылып угушат. Алардын жүрөктөрү (дүйнөгө) берилип алагды болуп жүрөт... (Анбия Сүрөсү, 1-3)

Кээ бир адамдар бул дүйнөдө берилген өмүрдү анын майда-чүйдөлөрүнө алаксуу менен өткөрүшөт. Кээ бирлери жогору кызматка көтөрүлүүнү, кээ бирлери «бактылуу үй-бүлө» курууну жана көп акча табууну жашоосунун негизги максатына айландырып алышкан. Булар Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалса, адамга бул дүйнөдө да, акыретте да пайда алып келиши мүмкүн, бирок адамдын бирден-бир максатына айланышы туура эмес. Мындай түшүнүктөгү адамдар алдыларында кандай чоң коркунуч турганын билишпейт. Анткени, алар тозокту «адамдардын ойлоп чыгарган нерсеси» деп ойлошот.

Бирок, тозок бул кишилер берилип сүйгөн бул дүйнөдөн да реалдуураак. Бул дүйнө жок болот, тозок болсо түбөлүккө созулат. Жерди, ааламды жана адамзатты теңдеши жок, сансыз тең салмактуулуктар, сансыз өзгөчөлүктөр жана укмуш чеберчилик менен жараткан Аллах, ушул сыяктуу, акыретти жана тозокту да жараткан. Жана бүт мушрик (Аллахка шерик кошкон), мүнафык (эки жүздүү) жана ыймансыздарга тозок азабын убада кылган.

Тозок эң жагымсыз жана биз элестете албай турганчалык азаптуу мекен. Ал азап Аллахтын зоболосуна ылайык жаратылган жана бул дүйнөдөгү эң жан сыздаткан оорулардан эсе эсе күчтүү азаптарды камтыйт.

cehennem

Куран аяттарында айтылгандай, тозоктогу азап ыймансыздар үчүн түбөлүккө созулат. Ал кишилер бул дүйнөдөн каалагандай пайдаланып, анан тозокто белгилүү убакытка чейин эле калабыз деп ойлошот. Куранда болсо тозок түбөлүккө созула турган бир азап мекени деп кабар берилет. Ыймансыздар, аятта кабар берилгендей, «өмүр бою ичинде калышат» (Небе Сүрөсү, 23).

Бүт жандуу-жансыз нерселер менен бирге адамды да жараткан жана ага «угуу, көрүү сезимин жана көңүлдөрдү» (Нахл Сүрөсү, 78) тартуулаган Аллахка карата шүгүрсүздүк кылып жана баш көтөрүп өмүрүн өткөргөн киши, Аллах кааламайынча, түбөлүк азапка татыктуу болот. Өзүн сооротуу үчүн ойлоп тапкан калптарынын эч бир пайдасы болбойт. Бул дүйнөдө жасаган күнөөлөрү, Аллахтын динине болгон кайдыгер мамилеси жана, ал тургай, душмандыгы аны ошондой абалга алып барат. Бул дүйнөдө Аллахка карата текебердик кылып, ыймандууларга душман болгондорго кыямат күнү мындай деп айтылат:

Демек, ичинен түбөлүккө чыкпай турган тозоктун эшиктеринен киргиле. Бой көтөргөндөрдүн жашай турган мекени кандай жаман. (Нахл Сүрөсү, 29)

Тозоктун эң коркунучтуу өзгөчөлүктөрүнүн бири, ал жерде азап эч качан бүтпөйт. Ичине бир кирген соң, артка кайтуунун жолу жок. Ал жердеги жалгыз акыйкат – бул, түбөлүккө созула турган от азабы. Аллахтын каардуу («Каххар) сыпаты эң көп ошол жерде көрүнөт. Буга кабылган адам руханий жактан түбөлүк кыйроого дуушар болот, анткени андан соң эч бир үмүтү калбайт. Куранда тозок элинин чарасыз абалы төмөнкүдөй сүрөттөлгөн:

cehennem

Бузукулар үчүн болсо, мындан ары алардын жашай турган жери от. Ал жерден чыгууну каалаган сайын артка кайтарылышат жана аларга: «өзүңөр жалган деген оттун азабын таткыла» деп айтылат. (Сажда Сүрөсү, 20)

Тозоктогу Азаптуу Шарттар

Ыймансыздар Аллахтын алдында сурак берген соң, китептерин сол тарабынан алышат. Бул көз ирмем түбөлүктүү тозокко айдала турган учур болот. Каапырлар эч жакка кача алышпайт. Миллиарддаган адамдан турган махшар талаасында каапырларга бир жакка жашынып же качып кетүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Эч ким элдин арасына сиңип, унутулуп кала албайт. Тозокко кирчүлөрдүн ар бири ал үчүн дайындалган бир күбө жана бир айдоочу периште менен бирге келет:

Сур да чалынды. Мына ушул эскертүү (ишке ашкан) күн. (Эми) Ар бир напси (жан) жанында бир айдоочу жана бир күбө менен бирге келди. «Ант болсун, сен мындан капилетте (бейкапар) элең; мына Биз сенин үстүңдөгү тосмону ачып-алып салдык. Эми бүгүн көрүү-күчүң так, даана.» Анын жакынындагы (жанынан кетпеген периште) мындай дейт: «Мына бул жанымдагы даяр турган нерсе.» Силер экөөңөр (эй периштелер), ар бир кежир шүгүрсүздү таштагыла тозоктун ичине. Жакшылыкка тоскоолдук кылган, зомбулукчу күмөнгөрдү. Ал Аллах менен бирге башка бир кудай тутунуп алган эле. Эми экөөңөр аны эң оор азаптын ичине таштагыла. (Каф Сүрөсү, 20-26)

Каапырлар мына ушундай коркунучтуу жерге сүйрөп жеткирилишет. Куранда айтылгандай, «бөлүк бөлүк» тозокту көздөй айдалышат. Бирок тозокко жете электе эле, алыстан туруп жүрөктөрү титиреп баштайт. Анткени, тозоктун үрөй учурарлык күрүлдөгөн жана уңулдаган добушу алыс жерге чейин угулуп турат.

cehennem

...кайнап-атырылып жатканда анын коркунучтуу күрүлдөгөн добушун угушат. Ачуусунан улам жарылып, чачырап кетчүдөй болот... (Мүлк Сүрөсү, 7-8)

Аяттарда айтылышы боюнча, ыймансыздар кайра тирилтилген кезде эле баштарына келе тургандарды сезе башташат. Басмырланып, уялгандан улам жер карашат. Баштары шылкыйып, доссуз, жардамчысыз калышат жана текебердиги сынып, чөгүшөт. Уялганынан улам баштарын көтөрө албай, көздөрүнүн кыйыгы менен карашат. Бир аятта мындай деп айтылат:

Аларды кор болуп, баштары шылкыйган абалда, ага (отко) киргизилип жатканда, көздөрүнүн учу менен сездирбестен караганын көрөсүң. Ыймандуулар болсо: «Чындыгында кыйроого (азапка) туш болгондор кыямат күнү өздөрүнүн напсилерин да, жакын туугандарын (же досторун) да кыйроого дуушар кылышты» дешет. Кабарыңар болсун, чындыгында залимдер бүтпөгөн бир азаптын ичинде болушат. (Шура Сүрөсү, 45)

Тозок азап берүү үчүн жаратылган. Ичине канчалаган ыймансыз ташталса да, дагы көбүрөөк сурайт.

Ал күнү тозокко: «Толдуңбу?» дейбиз. Ал болсо: «Дагы барбы?» дейт. (Каф Сүрөсү, 30)

Тозок бир кармаганын түбөлүккө чейин койо бербейт. Аллах Куранда тозокту төмөнкүчө сүрөттөйт:

Аны Мен тозокко сүрүп-ыргытам. Тозок (сакар) эмне, сен билесиңби? Ал калтырбайт жана жөн койбойт. Адамга абдан суусаган. (Мүдессир Сүрөсү, 26-29)

Кулптанган Эшиктердин Артындагы Түбөлүк Жашоо

Ыймансыздар тозокко киргенде, тозоктун эшиктери жабылат жана ал жерде абдан үрөй учурарлык көрүнүштөрдү көрүшөт. Бир саамдан кийин отко ташталаарын жана анын түбөлүккө созулаарын түшүнүшөт. Эшиктердин жабылышы ал жерден чыгуу же качуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун көрсөтөт. Аллах ыймансыздардын абалын төмөнкүчө кабар берген:

Ал эми аяттарыбызга каапыр болгондор болсо – сол тарап ээлери (Асхабы Мешъеме). «Эшиктери кулптанган» бир от ошолорго болот. (Балад Сүрөсү, 19-20)

Баштарына келген азап, Куранда айтылгандай, «улуу азап» (Али Имран Сүрөсү, 176), «оор азап» (Али Имран Сүрөсү, 4) жана «жан сыздаткан азап» (Али Имран Сүрөсү, 21) болот. Адамдын бул дүйнөдө көргөн билгендери тозоктогу азапты толук түшүнүүгө жетиштүү болбойт. Отко же кайнап жаткан сууга бир канча секунда да чыдай албаган адам түбөлүккө созула турган оттун азабын эч качан чындап элестете албайт. Болгондо да, бул дүйнөдөгү күйүктүн оорусун тозоктун азабына салыштырууга болбойт. Аллахтын азабы такыр башкача болот:

Ал күнү эч ким (Аллах) азаптагандай азаптай албайт. Ал байлагандай эч ким байлай албайт. (Фежр Сүрөсү, 25-26)

cehennem

Куранда сүрөттөлгөнү боюнча, тозокто кадимкидей бир жашоо болот. Бирок бүт тарапта адамдарды кыйноолор жана азаптар тосуп алат. Тозоктогу бул жашоо басмырлануу, кор болуу, физикалык жана психологиялык кыйноолорго алынуу сыяктуу көптөгөн кордуктарды камтыйт. Тозоктогу азапты бул дүйнөдөгү эч бир нерсеге, албетте, салыштырууга болбойт.

Тозок эли беш сезими менен тең азап тартат. Көзү үрөй учурарлык жана жийиркеничтүү көрүнүштөрдү көрөт; кулагы коркунучтуу, азап берүүчү үндөрдү, ызы-чууларды, ач айкырыктарды жана сыздаган үндөрдү угат; мурду эң сасык жана эң жийиркеничтүү жыттарга толот; тили эң жийиркеничтүү даамдарды жана жан чыдагыс ачууларды татат; териси менен бүт денеси, бир клеткасы да калбай, толугу менен күйүп, куйкаланат жана талкаланып, жан сыздаткан ооруларга кабылат. Эч өлүп жок болбойт. Куранда айтылгандай, «отко абдан чыдамкай» (Бакара Сүрөсү, 175) болушат. Терилери жаңыланып, азап эч бир үзгүлтүксүз жана эч бир жеңилдиксиз түбөлүккө созулат. Ыймансыздар, б.а. Аллахты тангандар жөнүндө Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

«Киргиле ага. Эми сабыр кылсаңар да, сабыр кылбасаңар да, силер үчүн айырмасы жок. Силер кылган нерселериңер үчүн гана жазаланасыңар.» (Тур Сүрөсү, 16)

Тозокто физикалык кыйноолордон тышкары, оор руханий азаптар да бар. Тозоктогулар басмырланып, кордолуп, шылдыңга калып, бушайман болушат жана чарасыз, үмүтсүз абалын ойлонгон сайын, тарткан азаптары да күчөй берет. Түбөлүктүүлүктү ойлонгон сайын маанайы чөгөт. Азап бир миллион жылдан кийин же бир миллиард жылдан соң же болбосо триллиондогон жылдан соң аяктай турган болгондо да, ал үчүн чоң бир үмүт жана кубаныч болмок. Бирок азаптын эч качан бүтпөй турганын жана тозоктон, Аллах кааламайынча, эч качан чыкпай турганын билгендиги үчүн, ал жердеги үмүтсүздүк сезимин бул дүйнөдөгү эч бир үмүтсүздүк сезимине салыштырууга болбойт.

Курандагы сүрөттөөлөрдө айтылышы боюнча, тозокто ыпылас жыттуу, ызы-чуулуу, караңгы, түтүн каптаган, тар көчөлөр, денени күйгүзгөн ысык аба, эң жийиркеничтүү тамак-аштар жана суусундуктар, оттон жасалган кийимдер жана башка түбөлүккө созула турган сансыз азаптар бар.

Тозоктогу шарттарды элестете алуу үчүн, аны кээ бир жагынан ядролук согуштан кийинки дүйнөнүн абалын чагылдырган тасмалардагы караңгы, ыпылас, жийиркеничтүү жана өтө жагымсыз шарттарга салыштырууга болот. Албетте, андай жерде ошого ылайыктуу бир жашоо да болот. Тозок эли угат, сүйлөйт, талашып-тартышат, качканга аракет кылат, отко куйкаланат, азаптын жеңилдетилишин сурайт, суусайт, курсагы ачат, бушайман болот. Баарын сезип, билип турушат.

Ошондой шартта тозок эли ыпылас жана жийиркеничтүү жерлерде айбандардай жашашат. Заккум дарагынан же таруу тикенинен башка эч бир азык таба алышпайт. Суусундуктардан болсо ириң, кан жана кайнак суудан башка эч нерсе жок. Ал ортодо от аларды бүт тарабынан курчап турат. Күйгөн терилеринин ордуна жаңылары жаратылат. Ошентип оттун азабы эч жеңилдетилбей, үзгүлтүксүз улантылат.

Терилери түшкөн, эттери күйгөн, ички органдары чыккан, бүт денелери күйгөн жана кан, ириң баскан кейпи менен чынжырларга байланып, камчы менен сабалышат. Моюндарына укурук салынып, колдору моюндарына байланган абалда тозоктун тар жерлерине ташталышат. Жазалоочулар тарабынан оттон жасалган төшөктөргө жаткырылышат жана үстүлөрүндөгү жамынчылар да оттон болот. Бул азаптан кутулуу үчүн тынымсыз кыйкырып, жалбарышат, бирок аларга жооп да берилбейт. Жок дегенде, бир күн болсо да азаптын жеңилдетилишин сурашат, бирок кайра эле басмырланып, кордолушат.

Тозокто боло турган бул нерселердин баары анык чындык. Бул дүйнөдөгү жашообуздай, ал тургай, андан да реалдуу.

Аяттарда кабар берилгендей, Аллахка Ал каалагандай эмес, бир учунан гана ибадат кылгандар (Хаж Сүрөсү, 11), «кандай болсо да Аллах кечирет» деп күнөө иштерди жасап, тозокто белгилүү убакыт гана азапталабыз деп үмүттөнгөндөр (Али Имран Сүрөсү, 24), Аллахтан башка нерселерди кудай кылып, акча, бийлик, карьера деген сыяктуу түшүнүктөрдү жашоосунун негизги максатына айландыргандар, Аллахтын динин өз каалоолоруна карап өзгөрткөндөр, Куранды өз кызыкчылыгына ылайык чечмелеп бурмалагандар, ыймандан соң ыймансыздык жолуна адашкандар, кыскасы, бардык каапыр, мушрик (Аллахка шерик кошкондор) жана мүнафыктар (эки жүздүүлөр) тозокко чогулушат. Бул Аллахтын анык убадасы жана сөзсүз аткарылат:

cehennem

Эгер Биз кааласак, ар бир напсиге (жанга) хидаят бермекпиз (туура жолго салмакпыз). Бирок Менин бул убадам аткарылат: «Ант болсун, тозокту жиндерден жана адамдардан турган каапырлардын баары менен толтурам.» (Сажда Сүрөсү, 13)

Бул адамдар ансыз да атайын тозок үчүн жаратылган:

Ант болсун, тозок үчүн жиндерден жана адамдардан көп санда киши жараттык (даярдадык). (Алардын) Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капилет (бейкапар) калгандар. (Аьраф Сүрөсү, 179)

Ошондой азапта жүрүшсө да, түбөлүккө чейин тозок элине боор ооруй турган, аларды оттон куткара турган жана аларга жардам бере ала турган бир дагы киши болбойт. Аллах аларды түбөлүккө карабайт. Унутулуп, ташталып, түртүлүп калуунун азабын да тартышат. «... Бүгүн анын эч бир жакын досу болбойт» (Хакка Сүрөсү, 35). Бир гана түбөлүк жашоосунда аларга сансыз азап жана кыйноолорду бере турган азап периштелерин, б.а. «зебанилерди» гана көрүшөт.

Тозок элине азап берүү милдети тапшырылган бул периштелерде тырмактай дагы боорукердик сезими болбойт. Алар – өтө айоосуз, катуу, күчтүү жана жүрөктү түшүрө турган периштелер. Ааламдардын Рабби Аллахка ыйман кылбагандардан татыктуу өч алуу үчүн жаратылышкан жана өз милдеттерин эч кемчиликсиз аткарышат. Тозоктогулардын суранычын аткарып, азапты азайтышпайт жана ыймансыздарды унутуп же байкабай калышпайт.

Ар бир адамдын алдында бул коркунуч бар. Эгер Жараткан Аллахка шүгүрсүздүк кылып, баш көтөрсө жана ошентип эң чоң күнөөнү жасаса, анда тозок азабы менен жазаланат. Ошондуктан Аллах адамдарды бул күнөөнү кылбагыла деп эскертет:

Эй ыймандуулар, өзүңөрдү жана жакындарыңарды отуну адамдар менен таштардан болгон оттон сактагыла. (Анын) үстүндө өтө катуу, күчтүү периштелер бар. Аллах аларга эмнени буйрук кылса ага каршы чыгышпайт жана буйруктарды аткарышат. (Тахрим Сүрөсү, 6)

Жок; эгер (ал мындай мамилесин) токтотпосо, ант болсун, аны маңдай чачынан кармап (тозокко) айдайбыз; ошол жалганчы, күнөөкөр болгон маңдайынан. Ошондо кеңешин (жакын чөйрөсүн жана жолдошторун) чакырып көрсүн. Биз болсо зебанилерди (азап периштелерин) чакырабыз. (Алак Сүрөсү, 15-18)

cehennem

Майнапсыз Жалбаруулар Жана Үмүтсүздүк

Тозок эли өтө чарасыз абалда калышат. Баштарына келген азап бир жагынан укмуш оор болсо, экинчи жагынан түбөлүктүү. Жалгыз чара катары боздоп, жалбаруу жолун тандашат. Алдынан чыккандардын баарына жалбарышат. Бейиш элин көрүп, алардан бир аз болсо да суу, тамак бергиле деп сурашат. Аллахка жалбарып, боорукердик тилегенге аракет кылышат. Бирок эч бир майнап чыкпайт.

Кээде тозоктун күзөтчү периштелерине жалбарышат. Аларга эң оор кыйноолорду жасаган азап периштелерине да жалбарып, биздин атыбыздан Аллахка ортомчу болуп бергиле деп суранышат. Баштарына келген азап ушунчалык оор болгондуктан, анын бир күн болсо да жеңилдетилиши үчүн жалбарышат. Бирок жооп ала алышпайт:

Оттун ичиндегилер тозоктун күзөтчүлөрүнө мындай дешти: «Раббиңерге дуба кылгыла; азаптан бир күн (болсо да) бизге жеңилдетсин.» (Күзөтчүлөр:) «Силерге өз Пайгамбарларыңар анык далилдер менен келчү эмес беле?» дешти. Алар: «Ооба» дешти. (Күзөтчүлөр:) «Андай болсо силер дуба кылгыла» деп айтышты. Чындыгында болсо, каапырлардын дубасы туюкта калуу гана. (Момун Сүрөсү, 49-50)

Ошондой эле, Аллахтан боорукердик тилегенге да аракет кылышат. Бирок андан да майнап чыкпайт:

«Раббибиз, бактысыздыгыбыз бизди жеңип кетти, биз адашкан бир коом экенбиз.» дешти. «Раббибиз, бизди (оттун) ичинен чыгар, эгер кайра (каапырчылыкка) кайтсак, ошондо чындап залим адамдар болобуз.» (Аллах) Айтат: «Анын ичине сиңгиле жана Мени менен сүйлөшпөгүлө.» «Себеби чындыгында Менин кулдарымдан бир топ: «Раббибиз, ыйман келтирдик, Сен эми бизди кечир жана бизге мээримдүүлүк кыл, Сен мээримдүүлөрдүн эң жакшысысың дешчү, силер болсо аларды шылдыңдадыңар; ошентип (шылдыңыңар) Менин зикиримди (Мени эстөөнү) унуттурду жана силер аларга көп күлчүсүңөр.» «Бүгүн Мен чындыгында аларга сабыр кылганы үчүн сыйлыгын бердим. Күмөнсүз, алар «кутулууга жана бакытка» жеткендер.» (Мүминун Сүрөсү, 106-111)

Аяттан түшүнгөнүбүз боюнча, бул Аллахтын тозок элине болгон акыркы кайрылуусу (аныгын Аллах билет). Анткени, Аллах аларга «Анын ичине сиңгиле жана Мени менен сүйлөшпөгүлө» деген соң, мунун тескериси болбойт. Бул көрүнүштү ойлоп коюу да адамга канчалык чоң азап берет.

Тозок эли сыздап-боздоп азап тартып жатканда, «кутулууга жана бакытка жеткендер», б.а. ыймандуулар болсо бейиштин сый-жакшылыктарын татып жаткан болушат. Жана тозок элинин руханий азаптарынын бири бейиш эли менен болгон маектешүүдөн келип чыгат. Ыймансыздар тозоктун коркунучтуу азаптарынын ичинде кыйналып жатып, бир тараптан бейишти жана ал жердеги сый-жакшылыктарды жана кооздуктарды көрүшөт. Бул дүйнөдө шылдың кылган ыймандуулардын кооз жерлерде, кооз үйлөрдө укмуш сонун тамак жана суусундуктарды татып, абдан бейпил жашап жатышканын көрүшөт. Алар азапталып жана басмырланып жатса, ыймандуулардын болсо укмуш сонун сый-жакшылыктар менен сыйланып, макталып, бакубат жашап жатышканын байкашат. Бул аларды ан сайын азапка салат жана абдан катуу бушайман болушат. Бул дүйнөдө ыйман кылбай, ыймандуулардын тескерисинче Аллахтын өкүмдөрүнө моюн сунбай коюшканы үчүн, укмуш бушаймандык сезимине чөмүлүшөт. Ошондой маанайлары менен бейиштеги ыймандуулар менен сүйлөшүүгө жана, ал тургай, алардан жардам суроого аракет кылышат. Жалынып жалбарышат, бирок андан да майнап чыкпайт. Ал ортодо бейиштегилер да ыймансыздардын абалын көрүшөт жана бул алардын Аллахка көбүрөөк шүгүр кылышына себеп болот. Куранда бейиш менен тозок элинин ортосундагы сүйлөшүүлөр төмөнкүдөй кабар берилген:

cehennem

Алар (ыймандуулар) бейиште; бири-биринен сурашат. Кылмышкер-күнөөкөрлөрдөн; «Силерди бул тозокко түртүп-айдаган эмне?» Алар: «Биз намаз кылчу эмеспиз» дешти. «Жакырды тойгузчу эмеспиз. (Жалган ишенимдерге жана каалоолорго) Чумкуп кеткендер менен биз да чумкуп кетчүбүз. Дин (сурак жана жаза) күнүн жалган дечүбүз. Аягында йакин (анык бир чындык болгон өлүм) бизге келип жетти.» Эми шапаат кылуучулардын шапааты (колдоосу) аларга эч бир пайда бербейт. (Мүдессир Сүрөсү, 40-48)

Түбөлүк Азаптан Кутулуу Үчүн Бир Эскертүү

Бул бөлүмдө бүт нерселер сыяктуу, адамды да белгилүү бир максат менен жараткан улуу кудуреттүү Аллахтын бар экендигине ишенген жана Ага ишенбеген адамдардын акыреттеги абалдарын кыскача сүрөттөдүк. Бирок бул жерде айткандарыбыздын адамдардын төрөлгөндөн бери уккан бейиш жана тозок сүрөттөөлөрүнөн башка бир максатты көздөөрүн унутпаш керек. Максатыбыз – кээ бир адамдарга бул дүйнөдө ыймансыз жашаганы үчүн тарткан азаптарынын акыретте да аларды койо бербей тургандыгын эскертүү.

Албетте, бул дүйнөдө ар бир адам каалагандай жашап, каалаган жолун тандоодо эркин. Эч ким эч кимди бир нерсеге мажбурлай албайт. Бирок Аллахтын бар экендигине жана чексиз адилеттүүлүгүнө ыйман кылган адамдар катары баарыбыз ыймансыздарды жана кайда баратканын билбеген адамдарды эскертип коркутууга милдеттүүбүз. Анткени, Аллах мындай адамдардын абалын аяттарда төмөнкүчө кабар берген:

Үйүнүн пайдубалын (негизин) Аллах коркуусунун жана ыраазылыгынын үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн пайдубалын кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт (туура жолго салбайт). (Тообо Сүрөсү, 109)

Бул дүйнөдө Аллахтын аяттарынан жүз бурган жана Жараткан Раббибизди аңкоолук менен жокко чыгарган адамдар акыреттеги азаптан эч кутула алышпайт. Ошондуктан ар бир адам чындыктарды байкаганда, эч убакыт жоготпостон, бара жаткан туура эмес жолунан кайтып, өзүн Аллахка тапшырышы зарыл. Антпесе, төмөнкү аяттарда айтылган бушаймандыкка сөзсүз түрдө жолугат:

Ал ыймансыздар мусулман болууну канчалаган жолу тилешет. Аларды жөн кой, жеп, пайдаланып калышсын жана аларды (бош) иштер алаксытып турсун. Келечекте түшүнүшөт. (Хижр Сүрөсү, 2-3)

Түбөлүк азаптан жана мындай бушаймандыктан кутулуунун жана Аллахтын ыраазылыгы менен бейишине жетүүнүн жолу болсо белгилүү:

Кеч боло электе Аллахка чын көңүлдөн ыйман кылуу,

Жана бүт өмүрүн Раббибиз ыраазы боло турган иш-аракеттер менен өткөрүү...

 

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

 

8 / total 9
You can read Harun Yahya's book Дүйнө Жашоосунун Чыныгы Жүзү online, share it on social networks such as Facebook and Twitter, download it to your computer, use it in your homework and theses, and publish, copy or reproduce it on your own web sites or blogs without paying any copyright fee, so long as you acknowledge this site as the reference.
Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top