< <
12 / total: 14

Эскертүү

Бул бөлүмдө жашоонун ӨТӨ МААНИЛҮҮ бир сырын окуйсуз. Заттык дүйнөгө болгон көз-карашыңызды түп-тамырынан өзгөртө турган бул теманы өтө көңүл коюп, жакшылап түшүнүп окушуңуз зарыл.

Бул жерде айтылгандар бир көз-караш, башкача бир подход же кандайдыр бир философиялык ой-пикир эмес; динге ишенип-ишенбегендердин баары кабыл ала турган, учурда илим да далилдеген бир чындык.

Зат Жөнүндө Башкача Бир Көз-Караш

Заттын Артындагы Сыр Темасы «Вахдети Вүжуд» Эмес

Заттын артындагы сыр темасы кээ бир кишилердин каршы чыгышына себеп болууда. Ал кишилер бул теманын маңызын туура эмес түшүнгөндүктөн, бул тема «вахдети вүжуд» көз-карашы менен бир дешүүдө.

Эң биринчиден муну айта кетүү керек; бул китептердин автору ахли сунна ишенимин бекем карманат жана «вахдети вүжуд» көз-карашын жактабайт. Ошондой эле, «вахдети вүжуд» көз-карашынын Мухйиддин Ибн Араби сыяктуу өтө чоң Ислам аалымдары тарабынан жакталганын да унутпаш керек.

«Вахдети вүхуд» көз-карашын түшүндүргөн көптөгөн белгилүү Ислам аалымынын өтмүштө ал китептердеги кээ бир нерселерди терең ойлонуп айтып бергени анык. Бирок бул эмгектерде айтылгандар «вахдети вүжуд» көз-карашы менен бирдей эмес.

Мисалы, «вахдети вүжуд» көз-карашын жактагандардын кээ бирлери туура эмес пикирлерге барып, Куранга жана ахли сунна ишенимине каршы келген кээ бир ойлорду айтышкан; мисалы Аллах жараткан нерселерди бүтүндөй жок деп эсептешкен. Ал эми «заттын артындагы сыр» темасы түшүндүрүлүп жатканда эч качан мындай пикир айтылбайт. Бул тема Аллахтын бүт заттарды, жандыктарды жаратканын, бирок жараткан нерселеринин чыныгысын Аллахтын көрөөрүн, адамдардын болсо алардын мээлеринде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн көрө алаарын түшүндүрөт.

Биз көргөн бүт нерселер, тоолор, өрөөндөр, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскасы көргөндөрүбүздүн баары, Аллах Куранда бар экенин, жоктон жаратканын билдирген жандыктардын баары жаратылган жана бар. Бирок адамдар алардын чыныгыларын (оригиналдарын) сезүү органдары аркылуу көрө албайт, сезе албайт жана кармай албайт. Адамдардын көрүп, сезгендери – алардын мээлериндеги копиялары. Бул илимий бир чындык жана учурда медицина факультеттери баш болуп, бүт окуу жайларында окутулган илимий акыйкат. Мисалы, азыр бул текстти окуп жаткан бир адам бул тексттин өзүн көрө албайт, бул тексттин өзүнө тийе албайт. Бул тексттин чыныгысынан (оригиналынан) келген нур адамдын көзүндөгү кээ бир клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылат. Ал электрдик сигнал мээнин артындагы көрүү борборуна барып, ал борборду стимулдайт. Жана адамдын мээсинин артында бул тексттин сүрөттөлүшү пайда болот. Б.а. сиз азыр көзүңүз менен, көзүңүздүн алдындагы бир текстти окуп жаткан жоксуз. Бул текст сиздин мээңиздин артындагы көрүү борборунда пайда болуп жатат. Сиз окуган текст – мээңиздин артындагы «копия текст». Бул тексттин өзүн (оригиналын) болсо Аллах көрөт.

Жыйынтыктасак, заттын мээбизде пайда болгон бир элес болушу зат «жок» деген мааниге келбейт. Бирок бизге адам көрүп, сезип, кармаган заттын маңызы жөнүндө маалымат берет; бул болсо «заттын чыныгысын эч бир адам көрүп, кармай албайт» деген чындык.

Сыртта зат бар, бирок биз заттын чыныгысына (өзүнө) эч качан жете албайбыз!

«Зат элес» деп айтуу «зат жок» деген мааниге келбейт. Тескерисинче, биз көрсөк да, көрбөсөк да заттык бир дүйнө бар. Бирок биз бул дүйнөнү мээбиздин ичинде бир копия, башкача айтканда, сезүү органдарыбыздын жоромолу катары көрөбүз. Ошондуктан, зат – биз үчүн элес. Дагы бир айта кетчү жагдай, заттын бар экенин бизден башка көргөн жандыктар да бар. Аллахтын периштелери, жазып туруу милдетин жүктөгөн элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:

Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазуучу жазып жатканда Ал сөз катары (кандайдыр бир нерсе) айткан болсо, сөзсүз жанында даяр бир көзөмөлчү бар. (Каф Сүрөсү, 17-18)

Баарынан маанилүүсү эң башта Аллах бүт нерсени көрүүдө. Бул дүйнөнү бардык майда-чүйдөлөрү менен бирге Аллах жараткан жана Аллах бүт нерсеси менен бирге көрүүдө. Куран аяттарында мындайча кабар берилет:

... Аллахтан коркуп (күнөөдөн) сактангыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү, 233)

Айт: «Мени менен араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; күмөнсүз Ал пенделеринен толук кабардар, көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)

Мындан тышкары, Аллахтын бүт окуяларды «Левхи Махвуз» аттуу китепте жазылуу сактаганын унутпаш керек. Биз көрбөсөк да булардын баары Левхи Махвузда бар. Бүт нерсенин Аллах Кабатында Левхи Махвуз аттуу «Негизги Китепте» сакталуу экени мындайча билдирилет:

Эч күмөнсүз, ал – Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан бийик, өкүм жана даанышмандыкка толо. (Зухруф Сүрөсү, 4)

...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коргогон бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)

Асманда жана жерде апачык болгон китепте (Левхи Махвузда) орун албаган жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)

Заттын Чыныгы Жүзүн Билүү

Айланасына акылы жана абийири (жүрөгү) менен көз жүгүрткөн адам ааламдагы жандуу-жансыз бүт нерсенин жаратылганын байкайт. Андай болсо, булардын баарын ким жараткан?

Ааламдын бүт тарабында көрүнүп турган «жаратылгандык» ааламдын өзү тарабынан жасалган болушу мүмкүн эмес. Мисалы, бир чиркей өзүн-өзү жараткан эмес. Күн системасы, өсүмдүктөр, адамдар, бактериялар, эритроциттер, көпөлөктөр өздөрүн өздөрүн жаратышкан эмес. Булардын баарынын «кокустан» пайда болуу ыктымалдыгы да, мурдакы бөлүмдөрдө каралгандай, мүмкүн эмес.

Ошондуктан төмөнкүдөй жыйынтыкка барсак болот: көзүбүз менен көргөндөрүбүздүн баары жаратылган... Бирок көзүбүз менен көргөн нерселердин эч кайсынысы «Жаратуучу» эмес. Демек, Жаратуучубуз көзүбүз менен көргөн нерселердин баарынан башка, жогору бир Зат. Өзү көрүнбөгөн, бирок жараткан нерселеринин баарында Өзүнүн бар экенин жана сыпаттарын көрсөткөн улуу бир кудурет.

Аллахтын бар экенин түшүнбөгөндөр мына ушул жерде жолдон адашышат. Ал кишилер «Аллахты көзүбүз менен көрмөйүнчө, Анын бар экенине ишенбейбиз» деп шарт коюп алышкан өздөрүнө. Бирок, анда, ааламдын бүт тарабында апачык көрүнгөн «жаратылгандык» чындыгын жашырууга, аалам менен жандыктар жаратылган эмес деген пикирди жактаганга мажбур болушат. Бул үчүн жалгандарды токушат. Эволюция теориясы менен материалисттик философия – бул багытта колдонулган жалгандардын жана натыйжасыз аракеттердин эң белгилүү эки мисалы.

Жаратуучуну тангандардын негизги жаңылыштыгын негизи Аллахтын бар экенин танбаган, бирок туура эмес бир Аллах ишениминде жүргөн көп адамдар да кабыл алышат. Кээ бир өлкөлөрдө коомдун көпчүлүгүн түзгөн мындай кишилер Жаратылууну апачык жокко чыгарышпайт, бирок Аллахтын «каерде» экени жөнүндө кызыктай туура эмес бир ишенимде болушат: көпчүлүгү Аллах «асманда» деп ойлойт. Ичинен Аллах өтө алыстардагы бир планетанын артында жана кээ-кээде гана «дүйнө иштерине» кийлигишет деп ишенет. Же болбосо, эч кийлигишпейт; ааламды жаратып, таштап койгон, адамдар өз тагдырларын өздөрү аныкташат... (Аллахты аруулайбыз)

Кээ бирлер болсо Раббибиз Куранда кабар берген, Аллахтын «бүт тарапта» экенин билет, бирок мунун маанисин толук түшүнө албайт. Ичинен Аллахты радио толкундар сыяктуу же көрүнбөс, сезилбес бир газ сыяктуу, заттарды ороп турат деп ойлойт. (Аллахты аруулайбыз)

Чындыгында болсо бул көз-караш жана жогоруда саналган, Аллахтын «каерде» экенин эч түшүнө албаган (балким ушул себептен апачык көрүнүп турса да, Аллахтын бар экенин акылсыздык менен жокко чыгарган) көз-караштар орток бир жаңылыштыкка таянат: алар эч негизи жок бир пикирди кабыл алып, анан Аллах жөнүндө ар кандай божомолдорду жасашат.

Бул кандай пикир?

Бул пикир заттын өзү жана сыпаты менен байланыштуу. Кээ бир адамдар заттын чыныгы маңызы жөнүндөгү жаңылыштыктарга ушунчалык алдангандыктан, бул темада балким эч терең ойлонушкан эмес. Чындыгында болсо, заманбап илим заттын маңызы жөнүндөгү көз-карашты да кулатып, өтө маанилүү жана таасирдүү бир чындыкты көрсөтүүдө. Алдыда Куранда да ишарат кылынган бул улуу чындыкты түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

Электрдик сигналдардан турган аалам

cisimden gözümüze ulaşan ışık demetleri

Stimulations coming from an object are converted into electrical signals and cause effects in the brain. When we "see", we in fact view the effects of these electrical signals in our mind.

Жашап жаткан дүйнөбүз жөнүндөгү бүт маалыматтар бизге беш сезимибиз аркылуу келет. Б.а. биз көзүбүз көргөн, колубуз тийген, мурдубуз жыттаган, тилибиз даамын таткан, кулагыбыз уккан бир дүйнөнү тааныйбыз. Төрөлгөндөн бери ушул сезүү органдарыбыздан көз-каранды болгонубуз үчүн, «тышкы дүйнө» сезүү органдарыбыз бизге тааныткандан башкача болушу мүмкүн деп эч ойлонгон эмес болушубуз керек.

Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн илим тармактарында жасалган изилдөөлөр такыр башка бир түшүнүктү алып келип, сезимдерибиз жана биз кабылдаган дүйнө жөнүндө олуттуу күмөндөрдүн жаралышына себеп болду.

Бул жаңы түшүнүк төмөнкү чындыктан келип чыкты: биз «тышкы дүйнө» катары кабылдап-сезгендерибиз – электрдик сигналдардын мээде пайда кылган таасирлери гана. Алманын кызылдыгы, тактайдын катуулугу, ал тургай, апаңыз, атаңыз, үй-бүлөңүз, менчигиңиздеги бүт мал-мүлктөр, үйүңүз, жумушуңуз жана бул китептин саптары жөнүндө алган маалыматыңыз – баары электрдик сигналдар гана. Б.а. биз эч качан тышкы дүйнөдөгү алманын чыныгы түсүн, сырттагы тактайдын чыныгы түзүлүшүн, апабыздын, атабыздын, сүйгөндөрүбүздүн чыныгы абалдарын биле албайбыз. Булардын баары сыртта Аллахтын жараткан нерселери катары бар, бирок биз өмүр бою мээбиздеги копияларын гана көрүп-сезебиз.

Муну толугураак түшүндүрүү үчүн алгач тышкы дүйнө жөнүндө бизге маалымат берген сезүү органдарыбыздан сөз кылалы.

Кантип көрөбүз, сезебиз, даамын сезебиз?

kokuyu beynimizle algılarız

Көрүү процесси көп этаптан турат. Көрүү учурунда кандайдыр бир телодон келген фотондор көздүн алды жагындагы линзанын ичинен сынып өтөт жана көздүн арт жагындагы торчого тескери болуп түшөт. Ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылган көрүү импульстары нервдер аркылуу мээнин арткы тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир аймакка жетишет. Ал электрдик сигнал бир катар процесстен соң мээдеги ал борбордо сүрөттөлүш катары кабылданат. Б.а. көрүү кубулушу чындыгында мээнин артындагы кичинекей жарык эч кире албаган, капкараңгы бир аймакта жүрөт.

Эми көбүнчө элдин баары билген бул маалымат жөнүндө дагы бир жолу жакшылап ойлонолу: биз «көрүп жатам» дегенде чындыгында көзүбүзгө келген импульстардын электрдик сигналга айланып мээбизде пайда кылган «таасирин» көргөн болобуз. Б.а. «көрүп жатам» дегенде чындыгында мээбиздеги электрдик сигналдарды көрөбүз.

Өмүр бою биз көргөн сүрөттөлүштөрдүн баары бир канча см3дук көрүү борборунда жаралат. Сиз окуп жаткан бул саптар да, айланага караганыңызда көргөн учу-кыйырсыз аалам да ушул кичинекей жерде пайда болууда. Бул жерде айта кетчү дагы бир жагдай бар. Бир аз мурда айтып кеткендей, баш сөөгү жарыкты ичкериге киргизбейт, б.а. мээнин ичи капкараңгы. Ошондуктан мээ сырттагы жарыктын өзү менен эч качан байланыш кура албайт.

Бул жердеги кызыктай жагдайды бир мисал менен түшүндүрөлү. Маңдайыбызда бир шам бар дейли. Ал шамдын маңдайына туруп аны көпкө чейин карап тура алабыз. Бирок бул убакыт бою мээбиз шамга тиешелүү жарыктын өзү менен эч качан байланышта болбойт. Шамдын жарыгын көрүп жаткан кезибизде да башыбыздын жана мээбиздин ичи капкараңгы болот. Капкараңгы мээбиздин ичинде жапжарык, түркүн-түстүү, кооз бир дүйнөнү көрөбүз.

Р. Л. Грегори көрүү кубулушундагы кереметтүү абал жөнүндө мындай дейт:

Көрүү кубулушуна ушунчалык көнүп калгандыгыбыздан, жооп берүү зарыл болгон суроолор бар экенин байкоо да терең кыялдануу күчүн талап кылат. Бирок элестетип көрүңүз. Көздөрүбүзгө кичинекей, башаламан сүрөттөлүштөр берилүүдө жана биз чөйрөбүздө аларды толук кандуу буюмдар, заттар катары көрүп жатабыз. Торчолордогу сигналдардын натыйжасында заттар дүйнөсүн кабылдап жатабыз жана чындыгында бул бир керемет, негизи.79

Бул жагдай башка сезимдерге да тиешелүү. Үн, тийүү, даам жана жыт электрдик сигналдар абалында мээге жетет жана ал жердеги тиешелүү борборлордо кабылданат. Угуу да ушул сыяктуу ишке ашат: сырткы кулак айланадагы үн толкундарын кулак лакатору аркылуу топтоп ортоңку кулакка өткөрөт; ортоңку кулак алган үн толкундарын күчөтүп ички кулакка өткөрөт; ички кулак болсо ал толкундарды электрдик сигналдарга айлантып мээге жөнөтөт. Көрүү иши сыяктуу, угуу иши да мээдеги угуу борборунда ишке ашат. Баш сөөгү жарыкты өткөрбөгөн сыяктуу, үндү да өткөрбөйт. Ошондуктан бир адам уккан үндөр канчалык күчтүү жана ызы-чуулуу болсо да, мээнин ичи толук жыржырт болот.

Анткен менен, эң тунук үндөр мээде кабылданат. Ушунчалык тунук болгондуктан, ден-соолугу жайында болгон бир адам кулагы эч кандай шуулдаксыз бүт нерсени туптунук угат. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир оркестрдин симфониясын тыңдап, бир жерге чогулган элдин бүт ызы-чуусун уга аласыз жана бир жалбырактын шуулдаганынан реактивдүү учактардын катуу үнүнө чейин кеңири жыштыктагы бүт үндөрдү кабылдай аласыз. Бирок ошол учурда өтө сезгич бир аппарат менен мээңиздин ичиндеги үндүн деңгээли өлчөнсө, ал жерде толук тымтырстык орун алган болот.

Жыт сезүү сезимибиздин пайда болушу да ушуга окшош: ванильдин жыты, розанын жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган аймагындагы кыймылдуу түкчөлөрдөгү кабылдагычтарга келишет жана ал кабылдагычтарда реакцияга киришет. Ал реакция мээбизге электрдик сигнал катары жиберилет жана жыт катары кабылданат. Биз сонун же жаман деген жыттардын баары – учуучу молекулалардын реакциясынын электрдик сигналга айландырылган соң мээдеги кабылданышы гана. Бир атырды, бир гүлдү, жактырган бир тамагыңызды, деңиз жытын, жаккан же жакпаган жыттардын баарын мээңизде сезесиз. Бирок жыт молекулалары мээге эч качан жете алышпайт. Үн менен сүрөттөлүштөгү сыяктуу мээңизге электрдик сигналдар гана жетет. Жыйынтыктасак, төрөлгөндөн бери сырттагы нерселерге тиешелүү деп ойлоп келген жыттар – бул сиз сезүү органдарыңыз аркылуу сезген электрдик импульстар гана. Бир жыттын сырттагы чыныгысын эч качан жыттап биле албайсыз.

Ошол сыяктуу, адам тилинин алдыңкы тарабында төрт типтеги химиялык кабылдагычтар бар. Алар туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдарына туура келет. Даам сезгичтерибиз бир катар химиялык процесстен соң ал сезимдерди электрдик сигналга айлантып, мээге жөнөтөт. Ал сигналдар болсо мээ тарабынан даам катары кабылданат. Бир шоколадды же жактырган бир мөмөнү жегениңизде сезген даамыңыз – бул электрдик сигналдардын мээ тарабынан жоромолдонушу гана. Сырттагы нерсеге болсо эч качан жете албайсыз; шоколаддын өзүн көрүп, жыттап жана даамын тата албайсыз. Мисалы, мээңизге барчу даам сезүү нервдери үзүлүп коюлса, ал учурда жеген нерсеңиздин даамы мээңизге барбай калат; жана даам сезүү сезимиңизден толук ажырап каласыз. Бул жерде дагы бир чындыкты көрөбүз: бир тамакты жегенде башка бирөөнүн ал тамактан сезген даамы же бир үндү укканда башка бирөөнүн андан уккан үнү меники менен бирдей деп кесе айта албайбыз. Бул чындык жөнүндө Линкольн Барнетт мындай дейт:

Эч ким өзүнүн кызыл деп көргөн өңүнүн же «до» нотасынын угулушунун башка бир адамдыкы менен бирдей же бирдей эместигин биле албайт.80

Тийүү сезимин караганыбызда да эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрөбүз. Бир нерсеге тийгенибизде тышкы дүйнөнү жана буюмдарды таанышыбызга көмөкчү боло турган маалыматтар теридеги сезүү нервдери аркылуу мээге жиберилет. Тийүү сезими мээбизде пайда болот. Көп адамдар ойлогондой, тийүү сезимин сезген жерибиз – манжабыздын учу же терибиз эмес, мээбиздеги тийүү борбору. Биз заттардан келген электрдик сигналдардын мээбизде чечмелениши натыйжасында катуулук же жумшактык, ысыктык же муздактык сыяктуу буюмдарды сыпаттаган ар кандай сезимдерди сезебиз. Ал тургай, бир буюмду тааныткан ар кандай маалыматтардын баарын ушул сигналдар натыйжасында алабыз. Бул маанилүү чындык жөнүндө Б. Рассел жана Л. Витгенштейн сыяктуу философтордун пикири мындай:

... Бир лимондун чындыгында бар же жок экенин жана кандай процесстердин натыйжасында бар болгонун сураганга жана анализдегенге болбойт. Лимон тил менен сезилген даам, мурун менен сезилген жыт, көз менен көрүлгөн түс жана формадан гана турат жана ушул сыпаттары гана илимий бир изилдөөнүн жана жыйынтыктын темасы болушу мүмкүн. Илим заттык дүйнөнү эч качан биле албайт.81

Б.а. заттык дүйнөнүн өзүн эч качан көрүп сезе албайбыз. Биз көрүп сезген зат-буюмдардын баары чындыгында көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдердин жыйындысы гана. Сезүү борборлорундагы маалыматтарды анализдеген мээбиз өмүр бою заттын биздин сыртыбыздагы «өзүн» эмес, мээбиздеги копияларын көрүп сезет. Биз болсо ал копиялардын чыныгысынын кандайлыгын эч качан биле албайбыз.

Мээбиздин ичинде пайда болгон «тышкы дүйнө»

Бул жерге чейин каралган илимий чындыктар бизди талашсыз бир жыйынтыкка алып барат: биз көргөн, тийген, уккан жана атын «зат», «дүйнө» же «аалам» деп атаган түшүнүктөрдүн өздөрүн эч качан көрүп сезе албайбыз, биз булардын мээбиздеги копияларын гана билебиз.

Мисалы, мөмө жеген бир адам чындыгында мөмөнүн мээсиндеги элесин көрүп сезет, өзүн эмес. Киши «мөмө» деп сыпаттаган нерсе – бул мөмөнүн формасы, даамы, жыты жана катуулугу жөнүндө электрдик маалыматтын мээде кабылданышы (сезилиши) гана. Эгер мээге барчу көрүү нервин үзүп койсоңуз, мөмө сүрөттөлүшү ошол замат жоголот. Же мурундагы кабылдагычтардан мээге уланган нервдин үзүлүшү жыт сезимиңизди толугу менен жок кылат. Себеби мөмө – бул бир катар электрдик сигналдарды мээнин жоромолдошу гана.

nasıl görüyoruz

Even at the moment when we feel the light and heat of a fire, the inside of our brain is pitch dark and its temperature never changes.

nasıl görüyoruz 2

Bundles of light coming from an object falls upside-down on the retina. Here, the image is converted into electrical signals and transmitted to the centre of vision at the back of the brain. Since the brain is insulated from light, it is impossible for light to reach the centre of vision. This means that we view a vast world of light and depth in a tiny spot which receives no light whatsoever.

Ой жүгүртүү керек болгон дагы бир жагдай – бул алыстык сезими. Алыстык, мисалы бул китеп менен сиздин араңыздагы аралык, мээңизде пайда болгон бир боштук сезими гана. Бир адам «менден өтө алыста» деп ойлогон заттар да чындыгында анын мээсинин ичинде. Мисалы, адам асманга карап жылдыздарды көрөт жана аларды миллиондогон жарык жылы алыстыкта деп ойлойт. Чындыгында болсо, жылдыздар анын ичинде, мээсиндеги көрүү борборунда. Буларды окуп жатканда ичинде отурам деп ойлогон бөлмөнүн да негизи ичинде эмессиз; тескерисинче бөлмө сиздин ичиңизде. Денеңизди көрүшүңүз сизди бөлмөнүн ичинде отурганыңызга ишендирет. Бирок муну унутпаңыз: денеңиздин да өзүн эч качан көргөн эмессиз, дайыма мээңизде пайда болгон копиясын көрүп-сездиңиз.

Бул нерсе башка бүт сезимдериңизге да тиешелүү. Мисалы, сиз жаныңыздагы бөлмөдөгү телевизор үнүн угуп жатам деп ойлогонуңузда, чындыгында мээңиздин ичиндеги үндү угуп жаткан болосуз. Бир канча метр алыстан келип жатат деп ойлогон үн да, жаныңыздагы кишинин сүйлөгөнү да чындыгында мээңиздеги бир качан см3дук угуу борборунда кабылданат (сезилет). Бул кабылдоо борборунун сыртында оң, сол, алды, арты сыяктуу бир түшүнүк жок. Б.а. үн оңдон, солдон же асмандан сизге келбейт; үндүн келген бир багыты жок.

beyindeki görme merkezi

All we see in our lives is formed in a part of our brain called the "vision centre" which lies at the back of our brain, and which occupies only a few cubic centimetres. Both the book you are now reading and the boundless landscape you see when you gaze at the horizon fit into this tiny space. Therefore, we see objects not in their actual sizes existing outside, but in the sizes perceived by our brain.

Сиз сезген жыттар да ушундай; эч бири алыс бир аралыктан сизге келбейт. Жыт сезүү борборуңузда пайда болгон таасирлерди сырттагы заттардын чыныгы жыты деп ойлойсуз. Бирок, бир гүлдүн сүрөттөлүшү көрүү борборунун ичинде болгон сыяктуу, ал гүлдүн жыты да жыт сезүү борборуңуздун ичинде; сырттагы гүлдүн өзүн жана жытын эч качан биле албайсыз.

Себеби сезимдерибиз бизге тааныткан «тышкы дүйнө» - бул бир убакта мээбизге жеткен «электрдик сигналдардын жыйындысы». Мээбиз өмүр бою бул сигналдарды анализдейт. Биз болсо аларды заттын сырттагы «чыныгысы» деп ойлоп, жаңылып жатканыбызды билбестен өмүр сүрөбүз. Жаңылган болобуз, себеби сезүү органдарыбыз менен заттын өзүнө эч качан жете албайбыз.

Өзүн көрүп-сезип жатам деп ойлогон «тышкы дүйнө» жөнүндөгү сигналдарды жоромолдоп бир маанини билдире турган абалга алып келген да мээбиз болот. Мисалы, угуу сезимин карайлы. Кулагыбыздын ичине келген үн толкундарын жоромолдоп (чечмелеп), аны бир симфонияга айланткан негизи мээбиз болот. Б.а. биз музыканын мээбиздин жоромолдогон абалын билебиз, сырттагы чыныгысын эмес. Түстөрдү көргөндө да чындыгында көзүбүзгө жарыктын ар кандай толкун узундуктары жеткен болот. Ал толкун узундуктарын түстөргө айландырган да кайра эле мээбиз болот. Тышкы дүйнөдөгү түстөрдүн кандайлыгы биз үчүн белгисиз. Биз алманын чыныгы кызылын, асмандын чыныгы көгүн, дарактардын чыныгы жашылдыгын эч качан көрө албайбыз. Тышкы дүйнө толугу менен кабылдагандан (сезгенден) көз-каранды.

Мисалы, көздүн торчосунун кичине жабыркашы түс сокурдугуна себеп болот. Кээ бир адамдар көктү жашыл, кээ бирлери кызылды көк, кээ бирлер болсо түстөрдү боздун ар кандай түрлөрү (б.а. ачык-боз, коюу-боз сыяктуу) көрөт. Андан соң сырттагы заттын түстүү болуп-болбошу маанисиз болуп калат.

Тышкы дүйнө болбостон да, кабылдоолор дүйнөсү пайда болушу мүмкүн

Көргөн жана сезген нерселерибиздин баарынын мээбизде пайда болоорун, сырттагы заттын өзүн эч билбешибизди көрсөткөн чындыктардын бири – бул мээбизде кабылдоолор (сезимдер) пайда болушу үчүн тышкы дүйнөгө муктаждыктын болбошу. Бүгүнкү күндө симуляторлор сыяктуу көптөгөн технологиялык ачылыштар жана ошондой эле көргөн түштөрүбүз бул чындыктын эң негизги далилдери.

Илимпоз Рита Картер Mapping The Mind аттуу китебинде «көрүү үчүн көз керек эмес» деп, илимпоздор тарабынан жасалган маанилүү бир экспериментке токтолот. Ал экспериментте көзү көрбөгөн адамдарга видео сүрөттөрдү толкундарга айландырган бир аппарат туташтырылган. Ал адамдардын көздөрүнүн жанына тагылган бир камера болсо сигналдарды ал адамдын мээсине жөнөтүп турган. Ошентип ал адам көрүү дүйнөсүнөн тынымсыз сигнал алып турган. Оорулуулар белгилүү бир убакыттан кийин чындап эле көрүп жаткан сыяктуу аракет кыла башташкан. Мисалы, аппараттардын биринде сүрөттөлүштү жакындаштыруучу бир линза бар эле. Бул линза оорулууга эскертилбестен, кыймылдатылганда оорулуу, сүрөттөлүш чоңойуп анын үстүнө келе жаткандай көрүнгөндүктөн, эки колу менен өзүн коргонгонго аракет кылган.82

Бул эксперименттен да көрүнүп тургандай, кабылдоолорубуз (көрүү, угуу, тийүү, жыт сезүү, даам сезүү сезимдерибиз) пайда болушу үчүн тышкы дүйнөдө материалдык бир оригиналынын болушу шарт эмес. Бүт сигналдарды жасалма жол менен да жасоого болот.

Түштөрдөгү «кабылдоолор (сезимдер) дүйнөсү»

kokuyu beynimizle algılarız

Because of artificial stimuli, a physical world as true and realistic as the real one could be formed in our brains without the existence of a corresponding physical reality. Because of artificial stimuli, a person could imagine that he is driving in his car, while he is actually sitting at home.

Адам тышкы дүйнө болбостон да, бүт кабылдоолорду толук кандуу сезе алат жана буга эң жакшы мисал – жогоруда да айтылгандай, түштөр. Бир адам түш көргөн учурда көздөрү жумук абалда төшөгүндө жатат. Бирок, чыныгы жашоосундагы окуялардын, сезген сезимдеринин, сигналдардын баарын түшүндө чыныгы жашоосунан айырмалай албай турганчалык даражада реалдуу сезип-кабылдайт. Бул чындыкка бул китепти окуган адамдардын баары түздөн-түз өз уйкуларында көп жолу күбө болушат. Мисалы, түнкүсүн төшөгүндө жымжырт жана тынч жерде, жанында башка эч ким жок, жалгыз жаткан бир адам түшүндө өзүн толтура кишинин арасында, коркунуч ичинде көрүшү мүмкүн. Жан алакетке түшүп ал коркунучтан качып, бир дубалдын артына жашынганын чындап көрүп сезет. Ал тургай, түшүндө көргөндөрү ушунчалык реалдуу болгондуктан, коркуу жана паника сезимин чындап коркунуч бардай толугу менен сезет. Ар добуш чыкканда жүрөгү тамагына келип, корккондон титиреп, жүрөгү бат-бат согуп, тердеп, адам денеси корккон учурда эмнелерди сезсе, кандай болсо, баарын дал ошондой сезип, башынан өткөрөт.

Түшүндө бийик жерден ылдый кулаган бир адам да муну бүт денеси менен сезет. Бирок, ал кезде төшөгүндө эч кыймылдабастан жаткан болот. Же түшүндө буту тайып көлмөнүн ичине түшкөн бир адам бүт кийимдери суу болуп, шамалдан улам үшүшү мүмкүн. Бирок жаткан жеринде суу да, шамал да жок. Ал тургай, өтө ысык бир бөлмөдө уктап жатса да, суу болуп, кадимкидей үшүйт.

Же түшүндө заттын өзүн көрүп-сезип жатам деген бир киши өзүнө аябай ишениши мүмкүн. Ага «тышкы дүйнөнүн өзүн көрүп-сезүү мүмкүн эмес» деген досунун далысына колун коюп «Сен менин колумдун далыңда турганын сезбей жатасыңбы? Демек, кантип заттын өзүн көрө албайбыз деп айта аласың? Кайдан алдың мындай сөздөрдү? Кел сени менен бир Босфордо кеме менен айланып келели, муну да бир сүйлөшөлү, буга эмне үчүн ишенээриңди да айтып бересиң» деши мүмкүн. Катуу уктап жатып көргөн бул түшү ушунчалык чындыктай болгондуктан, ырахаттануу менен машинанын ачкычын бурап, моторго акырын-акырын газ берип, анан педальды катуу басып машинасын учуртуп жөнөйт. Жолдо катуу баратканда дарактар менен жол сызыктары катуу ылдамдыктан улам бир бүтүндөй көрүнөт. Бир тараптан таза деңиз абасынан дем алат. Досуна эми каршы чыгып, мына заттын өзүн көрүп жатам деп айтайын деп даярданып жатканда, саатынын коңгуроосунан ойгонот. Бирок эң кызыгы, түшүндө заттын өзүн көрүп-сезбейбиз деген чындыкка каршы чыккан бул киши ойгоо кезинде көргөндөрүнүн мээде пайда болгон копия сүрөттөлүштөр (элестер) экенин айтып берген бир досуна да, дал ошондой каршы чыгат.

Адамдар түшүнөн ойгонгондо ал кезге чейин көргөндөрүнүн элес экенин түшүнүшөт, бирок «ойгонуу» сүрөттөлүшү (кадры) менен башталган жана «чыныгы жашоо» деп аталган жашоонун чыныгы жүзү жөнүндө эмнегедир эч күмөн санашпайт. Чындыгында болсо, «чыныгы жашообуз» деп атаган сүрөттөлүштөрдү кабылдоо (көрүп-сезүү) жолубуз менен түштөрүбүздү кабылдоо (көрүп-сезүү) жолубуз толугу менен бирдей. Экөөсүн тең мээбизде көрөбүз. Жана түшүбүздөн ойготулмайынча, алардын бир элес экенин билбейбиз. Ойгонгондо гана «демек көргөндөрүм бир түш экен» дейбиз. Андай болсо азыр көрүп жаткандарыбыздын бир түш эмес экенин кантип далилдей алабыз? Али ойготула элек болгонубуз үчүн гана азыркы жашап жаткандарыбызды чындык деп ойлошубуз мүмкүн. Ар түнү көргөн түштөрүбүздөн көбүрөөккө созулган бул түштөн бир күнү ойготулганда, бул чындыкты көрүшүбүз мүмкүн. Жана бул мындай эмес деп, далилдей ала турган колубузда эч кандай далилибиз жок.

Дүйнө жашоосунун бир түш сыяктуу экенин, бул түштөн «улуу бир ойгонуу» менен ойгонгондо гана адамдардын түш сыяктуу бир ааламда жашаганын түшүнөөрүн Ислам аалымдары да айтышкан. Улуу илими себебинен Шейхи Экбер (Эң улуу шейх) катары эскерилген улуу Ислам аалымы Мухйиддин Араби бир сөзүндө Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын бир хадисинин негизинде дүйнө жашоосун түштөрүбүзгө төмөнкүчө окшоткон:

Азрети Мухаммед Алейхиссалам «адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат» деген. Демек, дүйнө жашоосунда көргөн нерселери уктап жаткан кишинин түшүндө көргөн нерселери сыяктуу...83

Бир аятта болсо Аллах адамдардын кыямат күнү кайрадан тирилтилгенде мындай деп айтаарын кабар берет:

«Оо шорубуз, бизди уйкубуздан ким тирилтип-тургузду? Бул – Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (элчи)лер туура айтышкан экен» дешти. (Йасин Сүрөсү, 52)

Аяттан да көрүнүп тургандай, адамдар кыямат күнү бир түштөн ойгонгондой ойгонушат. Бир адам катуу уктап, түш көрүп жаткан кезде кокустан ойготулса, мени ким ойготту деп сураган сыяктуу, бул адамдар да бизди ким ойготту деп сурашууда. Аллах бул аятта да кабар бергендей, бул дүйнө жашоосу бир түш сыяктуу, жана ар бир адам бул түштөн ойготулуп, чыныгы жашоосу болгон акырет жашоосунун сүрөттөлүштөрүн (кадрларын) көрүп баштайт.

Кабылдаган (сезген) ким?

New Scientist

The findings of modern physics show that the universe is a collection of perceptions. the following question appears on the cover of the well-known American science magazine New Scientist, which dealt with this matter in its 30 January 1999 issue: "Beyond Reality: is the Universe Really a Frolic of Primal Information and Matter Just a Mirage?"

Бул жерге чейин айтылгандардан түшүнүктүү болгондой, ичинде жашап жатам деп ойлогон жана «тышкы дүйнө» деп атаган заттык дүйнөнүн өзүн эч качан көрүп-сезе албайбыз. Бирок эң маанилүү суроо ушул жерде туулат: биз билген эч бир заттык нерсенин өзүнө жете албасак, анда мээбиз кандай? Мээбиз да колубуз, бутубуз же башка кандайдыр бир нерсе сыяктуу заттык дүйнөнүн бир бөлүгү болгондуктан, анын да тышкы дүйнөдөгү чыныгысына эч качан жете албайбыз.

Мээни анализ кылганда, башка органдарда да болгон белок жана май молекулаларынан тышкары башка бир материалды көрбөйбүз. Б.а. мээ деп аталган бир кесим этте сүрөттөлүштөрдү карап жоромолдой турган, аң-сезимди түзө турган, кыскасы, «мен» деген нерсени пайда кыла турган нерсе жок.

Р.Л. Грегори мээнин ичинде сүрөттөлүштү көрөбүз деген адамдардын жаңылыштыгын төмөнкүчө айтат:

Көздөр мээде сүрөттөлүштөрдү пайда кылат деген пикирден качынуу керек. Мээде бир сүрөттөлүш пайда болот десек, аны көрүү үчүн ичте дагы бир көз болушу керек, бирок ал көздүн сүрөтүн көрүү үчүн дагы бир көзгө муктаждык бар... жана бул болсо чексиз көздөр жана сүрөттөр деген мааниге келет. Мындай нерсе мүмкүн эмес.84

Заттан башка эч нерсе жок деген материалисттер ушул жерде туюкка кабылышат: көргөн, көргөнүн кабылдаган жана ага жооп берген «ичтеги көз» кимге тиешелүү?

Карл Прибрам да илим жана философия дүйнөсүндө кабылдоону сезгендин ким экендиги менен байланыштуу бул маанилүү изденүүгө мындайча көңүл бурган:

Гректерден бери философтор «машинанын ичиндеги элес», «кичинекей адамдын ичиндеги кичинекей адам», сыяктууларды ойлонуп келишүүдө. «Мен» - мээни колдонгон нерсе – каерде? Аң-сезимдин ээси ким? Ассиздик Ыйык Франциск да айткандай: «Издегенибиз – карагандын эмне экендиги.»85

Эми муну ойлоп көрүңүз: колуңуздагы китеп, сиз ичинде отурган бөлмө, кыскасы, алдыңыздагы бүт сүрөттөлүштөр мээңиздин ичинде көрүнүүдө. Андай болсо бул сүрөттөлүштөрдү атомдор көрүп жатабы? Болгондо да, сокур, дүлөй, аң-сезими жок атомдор... Эмне үчүн атомдордун бир бөлүгүнүн мындай касиети бар болуп, башкаларыныкы жок болсун?... Ойлонушубуз, түшүнүшүбүз, эстешибиз, сүйүнүшүбүз, кайгырышыбыз, булардын баары ошол атомдордун арасындагы химиялык реакциялар элеби?

Бул суроолорду терең ойлонгонубузда, атомдордо бир «эркти» издөөнүн туура эмес болоорун көрөбүз. Көргөн, уккан жана сезген нерсенин заттан тышкары, башка бир нерсе экени анык. Андай болсо бул сүрөттөлүштөрдү мээңиздин ичинде ким көрүп жатат? Мээңиздин ичинде бир көзгө муктаж болбостон бул китептин сүрөттөлүшүн көргөн, көргөндөрүн түшүнгөн, окугандарынан таасирленген, алар жөнүндө ойлонгон ким? Мээге жеткен электрдик сигналдарды бир кулакка муктаж болбостон бир досунун үнү же эң жактырган ыры катары уккан, уккандарынан ырахат алган ким?

Бул нерсе – «рух».

Сырттагы заттын мээдеги копияларын көргөн, уккан, сезген, кабылдаган, жоромолдогон – бул рух. Бул саптарды жазган жана окуган акылдуу нерселер – атом менен молекулалардын жыйындысы жана алардын арасындагы химиялык реакциялар эмес, «рухтар».

Чыныгы абсолюттук Зат

Бул чындыктардын баары бизди өтө маанилүү дагы бир суроого алып барат: заттык дүйнөнүн чыныгысы жөнүндө эч нерсе билбесек жана мээбиздеги копия сүрөттөлүштөрдү гана көрүп-сезип жаткан болсок, анда бул сүрөттөлүштөрдүн булагы эмне?...

Биздин рухубузга жылдыздарды, дүйнөнү, өсүмдүктөрдү, адамдарды, денебизди жана көргөн башка нерселердин баарын тынымсыз көрсөтүп жаткан ким?

Биз жашап жаткан бүт заттык ааламды жараткан жана тынымсыз жаратып турган улуу бир Жаратуучунун бар экени анык. Ал Жаратуучу чексиз кудуреттүү жана илимдүү.

atom nöron

The brain is a collection of cells made up of protein and fat molecules. It is formed of nerve cells called neurons. There is no power in this piece of meat to observe images, to constitute consciousness, or to create the being we call "myself".

Ал Жаратуучу – ааламдардын Рабби Аллах.

Асмандардын жана жердин, б.а. ааламдын туруктуу жана бекем эмес экени, Аллахтын жаратышы менен гана тураары жана жаратууну токтоткондо жок болоору бир аятта төмөнкүчө айтылат:

Күмөнсүз, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 41)

Мурда да айтып кеткендей, көп адамдар Аллахтын кудуретин түшүнө албагандыктан, өтө караңгылык менен Улуу Аллахты асмандардын бир жеринде турган жана дүйнө иштерине кийлигишпеген бир зат деп ойлошот (Аллахты аруулайбыз). Мындай туура эмес логика аалам заттардын гана жыйындысы, Аллах болсо ал заттардын «сыртында» бир жерлерде деген жаңылыш көз-караштан келип чыгат (Аллахты аруулайбыз).

Чыныгы абсолюттук зат – Аллах. Б.а. Аллах гана бар, зат абсолюттук (өз башынча бар болгон) бир нерсе эмес. Сырттагы заттык дүйнө – Аллахтын жараткан нерсеси, Аллах «бүт жерде» жана бүт жерди ороп-курчап турат. Бул чындык Куранда төмөнкүдөй кабар берилет:

Аллах... Андан башка кудай (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Аллахтын мейкиндиктен көз-карандысыз экени жана бүт тарапты курчап тураары башка бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:

Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Күмөнсүз, Аллах курчоочу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)

Бул чындыкты түшүнүү натыйжасында шерик кошпостон, Аллахты жалгыз деп билген ыйман толук мааниде жаралат. Себеби Аллахтан башка бүт нерселердин элес (көлөкө) нерселер экенин билген бир адам чыныгы бир ыйман менен (хаккель йакин даражасында) «бир гана Аллах бар, Андан башка кудай (кудуреттүү нерсе) жок» дейт.

Аллахты көзү менен көрбөгөнү үчүн Аллахтын бар экенине ишенбегендердин материалист пикирлери да заттын чыныгы жүзүн түшүнгөндө толугу менен кулайт. Себеби бул чындыкты түшүнгөн киши өзүнүн бир элес сыпатында экенин түшүнөт. Элес бир жандыктын болсо абсолюттук бир Затты көрө албашын түшүнөт. Куранда адамдардын Аны көрө албашын, бирок Өзүнүн болсо аларды көрөөрүн Раббибиз мындайча айтат:

Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат... (Энъам Сүрөсү, 103)

Албетте, биз адамдар Аллахтын затын көздөрүбүз менен көрө албайбыз. Бирок, Аллахтын биздин ичибизди, сыртыбызды, көздөрүбүздү, ойлорубузду толугу менен курчап тураарын билебиз. Ушул себептен Аллах Куранда Өзүнүн «кулактардын жана көздөрдүн кожоюну» (Йунус Сүрөсү, 31) экенин кабар берет. Аллахтын кабары болбостон, биз бир сөз да сүйлөй албайбыз, ал тургай, бир жолу да дем ала албайбыз. Аллах биздин кылгандарыбыздын баарын билет, бул Куранда мындайча белгиленет:

Күмөнсүз, жерде жана асманда Аллахтан эч нерсе жашыруун калбайт. (Али Имран Сүрөсү, 5)

Заттын тышкы дүйнөдөгү чыныгысын көрүп-сезип жатабыз деп ойлоп, мээбиздеги копия дүйнөнү көрүп жатканда да, б.а. өмүр сүрүп жатканыбызда да, бизге эң жакын зат – бул Аллахтын Өзү. Аллах Куранда кабар берген «Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктарды берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз» (Каф Сүрөсү, 16) аятынын сыры да ушул чындыкта жашырылган. Аллах адамды бүт тарабынан курчап турат жана ага «чексиз жакын».

Аллах адамдарга «чексиз жакын» экенин «Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын...» (Бакара Сүрөсү, 186)аяты аркылуу да кабар берет. Башка бир аяттагы «Раббиң албетте адамдарды толук курчап турат» (Исра Сүрөсү, 60) сөзү да бул чындыкты кабар берет.

Адам өзүмө эң жакын нерсе өзүммүн деп ойлоп жаңылат. Чындыгында болсо Аллах бизге өзүбүздөн да жакыныраак. «Жан тамакка келип тыгылганда, ал убакта силер карап-турасыңар, Биз ага силерден жакыныраакпыз; бирок көрбөйсүңөр.» (Вакыа Сүрөсү, 83-85) аяттары менен да бул чындыкты Раббибиз Куранда билдирген. Бирок, аятта да айтылгандай, кээ бир адамдар көздөрү менен көрбөгөнү үчүн бул кереметтүү чындыктан бейкапар жашашат.

Кээ бир адамдар бул өтө маанилүү чындыкты билбей жашашат. Аларды Аллах жаратканын кабыл алышат, бирок кылган иштерин өзүбүз жасап жатабыз деп ойлошот. Чындыгында болсо, адамдын ар бир кыймылы Аллахтын уруксаты менен жаратылат. Мисалы, бир китеп жазган адам Аллахтын уруксаты менен ал китепти жазат. Ал китептеги ар бир сүйлөм, ар бир пикир, ар бир абзац, Аллахтын уруксаты менен, куралат. Аллах бул өтө маанилүү чындыкты көп аяттары аркылуу кабар берет. Бул аяттардын бири «... силерди да, кылып жаткандарыңарды да Аллах жараткан» деген аят (Саффат Сүрөсү, 96). Аллах «... ыргыткан кезде сен ыргыткан жоксуң, Аллах ыргытты...» (Энфал Сүрөсү, 17) аяты аркылуу болсо кылгандарыбыздын баарынын Өзүнө тиешелүү экенин билдирет.

Чындык ушундай. Бир адам муну кабыл алгысы келбеши мүмкүн, бирок ал эч нерсени өзгөртпөйт.

Заттын чыныгы жүзүн билүү дүйнөгө болгон ач көздүктү жок кылат

Бул жерге чейин айтылгандар өмүрүңүздө сизге айтып берилген эң улуу чындыктардын бири. Себеби бүт заттык дүйнөнүн чындыгында бир «элес нерсе» экенин далилдеген бул чындык – Аллахтын бар экендигин жана жаратуусун түшүнүүнүн, Анын жалгыз абсолюттук зат экенин түшүнө алуунун ачкычы. Ошол эле учурда адамдын канчалык алсыз экендигинин илимий жана четке кагылгыс бир далили жана Аллахтын кереметтүү чеберчилигинин бир көрүнүшү. Ушул себептен бул илим адамдарды ыйман кылууга мажбурлоодо. Кээ бир адамдардын бул чындыктан качышынын негизги себеби мына ушул болууда.

Бул жерде айтылгандар бир физика мыйзамы же бир химия формуласындай эле так чындыктар. Адамдар керек болгондо эң татаал математика маселелерин да чыгара алышат, түшүнүү кыйын болгон көп теманы түшүнө алышат. Бирок ушул эле кишилерге «зат адамдардын мээсинде пайда болгон бир сүрөттөлүш гана, заттын өзүн эч качан көрө албайбыз» деп түшүндүрүлгөндө, муну эч түшүнүшпөөдө. Муну өтө «апыртмалуу» бир «аңкоолук» дегенге болот. Себеби бул жерде айтылгандарды түшүнүү бир адамдын «эки жерде эки канча болот?», «канча жаштасың?» деген сыяктуу суроолорго бере турган жоопторундай оңой. Дүйнөнү каерде көрөсүң деп кайсы илимпоздон, кайсы неврология профессорунан сурабаңыз, сизге «албетте мээмде» деп жооп берет. Ал тургай, бул чындыкты жогорку класстын биология китептеринен да таба аласыз. Бирок ушунчалык ачык болсо да, заттык дүйнөнү мээбизде кабылдашыбыз жөнүндөгү маалыматты жана ал маалыматтан келип чыккан жыйынтыктарды көп адамдар түшүнмөксөн болушууда. Илим тарабынан далилденген эң маанилүү чындыктардын биринин адамдардан мынчалык жашырылышы, албетте, өтө чоң окуя.

Адамдардын бүт илимий чындыктарды оңой гана кабыл алып, бул чындыктан мынчалык коркуп качышынын негизги себеби болсо – бул заттын чыныгы жүзүн түшүнүүнүн бүт адамдардын жашоого көз-карашын түп-тамырынан өзгөртүшү. Затты жана өздөрүн абсолюттук нерсе деп кабыл алгандар жана бүт жашоосун ушунун негизинде кургандар бир заматта өздөрүнүн, жубайларынын, балдарынын, колундагы бүт байлыгынын элес экенин түшүнүшөт. Адамдардын бул чындыктан мынчалык коркушунун, түшүнүп туруп түшүнмөксөн болушунун, башталгыч класстагы бала да оңой гана түшүнө алчу бир чындыкты өтө негизсиз сөздөр менен жок кылууга аракеттенишинин түпкү себеби – бул дүнүйөлүк амбицияларын жоготуу коркуусу.

dış dünya

If one ponders deeply on all that is said here, one will soon realise this amazing, extraordinary situation by oneself: that all the events in the world are but mere imagination …

Мал-мүлктөргө, балдарына, дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына ач көздүк менен ээ чыккан бирөө үчүн бул чындап эле чоң бир коркуу алып келет. Себеби бул чындыкты түшүнгөндө, өлө элек туруп өлгөн, мал-мүлкү менен жанын тапшырган болот. Аллах «Эгер силерден аларды(н баарын) талап кылып силерди жылаңач калтырса, сараңдык кыласыңар жана силердин ачууңарды да ачыкка чыгарган болот.» (Мухаммед Сүрөсү, 37) аяты аркылуу адамдардан бүт мал-мүлкүн талап кылганда, алардын кандайча тырышып, сараңдык кылаарын жана ачууланаарын кабар берет. Бир адам заттын чыныгы жүзүн түшүнгөндө болсо ансыз да мал-мүлкүнүн, жанынын Аллахка тиешелүү экенин, бере турган же бербей тырыша турган бир нерсеси жоктугун түшүнүп, өлбөстөн туруп бүт нерсеси менен Аллахка өзүн тапшырат. Чын ниеттен ыйман кылгандар үчүн бул бир жакшылык, кадыр-барк жана Аллахка жакындоого бир себепчи болот. Ыймансыз же ыйманы алсыз адамдар болсо бул жакшылыкты түшүнө албаганы үчүн бул чындыкты өтө өжөрлүк менен танышат.

Заттын маңызы темасын адамдар билсе, кандай коом келип чыкмак

Заттын оригиналын көрбөгөнүн, Аллах аларга көрсөткөн сүрөттөлүштөр менен гана аралашып жашаганын билген адамдардын бүт жашоосу, жашоого көз-карашы жана баалуулуктары өзгөрөт. Бул адамдар үчүн да, коом үчүн да пайдалуу өзгөрүү болот. Себеби бул чындыкты көргөн адам Аллах Куранда билдирген ыймандуунун бийик адеп-ахлагына оңой эле жете алат.

Дүнүйөгө маани бербеген, заттын элес экенин түшүнгөн адамдар үчүн маани берилиши керек болгон нерсе руханий баалуулуктар болот. Аллахтын дайыма аны укканын жана көргөнүн билген, кылган ар бир иши үчүн акыретте эсеп берээрин түшүнгөн бир адам сөзсүз жакшы адеп-ахлактуу болот, Аллахтын буйрук жана тыюуларына ылайык жашоого болгон күчү менен аракет кылат. Натыйжада коомдо бүт адамдар бири-бирин сүйүп, урматташып, жакшы жана сонун иштерде бири-бири менен жарышышат. Адамдар арасындагы баалуулуктар өзгөрөт, материалдык нерселер маанисин жоготот, натыйжада адамдар арасындагы жогорулук бийлик жана байлыкка жараша эмес, адеп-ахлакка жана такыбага (Аллах коркуусуна) жараша болот. Эч ким элес болгон нерселердин артынан чуркабайт, бүт адамдар чындыктын артынан жүрөт. Адамдар «ким эмне деп ойлойт?» деп ойлонбойт, «Аллах эмне кылсам, менден ыраазы болот?» деген ой менен аракет кылат. Мал, мүлк, кызмат жана бийликтен пайда болгон бой көтөрүү, көбүү, өзүмчүлдүк сезимдеринин ордун жөнөкөйлүк жана алсыздыгын толук түшүнүү сезимдери ээлейт. Натыйжада адамдар өз каалоосу менен Куранда айтылган сонун адеп-ахлакта болушат. Мындай өзгөрүүлөр болсо бүгүнкү күндөгү коомдордун көптөгөн маселелерин чечет.

sörf

The World in Dreams

For you, reality is all that can be touched with the hand and seen with the eye. in your dreams you can also "touch with your hand and see with your eye", but in reality, then you have neither hand nor eye, nor is there anything that can be touched or seen. There is no material reality that makes these things happen except your brain. You are simply being deceived.

What is it that separates real life and dreams from one another? Ultimately, both forms of living are brought into being within the brain. If we are able to live easily in an unreal world during our dreams, the same can equally be true for the world we live in while awake. When we wake up from a dream, there is no logical reason not to think that we have entered a longer dream called "real life". the reason we consider our dream a fancy and the world 'real' is only a product of our habits and prejudices. This suggests that we may well be awoken from the life on earth, which we think we are living right now, just as we are awoken from a dream.

rüya

Кичинекей кызыкчылык үчүн да ачууланган, мушташка жулунган адамдардын ордун көргөндөрүнүн баарынын элес экенин билген, ошондуктан ачуулануу, кыйкырып өкүрүү сыяктуу мамилелердин аны уят кылаарын түшүнгөн адамдар ээлейт. Мунун натыйжасында адамдарда жана коомдордо бейпилдик менен ишенимдүүлүк орноп, бүт адамдар жашоосунан жана колундагы нерселеринен ыраазы болот. Адамдардан жашырылган бул чындыктын адамдарга жана коомдорго тартуулай турган немат-жакшылыктарынын кээ бирлери мына ушулар. Бул чындыкты билүү, ойлонуу жана турмушка ашыруу менен бирге адамдар мындан да көптөгөн жакшылыктарга жетишет. Бул кооздуктарга жетүүнү каалагандар болсо бул улуу чындыкты жакшылап ойлонушу жана түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Аллах бир аятында мындайча билдирет:

Чындыгында, силерге Раббиңерден баам-парасат (терең акыл) келди. Ким баам-парасат менен байкаса өзүнө пайда, ким көр болсо (көргүсү келбесе) өзүнө зыян... (Энъам Сүрөсү, 104)

Материалисттердин туура эмес логикалары

Бул бөлүмдүн башынан бери заттын, материалисттер айткандай, абсолюттук бир нерсе эместигин, заттын сырттагы чыныгысын эч качан көрүп-сезбешибизди илимий далилдери менен көрдүк. Материалисттер болсо бүт философияларын жок кылган бул апачык чындыкка өтө догматикалык каршы чыгышып, негизсиз логикаларды айтышууда.

Мисалы, материалисттик философиянын 20-кылымдагы эң белгилүү жактоочуларынын бири болгон, күчтүү марксист Жорж Политцер буга өз оюнда маанилүү бир далил катары «автобус мисалын» берген. Политцердин айтуусу боюнча, заттын мээбиздеги копиясын көрөөрүбүздү жактаган ойчулдар да жолдо автобусту көргөндө тебелеп кетпеши үчүн качышат.86

Дагы бир белгилүү материалист Джонсон болсо ага заттын өзүн эч көрө албашыбыз айтып берилгенде, таштарды тээп бул чындыкты танууга аракеттенген.87

Маркс, Энгельс, Ленин сыяктуу белгилүү материалисттердин китептеринде дайыма ушул сыяктуу мисалдар жана «заттын чыныгы маңызын таяк жегенде түшүнөсүңөр» деген сыяктуу ачуулуу сүйлөмдөр орун алат.

Материалисттер «элес» түшүнүгүн көрүү сезими менен гана байланыштуу деп ойлоп жаңылышат. Чындыгында болсо, көрүү эле эмес, тийүү, сүзүү, сокку, катуулук, оору, ысыктык, муздактык, суу болуу сыяктуу сезимдердин баары – көрүү сыяктуу эле, адамдын мээсинде пайда болгон элестер. Мисалы, автобуска отуруу үчүн автобустун эшигинин муздак металлын колунда сезген бир адам чындыгында ал «муздак металл сезимин» мээсинде сезет. Бул апачык жана белгилүү бир чындык. Тийүү сезими, жогоруда да айтылгандай, бир адамдын –мисалы манжаларынан келген нерв импульстары- мээсинин белгилүү бир чекитинде пайда кылган бир сезим. Сезген манжаларыбыз эмес. Адамдар муну илимий жактан да түшүндүрүлгөндүктөн кабыл алышат. Бирок, автобустун эшигин кармоо эмес, автобустун адамды сүзүшү жөнүндө сөз болгондо болсо, б.а. бул тийүү сезими күчтүүрөөк жана оорутуучу болгондо болсо, анда абал башкача деп ойлошот. Чындыгында болсо, оору же сокку да мээде сезилет. Бир автобус сүзүп кеткен бир адам соккунун күчүн жана оорунун баарын мээсинде сезет.

otobüs örneği

Why is it not then that when it (soul) comes up to the throat, and you at that time look on, We are nearer to him than you, but you see not. (Surat al- Waqia, 83-85)

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн түштөрдү эстөө пайдалуу болот. Адам түшүндө да аны автобус сүзгөнүн, кырсыктан соң көзүн ооруканада ачканын, операция жасалганын, докторлордун сөздөрүн, үй-бүлөсүнүн паника болуп ооруканага келгенин, майып болуп калганын же жанынын катуу ооруганын көрүшү мүмкүн. Түшүндөгү бүт мындай окуялардын сүрөттөлүштөрүн, үндөрүн, катуулук сезимин, ооруну, жарыкты, ооруканадагы түстөрдү, ар кандай сезимдерди туптунук жана кадимкидей көрүп-сезет. Жана булардын баары чыныгы жашоодогудай табигый жана ынандырарлык болот. Ал убакта түшүнүн ичиндеги бирөө ага түш көрүп жатасың, көрүп жаткандарың бир элес десе ага ишенбейт. Чындыгында болсо, көргөндөрүнүн баары элес жана автобустун да, оорукананын да, түшүндө көргөн денесинин да тышкы дүйнөдө материалдык чыныгысы жок. Түшүндө көргөн денесинин жана автобустун материалдык чыныгысы болбосо дагы, «чыныгы бир денени» «чыныгы бир автобус» сүзгөндөй сезе алат.

Демек, материалисттердин «заттын чыныгы жүзүн таяк жегенде түшүнөсүң», «тизеңе бир тепки жегенде, заттын өзүн көрүп-көрбөгөнүң жөнүндө күмөн санабай каласың», «ит көргөндө бирок качасың», «автобус сүзгөндө мээңде же мээңде эмес экенин түшүнөсүң», «копия сүрөттөлүштөрдү көрүп жаткан болсоң, анда чоң жолго чыгып машиналардан качпай ортодо тур» деген сыяктуу каршы чыккан сөздөрүнүн эч кандай мааниси жок. Катуу сокку, жан ооруткан иттин тиштери, катуу бир муштумдун тийиши заттын өзүн көрүп жатканыбыздын далили боло албайт. Себеби, жогоруда айтылгандай, ушундай эле нерселерди түшүңүздө да, материалдык чыныгысы болбостон эле көрүп-сезе аласыз. Мындан тышкары, бир сезимдин күчтүү болушу ал сезим мээде пайда болгон жок деген мааниге келбейт. Бул илимий жактан далилденген апачык бир чындык. Кээ бир адамдардын трассадан өтө ылдам өтүп бараткан бир автобусту же ал автобус себеп болгон бир кырсыкты заттын физикалык чыныгысын көрүп-сезээрибиздин бир далили деп ойлошунун себеби – ал сүрөттөлүштүн адамды жаңылта турганчалык реалдуу көрүнүшү жана сезилиши. Сүрөттөлүштөрдөгү, мисалы трассадагы тереңдик жана перспективанын кемчиликсиздиги, ал жерде көрүнгөн нерселердин түсү, формасы, көлөкөсү менен кемчиликсиз көрүнүшү, үн, жыт жана катуулук сезимдеринин өтө тунук болушу жана сүрөттөлүштүн ичинде бир логикалык бүтүндүктүн болушу кээ бирлерди жаңылтууда. Жана кээ бир адамдар мындан улам алардын элес (кабылдоо) экенин унутуп калышууда. Бирок мээде пайда болгон элестер канчалык кемчиликсиз жана толук кандуу болбосун, баары бир алар элес бойдон кала берет. Адам трассада баратып бир кырсыкка туш болсо да, жер титирөөдө кулаган бир үйдүн астында калса да, өрттө жалындардын ортосунда калса да, тепкичтерге чалынып куласа да, мындай окуялардын баарын мээсинде көрүп-сезет жана эч качан чыныгыларын көрүп-сезе албайт.

Бир адам трассадагы бир автобустун алдына секиргенде, мээсиндеги автобус мээсиндеги денесин сүзөт. Ал адамдын бул кырсыктан каза болушу, денесинин талкаланышы да бул чындыкты өзгөртпөйт. Эгер адамдын мээсинде көргөн бул окуя өлүм менен аяктаса, Аллах ал адамга көрсөткөн сүрөттөлүштү бир парданы алып салгандай алып салат жана ал кишиге башка бир сүрөттөлүштү, б.а. акыретке тиешелүү сүрөттөлүштөрдү көрсөтөт. Бул чындыкты азыр чын ниеттен ойлонуп түшүнбөгөндөр өлөөр замат түшүнүшөт.

Нервдерди параллельдүү туташтыруу мисалы

Политцердин жол кырсыгы мисалын карайлы: бул кырсыкта автобустун астында тепселген кишинин беш сезим органынан мээсине барган нервдер, башка бир адамдын, мисалы Жорж Политцердин мээсине параллельдүү бир туташтыргыч менен туташтырылса, кырсыкка кабылган кишини автобус сүзгөн кезде ал убакта үйүндө отурган Политцерди да автобус сүзөт. Аныгыраагы, кырсыкка туш болгон адамдын сезгендеринин баарын, бир магнитофонго уланган эки башка колонкадан бир ырды укканга окшоп, Политцер да сезип баштайт. Политцер да үйүндө отурган абалында автобустун тормозунун үнүн, автобустун денесине тийгенин, сынган колдун жана аккан кандардын көрүнүштөрүн, сынган жерлердин ооруларын, операция бөлмөсүнө кирип бараткан көрүнүштөрдү, столдун катуулугун, колунун алсыздыгын сезип, көрөт жана башынан өткөрөт.

Кырсыкка кабылган адамдын нервдери канча кишиге туташтырылган болсо, алардын баары, дал Политцер сыяктуу, кырсыкты башынан аягына чейин баштарынан өткөрүшөт. Кырсыктагы адам комага кирсе, баары комага киришет. Ал тургай, бул авто кырсыкка тиешелүү кабылдоолордун баары бир аппаратка сакталып коюлса жана бул кабылдоолор кайра кайра артка түрүлүп, башка бир кишиге жиберилсе, ал кишини кайра кайра автобус сүзөт.

Демек, андай болсо, кимди сүзгөн автобус чыныгы? Материалист философиянын бул суроого бере ала турган парадокссуз бир жообу жок. Туура жооп мындай: авто кырсыкты баары өз мээсинде бүт майда-баратына чейин сезишет.

Торт жеш жана ташты тебүү мисалдары деле ушундай. Торт жегенде торттун курсагын толтурганын жана тойгонун сезген Энгельстин сезүү органдарына тиешелүү нервдер параллельдүү абалда экинчи бир кишинин мээсине туташтырылса, Энгельс торт жеп тойгон убакта ал киши да торт жеп тойот. Ташты тепкенде буту ооруган материалист Джонсондун нервдери параллельдүү башка бир кишиге туташтырылса, ал киши да ташты тээп, буту ооруйт.

Андай болсо кайсы торт менен кайсы таш чыныгы? Материалисттик философия буга да парадокссуз бир жооп бере албайт. Туура жана парадокссуз жооп мындай: Энгельс да, берки киши да тортту өз мээлеринде жеп тоюшкан болот. Джонсон да, берки киши да ташты тебүү учурун өз мээлеринде бүт майда-бараттарына чейин башынан өткөрүшкөн болот.

Жогоруда Политцер менен байланыштуу берген мисалды төмөнкүчө өзгөртөлү: үйүндө отурган Политцердин нервдерин автобус сүзгөн адамдын мээсине, автобус сүзгөн адамдын нервдерин болсо Политцердин мээсине туташтыралы. Бул учурда болсо Политцер үйүндө отурган абалда мени автобус сүздү деп ойлосо, автобус сүзгөн адам болсо кырсык канчалык күчтүү болсо да, муну эч байкабайт, себеби өзүн үйдө отурам деп ойлойт. Бул логиканы торт жеш жана ташты тебүү мисалдарына да колдонууга болот.

Булардын баары материализмдин канчалык күчтүү бир фанатизм экенин көрсөтүүдө. Бул философия «зат гана бар» деген гипотезага таянат. Бирок, чындыгында адам «заттан башка эч нерсе жок» деп айткыдай заттын өзүн эч качан көрүп-сезе албайт да. Биз билген аалам – бул, чындыгында мээбизде көргөн кабылдоолор (элестер) ааламы.

Англис философ Дэвид Юм (David Hume) бул чындык жөнүндөгү көз-караштарын төмөнкүчө айтат:

Чын ниеттен өзүм деп атаган нерсе менен бирге болгонумда мен ысык же суук, жарык же көлөкө, ашык болуу же жек көрүү, азап же жыргал менен байланыштуу атайын бир сезимдерге дайыма кабылам. Мен бир сезимдер (элестер) болбостон, кандайдыр бир учурда өзүмдү эч качан кармай албайм жана эч качан элестерден башка бир нерсени байкай албайм.88

Кабылдоолордун мээде пайда болгону – бир философия эмес, илимий чындык

Материалисттер бул жерде айткандарыбызды философиялык бир көз-караш дешүүдө. Чындыгында болсо, биздин «тышкы дүйнөнүн» өзүн эч качан көрүп-сезе албашыбыз бир философия эмес, илимий бир чындык. Сүрөттөлүштүн жана сезимдердин мээде кантип пайда болоору учурда медицина факультеттеринде терең окутулат. Заманбап физика баш болуп 20-кылымдын илими ортого койгон чындыктар заттын конкреттүү бир реалдуулукка ээ эместигин, бүт адамдардын бир мааниде «мээсиндеги экранды» көрөөрүн апачык көрсөтүүдө.

Муну атеист болсун, будист болсун, башка бир көз-караш же пикирдеги адам болсун, илимге ишенгендердин баары кабыл алууга мажбур. Бир материалист өз оюнда Аллахтын бар экенин танышы мүмкүн, бирок бул илимий чындыкты тана албайт.

Ал доордун илим түшүнүгү менен илимий мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болсо да, Карл Маркс, Фридрих Энгельс, Жорж Политцер жана башкалардын мынчалык оңой жана апачык бир чындыкты түшүнө албашы, ошентсе да, таң калыштуу. Бирок бүгүнкү күндө илим менен технологиянын мүмкүнчүлүктөрү өтө өнүктү жана бул мүмкүнчүлүктөр ансыз да апачык болгон бул чындыкты түшүнүүнү андан да жеңилдетүүдө. Материалисттер болсо толук болбосо да муну кандайдыр бир деңгээлде түшүнүшүп, экинчи жагынан мунун алардын философиясын тамырдан кулатканын байкашып, өтө коркушууда.

Материалисттердин чоң коркуусу

Материалисттер бул коркуу менен паникасын көптөн бери өздөрүнүн маалымат каражаттарында, конференцияларында, панельдеринде бийик үн менен айтышууда. Алардын тынчсызданган жана үмүтсүз сөздөрүнөн олуттуу бир пикирдик кризиске туш болушканы көрүнүүдө. Философияларынын негизи болгон эволюция теориясынын илимий тараптан кыйратылышы менен ансыз да олуттуу бир шокко киришкен эле. Бирок эми дарвинизмден алда канча маанилүү бир таянычын, түздөн-түз «зат абсолюттук нерсе» деген ишенимдерин жоготуп башташканын түшүнүштү жана андан да чоң бир шокко киришти. Бул теманын алар үчүн «эң чоң коркунуч» экенин, алардын «маданий кыртыштарын бүтүндөй кулатканын» айтып башташты.

Түркиядагы материалист чөйрөлөрдүн мындай тынчсыздануу менен паникасын эң ачык айткандардын бирөө материализмди жактоону өзүнө милдет кылып алган Bilim ve Ütopya (Илим жана утопия) журналынын жазуучусу жана университет мугалими Реннан Пекүнлү болду. Пекүнлү бул журналда жазгандарында болсун, башка панельдерде болсун, Evrim Aldatmacası (Эволюция алдамчылыгы) китебин биринчи кезектеги «коркунуч» катары көрсөттү. Пекүнлүнү эң көп тынчсыздандырган нерсе болсо – китептин дарвинизмди жараксыз кылган бөлүмдөрү эмес, азыр сиз окуп жаткан жана Evrim Aldatmacası аттуу китепте да орун алган бөлүм эле. Окурмандарына жана (өтө аз сандагы) угармандарына «өзүңөрдү эч идеализмдин бул пикирлерине алдыра көрбөгүлө, материализмде бекем тургула» деген Пекүнлү өзүнө таяныч катары Орусиядагы кандуу коммунисттик төңкөрүштүн лидери Владимир И. Ленинди тапкан. Ленин бир кылым мурда жазган Материализм жана эмпириокритицизм аттуу китепти окугула деп баарына сунуштаган Пекүнлү Ленинге тиешелүү болгон «эч бул теманы ойлоно көрбөгүлө, болбосо материализмден айрыласыңар жана өзүңөрдү динге алдырасыңар» деген сабатсыз эскертүүлөрдү кайталагандан башкага жарабады. Пекүнлү жогоруда айтылган материалист журналда жазган бир макаласында Лениндин төмөнкү саптарын колдонгон:

Сезимдерибиз менен кабылдаган заттык чындыкты бир жолу эстедиңби, шектенүүгө (агностицизм) жана субъективдүүлүккө жылгандыктан, фидеизмге (диний ишенимге) каршы колдоно турган бардык куралдарыңдан айрыласың; бул болсо фидеизмдин каалаган нерсеси. Манжаңды алдырдыңбы, алгач колуң анан өзүң кетесиң. Сезимдерди заттык дүйнөнүн бир көрүнүшү катары эмес, атайын бир мүчө катары алганда, башкача айтканда, материализмден орун бергениңде, өзүңдү (өздүгүңдү) фидеизмге алдырасың. Кийин сезимдер эч кимдин сезимдери болот, акыл эч кимдин акылы, рух эч кимдин руху, каалоо эч кимдин каалоосу болот.89

Бул саптар Ленин түшүнүп өтө корккон жана өз башынан да, «жолдошторунун» баштарынан да өчүрүүнү каалаган чындыктын бүгүнкү материалисттерди да өтө коркутуп жатканын көрсөтүүдө. Бирок Пекүнлү менен башка материалисттер Ленинден алда канча көбүрөөк тынчсызданышууда; себеби бул чындыктын мындан 100 жыл мурдага караганда өтө ачык, так жана күчтүү далилдер менен ортого коюлганын түшүнүп турушат. Бул тема бүт дүйнө тарыхында биринчи жолу ушунчалык күчтүү далилдер менен түшүндүрүлүп жатат.

RenanPekunlu

Turkish materialist writer Rennan Pekunlu says that "the theory of evolution is not so important, the real threat is this subject", because he is aware that this subject nullifies matter, the only concept in which he has faith.

Бирок ошентсе да, көп материалист илимпоздордун «заттын өзүн эч качан көрүп-сезе албашыбыз» жөнүндөгү чындыкты өтө үстүртөн карашканы көрүнүп турат. Себеби бул жерде айтылгандар бир адамдын өмүрүндөгү эң маанилүү жана эң көңүлүн толкундата турган нерселердин бири. Алардын мынчалык маанилүү бир темага мурда туш болгону мүмкүн эмес. Ошого карабастан, ал илимпоздордун реакциясы жана сөздөрү менен жазгандары алардын өтө үстүртөн ойлонушканын көрсөтүүдө.

Кээ бир материалисттердин бул жерде түшүндүрүлгөндөргө көрсөткөн реакциясы материализмге болгон сокур бекемдигинин аларды логикалык жактан бузганын жана ушул себептен бул теманы түшүнүүдөн өтө алыс калышканын көрсөттү. Мисалы, дагы бир Bilim ve Ütopya журналынын жазуучусу жана университет мугалими Алаеттин Шенел, Реннан Пекүнлү сыяктуу, «дарвинизмдин кыйратылышы эч нерсе эмес, негизги коркунуч ушул тема» деп, өздөрүнүн философиясынын бир таянычы жоктугун сезгендиктен «андай болсо силер айткандарыңарды далилдегиле» деген мааниге келген талаптарды койгон. Бирок эң кызыгы бул киши өзүнүн бул чындыкты эч түшүнө албаганын көрсөткөн саптарды жазган.

Мисалы, Шенел толугу менен ушул темага арналган бир макаласында тышкы дүйнөнүн мээнин ичинде сүрөттөлүш катары кабылданаарын кабыл алган. Бирок «мээмдеги сүрөттөлүштөрдүн тышкы дүйнөдө чыныгысынын бар же жок экенин билбейм, бирок телефондо сүйлөшкөнүмдө да абал ушундай эле; телефондо сүйлөшкөндө сүйлөшүп жаткан кишини көрө албайм, бирок кийин жолугуп сүйлөшкөндө ал маекти тастыктай алам» деп жазган.90

Бул киши мындай салыштыруусу менен муну айткысы келген: «Эгер сезимдерибизден (кабылдоолорубуздан) күмөн санасак, заттын өзүн карап чындыкты текшере алабыз.» Чындыгында болсо, бул өтө чоң бир жаңылыштык, себеби биз эч качан заттын өзүнө жете албайбыз. Эч качан мээбиздин сыртына чыгып, «сыртта» эмне бар экенин биле албайбыз. Телефондогу үндүн бир кишиге тиешелүү экенин телефондогу кишиге тастыктатууга болот. Бирок бул тастыктатуу да толугу менен мээде болуп өтөт.

Бул кишилер ушундай эле окуяларды түштөрүндө да көрүшөт. Мисалы, Шенел түшүндө да телефон менен сүйлөшкөнүн, анан аны сүйлөшкөн кишисине тастыктатканын көрүшү мүмкүн. Же Пекүнлү түшүндө да «чоң коркунучка» кабылганын сезип, аны угуп жаткандарга Лениндин бир кылым мурдакы эмгектерин сунушташы мүмкүн. Бирок бул материалисттер эмне гана кылышпасын, башынан өткөргөн окуяларынын, сүйлөшкөн кишилеринин чыныгыларын эч качан көрүп-сезе албашын тана алышпайт.

Материалисттер тарыхтын эң чоң тузагына түшүштү

Түркиядагы материалист чөйрөлөрдө чыккан жана бул жерде бир канчасы гана мисал келтирилген паника атмосферасы негизи материалисттердин тарых бою болуп көрбөгөн чоң жеңилүүгө туш болгонун көрсөтүүдө. Заттын өзүн көрүп-сезбешибиз жөнүндөгү чындык заманбап илим тарабынан далилденди жана болгондо да, апачык, так жана күчтүү далилдер менен ортого коюлду. Материалисттер эч далилсиз ишенип, таянып келген заттык дүйнөнүн ичиндеги бүт нерсеси менен бирге бүтүндөй жок болгонун көрүшүп, ага каршы эч нерсе кыла албай жатышат.

Адамзат тарыхы бою материалисттик көз-караш дайыма болуп келген жана ал кишилер өздөрүнө жана жактаган философиясына өтө ишенишип, өздөрүн жараткан Аллахка аңкоолук менен баш көтөрүшкөн. Алар чыгарган акыл менен илимге сыйбас сценарий боюнча, заттын башы жана аягы жок эле жана булардын баарынын Жаратуучусу болушу мүмкүн эмес эле (Аллахты аруулайбыз). Бой көтөрүүдөн улам гана Аллахты танышып, «зат абсолюттук (Жаратуучусуз, өзүнөн-өзү бар болгон) нерсе» деген жалгандын артына жашынышкан. Бул философияларына ушунчалык ишенишип, эч качан мунун мындай эместигин далилдей турган бир жооп келип чыкпайт деп ойлошкон.

Мына ушул себептен, заттын чыныгы жүзү жөнүндө бул китепте айтылган чындыктар ал кишилерди өтө чоң паникага салды. Себеби бул жерде айтылгандар алардын философиясын тамырынан кыйратып, талашканга да эч мүмкүнчүлүк калтырган жок. Бүт ой-пикирлерин, өмүрлөрүн, текебердигин жана атеизмин таяган зат колдорунан бир заматта учуп кетти.

Аллахтын бир сыпаты – бул каапырларга тузак курушу. Куранда «алар бул тузакты даярдап жатышканда, Аллах да бир тартип (бир жаза) куруп жаткан. Аллах тартип куруучулардын (тузактарына жооп бергендердин) жакшысы» (Энфал Сүрөсү, 30) аяты аркылуу бул чындык кабар берилет.

Аллах заттын өзүн көрүп-сезип жаткандай сездирип материалисттерди тузакка түшүрдү жана тарыхта болуп көрбөгөндөй уят кылды. Мал-мүлктөрүнүн, кызматтарынын, наамдарынын, айланасындагы адамдардын, бүт дүйнөнүн жана чындыгында копияларын гана көрүп жаткан бүт нерсенин өзүн билебиз деп ойлошкон, жана ал тургай, аларга ишенип, наадандык менен, Аллахка карата бой көтөрүшкөн (Аллахты аруулайбыз). Өтө акылсыздык кылышып, текеберленип, Аллахка баш көтөрүшкөн жана каапырчылыкта өтө алдыга кетишкен. Мындай мамилесинде таянган жалгыз нерселери зат болгон. Бирок ушундай аңкоолукка түшүшүп, Аллахтын аларды толук ороп-курчап тураарын эч ойлоп да коюшкан эмес. Аллах каапырлардын аңкоолуктан улам түшө турган абалын Куранда төмөнкүчө кабар берген:

Же болбосо, алдамчы бир тартип (тузак) кургулары келип жатабы? Бирок (чындыгында) ошол каапырлар өзү алдамчы-тузакка түшүшөт. (Тур Сүрөсү, 42)

Бул балким тарыхтагы эң чоң жеңилүүдүр. Материалисттер өз ойлорунда бой көтөрүп жатып, чындыгында чоң бир тузакка түшүштү жана Аллахка карата наадандардай күрөш жүргүзүшүп толук жеңилишти. «Ошентип Биз ар өлкөнүн алдыңкыларын –ал жерде алдамчы-тузактар курушсун деп- ал жердин кылмышкер-күнөөкөрлөрү кылдык. Чындыгында болсо, алар алдамчы-тузакты өздөрүнө гана куруп жатышканын билишпейт» (Энъам Сүрөсү, 123) аяты Жаратуучубуз Аллахка сабатсыздык менен баш көтөргөн ушул сыяктуу каапырлардын канчалык аңкоо экенин жана аларды кандай жыйынтык күтүп турганын ачык кабар берет.

Башка бир аятта болсо бул чындык төмөнкүчө кабар берилет:

(Өз ойлорунда) Аллахты жана ыйман кылгандарды алдашат. Чындыгында болсо, алар өздөрүн гана алдап жатышат жана муну билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 9)

Каапырлар өз ойлорунда тузак курууну көздөп жатканда, Аллах аятта «билишпейт» деп айткандай, өтө маанилүү бир чындыкты байкашкан эмес: баштарына келген бүт окуялардын мээлеринде көргөн копия сүрөттөлүштөр экенин жана жасаган ар бир иши сыяктуу, курган тузактарынын да мээлеринде жаратылган бир сүрөттөлүшүн көрүп жатышканын... Ушундай аңкоолуктары себебинен Аллах менен жалгыз экенин унутушуп, өздөрүн өздөрү алдамчы бир тузакка түшүрүштү.

Башка доорлордогу сыяктуу, бул доордо да Аллах каапырлардын бүт алдамчы-тузактарын тамырынан кулата турган бир чындыкка аларды беттештирди. Аллах «...Эч күмөнсүз, шайтандын алдамчы-тузагы өтө алсыз» (Ниса Сүрөсү, 76) аяты менен бул тузактардын жаңы курулган кезде эле кулай турган болуп курулаарын да кабар берген. Жана ыймандууларды болсо «...алардын алдамчы тузактары силерге эч кандай зыян тийгизе албайт...» (Али Имран Сүрөсү, 120) аяты менен сүйүнчүлөгөн.

Аллах башка бир аятында каапырлардын алданышын мындайча кабар берет: «...алардын кылгандары түптүз бир талаадагы заакымга окшош; суусаган аны бир суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде эч нерсе таба албайт жана жанында Аллахты көрөт...» (Нур Сүрөсү, 39). Материализм философиясы да ушул аятта ишарат кылынгандай, Аллахты тангандар үчүн бир «заакым» болот; ага ишенип колдорун созушканда, бул философиянын алдамчылыгын түшүнүшөт. Аллах аларды ушундай бир заакым менен алдап, бүт кабылдоолордун (элестердин) чыныгысын көрүп жаткандай көрсөткөн. Профессорлор, астрономдор, биологдор, физиктер, наамдары, кызматтары кандай гана болбосун, затты өздөрүнө акылсыздык менен кудай тутунганы (Аллахты аруулайбыз) себептүү бул оюнга жаш баладай алданып, уят болушту. Мээлеринде көргөн копия сүрөттөлүштөрдү абсолюттук (эч нерседен көз-карандысыз, өзүнөн-өзү бар) деп ойлошуп, ага таяп философияларын, идеологияларын курушуп, ал жөнүндө өтө талашып-тартышышып, «интеллектуалдуу» сүйлөмдөрдү колдонушкан эле. Мындан улам өздөрүн өтө акылдуу элестетип, ааламдын маңызы жөнүндө ой жүгүртө алабыз деп ойлошкон жана эң негизгиси өздөрүнүн чектүү акылдары менен Аллах жөнүндө күмөндөрдү айтышкан эле. Аллах алар түшкөн мындай абалды бир аятында мындайча кабар берет:

Алар (ишенбегендер) бир тартип (план) түзүштү. Аллах да (ага карата) бир тартип түздү. Аллах тартип түзүүчүлөрдүн эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 54)

Дүйнөдө кээ бир тузактардан кутулуу мүмкүн; бирок Улуу Аллахтын каапырларга курган бул тузагы ушунчалык бекем болгондуктан, каапырлардын эч кутулуу мүмкүнчүлүгү калган жок. Эмне гана кылышпасын, кимге гана кайрылышпасын, аларды куткара турган Аллахтан башка бир жардамчы да таба алышпайт. Аллах Куранда кабар бергендей, «...өздөрүнө Аллахтан башка бир (өкүл) коргоочу дос жана жардамчы таба алышпайт.» (Ниса Сүрөсү, 173)

Материалисттер мындай тузакка түшөөрүн эч күткөн эмес эле. 20-кылымдын бүт мүмкүнчүлүктөрү колубузда турганда Аллахты жокко чыгарууну улантабыз жана адамдарды да атеизмге сүйрөйбүз деп ойлошкон эле. Аллах каапырлардын тарых бою уланып келген мындай ойлорун жана жеткен жыйынтыгын Куранда төмөнкүчө кабар берген:

Алар алдамчы бир тузак курушту. Биз да (алардын тузагына каршы) алар байкабаган бир тузак курдук. Эми сен алар курган алдамчы-тузактын жеткен жыйынтыгын кара; биз аларды жана коомдорун баарын чогуу жер менен жексен кылдык. (Немл Сүрөсү, 50-51)

Аяттарда айтылган чындыктын бир мааниси мындай: материалисттерге колдорундагы бүт нерсенин мээлериндеги копияларын гана көрүп жатканы көрсөтүлдү, б.а. колдорундагы нерселердин баары чогуу жок кылынды. Жана алар чыныгыларынын кожоюнубуз деп ойлогон мал-мүлктөрүнүн, заводдорунун, алтындарынын, долларларынын, балдарынын, жубайларынын, досторунун, кызмат жана наамдарынын, ал тургай, өз денелеринин да колдорунун арасынан жылмышып чыгып баратканына күбө болушуп, бир мааниде «жок болушту». Зат абалынан чыгып, эми бир рух болуп калышты.

Албетте, бул чындыкты түшүнүү – материалисттер үчүн эң коркунучтуу окуя. Себеби бул өздөрү айткандай, алар үчүн дүйнөдө туруп, «өлбөй туруп өлүү» деген мааниге келет.

Аллах «аны жалгыз кылып (жана жапжалгыз) жараткан (бул адам)ды Мага кой» (Мудессир Сүрөсү, 11) аяты аркылуу ар бир адамдын Улуу Аллах Кабатында негизи жападан жалгыз экенин кабар берген. Бул кереметтүү чындык дагы көп аяттарда кабар берилген:

Ант болсун, силерди алгач жаратканым сыяктуу (бүгүн да) «бир-бирден, жападан жалгыз жана өзүңөр» бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди артыңарда калтырдыңар... (Энъам Сүрөсү, 94)

Жана алардын баары кыямат күнү Ага «жападан жалгыз, өзү» келет. (Мариям Сүрөсү, 95)

Бул аяттарда айтылган чындыктын бир мааниси мындай: затты сабатсыз-караңгылык менен кудай тутунгандар (Аллахты аруулайбыз) Аллахтан келишип, кайра Ага кайтышкан. Каалашса да, каалашпаса да, Аллахка моюн сунушкан. Азыр сурак күнүн күтүп жатышат жана ал күнү бир-бирден суракка алынышат. Канчалык түшүнгүлөрү келбесе да...

Жыйынтык

Бул жерге чейин айтылгандар өмүрүңүздө сизге айтып берилген эң чоң чындыктардын бири. Заттын өзүн эч качан көрө албашыбызды далилдеген бул тема – Аллахтын бар экенин жана бүт нерсени Анын жаратканын, Анын жалгыз абсолюттук зат экенин түшүнүүнүн ачкычы.

Бул теманы түшүнгөн адам дүйнөнүн көп адамдар ойлогондой бир жер эмес экенин түшүнөт. Дүйнө көчөлөрдө максатсыз басып жүргөндөр, кафелерде урушкандар, люкс ресторандарда бир-бирине көрүнгөндөр, байлыгына мактангандар, өмүрлөрүн бош максатка арнагандар ойлогондой, биз чыныгысын (өзүн) билген, абсолюттук бир жер эмес. Биздин дүйнө жөнүндө билгендерибиздин баары мээбизде көргөн копия сүрөттөлүштөрдөн гана турат. Жогоруда саналган адамдардын баары – ушул копия сүрөттөлүштөрдү мээлеринин ичинде көргөн көлөкө (элес) жандыктар; бирок муну билишпейт.

Бул тема өтө маанилүү жана Аллахты жокко чыгарган материалисттик философияны түп-тамырынан кыйратат. Маркс, Энгельс, Ленин сыяктуу материалисттердин бул теманы укканда паникага түшүшү, ачууланышы, жолдошторун «эч ойлоно көрбөгүлө» деп эскертиши ушул себептен. Негизи бул кишилер кабылдоолордун мээде пайда болоорун да түшүнө албай турганчалык аңкоо болушат. Мээлеринин ичинде көргөн дүйнөнү «тышкы дүйнөнүн өзү (чыныгысы)» деп ойлоп, мунун мындай эместигин көрсөткөн апачык далилдерди болсо эч түшүнө алышпайт.

Мындай капылеттик – Аллах каапырларга берген акылсыздыктын бир натыйжасы. Себеби Аллах Куранда кабар бергендей, каапырлардын «жүрөктөрү бар, аны менен аңдап-түшүнө алышпайт; көздөрү бар, аны менен көрө алышпайт; кулактары бар, аны менен уга алышпайт. Булар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар.» (Аьраф Сүрөсү, 179)

Биз жашап жаткан доордо бул чындык илимий далилдер менен таптак далилдене турган даражага келди. Ааламдын өзүн көрүп-сезе албашыбыз жөнүндөгү чындык дүйнө тарыхында биринчи жолу ушунчалык так, ачык жана түшүнүктүү түшүндүрүлүп жатат.

Ушул себептен, 21-кылым көп адамдар чындыкты түшүнүп, жалгыз абсолюттук зат болгон Аллахка топ-топ болуп багыттала турган бир тарыхый бурулуш кылымы болот. 21-кылымда 19-кылымдын материалист жолдон адашкан ишенимдери тарыхтын таштандысына ташталып, адамдар Улуу Раббибиз Аллахтын бар экенин жана бүт нерсени жаратканын, мейкинсиздик, убакыттын жоктугу сыяктуу чындыктарды түшүнүп, адамзат кылымдардан бери көз алдына тосулган пардалардан, калптардан жана негизсиз ишенимдерден кутулат.

çiçekli

 

Bilješke

79. R. L. Gregory, Eye and Brain: The Psychology of Seeing, Oxford University Press Inc. New York, 1990, s. 9

80. 2. Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, Çev: Nail Bezel, s. 20

81. Orhan Hançerlioğlu, Düşünce Tarihi, İstanbul: Remzi Kitabevi, 1987, s. 447

82. Rita Carter, Mapping The Mind, s. 113

83. Fususu.l Hikem, çev. Nuri Gencosman, İstanbul, 1990, s. 220

84. R. L. Gregory, Eye and Brain: The Psychology of Seeing, Oxford University Press Inc. New York, 1990, s. 9

85. Karl Pribram, David Bohm, Marilyn Ferguson, Fritjof Capra, Holografik Evren I, Çev: Ali Çakıroğlu, İstanbul: Kuraldışı Yayınları, 1996, s. 37

86. George Politzer, Felsefenin Başlangıç İlkeleri, İstanbul: Sosyal Yayınlar, 1989, s. 53.

87. Orhan Hançerlioğlu, Düşünce Tarihi, İstanbul: Remzi Kitabevi, 6. b., Eylül 1995, s. 261.

88. Paul Davies, Tanrı ve Yeni Fizik, Çev: Murat Temelli, İm Yayın Tasarım, Yaşam Kitapları-1, İstanbul 1995, s. 180-181

89 Rennan Pekünlü, "Aldatmacanın Evrimsizliği", Bilim ve Ütopya, Aralık 1998

90 Alaettin Şenel, "Evrim Aldatmacası mı?, Devrin Aldatmacası mı?" Bilim ve Ütopya, Aralık 1998

12 / total 14
You can read Harun Yahya's book Аллах Акыл Менен Таанылат online, share it on social networks such as Facebook and Twitter, download it to your computer, use it in your homework and theses, and publish, copy or reproduce it on your own web sites or blogs without paying any copyright fee, so long as you acknowledge this site as the reference.
Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top
iddialaracevap.com adnanoktarhaber.com adnanoktarhukuk.com adnanoktargercekleri.net
"Silahlı suç örgütü iddiası tamamen asılsızdır, yalandır, iftiradır."
"Bizim yaptığımız tek şey Allah'ın yaratışını anlatmaktır."
"Almanya'da İslamofobi var, İslam düşmanları var..."
Bir örgüt olsak devlet bizimle faaliyette bulunur mu?
DAVAMIZ METAFİZİKTİR – 2. BÖLÜM
DAVAMIZ METAFİZİKTİR – 1. BÖLÜM
MAHKEME SÜRECİNDE SİLİVRİ CEZAEVİNDE YAŞANAN EZİYET VE ZULÜMLER
DAVA DOSYASINDAKİ CİNSELLİK KONULU İDDİALAR TÜMÜYLE GEÇERSİZDİR
DURUŞMALARIN İLK HAFTASI
"İNFAK" SUÇ DEĞİL, KURAN'IN FARZ KILDIĞI BİR İBADETTİR
GERÇEK TURNİKE SİSTEMİ GENELEVLERDE
Adnan Oktar davasının ilk duruşması bugün yapıldı.
AVK. UĞUR POYRAZ: "MEDYADA FIRTINA ESTİRİLEREK KAMUOYU ŞARTLANDIRILDI,...
Adnan Oktar'ın itirafçılığa zorlanan arkadaşlarına sosyal medyadan destek...
Adnan Oktar suç örgütü değildir açıklaması.
Adnan Oktar'ın cezaevinden Odatv'ye yazdığı mektubu
Adnan Oktar'dan Cumhurbaşkanı Sayın Recep Tayyip Erdoğan'a mektup
Casuslukla suçlanmışlardı, milli çıktılar.
TBAV çevresinden "Bizler suç örgütü değiliz,kardeşiz" açıklaması
Bu sitelerin ne zararı var!
Adnan Oktar ve arkadaşları 15 Temmuz'da ne yaptılar?
Sibel Yılmaztürk'ün cezaevinden mektubu
İğrenç ve münasebsiz iftiraya ağabey Kenan Oktar'dan açıklama geldi.
Adnan Oktar ve arkadaşlarına Emniyet Müdürlüğü önünde destek ve açıklama...
Adnan Oktar hakkında yapılan sokak röportajında vatandaşların görüşü
Karar gazetesi yazarı Yıldıray Oğur'dan Adnan Oktar operasyonu...
Cumhurbaşkanı Sayın Recep Tayyip Erdoğan'dan Adnan Oktar ile ilgili...
Ahmet Hakan'nın Ceylan Özgül şüphesi.
HarunYahya eserlerinin engellenmesi, yaratılış inancının etkisini kırmayı...
Kedicikler 50bin liraya itirafçı oldu.
Adnan Oktar ve arkadaşlarına yönelik operasyonda silahlar ruhsatlı ve...
FETÖ'cü savcının davayı kapattığı haberi asılsız çıktı.
Adnan Oktar ve arkadaşlarının davasında mali suç yok...
Cemaat ve Vakıfları tedirgin eden haksız operasyon: Adnan Oktar operasyonu...
Tutukluluk süreleri baskı ve zorluk ile işkenceye dönüşüyor.
Adnan Oktar’ın Cezaevi Fotoğrafları Ortaya Çıktı!
"Milyar tane evladım olsa, milyarını ve kendi canımı Adnan Oktar'a feda...
Adnan Oktar davasında baskı ve zorla itirafçılık konusu tartışıldı.
Adnan Oktar ve arkadaşlarının davasında iftiracılık müessesesine dikkat...
Adnan Oktar davasında hukuki açıklama
Adnan Oktar ve Arkadaşlarının Masak Raporlarında Komik rakamlar
Adnan Oktar ve Arkadaşlarının tutukluluk süresi hukuku zedeledi.
Adnan Oktar'ın Museviler ile görüşmesi...
Adnan Oktar ve arkadaşlarına yönelik suçlamalara cevap verilen web sitesi...
Adnan Oktar ve arkadaşlarına karşı İngiliz Derin Devleti hareketi!
Adnan Oktar iddianamesinde yer alan şikayetçi ve mağdurlar baskı altında...
Adnan Oktar iddianamesi hazırlandı.
SAYIN NEDİM ŞENER'E AÇIK MEKTUP
Adnan Oktar ve Nazarbayev gerçeği!
En kolay isnat edilen suç cinsel suçlar Adnan Oktar ve Arkadaşlarına...
Adnan Oktar kaçmamış!
BİR KISIM MEDYA KURULUŞLARINA ÇAĞRI !!!
FİŞLEME SAFSATASI
İSA TATLICAN: BİR HUSUMETLİ PORTRESİ
SİLİVRİ CEZAEVİNDE YAŞANAN İNSAN HAKLARI İHLALLERİ
MÜMİNLERİN YARDIMLAŞMASI VE DAYANIŞMASI ALLAH'IN EMRİDİR
GÜLÜNÇ VE ASILSIZ "KAÇIŞ" YALANI
ABDURRAHMAN DİLİPAK BİLMELİDİR Kİ KURAN’A GÖRE, ZİNA İFTİRASI ATANIN...
YALANLAR BİTMİYOR
SAÇ MODELİ ÜZERİNDEN KARA PROPAGANDA
TAHLİYE EDİLENLERE LİNÇ KAMPANYASI ÇOK YANLIŞ
MEDYA MASALLARI ASPARAGAS ÇIKMAYA DEVAM EDİYOR
Adnan Oktar ve Arkadaşlarının ilk duruşma tarihi belli oldu.
AKİT TV VE YENİ AKİT GAZETESİNE ÖNEMLİ NASİHAT
YAŞAR OKUYAN AĞABEYİMİZE AÇIK MEKTUP
KARA PARA AKLAMA İDDİALARINA CEVAP
Adnan Oktar ve FETÖ bağlantısı olmadığı ortaya çıktı.
TAKVİM GAZETESİNİN ALGI OPERASYONU
Adnan Oktar ve Arkadaşlarına yönelik suçlamaların iftira olduğu anlaşıldı.