KY.HARUNYAHYA.COMhttp://ky.harunyahya.comky.harunyahya.com - Макалалар - Акыркы кошулгандарkyCopyright (C) 1994 ky.harunyahya.com 1KY.HARUNYAHYA.COMhttp://ky.harunyahya.comhttp://harunyahya.com/assets/images/hy_muhur.png11666Ак ниеттүү адамдар Википедия сыяктуу калыстык кылбаган сайттардагы жалааларга эмес, чындыктарга маани беришетДүйнөгө жакшылап көз салган жана окуяларды акыл жүгүртүп анализ кылган ар бир адам бүгүнкү күндө дүйнөдө жакшылар менен жамандардын ортосунда тарыхый бир пикирдик күрөш жүрүп жаткандыгын көрөт. Бир тарапта Аллахты сүйүүнү, Аллахтан коркууну, жакшылыкты, бир туугандыкты, тынчтыкты жана достукту жактагандар турса, экинчи тарапта адеп-ахлактык бузулууну, кагылышууларды, согуштарды күчөткөн жана адамдардын колунан бүт бактысын алгандар турат.  Бирок учурда бир ачуу чындык бар: үй-бүлө жана адеп-ахлак түшүнүгүн жок кылууну каалаган, душмандыкты жана кагылышууларды самаган адамдар бири-бирин колдоп, ынтымактуу болсо, Аллах буйрук кылган эң мыкты адеп-ахлактын бүт дүйнөгө жайылышын каалагандар көбүнчө өз-өзүнчө болушууда. Жакшылар бөлүк бөлүк, жамандар болсо мыкты уюшкан. Гезит, журнал, телевизор жана интернет сыяктуу маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу жакшыларга каршы жүргүзүлгөн пропагандалар көбүнчө жакшылардын биригишине тоскоолдук кылган эң негизги себеп болууда.

Бирок, бири-бирин кылган иштерине, ал иштердин пайдалуу натыйжаларына карабастан же бири-биринен түздөн-түз маалымат албастан, уккандарынан эле жыйынтык чыгаруу ыймандууларга жарашпайт. Үч динде тең ыймандуулардын жалган жалааларга туш болоору, акылга сыйбас айыптоолорго кабылаары, андай жалаалардан улам кээде соттолоору ыйык китептерде кабар берилген. Үч диндин өкүмү боюнча тең, ыймандуулар башка бир ыймандуу жөнүндө уккан маалыматын изилдеп карап көрбөстөн, окуянын маңызы жөнүндө маалымат албастан, жыйынтык чыгара алышпайт. Анткени, Аллах жолунда кызмат кылган ар бир ыймандуунун ал кызматын токтоттуруу максатында ар кандай кысымчылыктарга, жалган жалааларга, коркутууларга кабылышы мүмкүн экендигин билишет. Жана мындай жалаалардын эң негизги максаттарынын бири адамдарды ыймандуулардан алыстатуу аркылуу дин адеп-ахлагынын жайылышына бөгөт коюу болуп саналат.

Маалымат же интернет доору деп сыпатталган бул кылымда ыймандууларга каршы эң көп колдонулган каражаттардын бири, албетте, веб сайттар болууда. Өзгөчө, Википедия сыяктуу, зыяратчыларынын мүчө болуп, акы төлөбөстөн киргизген ар кандай маалыматтарынан турган сайттар көптөгөн адамдарга эч кыйынчылыксыз маалымат жеткире алууда. Википедия өзүн «эркин энциклопедия» деп атаганы менен, сайттын көптөгөн иш-аракеттери мунун чындыкка дал келбестигин көрсөтүүдө.

Википедияда белгилүү бир түшүнүктү, белгилүү бир дүйнө көз-карашын чагылдырган бир тараптуу маалымат берүү жана кандайдыр бир мааниде цензура системасы өкүмчүлүк кылууда. Википедия сайты менен байланыштуу көптөгөн окуялар муну ачык айгинелеп турат.

Википедиянын эркин эместигин көрсөткөн сансыз окуялардан эки мисал

Алардын биринчиси, Германиядагы Штутгарт Табият тарыхы музейинин жетекчиси, белгилүү палеонтолог, доктор Гюнтер Бехлинин атына ачылган Википедия баракчасы менен байланыштуу. Д-р Гюнтер Бехли Дарвиндин төрөлүшүнүн 150-жылын белгилөө учурунда музейде бир көргөзмө уюштурган. Бехли көргөзмөдө бир таразанын бир жагына жаратылууну (креационизмди) жактаган бир канча китепти, экинчи жагына болсо Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебин коюп, өз оюнда Дарвиндин китебинин «салмактуураак» экендигин көрсөткөн. Көргөзмө кызыгуу жаратып, бир маалымат жыйыны өткөрүлө турган болгондо, Бехли журналисттердин суроолоруна жооп берүү үчүн жаратылууну жактаган илимий китептерди окуп баштаган. Окуп, изилдеп чыккан соң Бехли негизи дарвинизмдин жактай турган эч нерсеси жок экендигин түшүнүп, жаратылууга (б.а. бүт организмдердин жаратылгандыгына) ишенгендигин жана эволюция теориясынын туура эместигин айткан. Жаратылууну жактаган көптөгөн илимпоздордун жумушунан ажырашы сыяктуу, Бехли дагы бул сөзүнөн көп өтпөстөн, музейдеги кызматынан алынган.

Дарвинизмди жактаган кезде д-р Бехли жөнүндө кеңири маалымат жарыялаган Википедия сайты д-р Бехли эволюцияны четке каккан соң, сайттагы доктордун атына ачылган баракчаны өчүрүп салган.[i]

Экинчи окуя болсо, Бейлор университетинде эмгектенген, профессор Уолтер Брэдлинин атына ачылган Википедия баракчасына байланыштуу. Көптөгөн изилдөөлөрдүн, илимий эмгектердин ээси, билим берүү жаатында чоң тажрыйбасы бар профессор Брэдли жаратылууну жактаган илимий макала жана китептери менен да белгилүү. Википедия 2017-жылдын апрель айында Брэдлинин баракчасынан абдан кыска 2 абзацты гана калтырып, цензуралады.[ii]

Үстөмдүккө алынган Википедия

Бул эки окуя Википедиянын жеке көз-караштарын билдирген илимпоздорго орун бере албай турганчалык күчтүү бир дарвинисттик үстөмдүккө алынгандыгын көрсөтөт. Чындап эле, бүгүнкү күндө эволюцияны жактагандар илимий далилдерди, тагыраак айтканда, жаратылуунун чындык экенин айткандарды илимий мекемелерден, массалык маалымат каражаттарынан жана, ал тургай, интернет ааламынан алыстатуу үчүн болгон аракетин жумшап жатышат. «Эволюция жок» деген бир өспүрүм билим берүү мекемелеринде сынактан өтө албайт, бир илимпоз илимий карьера кыла албайт. Ал тургай, көбүнчө илимдин атын жамынгандар илимдин жаратылууну далилдээрин көргөнү үчүн, илимге да каршы чыгышууда.

Учурда бүт дүйнөдө дарвинисттик диктатуранын бар экендиги талашсыз чындык. Бул диктатура башка көз-караштардын айтылышына, илимий далилдердин көрсөтүлүшүнө уруксат бербестен, өз ойунда жаратылууну жактагандардын кадыр-баркын түшүрүү жана аларды илимге каршы, караңгы адамдардай көрсөтүү үчүн бир тараптуу пропаганда жүргүзүүдө. Википедия дарвинисттик диктатуранын таасири астындагы мейкиндиктердин бирине айлануудан алыс болушу керек.

Википедия «белгилүү инсан эмес» деп баракчасын өчүрүп салган, жаратылууну жактаган д-р Гюнтер Бехли – дүйнөнүн эң белгилүү фоссил (жаныбар, өсүмдүктөрдүн калдыктары) коллекционерлеринин бири. Бехли, ал тургай, бир канча түргө ат койгон, абдан белгилүү палеонтолог. Ошого карабастан, Википедия Бехлини, дарвинизмге каршы чыкканы үчүн гана, «белгилүү бирөө эмес» деп койду.

Википедияга киргизилген тексттер «редактор» деп аталган адамдар тарабынан көзөмөлдөнүп, оңдолот. Ал редакторлор, бир гана эволюция жана жаратылуу темасында эмес, өздөрүнүн идеологиясына туура келбеген бүт тараптарга калыс мамиле кылбай келишүүдө. Көбүнчө динчил, Аллахтын бар экендигине ишенген, материалисттик идеологияларга каршы болгон адамдар жөнүндө туура эмес маалыматтардын киргизилишин көрмөксөн болуп, туура эмес маалыматтардын оңдолушуна да уруксат бербей коюшууда. Мазмунундагы маалыматтарды оңдоону көздөгөн кайрылуу жана аракеттерди кайра кайра четке кагышууда. Бул Википедиянын анда жазылган маалыматтардын тууралыгына эмес, белгилүү бир идеологияга туура келип келбешине маани берээрин көрсөтүүдө.

Википедиянын объективдүүлүктөн алыс экендиги жана идеологиялык максатты көздөөрү анык.

Википедиянын артында турган түшүнүккө каршы мусулмандар, иудейлер жана христиандар кызматташышы керек

Википедиянын адилетсиз мамилеси бүт диндердеги Аллахка ишенгендерге багытталган. Ошондуктан ыймандуулардын «бул мусулмандарга карата жасалууда, бизге тиешеси жок» же «бул христиандарга карата жасалган мамиле, бизге тиешеси жок» деп айтышы туура эмес болот. Тескерисинче, ыйманга, динге же жаратылууга ишенгендерге каршы бир иш-аракет жасалганда, мусулман, христиан, иудей болсун, бүт Жаратканга ишенгендер ынтымактуу болуп, бири-бирине колдоо көрсөтүшү керек. Антпесе, Жаратканга ишенгендер бөлүнүп жарылып кеткен болот, бул болсо дарвинисттик диктатурага абдан жагат. Бир нерсени унутпашыбыз керек: дарвинисттер жаратылууга ишенген, динчил жана жакшы адамдардын ынтымакташып, Аллахтын даңкын жайылтуу үчүн биргелешип иш-аракет жүргүзүшүнө бөгөт койууну каалашат.

Тынчтыкка, достукка жана жакшылыкка үндөгөндөр тарыхта ар дайым коом тарабынан кысымчылыкка алынып, жалган жалааларга жана ар кандай ушак сөздөргө туш болушкан.

Аз. Иса пайгамбар жана анын шакирттери (апостолдору) да «жинди, өз кызыкчылыктарын ойлойт, жаңы бир дин ойлоп тапты» деген сыяктуу көптөгөн жалган жалааларга туш болуп, кысымчылык көрүшкөн. Бирок алгачкы христиандар мындай жалааларга эч маани бербестен, Аз. Иса пайгамбар менен анын шакирттерин жактап, колдоо көрсөтүшкөн. Ниети бузук кишилердин мындай жалган жалааларын алардын туура жолдо экендигинин бир далили катары көрүшкөн.

Анткен менен, кээ бир үстүртөн ойлонгон адамдардан бул жалган жалааларга ишенгендер да болгон. Инжилдин ыймандуулардын сыноолорун баяндаган бөлүмдөрүндө чын ыкластуу ыймандууларга колдоо көрсөтүүгө эрки жетпеген, кулк-мүнөзү алсыз адамдар жөнүндө да айтылган.

  1. ... Ыймандуулардын баары Сулаймандын серечесинде (бир жагы сыртка ачык бөлмө) чогулуп жүрүштү. Жалпы эл аларга абдан сый-урмат көрсөткөнү менен, сырттан эч ким аларга кошулууга даай алган жок. (Элчилер, 5:12-13)
  1. [Аз. Иса (ас):] «Силер болсо сак тургула! Адамдар силерди сотторго беришет... [жана] сабашат. Менден улам [Аллахтын ыраазылыгын көздөп мени ээрчигениңер үчүн] башкаруучулардын, падышалардын алдына чыгарылып, аларга күбөдөн өтөсүңөр. ... Силерди кармап сотко беришкенде, эмне айтаарыңарды ойлоп, алдын ала тынчсызданбагыла. Ошол учурда силерге эмне илхам кылынса, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Аллах сүйлөйт. (Марк, 13:9-12)
  2. Менин атымдан улам [Аллахтын ыраазылыгын көздөп мени ээрчигениңер үчүн] баары силерди жек көрүшөт. Бирок акырына чейин туруктуу болгондор кутулат.» (Марк, 13:13)
  3. [Аз.Иса (ас):] «... Бирок бул окуялардан мурда силерди кармап зулумдук кылышат. Силерди... зындандарга салышат. Менин атымдан улам падышалардын, башкаруучулардын алдына чыгарыласыңар... Ата-энеңер, бир туугандарыңар, туугандарыңар жана досторуңар да силерди кармап беришет жана айрымдарыңарды өлтүртүшөт. Менин атымдан улам [Аллахтын ыраазылыгын көздөп мени ээрчигениңер үчүн] баары силерди жек көрөт. Ошентсе да, бир тал чачыңар да түшпөйт. Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар.» (Лука, 21:5-19)
  4. [Аллахтын ыраазылыгы үчүн] Масихтин ысмынан улам акаратка туш болсоңор, кандай бактылуусуңар! ... Бирок бир адам Масихке ишенгени үчүн азап тартса, анда уялбасын. (1 Петир, 4:14-16)
  1. Сен болсо менин окутуума, иш-аракеттериме, максатыма, ыйманыма, сабырыма, сүйүүмө, туруктуулугума, тарткан зулумдук жана азаптарыма, ... башыма келгендерге жакындан күбө болдуң. Кандай зулумдуктарга сабыр кылдым! Бирок Рабби мени баарынан куткарды... Аллахка берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары зулумдук көрүшөт. Ал эми, жамандар жана алдамчылар башкаларды алдап жана өздөрү да алданып, барган сайын бузула беришет. (2 Тиметей, 3:10-13)
  1. Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени, ишенимиңердин сыналышынын туруктуулукту пайда кылаарын билесиңер. Бул туруктуулук кемчиликсиз натыйжасын берет. Ошентип бышасыңар жана кемчиликсиздикке жетесиңер. Бүт тараптан кынтыксыз болосуңар. (Жакып, 1:2-4)

Аллахка ишенгендер биримдикке келбесе, дажжал күчтөнөт

Учурда динсиздик алоолонгон оттой абдан тез жайылып жатат. Зомбулуктар, баңги зат, алкоголь, үй-бүлөлүк баалуулуктардын жоголушу, өзүн-өзү өлтүрүүлөр, адилетсиздик жана зулумдуктар коомдун бүт тарабына өз таасирин тийгизүүдө. Динсиздиктин мындай тескери натыйжаларын динсиздиктин философиясы менен пикирдик күрөш жүргүзүү аркылуу гана токтотууга болот. Бул күрөштүн убактысы өтүп баратат. Жакшылар эртерээк биримдикке келип, мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, чогуу илимий иш-аракеттерди жүргүзүшү зарыл.

Аллахка ишенгендер биргелешип иш алып бараарда, Википедия сыяктуу калыстык кылбаган бир булактан маалымат алып, сооптуу иштерден баш тартышы, албетте, такыр туура эмес болот. Ыймандуулардын бир инсан же бир иш-аракет жөнүндөгү ой-пикири анын ыйык китептерден окугандарына, жүрөгүнө, акылына жана көрөгөчтүгүнө таянышы керек. Дарвинист, материалист, Аллахты жокко чыгарган жана динчилдерге калыс мамиле кылбаган бир булак ыймандуулар үчүн эч качан ишенимдүү булак боло албайт. Ушундай булактын себебинен сооптуу бир иш-аракеттен баш тартуу болсо, албетте, ыймандуулар үчүн уят көрүнүш.

Христиандар, иудейлер, мусулмандар жана бүт жакшы адамдар дажжал агымынын дүйнө жүзүндө уюштурган жамандыгына каршы биримдик курганда гана ийгиликке жете алышат. Дажжал агымынын бул биримдикке бөгөт коюу үчүн курган тузактарына түшпөстөн, чечкиндүүлүк менен жасалган ар бир иш-аракет Акыйкаттын орношуна маанилүү салымын кошот. Жакшылыктын үстөмдүк кылышына өз салымын кошуу үчүн бардык ыймандуулар аракет кылышы зарыл. «Акыр заман» деп аталган улуу жана тарыхый бир доордон өтүп жатканда, ыймандуулардын илимий-пикирдик күрөшүнө колдоо көрсөтпөө жана өзгөчө жамандыкты жайылтууну көздөгөндөрдүн ыймандуулар жөнүндөгү жалган жалааларына ишенип, акыйкат жолдон жүз буруу, албетте, абийирдүүлүккө жатпайт.

 


[i] https://evolutionnews.org/2017/10/wikipedia-erases-paleontologist-gunter-bechly/

[ii] https://en.wikipedia.org/wiki/Walter_Bradley_(engineer)

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/264290/Ак-ниеттүү-адамдар-Википедия-сыяктууhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/264290/Ак-ниеттүү-адамдар-Википедия-сыяктууhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/wikipedia.jpgThu, 30 Nov 2017 12:59:25 +0200
Мүйүздүү канаттуулардын уялары

Көбөйүү мезгили мүйүздүү канаттуулар үчүн машакаттуу аракеттердин башталышы болот. Бул мезгилде балапандардын ден соолукта чоңойушу үчүн эркек жана ургаачы мүйүздүү канаттуулар алардан күтүлбөгөндөй көп эмгектенишет. Бул үчүн биринчи жумуш – ургаачыга жана туула турган балапандарга коопсуз бир уя куруу.

Жумушту эркек мүйүздүү канаттуу баштайт жана уя куруу үчүн дарактын үстүнөн бир тешик табат. Ургаачысы бул тешиктин ичине кирет жана эркек болсо тешиктин эшигин ылай менен жабат. Бул уяны курууда абдан маанилүү бир жагдай бар. Эркек мүйүздүү канаттуу ургаачы менен балапандардын коопсуздугун камсыздоо жана аларды сырттан келиши мүмкүн болгон маанилүү коркунучтардан, өзгөчө жыландардан коргоо үчүн ылай менен жапкан бул тешикте кичинекей бир терезе калтырат. Ургаачы канаттуу жумурткалардын үстүндө 3 ай бою жатат жана жабык болгон уясынан бир жолу да чыкпайт. Ошондуктан эркек мүйүздүү канаттуу түгөйү үчүн азык табат жана ага ушул тешиктен тамак берет. Балапандар чыкканда, аларды да кайра эле ушул тешиктен тамактандырат. Эки канаттуу тең балапандары үчүн абдан сабырдуу жана өздөрүн аябастан аракет кылышат. Ургаачы канаттуу үч ай бою өзү гана араң батканчалык кичинекей бир тешикте эч кыймылдабастан, жумурткалардын үстүндө отурса, эркек канаттуу аларды эч жалгыз таштабайт.

Буга чейинки мисалдардан да байкалгандай, ар бир канаттуу түрүнүн өзүнө тиешелүү бир уя куруу ыкмасы бар. Жана бул ыкмалардын баары аң-сезимдүү, акылдуу жана ойлонуу жөндөмү жок бир жандыктан күтүүгө мүмкүн болбогончолук татаал; ар бирөөсү бир долбоор жана план талап кылат.

2

Бир ойлонуп көрөлү: алдыбызда аң-сезими жана акылы жок, боорукердик, мээрим же жан аябастык сыяктуу эрдиктерди пландап жасай турган акылга жана эркке ээ эмес жандыктар турат. Бирок ошол эле учурда бул жандыктарда акыл, аң-сезим, план жана долбоордун натыйжасы болгон чыгармалар, абдан мээримдүү жана жан аябас кыймыл-аракеттер апачык көрүнүүдө. Андай болсо бул кыймыл-аракеттердин жана чыгармалардын булагы эмне? Бул жандыктар мындай кыймыл-аракеттерди өз эрктери менен кылуу жөндөмүнө ээ эмес, демек буларды аларга жасаткан, буларды аларга үйрөткөн бир «күч» болушу керек. Мына ушул күч – жердин, асмандын жана ал экөөсү арасындагылардын Рабби болгон Аллахка тиешелүү.

3

http://barakelde.turmush.kg/news:308677

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227675/Мүйүздүү-канаттуулардын-уяларыhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227675/Мүйүздүү-канаттуулардын-уяларыhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_boynuzlu_kus_yuvalari2.jpgWed, 17 Aug 2016 18:46:12 +0300
Канаттуулар кереметтүү уяларын кантип жасашат?

Канаттуулар уя курууда эң уста жандыктар катары таанылышат. Канаттуу түрлөрүнүн өздөрүнө тиешелүү уя ыкмалары бар жана эч жаңылбастан мындай кемчиликсиз түзүлүштөрдү курушат.

Канаттуулардын уя курушунун эң маанилүү себеби – бул жумурткаларынын жана кийинчерээк бул жумурткадан чыккан балапандарынын абдан коргоого муктаж болушу. Өзгөчө эне канаттуу балдары үчүн аңчылыкка кеткенде, балапандары толугу менен коргоосуз калышат. Бирок дарактын баштарына, дарактардагы оюктарга, жаракаларга же чөптөрдүн арасына чоң бир усталык менен жашырылган уялар бул балапандар үчүн маанилүү бир башпаанек милдетин аткарат.

Канаттуу уяларынын дагы бир өзгөчөлүгү – бул балапандарды сууктан коргошу. Балапандар түксүз чыгышат жана ошол эле учурда көп кыймылдай албагандыктан булчуңдарын эч иштете алышпайт. Ошондуктан балапандар тоңбошу үчүн сууктан коргой турган уяларга муктаждык бар. Өзгөчө «өрүлгөн уялар» түзүлүштөрү жагынан мындай жылуулукту балапандарга камсыздай алат. Мындай уялардын курулушу болсо абдан машакаттуу жана оор. Ургаачы канаттуу уяны көп убакыт бою абдан аярдык менен өрүп жасайт. Ошол эле учурда уянын ичин түк, жипче жана кылдар менен толтуруп, натыйжада уянын изоляциясын көбөйткөн болот.

1 

Ар кандай уя үчүн материал табуу абдан маанилүү. Канаттуулар күн бою жасай турган курулушу үчүн керектүү материалды топтошот. Канаттуулардын тумшуктары жана буттары ар түрдүү материалдарды ташуу жана колдонуу үчүн атайын долбоорлонгон. Уянын курулушу ургаачыга тиешелүү, бирок уя курула турган аймакты эркек тандайт.

Канаттуулар мындай архитектуралык кереметтерди ылай, жалбырак, чырмоок, түк жана кагаз сыяктуу материалдарды колдонуп жасашат. Канаттуу уяларынын өзгөчөлүктөрү колдонгон материалдардан жана куруучулар колдонгон ыкмалардан көз-каранды. Уялар колдонула турган материалдардын ийилчээктиги, чыдамкайлыгы жана катуулугу эске алынып жасалат. Материал кысууга жана керүүгө мүмкүн боло тургандай болушу керек. Мындан тышкары, ар кандай түрдөгү материалдардын бирге колдонулушу уянын коргоочу өзгөчөлүктөрүн өстүрөт. Мисалы, ылай менен өсүмдүк жипчелерин аралаштыруу уядагы жаракалардын жайылышына тоскоол болот.

Канаттуулар топтогон материалдары менен алгач курулуш материалдарын камдашат. Мындай уя курган канаттуулардын бири – бул боор чабалекейлери. Боор чабалекейлери уяларын боор (аска)чекелерине, имарат же коргон дубалдарга цемент менен жабыштырышат. Бул цементти алуу ыкмалары болсо абдан ыңгайлуу. Тумшуктары менен ылай же чопо бөлүкчөлөрүн топтошот жана бул материалдарды курулуш аймагына ташышат. Ылайды жабышчаак шилекейлери менен аралаштырып, асканын бетине сүрүшөт, үстүндө төгөрөк бир ачык калтырышып, түз бир чопо чыны абалында калып беришет. Чопо чынынын ичин чым, балыр жана түк менен толтурушат. Жамгыр жааганда ылайды эзбесин жана уяны кыйратпасын деп бул уяларды көбүнчө бери чыгып турган бир таштын астына курушат.

Кээ бир Түштүк Африка канаттуулары (Anthoscopus) болсо эки бөлүмгө бөлүнгөн атайын уяларды жасашат. Бул уяларда жумуртка басуу бөлмөсүнүн чыныгы эшиги жашырылган. Уянын башка эшиги болсо ортодо бир жерде. Бул аңчы жандыктар үчүн даярдалган бир көз бойомочулук.

Муну менен бирге америка заргалдактары түрүнөн бир канаттуу түрү уясын жапайы аары топторунун жанына курат. Себеби бул аарылар жыландарды, маймылдарды, кара тотукуштарды жана өзгөчө бул канаттуулар үчүн өлүм коркунучу болгон бир чымын түрүн өз уяларынын жанына жакын жолотушпайт. Заргалдак канаттуусу да мунун урматында балапандарын мындай коркунучтардан коргогон болот.

http://barakelde.turmush.kg/news:308105

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227674/Канаттуулар-кереметтүү-уяларын-кантип-жасашатhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227674/Канаттуулар-кереметтүү-уяларын-кантип-жасашатhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_kus_yuvalari2.jpgWed, 17 Aug 2016 18:40:30 +0300
Өтө так кальций өлчөгүчтөр

Кандагы кальцийдин көлөмү адамдын өмүр сүрүшүндө абдан маанилүү бир фактор. Бир адам өмүр сүрүү үчүн дем алууга жана суу ичүүгө канчалык муктаж болсо, канында белгилүү өлчөмдө кальций болушуна да ошондой эле муктаж. Кандагы кальцийдин көлөмү керектүү деңгээлден азайып кетсе, адам каза табат. Эми төмөнкүдөй мисалды элестетип көрөлү: алдыңызга атайын бир айнек идиштин ичинде 1 литр кан коюлду дейли. Жана сизге «бул кан операцияда күтүп жаткан бир оорулууга куюлат, бирок бир маселе бар» дешсин. «Бул кандын ичинде кальций кем болуп жатат, бирок канчалык кем экендиги аныктала алган жок. Сиз болжол менен толуктап бере аласызбы?» деп суранып, чоң идиште кальций күкүмүн беришсин.

Эмне кылаар элеңиз?

Эң биринчиден алдыңыздагы канда канчалык кальций бар экенин өлчөшүңүз керек болмок. Бирок ал үчүн өтө жогорку технологиялуу шаймандар керек, жана ага убакыт жана мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан абдан оор абалда калмаксыз. Алдыңызда турган кандагы кальцийдин көлөмүн өлчөй албашыңыз бир адамдын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн.

Мисалыбызды бир аз өзгөртөлү. Ал канда эч кальций болбосун дейли. Сизден канга кальцийден эң идеалдуу көлөмдө кошуп берүү талап кылынсын. Анда эмне кылмаксыз? Алдыңыздагы кальций идишинен канча кашык алып бул канга аралаштырмаксыз? Кем болушу өлүмгө алып бара турган бир заттын бир литр канга аралаштырыла турган эң идеалдуу өлчөмү канча болду экен?

Биз жашоодо эч качан кездешпей турган бул мисал кандагы кальцийдин көлөмүнүн маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн берилди. Эгер алдыңызга ичинде эч кальцийи жок 1 литр кан коюлса, ал канга бир граммдын ондон биринчелик гана кальций кошушуңуз керек болот. Денедеги 5 литр канда болгону жарым грамм гана кальций болушу керек. Мындан көп же аз болсо, ден соолукка олуттуу зыян тийгизип, ал тургай, өлүмгө да алып келет. Адам денеси ушунчалык кемчиликсиз жана так бир тең салмактуулук менен жаратылган. Салмагы 80 килограмм болгон бир адам канындагы жарым граммдык кальцийге муктаж.

Кальций денебизде көптөгөн абдан маанилүү функцияларды аткарат. Кальцийсиз каныңыз уюй албайт, ошондуктан кичинекей бир жараат же бир жердин кичине эле кесилип кетиши адамдын кан жоготуудан каза болушуна алып келиши мүмкүн. Кальций нерв импульстарын өткөрүүдө да өтө маанилүү роль ойнойт. Эгер нерв импульстары өтпөй калса, бул өлүмгө себеп болот. Кальций, ошондой эле, булчуңдарды иштетип, сөөктөрдү бекем кылат. Бойго жеткен бир адамдын денесинде болжол менен 2 килограммдай кальций болот. Бул кальцийдин 99%ы сөөктөрдө сакталат. Калганы болсо зат алмашуу менен байланыштуу иштерде колдонулат. Дене өз функцияларын уланта алышы үчүн канда болжол менен 0,5 граммдык кальцийдин айланышы жетиштүү болот. Кандын 100 миллилитринде 10 миллиграмм (бул 1 литрде 0,1 граммга туура келет) кальций болот.

Эгер бул чоңдук 10 миллиграммдан 6-7 миллиграммга төмөндөсө, б.а. кандагы жалпы кальцийдин көлөмү 0,2 граммга азайса, тетания оорусу келип чыгат. Тетания оорусунда булчуңдар карышып, диртилдейт жана сыздап ооруйт. Бул эң башта жүрөк булчуңдары менен дем алуу каналындагы булчуңдарда келип чыгат. Бул булчуңдардын тартипсиз жыйрылышы жүрөктүн согуу тартибин бузат жана дем алуу каналдарын тосуп калат. Тиешелүү дарылоо чаралары көрүлбөсө, оорулуунун жүрөгү токтоп же бир калыптуу дем ала албай, аягында каза табышы мүмкүн. Көрүнүп тургандай, адамдын жүрөгүнүн согушу же дем алышы сыяктуу өтө маанилүү функцияларда дагы жарым граммдык бир затка муктаждык бар.

2 

Эгер кандагы кальцийдин көлөмү 100 миллилитрде 12 миллиграммга жогоруласа, б.а. кандагы кальцийдин жалпы көлөмү 1 граммдын ондон бирине эле көбөйсө, бул бөйрөктө таштардын пайда болушуна, нерв системасынын рефлекстик иш-аракеттеринин басаңдашына, булчуңдардын алсыздап, күчүн жоготушуна себеп болот. Кальцийдин көлөмү 100 миллилитрде 17 миллиграммга чыкканда болсо кальций фосфаты дененин бүт тарабына отуруп, денени ууландырат. Адам денесинин бир заттан ушунчалык көз-каранды болушу жана денедеги көп процесстерде бул заттын атайын бир планга ылайык колдонулушу кайра эле эки негизги нерсени көрсөтөт: адамдын кереметтүү бир план менен жаратылгандыгын жана аны жараткан Аллахтын алдындагы алсыздыгын.

Кандагы кальцийдин көлөмүнүн маанисин түшүнгөн соң, оюбузга сөзсүз төмөнкүдөй суроо туулат: мынчалык маанилүү көлөмдү кайсы механизм белгилейт? Бул суроонун жообу дагы бир жаратылуу кереметин көрсөтөт. Калкан сымал без менен калкан сымал бездин ичине камтылган дагы бир гормоналдык без, б.а. паратиреоид бези денедеги кальций тең салмактуулугун сактоо үчүн абдан акылдуу бир пландын негизинде кызматташып иштешет. Өзгөчө паратиреоид безинин бир гана милдети бар: өмүр бою, күнү-түнү каныңызда канчалык кальций бар экенин өлчөп, кальцийдин көлөмүн эң идеалдуу деңгээлде кармоо.

3 

Паратиреоид бези абдан өзгөчө долбоордогу паратгормонду бөлүп чыгаруу аркылуу кандагы кальцийдин көлөмүнө кийлигишет. Эгер канда кальцийдин көлөмү азайса, ошол замат паратгормон бөлүп чыгарат. Бул жерде абдан кызыктуу бир жагдай бар. Бул бөлүмдүн башында сизге алдыңызга коюлган бир шише кандагы кальцийдин көлөмүн аныктай аласызбы деген суроону узатып, эгер колуңузда атайын долбоорлонуп өндүрүлгөн лаборатория шаймандары болбосо, бул колуңуздан келбейт деп айткан элек. Адам баласы лабораторияда араң жасаган нерсени кичинекей паратиреоид бези жасай алат. Паратиреоид безин түзгөн клеткалар гормон эле жасабастан, ал гормон колдонула турган тармакты өлчөп да турушат.

Бир клетка алдынан агып жаткан кан дарыясынын ичиндеги кальций атомдорун кантип аныктайт? Көзү, кулагы, колдору жок клеткалар кандагы туз, глюкоза, май, аминокислоталар, белоктор, гормондор, ферменттер, сүт кислотасы, көмүр кычкыл газы, азот калдыгы, натрий, калий, заара, сийдик кислотасы, темир, бикарбонат сыяктуу миллиондогон түрдүү заттардын арасынан кальций атомдорун кантип айырмалай алат? Клетка кальцийди кантип тааныйт? Канда канчалык кальций болушу керек экенин кайдан билет? Кальцийдин көлөмүн кайсы акылы менен өлчөйт? Кайсы акылы менен кальций аз же көп деген чечимге келет? Бул жерде кайрадан эске салуу керек: бул клеткалар акылы жана аң-сезими жок, көлөмү миллиметрдин 1%ындай гана болгон нерселер. Алардын биздин атыбыздан кандагы кальцийдин көлөмүн эң туура өлчөп жатышынын өзү эле бир керемет.

Керектүү чараларды көрүү

Өзүңүздү бир саамга кальцийдин көлөмүн өлчөөчү клеткалардын ордуна коюп көрүңүз. Күнү-түнү эч тынымсыз, эч уктабай, эч эс албай, канчалаган жылдар бою бир гана кандагы кальцийдин көлөмүн эсептеп жатканыңызды элестетиңиз. Ошондо клеткалар жасаган кереметтүү иш-аракеттин маанисин жакшыраак түшүнө аласыз.

Паратиреоид клеткалары өлчөөнүн жыйынтыгында кальцийдин көлөмү азайып кетти деген тыянакка келсе, ошол замат паратгормон бөлүп чыгарышат. Бул этапта клеткалар дагы бир акылдуу иш-аракет кылышат. Клеткалар

- кальцийдин көлөмүнүн азайганын түшүнүшөт,

- кальций жетишсиздигин кантип толуктоо керек экенин билишет,

- жана ошого жараша керектүү чараларды көрүшөт.

Эми өзүңүздү кайрадан паратиреоид клеткаларынын ордуна коюп, ойлонуп көрүңүз. Эгер канда кальцийдин көлөмүнүн азайып кеткенин байкасаңыз, кандай чара көрмөксүз? Кальцийдин көлөмүн көбөйтүү үчүн кандай ыкма колдонмоксуз?

Буга жооп берүү үчүн илимпоз болушуңуз керек жана колуңузда адам денесин изилдей турган бүт мүмкүнчүлүктөр болушу зарыл. Ошол күнгө чейин адамзат денедеги кальций жөнүндө эч нерсе билчү эмес деп кабыл алалы. Анда бир канча жыл бою изилдөөлөрдү жүргүзүп, дүйнөнүн алдыңкы биохимиктеринен жардам алышыңыз керек болмок. Бул изилдөөлөрдүн баары бир гана максатты көздөмөк: денеде колдонууга боло турган кальций булактарын табуу.

Аягында төмөнкүдөй жыйынтыкка келмексиз; сөөктөрдө абдан көп кальций бар экенин, белгилүү өлчөмдөгү кальцийдин заара аркылуу каалабастан болсо да денеден сыртка чыгарылаарын түшүнмөксүз. Дененин сырттан кальцийди ичке ичеги аркылуу алаарын аныктамаксыз.

Ошондуктан үч түрдүү чара көрүүгө болот;

1- Сөөктөрдөгү кальцийдин бир бөлүгүн карызга алуу.

2- Заарага аралашкан кальцийди кайра сиңирүүнүн бир жолун табуу.

3- Жеген тамак-аштарыбыздан көбүрөөк кальций алууга шарт түзүү.

Бирок бул чаралардын ар бири өзүнчө бир адистикти талап кылат.

4 

Паратгормондун түзүлүшү

Биринчи чараны колдонуу үчүн эң биринчиден сөөк клеткаларын жыйнап койгон кальцийинин бир бөлүгүн карызга берүү үчүн көндүрүү керек болот. Сөөк клеткалары (остеоциттер) өздөрү үчүн өтө маанилүү бир зат болуп эсептелген кальцийди жоготкулары келбейт. Ошондуктан сөөк клеткаларын жыйнап койгон кальцийинин бир бөлүгүн канга койо берүүгө мажбурлай турган бир формуладагы молекуланы ойлоп табышыңыз керек болмок. Ал формуланы табуу үчүн сөөк клеткаларынын бүт химиялык сырларын, кальцийдин кандай система аркылуу жыйнап коюлаарын толугу менен билишиңиз жана ошонун негизинде ал системаны тескериге айланта турган бир молекуланын формуласын иштеп чыгышыңыз зарыл. Болгондо да, адамзат 100 жылдан бери сырларын түшүнүүгө аракет кылып жаткан клетканын ички дүйнөсүнө тиешелүү бүт маалыматтарды кыска убакытта алышыңыз керек болмок. Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында сөөк клеткаларын кальцийди койо берүүгө көндүрө турган кереметтүү бир формуланы аласыз: паратгормондун формуласын.

Бирок муну менен эле жумушуңуз бүтпөйт. Экинчи жана үчүнчү чараларды көрүү үчүн дагы эки формула табышыңыз керек болмок.

Экинчи чара үчүн бөйрөк клеткаларын заарадагы кальцийди кармап, кайрадан канга кошууга көндүрүү керек. Ал клеткалар зааранын ичинен кальций издөөгө мажбур эмес. Ошондуктан эми болсо сөөк клеткасынан такыр башкача бир клетканын, б.а. бөйрөк клеткаларынын ички түзүлүшүндөгү бүт сырларды чечишиңиз керек болот. Андан соң чексиз түрдүү молекулярдык комбинациялардын арасынан бөйрөк клеткаларын «зааранын ичинен кальцийди издөөгө» түртө турган бир молекуланы ойлоп табышыңыз зарыл. Аягында бул формуланы таап, дүйнөнүн эң улуу кереметтеринин бирине күбө болосуз. Себеби тапкан формулаңыз биринчи чара үчүн иштеп чыккан формулаңыздын дал өзүндөй болуп чыгат. Бирдей формуладагы молекулалар бири-бирине такыр окшобогон эки клеткага, бири-бирине эч окшобогон эки кыймыл-аракетти жасатышат. Албетте, бул эч кандай кокустук менен түшүндүрүүгө болбой турган улуу бир керемет.

5 

Эми акыркы чараны иштеп чыгышыңыз керек: денеге жеген тамак-аштарыңыздан көбүрөөк кальций алдыруу.

Жеген тамак-аштарыңыздагы кальций ичке ичегиде канга кошулат. Бирок кальцийди сиңирүү үчүн ичеги клеткаларына активдүү абалдагы D витамини керек. Бул жерде чоң бир көйгөй пайда болот, себеби жеген тамак-аштарыңыз аркылуу денеңизге кирген D витамини активдүү абалда эмес.21 Ичегилериңиз көбүрөөк кальций сиңирип, анын натыйжасында кандагы кальцийдин көлөмү көбөйүшү үчүн бул маселени чечишиңиз керек. Башкача айтканда, активдешпеген D витамининин химиялык түзүлүшүн өзгөртүп, активдешкен абалга алып келе турган атайын бир молекуланы табышыңыз керек. Кайра эле көптөгөн изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүп, D витаминин өзгөртө турган атайын бир молекуланын долбоорун түзүшүңүз зарыл. Бул изилдөөлөрдөн алган жыйынтыгыңыз адамды айран-таң калтыра турган дагы бир керемет болот. Себеби D витаминин активдүү абалга алып келип, ичеги клеткаларынын кальцийди сиңиришине шарт түзө турган молекуланын формуласы да кайра эле паратгормондун формуласы болуп чыгат.

Эми бул жерде абдан кунт коюп ойлонуу керек. Кандагы кальцийдин көлөмүн көбөйтүүнүн бири-биринен көз-карандысыз 3 жолу бар, жана бири-бирине эч окшобогон бул үч системаны ишке киргизе турган ачкыч болсо бирөө. Бул ачкыч үч системаны тең «от алдырат». Эң таң калыштуусу, бири-бирине эч окшобогон жана иштөө механизмдери да ар түрдүү болгон бул системалар ишке киргизилгенде, бир гана натыйжа алынат: «кандагы кальцийдин көлөмү көбөйөт».

6 

Үч түрдүү системанын бир ачкыч менен, бир максат үчүн ишке киргизилиши Аллахтын кемчиликсиз жана теңдешсиз шайкештик менен жараткандыгынын абдан күчтүү бир далили.

Булардын баарын көргөн соң, эми мындан да чоң бир кереметти карасак болот. Кандагы кальцийдин көлөмү азайганда, паратиреоид клеткалары укмуш акылмандуулук кылышат. Жана үч системаны тең от алдыра турган ачкычты жасашат; өтө гениалдуулук менен сиз тааныган бир молекуланы, б.а. паратгормонду чыгарышат.

Ал аркылуу сөөк клеткаларынын кальцийди койо беришине, бөйрөк клеткаларынын зааранын ичинен кальцийди бөлүп алышына жана D витаминин активдештирүү аркылуу тамак сиңирүү системасынын кальцийди сиңиришине шарт түзүшөт. Ошентип кандагы кальцийдин көлөмүн көбөйтүшөт.

Мындай гениалдуу формуланы паратиреоид клеткалары кантип табышкан? Бул молекуланын сөөктөргө, бөйрөктөргө жана D витаминине таасир берээрин кайдан билишкен? Тарых бою жашап өткөн миллиарддаган адамдын паратиреоид бези, белгилүү оорулардан тышкары учурларда, бул туура формуланы кантип чыгара алган? Сөөктөрдүн кальцийди топтоп койоорун, зааранын ичинде пайдаланылбай кала турган кальций бар экенин, ичке ичеги клеткаларына кальцийди сиңирүү үчүн активдүү D витамини керек экенин паратиреоид клеткалары кайдан билишет? Бул үч системаны иштете турган формуланы кантип иштеп чыгышкан? Аң-сезими жана акылы жок клеткалар кантип адамдын да колунан келбеген нерселерди кылып, мынчалык акылман боло алышат?

Клеткаларда көрүлгөн бул акыл жана пландоо, албетте, клеткаларды да, кальций молекуласын да, адамды да жоктон жараткан, адамды кальций молекуласына муктаж кылып жаратып, анан бул муктаждыкты камсыздоо үчүн кемчиликсиз бир системаны пайда кылган, асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Рабби Аллахка тиешелүү. Аллахтын атак-даңкы абдан улуу:

Аллах... Андан башка кудай (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт.

Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Контроль механизми

Жогоруда гормоналдык бездердин көпчүлүгүнүн иш-аракетин гипофиз безинин башкарып тураарын карадык. Бирок көңүл бурулган болсо, кальцийдин көлөмүн жөнгө салуу үчүн курулган система өзүнчө бир башкаруу механизми аркылуу иштейт. Паратиреоид бездери кандагы кальцийдин көлөмүн өздөрү өлчөп, эмне кылуу керек экенин өздөрү чечишет. Эгер кандагы кальцийдин көлөмү аз болсо, паратгормон бөлүп чыгарышат.

Эгер кандагы кальцийдин көлөмү муктаждыктан ашыкча болсо паратгормондун бөлүп чыгарылышы басаңдайт. Бул жолу башка бир гормон кызмат кылат. Калкан сымал без «кальцитонин» аттуу бир гормон бөлүп чыгарат. Ал гормон паратгормонго карама-каршы бир таасир көрсөтөт. Башкача айтканда, сөөк клеткаларынын кальций бөлүп чыгарышына бөгөт коюп, кальций топтошуна шарт түзөт.

Паратиреоид безин түзгөн клеткалар кальцийдин көлөмү азайганда кийлигишүү керек экенин билишет. Калкан сымал безди түзгөн клеткалар болсо кальцийдин көлөмү көбөйгөндө кийлигишүү керек экенин билишет. Бул пландоону клеткаларга ким жасаткан.

Эгер паратиреоид бези туура эмес учурда кийлигишип, кальцийдин көлөмү ашыкча болуп турган кезде паратгормон чыгарып баштаса, адамдын ден-соолугуна олуттуу бир коркунуч туулат. Же паратгормон менен кальцитонин гормондору бир учурда бөлүп чыгарылса, дененин клеткалары эмне кылаарын билбей калышат. Керек учурда бул бездерди түзгөн клеткалар жалкоолук кылышса же алардын жардамына муктаждык бар экенин байкабай калышса, кайра эле адамдын ден-соолугуна чоң бир коркунуч пайда болот. Калкан сымал без менен паратиреоид бездеринин шайкеш иштеши, бул бездерди түзгөн клеткалардын кыймыл-аракеттериндеги акылмандык – адам денесинин бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгын көрсөткөн апачык далилдерден.

http://barakelde.turmush.kg/news:306020

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227673/Өтө-так-кальций-өлчөгүчтөрhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227673/Өтө-так-кальций-өлчөгүчтөрhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_kalsiyum_olcerler2.jpgWed, 17 Aug 2016 18:31:56 +0300
Денебиздеги кант фабрикасы

Эгер муктаждыгыңыздан көбүрөөк канттуу тамак жесеңиз, денеңиздеги бир система кандагы канттын жогорулап кетишине бөгөт болуу үчүн ишке киришет.

1

1. Эң алгач уйку безинин клеткалары кан суюктугунун ичиндеги миллиондогон молекуланын арасынан кант молекулаларын таап, башкалардан айырмалайт. Ал тургай, кант молекулаларын эсептеп чыккан сымал алардын санынын аз же көп экенин түшүнөт. Көзү, мээси, колдору жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги кант молекулаларынын санын билиши таң калтырбай койбойт.

2. Эгер уйку безинин клеткалары кандагы канттын көлөмүн муктаждыктан ашыкча деп тапса, ашыкча кантты сактап коюуну чечет. Бирок, ал жумушту өздөрү жасашпайт, алардан абдан алыста жайгашкан башка клеткаларга жасатышат.

3. Алыстагы ал клеткалар бир буйрук келмейинче, кантты сактап коюуну каалашпайт. Уйку безинин клеткалары ал клеткаларга «кантты топтоп баштагыла» деген буйрукту билдирүүчү бир гормон жиберишет. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы уйку безинин клеткалары эң биринчи пайда болгондон бери ДНКларына жазылып келүүдө.

4. Уйку безинин клеткаларындагы атайын «ферменттер» (жумушчу белоктор) бул формуланы окушат. Ал формулага карап инсулин өндүрүшөт. Бул өндүрүштө жүздөгөн фермент иштеп, ар бири ар кандай кызматтарды аткарышат.

5. Өндүрүлгөн инсулин гормону эң коопсуз жана эң ыкчам транспорт тармагы болуп эсептелген кан аркылуу көздөгөн клеткаларга жеткирилет.

6. Инсулин гормонунда жазылган «кантты топтоп койгула» деген буйрукту окуган клеткалар бул буйрукка толук моюн сунушат. Кант молекулаларын клеткалардын ичине киргизе турган эшиктер ачылат.

7. Бирок, ал эшиктер туш келди ачылбайт. Кампа клеткалар кандагы жүздөгөн түрдүү молекуланын арасынан кант молекулаларын гана айырмалап, кармап, өздөрүнүн ичине камап коюшат.

8. Клеткалар келген буйрукка эч качан моюн сунбай койбойт. Ал буйрукту туура эмес түшүнүп, туура эмес заттарды кармап же өтө ашыкча кант топтоп салышпайт. Өтө кунт коюп, абдан тартиптүү иштешет.

Ошентип сиз ашыкча канттуу бир чай ичкениңизде бул кереметтүү система ишке кирип, ашыкча кантты денеңизге топтойт. Эгер бул система иштебегенде каныңыздагы канттын көлөмү тездик менен көтөрүлмөк жана комага кирип, каза болмоксуз. Бул ушунчалык кемчиликсиз бир система болгондуктан, керек учурда тескерисинен да иштей алат. Эгер кандагы кант нормадан төмөндөп кетсе, анда уйку безинин клеткалары такыр башка бир гормон, б.а. «глюкагон» бөлүп чыгарышат. Глюкагон мурда кантты топтоп койгон клеткаларга эми «канга кантты коё бергиле» деп буйрук берет. Бул буйрукка да моюн сунган клеткалар топтоп койгон кантты кайра коё беришет.

Мээси, нерв системасы, көзү жана кулагы жок клеткалар кантип мынчалык татаал эсептерди чыгарып, ушунчалык татаал иштерди жасай алышат?

Белоктор менен май молекулаларынан турган бул аң-сезимсиз нерселер кантип адамдардын да колунан келбеген иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул терең акылдын булагы эмне?

Албетте, бул процесстер бизге бүт ааламды жана бүт жандыктарды башкарган Аллахтын бар экенин жана кудуретин көрсөтүүдө.

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:300304

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227672/Денебиздеги-кант-фабрикасыhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/227672/Денебиздеги-кант-фабрикасыhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_seker_fabrikasi_hormon_mucizesi2.jpgWed, 17 Aug 2016 18:23:49 +0300
Эне сүтүндөгү кереметтер: пролактин жана окситоцин гормондору кызматта

Жаңы төрөлгөн бир наристенин азыктануу муктаждыгы бойго жеткен бир адамдан абдан айырмаланат. Ошондой эле, наристенин иммундук системасы бойго жеткен адамдыкына караганда алсыз болгону үчүн, иммундук система сырттан бекемделиши керек. Жаңы төрөлгөн наристенин бүт бул муктаждыктарына жооп бере турган эң идеалдуу азык – бул «эне сүтү». Жүргүзүлгөн изилдөөлөр эне сүтү менен азыктанган балдардын ден-соолугунун чың болоорун жана жакшы жетилээрин көрсөткөн.

Эне сүтүнүн дагы бир кереметтүү касиети болсо, чоңойуп жаткан наристенин өзгөргөн муктаждыктарына жараша курамындагы азыктары да өзгөрүп турат. Балдардын тамагын өндүргөн чоң фирмалар миллиондогон долларларды коротуп жүргүзгөн изилдөөлөрүндө наристе жакшы жетилиши үчүн эң идеалдуу тамак курамын табууга аракет кылышкан. Бирок аягында мындай курамдын жок экенин, наристенин муктаждыгынын өзгөрүшүнө жараша ар бир этапта тамактын курамын өзгөртүп туруу керек экенин аныкташкан. Андан соң эң алдыңкы технологиялуу лабораторияларда эне сүтүнө окшогон жасалма балдардын тамагын өндүрө башташты. Бирок эч бир жасалма тамак эне сүтүндөй боло алган жок.

Бул жерде чыныгы бир керемет бар. Эненин көкүрөгүндөгү бир катар клеткалар эч көрбөгөн жана эч тааныбаган сырткы дүйнөдөгү бир организмдин, жаңы төрөлгөн бир наристенин бүт муктаждыктарын эсептеп чыгууда. Андан соң илимпоздор лабораторияларда жасай албаган нерсени жасап, эч кемчиликсиз азык курамынан турган эне сүтүн өндүрүшүүдө. Бирок эненин көкүрөгүндөгү сүт бездерин түзгөн клеткалардын да, башка клеткалар сыяктуу эле, аң-сезими жана акылы жок. Мындай кемчиликсиз аралашманын формуласын өз алдынча эсептеп чыгып, өндүрүшү мүмкүн эмес.

Реклама

 

Эне сүтү кантип өндүрүлүп баштайт жана бул өндүрүш кантип башкарылат? Бул суроонун жообунда да көптөгөн кереметтер жашырылган. Сүттүн өндүрүшүндө гормоналдык система менен нерв системасы ортоктошуп иш алып барат. Кемчиликсиз бир маалымат алмашуу жана пландоонун натыйжасында бул өндүрүш ишке ашат.

Эненин көкүрөгүндөгү сүт бездерин иштетүүчү атайын бир гормон бар. Бул гормон, жогоруда айтылгандай, пролактин гормону. Пролактин гормону гипофиз безинен бөлүп чыгарылат.

Бирок кош бойлуулук периодунун башында пролактин гормонунун бөлүп чыгарылышын чектеген кээ бир факторлор бар. Ал факторлорду төмөн түшүп бараткан бир машинанын тормоз педалынын басылышына салыштырууга болот. Машина төмөн көздөй жылууга даяр, бирок тормоз басылып турганда жыла албайт. Башкача айтканда, сүт өндүрүшүнө тормоз басылган болот.

2 

Пролактин гормонунун тормоздолушу эң туура чечим. Себеби наристе али төрөлө элек болгондуктан, эненин эрте сүт бөлүп чыгарышынын эч пайдасы болбойт. Бул тормоз кантип басылат? Пролактиндин эрте бөлүнүп чыгышына кантип бөгөт коюлган? Бул суроонун жообунда Жаратуучунун бир керемети катылган. Мээнин гипоталамус аймагы пролактин гормонунун бөлүп чыгарылышына бөгөт болуучу бир гормон чыгарат. PIH (ProlaktinInhibitingHormon - Пролактинге бөгөт болуучу гормон) деп аталган бул гормон пролактиндин өндүрүшүн басаңдатат, б.а. кайсы бир мааниде тормоз басат.

Анда, тормоз басуу чечимин ким алган? Кош бойлуулук учурунда чыгарылган эстроген аттуу бир гормон гипоталамустун тормозду тебишине, б.а. PIH бөлүп чыгарышына шарт түзөт. Наристе төрөлгөн соң эстрогендин бөлүп чыгарылышы азайат. Эстрогендин азайышы PIH’тин азайышына себеп болот. Бул процесс буттун акырындап тормоздон алынышына жана машинанын акырындап төмөн көздөй жөнөшүнө окшошот. Ошентип пролактиндин өндүрүшү акырындап көбөйөт. Пролактин гормону болсо сүт бездерин эне сүтүн өндүрүүгө стимулдайт.

Бул жерде Жаратуучу тарабынан жаратылган чыныгы бир керемет бар. Кош бойлуулуктун биринчи айларында сүттүн чыгышына ушул долбоор бөгөт болот. Эми бул система жөнүндө тереңирээк ойлонолу:

Пролактин гормонун өндүргөн гипофиз клеткалары сүт бездерин кайдан таанышат? Сүт өндүрчү клеткаларга «сүт өндүргүлө» деген буйрукту кайсы акыл жана аң-сезими менен беришет?

Төрөттөн мурда пролактиндин чыгарылышына бөгөт болуучу гормондор азырынча сүт өндүрбөө керек экенин, дагы белгилүү убакытка чейин күтүү керек экенин кайдан билишет?

Бул гормондор сүттүн өндүрүшүнө пролактин себеп болоорун жана сүттүн өндүрүшүн токтото туруу үчүн пролактиндин бөлүп чыгарылышына жолтоо болуу керек экенин кайдан билишет?

Эне сүтүнүн эң керектүү убакытта өндүрүлүшүнө түрткү берүүчү дагы бир система бар, жана бул система да адам денесинин канчалык пландуу жаратылгандыгынын дагы бир далили.

Наристенин сүт эмиши эненин көкүрөк аймагындагы кээ бир нерв клеткаларынын гипоталамуска бир нерв сигналын жиберишине себеп болот. Бул сигнал гипоталамуска таасир берип, гипоталамустун пролактинди токтотуучу тормозун алып салат. Натыйжада көбүрөөк пролактин бөлүп чыгарылып, сүт бездерине сүт өндүрүү буйругу берилет.

Бул жөнүндө дагы бир жолу ой жүгүртөлү;

Эненин көкүрөгүнүн ичине төрөлгөндө эле кээ бир кабылдагычтар орнотулган. Ал кабылдагычтар наристенин эмүү рефлексин тааный тургандай долбоорлонгон. Ал кабылдагычтардан чыккан электрдик кабельдердин (нерв бутактарынын) бир учу алыс жерде жайгашкан бир органга, мээнин гипоталамус аймагына туташкан. Башкача айтканда, наристенин эмүү рефлексинин башталганын гипоталамус аймагына билдире турган атайын бир система жаратылган. Бул кабельдер эт менен сөөктөн турган адам денесиндеги триллиондогон ыктымалдыктын арасынан эң туура жерге туташышкан. Жаңылыштык менен мээнин көрүү борборуна, ашказанга же ичегилерге эмес, дал керектүү жерге, б.а. гипоталамуска туташышкан.

3 

Гипоталамусту түзгөн клеткалар болсо бул электрдик сигнал келээр замат эне сүтүнүн бөлүп чыгарылышы үчүн керектүү процессти баштатышат. Бирок бул клеткалардын эч кандай акылы жана аң-сезими жок. Ал сигналдын эненин көкүрөгүнөн келгенин, наристенин эмүү рефлексин кабар берип жатканын, ошондуктан эне сүтүн чыгаруу керек экенин, сүт чыгышы үчүн аларга негизги милдеттин жүктөлгөнүн, пролактинди көбүрөөк бөлүп чыгаруу керек экенин, себеби пролактиндин сүт бездерин ишке киргизээрин эч качан биле алышпайт. Анда, аң-сезимсиз клеткаларга бул акылдуу кыймыл-аракеттерди ким жасатат?

Ким эненин көкүрөгүнүн ичине кабылдагычтарды орноткон?

Ким бул кабылдагычтардан чыккан сигналдарды өткөрө турган кабельдерди тарткан?

Ким бул кабельдердин учун гипоталамуска туташтырган?

Ким гипоталамус клеткаларына бул сигнал келгенде гипофиз безин стимулдоо керек экенин үйрөткөн?

Ким гипофиз безин түзгөн клеткалардын ичине сүт бездерин ишке сала турган гормондун формуласын жазып койгон?

Ким бул гормонду баштын ичинде жайгашкан гипофиз безинен эненин көкүрөгүнө жеткире турган кан тамыр системасын пайда кылган?

Ким көкүрөк клеткаларын бул гормон келгенде ишке кире тургандай кылып жараткан?

Ким көкүрөк клеткаларына эне сүтүнүн, илимпоздор да туурай албаган, теңдешсиз формуласын үйрөткөн?

Бул суроолордун баарынын, албетте, бир гана жообу бар: ааламдардын Рабби Улуу Аллах.

Илим менен технологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында адам өз денесин тереңирээк изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул мүмкүнчүлүк адам денесиндеги системалардын канчалык улуу акыл жана план менен жаратылганын көрсөтүп, Аллахтын жаратуу чеберчилигин көз алдыга тартуулады.

Аллахтын бар экенин кабыл албаган адамдардын ар дайым айткан бир гана калпы бар: кокустук...

Алар тирүү организмдердеги жана ааламдагы кемчиликсиз план менен чеберчиликтин келип чыгышын бир гана кокустукка таяндырышат. Бирок жогоруда үстүртөн эле каралган «эне сүтүндөгү кереметтер» дагы алардын кокустук көз-карашынын негизсиздигин далилдөөгө толук жетиштүү.

Бул системадагы миңдеген бөлүктүн бир даанасынын дагы, мисалы бир даана көкүрөк, гипофиз, нерв же гипоталамус клеткасынын же бир даана гормондун дагы кокустан пайда болушу илимий жактан эч мүмкүн эмес. Бул системанын бөлүктөрүнүн баары өз ордунда, жашай алышы үчүн керектүү көмөкчү системалар (кан айлануу, дем алуу ж.б.) менен бирге, бир заматта пайда болушу зарыл. Муну болсо бир гана жол менен түшүндүрүүгө болот: бул система Аллах тарабынан жаратылган.

Эне сүтүндөгү кереметтин дагы бир далили болсо, окситоцин аттуу гормон.

Жогоруда эне сүтүн өндүрүүчү кемчиликсиз долбоорлонгон системаны карадык. Бирок бул жерде бир маселе бар: сүт бездеринде сүт өндүрүлсө эле маселе чечилбейт. Наристе эненин сүтүн эмчектин учунан, бутылкадан ичкендей, өз күчү менен эме албайт. Сүт сүт бездеринен көкүрөктүн учуна жеткирилиши керек. Антпесе, жогоруда каралган система эч бир ишке жарабайт, эненин сүтү сүт бездеринен көкүрөктүн учуна жете албайт жана жаңы төрөлгөн наристе азыксыз калат. Сүт көкүрөктүн учуна жана натыйжада наристеге кантип жеткирилет?

Тарых бою эненин сүтүн эмген триллиондогон адам, сиз да кошо, бул үчүн окситоцин гормонуна карыздар.

Окситоцин гормону сүт безинин каналдарынын айланасындагы булчуңдардын жыйрылышына шарт түзөт. Булчуңдардын жыйрылышы сүттү сүт бездеринен көкүрөктүн учун көздөй жылдырып, эмгенге даярдап койот. Ошентип баланы эмизгенде, наристе сүттү оңой гана эме алат.

Окситоцин гормонун өндүргөн клеткалар сүттү наристе эме алышы үчүн эненин көкүрөгүнүн учуна жеткирүү керек экенин, антпесе наристенин сүттү эме албашын кайдан билишет? Муну билген күндө дагы, сүт каналындагы клеткаларды жыйрылта турган формуланы кайдан үйрөнө алышат?

Бул системанын кемчиликсиздигин жакшыраак түшүнүү үчүн ар бир адам бул суроолорду өзүнө өзү узатышы керек. Адам денесиндеги ар бир клеткада көрүнгөн акыл менен аң-сезим бүт баарын жоктон жараткан Аллахтын чексиз илимин чагылдырууда. Аллах Куранда асмандагы жана жердеги бүт иштерди Өзүнүн жөнгө салаарын төмөнкүчө кабар берген:

Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат... (Сажда Сүрөсү, 5)

Окситоцин гормону

4 

Бул гормон гипоталамус тарабынан чыгарылып, гипофиздин арткы бөлүгүнө сактап коюлат. Керек учурда гипоталамустан келген нейрондук бир буйрук менен гипофиз тарабынан бөлүп чыгарылат. Сүт каналдарын кысуу кызматын аткарат.

Окситоцин гормону эне сүтүнүн өндүрүшүнөн тышкары, төрөт жакындаганда жатындын булчуңдарынын жыйрылышында да кызмат кылат. Төрөттүн оңой болушуна шарт түзөт. Төрөт жакындаганда окситоцин абдан көп бөлүп чыгарыла баштайт. Эң кызыгы, ал кезде жатындын булчуңдары да окситоцин гормонуна карата укмуш сезгич болуп калат.6 Төрөт учурунда кээ бир аялдарга оору басаңдап, төрөт жеңилирээк болушу үчүн тамырдан окситоцин берилет.

Окситоцин гормонун туура өндүрүү үчүн гипоталамусту түзгөн клеткалар алардан абдан алыс жерде боло турган төрөт процессин толугу менен билиши керек. Төрөттүн оор болоорун, бала төрөлүшү үчүн жатындын булчуңдары жыйрылып, наристени сыртты көздөй түртүшү керек экенин билиши зарыл. Мындан тышкары, жатындын булчуңдары жыйрылышы үчүн бир химиялык зат өндүрүү керек экенин жана анын формуласын да билиши керек. Гипоталамус клеткаларынын гендерине окситоцин гормонунун өндүрүш планын жайгаштырган, дүйнөгө жаңы келе турган наристени, энени, эне жатынын жана гипоталамус клеткаларын жоктон жараткан Аллах.

Аллахтын асмандарда жана жерде болуп жаткан бүт окуяларды башкарып тураары жана бүт нерсенин Анын колунда экени Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Асмандарда жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «чын көңүлдөн моюн сунган» абалда. Жаратууну баштаган, кийин аны кайтара турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу мисал Аныкы. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман. (Рум Сүрөсү, 26-27)

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:294897

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223549/Эне-сүтүндөгү-кереметтер-пролактин-жанаhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223549/Эне-сүтүндөгү-кереметтер-пролактин-жанаhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_prolaktin_oksitosin2.jpgFri, 17 Jun 2016 13:44:30 +0300
Кандагы суунун көлөмүн жөнгө салуучу система

Денеңизде канча өлчөмдө суу болушу керек экенин билесизби? Ар күнү жеген тамак-аштарыңыз жана ичкен суюктуктарыңыз аркылуу денеңизге канча грамм суу кирээрин жана ал суунун канчасын денеңизден чыгаруу керектигин эсептей аласызбы? Ар бир секунда сайын каныңызда канча грамм суу бар экенин, кан басымыңызды, ткандардагы суунун өлчөмүн эсептей аласызбы?


1

Эгер бир адамга бул эсептөөлөрдүн баарын жасоо милдети жүктөлгөндө башка эч нерсе кылбастан, бүт убактысын ушуга коротконго мажбур болмок. Бул өтө маанилүү бир милдет, себеби адамдын денеси сууну жоготпошу керек. Эгер денедеги суунун 10%ы жоголсо, анда бул өлүмгө себеп болот.

Реклама

 

Бирок адам денесиндеги суунун көлөмүн ченеп турганга мажбур эмес. Себеби ар бир адамдын денесинин ичине денесиндеги суунун көлөмүн жөнгө салып туруучу атайын бир система орнотулган. Эгер бул системаны тереңирээк карасаңыз укмуш пландалган бир инженерия кереметин көрөсүз.

Эгер тердөө же суу ичпей калуу себебинен белгилүү өлчөмдө суу жоготсок, кандагы суунун тыгыздыгы азаят. Эгер денеңизге атайын бир система орнотулбаганда, каныңыздагы суунун тыгыздыгы канчалык азайбасын мындан кабарыңыз болмок эмес жана белгилүү убакыттан соң эч байкабастан чаңкоодон көз жуммаксыз.

Каныңыздагы суунун азайганы кантип аныкталат жана кантип керектүү чаралар көрүлөт?

Мээнин гипоталамус аймагына атайын кабылдагычтар орнотулган. Алар ар секунда сайын, ал тургай, сиз буларды окуп жатканда дагы каныңыздагы суунун көлөмүн ченеп турушат. Эгер кандагы суунун көлөмүнүн азайганын аныкташса, ошол замат коңгуроо кагышат.

2

Гипоталамустагы кабылдагыч клеткалардын биринин ордуна бир адамды койдук деп элестетип көрөлү. Ал адамга 24 саат бою эч чарчабай, уктабай кандагы суунун көлөмүн өлчөө милдети жүктөлсүн. Өлгөнгө чейин башка эч нерсе кылбай, бир гана сууну өлчөйт. Албетте, бул жумуш адамдын колунан келбейт. Анда, бир клетканын тобу эмне үчүн бүт өмүрүн бир суюктуктун ичиндеги суунун көлөмүн эсептегенге арнайт? Албетте, бул ал клетка тобунун өздөрүнө берилген милдетти орундатып жатканын көрсөтөт. Гипоталамус Аллахтын илхамы менен өз милдетин аткарат.

Мунун башка бир тарабын да ойлонуп көрөлү. Кандагы суунун көлөмү азайды деп элестетели. Анда кабылдагыч клеткалардын ордуна коюлган адам эмне кылышы керек? Эгер бул клеткалардын ордунда чындап эле бир адам, мисалы, сиз турсаңыз, кандай чара көрмөк элеңиз? Суу ичүү ыктымалдыгынан башка андагы суунун көлөмүн кантип көбөйтмөксүз?

Эгерде биология билимин алган эмес болсоңуз, оюңузга заара суюктугундагы суунун молекулаларын сүзүп алып, кайра канга берүү пикири келмек эмес. Мындай пикир оюңузга келсе дагы, аны ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек экенин билмек эмессиз.

Гипоталамустагы кабылдагыч клеткалар кандагы суунун көлөмүнүн азайганын түшүнөөр замат гениалдуу бир жолду тандашат. Гипофиз безине сакталган антидиуретикалык гормонду (ADH), атайын бир кабарчы молекуланы колдонууну чечет. Бул кабар (билдирүү) бөйрөктөгү миллиондогон микро-каналчанын айланасындагы клеткалар үчүн жазылган. Жана ал клеткаларга «заара суюктугундагы суу молекулаларын кармагыла» деген буйрук берет.

Бул жерде төмөнкүдөй суроолор туулат:

- гипоталамустагы клеткалардын акылы алардан абдан алыста жайгашкан жана өмүрүндө эч көрбөгөн бөйрөк клеткаларына буйрук берүүгө кантип жеткен?

- бөйрөк клеткалары түшүнүп, моюн суна турган бир билдирүүнү кантип жазышкан?

- бөйрөк клеткалары эмне үчүн ал буйрукка моюн сунушат?

Бул байланыш системасы аркылуу заарадагы суу молекулаларынын негизги бөлүгү сүзүп алынып, кайрадан канга берилет. Натыйжада заара азайып, денеге белгилүү өлчөмдө суу кайтарылып берилет.

Эгер талап кылынгандан ашыкча суу ичсек, анда бул механизм тескерисинен иштейт. Кандагы суунун тыгыздыгы жогорулайт. Анын натыйжасында гипоталамустагы кабылдагычтар антидиуретикалык гормондун бөлүп чыгаруу процессин басаңдатышат. Антидиуретикалык гормон азайганда бөйрөктөр сууну кайра азыраак соруп баштайт. Заара суюктугу көбөйүп, кандагы суунун көлөмү тең салмакка салынат.

3

Антидиуретикалык гормондун бир өзгөчөлүгү - ал кан тамырларды жыйрып, кан басымын да жогорулата алат. Бул дагы атайын пландалган бир коопсуздук-камсыздандыруу системасы жана адамдын бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын дагы бир далили. Бул коопсуздук системасы иштеши үчүн да кеңири масштабдуу бир план түзүлгөн. Жүрөктүн дүлөйчө аймагынын ичине жана жүрөккө келген тамырлардын ичине кан басымын өлчөөчү атайын кабылдагычтар орнотулган. Ал кабылдагычтардан чыккан кабелдер (нервдер) гипофиз безине туташкан. Кан басымы нормалдуу турганда бул кабылдагычтарга тынымсыз сигнал келип, гипофиз безине тынымсыз электрдик заряд жиберип турушат. Электрдик сигналдардын гипофизге барышы антидиуретикалык гормондун бөлүп чыгарылышына бөгөт болот.

Бул системаны инфракызыл нурларды колдонуп жасалган коңгуроо системаларына салыштырууга болот. Эгер ууру байкабастан бул нурлардын бирине тийип кетсе, нурдун булагы менен кабылдагычтын ортосундагы байланыш үзүлүп, коңгуроо иштеп баштайт.

Дал ушул мисал сыяктуу жүрөк менен тамырлардын ичине орнотулган кабылдагычтардан гипофизге сигнал барып турганда баары өз жайында болот. Анда коңгуроо кантип кагылат?

4

Олуттуу бир жараат алганда адам көп кан жоготуп, тамырларындагы кандын көлөмү азаят. Бул кан басымдын төмөндөшүнө алып келет жана кан басымдын төмөн болушу оорулуу үчүн абдан кооптуу.

Кан басымы төмөндөгөндө, тамырлардын жана жүрөктүн ичиндеги рецепторлордон гипофизге жиберилген сигнал да үзүлөт. Бул гипофиздин коңгуроо кагышына жана антидиуретикалык гормонду бөлүп чыгарышына себеп болот. Антидиуретикалык гормон кан тамырлардын айланасындагы булчуңдардын жыйрылышына жана натыйжада кан басымынын жогорулашына алып келет. Бул өтө комплекстүү, бири-биринен көз каранды болуп иштеген жана көп бөлүктөн турган системанын ойлонуу керек болгон көптөгөн тараптары бар.

Антидиуретикалык гормонду жасаган гипоталамус клеткалары алардан абдан алыста жайгашкан тамырлардын айланасындагы булчуң клеткаларынын түзүлүшүн кайдан билишет?

5

Кан басымы көтөрүлүшү үчүн ал тамырлардын жыйрылышы керек экенин кантип болжошкон?

Ал клеткаларды жыйрылта турган химиялык формуланы кантип иштеп чыгышкан?

Жүрөк менен гипофиздин ортосундагы байланыш тармагын жана кабелдерди ким тартып, ким мынчалык кемчиликсиз коңгуроо системасын пайда кылган?

Албетте, булардын баары план жана долбоор менен жасалган. Жана бул долбоор адамдын аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында эмес, бир Жаратуучу тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылганын көрсөтүүдө. Эволюционисттердин «денедеги байланыш жана коңгуроо системасы кокустан пайда болгон, клеткалар өздөрүнүн акылы менен бул системаны ойлоп таап, планын түзүп, анан иштеп чыккан» деп айтышы алардын логикадан канчалык алыстап кеткенин айгинелейт. Мындай көз караш «бир талаага чогулган цемент, кирпич, электрдик кабель сыяктуу материалдар бир бороондун натыйжасында алгач кокустан бир бийик имаратты пайда кылып, андан соң экинчи бир бороондун натыйжасында ал имараттын ичине электрдик системаны куруп, үчүнчү бороондо имараттын ичине кемчиликсиз бир коопсуздук системасын курган» дегенге окшошот. Акылы жайында болгон эч бир адам мындай логикасыз көз карашты кабыл албайт. Бирок эволюционисттердин көз карашы мындан да логикасыз. Аллахтын бар экенин четке кагуу үчүн болгон аракетин жумшаган эволюционисттер айтып жаткандарынын канчалык акылдан алыс экенин билсе дагы, эволюция теориясын жактай беришет.

Чындыгында, Аллахтын бар экени жана асмандан жерге чейин бүт баарын кемчиликсиз бир долбоор менен жаратканы айдан ачык:

... Асмандардагы жана жердегилердин баары Аныкы, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

6

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев

http://barakelde.turmush.kg/news:296590

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223548/Кандагы-суунун-көлөмүн-жөнгө-салуучуhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223548/Кандагы-суунун-көлөмүн-жөнгө-салуучуhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_antidiuretik_hormon2.jpgFri, 17 Jun 2016 13:38:37 +0300
Убакытты пландап, жынысты айырмалай алган гормондор

Балким биринчи окуганда ишенүү кыйын болоор, бирок денеңиздин ичинде көптөгөн сааттар бар. Илимпоздор биологиялык саат деп атаган бул түшүнүк дененин ар кайсы бөлүктөрүнө жайгаштырылган жана ар бири өзүнүн аткарган кызматына жараша убакытка программаланган көптөгөн микросааттан турат. Мындай микросааттардын бири мээнин гипоталамус аймагына орнотулган.

1

Адамдардын жаш баладан өспүрүмгө өтүү этабында өзгөрөөрүн, бойго жетүү доорунан өтөөрүн жана бул доордо адам денесинде белгилүү өзгөрүүлөрдүн болоорун баарыбыз билебиз. Бойго жеткен доорго өтүү аялдарда 8-14, эркектерде 10-16 жаштардын арасында болот.

Реклама

 

Ушул күнгө чейин жаратылган миллиарддаган адамдын баарынын денесине орнотулган жана эч жаңылбай, так иштеген бул кандай саат? Жана бир адамдын өспүрүм жашына келгенин кантип так аныктай алат?

Мээнин гипоталамус аймагы адам төрөлгөндөн баштап өзгөчө бир жумушту орундатуу үчүн бир нече жыл күтөт. Эң туура учур, б.а. жаш баладан өспүрүм дооруна өтүү учуру келгенде, гипоталамустун ичинде бир сааттын коңгуроосу кагылгандай эле болот. Бул гипоталамустун жаңы бир жумушту баштоо коңгуроосу болот.

Негизи илимпоздор бир кубулушту түшүндүрүү жана жеткиликтүү тил менен айтуу үчүн аны саатка салыштырышат. Гипоталамустун ичинде, албетте, эч кандай саат жок. Бирок бир тиштем эт канчалаган жыл күтүп отуруп, учуру келгенде гана бир жумушту жасап баштаса, аны «гипоталамустун ичинде бир саат бар» деп салыштыруу эң туура болот.

Гипоталамусту түзгөн клеткалар убакыттын келгенин кантип билишет? Илим дүйнөсү кичинекей бир эт бөлүгүндө мынчалык пландуу жана программалуу бир иш-аракеттин кантип жасалаарын алигече түшүндүрө алган жок. Бул кубулуш улуу бир керемет. Бул системаны келечекте балким тереңирээк түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк болоор. Албетте, бул багыттагы жаңы ачылыштар дагы Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун жаңы бир далили болот.

2

Бул коңгуроо кагылган соң гипоталамус атайын бир гормон (GnRH) бөлүп чыгарат. Бул гормон гипофиз безине эки гормон бөлүп чыгар деп буйрук берет. Себеби гормондорду бөлүп чыгаруунун эң идеалдуу учуру келген болот. Ал гормондор – Фолликулду стимулдоочу гормон (FSH) жана Лютеиндештирүүчү гормон (LH).

Бул эки гормондун өтө маанилүү кызматтары жана кереметтүү жөндөмдөрү бар. Экөө тең эркек менен аялдын денесинин өзгөчөлөнүү жана физикалык жетилүү процессин баштатат. Бул өтө маанилүү жагдай, себеби FSH жана LH гормондору бул өзгөрүүнү жүргүзө турган аймактарга туура келе тургандай долбоорлонгон. Жана эки гормон тең өз жумушун эң мыкты билгендей иш алып барышат.

FSH гормону аялдын денесинде энелик бездин ичинде жайгашкан энелик клеткалардын жетилип, өрчүшүн камсыздайт. Мындан тышкары, бул аймактан өтө маанилүү дагы бир гормондун, эстроген гормонунун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт.

FSH гормону ошол эле формула менен эркектин денесинде да бөлүп чыгат. Бирок, такыр башка таасирлерге алып келет. Урук бездеринин клеткаларын стимулдап, сперманын иштелип чыгышына шарт түзөт.

LH гормону аялдын денесинде жетилген энелик клетканы эркин коё берүү милдетин аткарат. Мындан тышкары, аялдарда прогестерон аттуу дагы бир гормондун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт.

LH гормону эркектин денесинде башка милдетти аткарат. Урук бездериндеги өзгөчө бир клетка тобун (Лейдиг клеткаларын) стимулдап, тестостерон аттуу гормондун бөлүп чыгарылышын камсыздайт.

Бул гормондордун эки жыныстын денелеринде бир эле формула менен чыгарылып, бирок эки жыныста эки башка таасирлерге себеп болушу, албетте, ойлондурарлык көрүнүш. Эркектин денеси менен аялдын денесинин айырмасын гормондор кайдан билишет? Бир эле формуладагы бир гормон кантип эркектин денесинде тестостеронду иштеп чыгарып, аялдын денесинде болсо прогестеронду иштеп чыгарат?

Бирдей формула менен чыгарылган гормондор эркектин денесин таанып, үнүн, булчуңдарын эркекке ылайыктуу кылып өзгөртсө, аялдын денесиндегилер кантип аялдын химиясын жана өзгөчөлүктөрүн билип, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт? Бир эле гормон менен ар башка таасирлерди пайда кылып, эки түрдүү жынысты жетилте турган мындай кемчиликсиз генетикалык программаны клеткалардын ичине ким орноткон?

Муну пландаган акыл кимге тиешелүү? Кокустуктаргабы, аң-сезимсиз клеткаларгабы же клеткаларды түзгөн атомдоргобу?

Бул акылдын кокустуктарга да, клеткага да, клетканы түзгөн атомдорго да тиешелүү эместиги ачык көрүнүп турат. Эркек менен аялга карап өз-өзүнчө жөнгө салынышы булардын атайын пландалганын көрсөтөт. Биздин улуу Жаратуучубуз – Аллах.

3

1. Гипофиз бези; 2. FSH; 3. LH; 4. Энелик без; 5. Урук бези.

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды, которгон Жунус Ганиев

Автордун грамматикасы менен стилистикасы сакталды 

http://barakelde.turmush.kg/news:296799

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223547/Убакытты-пландап-жынысты-айырмалай-алганhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223547/Убакытты-пландап-жынысты-айырмалай-алганhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_cinsiyet_ayrimi_yapan_hormonlar2.jpgFri, 17 Jun 2016 13:35:49 +0300
Денебиздин эки башчысы: гипоталамус жана гипофиз

Денеңиздин ички тең салмактуулугун сиздин ордуңузга жөнгө салуучу системалар бар болгону үчүн креслоңузда кенен отуруп, бул саптарды окуп жатасыз. Мисалы, сиз турган жерде температура канча градус болбосун, денеңиздин температурасы сөзсүз 36,5-37,5 градус арасында туруктуу сакталышы керек. Дене температурасынын кокустан төмөндөп же көтөрүлүп кетиши өлүмгө себеп болот. Ден-соолугу жайындагы бир адамдын дене температурасы болсо денесиндеги системалар себептүү бир күндүн ичинде эң көп 0,5 градус айырмаланышы мүмкүн. Ошол сыяктуу, тамырлардагы кандын басымы, кандын ичиндеги суунун көлөмү, клеткалардын иштөө ылдамдыгы сыяктуу факторлор дагы өтө так ченелип, тең салмактуулук дайыма сакталышы зарыл.

Реклама

 

Денедеги бул тең салмактуулуктарды жасалма жол менен сактоого аракет кылынсын дейли. Эң биринчиден, адамдын денесинин бир канча жерине өтө так термометрлерди, тамырлардын ичине кандын тыгыздыгын өлчөй турган атайын шаймандарды, тамырлардын бетинде кан басымын өлчөөчү каражаттарды жана клеткалардын иштөө ылдамдыгын контрольдой турган мини-лабораторияларды орнотуу керек болот. Андан соң дененин бүт тарабына орнотулган бул миңдеген микро-шаймандан келген маалыматтарды эң заманбап компьютерге өткөрүп, ар секунда сайын анализдеп туруу зарыл.

Бул анализдерди жасап коюу менен эле жумуш бүтпөйт. Мындан тышкары, бул маалыматтарга таянып, кандай чаралар көрүлөөрүн аныктоо жана ал чараларды ишке ашыруу үчүн кайсы клеткаларга, кандай буйрук берүү керек экенин да билүү зарыл.

Албетте, учурдагы технология менен адамдын денесинин ичине миңдеген термометр, мини-лаборатория, басым өлчөгүч сыяктуу шаймандарды орнотуу азырынча мүмкүн эмес. Бирок эң мыкты долбоорлонгон атайын бир система адамдын денесинин ичине төрөлгөндө эле орнотулуп коюлган.

Миңдеген кабылдагычтар (приемник) дененин температурасы, тамырлардагы кандын басымы сыяктуу көрсөткүчтөрдү өлчөп, алынган маалыматтар атайын бир компьютерге жиберилет. Ал компьютер – мээнин гипоталамус аттуу аймагы.

Денеңиздин жашыруун башчысы: гипоталамус

Гипоталамус гормон системасынын башкы башкармасы болуп саналат. Адамдын денесинде ички тең салмактуулуктун сакталышында негизги рольду ойнойт. Гипоталамус тынымсыз мээ менен денеден келген билдирүүлөрдү (кабарларды) анализдейт. Андан соң дене температурасын туруктуу кармоо, кан басымын жөнгө салуу, суу тең салмактуулугу жана, ал тургай, уйку тартибин жөнгө салуу сыяктуу көптөгөн функцияларды аткарат. Гипоталамус мээнин асты жагында жайгашкан. Көлөмү бир жаңгактай. Денеге байланыштуу маалыматтардын маанилүү бөлүгү гипоталамуска жеткирилет. Мээнин сезүү борборлору да кошо, дененин бүт тарабынан гипоталамуска маалымат алып келинет. Гипоталамус келген маалыматтарды чечмелеп, керектүү чараларды жана денеде кандай өзгөрүүлөрдү кылуу керек экенин аныктап, алган чечимдерин дененин тиешелүү клеткаларына жасатат.

2 

Бул жерде бир жагдайга көңүл буруу керек: гипоталамус аң-сезимсиз клеткалардан турган бир орган. Бир клетка адамдын канча саат укташы керек экенин биле албайт. Дене температурасынын кандай болушу керек экенин эсептей албайт. Же келген маалыматтарга карап эң идеалдуу чечимдерди алып, аны дененин алыс жагында жайгашкан башка бир клеткага жасаттыра албайт. Бирок гипоталамустагы клеткалар денедеги тең салмактуулуктарды сактоо үчүн укмуш акылдуу иш-аракеттерди жасашат. Алдыда аң-сезимсиз клеткалардын бул кереметтүү иш-аракеттерин тереңирээк карайбыз.

Гипоталамустун негизги өзгөчөлүгү; ал дененин экинчи бир контроль жана текшерүү системасы болгон нерв системасы менен гормоналдык системанын арасындагы бир көпүрө болуп эсептелет. Себеби гипоталамус бир гана гормоналдык системаны эмес, нерв системасын да мыкты колдонот.

Гипоталамустун денени башкарууда өтө маанилүү бир жардамчысы бар. Алган чечимдерин керектүү жерлерге ошол жардамчысы аркылуу билдирет. Мисалы, денеде кан басымы төмөндөгөндө, алгач чалгындоо кызматтары чара көрүп, басымдын өзгөргөнүн гипоталамуска кабар беришет. Гипоталамус болсо басымды көтөрүү үчүн кандай чара көрүлөөрүн чечет. Алган чечимин жардамчысына билдирет.

Жардамчысы бул чечимди ишке ашыруу үчүн дененин кайсы клеткаларына буйрук берүү керек экенин билет. Ал клеткалар түшүнө ала турган тилде билдирүүлөрдү жазып, аларды эч кечиктирбей жөнөтөт. Билдирүүнү алган клеткалар келген буйрукка моюн сунуп, кан басымын көтөрүү үчүн керектүү чараларды көрүшөт.

Гипоталамустун бул жардамчысы – гормон системасына таасири өтө чоң болгон гипофиз бези.

Гипоталамус менен гипофиз безинин арасында кемчиликсиз бир байланыш системасы курулган. Бул эки тиштем эт эки аң-сезимдүү адамдай кабарлашып турушат. Гипоталамус гипофиз безин толук башкарат. Гипофиз бези өтө маанилүү көптөгөн гормондорду гипоталамустун көзөмөлү астында бөлүп чыгарат.

Мисалы, чоңойо турган жаштагы бир баланын гипоталамусу гипофиз безине бир билдирүү жиберет. Ал билдирүүдө «өстүргүч гормон бөлүп чыгар» деген буйрук жазылат. Гипофиз бези дал керектүү өлчөмдөгү өстүргүч гормонду бөлүп чыгарат.

Дененин клеткалары ылдамыраак иштеши керек болгондо да ушул сыяктуу окуя болот. Бирок бул жолу «буйрук чынжыры» эки баскычтан турат. Гипоталамус гипофизге, гипофиз болсо калкан сымал безге буйрук жөнөтөт. Калкан сымал без керектүү гормонду бөлүп чыгарат жана натыйжада дененин клеткаларынын иштөө ылдамдыгы жогорулайт.

Гипоталамус бөйрөк үстүндөгү бездер (бул бездер абдан маанилүү гормондорду бөлүп чыгарышат) иштеши керек болгондо же жыныстык органдар гормон чыгарышы керек болгондо да гипофизге буйрук жиберет. Гипофиз кайра эле келген буйрукту тиешелүү бөлүктөргө жиберип, ал аймактарга керектүү гормондорду бөлүп чыгартат.

Гипоталамустун гипофиз безин башкаруу үчүн чыгарган гормондору төмөнкүлөрдөн турат:

- Өстүргүч гормонду чыгартуучу гормон

- Калкан сымал бездин гормонун чыгартуучу гормон

- Кортикотропин (адренокортикотроптук гормон: АКТГ) чыгартуучу гормон

- Көбөйүү (жыныстык) гормонун чыгартуучу гормон (гонадотропин: GnRH).

Кээде болсо гипоталамус дененин клеткаларына кийлигишүү үчүн түздөн-түз өзү чыгарган эки гормонду колдонот. Ал гормондорду сактап коюу үчүн алгач гипофизге жөнөтөт. Кийин муктаждык пайда болгондо гормондорду гипофизден бөлүп чыгартат. Ал гормондор:

- Вазопрессин (антидиуретикалык гормон) жана

- Окситоцин гормону.

3

Гипоталамуста өндүрүлгөн бул эки гормон көлөмү жагынан абдан кичинекей. Бирөөсүнүн көлөмү болгону 3 аминокислотадай. Гипоталамустун гормондору башка гормондордон көлөмү жагынан эле айырмаланышпайт. Дененин ичинде басып өткөн жолу да башка гормондордон айырмаланат. Гормондор көбүнчө бөлүп чыгарылган гормоналдык безден максатталган органга жеткенге чейин абдан узун жолду басып өтүшөт. Ал эми гипоталамус гормондору болсо бир канча миллиметрлик бир капиллярда жүргөн соң гипофизге жетип калат. Жалпы кан айлануу системасына эч кирбейт.

Гипоталамус гипофиз безин ишке салуучу гормондорду чыгарган сыяктуу, керек учурларда гипофиз безинин гормон бөлүп чыгарышын токтото турган гормондорду да чыгарат. Ошентип гипофиз безинин иш-аракеттерин толугу менен контрольдойт.

Гормон оркестринин башкармасы: гипофиз бези

4 

Гипофиз бези – көлөмү нокоттой, салмагы 0,5 грамм болгон, кичинекей, кызгылт түстөгү бир кесим эт. Мээнин гипоталамус аймагына кичинекей бир сап аркылуу туташкан. Бул байланыш аркылуу гипоталамустан буйруктарды түздөн-түз алат. Келген буйруктарга карап керектүү гормонду чыгарып, денени керектүү багытта жөнгө салат.

Көлөмү нокоттой болгон гипофиз безинин адамдын денесине таасири ушунчалык күчтүү болгондуктан жана ушунчалык кереметтүү иштерди жасагандыктан, көп жылдардан бери ал жөнүндө көптөгөн илимий изилдөөлөр жасалып келүүдө. Ал тургай, бул кичинекей бир тиштем эт кандайдыр бир мааниде илим дүйнөсүнүн «урматына» жетишти. Көптөгөн булактарда гипофиз бези жөнүндө кереметтүү жөндөмдөрүнөн улам ар кандай салыштыруулар жасалууда. Мисалы, кээ бир булактарда гипофиз бези «гормон оркестринин башкармасы» деп аталса, кээ бирлеринде гормоналдык системанын «падышасына» салыштырылууда. Ошондой эле, гипофиз бези «укмуштуу биологиялык керемет» деп да аталууда.

Көлөмү нокоттой болгон гипофиз бези 12 түрдүү гормонду чыгарышы жана гормоналдык системаны башкарышы менен бул сыпаттарга арзыйт. Себеби гипофиз бези белгилүү тканьдардын клеткаларына таасир берүүчү гормондорду эле чыгарбастан, өзүнөн абдан алыста жайгашкан башка гормоналдык бездердин иштешин да жөнгө салат.

Гормоналдык бездердин дененин клеткаларына белгилүү буйруктарды берип, ал клеткалардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу органеллдер экенин эстесек, гипофиз безинин маанисин жакшыраак түшүнөбүз. Себеби гипофиз бези дененин бир канча клеткаларына эле буйрук бербестен, дененин клеткаларына буйрук берүүчү башка гормоналдык бездерге да буйрук берет. Кандайдыр бир мааниде башкармалардын башкармасындай иштейт.

Мисалы, калкан сымал бездин гормонун чыгаруу керек болгондо, калкан сымал безге бир буйрук жөнөтүп, бул гормонду чыгартат. Ошол сыяктуу эле, бөйрөк үстүндөгү бездерге, эркектин денесинде урук бездерине, аялдын денесинде энелик бездерге жана сүт бездерине керектүү гормондорду бөлүп чыгарышы үчүн буйруктарды жөнөтөт.

5 

1- гипоталамус; 2- алдыңкы гипофиз; 3- арткы гипофиз.

Бул жерде эң негизги көңүл бурула турган нерсе бул гормондордун же бул гормондор таасир беретурган гормоналдык бездердин аттары менен аткарган кызматтары эмес. Көлөмү нокоттой болгонгипофиз безинин өзүнөн абдан алыста жайгашкан башка бир гормоналдык безге кантип буйрукбере алаарын ойлонуу керек. Бул жерде көптөгөн суроолор туулат. Гипофиз бези менен бул бездитүзгөн клеткалар

«Бөйрөк үстүндөгү бездин аткарган кызматын»,

«Ал кызматты кантип аткараарын»,

«Бөйрөк үстүндөгү безди ишке киргизе турган белгини» кантип биле алышат?

Бөйрөк үстүндөгү бездин клеткалары гипофиз безинен келген буйрукту кантип түшүнүп чечмелешет жана ал буйрукка эмне үчүн моюн сунушат?

Бул процесстерди тереңирээк караганда, мындагы кереметтердин ан сайын көбөйгөнүн көрөбүз. Гипофиз бези бөлүп чыгарган гормон максатталган клетканын бетинде жайгашкан антенналарга толук туура келе тургандай кылып долбоорлонгон. Бирок эч бир гипофиз клеткасы билдирүү жибериле турган гормоналдык безди көргөн эмес. Гипофиз клеткалары бөйрөк үстүндөгү безди түзгөн клеткалардагы антенналардын долбоорунун кандай экенин биле алышпайт. Бул бир адамдын андан миңдеген километр алыста, башка бир өлкөдө турган бир үйдүн эч көрбөгөн эшигинин кулпусуна туура келчү ачкычты бир эле жолкуда эч жаңылбай жасашына окшошот. Гипофиз безин түзгөн клеткалар өмүрүндө эч көрбөгөн кулпуларга туура келе турган ачкычты жасаганды кайдан билишет?

Көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай болсо, бул системада эч катага жол берилбейт. Эгер чыгарылган ачкыч көздөлгөн эшикти ачпаса, б.а. чыгарылган гормон максатталган жерде өз милдетин аткара албаса, бул өлүмгө себеп болот. Мисалы, эгер гипофиз бези чыгарган гормон бөйрөк үстүндөгү безди ишке киргизе албаса, бул өлүм менен аяктайт.

Бул системада кандай улуу керемет бар экенин жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй кылып көрсөңүз болот. Бир күзгүнүн алдына туруп, эки көз бириккен жерге бир манжаңызды коюп жакшылап караңыз. Мына ушул жердин болжол менен 5-6 см артында, башыңыздын ичинде бир нокоттой көлөмдөгү гипофиз деп аталган бир кесим эт жайгашкан.

Андан соң экинчи колуңузду белиңизге коюңуз. Бул колуңуздун астында, белиңиз тарапта бөйрөктөрүңүз жайгашкан. Бөйрөктөрдүн үстү жагында болсо салмагы болжол менен 4-5 грамм, көлөмү жаңгактай болгон бир кесим эт, б.а. бөйрөк үстүндөгү бездер орун алган.

Эми жакшылап ойлонуп көрүңүз: бул эки кесим эт өз ара бири-бири менен кабарлашып турушат. Эки адам эмес, эки клетка тобунун кабарлашып жатканын унутпоо керек. Болгондо да, байланыш системалары менен бул байланыштын натыйжасында жасалган өндүрүш адамзаттын колу жетпей турган жогорку технологияга ээ.

Денеңиздин ичинде эки кесим эттин бири-бири менен байланышып, бири-бирин түшүнүшү – адамдын көз алдына тартууланган чыныгы бир керемет.

Адам эгер биология билимин алган эмес болсо, мээсинин ылдый жагында, башынын ичинде мындай бир органдын болоорун да билбеши мүмкүн. Айланаңызда көргөн адамдардын көпчүлүгү «гипофиздин» эмне экенин да билишпейт. Бул саптарды окуган соң сизге биринчи жолуккан адам сиз менен сүйлөшүп жатканда, мээсинин астындагы кичинекей бир эт ал адам жашашы үчүн тынымсыз денесине билдирүүлөрдү жиберип, буйруктарды берип жаткан болот. Бирок ал адамдын бул процесстерден эч кабары болбойт. Эгер ал бир кесим эт өз милдетин аткарбай койсо, ал киши кыска убакыт ичинде көз жумат. Бир саамга маңдайыңыздагы адамды ушул көз-караш менен карап көрсөңүз, адамзаттын аны жараткан Аллахтын алдында канчалык алсыз жана муктаж экенин апачык түшүнө аласыз.

Гипофиз бөлүп чыгарган гормондор

Гипофиз гормондорунун аттарына өтөөрдөн мурда бир нерсени дагы бир жолу эске салууну туура көрдүк. Бул китептин максаты гормон системасында болуп жаткан жана илим дүйнөсүн да таң калтырган кереметтүү процесстерди карап чыгуу жана Аллахтын жаратуу чеберчилигине жакындан күбө болуу болуп саналат. Ошондуктан гормондордун аттарына эмес, бул системанын кантип иштээрине көбүрөөк көңүл коюу туура болот. Себеби медицина жана биология тармагында көп колдонулган латын жана грек тилиндеги ысымдар көп адамды биологиядан алыстатууда. Жана мындай латын жана грек тилиндеги ысымдар кээде жөнөкөй бир механизмди да түшүнүүнү оордоштурат. Же улуу кереметтерди камтыган бир процесстеги бул кереметтерди байкоого жолтоо болот. Ал тургай, биология же медицинада адис кишилердин көпчүлүгү бул сөздөрдүн «талисмандыгынан» улам, дайыма көз алдыларында турган кереметтерди байкашпайт. Мисалы, гипофиз безинин түзүлүшүн жана функцияларын өтө мыкты билишет, бирок эч качан «бул бир тиштем эттеги аң-сезим менен акылдын булагы эмне» деген суроо жөнүндө ойлонушпайт. Ошондуктан ысымдарга көп токтолбоо керек экенин жана бул ысымдардын медицина китептеринен алыс окурмандарды чоочутпашы керек экенин кайрадан эске салалы. Алдыда бул гормондордун аттарына кыскача токтолуп, бул гормондордун кандай улуу кереметтерге себепчи кылынганын терең карайбыз.

Гипофиз бези алдыңкы жана арткы гипофиз болуп эки бөлүктөн турат. Эки бөлүктөн башка башка гормондор бөлүп чыгарылат.

Алдыңкы гипофиз бези

6 

Алдыңкы гипофиз безинен 6 түрдүү гормон бөлүп чыгарылат. Алардын кээ бирлери гормоналдык системадагы башка гормоналдык бездерге арналган. Башкача айтканда, гормон системасын башкаруу үчүн долбоорлонгон гормондор, жана «троптук гормондор же тропиндер» деп аталышат. Троптук гормондордун функцияларын кийинки беттерде, алар таасир тийгизген гормоналдык бездердин түзүлүш жана функциялары менен бирге карайбыз. Бул гормондордун экинчи бөлүгү болсо дененин тканьдарын стимулдашат. Бул гормондордун ысымдары төмөнкүчө:

Башка гормоналдык бездерди стимулдоочу гормондор (троптук гормондор):

1) Калкан сымал безди стимулдоочу гормон

2) Бөйрөк үстүндөгү безди стимулдоочу гормон (адренокортикотроптук гормон)

3) Фолликулду стимулдоочу гормон (FSH)

4) Лютеиндештирүүчү гормон (LH).

Дене тканьдарына арналган гормондор (троптук эмес гормондор):

5) Өстүргүч гормон (STH)

6) Пролактин гормону.

Арткы гипофиз бези

Гипофиз безинин арткы бөлүгүндө болсо гипоталамус чыгарган гормондор сакталат. Керек учурда кайра эле гипоталамустан келген буйрук менен бул гормондор бөлүп чыгарылат. Алар төмөнкүлөр:

1) Вазопрессин (антидиуретикалык гормон)

2) Окситоцин.

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:295814

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223546/Денебиздин-эки-башчысы-гипоталамус-жанаhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/223546/Денебиздин-эки-башчысы-гипоталамус-жанаhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_hipotalamus_hipofiz2.jpgFri, 17 Jun 2016 13:33:00 +0300
Дарвинизмди жокко чыгаруучу гормондор

Сизге эч сезилбестен, денеңизде тынымсыз миңдеген буйруктар жиберилип, жашооңузду эң ыңгайлуу, эң оңой нукка салып турат.

Мисалы, толкунданганыңызда же коркконуңузда, нерв клеткаларыңыз ошол замат нерв системасына сигнал берет жана тездик менен, жолунан адашпай көздөгөн жерине жетип, бөйрөк үстүндөгү бездериңизди стимулдайт. Кабарды алган бөйрөк үстүндөгү бездер адреналин гормонун чыгарат. Адреналин гормону болсо канга аралашып, дээрлик бүт денеге коңгуроо кагат. Тамак сиңирүү органдарынын иш-аракетине бөгөт коюп, тамак сиңирүү процессин токтотот. Натыйжада тамак сиңирүүгө катышпаган маанилүү көлөмдөгү кан булчуңдарды азыктандыруу үчүн бошойт. Ошондой эле, жүрөктүн ритми ылдамдап, кан басымы жогорулайт. Өпкөлөрдүн бронхтору кеңейип, кычкылтектин кирүүсү жана кандын кычкылтекке байышы ылдамдайт. Кандагы канттын көлөмү жогорулайт. Бул болсо булчуңдарга кошумча энергия берет. Мындан тышкары, каректер кеңейип, көздүн жарыкка карата сезгичтиги жогорулайт. Бул таасирлердин баары чогулганда болсо, бир адам качабы, коргонобу же чабуул жасайбы, кандай гана болбосун, ар кандай шартка даярданып, күчтүү болуп калат.

Нерв клеткалары жансыз жана аң-сезимсиз атомдордон турат. Бирок бул атомдор дененин муктаждыгын заматта түшүнүп, дененин тиешелүү жерине эч кечиктирбей кабар жиберишет. Кабарды алган жер дагы, ушул сыяктуу эле, жансыз атомдордун жыйындысынан турат. Бирок, келген кабарды заматта түшүнүп, керектүү гормонду өндүрөт. Ал гормон болсо абдан акылдуулук менен өзүнүн өндүрүлгөн максатын мыкты түшүнөт жана бүт денени кыдырып, тиешелүү органдарга коңгуроо кагат.

Мынчалык аң-сезимдүү, пландуу, уюшкан жана белгилүү максатты көздөгөн бир системаны кокустан пайда болгон деп ойлоо акылга жана логикага карама-каршы келүү болуп саналат. Дарвинисттер бүт бул системалар менен органдарды кокустан пайда болгон деп, жаш балдар да күлө турган абалга түшүшүүдө.

Болжол менен 60 жашына чейин эволюцияны жактаган атеист бир философ болуп жашап, бирок андан соң чындыктарды көргөн Малколм Маггеридж дарвинизмдин бул абалын төмөнкүчө моюнга алган:

Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң негизги анекдоттордун бирине айланаарына ынандым. Келечек урпак мынчалык негизсиз жана күмөндүү бир гипотезаны адамдардын кантип ойлонбой кабыл алганына таң калышат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s; 43)

Бул кемчиликсиз системаларды улуу Жаратуучу Аллахтын жараткандыгы апачык көрүнүп турган бир чындык.

Адреналин гормонунун таасирлери:

1 

1. Карек чоңойот

2. Теридеги капиллярлар тартылат 

3. Жүрөк күчтүүрөөк жана батыраак согуп баштайт

4. Өпкөлөр кеңейет

5. Булчуңдар кеңейет

6. Ичегилерди көздөй кан агымы азаят

7. Боор азыраак кант кое берет.

Өпкөнүн өзүнө тиешелүү бир ыкчам коргонуу бөлүгү бар экенин билчү белеңиз?

Өпкөнүн өзүнүн ыкчам коргонуу бөлүгү бар. Кээ бир өпкө клеткалары бактерия менен микробдордун үстүнө табигый бир микроб өлтүргүч кошулманы чачуу аркылуу аларды нейтралдаштырышат. Ошентип дем алуу аркылуу денеге кирген жана өпкөгө жеткенге чейин тирүү калган микроб жана бактериялар бул жерде жок кылынат.

Өпкө клеткаларынын аларга зыян тийгизе турган заттарды таанышы, аларды жок кыла турган кошулманы билиши жана, ошондой эле, аны өндүрө алышы, албетте, мүмкүн эмес. Клеткаларда ойлонуу, билүү, чечим чыгаруу, план түзүү сыяктуу аң-сезимге тиешелүү өзгөчөлүктөр жок. Булардын баары асмандарды жана жерди белгилүү бир тартип менен жараткан, бир гармония жана чен-өлчөм белгилеген Аллахтын чыгармасы. Аллах бир клеткага дагы адамды таң калтыра турган аң-сезимдүү иштерди жасатуу аркылуу чексиз илиминин жана акылынын далилдерин көрсөтүүдө.

2 

Өпкөдөгү клеткалар микробду жок кылуучу бир зат чачышат.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:288875

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219424/Дарвинизмди-жокко-чыгаруучу-гормондорhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219424/Дарвинизмди-жокко-чыгаруучу-гормондорhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_darwini_yalanlayan_hormonlar2.jpgSat, 09 Apr 2016 03:12:52 +0300
Кичинекей бир молекуланын касиеттери дагы эволюция теориясын кыйратууга жетиштүү

Тромбин – фибриногенди фибринге айлантып канды уютуучу бир белок. Бирок бул белок дайыма кандын ичинде жүргөнү менен, ар дайым канды уютуп анын агышын токтото бербейт. Тамырлардын бири канаганда гана кандын уюшу керек экенин түшүнүп, канды уютат. Эгер тромбин тынымсыз канды уюта бергенде, кандагы тромбин белоктору себептүү тамырлардагы бүт кан уюп калмак жана организм жашай алмак эмес. Анда, кантип керек учурда тромбинде бир заматта канды уютуу касиети пайда боло калат?

Тромбин демейде канда активдүү эмес протромбин абалында жүрөт. Активдүү болбогондуктан, канды уютуу милдетин аткара албайт. Ушундайча организм контрольсуз бир кандын уюшунан корголот.

Бир жер жараат алганда, б.а. канаганда протромбинди активдештирип, тромбинге айландырган эмне?

«Стюарт фактору» деген бир белок протромбинге таасир берип, аны канды уюта турган тромбинге айландырат. Бирок Стюарт фактору дагы канда активдүү абалда болбойт жана аны да бирөө активдештириши керек болот.

Бул жерде бир жумуртка-тоок мисалы сыяктуу бир жагдайга туш болобуз. Стюарт фактору активдешиши үчүн акселерин аттуу башка бир белок керек. Стюарт фактору акселерин аркылуу активдешет жана активдүү Стюарт фактору протромбинди тромбинге айлантат; натыйжада канаган жер басылат. Бирок көңүл буруңуз: негизи акселерин дагы башында активдүү эмес проакселерин абалында болот. Аны эмне активдештирет? Тромбин!

Бирок тромбин эсиңизде болсо бул окуя тизмегинде проакселеринден кийинчерээк катарда турат. Бул жерде акселериндин өндүрүшүндө роль ойногон тромбин неберенин таенеси төрөлө электе бар болушуна окшошот. Стюарт фактору протромбинге өтө жай таасир бергени үчүн, канда дайыма белгилүү көлөмдө тромбин болот. Ошондуктан бул аз сандагы тромбин алгач акселеринди активдештирет жана андан соң кандын уюшуна керектүү белоктордун баары домино таштары сыяктуу катары менен активдешип, кан уюйт.

Бул жерге чейин айтылгандар кандын уюшу жөнүндөгү абдан үстүртөн маалыматтар гана. Ондогон бөлүк бири-биринен көз-каранды иштеген жана эч бири бир жолу дагы өз милдетин аткарбай койбогон мынчалык комплекстүү бир системаны кокустуктардын натыйжасында пайда болгон деп айтуу, албетте, адамдын өмүрүндөгү эң логикасыз, эң акылга сыйбас бир көз-караш болот.

Бирок эволюционисттер жандыктарды, кандын уюшу да кошо бүт системалары менен бирге, акырындап, этап этабы менен эволюциялашкан дешет. Бирок, кандын уюу процессинен да көрүнүп тургандай, бүт белоктор менен ферменттер кандын уюшунда бири-биринен көз-каранды жана бири болмоюнча экинчиси эч бир ишке жарабайт, ал тургай, ал жандыктын өлүмүнө себеп болот. Ошондуктан жандыктын жарым иштеген бир кан уюу системасы менен башка бөлүктөрдүн толукталышын күтүп отурууга мүмкүнчүлүгү да, убактысы да болбойт жана бат эле өлүп жок болот. Жыйынтыктасак, ушул бир эле мисалдан да апачык көрүнүп тургандай, жандыктар эволюция менен пайда болгон деген көз-караш акылга да, илимге да, логикага да туура келбейт. Тирүү организмдердин денелеринде буга окшогон жүздөгөн бири-биринен көз-каранды системалар бар жана бул системаларсыз организм жашай албайт.

Бул системалардын баарынын Жаратуучусу Аллах.

1 

1. Кесик; 2. Кандын сыртка агышы; 3. Протромбин; 4. Фибриноген; 5. Бир жараат болгондо канды уютуучу ферменттер өз жумушун баштайт; 6. Кандын агуу багыты; 7. Кан уюшу үчүн алгач Стюарт фактору протромбинге таасир берет; 8. Стюарт фактору; 9. Протромбин; 10. Тромбин; 11. Ошентип канда эркин жүргөн протромбин тромбинге айланат; 12. Тромбин; 13. Фибриноген; 14. Фибрин; 15. Тромбин фибриногенди фибрин жипчелерине айлантат. Ошентип кан уюйт (жара пайда болот).

Өмүрүңүздүн кылдын учунда турганын билесизби?

Бир эле ферменттин кем болушу адамзаттын тукум курут болушуна себеп боло алат. Муну түшүнүүгө бир эле мисал жетиштүү...

Нерв клеткалары денебизди тордой ороп турат. Бул нерв тармагы аркылуу тынымсыз маалымат агат. Электрдик сигналдар нервдер аркылуу мээ менен органдардын арасында тынымсыз сансыз буйрук жана сигналдарды ташып турушат.

Бирок нерв клеткалары дененин бир учунан экинчи учун көздөй созулган, бир бүтүн кабель сыяктуу эмес. Учу-учуна туташышкан, бирок ортолорунда боштуктар бар. Бири-бирине тийбей турушат.

Анда, электрдик заряд бир нервден экинчисине кантип өтөт?

Бул жерде өтө татаал бир химиялык система кызмат кылат. Нерв клеткаларынын арасында атайын бир суюктук бар жана ал суюктукта абдан өзгөчө кээ бир химиялык ферменттер болот. Ал ферменттер кереметтүү бир өзгөчөлүгүнөн улам «электрон ташый» алышат. Электрдик сигнал бир нервдин учуна жеткенде, электрондор бул ферменттерди минишет. Ферменттер болсо нервдердин арасындагы суюктукта сүзүп, электрондорду кийинки нервге өткөрүшөт. Натыйжада электрдик заряд кийинки нерв клеткасына өтүп өз жолун улантат. Бул процесс секунданын абдан кичинекей бир бөлүгүндө болуп өтөт жана электрдик заряд эч үзгүлтүккө учурабайт. Көрүнүп тургандай, адамдын денеси толугу менен бар болуп, бир эле фермент кем болсо, адам деген жандык жашабай калат же ал жандык өз функцияларын аткара албай калат. Башка миңдеген ферменттин кандайдыр бир бирөөсүнүн кем болушу да, ушундай эле жыйынтыкка алып келет. Ошондуктан эч бир жандык, эволюция теориясы айткандай, миллиондогон жыл сокур кокустуктардын аны толукташын күтүп отура албайт.

Демек, бир гана чындык бар: адам да кошо бүт жандыктар азыркы кемчиликсиз түзүлүштөрү менен бирге бир жолуда толук бойдон пайда болушкан, башкача айтканда, Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылышкан.

2 

1. Эки клетканын арасындагы боштук;
2. Электрдик сигналды ташуучу фермент.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:287958

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219423/Кичинекей-бир-молекуланын-касиеттери-дагыhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219423/Кичинекей-бир-молекуланын-касиеттери-дагыhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_evrimi_cokerten_molekul2.jpgSat, 09 Apr 2016 03:08:44 +0300
Дүйнөнүн эң комплекстүү түйүнү мээбизде

Адамдын мээсинде бир канча ишти бирдей жүргүзө ала турган бир система бар. Мисалы, бир адам мээсиндеги кемчиликсиз түзүлүштүн урматында бир тараптан машинасын айдап баратып, бир тараптан музыканы алмаштырып, үнүн оңдой алат, ал ортодо рульду да башкара алат. Бир канча жумушту бирдей жасап жатып да, алдындагы машиналарды же адамдарды сүзүп албайт. Ошол эле учурда буттары менен газ педалын башкара алат. Радио угуп анда айтылгандарды да толук түшүнө алат. Сүйлөп жаткан сөзүн калган жеринен уланта алат. Кыскасы, бир адам мээсиндеги кереметтүү кубаттуулуктун урматында бир учурда бир канча жумушту жасай алат. Муну мээдеги нерв клеткаларынын өз ара байланыштары камсыз кылат.

1

Мээдеги кемчиликсиз системаны түзгөн эң негизги элементтердин бири – бул саны 10 миллиарддын тегерегинде болгон нерв клеткалары жана бул клеткалардын арасындагы маалымат алмашууну камсыз кылган 100 триллион байланыш. 100 триллион өтө чоң бир сан. Бул сандын чоңдугу жөнүндө биохимия профессору Майкл Дентон мындай дейт:

«100 триллион, албетте, биз элестете албай турган бир сан. Американын аянтынын жарымындай бир жерди элестетиңиз. Эгер бул аймактын баарын дарак каптап турат жана ар бир дарактын 10 миң жалбырагы бар деп кабыл алсак, анда бүт ушул аймактагы жалбырактардын саны мээбиздеги байланыштардын санына жакын болот».

Мээбиздеги кереметтер байланыштардын саны менен эле чектелбейт. Себеби бул 100 триллион байланыштын баары дал керектүү жерлерде. Эгер бул байланыштардын кандайдыр бирөөсү туура эмес бир жерде болгондо же бул тармактын бир жери кем болгондо, мунун натыйжасы өтө оор болмок. Бирок мындай нерсе болбойт жана кээ бир оорулардан тышкары, кадимки шарттарда бүт адамдар аларга кадыресе сезилген, бирок түпкүрүндө триллиондогон процесстен турган бир өмүрдү сүрүшөт.

Дарвинисттер болсо бул 100 триллион байланыш кокустуктардын натыйжасында пайда болгон дешет. Башкача айтканда, алардын ою боюнча, адамдын денесин түзгөн 100 триллион клетканын 10 миллиарды кайсы бир себеп менен нерв клеткаларына айланууну чечип, формалары менен өзгөчөлүктөрүн өзгөртүшкөн. Алардын көрсөткөн керемети муну менен эле бүтпөй, 100 триллион байланышты колдонуп өз ара бири-бирине туташышкан. Жана бул 100 триллион байланыштын бирөөсүнүн дагы линиясы туура эмес болгон эмес. Дарвинисттердин мындай көз-карашы «Стамбулдай чоңдуктагы бир шаардын бүт электрдик тармагы бир түнү болгон бир бороондун натыйжасында кокустан түзүлүп, бир үй да калбай, бүт үйлөргө электрдик линия тартылып калган» деген сөздөн да алда канча логикасыз жана акылсыз. Бүт бул системаны курган жана контрольдогон улуу бир күч-кудуреттин бар экендиги апачык бир чындык. Бул күч-кудурет баарыбыздын Жаратуучубуз Аллах.

Алган маалыматтарыбыздын баары Аллахтын улуу жаратуусунун бир мисалы

Денебиздеги нерв клеткалары бир тармак сыяктуу. Бул тармак аркылуу мээ менен органдардын арасында сансыз буйрук жана сигналдар барып келип турат. Бирок бул үзгүлтүксүз бир тармак эмес, жогоруда айтылгандай, нервдердин арасында боштуктар бар. Бир кабар бул боштуктарга жеткенде, электрон ташуучу ферменттер кабарды кийинки нервге өткөрүшөт.

Электрондорду ташуучу ферменттер жүгүн түшүргөн соң кийинки нервдин учунун алдында бошоп калышат. Бирок ал жерге чогула берсе, арттан келген башка электрон көтөргөн ферменттердин жолун тосушат. Натыйжада электрдик сигналдар кийинки нервге өтпөй, агым үзгүлтүккө учурайт. Бирок мындай маселе жаралбайт. Себеби «ацетилхолинэстераза» аттуу атайын бир фермент нервдин учунун алдында чогулган химикаттарды майдалап ал жерден алыстатат. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниде «ал жерди шыпырып тазалайт». Ошентип арттан келген электрон ташыгычтардын алды тынымсыз тазаланып турат. Эч бир үзгүлтүккө жол берилбейт.

Денебиздеги он миңдеген түрдүү ферменттин арасынан бир эле «ацетилхолинэстераза» болбогондо, жашай алмак эмеспиз. Себеби бул кайсы бир мааниде бүт дененин электрдик тармагынын үзүлүшү деген мааниге келет.

Ар бир адам бул жерде өзүнө төмөнкү суроону узатышы керек: организмдин денесинде кичинекей бир нерсенин дагы унутулбашы үчүн кемчиликсиз системаларды курган, эч кандай аң-сезими, билими жана эрки жок молекулаларды эң туура жана эң акылдуу иш-аракеттерди жасай турган кылып программалаган ким?

Бүт бул акыл, билим жана кемчиликсиз чыгарманын ээси эч кандай кокустуктар эмес. Эволюционисттер бул суроолордун алдында айла жоктон унчукпай, жоопсуз калышат. Себеби ар бир ферментти жараткан, ар бирине өз милдетин тапшырган, жашоону кемчиликсиз кылып жоктон жараткан Улуу Аллах.

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)

2 

1. Нерв клеткасынын учу;
2. Ацетилхолинэстераза эң керектүү жерде орун алган;
3. Ацетилхолин ферменттери;
4. Нерв клеткаларынын арасындагы боштук;
5. Тазалоо үчүн күтүп жаткан ацетилхолинэстераза ферменти;
6. Нерв клеткасынын учу.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:286733

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219422/Дүйнөнүн-эң-комплекстүү-түйүнү-мээбиздеhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219422/Дүйнөнүн-эң-комплекстүү-түйүнү-мээбиздеhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_beyin_en_kompleks_sebeke2.jpgSat, 09 Apr 2016 03:01:30 +0300
Көрүп, бирок ойлонбогон нерселериңизде сансыз илим жана керемет жашырылган

Ар бир адам бычак манжасын кесип кеткенде, кандын кыска убакыт ичинде уюп, канабай калаарын билет. Мынчалык кыска убакытта кан кантип уюйт, денебизде кандай процесстер болот?

Кандын уюшун унаа жолунда бир кырсык болгондо, шашылыш чакыруу менен келген жол күзөт кызматынын жана тез жардамдын биринчи жардамына салыштырууга болот.

Дененин кандайдыр бир жери канаганда биринчи жардам тромбоциттерден келет. Тромбоциттер кандын ичинде чачыранды абалда жүрүшөт, ошондуктан дененин кайсы жери гана канабасын, сөзсүз ага жакын бир жерде күзөттө кыдырып жүргөн бир тромбоцит болот.

«Фон Виллебранд фактору» деп аталган бир белок болсо кырсыктын ордуна белги коюп жардам чакырган бир жол полициясындай болуп, тромбоциттерди көргөндө жолун тороп, канап жаткан жерге токтотот.

Окуя болгон жерге келген биринчи тромбоцит, чөнтөк телефону менен жардам чакырган сымал, бир зат бөлүп чыгарып, башкаларды да ал жерге чакырат.

Ал ортодо денедеги 20 фермент чогулуп, жарааттын бетинде тромбин аттуу бир белок чыгарып башташат. Тромбин ачык жараат болгон жерде гана өндүрүлөт. Бул кырсык болгон жердеги тез жардам кызматкерлеринин оорулууга керектүү дарыны ошол жерде өндүрүшү сыяктуу бир көрүнүш. Болгондо да, дары-дармек керектүү өлчөмдө гана өндүрүлүшү керек. Ошондой эле, бул белоктун өндүрүшү өз убагында башталып, өз убагында токтотулушу зарыл. Баштоо жана токтотуу буйругун бул белокту өндүргөн ферменттер өз араларында беришет.

Тромбин молекуласы жетиштүү көлөмдө өндүрүлгөн соң, фибриноген аттуу жипчелер жасалат. Бул жипчелердин өтө маанилүү бир кызматы бар: кандын бетинде бир тор пайда кылышат жана келген тромбоциттер бул торго илинип чогулушат. Бул чогулуу жетиштүү көлөмгө жеткенде кан сыртка чыкпай калат. Жараат толук айыкканда болсо уюган кан кайра ушул сыяктуу процесстер менен таратылат.

1 

1. Тери; 2. Кан тамырлары; 3. Кызыл кан клеткалары; 
4. Уюган кан; 5. Кургаган фибрин; 6. Жаранын пайда
болушу; 7. Кан тамырлары; 8. Кызыл кан клеткалары;
9. Ак кан клеткалары.

Бул жерде сөз кылынган ферменттер жана белоктор – жансыз, аң-сезимсиз, көзү жок атомдордун ар кандай формада тизилишинен келип чыккан түзүлүштөр. Булардын ар бири жараат пайда болоор замат белгилүү милдеттерди аркалап, тездик менен аккан канды токтотуу үчүн «уюшушат». Ортоктошуп иштеп бир дары өндүргөн сыяктуу керектүү белокторду «өндүрүшөт», жардам үчүн башкаларга «кабар жөнөтүшөт». Башкалар болсо кабардын маңызын «түшүнүп», шашылыш түрдө окуя болгон жерге «келишет» жана ар бири өз милдетин толук аткарат.

Муну унутпаш керек: бул жерде «уюшушат», «өндүрүшөт», «кабар жөнөтүшөт», «түшүнүшөт» ж.б. деп айтылган нерселер – болгону бир аң-сезимсиз атомдордун биригишинен келип чыккан ферменттер. Бул атом топторунун мынчалык пландуу иштерди жасашы, албетте, абдан улуу бир керемет.

Мындай системанын тирүү организмдердин денесинде кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Ар бир бөлүгү өзүнчө бир план жана эсепке таянган бул система Аллахтын чексиз илиминин, акылынын жана кудуретинин бир көрсөткүчү. Бул система кокустан пайда болгон деген пикирди жактаган дарвинисттердин канчалык логикадан тайганын бул жерден да апачык көрүүгө болот.

2 

1. Уюу клеткалары; 2. Кандын уюшу.

Иммундук клеткалар көп маалыматтуу бир эс-тутум менен жаратылышкан

3 

1. Бактерия калдыктарынын айланага тарашы
2. Жараат
3. Микробдордон чыккан калдыктар
4. Макрофаг бактерияларды жутууда
5. Макрофаг жараатты көздөй баратат
6. Макрофаг кан тамыры аркылуу жараат болгон жерге келет
7.Кан тамыры.

Денеңиздеги микробдук чабуулдардын сигналын заматта кабар алып, коргонуу коңгуроосун кагуучу клеткаларыңыз бар экенин канчалык билчү элеңиз?

Денеде кандайдыр бир инфекция болгондо, мисалы, ачык жараатыңыздын бетине микроб түшкөндө иммундук клеткалар ошол замат коңгуроо кагышат. Макрофаг аттуу бул иммундук клеткалар микробдордун чабуулун токтото алуу үчүн мүмкүн болушунча эң кыска убакытта инфекция болгон жерди аныктап, ал жерге баруулары зарыл. Инфекциянын ордун аныктоодо макрофагдар кээ бир өзгөрүүлөрдү байкашат. Мисалы, ал аймакта бактерия калдыктарынын пайда болгонун, инфекциялуу тканьдан зыяндуу заттар чыкканын жана ал жерде кандын уюшунан келип чыккан заттарды аныкташат. Эгер макрофагдар инфекциялуу тканьдын себебинен келип чыккан өзгөрүүлөрдү байкабаганда, денеге күн сайын келүүчү сансыз коркунучтардан коргоно алмак эмеспиз.

Бирок бул жерде кызыктуу бир жагдай бар. Макрофагдардын көпчүлүгү мындай чабуулду биринчи жолу көрүп жаткан болот. Анда бул микроскопиялык жандыктар тапкан нерселеринин бир коркунучтун сигналы экенин кайдан билишет? Бул жөнүндө атайын билим алышканбы?

Албетте, макрофаг деп аталган микроскопиялык клеткаларды «билим» алган деп айтууга болбойт. Бул маалыматтардын баары биринчи дүйнөгө келгенден баштап макрофагдардын эс-тутумунда болот. Жана аларга бул эс-тутумду берген, душмандан денени кандай коргоорун илхам кылган улуу бир кудурет бар. Иммундук клеткаларга дененин сыртынан келген бир чабуулдун натыйжаларын тааныштырып, аларды бул маалымат менен бирге жараткан – ааламдардын Рабби Аллах.

Бир жериңизден жараат алганыңызда аны ким айыктыраарын ойлондуңуз беле

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:285794

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219421/Көрүп-бирок-ойлонбогон-нерселериңизде-сансызhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219421/Көрүп-бирок-ойлонбогон-нерселериңизде-сансызhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_sayisiz_ilim_hucre2.jpgSat, 09 Apr 2016 02:56:23 +0300
Ферменттер болбогондо бул текстти 40 миң жылда араң окумаксыз!

Ферменттер – бул жашоонун негизин түзгөн жана жашоо менен байланыштуу химиялык өзгөрүүлөрдү «керек учурда» ылдамдаткан белок молекулалары.

Бир фермент бир реакцияны 1010, б.а. 10 миллиард эсе ылдамдата алат. Мындай ылдамдатуу болбогондо, 5 секундалык бир процесс, мисалы бир сүйлөмдү окуу 1500 жылга созулмак. Бул убакыт аралыгында башка көптөгөн керексиз химиялык реакциялар да жүргөндүктөн, жашоонун жайлаганы мындай турсун, жашоо мүмкүнчүлүгү толук жоголмок.

Ферменттердин дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – бул алардын тандаганды билиши. Ферменттер дененин каалаган реакциясын ылдамдатып, кааланбагандарды ылдамдатышпайт. Эмненин кааланып, эмненин кааланбаганын кантип билишет? Ал үчүн денеде болуп жаткан бүт реакцияларды жана функцияларды билип, эмненин, качан жана кандай өлчөмдө керек экенинен кабардар болушу керек.

Мындан тышкары, ар бир фермент белгилүү молекулалар кирген химиялык реакцияларды гана ылдамдата алат. Фермент ал үчүн атайын бөлүнгөн молекуланын белгилүү бир аймагына гана туташа алат. Ал үчүн ферменттин формасы молекуланын тиешелүү аймагына бир ачкычтын кулпуга туура келишиндей туура келиши шарт. Башкача айтканда, фермент туура молекуланы таанып, ал молекуланын тиешелүү жерин билип, ошол жерге туташышы зарыл.

Көмүртек, суутек, кычкылтек сыяктуу аң-сезимсиз, жансыз атомдордон турган, мээси, көзү, акылы жана аң-сезими жок ферменттер реакцияны ылдамдатуу жоопкерчилигин эмне үчүн өз мойнуна алышкан, туура молекулаларды жана молекулалардын тиешелүү жерин кантип аныктай алышат? Кокустуктар жана аң-сезимсиз атомдор ферменттердин жашоого керектүү экенин кантип түшүнүшкөн?

Кокустуктарды жана аң-сезимсиз атомдорду кудай катары көргөн эволюция теориясы бул суроолорго жооп бере албайт. Бул суроолордун жообу мындай: ферменттерди жашоо үчүн улуу бир кудурет, Жаратуучу Аллах жараткан.

1 

Молекулага (1) туташканы жаткан фермент (2).

Мурда эч жолукпаган микробдорго каршы чара көрө алуучу антителолор

Адамдын денесине күн сайын көптөгөн микробдор кирет. Иммундук система буларды тездик менен жок кылууга аракет кылат. Бирок жок кылына албай калган кээ бир микробдор менен чоочун заттар кан айлануу системасына кирип, кооптуулук жаратат. Мындай микробдор «антиген» деп аталат. Иммундук системанын клеткалары антигендерге каршы «антитело» деп аталган заттарды өндүрүү аркылуу аларды жок кылууга же көбөйүшүнө бөгөт болууга аракет кылышат.

Антителолордун эң негизги өзгөчөлүгү; алар табияттагы жүз миңдеген түрдүү микробду таанып, өздөрүн аларды жок кылууга даярдай алышат. Бирок эң кызыгы, лабораторияларда жасалып, адамдын денесине киргизилген жасалма антигендерди да тааный турган антителолор бар.

Бир клетка кантип жүз миңдеген түрдүү чоочун клеткаларды тааный алат? Мындан тышкары, жасалма жол менен алынган бир затты кайдан биле алат? Антитело денедеги антигендерди кандайдыр бир жол менен тааный алат деп кабыл алган күндө дагы, мурда эч көрбөгөн бир антигенди тааный алышы таң калтырбай койбойт. Болгондо да, антителолор денеге жаңы кирген бул чоочун затты заматта таанып, ага каршы колдонула турган эффективдүү курал-жарактарды да тездик менен аныктап өндүрө алышат. Дененин ичиндеги бир механизмдин сырткы дүйнө жөнүндө мынчалык таң калыштуу маалыматтарды билишин, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул жагдай эволюционисттерди чоң бир туюкка камоодо. Антителолордун денедеги ар кандай чоочун затты таануу касиетин өздөрүнүн теориясы менен түшүндүрө албаган эволюционисттер абдан логикасыз жана илимге сыйбаган сөздөр менен мындан кутулууга аракет кылышат. Эволюционист илимпоздордон Али Демирсойдун бир антителонун жасалма бир антигенди таанышы жөнүндөгү сөздөрү буга мисал боло алат:

Бирок жыйырманчы кылымда жасалма жол менен синтезделген бир химиялык затка каршы антитело жасоо системасын мурда эле иштеп чыгып койгон клетканын демек көзү ачык (Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1995, s. 420).

Профессор Демирсойдун сөзүнөн да көрүнүп тургандай, эволюционисттер организмдердеги системалардын кемчиликсиздигин кабыл алышат, бирок кызыктай жолдор менен түшүндүргөнгө аракет кылышат. «Бул бир эволюция керемети» же «бул клетка бир көзү ачык сыяктуу» деген сымал талисмандуу сөздөрү менен элди «гипноздогонго» аракеттенишет. Чындыгында болсо, бул жерде кереметтүү бир жагдай бар. «Көзү ачык» деп кээ бир маалыматтарды алдын ала билген киши айтылат. Бир клетканын бир нерсени билиши, болгондо да, өзүнөн абдан алыстагы нерселер жөнүндө маалыматынын болушу кереметтүү бир касиет. Жансыз атомдордун жыйындысынан турган бир клетканын кокустан, өзүнөн-өзү өзгөчө туюмдуу болуп калышы же жогорку маалыматтарды билип калышы, албетте, мүмкүн эмес. Мындай ойду айтуу акыл менен логиканын чегинен чыгуу деген мааниге келет. Антителолорго бул жөндөмдөр, эң майда-чүйдөсүнө чейин, чексиз илимдүү Аллах тарабынан берилген.

2 

1. В клеткалары; 2. Жилик чучугунда өндүрүлүшөт; 3. Сырттагы антигендер; 4. В клеткалары антитело жасашат;5. Антителолор; 6. Антителолор антигендерге толук туура келишет.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:285280

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219420/Ферменттер-болбогондо-бул-текстти-40http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/219420/Ферменттер-болбогондо-бул-текстти-40http://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_adnan_oktar_enzimler_olmasaydi2.jpgSat, 09 Apr 2016 02:50:30 +0300
Кызыктар дүйнөсү: Адамдын денесине кызмат кылган лизосома ферменттери

Turmush -  Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер болуп турат. Буларды өз милдетин кемчиликсиз аткарган 100 триллион клеткабыз жасайт. Бул клеткалардын ичинде өз милдетин өтө мыкты билген көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири белок өндүрөт, кээ бири ташуу кызматын аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат.

Клетканын ичиндеги бул акылдуу түзүлүштөрдүн бири – лизосома. Лизосоманы клетканын майдалагыч машинасы десек болот. Бул органеллден бөлүп чыгарылган ферменттер аркылуу денеде көптөгөн «талкалоо» иштери жасалат. Лизосома ферменттери ишке жараксыз клеткаларды бузуп, майдалап же бир түзүлүштүн айланасын орогон кабыкчаны талкалап тешүүдөн тышкары, денеде тынымсыз чоңойо берген кээ бир клеткаларды да талкалашат. Лизосома ферменттеринин мындай бузуу жумушунун дене үчүн мааниси абдан чоң.

Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин чоңоюшу менен бирге жатын да кадимки шарттарга караганда бир топко чоңойот. Бул наристенин жакшы жетилиши үчүн зарыл шарттардын бири. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң жатынга муктаждык калбайт. Ошондуктан ашыкча чоңойгон бул органды кайра мурдакы абалына алып келүү керек болот. Бул жумушту лизосома ферменттери жасайт. Наристе төрөлгөн соң белгилүү клеткалардын лизосомалары мунун кабарын алгандай болушат жана эмне кылуу керек экенин абдан мыкты билип ошол замат керектүү ферменттерди бөлүп чыгара башташат. Бул ферменттер болсо дененин ден-соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күндүн ичинде жатынды тездик менен бузуп, 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Натыйжада жатын мурдакы калыбына келе баштайт.

Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш жагында да болушат. Сперма энелик клеткага жеткенде, анын кабыгын тешүү үчүн өзүндөгү лизосома ферменттерин колдонот. Бул ферменттер энелик клетканы коргогон кабыкчаны тешип, сперманын аны уруктандырышына шарт түзүшөт.

Бул мисалдардан да апачык көрүнүп тургандай, денебиздеги механизмдердин баары бири-бирин толуктап турат. Кош бойлуулук учурунда жатынды чоңойтуучу системадан тышкары, аны мурдакы калыбына алып келе турган система да бар. Ошондой эле, бекем бир кабыкча менен корголгон энелик клетканы теше ала турган фермент дагы сперманын ичине атайын коюлган.

Дарвинисттер ушундай бири-бири менен тыгыз байланыштагы кемчиликсиз системаны кээ бир кокустуктардын натыйжасында пайда болгон жана кемчиликсиз иштеп келе жатат дешип, акыл жана логикадан абдан алыстап кетишкен. Өз ичинде кемчиликсиз иштеген бул механизмдердин денедеги бүт системаларга да төп келиши Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көз алдыга тартуулоодо.

1

1. Сперманын энелик клетканын кабыгын тешип, ичине кириши
2. Сперма энелик клеткага жеткенде аны тешүү үчүн ичиндеги лизосома ферменттерин колдонот
3. Клетканы бузууда кызмат кылган активдүү абалдагы лизосома ферменти
4. Электрондук микроскоптон активдүү абалдагы лизосома ферменттеринин көрүнүшү

Буларды төмөндө айтылгандардын ушул учурда денеңизде болуп жатканын унутпастан окуңуз

Гемоглобин молекуласы клеткаларга кычкылтек ташуу милдетин аткаруучу өзгөчө бир молекула. Гемоглобин өпкөдөгү кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газын калтырат жана ал жерден булчуңдарга өтөт. Булчуңдар болсо азыктарды күйгүзүп көмүр кычкыл газын пайда кылышат. Гемоглобин молекуласы булчуңдарга жеткенде, бул жолу тескерисинче, кычкылтекти калтырып, көмүр кычкыл газын алат.

Илимпоздор экөө эки башка болгон бул функцияларды аткарган гемоглобинди «кереметтүү бир молекула» дешүүдө. Эволюционист Гордон Рэттрей Тейлор The Great Evolution Mystery (Эволюциянын улуу табышмагы) аттуу китебинде гемоглобин молекуласы жөнүндө мындай деп жазган:

... Бул зат чындап эле кереметтүү бир молекула болгондуктан, бир убакта кычкылтек менен биригүүгө умтулса, бир канча секундадан соң бул умтулуусун жоготот. Бир заматта тандоосу көмүр кычкыл газын карай өзгөрөт. Бул болсо аны ан сайын өзгөчөлөнтөт. (Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper&Row Publishers, New York, s.108)

2

1. Гемоглобин өпкөдөн О2 алып, СО2ни калтырат.

2. О2 менен СО2 кан тамырлардын ичинде гемоглобин аркылуу  жеткирилет.

3. Ткань клеткалары.

4. СО2

5. О2

6. СО2ни калтырат

7. О2ни алат

8. Кан плазмасы

9. СО2

10. О2

11. Эритроцит

12. Капилляр

Бул айтылгандардан да көрүнүп тургандай, гемоглобин молекуласы аң-сезимдүү бир жандыктай болуп керектүү жерде жана керектүү учурда туура тандоону жасоодо. Жана эч качан кычкылтек менен көмүр кычкыл газын бири-бирине чаташтырбайт.

Микроскоптон гана көрүнө турган кичинекей бир молекуланын ойлонуу, чечим алуу жана тандоо жасоо сыяктуу өзгөчөлүктөрдү талап кылган иш-аракеттерди жасашы, албетте, ойлондурарлык көрүнүш.

Бул молекуланын кереметтүү акылдуулугу адам өмүрүнүн уланышына себепчи болууда. Адамдын денесинде бир саатта орточо 900 миллион эритроцит өндүрүлөт. Бир эритроцит клеткасында болсо болжол менен 300 миллион гемоглобин молекуласы болот. Адамдын денесиндеги гемоглобин молекулаларынын жалпы саны менен бул молекулалардын баарында бирдей жөндөмдөр бар экенин ойлогонубузда, мунун маанисин жакшыраак түшүнөбүз. 

Мындай тандоо жөндөмүнүн кокустан келип чыкпашы, кокустуктардын адамдын денесиндеги миллиарддаган гемоглобинге бул жөндөмдү бере албашы акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Гемоглобин молекуласын жаратып, жандыктардын денесине бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге орноткон Аллах.

3

1. Эритроцит
2. Гемоглобин молекуласы

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218106/Кызыктар-дүйнөсү-Адамдын-денесине-кызматhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218106/Кызыктар-дүйнөсү-Адамдын-денесине-кызматhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde-lizozom-enzimleri-160308.jpgTue, 15 Mar 2016 20:13:35 +0200
Кызыктар дүйнөсү: Бөйрөктөрүңүз медициналык маалыматтарды билиши мүмкүнбү?

Turmush -  Бөйрөктөрүңүзгө жиберилген кандагы эритроциттердин саны бөйрөктөр тарабынан тынымсыз өлчөнүп турат. Өтө так кабылдагычтар аркылуу алынган маалыматтар ошол замат анализ кылынып керектүү чаралар көрүлөт.

Бөйрөктө тазаланган кандын көлөмүндө бир азайуу байкалса, бөйрөктөрдөгү атайын клеткалардан «эритропоэтин» аттуу бир гормон чыгарылат. Бул гормон кандын өндүрүшүн көбөйтөт. Гормон бөйрөктүн сыртында, башка бир жерде жайгашкан жилик чучугуна таасир берет. Жилик чучугундагы негизги кан жасоочу клеткалар бул гормон келип, эритроциттин санынын азайганын кабар берген соң, эритроциттин өндүрүшүн ылдамдатып, кан айланууга көбүрөөк эритроцит чыгарышат. Ошентип эритроцит тең салмактуулугу жөнгө салынат.

Көрүнүп тургандай, бөйрөк клеткалары өлчөп, маалыматтарды анализ кылышат жана керектүү чараларды көрүү боюнча инициативаны колго алышат. Кабар жеткирүүчү гормон болсо дененин ичинде жолунан адашпастан, жилик чучугуна эч бузулбай жете алат. Жилик чучугундагы клеткалар болсо бөйрөктөрдөн бир гормон аркылуу жиберилген кабарды кантип чечмелөөнү билишет жана ал кабардын негизинде иш-аракет жүргүзүшөт.

Болгондо да, бул процесстердин баары миллиарддаган адамдын ар биринде дал ушундай жүрөт жана бул шайкештик бүт адамдарда бар.

Бул процесстердин баарында клеткалар кемчиликсиз бир уюштуруунун дисциплиналуу бөлүктөрү катары акылдуу иш-аракеттерди жасашууда. Бул жерде бул акылдын жана шайкештиктин булагы эмнеде деген суроого жооп берүү керек. Клеткаларды мындай акылга өзүнөн-өзү же кокустан ээ болуп калган деп айтууга болбойт. Клеткаларга бул акылды жана кандай иш-аракет кылуу керек экенин бүт баарын башкарып туруучу Аллах илхам кылууда. Аллахтан башка бир күч-кудурет жок.

1

1. Көп
2. Тең салмакта
3. Аз
4. Бөйрөк
5. Эритропоетин гормону
6. Жилик чучугу
7. Кан клеткалары

Эч бир формула өзүнөн өзү, кокустан пайда боло албайт

Инсулин – адамдын өмүрү үчүн сөзсүз керектүү болгон гормондордун бири. Бул гормон чыгарылбаса, кандагы канттын көлөмү көбөйүп, тең салмак бузулат. Бул адамдын кант комасына түшүшүнө себеп болот. Дене үчүн ушунчалык маанилүү болгон инсулин 51 аминокислотанын белгилүү бир тартипте биригишинен келип чыккан бир белок болуп саналат. Төмөндө инсулинди түзгөн аминокислоталардын аттары тоголоктордун ичине жазылып, тизилишинен келип чыккан схема чагылдырылган. Бул схемадагы аминокислоталардын катарынын бир азга эле өзгөрүшү инсулиндин өз милдетин аткара албай калышына себеп болот.

Кагаздын бетине жазылган бир формуланы көргөн ар кандай адам бул формуланын өзүнөн-өзү пайда боло албашын, анын бир адам тарабынан кагазга жазылганын билет. Инсулин гормонунун да туруктуу бир формуласы бар. Болгондо да, ушул күнгө чейин жашап өткөн адамдардын баарында ушул туруктуу формуладагы инсулин бөлүп чыгарылууда. Бул инсулиндин убакыттын өтүшү менен, акырындап кокустуктардын натыйжасында пайда боло албашын көрсөтүүгө жетиштүү. Эч бир аң-сезимсиз кокустук триллиондогон адамда бирдей формуладагы бир гормонду пайда кыла албайт. Мындай көз-караш акылга да, логикага да, илимге да туура келбейт. Инсулинди ушул формулада жараткан, анын өзгөчөлүктөрүн белгилеген, адамды эң башынан инсулин менен бирге жараткан Аллах.

2

1. Инсулин гормону;
2. Инсулин гормонунун формуласы чагылдырылган. Бул формуладагы аминокислоталардын бирөөсү эле кем болсо же орду алмашып калса, инсулин гормону өз милдетин аткара албай калат.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218105/Кызыктар-дүйнөсү-Бөйрөктөрүңүз-медициналык-маалыматтардыhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218105/Кызыктар-дүйнөсү-Бөйрөктөрүңүз-медициналык-маалыматтардыhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/kirgiz.jpgTue, 15 Mar 2016 20:00:21 +0200
Кызыктар дүйнөсү: Жынысты айырмалай алуучу молекулалар: гормондор

Turmush -  Адам денесиндеги клеткалар менен гормондордун арасында улуу бир шайкештик бар. Дене гормондорду тааныйт. Гормондор алып келген кабарларда эмне бар экенин заматта түшүнөт. Гормондор дагы дененин качан кайсы жагына бараарын жана кандай таасир берээрин абдан мыкты билишет. Аялдар менен эркектерде бир эле гормондор бөлүп чыгарылганы менен, эки жыныстагы гормондордун таасирлери такыр башка башка болот. Мисалы, FSH аттуу (фолликулду стимулдоочу) гормон аялдарда энелик клетканын пайда болушуна шарт түзөт. Эркектерде болсо ушул эле гормон сперманы пайда кылат.

LH (лютеиндештирүүчү гормон, лютропин) болсо аялдарда энелик клетканын эркин абалга келишине жана прогестерон аттуу башка бир гормондун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт. Прогестерон жатындын наристеге даярдалышында колдонулат. Ушул эле гормон эркектерде такыр башка милдетти аткарып, клеткаларды тестостерон гормонун бөлүп чыгарууга стимулдайт. Тестостерон болсо эркектик өзгөчөлүктөрдүн калыптанышына жана сперманын пайда болушуна шарт түзөт.

Бул гормондордун ар кайсы денеде бирдей формулада өндүрүлүп, бирок бири-биринен абдан айырмалуу таасирлерге себеп болушу, албетте, ойлондура турган көрүнүш.

Бир гормон эркектин денесинде бөлүп чыгарылганда клеткалардын бир эркекке тиешелүү экенин түшүнүп, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт. Мисалы, ал гормон эркектин денесинде булчуңдардын чоңойушуна, үндүн жоонойушуна жана сакал-муруттун чыгышына шарт түзөт.

Бул гормон аялдын денесинде дагы ушул эле формула менен чыгарылат, бирок аялда эркектерге тийгизген таасирлеринин дээрлик толук карама-каршысына себеп болот. Аялдарга аялдын үнүн, эркектерге эркектин үнүн берген, дененин өрчүшүн ошого жараша жөнгө салган бир гормон муну айырмалай алып жатса, демек ал аял менен эркектин денесинин анатомиясын, химиясын билет. Бул гормондун акылы бар, ал тургай, бул багытта билим алган деген мааниге келет.

Бул гормондор химияны кайдан үйрөнүшүүдө? Же бул гормондорду чыгарган клеткалар адам денесиндеги химияны түшүнүп эле тим болбостон, колдорундагы маалыматтарга карап, бир химиктей болуп өздөрүндө да өндүрүш жасап, башка клеткаларды да өндүрүш жасаганга кантип багытташууда? Булардын баарын кыла турган акылды клеткалар кайдан алышкан?

Бул акылдын клеткаларга жана ал клеткаларды түзгөн атомдорго тиешелүү эмес экени айдан ачык. Эркек менен аял үчүн өз-өзүнчө жөнгө салынган бул тартип бизге бул жерде бир жаратуу, бир план бар экенин көрсөтөт. Аллах – улуу кудуреттүү Жаратуучубуз.

1 

А. Аялдарда гормоналдык жөнгө салуу
В. Эркектерде гормоналдык жөнгө салуу

1. Гипоталамус; 2. Гипофиз бези; 3. Азыктанууу; 4. LH жумуртканы эркиндикке чыгарып, прогестерон аттуу гормонду чыгарат; 5. FSH аттуу гормон аялдарда энелик клетканы пайда кылат; 6. FSH гормону тестостеронго таасир берет; 7. LH гормону тестостеронго таасир берет; 8. Сперма өндүрүшү стимулданат.

Клеткалардагы аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасаткан күч өзүнүн бар экенинен да кабарсыз болгон бир гормон болушу мүмкүнбү?

Адам денесиндеги 100 триллион клетка тиреоид (калкан без) гормондорунун урматында өз милдетин кемчиликсиз орундатат.

Денеде тиреоид гормону канчалык көп болсо, клеткалар ошончолук ылдам иштешет. Эгер денеде жетиштүү көлөмдө тиреоид гормону чыгарылбаса, клеткалардын иш-аракеттери барган сайын жайлайт жана дээрлик токтоп калат. Ошондуктан канда дайыма белгилүү көлөмдө тиреоид гормону болушу керек.

Калкан бездин башка клеткаларга таасир берүү милдетин өз мойнуна жүктөп алышы, мындай чечимди өз алдынча чыгарышы мүмкүн эмес. Себеби башка клеткалардын бар экенинен кабарсыз. Ал болгону өз клеткаларынын ДНКларында жазылган буйруктарды толук орундатат.

Калкан безге бул жазылуу буйруктарды берген жана аларды аткарткан күч – бүт нерсени билген жана бүт майда-чүйдөсүнө чейин жараткан Аллах. Бул жердеги план жана аң-сезим калкан без деп аталган жана өзүнүн бар экенин да билбеген аң-сезимсиз бир тиштем этке эмес, Аллахка тиешелүү.

Бул чындыкты танган эволюционисттер болсо,

- калкан без өзүнөн-өзү бүт клеткаларды кыймылдатуу мажбурлугун сезген,

- ошондуктан бүт клеткаларга таасир бере турган гормондун долбоорун өз алдынча түзгөн,

- ал гормонду өз алдынча кемчиликсиз кылып өндүргөн,

- жана муну тынымсыз белгилүү көлөмдө канга чыгарып туруунун туура болоорун да калкан без өз башы менен чечкен дешүүдө.

Албетте, бул алардын бир божомолу гана. Адамдын денесиндеги бир бездин бул процесстердин баарын өз алдынча акыл жүгүртүп, жасай алышы эч мүмкүн эмес. Бүт баарын бири-бирине төп келиштирип, бири-бирине муктаж кылып жараткан – бул бүт баарын билүүчү Аллах.

2 

А. Азыраак чыгаруучу фактор; В. Аз санда тироиддикалкан безин стимулдоочу гормон; С. Кадимки тироксин деңгээли; D. Көп санда калкан безин стимулдоочу гормон; Е. Көбүрөөк чыгаруучу фактор.
1. Калкан бези; 2. Калкан безинин таасири; 3. Гипоталамус; 4. Гипофиз бези; 5. Таасирлер; 6. Көп иштөө; 7. Жайлайт; 8. Калкан бези; 9. Аз иштөө; 10. Ылдамдайт.

Бул схемада денедеги калкан бези гормонунун көлөмүнүн зат алмашууга таасири чагылдырылган.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218014/Кызыктар-дүйнөсү-Жынысты-айырмалай-алуучуhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218014/Кызыктар-дүйнөсү-Жынысты-айырмалай-алуучуhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde-bobrek-160305.jpgSun, 13 Mar 2016 23:31:20 +0200
Кызыктар дүйнөсү: Клеткалардын арасындагы байланыш түйүнү

Turmush -  Денебиздеги 100 триллион клетка бирибирименен толук гармонияда иштейт. Мындай гармониягажетүү үчүн бири-биринин функцияларынан толуккабардар болуп туруулары зарыл. Ушул максатта«гормон» деп аталган кабар жеткирүүчү молекулаларөндүрүлөт. Мисалы, калкан безинин гормону бүтклеткалардын зат алмашуу ылдамдыгын контролдойт. Инсулин гормонуденедеги бүт клеткаларга канттын киришин камсыз кылат. Альдостеронгормону бөйрөккө таасир берип, кандагы суу менен туздун деңгээлин теңсалмакка салат. Эритроциттерди жасоо үчүн эритропоэтин гормонунунсигналы керек.

Дагы жүздөгөн гормондор клеткалар арасындагы байланышты камсыз кылышат. Болгондо да, бул процесстер дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын ар биринин денесинде эч кемчиликсиз иштеп келе жатат. Гормондор болбосо, адамдын денесинде тартип болбойт, хаос жана башаламандык келип чыгат.

Бир клетка биздин көлөмүбүзгө салыштырганыбызда өзүнөн миңдеген километр алыста жайгашкан башка бир клетканын эмне жумушту жасашы керек экенин жана кайсы гормондун буга шарт түзөөрүн кайдан билиши мүмкүн? Мындан тышкары, бул гормонду өндүрүү үчүн керектүү формуланы жана материалды кайдан билип, кайдан алууда?

Бир эле ушул чындык дагы денеде бүт баарынын белгилүү бир планга ылайык улуу бир илим менен жаратылганын көрсөтүүдө. Жер жүзүндө жашаган миллиарддаган адамдын ар биринин денесиндеги 100 триллион клетканын арасындагы тартип – буларды Аллахтын жараткандыгынын жана Анын жалгыздыгынын бир далили.

Аллах чындап Өзүнөн башка Кудай жок экенине күбөлүк берди; периштелер менен илимдүүлөр да Андан башка Кудай жок экенине адилеттик менен күбөлүк беришти (күбө болушту). Азиз (Улуу) жана Хаким болгон Андан башка Кудай жок. (Али Имран Сүрөсү, 18)

1 

А. Гипоталамус
В. Гипофиз бези

1. Чоңоюу; 1а. Сөөктөр, 1b. Чоңоюу гормону
2. Калкан бези контролу; 2а. Калкан бези, 2b. Калкан безин контрольдоочу гормонTSH3. Энелик клетка жана эстрогендин чыгарылышы; 3а. Энелик клетка, 3b. Фолликул стимулдоочу гормонFSH4. Сперманын чыгарылышы; 4а. Эркектин урук бези
5. Эстроген, прогестерон чыгарылышы; 5а. Энелик клетка, 5b. Лютеиндештирүүчү гормонLH6. Тестостерондун чыгарылышы; 6а. Эркектин урук бези
7. Адренал кыртыштын контролу; 7а. Бөйрөк үстүндөгү без, 7b. Адренал кыртышты стимулдоочу гормонACTH; 8. Бөйрөк тарабынан суунун кармалышы; 8а. Бөйрөк, 8b. Антидиуретикалык гормон; 9. Сүт бездеринен сүттүн чыгарылышы; 9а. Сүт бези, 9b. Окситоцин; 10. Жатындын жыйрылышы; 10а. Жатын

Дем алуунун канчалык улуу бир керемет экенин ойлонуп көрдүңүз беле?

Төрөлгөн кезиңизден баштап эч кыйынчылыксыз дем алып, анын урматында өмүр сүрүп келе жатасыз. Бир канча мүнөткө дем ала албай калышыңыз денеңиздин бүт функцияларынын токтошуна жана көз жумушуңузга себеп болушу мүмкүн. Өмүрүңүздүн өпкөлөрүңүздөгү «сурфактант» аттуу заттан көз-каранды экенин билчү белеңиз?

Өпкөлөрүңүздү түзгөн 300 миллиондон ашуун исиркектердин (альвеола) айланасы ушул зат менен оролгон. Дем алганыңыз сайын ичи абага толуп турган бул исиркектердин ачылып-жабылышы көп деле оңой эмес. Сурфактант исиркектердин ачылып-жабылышына көмөкчү болгон бир зат...

Бул заттын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, адамдын дүйнөгө келишине толук бир ай калганда өндүрүлүп баштайт. Мунун кереметтүү тарабы мына ушул жерден башталат. Эне курсагында жатканда өпкөсүн колдонбогон наристе кантип сыртта дем алганда ушундай кыйынчылыкка туш болоорун билип, бул затты өндүрүү муктаждыгын сезиши мүмкүн? Сурфактанттын өпкөсүндөгү исиркектерге жардам берээрин кайдан биле алсын? Бул заттын исиркектердин кыймылдашына көмөкчү болоорун кайсы химия билими менен болжолдой алсын?

Бул заттын болбошу кээ бир ара туулган наристелердеги сыяктуу, баланын кыска убакыт ичинде көз жумушуна себеп болот. Бирок сейрек учурлардан тышкары мындай болбойт жана алгачкы адамдан ушул күнгө чейин миллиондогон жылдан бери толук жетилип төрөлгөн наристелердин баары ушул зат менен оролгон өпкө менен төрөлүп, эч кыйналбай дем алып баштаган.

Албетте, бул кереметтүү кубулуш наристенин да, эненин да каалоосу менен болуп жаткан жок. Бул кемчиликсиз системаны жараткан жана дал керектүү учурда иштетип баштаган Аллах.

Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

2 

1. Өпкө
2. Сурфактант менен оролгон исиркектер
3. Исиркектин кесиндиси
4. Капиллярдын кабыкчасы
5. Сурфактант катмары
6. (СО2) Көмүр кычкыл газы
7. (О2) Кычкылтек
8. Кызыл кан клеткасы

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218012/Кызыктар-дүйнөсү-Клеткалардын-арасындагы-байланышhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218012/Кызыктар-дүйнөсү-Клеткалардын-арасындагы-байланышhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde-hucreler-arasi-haberlesme-160302.jpgSun, 13 Mar 2016 23:19:58 +0200
Кызыктар дүйнөсү: Эгер эч суусабаганыңызда?

Turmush -  Денебиздеги суунун көлөмүнүн кичинекей өзгөрүүлөрүн да сезүүчү системалар бар. Алардын башында мээбиздин көлөмү буурчактай болгон гипоталамус деген бөлүгү турат. Гипоталамус өтө маани берген нерселердин бири – бул кандагы суунун көлөмү. Кандагы суунун көлөмү азайганда, кан басымы бир азга болсо да төмөндөйт. Бул жүрөктөн кандын биринчи чыкчу жери болгон аортада жайгашкан жана кан басымынын өзгөрүшүн кабылдоо милдети жүктөлгөн басым өлчөгүчтөрдү (барорецепторлорду) стимулдайт. Кан басымынын өзгөрүшүн сезген бул кабылдагычтар жагдайды ошол замат мээбиздеги гипоталамус аймагына кабар беришет. Гипоталамус болсо буга чара катары асты жагында жайгашкан көлөмү 1 см болгон гипофиз аттуу безге «АДГ» (вазопрессин) аттуу бир гормонду өндүрүп чыгаруу буйругун берет.

Бул гормон кан айлануу аркылуу узун сапарга чыгып, бөйрөктөргө жетет. Бөйрөктөрдө ачкычтын кулпуга туура келиши сыяктуу дал ушул гормонго туура келүүчү атайын кабылдагычтар бар. Гормондор бул кабылдагычтарга жетээр замат бөйрөктөргө сууну үнөмдөө тартибине өтүү кабарын жеткирет. Бул кабарды түшүнгөн бөйрөк клеткалары ошол замат денеден суунун чыгарылышын өтө төмөн деңгээлге түшүрүшөт.

Мындан тышкары, бул «вазопрессин» гормону мээбизде чаңкоо сезимин да пайда кылат. Биз болсо ичибиздеги бул кемчиликсиз системанын иштеп жатканынан эч кабарсыз, бир чыны суу ичип денебиздин суу тең салмактуулугун камсыз кылабыз.

Эгер гипофиз гормону жана бул гормон алып келген «сууну коротууну азайткыла» деген буйрукту түшүнүп аткаруучу бөйрөк клеткалары болбогондо, суу жетишсиздигинен өлүп калбаш үчүн бир күндө 15-20 литр суу ичишибиз керек болмок. Бул сууну тынымсыз сыртка чыгаруу керек болгондуктан, уктай албай же бир жерде көпкө отура албай калмакпыз.

Көрүнүп тургандай, денебиздеги суунун көлөмүн тең салмакта кармаган бул системанын бүт бөлүктөрү мээ менен ортоктошуп иштөөдө. Аортадагы клеткалар бир кабар жөнөтүп, суу жетишсиздигин кечиктирбей мээге билдирет. Мээ болсо бул кабардын эмне мааниге келээрин ошол замат түшүнүп, бир кабарчыны жолго салат жана ал кабарчы денедеги көптөгөн органдардын арасынан тиешелүү органга, б.а. бөйрөктөргө барып, эмне кылуу керек экенин айтып берет.

Бул процесстер бир күндө канчалаган жолу, биздин эч кабарыбызсыз кайталанып турат. Болгондо да, бир эле биздин денебизде эмес, айланабыздагы бүт адамдардын; мурда жашап өткөн жана мындан кийин дүйнөдө жашай турган адамдардын денелеринде да бул система бар. Баарында абдан сезгич кабылдагычтар бар. Баарынын денесиндеги клеткалар кан басымы өзгөргөндө эмне кылуу керек экенин билишет. Бүт адамдардын бул милдетти аркалаган клеткаларында кандагы басымдын өзгөрүшүн өлчөй турган түзүлүшү бар.

Мынчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир система кантип пайда болгон, жана кантип баарынын өзгөчөлүктөрү бирдей болуп калган?

Мындай механизмдин сокур кокустуктардын натыйжасында пайда болбошу акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Системанын бөлүктөрүнүн мындай өзгөчөлүктөргө өзүнөн-өзү ээ болуп калышы да мүмкүн эмес. Бир адам окуп түшүнүшү үчүн дагы көңүл буруп, ойлонуусун талап кылган бул иш-аракеттерди клеткалардын өз алдынча ойлоп таба албашы да анык. Вазопрессин денебиздеги жүздөгөн гормондун бирөөсү гана. Башка гормондор дагы денедеги органдар менен ушул сыяктуу байланышта болот. Жана эч бир гормон кабарын туура эмес бир органга алып барбайт. Жана ар бир орган ага келген гормондун алып келген кабарын туура жана толук түшүнөт. Мындай системанын улуу бир акыл тарабынан жаратылганы анык. Бул акылдын ээси бүт баарын жараткан Аллах.

Ар бир адам өзүнүн денесинде жаратылган бул кереметтер жөнүндө ойлонуп, аны кемчиликсиз кылып жараткан Аллахка шүгүр кылууга милдеттүү.

1 

1. Бөйрөк
2. Бөйрөк үстүндөгү без
3. Бөйрөк үстүндөгү бездер чаңкоо аймагын стимулдай турган гормондорду чыгарат.
4. Жүрөк
5. Жүрөктөгү барорецептордон алынган маалымат гипоталамуска барат.
6. Суу жетиштүү көлөмгө жеткенде тил менен ашказандан резерв толукталды деген кабар жөнөтүлөт.
7. Ашказан
8. Гипоталамустагы кабылдагыч клеткалар
9. Гипоталамус шилекей безине "өндүрүштү токтот" буйругун берет. Натыйжада ооз кургап баштайт.

Төрөт толгоолорунун жана эненин сүтүнүн булагы: мээде чыгарылган бир гормон

Кош бойлуулуктун мөөнөтү бүткөндө, күтүүсүз башталган төрөт толгоолору жаңы бир жашоонун башталышын сүйүнчүлөйт. Окситоцин аттуу бир гормон төрөт толгоолорун баштатуучу жана бул окуянын алгачкы кабарчысы болгон бир зат болуп саналат.

Мээден чыгарылган бул гормон негизинен эки жерге таасир берет. Биринчиси эне жатынын түзгөн булчуңдар, экинчиси болсо көкүрөктөн эне сүтүнүн чыгышына шарт түзүүчү булчуң түзүлүшүндөгү клеткалар.

Төрөт учурунда эне жатынынын жакшы жыйрылышы баланын төрөлүшү үчүн абдан маанилүү. Бул гормон жатынды түзгөн булчуңдардын абдан күчтүү жыйрылышына шарт түзөт. Бирок муну 9 ай 10 күндүк мөөнөт бүткөндө кылат. Эрте да, кеч да эмес... Себеби эки учур тең наристенин өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Убагы келгенде мээге жатындын оозундагы кабылдагычтардан сигнал жөнөтүлөт. Бул сигналдарды алган мээ болсо абдан алыста жайгашкан эне жатынындагы кабылдагычтарга эң төп келе турган окситоцинди чыгарып, максатка жете тургандай кылып жөнөтөт.

Мындан тышкары, окситоцин гормонунун дагы бир кызматы бар. Дүйнөгө келген наристеге азык болушу үчүн эне сүтүн чыгарат жана наристе бул сүт менен азыктанат.

Эми ойлонолу.

Мээбиздин кичинекей бир бөлүгүндөгү клетка кантип эне жатыны үчүн төрөттү жеңилдете турган гормонду өндүрүү чечимин чыгарган?

Бул гормон кантип дененин ичинен өз жолун таап, кандайдыр бир башка органга барбастан, керектүү жерге гана барат?

Наристе аман калышы үчүн 9 ай 10 күн эне жатынында жетилиши керек экенин билген жана бул механизмди дал керектүү учурда кыймылга келтирген акыл кимдин акылы?

Наристе азыктанышы үчүн сүт керек деп ойлонуп, ал сүттү эненин денесинен чыгартуучу системаны курган окситоцин гормонубу?

Окситоцин гормону денебиздеги миңдеген гормондун бирөөсү гана. Ушул сыяктуу, ар бир гормон өтө чоң уюштурууларды жасайт, өтө маанилүү чечимдерди алат, аларды ишке ашырат, клеткалар менен байланыш түзөт, денеге керектүү секрецияны пайда кылат, анын керектүү өлчөмүн аныктайт, убактысын жана бөлүп чыгаруу мөөнөтүн жөнгө салат, жана дагы көптөгөн татаал иштерди эч катасыз орундатат.

Таң калтырарлык даражада кемчиликсиз жана пландуу түзүлгөн бул тартиптин кокустан же өзүнөн-өзү иштебеши анык. Пландуу уюштурулган бул системалардын жана гормондордун баарын эң майда бөлүгүнө чейин жараткан жана башкарган – чексиз акыл ээси Аллах.

2 

1. ADH менен окситоцин гормондору гипоталамуста өндүрүлөт.
2. Керектүү учурда ADH менен окситоцин аксон учунан канга чыгарылат.
3. Гипофиз бези
4. Артерия
5. ADH
6. Мээден келген буйрук менен чыгарылган окситоцин аттуу гормон өз убагында төрөт толгоолорун жана эне сүтүнүн чыгарылып башташына жооптуу.
7. Жатындагы жылма булчуңдар
8. Окситоцин

9. Көкүрөктөгү сүт бездери
10. ADH бөйрөк түтүкчөлөрүнө таасир берет. Окситоцин болсо жатын менен сүт бездерине таасир берет.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218009/Кызыктар-дүйнөсү-Эгер-эч-суусабаганыңыздаhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/218009/Кызыктар-дүйнөсү-Эгер-эч-суусабаганыңыздаhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde-susamak-160301.jpgSun, 13 Mar 2016 23:05:05 +0200
Клеткалардын формасындагы долбоор эволюция теориясынын жараксыздыгына далил

Денеңиздеги болжол менен 200 түрдөн турган клеткалар кээ бир тараптардан гана бири-биринен айырмаланышат. Бул айырмачылыктардын эң негизгилеринин бири – бул алардын формасы. Нерв клеткалары, булчуң клеткалары, кан клеткалары...

Булардын баарынын механизмдери бирдей болгону менен, формалары кемчиликсиз долбоорлонгону себептүү кызмат кылган жеринде максимум натыйжа менен иштешет.

Формасы башка башка болгон клеткаларга нерв клеткалары менен кан клеткаларын мисал келтирүүгө болот. Нерв клеткаларынын жүлүндөн бутка чейин созулган, болжол менен 1 метрлик бутактары бар. Натыйжада сигналдар бир клеткадан экинчисине өтүп, эч убакыт жоготпостон бир линия аркылуу бара турган аймагына жетип алышат. Кан клеткаларынын көлөмү болсо, нерв клеткаларынын тескерисинче, 7 микрометр гана болот. Мынчалык кичинекей болушу алардын микроскопиялык өлчөмдөгү капиллярлардан кысылбай өтө алышына шарт түзөт. Ошондой эле, кичинекей дискке окшогон бул клеткалардын эки бетинин тең ичин көздөй чукурайган болушу алардын кычкылтек менен көмүр кычкыл газын алып-берүүдөгү аянтын максимумга жеткирет. Ар бир миллиметр куб канда бул клеткалардан миллиондогон даана бар экенин ойлосоңуз, газ алмашуу жасалган аянттын чоңдугун оңой эле элестете аласыз.

Көзүңүз менен кулактарыңыздагы клеткалардын формалары дагы өзгөчө. Ички кулактагы кулак чыгырыгында (улитка) кичинекей түкчөлөрдөн турган клеткалар болот. Булар үн толкундарынын таасири менен дирилдеп, кулактын ичиндеги суюктуктун толкунунан келип чыккан басымды нерв сигналына айландыруучу бир механизм кызматын аткарышат. Көздөгү жарыкты сезүүчү тордомо клеткаларынын дизайны дагы өз кызматына эң ыңгайлуу жасалган. Тордомо челдеги кумганча клеткаларында жарыкты сезүүчү пигменттерден жана нерв байламталарынан турган көп санда челдер бар. Бул кумганча клеткаларынын жарыкка карата өтө сезгич болушуна шарт түзөт.

Ичке ичегиде болсо өз кызматына ылайык формадагы, азыктарды сиңирүүчү клеткалар бар. Клеткалардын баарынын үстүңкү бөлүгү «микро түктөр» деп аталган микро көлөмдөгү жүздөгөн түкчөлөр менен капталган. Бул түкчөлөрдүн бетиндеги ташыгыч молекулалар азыктардагы ишке жарактуу бөлүктөрдү алып, ишке жарабагандарды артка кайтарышат. Ошентип азыктарды сиңирүүнүн дагы бир этабы ишке ашат.

Адамдын бүт клеткаларынын бир клетканын бөлүнүп көбөйүшүнөн пайда болгонун унутпаш керек. «Клеткалар өз кызматына эң ыңгайлуу форманы өздөрү тандап алып, дене пайда болуп жатканда ошол формага кирип калышкан» деп ойлоо логикага такыр туура келбейт. Булардын баары бизге клеткаларды, өз кызматын эң натыйжалуу жасай ала турган формада, чексиз акылдуу Аллахтын жаратканын апачык көрсөтүүдө.

1


1. Кан клеткасы

2. Нерв клеткасы

3. Көздөгү кумганча клетка

Клеткалар бири-бирин кантип тааный алышат?

Баарыбыз жогорку класста же университетте адамдын калыптанышы жөнүндөгү маалыматтарды окуган болушубуз керек. Башында бир тиштем эт болгон эмбрион акырындап формага келип, клеткалардын бир бөлүгү колдорду, бир бөлүгү ички органдарды, бир бөлүгү болсо көздөрдү пайда кылуу үчүн бөлүнүп чыгышат. Ар бир клетка бара турган жерин, кайсы органды пайда кылаарын, канчага көбөйөөрүн, качан токтоорун билет. Бирок төмөнкү абзацта айтылгандар бизге эмбриондун калыптануу процессиндеги дагы бир таң калыштуу маалыматты берүүдө:

Бир эмбриондун ар кайсы органдарына тиешелүү клеткаларды –ал чөйрөдөгү кальцийдин санын азайтуу аркылуу- бөлүп салып, андан соң ар кайсы органга тиешелүү бул клеткаларды ыңгайлуу бир шартта жакшылап аралаштырсак, бул клеткалар кайра бири-бирине тийгенде, бир органга тиешелүү клеткалар бири-бирин ТААНЫШАТ жана ар бир органдын клеткалары өз-өзүнчө топтолушат. (Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, Meteksan Yayınları, Ankara, 1998, 10. baskı, s. 40)

Башкача айтканда, клеткаларды алгач бири-биринен бөлүп салып, анан кайра кошсок, бир органды түзө турган клеткалар бири-бирин таанып, кайра биригишет.

Мээси да, нерв системасы да, көзү да, кулагы да болбогон бул клеткалар бири-бирин кантип таанышат? Ар түрдүү молекулалардын биригишинен келип чыккан бул акылы, аң-сезими болбогон клеткалар башка клеткалардын арасынан өзүнө окшош типтеги клетканы кантип тандай алышат? Кийинчерээк биригип, бир органды түзүшөөрүн кайдан билишет? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул улуу аң-сезимдин булагы эмне?

Бул аң-сезимдин булагы – бүт ааламды жоктон жараткан, ааламдардын Рабби Аллах.

2

1. Көк боор клеткасы, 2. Кемирчек клеткасы, 3. Кан клеткасы, 4. Ареол клеткасы, 5. Булчуң клеткасы, 6. Май клеткасы, 7. Сөөк клеткасы

Бир эмбриондун ар кайсы органдарына тиешелүү клеткалар ылайыктуу бир чөйрөдө аралаштырылып коюлса, бир органга тиешелүү клеткалар кайра бири-бирин таап өз-өзүнчө топтолушат.

Аллахтын бар экендигинин далилдерин айтып берүү менен адамдарды атеисттик философиялардын саздагынан куткара аласыз

Дарвинисттердин ою боюнча, бүт жандыктар башаламан кокустуктардын натыйжасында пайда болушкан. Бирок денебиздеги миңдеген комплекстүү системалар бул «кокустук» сандырагын четке кагууда. Алардын бири – бир гана клетканы кыймылдатуу милдети жүктөлгөн түкчөлөрдүн түзүлүшүндөгү миңдеген майда-бараттар.

Кээ бир клеткалар кирпикке окшогон түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Мисалы, дем алуу каналдарындагы кыймылсыз клеткалардын ар биринин жүздөгөн түкчөлөрү бар. Түкчөлөр, кайыктын калакчылары сыяктуу, бирдей кыймылдап, клетканы алга жылдырышат.

• Бир түкчөнү тигинен кессек, анын тогуз бөлөк чыбыкча (микротрубка) формасындагы түзүлүштөн тураарын көрөбүз.

• Микротрубка деп аталган чыбыкчалар бири-бирине кирген эки шакектен турат.

• Бул шакектердин бири он үч, экинчиси он «сымдан» (провод) турат.

• Микротрубкалар тубулин деп аталган белоктордон турат.

• Микротрубкада ичинде «динеин» аттуу бир белогу бар сырткы кол жана ички кол деп аталган эки бутакча болот. Динеин белогуна клеткалардын арасында мотор кызматын аткарып, механикалык бир күчтү пайда кылуу милдети жүктөлгөн.

• Тубулин белогун түзгөн молекулалар кирпичтердей болуп тизилип, клеткада цилиндрге окшогон бир форманы пайда кылышат. Бирок тубулин молекулаларынын тизилиши кирпичтерге караганда алда канча комплекстүү.

• Түкчөлөрдүн ортосунда дагы эки микротрубка болот. Булар өзүнчө турушат жана он үч тубулин лентасынан түзүлөт.

• Ар бир тубулиндин үстү жагында он даана кыска дөмпөкчө, асты жагында болсо он даана чуңкурча болот. Бул дөмпөкчө менен чуңкурчалар бири-бирине туура келе тургандай формада жаратылган. Ошондуктан өтө бекем бир түзүлүштү пайда кылышат. Өзгөчө бир долбоордо жаратылган бул дөмпөкчө, чуңкурчалардагы кичинекей бир кемчилик клетканын түзүлүшүнө зыян тийгизет.

Бул жерде кыскача жана өтө жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөлгөн бул бөлүкчөлөрдүн баары биригип бир даана түкчөнү түзүшөт жана алардын бир гана максаты бар: денеңиздеги триллиондогон клетканын бирөөсүн кыймылдатуу. Ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын дем алуу каналындагы клеткалардын ар биринде ушундай татаал бир система бар. Болгондо да, бул комплекстүү жана көптөгөн бөлүктөрдөн турган система көзгө көрүнбөгөн кичинекей клетканын ичиндеги бир түкчөнүн ички бөлүктөрү. Бул жерде канчалык кичинекей аянт жөнүндө сөз болуп жатканын төмөнкүдөй салыштыруу аркылуу жакшыраак түшүнө аласыз: жогоруда айтылгандарды бир тал чачка батыруу да адам акылына сыйбас, өтө татаал бир жумуш болмок. Бирок булар бир тал чачка салыштырууга болбой турган кичинекей түзүлүштөр. Аллах биз көрө албай турган кичинекей бир жерге өтө системалуу жана комплекстүү бир механизмди орноткон. Кокустуктардын бир клетканы кыймылдатуунун жолун ойлонуп, ал үчүн ушундай бир системаны курушу жана мынчалык кичинекей бир аянтка батырышы эч качан мүмкүн эмес.

3

1. Клетка, 2. Түкчөлөр, 3. Түкчөлөрдүн жакындан көрүнүшү, 4. Түкчөлөрдүн туурасынан кесиндиси, 5. Микротюбиктер, 6. Динеин колу.

Кээ бир клеткаларды кыймылдаткан кирпиктерге окшогон түкчөлөрдүн түзүлүшү абдан комплекстүү. Эң үстүндө түкчөлөрдү түзгөн микротюбиктер көрүнүүдө. Астында түкчөлөрдөн алынган кесиндиде бири-бирине кирип турган жуп шакек түзүлүшү көрүнүүдө.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:276800

]]>
http://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/215830/Клеткалардын-формасындагы-долбоор-эволюция-теориясынынhttp://ky.harunyahya.com/ky/Макалалар/215830/Клеткалардын-формасындагы-долбоор-эволюция-теориясынынhttp://fs.fmanager.net/Image/objects/6-makaleler/barakelde_turmush_adnan_oktar_cell_design2.jpgSat, 06 Feb 2016 23:41:26 +0200