< <
1 / total: 8

Кириш Сөз

Айланаңызды көз чаптырып карасаңыз, кереметтүү дүйнөдө жашап жатканыңызды жана бул дүйнөнүн сизге керектүү нерселер менен жабдылганын көрөсүз. Сиз жеген нан, сыр, бал, эт, жашылча-жемиш жана мөмө-чөмөлөр, өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан жасалган бири-биринен даамдуу тамактар; сиз ичкен суу, сүт, ширелер; дем алган абаңыз; сиз колдонгон дарак жана пластиктен жасалган эмеректер жана буюмдар; сиз кийген кийимдер; жылытуу, жарык берүү, транспорт жана ар түрдүү энергия муктаждыктарыңызды канааттандырган мунайзат, көмүр жана табигый газ сыяктуу күйүүчү заттар; айланаңыздагы мышыктар, иттер, гүлдөр жана дарактар; ооруганда ичкен дарыларыңыз; телевиздордо көрсөтүлгөн бири-бирине такыр окшобогон, кооз түстүү, кемчиликсиз системалары бар жаныбар жана өсүмдүктөр; искусство чыгармалары болгон көпөлөктөр, канаттуулар, балыктар; гезиттерде сүрөттөрү чагылдырылган адам буту баспаган ар кайсы токой жана аймактарда жашаган курт-кумурска, чымын-чиркейлер; эң жогорку технологиялуу микроскоптор аркылуу сүрөткө тартылып алынган бактериялар; жыты жагымдуу жана көрүнүшү кооз розалар, сиреньдер, орхидеялар, лавандалар, фиалкалар; сиз окуп жаткан бул китептин барактары...

türlerin kökeni

Бир караганда булардын ортосунда эч бир байланыш жоктой көрүнүшү мүмкүн. Эми жакшылап көңүл коюп дагы бир жолу карап көрүңүз. Байкаган чыгаарсыз; булар организмдер дүйнөсүнүн укмуш көп түрдүүлүгүнүн бир натыйжасы. Жер жүзүндө жашаган миллиондогон организм түрлөрү, жаныбарлар, өсүмдүктөр жана көпчүлүгү микроорганизм болуп саналган, калган үч организмдер ааламы (козу карындар, протисталар, монералар) баары чогулуп, адамзаттын ар кандай муктаждыктарын камсыздай турган идеалдуу бир чөйрөнү пайда кылышат.

Жер бетинде куралсыз көзгө көрүнбөгөн бактериялардан чоң дарактарга, кичинекей курт-кумурскалардан ири көлөмдөгү жаныбарларга чейин миллиондогон түрдүү организмдер жашайт. Бүгүнкү күнгө чейин 2 миллионго жакын организм түрү аныкталган, бирок дагы көптөгөн түрлөр бар деп болжолдонууда. Жер жүзүндө жашоо болбогон дээрлик эч бир жер жок. Кайсы жакка барбаңыз, океандардын миңдеген метр тереңдигинен бийик тоолордун чокуларына, өтө ысык чөлдөрдөн муз тоңгон уюлдарга чейин бүт тарапта ар түркүн жандыктарды жолуктурасыз. Жер жүзүндө ар кандай чөйрөлөр бар: океандар, деңиздер, көлдөр, дарыялар, маржан рифтери, саздар, токойлор, жайыттар, чөлдөр, кургактыктар... Кандай гана шарттар болбосун, бүт жерде ар кандай организм түрлөрү жашайт.

Жер бетинде укмуш көп организм түрү бар экенин ар бир адам билет. Бирок көп адамдар бул таң калаарлык абалга эч көңүл бурбай, мунун канчалык маанилүү экенин жана кантип пайда болгонун эч ойлонбогон чыгаар. Же буларды ойлонууга убакыт бөлүү керек экенин ойлонбогон болушу мүмкүн. Эми бир саамга бул көнүмүш көз-карашты унутуп, ой жүгүртүп көрүңүз. Бүгүнкү күнгө чейин сиз көргөн же сиз билген жандыктардын бирөөсү да жашабаган бир дүйнөнү элестетүүгө аракет кылыңыз.

Алгач кургактыктагы жана океандардагы өсүмдүктөр, дарактар жана токойлор болбогон бир планетаны элестетиңиз. Мындан бат эле төмөнкүдөй жыйынтыкка барасыз: күн сайын фотосинтез жасаган өсүмдүктөр болбогондо, жашоого керектүү кычкылтек бөлүп чыгарылмак эмес жана натыйжада жер бетинде кээ бир бактериялардан тышкары эч бир организм жашай алмак эмес.

Илимпоздор менен адистерден тышкары, эч ким аттарын да билбеген, түрлөрүнүн саны 300 миңден 1 миллионго чейин жетет деп болжолдонгон бактериялар болбосо, бул дүйнө кандай болот эле, ойлонуп көрдүңүзбү? Биз көрө алган дүйнөдөн башка бир ааламдын мүчөлөрү болгон бактериялар жөнүндө өтө аз маалымат билгенибиз менен, бир анык чындык бар: аларсыз жашоо жок. Анткени бул дүйнөдөгү кычкылтектин маанилүү бөлүгүнүн иштелип чыгышы, жер бетиндеги элементтердин айланышы, дүйнөнүн тазаланышы, өлгөн организмдердин майдаланып кайрадан пайдалуу абалга алып келиниши жана дагы көптөгөн механизмдер дал ушул микроскопиялык организмдер тарабынан ишке ашырылат (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Микро дүйнөдөгү кереметтер).

Омурткалуулар, моллюскалар, муунак буттуулар, рак сыяктуулар жана дагы ондогон өсүмдүк жана жаныбар топтору; булардын баары океандардагы, токойлордогу жана кургактыктагы экологиялык тең салмактуулуктарда абдан маанилүү роль ойношот. Булардын бирөөсү болбосо, өлгөн организмдердин кайрадан иштетилишинде жана азык заттардын кайрадан пайда болушунда үзгүлтүктөр келип чыгып, топурактын түшүмдүүлүгү азайат жана азык чынжыры бузулуп, жашоо аймактары жок болот жана аягында бүт жаныбарлар, өсүмдүктөр, адамдар жер бетинен жок болушат.

meyveler

Мындай мисалдар көп. Бирок бүт баарынан бир эле жыйынтык чыгат: адамзат башка организмдер болбосо жашай албайт. Башкача айтканда, өсүмдүктөр, жаныбарлар, козу карындар, бактериялар, кыскасы, миллиондогон организм түрлөрү адамзатка кызмат кылууда. Бул жерде төмөнкүдөй суроолор туулат:

Жер бетиндеги сансыз организм түрлөрү кантип пайда болушкан?

Теңдешсиз кооздугу менен рухубузга ырахат тартуулаган жана бүт муктаждыктарыбызды канааттандырган жандыктар кантип пайда болгон?

Миллиондогон организм түрлөрү кантип өзүнүн жашоо чөйрөсү менен да, башка организмдер менен да кемчиликсиз гармонияда жашашат?

Жалпы саны жүз миллионго жакын деп болжолдонгон түрлөрдүн ар бириндеги кемчиликсиз өзгөчөлүктөр ким тарабынан аныкталган?

Эволюционисттер бул суроолорду, б.а. жашоонун келип чыгышын жана организм түрлөрүн эволюция теориясы аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылышат. Жашоону узун убакыт аралыгында кокустуктар аркылуу жансыз заттардан, ал эми организм түрлөрүн болсо табигый процесстердин жана туш келди факторлордун натыйжасында пайда болгон бир клеткалуу организмдерден келип чыккан дешет. Чарльз Дарвин дарвинизм теориясын чыгарган күндөн баштап көптөгөн эволюционисттер бул көз-караштарды жактап, ага ар кандай «далилдерди» ойлоп чыгарышкан. Бирок бардык илимий ачылыштар эволюция теориясын четке кагып келүүдө (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Дарвин ДНКны билгенде, Белок керемети, Кан жана жүрөктөгү керемет, Дарвиндин туюгу: рух ж.б.).

Дарвинизм акылга жана илимге сыярлык бир жооп таба албаган, толугу менен туюкта калган сансыз жагдайлар бар. Эволюция теориясы үчүн эң чоң көйгөйлөрдүн бири – бул, организмдердин укмуш көп түрдүүлүгү, т.а. жер жүзүндөгү түрлөрдүн келип чыгышы. Түрлөрдүн арасында генетикалык жактан өтүүгө болбой турган тосмолордун аныкталышы, казып алынган калдыктардын (фоссилдердин) түрлөрдүн бир заматта пайда болгонун көрсөтүшү, организмдердин инженерия керемети болгон орган жана системалары жана өнүккөн технология аркылуу аныкталган кереметтүү өзгөчөлүктөрү эволюция көз-караштарын жер менен жексен кылды. Көптөгөн эволюционисттер болсо каталарын кабыл алуунун ордуна, жомоктор жана ойдон чыгарылган сценарийлер аркылуу абалдан чыгууга аракет кылышууда. Бирок Чарльз Дарвин «сырдуулардын сырдуусу» деп атаган1 жана жооп табууга аракет кылган «түрдөшүү» (б.а. түрлөрдүн пайда болушу) эволюционисттер үчүн дагы эле жоопсуз бойдон калууда. Болгондо да, арадан 150 жыл өткөнүнө жана канчалаган аракеттерге карабастан...

Негизи чын ниеттен, таза акылы менен караган ар бир адам кереметтүү бир дүйнөдө жашап жатканын, адамзатка эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берген бактериялардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн кокусунан пайда болбой турганын ошол замат түшүнөт. Чындыгында жер бетиндеги ар бир организм түрү бир Жаратуучунун чыгармасы. Алардагы белоктор, клеткалардан куралган органдар жана системалардын баары кереметтүү жаратууну көз алдыга тартуулайт. Ар бир организм түрү чексиз кудуреттүү, илимдүү, чебер жана акылман бир Жаратуучунун бар экендигине ишарат кылат. Ал Жаратуучу – ааламдардын Рабби Аллах.

atlar

Бүт организмдердин Аллах тарабынан жаратылып, адамзаттын кызматына сунулганы Куранда кабар берилген. Нахл сүрөсүнүн аяттарында бул акыйкат төмөнкүчө баяндалат:

Ас мандарды жана жерди акыйкат менен жаратты: Ал (Ага) шерик кошкон нерселеринен Улуу. Ал инсанды бир тамчы суудан жаратты эле, капысынан анык душман болуп чыга келди. Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар. Силер алардын этинен да жейсиңер.(Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар. (Айбандар) силердин жүгүңөрдү зор машакат менен гана жете ала турган шаарларга ташып берет. Чындыгында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү. Ал силер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук (катары) аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Жана силер билбеген нерселерди да жаратат. Жолду түздөө Аллахтын колунда, кээ бир (жолдор) болсо ийри. Эгер Ал каалаганда, силердин баарыңарды, албетте, туура жолго салмак (хидаят бермек). Ал силерге асмандан суу түшүрөт. Ичер сууңар да ошондон, дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар. (Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Эч күмөнсүз, буларда ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Дагы (Аллах) силерге айды, күндү жана түн менен күндүздү моюн сундуруп койду. Анын буйругу менен жылдыздар да силерге моюн сундурулган. Албетте, мында акылын иштеткен адамдар үчүн далилдер бар. Ал силер үчүн жер бетинде ар түркүн (пайдалуу) нерселерди жаратты. Албетте, бул нерседе эстеген адамдар үчүн далил бар. Силер андан (балыктардын) бузулбаган эт(ин) жешиңер үчүн Аллах силерге деңизди моюн сундурду. Анын (түбүнөн) өзүңөр тагынчу кооз жасалгаларды чыгарасыңар. Сен анда (толкундарды) жарып сүзгөн кемени көрөсүң. (Аллах) Анын берешендигин үмүт кылып, (сый-жакшылыктарына) шүгүр кылышыңар үчүн (ушулардын баарын жаратты). Ал силерди силкинтпесин деп жер бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду. Жана (силердин пайдаңар үчүн) дарыяларды, жолдорду (да жаратты). Туура жолду табаарсыңар деген үмүттө. Жана (башка) ишараттар да (жаратты); алар жылдыз(дар) менен да туура жолду таба алышат. Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санагыңар келсе, аны топторго бөлүп да санай албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, боорукер. (Нахл Сүрөсү, 3-18)

Организмдердин түрлөрү деген өтө терең теманы, албетте, бир китепке батыра албайбыз. Бул китепте жандуулардын көп түрдүүлүгүн жана алардын бизге берген мүмкүнчүлүктөрүн жалпысынан карап чыгып, Аллахтын бизге тартуулаган «топторго бөлүп да санап бүткүс» сый-жакшылыктарынын бир бөлүгүн эске салабыз. Ошондой эле, Куранда

«Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар.» (Жасия Сүрөсү, 4)

деп айтылган жандыктардагы аяттардын (Аллахтын бар экенин жана сыпаттарын көрсөтүп, кабар берген далил-белгилердин) кээ бирлерине токтолобуз.

Колуңуздагы китептин дагы бир максаты болсо – бул, жашоонун жана түрлөрдүн көп түрдүүлүгү жөнүндөгү эволюционисттик көз-караштардын канчалык акыл жана илимден алыс экенин көрсөтүү жана дарвинизмдин «түрдөшүү» жана «макроэволюция» сыяктуу түшүнүктөрүнүн жараксыздыгын далилдөө. Мындан тышкары, эволюционисттер тарабынан ар дайым «негизги далил» катары көрсөтүлгөн Галапагос чымчыктары жана өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр жөнүндөгү аңгемелерге атайын бирден бөлүм арналып, булардын теорияга эч кандай далил боло албашы илимий маалыматтар аркылуу баяндалып берилди.

 

Булактар

1 C. Darwin, The Voyage of the Beagle, Penguin Books, New York, 1988, s. 326.
1 / total 8
You can read Harun Yahya's book Түрлөрдүн Эволюциясы Көз-Карашынын Жаңылыштыгы online, share it on social networks such as Facebook and Twitter, download it to your computer, use it in your homework and theses, and publish, copy or reproduce it on your own web sites or blogs without paying any copyright fee, so long as you acknowledge this site as the reference.
Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top